ЖИГИТОВ Салижан: КӨСӨМДҮН КӨМҮЛГҮС ОЙЛОРУ: ЭРКИНДИКТИН БАРКЫ ЖАНА НАРКЫ

Президент кеңешчиси, филология илиминин доктору Салижан Жигитов менен үч күн

БИРИНЧИ КҮН: Оомат кимдики эле? Орустардыкыбы? Биздикиби?

— Салижан Жигитович, өзүңүз билесиз, кыргыз элинде СССР составынан чыгып, өзүнчө суверендүү мамлекет куруу идеясы анчалык күчтүү эмес эле. 1991-жылдын 17-мартындагы бүт союздук референдумда кыргызстандык калк ССР Союзунун сакталышын дээрлик бир ооздон колдобогон. Бирок «демократпыз» деп демиккен кыргыз интеллигенттери Кыргызстан өзүнчө мамлекет болсо мындан алда канча тың оокат кылмак, биздин тапкан-ташыганыбызды «борбор» (тергебей айтканда, Россия) соруп жатат деп келди. Айрым атуулдарыбыз Россия диктатынан кутулсак, алтыныбызды мындай кой, жүнүбүздү эле дүйнөлүк баа менен сатсак да кокодон жашайбыз деп трибуна койгулаганын көп көрдүк. Ошентип эгемендикке ээ болдук, Россия империясы бизди «темир торго» дагы камай түшмөк түгүл, түтүндү бөлөк булатабыз дегенге сүйүнүп кеткенсиди. Эми эмне болду? Элибиз негедир эркиндиктин баасынан эңгиреп тургандай, турмуш-шарт өзгөрдү, тилекке каршы, жакшы жагына эмес, жаман жагына басымдуу өзгөрүп жатат. Экономикабыз күндөн күнгө эңшерилип баратканын Президент баш болуп, эринбегендердин баары айтып жатат. Эң негизгиси, эл эртеңкисин ачык, ачык элестете албай калды. Ошон үчүн эскини эңсөө тенденциясы өзгөчө карапайым калк арасында, интеллигенция ичинде да күч, ар кандай жыйында айтылып, гезит жүзүндө жазылып жатат. Учурдун ушул сыяктуу маселелери тууралуу Сиздин оюңузду угуп, пикириңизди билели дедик эле.
— Эми мындай. Бу садагасы кетейин социализм эсеп-чот дегенди билчү эмес да, билсе да баарын жашырчу эмес беле, бүт бюджетин деле, тапкан каражатын деле жашырып, кайсы республика канча киргизип жатканын, ал кирешелер кандай чогулуп, кандай бөлүштүрүлүп жатканын деле жашырып келбедиби. Ошонун натыйжасында республикалар өзүнүн ким экенин билбей, ал-абалын аңдабай калды. Биздин республика да ошондой болду. 88-жыл бекен, айтор, совет бийлигинин көзү тирүү кезинде Көлдүн азыркы акими Жумагул Сааданбеков, анда идеология бөлүмүн башкарып, БКда иштечү, ошо киши жогорку окуу жайларынан, академиадан илимпоздорду чакырып, чогулуш өткөрүп калды.

Азыркы Сарыгуловдордун бири — Аскар Сарыгулов ал кезде Министрлер Советинин экономика жагын башкарып турган экен, доклад жасады. Докладында ал: республиканын чарба эсебине өткөрүүгө чамабыз чак экен, өзүбүздү өзүбүз багалбай кыйнала турганбыз. Анткени продукциянын 70-80 проценти Россиядан алат экенбиз, ага жооп кылып берчү, сатчу товарларыбыз, чийки заттарыбыз (сырьелорубуз) жок экен дегендей маселе койду. Ошенткенде эле бир топ профессорлор чалкасынан кетип, чатак салбадыбы: жүнүбүз бар, этибиз бар, дагы баланчабыз бар… анан кандай эле өзүбүздү өзүбүз бага албайбыз? Багыш үчүн аларды дүйнөлүк баа менен сатыш керек деп.

Аскар Сарыгулов ошо дүйнөлүк баага айлантып да эсептеп көрдүк, болчудай түрү жок десе, кылгылыктын баарын реалдуу турмуш эмес, ушул Сарыгулов кылып жаткансып жаман күпүлдөштү. Анан мен чыдабай кетип: бу киши болгонун айтып жатат да, эгер силерде Кыргызстан өз алдынча жашап кетет, жашаганда да ат салдырбай жашайт деген расчетуңар болсо бергиле, булар таппай кыйналып аткан турбайбы дедим. Өкмөт тарап да: чын эле бергиле, ары эсептеп, бери эсептеп, эмдиги жылы эмне кылабыз деп мукурап заманыбыз куурулуп жатат деп, жандана түштү. Бирок эч ким ынанарлык эч нерсе айта албады.

— Экономисттер деле бир жагынан караганда биздин акындарга, илгерки эшик ырчыларына окшоп кетет экен. Мисал үчүн алар совет доорунда советтик экономиканын, улут маселеси жандана баштаганда улуттук экономиканын мартабасын «магдырата» эсептеп берди беле, эми радикал экономисттерге айланып, рынок экономикасын даңктап жатат. Ошондон уламбы, Батыштын ишкер дүйнөсүндө теоретик-экономисттер Рейгандын: «Ишен, бирок, сөзсүз текшер» деген принцибин колдонушат экен.

— Кептин баары ошол ишенип алышып, бирок текшерип көрүүгө мойнужар бербегенде болуп атпайбы. Менин айтайын дегеним, демек, иштин көзүн билген экономисттер үчүн, маалыматы бар кишилер үчүн абал ошондо эле айкын болгон экен да. Эми андан бери көп заман өттү. Россия биздин максатка бөгөт болгон жок. Югославияга окшоп уруштурбай, бир топ кишини түрмөгө камап, улуттук баатыр кылбай, тынч-аман ажыратып, бөлүп койду. Ошондо эле оңбогур А.Собчак — азыркы Санкт-Петербургдун мэри: бул эйфория да кетер, бул наркоз да тарар, бир жыл, жарым жылдан кийин эле элди багыш керек деген маселе чыгат, ошого келгенде көрөбүз буларды, мурдунан эшек курту түшөт деген сыяктуу ой айткан. Айткандай эле өзүбүзчө жашай баштаганда дасмиябыз бүт, базар баабыз баары билинди да. Өзүбүздү нан менен, кант, май менен камсыз кылалбайт экенбиз, газ, энергиялуу заттар менен камсыз кылалбайт экенбиз. Мисалы, быйыл былтыркы даражадагы газ, нефти эле сатып алсак, 90 миллиард сом кетет экен. Ал эми республиканын бир жылдык тапкан-ташыган кирешеси, бюджети 30 эле миллиард. Элестетип көрүш үчүн эсеп-чот билиминин деле кереги жоктур.

Ушундан улам бир чындыкты, ачуу да болсо чындыкты моюнга албаска арга калбай калды: социализм учурунда, сенек ж.б. деген мезгилдердин тушунда экономика жагынан, жашоо-турмуш, маданият, илим-билим, агартуу жагынан кыргыздар жеткен деңгээл Россиянын гана эсебинен кармалып турган, баары дебесек да, бир топ республикалар, айрыкча Армения, Тажикстан, Кыргызстан көбүнесе башкалардын, өзгөчө Россиянын эсебинен жашап келгени азыр билинди. А турмак кыйынсынып кырданып аткан Прибалтика өлкөлөрү деле экономикалык жактан өчөйүп отуруп калбадыбы. Ошентип, Россиянын эсебинен жашап атып, Россия бизди эзбей, биз Россияны эзип атып, анан кайра Россияны үстөккө-босток ашатып сөгүп келдик. Акыры сөгө бергиле деп чыга бербедиби…

— Анткен менен орус эли деле, асыресе карапайым калк Союздун тарап, бизге окшогон республикалардын бөлүнүп кеткенине сүйүнүп аткан жери жок ко.

— Ооба, кайгырып атышат, ал тургай интеллигенциянын ичинен деле мурдагыдай жашасак жакшы болмок эле дегендер көп. Бирок тарыхтын амирине баш ийбеске айла жок да. Кээ бирлери ойлоп атса керек: Ельцин, Кравчук, Шушкевич бир токойго кирип алып, аракты аябай тоё ичип, баш казбай туруп эле союзду таратып ийди деп. Жок, анын баары эсептелген, анын баары чоттолгон, аларды тарых таскагы небак эле тактап койгон. Болгону көпчүлүк өзү көнө түшкөн социализм деген рухий агымдан, мээсине сиңип, канына айлана баштаган мифтен кутулбай жатпайбы. Болсосо аны баягында эле Александр Исаевич Солженицын «Россияны кантип жөнгө салабыз?» деген китебинде жазбады беле, айланайын ушу Орто Азиядан кутулгула, Кавказ соорундагы бир топ республикалардан кутулгула, казыдай салаңдатпай деп. Тарыхка, өмүрү аткарылбаган жана аткасылбай турган идеалга тумандабай, көздү чоң ачып караган адамдар чыкты да: жардам берсек дагы сөгөт, жардам бербей койсок дагы сөгөт, андан көрө булардан кутулалы. Бир гана маселе орустардын баарын таратып ийген экенбиз, ошол гана кыйын болуп жатат, калганын өзүбүз эптеп оокат кылып кетербиз деп таратып ийди да. Ага эмне кайгырабыз?

Мына азыр жапатырмак динчил болуп жатпайбызбы, кечээ баарыбыз атеист элек, кудайдын жазганы ошо да, көнбөскө чара жок. Эми мунун жакшы жагы да, шаман жагы да бар. Анткени ушунун бардыгы көп нерсеге үйрөтүп, өзүбүздүн ким экенибизди көргөзүп жатат. Кай шерге чейин кулап барарыбызды каңкуулап турат. Образдуу айтканда, Россия Кыргызстанды бир топ бийикке кош колдоп көтөрүп койгон, мына эми колун алып койду эле, ылдый көздөй шыпырылып атпайбызбы. Шыпырыла берип кайсы деңгээлге түшөбүз? 40-жылдынбы, 48-жылдынбы, 52-жылдынбы? Белгисиз да туурабы?

— Албетте, болжош кыйын. «Улуу Сталин атабыз» өзгөчө экономикалык жактан бүт элди бири бирине ширеп, чырмап койгон экен. Мисалы, анын бир эле тармагы — нефть менен газ жок болсо эле отурган атпайбызбы.

— Кеп ошондо да. Мисалы, мен бала чакта самолет менен учкан кыргыз жок болчу. Поезд менен жүрчүбүз, автобус эмес, ачык машинанын үстүнө түшчүбүз. Жер трактор менен эмес, кол менен айдалчу, түшүм комбайн эмес, орок менен орулчу. Ошондой заманга жетебизби? Мына, өткөн жылы түшүм жакшы болгону менен толук жыйналбай калыптыр, анткени комбайнга май жок экен. Кыргыз акең кийинки күндө кол менен оокат кылганды да унутту да. Ошон үчүн айтып жатам, экономика жаатынан болобу, маданий жактан болобу, бир топ кулайбыз. Себеби, суверенитет деген, саясый эркиндик деген тамак кылып ичкенге болбойт, нан ордуна жегенге жарабайт, аны менен мактанганга гана болот: мына, биз суверендүү өлкөбүз деп. Ал оозу менен орок оргон ораторлорго аябай керек. Ал эми экономикалык суверендүүлүккө жетиш, анын калыптуу ыгына түшүш өтө кыйын экендигин азыр жон терибиз менен сезип атпайбызбы. Эски союздаштардын ичинен биз кыйын, ыйлагың келгендей абалдабыз. Жүн эле жүн деп кыйкырчу элек, 16 миң тонна жүнүбүз бар экен.

— Жуугандан кийинкисиби?

— Ооба, жуугандан кийинкиси. Аныбыз узун эмес экен, жакшы жуулбайт экен, технологиябыз начар экен. Анын үстүнө 11 миңин жип кылып өзүбүз пайдаланат экенбиз. Оңбогон партократтар жип ийрүүчү ишкана куруп койгону да жакшы болуптур, болбосо шорубуз катпайт беле. Этибиз болсо өзгөгө тургай өзүбүзгө жетпейт экен, илгери этибизди Москва менен Ленинград эле жеп атат деп, Усубалиевди сөкчү элек, эми Москва да жоюлду, Усубалиев да кетти, эт дагы жок. Айтор ушундай кыйын-кысым кырдаалда турабыз. Айтпадымбы, көнбөскө арга жок.

Т0ЙДУН ЭРТЕСИ…

— Сиз азыркы экономикалык бир топ ачуу сөздөрдү айттыңыз. Ал рухий кырдаалы жөнүндө эмне дейсиз?

— Леонид Ильич Брежнев айткан: «Нан болсо — ыр болот» деп. Курсагың ачып турса кайдагы ыр. Социализм совет элин, өзгөчө кыргызды жаман сызга олтургузуп кетпедиби. Биринчиден, орус эли коммунизм идеяларына азгырыльш, кишинин баарын тең кылам деп, килейген машиненин мапмайда буроолоруна айландырып койду. Ошону менен адамдын өзүнө болгон жоопкерчилиги жоголду. Экинчиден, коммунизм курам деп тапкан-ташыганын чача берип, өзү өчөйүп отуруп калды. Ооздогу нанды жулуп алды да, эми ырдай бер деп. Жана айтпадымбы, Россия кыргызды бир топ бийик көтөрүп, таштап ийди деп. Таштаганда да жаман таштады да, эми самолет менен учалбай калдык. Ошко барып келели, бир досум той берип атты эле деп, нарындыктар эки күндүн биринде биякка байма-бай каттап турду эле арак издеп, эми балакеттинби? Автобус жүрбөйт мурдагыдай, газ күйбөйт, шаардыктардын үйү жылыбайт мурдагыдай. А эмне үчүн рухий, маданий турмуш ушул процесстен сыртта калыш керек эле?

Мына эми, баарыбыз тең эле жазуучубуз деп жүрөбүз, жазуучубуз жаман болсок да. Мына ошол жазуучуларды да социализм өтө көбөйтүп жибербедиби. 1 миллиард 200 миллиондон ашуун калктуу кытайда Жазуучулар союзунун 300 эле мүчөсү бар, ал эми 2,5 миллионго араң жеткен кыргыздын 400дөн ашуун мүчөсү бар. Угушубузга караганда, дале көбөйүп жатса керек. Ошентип баарыбыз эле жазуучу болуп кетпедикпи, өзгөчө ыр жазгандар биттей өрүп жүрбөйбү. Себеби, совет өкмөтү ырдын ар сабына төлөп атты, бир сап ырды үчкө сындырып койсоң, үчөөнө тең төлөдү, социализмдин иши эмне, сынган, сынбаган сабың менен. Мына, эмесе деп акындар ыр саптарын куурай сындыргандай эле сындырып кирбедиби.

Дүйнөнүн бир жеринде да ырга акча төлөбөйт. А жазуучуларыбыз болсо чоң-чоң, көлтөйгөн-көлтөйгөн китептерди жазат, үнөм дегенди ойлоп да койбойт, чиркин. Себеби, өкмөт басма табагына төлөйт, эгер сапатына төлөсө андай болбойт эле да, туурабы? Социализм мына ошентип, жазуучуну да, артистти да, мугалимди да, дегеле интеллигенцияны көбөйтүп ийбедиби. Немистер айткандай, «Багы жок элдин баатыры көп, ары жок элдин акыны көп» деп.

Окубайм дегендерди, айылда калам дегендерди деле зордоп окутуп, ВУЗдарды, жайнатып ачып… окуса эле жаңы адам болуп, коммунизм куруп жиберет деп ойлободубу, бечара совет өкмөтү. Мына эми кокус мектептер, ВУЗдар, илимий институттар жабылып кетсе, андагылардын көпчүлүгү бош калат да. Колхоздор приватташып кетсе, жайнаган экономисттер бош калат. Шаарга келип сандалып жүргөн айыл жаштарындай эле социалдык коркунучту ошолор туудурат. Анткени чала окуган киши окубаган кишиден он эсе коркунучтуу. Себеби, акыл эмгегине да, күч эмгегине да көнбөй калган. Айылда бригадир болуп жүргөн кишини иштетип көрчү? Иштебейт, унуткан кара жумуш кьшганды. Экинчиден, азыр тоталитардык режим деп көрүнгөн сөгүп жатпайбы, бул кыргыз үчүн жакшы эле болду, себеби коркуп, жазганып, башка элдер менен жакшы болуп жүрүп, социализмдин тушунда элдин саны 5 эсеге өстү. Азыр болсо эч нерседен коркпойт. Коркпогон кыргыз өзү коркунучка айланды.

Анткени коркпогон кишинин ичинен кармап турган бирдемеси: маданияты же бир адеп нормасы, айтор, бирдемеси болуу керек да. Же дин кармабаса, же бир идеяга ишенбесе… жанагы балдарыбыз хулиган болуп, аракка тойгондо кайра өзүбүздү сабап, тоноп жатышы ошондон да. Жаштар шаардан жер алып, үй салып жатканда эле айткам, кудай урган, буларды жумуш менен камсыз кылып, жашоо-шартын түзүп бербесек, чогулуп алып өзүбүздү сабайт, тонойт деп. Ошондой болуп жатпайбы. Албетте, баары эмес дечи.

— Ушул маекти окугандар сизди да сабап кетпесин?

— Сабоочулар китеп же гезит окуйт дейсиңби, олтурушат да ар кайсы чыланын ортосунда арак же пиво ичип, оолукканда орустарды сөгүп. Карачы, ичип, зөөкүрчүлүк кылган орустар көчөдө кандай азайды.
Сөздүн нугу башкага бурулуп кетти өңдөнөт, тууган күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат деген ошол.
Ушундай кыйын кырдаал, татаал шарт рухий турмушубузда да болуп жатат, маданияткада таасирин тийгизүүдө. Мына ушул шартка ыңгайлашуу керек. Мисалы, жазуучулар. Баштагыдай көлтөйтүп-көлтөйтүп жаза бербей, дегеле түбөлүк теманы издеп туураланбай, кыйырды эңсеп кыялданбай, жалпы адамзаттык идеяны берем деп безеленбей, азыркы окуучулар эмнеге кызыкса, эмнеге муктаж болсо, ошону жазыш керек да. Бу жагынан канча сөксөк да, канча тилдесек да, жанагы Жаныбек Жанызак пионер болуп атпайбы, билип атат, порнографияга, секске уландардын, жаш келиндердин муктаждыгы бар экенин, а тургай кары-картандарды да кызыктырып жиберерин. Ошого ылайыктап андан, мындан которуп чыгарып койсо, талап кетип атпайбы китебин. Ошону менен тиричилигин оңдоп, машине, үй сатып алды, ошону менен кызматкер кармап иштетип атат…

— Кечиресиз, жазуучуларды заманга ыңгайсыз деп жатасыз. Социализмдин талабы деле ушундай эмес беле, көркөм өнөрдү бир «реализмден» бир реализмге үндөп жаткан жоксузбу? Экинчиден, дин кармап, күнөөлөп, Жаныбек жаны жоктун «жылаңач» китебин жактаганыңыз кандай?

— Ой, а-бу дей берген менен кайсы гана искусствонун болбосун түпкү тамыры баары бир тиги же бу коомдун тилине байланат эмеспи. Соцреализм совет өкмөтүн курган жок, совет өкмөтү соцреализмди ойлоп чыгарды да. Чынбы? Анан калса кеп чыгармачылыктын кандайдыр методу жөнүндө эмес, китеп кантип чыгат, жазмакер кантип жан багат деген маселенин тегерегинде болуп жатпайбы. Экономикада товар өндүрүү жана сатуу деген болот. Жаныбек мына ошонун жаңы мисалы эмеспи. Айталы, мен анын жылаңач китептерине таптакыр эле муктаж эмесмин. Бирок муктаж болгондор бар экен да. Же тарыхый инсандарды алалы. Курманжан датка, Байтик баатыр, дагы балан-түкүн, деп чыгарып койду эле, канын жерге тамызган жок ко. Айтор бир жолду издеш керек экен.

Анан мынабу мамлекеттик басмаларды кооперативге, менчикке айландырыш керек экен. Кыргыз китеп чыгарганды, сатканды, ошону менен жанын бакканды үйрөнсүн. Орустарда толуп атчу илгери китеп сатып байыгандар. Өкмөт китептен салык албай койсо деле болмок. Ансыз деле чыкпай жаткан китептерге олчойгон салык коюп эмне кереги бар. Андан көрө мисалы, 5 процент кылып койсо, ошол жеңилдиктин шарапаты тийип китеп жайнап кетсе, ошол деле өкмөт чөнтөгүнө пул болуп бербейт беле? Үйүнө китеп дүкөн ачып саткандар чыкса, таңуулап, үгүттөп саткандар чыкса, айталы, мугалимдер айлык алган күнү мектепке, чоң-чоң тойлорго бара калып, кайнаган базарга чыга калып… кыскасы, китеп саткандардын ишкер тобу пайда болуш керек.

Маркетинг деп коёт ко, ошондо билинет элдин кызыкчылыгы, суроо-талабы. Ошондо эл менен жазуучу, эл менен басмакерлер ортосунда заказ келип чыгат. Артисттер деле ошол. Жалаң эле өкмөткө өлүк артып, «бер эле бер» деп бечел балага окшоп кыйкыра берүү туура эмес болуп жатпайбы. Албетте, кыйын, аны жакшы түшүнөм, мен деле жазуучу болумуш этип, акыл эмгеги менен жан багымыш болуп жүрөм го. Мен деле жыргап кеткен жерим жок. Ак үйдөн иштесе эле мүшөктөп акча алат дейсиңерби, менин казан-аягым деле силердикиндей чакталуу, артымдан бала-чакага эч нерсе калтыра алгыдай эмесмин, мен дагы банкротмун да. Түшүнүп турам, түшүнгөн менен кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы дегенден башка арга жок, көтөрүш керек, көтөрүп эле тим болбой, көгөрүп жол издешибиз керек.

Мына илимпоздорду алалы, алар деле «бер эле бер» деп кыйкырып атат. А өзүң эмне берип атасың деп сураган эч ким жок. Канча физик жүрөт, автоматика институту бар. Бирок автоматташтыра турган эч нерсебиз жок болсо эмне кылабыз? Физика дейбиз, автоматика институту дейбиз, малдын кыгын чыгара турган электр күрөк жасап бералбасак эмне дейбиз? Ошону да ойлонушубуз керек. Айтор, бардыгыбыз тең туулганда эле өз киндигин өзү тиштеп ыргытып ийип, жүгүрүп кеткен жетимге окшоп тың, чыйрак чыгып, жаңы заманга ыкташыбыз керек.

Эми социализм кайра келбей калды. Н.Назарбаев ачык эле айтпадыбы, айла жок, капитализмге кирдик деп. Куба, Түндүк Кореянын артынан Кыргызстан социализмде калам деп жатып алса эле болуп калмак беле, биз эми социализмдин бир форпосту болуп түбөлүккө туралбайбыз. Биздин шартыбызга тарыхтын жүрүшү, реалдуу турмуш көнбөйт, биз ага көнүшүбүз керек. Кыргыз соодага жок, соода кылалбайт деп кайгырышчу эле чоң шаарлардан «жем» жеп калган кыргыздын интеллигенттери жакында эле. Мына эми көрүп жатпайбызбы, бүт көчөдөгү, бүт базардагы сооданын баарын ээледи ошол эле кыргыздын балдары. Ушинтип эле кирет экенбиз да. Айылда деле ошондой. Бу турмушту алдайм деген болбойт экен да, большевиктер турмушту алдайм деп, бир топ элди тарыхый өнүгүштөн бечел калтырды, ошол үчүн ат чабым жылдар артка чегинип, кайра баштан башташка туура келип жатат.

— Биздин радикал реформаторлор экономикалык өнүгүштүн көптөгөн үлгүлөрүн айтат. Бири Швейцария жолу, бири Жапония жолу дейт. Айтор жол көп, бурулуш жок. Буга сиз дин пикириңиз кандай? 

— Туура, эмне үчүндүр сүйлөсөк эле Американы, Жапонияны мисал кылабыз. Швейцарияны айтабыз. Кыскасы, өнүккөн өлкөлөрдү ала чуркайбыз. Мисалы, айылдаделе тигинин оокаты тигинтип өтүп жатпайбы деп, жакшы жашаган кишини эмес, начарын көргөзөт ко. Оңолбойсуңбу десең, көргөзөт ко жерде калганын, тиги деле түтүн булатып отурбайбы деп. Кыргыз ушул жагынан гана өскөн экен: салыштырса эле салыштырууга болбой турган өлкөлөр менен салыштырат. Эмне үчүн экономикалык мүмкүнчүлүгү жагынан, саясый өнүгүшү, калкынын саны жагынан өзүбүздү өзүбүзгө окшогон өлкөлөр менен салыштырбайбыз? Мисалы, Африкада Уганда, Бурунди, Гана деген өлкөлөр бар бизге окшогон, Азияда эки-үч дегендей саналуу эле экен: Монголия, Лаос ж.б. а эмне үчүн биз ошол Лаостой болбошубуз керек да, айкырып барып эле Америкадай болуп кетишибиз керек? Демек, ар ким өз жолун издеш керек. Анын үстүнө капитализмге биздей, социалисттик системадай өтүш дүйнөнүн тарыхында бир да өлкөдө болгон эмес да. Бирөө да темирдей бекем борборлоштурулган экономиканы, чарбаны бир заматта чар учкандай таратып, эркин экономикага өтө качкан эмес да. Ошон үчүн тигинин жолу, мунун жолу деш туура эмес. Болгону элге чындыкты айтыш керек: биз капитализмге кирдик, мурдагыдай тойлоп жүргөнгө айлабыз калган жок, ошон үчүн дуңганча жер тытып иштешибиз керек.

Капитализм убагында капитал жыйноо деген, первоначальное накопление капитала — капиталдын көрөңгөлөнүшү деген болот, ошол көрөңгөнү жыйнагыла деп. Болбосо, күндө тапсам күндө жок, күндө жылан жеп коёт дегендей, кыргыздын тапкан-ташыганын салт-сабыры эле жеп атпайбы. Байкап көргүлөчү? Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да, өлмөгү да азап. Баарын ошолор жейт, аш-той, кургак намыс жейт. Себеби, социализм ошол принципти кармоого көндүрүп салган. Социализм тушунда эртең эмне болом дегенди ойлобойсуң, өлөр өлбөстүн күнүн көрөсүң, бир жерине иштетет, карысаң пенсия берет, оорусаң дарылайт, аракеч болсоң да дарылайт, өлүп калсаң балдарыңа жардам берет. Эми азыр андай болбой калды, ар ким өзүнө өзү кам көрүш керек, капитализм баягы коллективиум дегенди жоготот дагы, индивидуализмди күчөтөт. Ар бир кишини өзүнө өзү жоопкер, бала-чакасы, укум-тукуму үчүн жоопкер кылат. Социализмди жоктоп, сагынып, саргайыштын кылдай да пайдасы жок.

— Американы мисал тартыш дагы элеболсо кызмат абалына жараша ал жакка ар кандай делегациялар менен каттап турган «турист-демократтардан» чыгып жатат. Биз окуганыбызды айталы. Мына сиз, социализм баарына жардам бере берген деп атасыз. Айталы, ошол эле Америкада зо миллион адам бекер дарыланганга субсидия, ал эми 20 миллионго жакын адамга азык-түлүк купону бекер берилет экен. Демек, капитализмде деле колунда жокторду талаага таштап койбойт экен да… 

— Америка ошондой акыбалга капитализмге өткөңдөн кийин канча кылымдан кийин жетти? Кеп ошондо. Биз өтө эле оптимист болуп атпайбызбы, беш-алты жылда эле оңолуп кетебиз деп. Жапониянын илимпоздору изилдеп көрүп айтыптыр: СНГ жерден боорун 30 жылдан кийин араң көтөрөт деп. Батыш айтып жатат, Россия биринчи көтөрүлөт, Орто Азия бир топко жүрөт деп. Анын ичинен Кыргызстан экономикалык потенциалы жагынан айталы, Өзбекстанга да чендебейт да. Же болбосо, америкалык божомолчу окумуштуулар Кытай экономикалык өнүгүш жагынан 2010-жылы Жапонияны басып өтүп, Американы такымдап калат деп жатса, өздөрү жок, биз 2050-жылы араң орточо өнүккөн өлкө болобуз деп жатпайбы. Демек, бардык нерсеге реалдуу карашыбыз керек да, тактап алышыбыз керек: биз азыр кайсы даражадабыз, бизди өзүбүз менен окшош ким менен салыштырса болот?

Кайсыга чейин кулайбыз да, каерден токтоп, каерден кайра тартабыз? Мына ошол кайра тартканда, заман оңолгондо, чарба бүт индустриялашып, тапкан-ташыганыбыз, өндүргөнүбүз, бүткүл кен байлыктарыбыз товарга айланып, аны сатып, байыганыбыздан кийин чыгыш керек жанагы «жардам» деген сөз. Ардеменин өз убагы бар. Эл байыганда, товар көп чыгарылып, калың калк соода менен шугулданып турганда салык көбөйөт, анан мамлекет ошол салыктын эсебинен жанагы сенин ичиң ооруп аткан маданиятка, адабиятка, улутка кам көрөт. Ошондой ырыс кут этер мезгил келсе, 400 акын-жазуучуну багып алыш Кыргызстан үчүн эчтеме болбой калат да. Америкада деле ошондой болгон.

Анын үстүнө Батыш өлкөлөрүндө мисалы, китеп чыгаруунун формалары көп, менчик басмалар көп, тигиндей жеңил-желпи китептерди чыгарып, сатып, андан түшкөн кирешенин анча-мынча процентин олуттуу маданиятка жумшап коёт, ооба, өлкө бай болгондуктан субсидия берет.

Ал эми бизчи? Элибиз эки жарым миллион болсо, жакыр болсок, жакырчылыктан жакында келиндерибиз төрөбөй коюшу мүмкүн болуп турса, анан кантип асман-айды кеп кылабыз? Макул, 3 миллион бололу, 3 миллион деген деле аз да, туурабы? Ошол 3 миллион элдин муктаждыгы да болуш керек, китеп окуганга, ыр окуганга. Бош убактысы болуш керек. Ошондой эле элдин деңгээли деген бар. Эл фольклордун, ырчылар поэзиясынын деңгээлинен жаңы көтөрүлдү, алар окуганга караганда укканды жакшы көрөт. Ошон үчүн китеп өтпөй турат. 20 миллион сомдук окуу китептери өтпөй турат азыр. Мектептеги балдарга окуу куралдары жетишпейт, аны же ата-энеси, же мектеп, же колхоз-совхоз өңдүү уюмдар алып бербейт. Эмне десе, баасы кымбат, 40 сомдун (мурдагы 40 тыйын да) тегерегинде экен. Чын эле колунда жок экен дейин десең, ата-энеси аракка таап атат ко, ичип атат, канчалык кымбаттаса да. Бу жагы да бар, «кемигинде да, керкисинде да бар».

— Сиз жогор жакта социализм баарын эле кыйнап окута берген дегендей ой айттыңыз эле…  

— Мага ушул ой дайыма келет. Балким бизге, кыргызга, баарын эле окута бериштин кереги жоктур, себеби, айылда калам дегендерге, айылда, албетте, кишилер калыш керек да, мына ошолорго 10-классты бүтүүнүн эмне кажети бар? Малдын богун чыгарыш үчүн, чөп чабыш үчүн сөзсүз онунчуну бүтүш керекпи? Эгер бүт баары компьютерлешип кетсе, мисалы, уюна компьютер менен жем-чөп берип, же баардыгы интенсивдүү технологияга өтүп кетсе, анда бир жөн. Илгери менин атамдын теңтуштары сабатсыз болгон, бирок трактор менен машинени окубай-чокубай эле айдап кетишкен.

Кыргыздын канчасынын жогорку же атайын орто билими бар дегендин эсеп-чотун таппай жүрөм, менимче, ал жаатынан мурдагы союз боюнча биз биринчи орунда турат болушубуз керек. Айылга барсаң, 15-20 экономист, бухгалтер жүрөт, баары чогулуп же колхозду оңдоп жарытпайт, же фермерлик, кооперативдик чарба түзүп бергенге жарабайт, болгон-көн гөн «билими» эле ушул: орток мүлктүн кызарган жерин жула качып жеш. Жула качканга эч нерсе калбай калабы деп, приватташтыруу десе, чалкасынан кеткен да ошолор. Иштеген ишибизден башкарган кишибиз көп, окутуп-чокутабыз деп, көп кишилерди кара жумуштан ажыратып салдык, билимге кыпындай муктаждыгы жок кишилерди кыйнап окутуп келдик, шаарда сандалган жаштар ошол үчүн көп, ким окууга кантип өткөнүн, мектепти кантип бүткөнүн жакшы билесиң, ошол үчүн интеллигенция дегенибиздин негизи бош.

Айталы, экономиканы жөнгө салып, деңгээлин көтөрүш үчүн канча билимдүү адис керек? Маселени ушундай коюп, эсептеп чыккан киши жок болуп атпайбы. Эсептеш керек, башка өлкөлөргө — алыбызга ченеп иш кылышыбыз керек да, өзүбүзгө окшогон өлкөлөргө салыштырып көрүш керек. Ошентип келсе мүмкүн бизге мынча билимдүү адистин кереги жок болуп чыгар, мүмкүн бала-чакабыздын 20 эле процентин окутсак жетишер…

— Сөзүңүзгө аралжы, кечээ жакында Кытай, килейген улуу Кытай канча бир миллиардаган каражат бөлүп, сабатсыздыкты жоёлу деп жатат. А сиз болсо элдин баарын окутуп-чокутуп салды деп, социализмге нааразысыз. Тескерисинче, совет өкмөтүнүн кыргызга кылган эң чоң жакшылыгы — элди туташ сабаттуу, билимдүү кылганында болуп жүрбөсүн? 

— Ал туура. Бирок мындай да, айталы, Кытайда 260 миллион сабатсыз киши бар экен, Түркиянын жалпы калкынын 40 проценти сабатсыз деп жүрчү эле, жакында сурасам 13 процент дейт. Эми ошол 260 миллион кытай эңкейип эмгек кылбай эле колду чөнтөккө салып басып жүрдү дейсиңби. Иштешти да, өлкөнүн ушул акыбалын өркүндөтүүгө аздыр-көптүр үлүш кошту да. А эмне үчүн алардын сабатсыз, билимсиз экендиги эми эске түшүп жатат? Анткени ошондой зарылчылык пайда болду. Зарылчылык дегеним, Кытай компьютеризация заманына кирип кетти, илим-билимдүү болбосо эл, демек мамлекет артта каларына көзү жетти. Мына, Түркия да быйыл илим-билимге улуттук кирешесинен 23 процент бөлүп жатат. Анткени, алар да ошондой деңгээлге келип калды да. Турмуштун бардык тармактары, атүгүл үй-тиричилигинен өйдө компьютерлешти, машинелешти, ансыз иштей да, жашай да албай калышты, бирдеме билиш үчүн, өздөштүрүш үчүн билим керек болуп жатат. Ал эми биздин турмуш азырынча ошондой зарылчылыкты сурап атабы? Кеп ошондо..
Ушуну менен бүгүнкү сөз бүттү. Жумушу көп экен а кишинин. Өзү да болбой атып араң макул болгон. Кайра куруу башталгандан бери какшана берип жумуштарым калды дейт, чыгармачылык, илимий иштерим калды дейт. Араң көндүргөм. Эмки суроом республикабыздагы демократияга байланыштуу болучу. «Ой, силердики демократия эмес эле, этнократия болуп кетти го» деп күлдү. Жолдо келатып экинчи маекти «Демократиябы же этнократиябы?» деп атоону ойлодум.
Алым ТОКТОМУШЕВ, «Кыргыз маданияты» 18-март, 1993-ж.