
Бир жолу отунчу дарыя жээгиндеги куураган бактарды кыйып жүрүп, балтасын сууга түшүрүп жиберди. Ал кайгысына чыдабай ыйлап олтурса, дарыядан аны ээси чыгып минтип сурады:
— Оо, адам, эмне себептен ыйлап олтурасың?
— Кантип ыйлабайм, эптеп отун кыйып оокат кылып жүргөн балтамды сууга түшүрүп жибердим. Эми мен байкуш үй-бүлөмдү кантип багам.
Деңиз ээси сууга чумкуп кирип кетти да, чылк алтындан жасалган балтаны көргөздү:
— Бул балта сеникиби?
— Жок, бул менин балтам эмес, – дейт отунчу.
Деңиз ээси кайра чумкуп, күмүштөн куюп жасаган балта алып чыкты:
— Балким сенин балтаң мына бул болуп жүрбөсүн?
— Жок, бул да менин балтам эмес, – деди отунчу.
Акыркы жолу чумкуп деңиз ээси темир балтаны сууруп чыкты.
— А мына, бул менин балтам, – деп сүйүнүп кетти отунчу.
— Сен калп айтпаган, түз жүргөн адам экенсиң, кудайдын осуяттарын так аткарат турбайсыңбы, — деди деңиз ээси, – Жараткандын буйругу менен үч балта тең сеники.
Отунчу адегенде күмүш балтаны, андан кийин алтын балтаны сатып, жашоосун оңдоп алды. Бир күнү кырсык болуп, аялы сууга чөгүп кетти. Ал кайгырып, көз жашын көлдөтүп ыйлап олтурса кайрадан Деңиз ээси пайда болду:
— Эй адам, эмнеге ыйлап атасың?
— Ыйлабай коёмбу, аялым сууга чөгүп кетти.
Деңиз ээси бир заматта сууга кирип, Женифеp Лопести сууруп чыкты:
— Бул сенин аялыңбы?
— Ооба, бул менин аялым, – деп кубанып кетти отунчу.
Деңиз ээси жиндене түштү:
— Сен эмне мени алдагың барбы, эмне калп айтасың?
— Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, – деп жооп берет отунчу, – бул жерде бир аз түшүнбөстүк болуп кетти. Бул менин аялым эмес десем, сиз суудан Кэтpин Зета-Жонсту алып чыкмаксыз, мен кайра эле бул менин аялым эмес деп жооп бермекмин. Ошондо өзүмдүн аялымды алып чыкмаксыз, мен ушул менин аялым демекмин. Анан сиз калп айтпаган киши экенсиң деп үч аялды мага бермексиз. Үч аялды анан мен эмне кылмак элем, аларды багыш эле оңой бекен? Төртөөбүз тең бактысыз болмокпуз.
Мораль:
Эгер эркек калп айтса, өз кадырын түшүрбөй, ошол эле убакта башкаларга зыяны тийбегендей кылып айтат.