Саул Абрамзон: Никеден ажырашуу

  • 27.10.2020
  • 3307

Өткөн убакта кыргыз чөйрөсүндө никеден ажырашуу негизинен бир жактуу мүнөздө болгон, анткени чындыгында чечүүчү сөз эркекке гана таандык болуп, материалдык жактан да аял ага толук көз карандылыкта жашаган. Аял өтө сейрек учурда гана бул кадамга барган, баарыдан мурда мунун себеби — ал өзү үчүн төлөнгөн калыңды күйөөсүнө кайтарып беришинде болгон, бул кээ бир учурда гана мүмкүн болбосо, анын колунан келген эмес.

Г. С. Загряжскийдин көрсөткөнүнө караганда, күйөөсү аялын бага албай калган учурда же жагымсыз жүрүм-туруму үчүн аялынын башын ыктыярдуу бошото алган. Мындай учурда калың кайтарылып берилген эмес. Эгерде аял ажырашкысы келсе, ал бийлердин сотуна кайрылууга тийиш болгон. Бийлер анын өтүнүчүн жетиштүү негиздүү жүйөлөр болгондо гана канааттандыра алышкан:

1) Эгер ал күйөөсүнүн жубайлык милдеттерин аткарууга жөндөмсүздүгүн далилдей алса,

2) эгер күйөөсү ага 6 ай 13 күн бою тамак жана кийим-кече бербесе,

3) күйөөсү ага ташбоордук менен мамиле кылса,

4) аялынын иштөөгө мүмкүнчүлүк бербегидей дене жагынан кемчилиги болсо,

5) жубайлардын биринин акыл жагынан майыптыгы болсо ж.б.

Мындай учурларда бийлер ажырашууга жол берип, ажырашууга көбүрөк таламдаш болгон тараптан өз пайдасына бир кыйла айыпты төлөтүп алуу менен калыңды жана септи кайтарып берүү жөнүндө чечим чыгарышкан.

Күйөөсү ар кандай убакта жана ар кандай шылтоо менен аялынан ажыраша алган. Бул үчүн ага «талак» деген сөздү айтуу эле жетиштүү болгон. Мындай учурда ажырашуу күчүнө кирген, бирок кааласа күйөөсү бул сөзүн кайра алуу жана үй-бүлөлүк турмушун кайра баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Бирок ажырашуунун кайра жангыс мүнөздөрү шариятта алдын ала каралган башка түрү болгон, муну жасоо үчүн «талак» деген сөздү үч жолу айтуу талап кылынган.

Мындай учурда никени кайра жаңыртуу Түштүк Кыргызстанда алала деп аталган (адал — таза, шарият уруксат берген деген сөздөр) татаал «орто аралык нике» талап кылынган. Аял үчүн бул кемсинтүүчү ырым-жырымдын так мүнөздөмөсүн биз К. К. Юдахинден табабыз: «үч талак — үч жолу ажырашуу (ажырашуунун өзгөчө формасы, мында никелик союзду калыбына келтирүү ажырашкан аял жалган да болсо башка бирөөгө күйөөгө чыгып, жаңы күйөөсү ага ажырашууга уруксат бергенден кийин гана мүмкүн; үч жолу ажырашуу (үч талак) чындыкка айланышы үчүн үч жолу «талак» деген сөздү айтуу жетиштүү болот, андан ары формалдуулук гана калат)».

Бийлердин соту адатта эркек тарапта болгон соң, аял ал жакка кайрылууга батына алган эмес. Күйөөсүнүн талабы боюнча ажырашкан аял андан өзү үйгө ала келген мүлктү да, күйөөсү менен бирге тапкан балдарын алууга укуксуз.

Эгер Түндүк Кыргызстанда ажырашуу негизинен адат укугунун (исламдын бир кыйла таасири астында болгондугун айта кетели) нормаларына ылайык жүзөгө ашырылса, Түштүк Кыргызстандын көп райондорунда эл бүтүндөй шарияттын нормаларына баш ийген. Н. И. Гродеков белгилегендей, Сыр-Дарыя областынын кыргыздарында ажырашкан учурда аялдын пайдасына аныктала турган «акимара», б. а. мүлк бөлүнгөн эмес, бул шарият боюнча «махра» деп аталган.

Кыргызстан Орусияга кошулгандан жана анда «туземдерге» тийиштүү граждандык иштерди териштирүүгө формалдуу укугу болбогон орус сот мекемелери түзүлгөндөн кийин, баарыдан мурда аялдардын өздөрүнүн демилгеси боюнча ажырашуулардын саны көбөйгөндүгү байкалгандыгын белгилөө зарыл. Мындан жаңы укук тартибинин белгилүү таасирин көрбөй коюуга болбойт, анткени ал түгүл падышалык администрациянын чиновниктери көп учурда күңдүн абалына чейин жеткирилген кыргыз аялдарын жактаган учурлар белгилүү. Муну, атап айтканда, А. Чайковский көрсөтөт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз