
Чыңгыз жаңы чыгарма жазды. Ал — «Саманчынын жолу». Бир укканга табышмактуу ат. Бирок ал ат чыгарманын бүткүл духуна жана идеялык өзөгүнө куюп койгондой эриш-аркак келип, кандайдыр бир терең философиялык жаңырык берип турат.
Автор аны жупунулук кылып «повесть» деп атаптыр. Албетте, кандай десе өз эрки. Ошентсе да ал белгилүү бир адабий жанрдын рамкасына сыйбайт. Ал адабияттагы жана көркөм өнөрдөгү көп жанрлардын синтезинен бүткөн. Аны роман десе да болот. Кинопоэма десе да жараша берет, жөн эле поэма деп койсо андан бетер эп келишип калат. Кеп атында эмес, затында.
Бир сөз менен айтканда, ал — ыр, «песнь» деген орус сөзүнүн маанисиндеги ыр. Элибиздин түйшүктүү, азап- тозоктуу, кайраттуу тагдыры, нечен кырсык менен өлүмдү жеңген өксүбөс мээрими, адам тукумунун өлбөстүгү, адам эмгегинин токтолбостугу, согуштун жүрөк титиреткен трагедиясы, тынч замандын улуу касиети жөнүндөгү бийик поэзия менен карандай чындыктын ширөөсүнөн бүткөн ыр.
Чыңгыз чыгармаларын дайыма кызыктуу жазат. Бир отурушта гана окуп чыккыдай магниттүү кылып жаратат. Адабияттын бардык жол-жобосун эң мыкты билген адамды да катардагы окуучунун деңгээлине түшүрүп салат.
«Саманчынын жолун» да бир дем менен окуп чыгасың. Анын сюжетинде кысылган пружинанын күчү бар.
Окуп жатканда ошол сюжеттин (окуянын) динамикасына бүтүндөй жутулун, бир саатта кесиптик өнөкөттөрүңдөн айрыласың. Окуп бүткөн соң көпкө дейре анын сыйкырдуу атмосферасынан чыгуу кыйын болот, анткени ал бүткүл денеңди, фантазияңы жана сезимиңди уйгу-туйгу кылып козгоп, дүүлүктүрүп таштайт. Ошолор суюлуп тарай баштаганда гана кесиптик өнөкөттөрүң кайрылып келип, акылың менен аркы-беркини териштирип ойлоно баштайсың… Алыстан көрүнгөн тоонун карааны ага жакындаган сайын залкар көрүнүп, улам бийиктей берет эмеспи. Анын сыңары «Саманчынын жолун» окуп чыгып, анан тереңдеп ойлогон сайын образдары монументтүү көрүнүп, идеялык күчү бийиктей берет. Эми чыгарманын терең маанисин акылың менен түшүнүп, акылың менен сезесиң.
«Саманчынын жолу» чыныгы поэзиялык чыгармалар сыяктуу капыстан, адаттан тышкары, окуучу күтпөгөн караманча шарттуу-символдуу ыкма менен башталат. Эне менен Жер сүйлөшөт. Эки карт муң айтышат, сыр айтышат.
Анан көз алдыңан бир адамдын кыйма-чийме өмүрү, сүйүү менен шаттык, эмгек үзүрү менен энелик бакыт, кайгылар менен трагедиялар, өлүм менен өмүрдүн арыбаган күрөшү кинокадрдын ылдамдыгы менен зуулдап өтө берет.
Толгонай өз аңгемесин жаш чагынан баштайт. Ал турмуштун бардык жакшылыгынан кур калган жок. Адам өмүрүнүн ашкан улуу зыйнаты — чыныгы махабабаттын даамын татты. Жаңы заман келгенде эмгектен баар таап, бала-чакасынын үзүрүн көрдү. Адамдык бакыт деген эмне экенин ал өз башынан өткөрдү. Ошол себептен ал жаш чагын ичи элжиреп, бир башкача арман аралаш мээрим менен эскерет. Чыгарманын ушул жерлери Чайковскийдин айтылуу алтынчы симфониясынын башталышын эске салат. Анан ал симфониянын армандуу кубанычка толуп турган жыбылжыган назик агымын капилеттен каптап кирген коркунучтуу күч шарт бузат эмеспи.
Анын сыңары жакшы турмуштун үзүрүн, өз перзенттеринин убайын көрүп жаткан Толгонайдын бактылуу тагдырына күтүлбөгөн жерден согуш бүлгүн салат. Кырсыктар аны куду удаалаш келген деңиз толкуну сыяктуу ургулайт. Өмүрлөш жарынан, үч азамат уулунан ажырайт. Бул жан чыдагыс трагедия эненин кабыргасын кайыштырат, бирок аны биротоло мүңкүрөтө албайт. Акыры барып арзып күткөн Жеңиш да келет. Ага эл катары Эне да кубанат. Бирок анын кубанычында зор күйүттүн даамы бар эле, анткени Жеңиш ага кара кийип, кайгы менен келди.
Толгонай жанындай жакшы көргөн келини менен калат. Көп өтпөй келини да кайдыгер бир адам менен байланышып, андан боюна бүтүп, төрөттөн жан берет. Кемпир акыркы медеринен кол жууйт. Бирок ал караманча таптакыр эле мөгдүрөп, таптакыр эле үмүтсүз калбайт. Келининен калган бала ан үчүн турмуш жана келечек менен байланыштырып турган жаңы медер болот. Демек, адам үмүтү эч качан бүтпөйт, адам тукуму эч качан үзүлбөйт, турмушту токтотуучу күч жок. Адам баарын жеңег. Адам эч убакта касиеттүү жерге дан чачпай калбайт. Чыгарманын түпкү идеясы ушуга барып такалат.
Ушул идеяны Саманчынын жолу жөнүндөгү легенда ого бетер тереңдетип, ага символикалык маани берет.
Толгонай бактылуу жаш чагында, бала-чакалуу болгондо да, кыйын күндөрдө да, акырында бары-жогунан бүтүндөй ажырап, жалгыз медери менен калганда да так төбөсүндө «…жаңыдан чубуруп түшкөндөй, алда ким азыр гана зор кучак саман көтөрүп өткөнсүп, жылдызданган күмүш топондору себеленип, аларга жел тийгенсип, жылт-жулт этип копшулуп жаткан» Саманчынын жолун көрөт.
Саманчынын жолу — адамзаттын жолу. Арыбаган, карыбаган, өлбөс-өчпөс адамзаттын жолу.
Ошентип, карапайым кыргыз аялынын ары кайгылуу, ары кайраттуу тагдыры өтө кеңири жалпылоочу күчкө жетишип, жалпы адамзаттык мааниге көтөрүлөт; анын образы Жер үстүндөгү бардык энелердин жалпылаштырган залкар образына айланат; андан ары тереңдеп отуруп, ал образ алдына келген нечен кырсыктарды жеңип, жакшы үмүтү менен бакты-таалайына карай ишенимдүү кадам таштап бараткан эркин адамдын символикалуу образына органикалык түрдө өсүп чыгат. Чыныгы искусствонун жалпылоочу күчү дал ушундай болот! Баса, Чыңгыздын талантынын эпикалык кулачын да, анын лаконизминин сырын да дал ушул жалпылоодон издөө керек.
«Саманчынын жолунда» турмуштун куруучулук шарапаты, согуштун кыйраткыч күчү укмуш берилген. Анын ар бир нерви, ар бир клеткасы согушка каршы. Чыгарма бүткүл турушу менен согуштун каарын аябай тарткан адамзаттын урушка каршы кыйкырган урааны сыяктуу таасир калтырат.
Ушул кичинекей баян өлчөмсүз зор күн алкагын өзүнө батырган бир тамчы шүүдүрүмгө окшошуп кетет. Ага өтө узун убакыт, көп түрлүү окуялар, ар кыл тагдырлар, жалпы адамзатты толкундаткан, санааркаткан, кыялданткан проблемалар сыйган. Демек, тарыхый горизонттун кеңдиги жагынан, темасынын масштабдуулугу жагынан, жалпылоочу күчүнүн тереңдиги жагынап, идеялык жана көркөмдүк таасиринин өткүрлүгү жагынан «Саманчынын жолу» атактуу «Жамийла» повестинен бир канча бийик даражага көтөрүлгөн.
Демек, эми Чыңгыз Айтматов өзүнөн өзү тайманбай аттап өттү десек эч кандай ашыра чапкандык болбос.
… Чыңгыз адабиятка киргенден тартып эле өз боордош калкынын тагдырындагы тенденцияны кыраакы баамдап, өз чыгармаларында көркөм чагылтууга аракет кыла баштаган. Кийинки чыгармаларында ошол аракетин кадимкидей ишке ашыра алды. Ал биздин улутту башка улуттардан айырмалаган белгилерди эмес, алар менен жакындаштырып турган, жакындаштырып бараткан жана мындан ары ого бетер жакындаштыра берүүчү белгилерди кармап, көбүнчө ошолорго ориентация жасайт. Ал эч качан карандай окшоштукка, турмуштук көрүнүштөрдүн фотографиялык сүрөтүн тартууга умтулбайт, жергиликтүү колорит дегенди да, турмуштук кырдаалды да, улуттук мүнөздү да жалпы адамзаттык идеялар менен проблемалар чөйрөсүн ачууга багындырат. Анын ушул касиеттери «Саманчынын жолунан» өтө таасын байкалат. Чыгарманын жүрөгүн иштетип, канын айландырып турган — жалпы адамзаттык зор идеялар, ал эми улуттук элементтер ошол идеялардын ачылышын шарттап турган багыныңкы жагдай катары гана кызмат кылат.
Чыңгыз адамдык жаратылышы, дүйнөнү сезүүсү жана көркөм ойлоо түзүлүшү жагынан акын. Ал чыныгы акын сыңары чоң категориялар менен, масштабдуу, бүкүлү-бүкүлү ойлонот. Көрүнүштөрдүн урунттуу жактарын кармап, аларды коюулантып, биринчи планга чыгарып, символикалык түрдө жалпылап берет. Ал көп учурда турмуштук сүрөттөрдү ийне-жибине чейин майдалап деталдаштырбайт, адамдын психологиялык табиятын жана моралдык дүйнөсүн билинер-билинбес кыймылдарына чейин тирмийе анализдеп отурбайт, каармандарынын тышкы кебетесин «кармалап көргүң келгидей кылып индивидуалдаштырбайт. Ошол себептен анын кийинки чыгармаларында прозаныкына караганда поэзиянын стихиясы күчтүүлүк кылат.
Албетте, проза менен поэзиянын ортосунда чек ара мамылары жок. Анын үстүнө алардын чагылтуу предмети да бирдей: адам жана анын турмушу. Азыркы учурда ал экөө коюндашып, биринин ичине экинчиси кирип, ого бетер жакындашып кетти. Ошентсе да салттагы түшүнүк боюнча, экөө өздөрүнүн сыңар предметине эки башка мамиле кылат: проза адамды, анын турмушун жана ички дүйнөсүн көркөм изилдейт, поэзия ошолорду шаанилентип ырга кошот. Чыңгыздын негизги чыгармаларында азырынча изилдөөчүлүк пафосуна караганда патетикалык ырдоо пафосу басымдуураак. Аны прозадагы акын, реализмдеги романтик деп атаса болот. Демек, анын чыгармачылыгы адабияттагы жаңы көрүнүш. Андыктан ага проза жөнүндөгү эски өлчөмдөр менен мамиле кылуу мүмкүн эмес.
Алыстан көрүнгөн тоого жакындаган сайын анын залкарлыгы жана бийиктиги менен кошо жалпы көркүн аздыр-көптүр бузуп турган орчук-борчук, кемтик-кетик жерлери да даана көрүнө баштайт эмеспи. Анын сыңарындай «Саманчынын жолун» окуп чыгып, улам тереңдеп ойлонгон сайын анын айрым кемчил жерлери баамга уруна баштайт.
Кыйналып жүрүп тапкан нерсе дайыма жүрөккө жакын келет окшобойбу. Эненин өз баласын жакшы көргөнүн да, балким, ушуну менен түшүндүрсө болор. Чыңгыз да бардык художниктердей эле өзүнүн чыгармачылык кредосун, индивидуалдуу почеркин, жекече оригиналдуу ыкмаларын азаптуу ички күрөштөрдүн натыйжасында тапты. Ошолордун ичинен ага айрыкча баяндоону биринчи жактан алып баруу өтө жагып калды белөм, ал «Жамийладан» кийин бүтүндөй эле ошол манерага өтүп кетти. Бул манерада көп жакшы касиеттер бар. Аны ылайыгы менен колдоно билген художник кургак баяндоодон, көп сөздүүлүктөн, артыкбаш психологиялык мотивировкалоодон кутулат; лаконизм, эмоциялык өткүрлүк, динамикалуулук жагынан алда канча утат. Деги ал манераны курулай айыпташ кыйын. Бирок бир табылган жакшы ыкманы, ал канчалык жүрөккө жакын болсо да улам эле эксплуатация кыла берүүнүн өзү белгилүү даражада өзүн өзү кайталоого алып келет.
«Саманчынын жолу» да Чыңгыздын чыгармачылыгы үчүн көнүмүш биринчи жактан баяндалат. «Жок, бул монолог эмес, диалог» деп айтышар. Ырас, ошондой. Бирок Жер көбүнө интервью алган кабарчынын ролун аткарат, эгер анын сөздөрүн алып таштаса, жалаң гана монолог калат. Албетте, анда повесттин күчү саал басаңдай түшүшү мүмкүн. Бирок ал шарттуу гана ыкмада, а көтөргөн жүктү башка бир ылайыктуу ыкмага арта салса толук болот. Деги чыгарманын бүткүл мазмуну Толгонайдын монологунда ачылат эмеспи. Ушу жагынан алганда автор бул чыгармасында деле баягы эле өзү жакшы көргөн манераны кайталап отурат. Аны мындан ары да колдоно берсе, сөзсүз бир беткейликке алып барары бышык.
Чыңгыз нукура художниктердей дайыма образдуу ойлонот. Анын ар бир деталы кыйкырат, ар бир деталы сүйлөйт, ар бир деталы ишендирет, фантазияны жандандырат! Алар эч кандай комментарий талап кылбайт. Ошентсе да жазуучу кээде бир чети түшүнбөй калат деп окуучуга ишене бербейт, анын үстүнө жан дүйнөсүнүн жоомарттыгынан комментарий талап кылбаган деталдарды комментарийлей баштайт. Ал эми ошол комментарийлер таамай көркөм деталдардын жана реалисттик картиналардын жанында ары артыкбаш болсо, ары күчсүздүк кылат. Жазуучу окуучулардын парасатына, өзүнүн художниктин күчүнө көбүрөк ишенсе экен!
Биз жогоруда Айтматовду акын деп атап, анын жалпылама — символдуу образдар менен, чоң категориялар менен ойлонорун белгилегенбиз. Анда салт бузбаган нускалуу прозаиктин да, адам жанынын диалектикасын кыраакы кармай алган баамчыл аналитиктин, жөнөкөй сөздөрдүн күчүн жакшы сезген карандай реалисттин да касиеттери бар. Ага далил — «Бетме-бет». Анын картиналарынын реалисттик сараңдыгы, деталдарынын психологиялык таамайлыгы, подтекстинин жарылма күчү, каарманынын адептик изденүүсүнүн бийик даражасы бизди дайыма тамшандырат. Эмне үчүн жазуучу өзүнүн эле, тактап айтканда, «Бетме-беттин» салтын кошо алып жүрбөйт — буга таң калса болот. Ушуну менен ал белгилүү даражада өзүн өзү кедейлентип, өз талантынын дагы бир күчтүү жагынын толук ачылышына мүмкүнчүлүк бербей жатат.
Булардын баары биздин жекече пикирибиз, ошону менен катар анда ойлондура турган чындык үлүшү да бар болушу мүмкүн.
Ушу тапта Чыңгыз Айтматов башына сыймык конуп, өз чыгармачылыгынын жаңы бир белесине чыгып, дүңгүрөгөн атагы өзүн көп нерсеге милдеттүү кылып, бир чети өз кудуретине ишенип турган чагы. Чыңгыз — чыныгы художник. Ал эми чыныгы художниктин жан дүйнөсү куду албуут деңиз сыңары тынчы жок тентек, адамдын үмүтү сыңары соргок, ач көз болот. Ал үчүн ийгиликке манчыркоо караманча жат, ал саамайы агарганча жаш баладай дүйнөгө дилгир бойдон калат, өмүрү өткүчө чындыкты издөө менен алек болуп жүрө берет. «Бороонду тилейт ал тентек, бороондо тынчтык барчылап».
Чыңгыз да чыныгы художниктердин ушул салтынан тайбайт, өз стихиясы болгон изденүүнүн жолунан чыкпайт деп тайманбай айта алабыз.
Турмуш чындыгынын жаңы катмарларын чалгындагандардын жолу байсалдуу болсун!
1963-жыл