АРКАБАЕВ Кубаныч: УКРАИН ЭЛ ЖОМОГУ: ПАДЫШАЛЫК КЕСИП ЭМЕС

Бир кан жашаптыр, анын жалгыз уулу бар экен.

Кандын баласы чоңойуп, эр жетиптир. Бир күнү кан аны суктана карап, ойлонду: «Мен карыдым. Кандыгымды балама өткөрүп берүүм керек. Эгерде анын да кичинекей мураскери болсо жакшы болор эле. Ошондо мен тынчыраак өлөт элем”.

Бир күнү ал баласын өзүнө чакырды да, мындай деди:

— Балам, сага колукту издөөгө убакыт келди го? Өз үй-бүлөңдү эртерек кур,- деген кан уулун чоң залга алып келди. Анын дубалдары сүрөткө толуптур. Алардын баары кыздардын сүрөтү экен. Анан калса алар бири-биринен өтүп сулуу, татынакай да болучу.

— Мына балам,- деди кан,- булардан өзүңө колукту танда.

Канзаада залды бүт айланып, сүрөттүн баарын карап чыкты да атасына мындай деди:

— Жок, атаке, жүрөккө жакын бирөөнү да тандай алган жокмун. Баары тең сулуу экен, анда сөз жок. А бирок бирөөсүнө да көңүлүм чапкан жок. Андан көрө мага  биздин кандыкты бүт кыдырып чыгууга уруксат бер. Мүмкүн өз канышама жолугуп калармын.

Кан макул болду. Ошентип канзаада жолго чыкты.

Туулган жерин көпкө аралап жүрдү, тоолорго чыкты, жүзүм бакчаларын аралады, айыл-кыштактарда болду, шаарларга кирди. Өз жеринде сулуу, акылдуу, боорукер кыздар көп экен, негедир алардын бирине да канзааданын ичи жылыган жок.

Ошентип күндөрдүн биринде, ал тоодогу кедей кыштактын четинен айдай сулуу бир кызды жолуктурду. Канзаада кызды сынай карап, бир гана ушул кызды өмүр бою сүйөрүн түшүндү.

— Мага турмушка чыкчы , сулуу кыз -, деп суранды канзаада.

— Сен кимсиң?- деп сурады кыз.

— Мен – Канзаадамын,- деп төшүн какты жигит.

– А сенин колуңан эмне келет? Кандай өнөрүң бар?- деди кыз.

Буга аябай таң калган жаш жигит:

– Өнөр билбейм. Мен сага айтып жатам го, мен – канзаадамын,- деди.

Кыз күлүп:

— Канзаада болуу — бул кесип эмес. Бүгүн сен канзаадасың, ал эртең жок. Ошондо кантип үй-бүлөңдү багасың? Барып бир өнөр үйрөнүп кел. Өнөр үйрөнсөң — сага турмушка чыгам, үйрөнбөсөң — экинчи көзүмө көрүнбө!

Канзаада башын жерге салып, кайгырды. Бирок кандай өнөр үйрөнөрүн билбеди.

Сарайга кайтып келди да, атасына өз кайгысы жөнүндө айтты. Кан жылмайып:

— Кайгырба, балам, муну оңдоого болот,- деди.

Кан сарайга ар түрдүү өнөрдүн ээлерин чакырууга буюрду. Кандын чакырыгы боюнча сарайга темир усталары, токуучулар, тикмечилер, жыгач усталар келишти. Алар канды күтүп алтын сарайда турушуп, эмнеге чакырганын бири-биринен шыбырашып сурап, бирок бири да биле албады.

Ошентип кан уктоочу бөлмөсүнөн уулу менен кошо чыга келди.

Өнөр ээлери аларга жүгүнүштү.

— Саламатсыңарбы, — деди кан. – Мен силерди бул жакка мындай иш менен чакырдым. Менин уулума, канзаадага өнөр үйрөтүш керек. Кана силердин араңардан ким ага өз өнөрүн үйрөтөт?

Алар көпкө шыбырашып, баштарын чайкап, эмне кыларды билбей турушту. Анткени кандын баласын жөнөкөй эле өнөргө үйрөтүү оңой иш эмес да.

— Кана эмесе, ким үйрөтө алат?- деп такып сурады кан. Ал өз сарайынын эшигине кулпу койгон темир устаны чакырды.

— Мен билем, сен жакшы устасың. Канзаадага өз өнөрүңдү үйрөтө аласыңбы?

– Кантип үйрөтпөй койоюн, бирок мен ал ишке жарар бекенмин,- деп жооп берди темир уста коркконунан калтырап.

– Жакшы темир уста болуп чыгууга канча убакыт сарпталат?- деп сурады канзаада.

– Үч жылдай убакыт керек ко,- деди темир уста.

– Жок, бул болбойт. Мен үч жыл бою темир усталыкты үйрөнүп жүрүп алсам, жактырган кызым күтпөй, башка бирөөгө тийип кетет.

Мындан соң кан жыгач устадан:

– Сен өз өнөрүңдү менин уулума канча убакта үйрөтө аласың?- деп сурады.

– Эки жылда, каным,- деди жыгач уста.

– Бул мага жарабайт! Эки жыл өтө эле көп,- деди канзаада.

Ошентип кан улам бир чебер устадан сурап, алардын бири да канзааданы канааттандырбай, акырында эң бир кооз килемдерди токуган картаң токуучуга кезек келгенде ал:

– Макул каным, мен өз өнөрүмө уулуңузду үйрөтөм,- деди.

– А канча убакытта үйрөтөсүң?

– Болуптур каным, мен сиздин уулуңузду үч күндө өз өнөрүмө үйрөтөйүн.

— Оо! Мына ушуга мен макулмун. Үч күн көп мөөнөт эмес.

Ошентип канзаада карт токуучуну ээрчип кетип, аныкында үч күн жүрүп килем токуганды үйрөнүп келди. Үйрөнгөндө да кандай килемдерди токуганды үйрөндү дебейсиңби! Тимеле карт токуучунукунан кем эмес, карап эле тургуң келет. Ошентип канзаада бүт өнөрүн жана эмгегин жумшап, кереметтүү бир килем токуп, өзү жактырган кызга көрсөткөнү барды. Ал кыздын алдынан чыгып, токуган килемин жазып жиберди эле, кыз көзүн тарта албай туруп калды.

– Менин үйрөнүп келген өнөрүм кандай экен?- деди канзада.- Эми мага турмушка чыгасыңбы?

– Эми чыгам,- деп оозун жыйгыча канзаада аны кансарайды карай алып жөнөдү. Ошентип алар көп өтпөй үйлөнүү үлпөтүн тойлошуп, жашап калышты. Жаңы келин канга да, канышага да жагып жыргап-куунап жашап калышты.

Бир нече жыл өткөндөн кийин кан өлүп, анын ордуна канзаада эл башкарып, эл сурай баштады. Бир жолу ал аялына мындай деди:

– Мен өзүмдүн өлкөмдү кыдырып, букараларым кандай жашап жатканын, мен жөнүндө эмне ойлошорун, мага нааразы болуп, көтөрүлүш чыгаргылары келип жаткан жокпу, билип келем. Бирок муну эч кимге билгизбей жасайм,- деп үстүнө жардынын жаман кийимдерин кийип, колуна кайырчынын карагай таягын алып жөнөп кетти. Ал эми мамлекетти аялы башкарып калды.

Ошентип кан шаарлар менен кыштактарды аралап, өз өлкөсүндө көпкө чейин каңгып жүрдү. Акыры ал үйүнө кайтмакчы болгондо тоо арасынан адашып кетип, бир тар жана терең капчыгайга кирип кетип, анда жашынып жаткан каракчыларга туткунга түштү. Алар канды караңгы үңкүрүнө сүйрөп киришкенде:

– Тийбегиле, койо бергиле мени! Мен силердин каныңар болом!- деп кыйкырды.

Муну укканда каракчылар каткырып жиберишти.

– Ха- ха- ха! Айтып турганын! Ушул кебетең менен сен каяктан кан болосуң!

– Эгер сен кан болсоң анда казынаңды ачтыртып, өз жаныңды алтынга саттырып ал,- дешсе:

– Муну башты оорутпай жайлап салалы. Колго илинер эч нерсеси жок экен,- дешти экинчилери.

Муну укканда коркуп кеткен кан:

– Менин жанымда акча жок. Өлтүрүп койсоңор силерге пайда деле болбойт. Андан көрө мен силерге бир укмуш сонун килем токуп берейин. Аны сатсаңар чоң пайда табасыңар.

Муну укканда каракчылар ойлоно түшүшүп сурашты:

– А сен андай килемди канча күндө токуп бүтөсүң?

– Көпкө создуктурбайм. Үч күндө бүткөрөм.

– Болуптур, үч күн көп эмес,- деп макул болгон каракчылар ага түрлүү жибек жиптерден берип, бир үңкүргө камап коюшту.

Кан дароо ишти баштап, тынбай токуп отуруп үч күндө килемди бүткөрдү. Бүткөргөндө да кандай бүткөрдү! Тимеле карап гана тургуң келет. Анын бетине түшүрүлгөн гүлдөрдүн жыттары буркурап, өңдөрү жайнап, чымчыктардын элестери тирүүдөй сайрап, четине түшүрүлгөн оймолору миң кубулуп тургансыды. Муну көргөн эң таш жүрөк деген каракчылар да жалдырай карап арбалып калышты.

– Оо! Мындай килем өтө кымбат турат. Шаарга алып барып сатсак акчага маарыйбыз,- деп калаага жөнөп кетишти.

Алар бир күн бою базарлар менен дүкөндөрдү кыдырып, керемет килемди сунуштап жүрүштү. Анын чеберчилик менен токулганын көргөндөрдүн баары суктанышканы менен эч кимдин акчасы жетип сатып ала алышкан жок. Арзан сурагандарга каракчылар аны ыраа көрүп бере алышпады. Ошентип кечке жүрүп каракчылар килемди сата албай кайра келишти. Буга жинденген алар жертөлөдө отурган канга ызырынышты.

– Эч ким сенин килемиңди сатып алган жок. Муну баасына соодагерлердин дагы акчасы жетпей койду. Сени менен баш оорутуп жүрбөй эртең башыңды алабыз.

– Дагы бир аз аракеттенип көргүлө. Эртең түз эле кансарайга барып, канышанын өзүнө бул килемди сунуштаганга аракет кылгыла. Жок дегенде анын акчасы жетер муну сатып алганга,- деди.

Каракчылар ойлонуп көрүп, буга макул болушту да, эртең менен түз эле кансарайга келишти. Алар кызматкерлерден канышанын өзүнө киргизүүнү суранышты. Бирок кызматчылар муну угуп да койгулары келбегенде каракчылар килемди жазып жиберишти. Мындай ажайып оокатты көрбөгөн ак сарай кызматкерлеринин эстери ооп турганда каракчылар:

– Мына, биз ушул керемет килемди канышага саталы дегенбиз,- дешти.

– Мындай керемет оокатты канышага айтса болот,- дешти да, кызматкерлер ичкери кирип кетишти.

Бир кезде күйөсүн сагынган, анын жоголуп кеткенине кайгырган каныша чыгып келди. Ал дагы керемет кооз килемди көргөндө суктанып, көңүлү да ачыла түштү. Ал тургай килемдеги оюуларга катылган жазуудан улам кандын каракчылардын колуна түшүп калганын, тоолордун арасындагы терең капчыгайда экенин, тезирек бошотуп албаса өзүн өлтүрүп саларын билдириптир. Муну окуган акылдуу каныша билмексен болуп каракчылар каалаган акчага килемди сатып алды да, алар кетери менен дароо аскербашыларын чакырып, каракчылардын артынан барып капчыгайдагы канды бошотуп келүүнү буюрду.

Каракчылар капчыгайга келип, килемден түшкөн акчаны бөлүшүп жатканда, үңкүргө жакшы куралданган жоокерлер кирип, баардык каракчыларды кармап, колу-буттарын таңып, ушул эле үңкүрдүн бир бөлүгүндө камалып отурган селсаяктын киймин кийген, өңдөн азган куткарып чыгышты.

Каныша куткарылып келген канды кансарай эшигинин алдынан тосуп алып, кучакташып көрүшүп мындай деди:

– Мына каным, “өнөрлүү — өлбөйт” деген ушул болот. Эгер килем токуганды билбегениңде каракчылар сенин кан экениңе карабай, аны айтсаң да ишенбей өлтүрүп коюшмак. Кандыгың ал жерде жардам бермек эмес,- деди.

Кан унчукпай башын ийкегилеп: “Кандык кесип эмес турбайбы”,- деп ойлоду.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ