
Баланын табы жок эле. Аласатып, урунуп атып эле тынчып калды. Энеси уктап калды деп ойлогон. Караса дем албайт.
Ыйлай баштады да, чоң энени чакырып айтканы:
— Карачы, балам өлүп калыптыр.
Чоң эне:
— Ыйлаганга шашылбай, коё тур, мүмкүн өлбөй эле жаны тынч алып тургандыр? Оозу-мурдуна күзгүнү жакындатып көрөлүчү. Эгер күзгү тердесе, демек, дем алып атканы, тирүү.
Күзгүнү мурдуна жакындатышты эле, күзгү бозоруп тердеп кетти. Бала тирүү эле.
Улуу Орозо айында күн жылымдап турган менен кар текши кетпей, кайра суук түшүп, тумандап турат.
Таң эрте төшөлмө жол менен бакка бардым. Карасам, алма бактын баары ала-була; кээ бутактары кара, экинчилери болсо аппак майда жылдызчалар капталгандай. Жакын келип карасам, карайгандары куураптыр, ала бутактарды карасам, баарысы көгөрүп, бүчүрлөрүнө кыроо түшүптүр. Башка жагында билинбейт, суукта кишилердин сакал-мурутуна муз тоңгондой болуп, бүчүрлөрдүн учундагы жаңыдан ачыла баштаган оозчолоруна кыроо туруп калыптыр.
Куураган дарактар дем алышпайт, а тирүүлөрү адамдардай эле дем алышат.
Биз оозубуз, мурдубуз аркылуу, ал эми бак-дарактар болсо бүчүрлөрү менен дем алышат.
Которгон Садир ДОСБАЕВ