АБЫКАЕВ Абийирбек: ДИЛАЗЫК: УСТАРА ЖӨНҮНДӨ ЛЕОНАРДО ДА ВИНЧИ КАЛТЫРГАН УЛАМЫШ

Бир чач тарачтын көркөмдүгү жана курчтугу теңдешсиз устарасы болуптур. Бир жолу чач тарачка келген киши жок, кожоюн да белгисиз себептер менен ишке келбей калган маалда устара сыртка чыгып, эл көрүп, элге өзүн көрсөткүсү келди.

Кылычты кындан суургансып, кабынан мизин чыгарды да, жадыраган жаз өкүм сүргөн көчөгө башын жогору көтөргөн боюнча чыгып кетти. Босогодон аттаар замат жаркырап тийген күн нуру, анын күзгүдөй жалтылдаган мизине чагылышып, андан чыккан нур үйдүн дубалында көңүлдүү бийин бийлеп жиберди. Мындай күтүлбөгөн сулуулуктан устаранын айтып бүткүс ырахатка батып, көңүлү көтөрүлө түштү. Ал өзүн кыйын сезе баштады.

– Ушундай кайталангыс сулуу экенимди билген соң чач тарачка кантип кайтып бармак элем? – деп ойлоду устара. – Эч качан андай болбойт! Бирөөлөрдүн самындалган жаактарын, тарбия көрбөгөн эркек сөрөйлөрдүн ээктерин кырып-тазалап жүрүп, өз жашоомду кор кылганым жарабас. Менин назик мизимдин орду чач тарачтын колунда беле? Жок, андай болбойт! Андан көрө бир жерде жашынып жатып алганым жакшы.

Ошондон кийин анын дайыны чыкпай калды. Айлар өттү. Жамгырлуу күз да келди. Жалгыз жата берип зериккен устара жашынган жеринен чыгып, бир аз дем алып келүүнү чечти. Ал мизин кабынан чыгарып, айланасына көз жүгүрттү. Бирок оо арман күн! Эмне болуп кетти? Мизин дат жеп, араанын тишиндей болуп калган экен. Күндүн нуру анын саргайып дат баскан мизинде чагылышпай калыптыр.

– Азгырыкка кайдан алдандым? – деп ачуу жашын төгүп жатты устара. – Мени ак көңүл чач тарач кандай сыйлачу эле! Менин ишиме кубанып да, мактанып да турчу эмес беле! Оо кудай, эми мен эмне болом, мизимди дат жеп, керексиз болдум. Өлөт деген ушул, мени эми эч ким сактап кала албайт!

Ким өзүнө берилген таланттын баркына жетпей, аны багып өстүрүүнүн ордуна, боюн көтөрүп, өзүнөн башканы теңине албай, ойноп-күлүп жүрө берсе, мизин дат баскан багы жок устарадай, акылынын тунуктугун жоготуп, жалкоо, алсыз жанга айланып, денесин жана көкүрөгүн датка алдырат.

Которогон Абийрбек Абыкаев