
Илгери-илгери бир падыша жашаптыр. Анын ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу кызы бар экен. Анын даңкын уккан падышалар туш-тараптан далай ирет жуучу түшүп келишсе да, атасы аларга адам аткара алгыс тапшырмаларды берип, андан шылтоо таап кызын эч кимге бербей жүрүптүр.
Бир күнү алыскы өлкөдө жашаган бир эр жүрөк канзаада падышага жагып, кызын алыш үчүн аттанып чыгат. Ошентип ал сапар тартып келатып жол боюнда жаткан кызыктай кишини көрүп туруп калды. Кызыктайлыгы менен таңгалдырганы ушу — күн куйкалап тийип турса да ал чоң тонго оронуп алып:
– Үшүп атам!- деп кыйкырып жатат.
– Сен эмне деген жансың, ким деген кишисиң?- деп сурады андан канзаада.
– Мен Суукмун,- деди алиги жан калчылдап.
– Сен мага жалданбайсыңбы?- деди канзаада ага.
– Эмнеге жалданбайм? Жалданам!- деп дароо эле макул болду эмне кыларын билбей турган Суук.
– Анда кеттик!
– Кеттик!
Ошентип экөө келатышса жол боюнда дагы бир кызыктай жан жатат. Кызыктайы ушул — жанында тоодой болуп нандар үйүлүп жатса дагы:
– Курсагым ачты!- деп кыйкырып ыйлап жатат.
– Сен кандай жансың, эмне деген кишисиң?- деп андан сурады канзаада.
– Мен Ачкачылыкмын,- деп жооп берди алиги жан.
– Мага жалданбайсыңбы?- деп сурады канзаада кайгылуу ага боору ооруп.
– Эмнеге жалданбайм! Жалданам.
– Кеттик анда.
– Кеттик!
Ошентип канзаада өзүнө эки малай жалдап, үчөө сапарларын улантышты. Келатышса дарыя боюна бир киши жатып алып: – Суусадым! Ак көңүл адамдар суу берип койгулачы!- деп жаны кейип кыйкырып жатат.
– Эй сен суу боюна жатып алып суусаган эмне деген жансың, ким деген кишисиң?- деп сурады андан канзаада.
– Мен Кургакчылыкмын, менин суусунумду бул дарыя кандыра албайт — деди ал.
– Мага жалданбайсыңбы?- деди канзаада кыйналып турган ага боору ооруп.
– Жалданайын! Эмнеге жалданбайт экенмин?- деп тигил сүйүнүп кетти.
– Анда мени ээрчи.
– Мына ээрчип жөнөдүм.
Ошентип канзаада үч малайлуу болуп, төртөө жол тартышты.
Көп жол баскандан кийин бир убакта жок жерден эле алардын кулактарына мындай бир үн угулду:
– Эй канзаада, мени деле жумушка албайсыңбы? Жалгыздыктан жаман зеригип жүрөм же эч ким мени кошуп албайт, баары жаман көрүшөт,- деп чыгып жаткан үн эми бышактаган ыйга айланды.
– Мен сени кошуп алайын деп эле атам, бирок менин көзүмө көрүнбөй жатпайсыңбы, деги өзүң ким деген болосуң?- деди канзаада тигиге чындап эле боору ооруп.
– Мен Жокчулук деген болом. Ошон үчүн көзгө көрүнбөйм. Колумдан баардык нерсени заматта жок кылып коюу келет.
– Андай болсо жакшы экенсиң. Бизге кошулуп, чогуу жүрө бер. Эрмектешип жакшы жолдош бол,- деди канзаада сүйүнүп.
Жокчулук ага рахматын айтып, чогуу баса баштаганын билдирди. Мындай басканда эле канзаада жана анын малайлары аны унутуп коюшту. Анткени Жокчулуктун көзгө көрүнбөгөнү аз келгенсип, ал сүйлөбөйт дагы экен.
Ошентип тынбай жол тарткан алар акыры алиги падышанын өлкөсүнө келишип, анын букараларынан келген себептерин айттырып жиберишти. Муну уккан падыша аларды чакырттырып сурады:
– Сага эмне керек?
– Мен кызыңа күйө, өзүңүзгө күйө бала болоюн дегем.
– Мейли анда, болсоң бол. Бирок ал үчүн менин үч тапшырмамды аткарышың керек. Эгер аткара албасаң башыңды алдырам. Ушуга макулсуңбу?
– Макулмун. А эгер аткарып кетсемчи?
– Анда кызымды берем.
Ошентип канзаада бир түн падышанын коногу болуп жаткандан кийин, экинчи күнү падыша малайларына жүз буканы сойдуруп, этин бышыртып, аларды аянтка үйдүртүп койду да, канзаадага мындай деди:
– Ушул эттин баарын жеп кетсең, биринчи тапшырманы аткарган болосуң.
Муну көргөндө канзааданын жүрөгү түшүп, жанынан түңүлдү. Ошондо Ачкачылык аны далысынан таптап сурап калды:
– Мени эмнеге жалдадың эле?
– Мен сени капаланып отурганыңда жалдамыш болуп жөн эле ээрчитип алгам. Сага жасатчу ишим дагы, төлөчү акчам дагы жок.
– А бул эмне?- деп сурады Ачкачылык үйүлгөн этти көргөзүп.
– Ал бир үймөк эт.
– Жок, бул менин түшкү тамагым, сенин мага берген жумушуң жана ал үчүн төлөчү акың дагы,- деп Ачкачылык заматта үйүлгөн этти түгөтө ашап, сөөктөрүн мүлжүп, чучуктарын чагып жеп, ордун жалап, дагы барбы дегенсип эки жагын омсоңдоп карады.
– Ой азамат,- деп малайын мактаган канзаада падышаны чакыртты.
Кечинде бул эрдемсинген неменин башын алдырмакчы болуп келген падыша эттин жогуна айран-таң калып, ишенип-ишенбей малайларына эки жүз челек суу алып келүүнү буюрду.
– Бул менин сага берген экинчи тапшырмам, ушул суунун баарын кечке чейин түгөтсөң – кызым сеники, түгөтө албасаң жаның меники, башың кылычымдыкы.
Муну укканда канзаада жанынан түңүлүп, башын жерге салып отуруп калганда бирөө анын далысына жумшак колун койду, караса ал Кургакчылык экен. Ал сурап калды:
– Кожоюн, сен мени жумушка жалдадың эле. Качан иш бересиң?
– Сага берчү жумушум дагы, ал үчүн төлөчү акым да жок. Мен сени суунун жээгинде ыйлап отурганыңда жөн эле боор ооруп ээрчитип алгам.
– А бул эмне жумуш эмеспи?!- деп ал аянтта тизилип турган суу толтурулган эки жүз даана челекти көргөздү. — Бул мага жумуш гана эмес, төлөнгөн акыңыз болот,- деп Кургакчылык заматта челектердеги сууну какшыта ичип, дагы тойбой калгансып тамшанып туруп калды.
Мунун кабары падыша аксарайына кире электе эле артынан жетти.
– Падышам,- деди аны айтып барган кызматкер.- Канзаада челектерди бошотуп, дагы суу сурап атат.
Муну укканда падыша падышалык сөөлөтүн унутуп, эки этегин далбактатып аянтка чуркап келип, ар бир челекке башын салып өзү карап чыкты. Анан ал каардана кыйкырып кызматчыларына буйрук берди:
– Конок үйгө беш темир мешти катары менен коюп, ар бирин кызарып чыккыча жаккыла!
Бул буйрук дароо аткарылары менен падыша канзаадага мындай деди:
– Конок үйүмө кирип чыдап түнөп чыксаң, кызым сеники, чыга албасаң башың тоголонот, жаның чыркырап асманга учат!
Муну укканда канзааданын жүрөгү түштү, башы салбырап жерге жете жаздап, капага катуу батып, ичи чоктой ысыган конок үйүнө кирмек тургай эшигине баш бага албай турду. Ошондо анын далысына бирөө муздак колун койду, караса Суук экен, чоң тонуна тумчуланган ал сурап калды:
– Кожоюн, мени жалдадың эле, качан жумуш бересиң?
– Сага берчү жумушум да, ал үчүн төлөчү акым да жок. Мен сени жол боюнда жалгыз жатканыңда боор ооруп жөн эле ээрчитип алгам.
– Мен анда өзүмө жумуш таптым,- Суук конок үйдүн ичине баш багып үйлөгөндө заматта анын ичиндеги суулар муз болуп, терезелерине кыроо туруп калды. Муну көргөндө кубанганынан кыйкырып жиберген канзаада Сууктун тонуна оронуп конок үйгө түнөп чыгып, эртең менен падышанын кызматкерлеринен тапшырма аткарылганын айттырды.
Буга ишене бербеген падыша өз көзү менен көрүш үчүн жетип келгенде, конок үйүндө мештер кыпкызыл болуп күйүп жатса да канзаада чоң тонго оронуп отурганына күбө болуп жеңилгенин түшүндү. Бирок дале болсо кызын ага бергиси келбей:
– Сен мени жалдап алган малайларыңдын күчү менен жеңдиң. Бул жарабайт!- деп чыр салып, Суукту, Ачкачылыкты, Кургакчылыкты карматып, зынданга салдырып салды. Кайрадан аянтка жүз буканын этин үйдүрүп, эки жүз челек сууну койдуруп, конок үйгө беш мешти жактырып, бул тапшырмалардын баарын бир түндө аткарса кызын берерин, аткарбаса башынан ажырарын айтып, “эми муну аткара албайт” деген ойдо санаасы тынчып аксарайына эс алганы жөнөдү.
Канзаада болсо падышанын бул чырын укканда жандан түңүлүп, жашоодон үмүт үзүп, эч арга табылбасын түшүнүп, өлүмдү күтүп отуруп калды.
Бир кезде эч бир жандуу жок аянттан бир үн кулагына угулуп, угулмак тургай өзү менен сүйлөшө баштады:
– Эй кожоюн, сен мени жалдап алып, эмнеге жумуш бербей жатасың?
– Оой! Сен кимсиң?- чочуп кетти канзаада.
– Мени жалдаарын жалдап алып унутуп койосуңбу? Мен Жокчулук эмесминби! Мага жумуш бер.
– Аа! Жокчулук дос, мен сени таптакыр унутуп коюптурмун. Көзгө көрүнбөсөң эстей албайм да. Бирок менин сага берчү жумушум да, ал үчүн төлөчү каражатым да жок. Кечирип кой.
– Кожоюн, менин ишим барды жок кылыш. Айт, эмнени жок кылып берейин?
Муну укканда канзаада аябай сүйүнүп, Жокчулуктан суранып жиберди:
– Жокчулук дос, анда сен мага мобул тоодой үймөк эт менен тигил эки жүз челек сууну, анан тетигил конок үйгө тындырбай от жагып жаткан малайлардын отундарын жок кылып берчи.
– Куп болот, кожоюн. Бир эле ооз кебиңиз. Мен барды жок кылганды абдан жакшы көрөм,- дээри менен аянттагы үймөк эт, челектердеги суулар, малайлардын даярдап койгон отундары деле бир заматта көздөн кайым жок болуп кетишти.
Муну көрүп санаасы тынчыган канзаада конок үйгө кирип беймарал жатып алды. Малайлар бир заматта жыйган отундарын таппай калышып, токойго барып отун даярдап, жүктөп келип жаккыча таң да атты.
Эртең менен падыша канзааданын бул мелдеште утулганын өз башындагы бөркүндөй көрүп, өзүнө ишенгендей эле ишенип, аны өз көзү менен көрүүгө аянтка келсе, ал жерде эт турмак сөөк да жок, кагырап кургаган челектер тоголонуп жатышат. Аңгыча жаңы ысып баштаган конок үйүнөн боргулдап тердеген канзаада чыга келгенде падыша жеңилгенин билип, ага кызын бербеске аргасы калбаганын түшүндү.
Ошентип канзаада Жокчулукту да аяган боорукерлиги менен жеңишке жетишип, ай десе аркы жок, күн десе көркү жок канышага үйлөнүп, аны өз падышачылыгына алып кетиптир. Ал кийин адилет жана жарды-жалчыларга күйүмдүү падыша болуп, өлкөсүнө кой үстүнө торгой жумурткалаган берекелүү заман орноткон дешет.
P.S. Бул жомок айрым кыскартуулар жана котормочунун орчундуу кошумчалоосу менен эркин которулду.