
Сиддхартха Гаутама (Будда)
Жүрөгүңдү ачуу заардан тазала, жек көрүү менен жек көрүүнү жок кыла албайсың, бир гана жек көрүүнүн жоктугу, жек көрүүнү өлтүрө алат
♦ ♦ ♦
Ачууңду тыя албай жинденгениң — бирөөнү ысык чок менен ургандай кеп, эң ириде өз колуң күйөт.
♦ ♦ ♦
Жаштыгына манчырканып мас болуп, карылыкка көзү жетпеген чабалдар, шордуу адамдар!
♦ ♦ ♦
Бүкүрдүн белин түзөгөнчө, андан дагы оор нерсени жасап, өз далыңды түздөп басканды үйрөн.
♦ ♦ ♦
Башыңа түшкөн кыйынчылык, өзүңдүн бир нерсеге көрсөткөн каршылыгыңдын жыйынтыгы.
♦ ♦ ♦
Бакыт — бул айрым сырткы шарттардын ийгиликтүү дал келиши эмес. Бул жөн гана сенин акыл-эсиңиздин абалы.
♦ ♦ ♦
Бейпилдик өз ичиңде. Аны сырттан издебе.
♦ ♦ ♦
Бөтөн бирөөнүн мыкты сапаттарына ич күйдү болбой, ага суктанып, ал сапаттарды өзүңө алганга аракет кыл.
♦ ♦ ♦
Мыкты ден-соолугуңа кубанып, үй-бүлөңдү бактылуу кылып, башкаларга бейпилчилик тартуулайм десең, адегенде өз акылыңды башкарып көзөмөлдөөнү үйрөн. Эгер адам аң-сезимин башкара алса, ал Агаруу жолуна түшөт жана алибетте, акылмандуулук, кең пейилдүүлүк ага өзүнөн өзү келет.
Сократ
Жакшы кеңешчи бардык байлыктардан жогору турат.
♦ ♦ ♦
Ар бир адам достору аны кандай баалашарын аныктап, ал бааны жогорулатканга аракет кылганы оң болмок.
♦ ♦ ♦
Адамдар өзүлөрүндө жок ой эркиндигин, сөз эркиндигине алмашууну талап кылышат.
♦ ♦ ♦
Чыныгы акылмандык — бул өзүбүздүн эч нерсе билбестигибизди түшүнгөндө.
♦ ♦ ♦
Акылман адамдын пейили кенен болот.
♦ ♦ ♦
Сүйлөчү, ким экениңди көрөйүн.
♦ ♦ ♦
Жаратылыштагы көп кубулуштарга адам акылы жетпейт же алардын адам жашоосуна тиешеси жок.
Платон
Турмуштун трагедиясы менен комедиясында кыйынчылык менен жыргалчылык аралаш.
♦ ♦ ♦
Келесоону эки белгисинен тааныса болот: ал өзүнө керексиз сөздөрдү көп сүйлөйт, сурабасаң да өз оюн билдирет.
♦ ♦ ♦
Эң ынак мамиле, жан дүйнөлөрү окшош адамдардын ортосунда болот.
♦ ♦ ♦
Сүйүү — бул олуттуу психологиялык оору.
♦ ♦ ♦
Уят — бул шылдың болуудан коркуу.
Аристотель
Бакыт — топук кылган тарапта.
♦ ♦ ♦
Муштум менен коргоно албаганың уят, сөз менен коргоно албаганың андан ашкан шермендечилик.
♦ ♦ ♦
Эгерде себеби болбосо бир нерсе кайдан болмок?
♦ ♦ ♦
Кең пейилдүүлүк жөнүндө жакшы кептерди атаганың кең пейилдүү болуп калды дегендик эмес, адилет ойлорду ойлонуп койсо эле иш жүзүндө адилеттүү адам деп айтууга болбойт.
♦ ♦ ♦
Мас болуу- өз эрки менен жинди болуу.
Луций Анней Сенека
Сен көп сызыктын ичинен кайсы сызык түз экенин билесиң дейли; жашооңдогу түз жолуңду билбеген соң, анын кажети кайсы.
♦ ♦ ♦
Жарадар болгондон да корккон учурларыбыз арбын; чындыкка караганда ишке ашпаган кыялдарыбыздан көбүрөк жабыр тартабыз.
♦ ♦ ♦
Эгер, сага ишенимдүү адам болсун десең, аны дал ошондой адам катары көрөрүңдү билдирүү өтө маанилүү; ишенбөөчүлүк көрсөтүү чындыгында мага кандайдыр бир деңгээлде аны алдоого укук берет.
♦ ♦ ♦
Эң кедей адам – жеткен сараң келет.
♦ ♦ ♦
Өзүңдү кармай билүү – бийликтин чокусу.
♦ ♦ ♦
Кылым жашасаң, кылым бою окуп үйрөн.
Марк Аврелий
Бактылуу жашоо үчүн аз эле нерсе керек. Бардыгы өз көз карашыңа байланыштуу.
♦ ♦ ♦
Туура эмес нерсени жасаба. Жалган нерсени айтпа.
♦ ♦ ♦
Дүйнө — бул өзгөрүү, жашоо — аны кабыл алуу.
♦ ♦ ♦
Күч менен ала албаганыңды, акылың менен жең.
♦ ♦ ♦
Адам учур чакта гана жашайт. А калганы, өткөн чак өттү, келечектин келер келбеси белгисиз.
Гераклит
Эгерде, бардык жашоо түтүнгө айланса, аны таанып билүүнүн мүчөсү таноолор болмок.
♦ ♦ ♦
Жашоого туулуп, өлгөндөрү аз келгенсип, алар кайра дагы өлүм жаратыш үчүн аркаларына балдарын калтырышат.
♦ ♦ ♦
Ар түрдүүлүктөн гармония пайда болот.
Диоген
Бир кездерде мен силердей болгом, бирок силер эч качан азыркы мендей боло албайсыңар.
♦ ♦ ♦
Эстеликке келип кайыр сураган Диогенден, бул эмне кылганың деп сурашса: “Сураганымды ала албай калганда капаланбоого үйрөнүп атам”, — деген экен.
♦ ♦ ♦
Заар тилдүү адам – жеткен азуусу уу айбан. Арийне ал колго үйрөтүлгөн кошоматчы айбанаттын эң кокунучтуусу.
♦ ♦ ♦
Мал кармагандар бир нерсени моюнга алуусу керек, мал ээсине эмес, ээси малына көбүрөк кызмат кылат.
♦ ♦ ♦
Философия тагдырдын бардык соккуларына туруштук берүүгө даярдайт.
♦ ♦ ♦
Александр Македонский: “Сен менден эмнени каалайсың?”- десе күн чубактап отурган Диоген: “Күндүн бетин тоспой, ары тур!”- деген экен.
♦ ♦ ♦
Бул жашоодо тойдон кайткандай: суусунуңду кандырып, ошол эле убакта ашыкча ичпей кеткен жакшы.
♦ ♦ ♦
Сүйүү уктабаган, коркпогон жана адамдарды жылаңачтап чечиндирген үч касиетке ээлик кылган ууру деп тартынбай айта алабыз.
Интернет булактарынан алып которгон Абийрбек АБЫКАЕВ