Имдат Авшар: Чыбык аттар

  • 10.07.2021
  • 4316

Имдат Авшар – “Евразия” жазуучулар коомунун мүчөсү, Түркиянын Кыршехир облусуна караштуу Каман районунда туулган.

АҢГЕМЕ

Бутактар бүчүр байлады. Балдардын жүздөрү тамылжыйт... Мектептин короосу чуру-чуу... Ылдый жакта эки бала алышып, дубал кырында эки таранчы чокушуп жатат... Балдар топту талашкандай эле, таранчылар дубалдагы кичинекей ургаачы таранчыны талашып жатышат. Кыздар да капарсыз. Унчукпай оромпой тээп жүрүшөт.

Топту кайсы бала алат? Кичинекей куш кайсы таранчынын жубу болот? Канаттарын болушунча түктүйткөн таранчылар тим эле күрөшкө түшкөн балбандардай. Бирок канаттарын канча типтик түктүйтсө да баягы эле таранчылар да! Бири-бирин коркутуп, денелерине батпай, топтоголок болуп чыгышканын караң. Тим эле кандары кызып, өпкөлөрү көөп... Кызуу кандуу, чыртылдаган эркек таранчылар канаттарын жайып короздонуп жатышат. Кадимки эр майданга түшкөн эки балбандай... Эки балбан! Буларга элдин кыйкырык сүрөөнү, аларды коштогон керней-сурнайдын үнү эле жетишпегенсийт. Ачууланган таранчылар бири-бирин көкүтүп, качырып жатышат...

Балдардын бирөөсү топту ала качты, экинчиси анын артынан түштү... Таранчылар да бири-бирин чокушуп, бирөө маңдайдагы талдын бутагына конду эле, экинчиси артынан учуп жөнөдү.

Балдар эми башка оюн ойной башташты. Кыздар жерге чийилген торчолордун ичине жалпак таш ыргытып, секеңдеген оюнга киришти. Балдар ойноок тайлар сымал ары-бери чуркап жатышат. Коңгуроо кагылбай, сабак башталбаса экен...

Балдардын баары өз дүйнөсүнө чөмүлгөн. Бир гана Ысмайылдын сабыры суз, досторуна жетише албагандыктант ыйламсырап турат. Ал маңдайдагы дарбазага жете электе, тигилер кайра келип калышат. Жанталашат, жыгылат, жүткүнөт, турат, кайра жыгылат Ысмайыл. Жыгылат...

Жөжөнү илип кеткен кулаалы сымал, шал оору аны кичинекей кезинде ачуу чеңгели менен мыкчып алган эле. Класстын канаты кайрылган таранчысы эле ал. Анын оозуна бир тамчы суу жетпей калган эле. Ысмайылдын ошон үчүн бир ыптасы кем, ошондуктан жаны жарым эле. Анын колдору, буттары дайыма таштарга сыйрылып карттанып жүрчү. Оорулуу, ичке, дармансыз буту менен басып келип, дайыма:

– Агай, мени менен ойнобой жатышат, – дечү.

– Ким сени менен ойнобойт экен, Ысмайыл! Жүрчү көрөлү.

– Мени кошпой жатышат, агай! Чур....Чурка.. Чуркай албайсың деп атышат.

– Жүрө гой, Ысмайыл, экөөбүз бир болобуз...

Дайыма Ысмайылды колунан жетелеп барам. Топту балдардын колунан алып: “Али сен маңдайга, Өмөр сен бул жакка, Мустафа маңдайга, Ысмайыл бул жерге...”– деп балдарды бөлөм. Балдар кээде бултуңдашып, каршы болушат. “Ким билет, эмгиче оюн эсеби эки нөл болуп калгандыр мен келерден мурун”. Баары бир алар дайыма Ысмайылдан биринчи жүрүшөт. Дене тарбия сабагында Ысмайыл экөөбүз дайыма бир болобуз. Анын маарага топ киргизиши үчүн болгон эрежелерди бузам, башка окуучуларды артка тартып турам. Чырдашканда, аларды укпайм. Анткени бул жердеги калыс менмин. Бизге гол кирсе деле Ысмайылдын капталынан, артынан чуркайм. Ал жыгыла электе эле буту сыйрылат дейм, ал жыгыла электе эле кошо жыгылам.

Ысмайыл ымыркай чагында эле ден-соолугунун жарымынан ажыраган. Болбосо аны турмушта ансыз деле толтура тоскоолдуктар күтүп жатпайбы. Ысмайыл буурчак, жүгөрүлөр менен сандарды бөлүп, көбөйткөндү жакшы билчү. Айылдагы жан-жаныбарларды да бат эле санап берет: уй, кой, музоо, таранчы... Шаарларды көрбөсө да картадан биз жашаган жерди дароо эле табат. Аты коюлбаган аңгемелерге заматта мыкты ат таап чыгат. Элдик ырларды да жакшы ырдаган Ысмайыл жаңылмач, табышмактарды да шатыратат. Тарткан сүрөттөрүндө асман көпкөк, күн сапсары, дарактар жапжашыл кулпуруп турат. Ысмайылдын тарткан куштары бийик тоолордун, булуттардын үстүнөн каалгып учушат. Ачык асман астында бейкапар ойногон балдарды да тартат. Ал балдардын ичинен бир бала дайыма обочодо турат. Алысыраакта отурат, калгандары туруп турат. Алысыраакта отурган баланын Ысмайыл экенин билем.

Ар сабакта толук, ар сабакта тең Ысмайыл дене тарбия сабагынан гана кем, жарты, дармансыз... Дене тарбия сабагы болордо балдардын баарынын тынчы кетип чурулдай башташат. Ысмайыл болсо муңайымданып, капалуу:

– Агай, сүрөт тарталычы, дене тарбияга чыкпай эле коёлучу,– дейт.

Башка балдар чурулдай башташат. Калыс, аларга да жага турган акыркы чараны түпсүз кудуктан чукуп чыгып, Ысмайылды куткарам:

– Келгиле, анда, силерге жомок айтып берейин.

Жомок деген сөздүн күчүн көргүлө, баары орундарына чалкалай отуруп, оозумду карашат. Класс ичи жым. Дене тарбия сабагын жалгыз жомокко гана айырбашташат. Жомок башталары менен сырдуу дүйнөгө, эски мезгилдерге саякатка жөнөшөт.

“Илгери илгери өткөн заманда жер бетинде сан жеткис киши жашачу экен. Ошол заманда бир падыша жашаптыр. Падышанын үч уулу болуптур. Кенже шахзада баарынан март, баарынан күчтүү экен. Ал жаасы менен дөөнүн көзүн агыза атыптыр. Кенже шахзада тактыга чыгып, кырк күн, кырк түн тойлошот. Ошентип алар жыргап-куунап жашап калышыптыр”.

– Дагы жомок айтып бериңизчи!

– Дагы айтыңызчы!

– Калганын эмки жумага калтыралы, танаписке чыккыла...

Балдардын тамылжыган жүздөрүнө көз салам. Баары тең кенже шахзада, баары тең дөө менен салгылашууга даяр. Жааларынын жебелерин тартып жатышат. Ысмайыл мектептин короосунан бир аз ылдыйдагы дарак түбүндө олтурат. Бир көзүн жумуп, жебесин дөөнүн көзүнө мээлеп атууда. Көзүнө тийбесе дөө өлбөй калат. Көзүн агыза атышы керек. Бир аздан кийин дөө өлөт. Көздөрүнөн кан шорголоп агат. Анын онтогон үнү ай-ааламга угулат. Анан Ысмайыл тактыга олтурат, кан болот, шаан-шөкөттүү той берет...

Аба укмуштай таптаза. Таранчылар тынбай чурулдап сайрашат. Маңдайдагы Улуупынардын[1] эмендери бүчүр байлаган өңдүү. Балдар тоого чыгалы деп жүрүшчү эле. Эртең чыксакпы дейм...

Жаныма окуучуларымды чакырдым:

– Эртең баарыбыз тоого чыгабыз. Ар ким өз азыгын көтөрө келсин.

Балдардын баары кубанып кыйкырып жатышты.

– Эртең тоого... Эртең тоого чыгабыз!

Аз өтпөй баары мени курчап алышты. Баары окшош суроолорду жаадырып жатышты.

– Каякка барабыз? Качан барабыз? Формаларыбызды киебизби?

– Улуупынарга барабыз. Эртең эрте менен тогузда чыгабыз. Каалаган кийимиңерди кийгиле. Анда болгула, азыр баштыктарыңарды алып, үйүңөргө жөнөгүлө.

Бирок балдардын суроолору түгөнбөйт.

– Үй тапшырма барбы, агай?

– Үй тапшырма жок, балдар. Жаздын жагымдуу күнү үчүн үй тапшырма жок.

– Ураа! Ураа-а!

Ал күнү мектепке күндөгүдөн эрте келишти. Тынчсызданып жатышты. Көздөрү жайнап, башкача жандуу, башкача кубанычтуу...

Алдыларына түшүп алып бассам, аскер башчысы эле кылып алышчудай.

– Кеттик анда, Улуупынарга жөнөдүк.

Балдар биринчи күнү күнөскө чыгарылган жаш козуларга окшоп так секирип ойноп баратышты. Бирткеден кийин чарчашып, ал эмес артта калышаарын билип турдум. Ысмайыл артта калган сайын мурункудай эле жанталашып жатты. Мен шашпай аны менен тең бастым. Учурдан пайдаланып, жаздын сулуулугуна суктанып бараттым.

Топучан торгой чуркап барат алдыбызда. Куш бекен, чычкан бекен – айырмалай албайсың. Анда-санда канаттарын кагып учпаса, куш экенине деле ишенбейсиң. Бөдөнөлөрдүн бытпылдыгы угулат. Келишкен тура. Бир ылаачын каалгып учат асманда. Жай учкандыктан көк жүзүнө бекилип калгансыйт. Биринен бири кооз көпөлөктөр учуп жүрөт. Бир күндүк өмүргө сыйган ушунча да түс болот экен ээ.

Балдар да көпөлөктөрдөй болуп бир гүлдөн экинчи гүлгө чуркашат. Жол боюнда ак гүлдөр, көк гүлдөр, сыя гүлдөр, келинчек гүлдөр баары тең гүл ачыптыр. Улам улам окуучуларым чуркап келип, терген гүлдөрүн мага берип жатышты. Кучагым гулдестелерге толуп чыкты.

Көп жүрдүкпү, аз жүрдүкпү билбейм, акырында Улуупынарга жеттик. Булак көзүнөн туптунук суу атырылып агууда. Күмүш жипке окшоп салааланып жатат. Булактын айланасы жапжашыл чым. Балдар чым үстүнө тоголоно кетишти. Бири-бирин жерге көтөрүп чабышты. Ысмайыл жыгылса да эч нерсе болбойт бул жерде. Алар бул жерде чуркап ойноп жатышканда Ысмайыл үчүн жүрөгүм оорубайт...

Мен алардын артынан чуркап жүрүп чарчадым. Алар болсо оюндан чарчашкан жок. Бир топтон кийин беттери алмадай кызарып, демигип-күйүгүп жаныма кулашты. Алып келген азыктарыбызды ортого койдук. Көмөчтөр, жумурткалар, быштактар, майлар... Колуна жумуртка алып бир балам келди.

– Агай, муну сиз жеңиз.

– Муну да сиз жеңиз.

Күн батар алдында балдардын шайы кетти. Чымдардын үстүнө сулап калышты. Өзөнгө түшкөн тоо сууларындай жайылып калышты.

– Эми тургула, айылга кеттик.

Көңүлдөрү келбей араң турушту. Эртең мененки толкундан дайын жок. Келатканда чуркап баскан жолду эми басып кетүүгө алдары жок болчу. Эртең менен токтолбостон өтүп кеткен булактын жанына келгенде алгачкы эс алууну баштадым. Булактын жанында өскөн мажүрүм тал бүчүр байлап калган экен.

– Балдар, силер мажүрүм талдан ышкырык жасай аласыңарбы?

– Жо-ок!

– Оо, мен силердей бала кезимде кандай гана ышкырыктарды жасар элем.

Алайып тиктеп калышты. Бычагымды чыгарып мажүрүм талдын кичинекей бутагын кесип алдым. Балдар жаныма чөгөлөп отура калышты. Денесине суу жүрө баштаган талдын кабыгын кылдаттык менен аарчып, сүт сымал ак чырпыгынан сыйырып салдым. Балдардын кобур-собуру басылды. Өзүмдү да жомок айтып жаткандай сездим. Ичке түтүк сымал колумда калган талдын учун дагы жукартып кесип салдым. Мына ышкырык да даяр. Жоодураган көздөр кызыгуу менен мени карап турушкан. Ышкырыкты оозума алып үйлөгөндө, балдар кыйкыра башташты.

– Агай, мага дагы ышкырык! Мага да ышкырык жасап бериңизчи!

Кезекке турушту. Баарына тең бирден ышкырык жасадым. Сүйүнгөндөн баарынын жүздөрү тамылжып чыкты. Чарчаганды бир саамга унутуп да калышты. Ышкырыктарды чурулдатып баса бердик. Бираздан кийин артымды карадым. Балдар катуу чарчагандыктан, буттарын араң эле тартып калышыптыр. Аларды эптеп айылга аман-эсен жеткирүү – милдетим. Биртке баскандан кийин кайра бир чоң талдын түбүнө токтодук. Айылга дагы кыйла бар эле. Балдарды жайына койсом, көлөкөдө көшүлүп уктап калышмак. Нараакта былтыр буталып бир жерге жыйылган талдын бутактарын көрүп калдым. Кайра балдарды чогулттум. Катарга тиздим.

– Атты ким кыйын чабат?

Баарынын көздөрү жайнай түштү.

– Мен, мен, мен...

– Атты кимдин кыйын чабарын, айылга ким биринчи барарын көрөлү, анда?

Ысмайылды унутуп калган элем. Бир тамчы суунун курмандыгы болгон Ысмайыл, бир саамга эсимен чыгып калган эле. Бирок артка кайтар жол жок экенин билип турдум. Жоокерлер шаңданып турушту.

– Мен биринчи барам.

– Мен атты кыйын чабам.

Кургак талдарды бөлүп, баарына бирден камчы, бирден ат бердим. Чыбык аттар баары бири-биринен өткөн асыл тукум аттар эле. Бири карагер, бир тору, бири боз, бири жээрде... Ысмайылга да бир ат тийди. Кичирээк тору бээ. Тигилердей эле ал дагы атына минди. Кеттик деген гана сөзүмдү күтүп жатышты.

Айылды каратып тиздим атчандарды. Баары мыкты жоокерлердей көрүндү көзүмө. “Кеттик” дей албай турдум. Бир балээ ойлоп табышым керек эле. Ысмайыл кайрадан жыгылмак... Акырында өзүм да бир чыбык атка миндим. Ысмайылдын жанына атымдын оозун бурдум.

– Кеттик, –дедим.–Айылга ким биринчи барат?

Аттардын кишенегендери, тыкы-тык, тыкы-тык деген таскактары, ышкырыктын үндөрү айлананы чаң-тополоң кылып жиберди. Айылга агылып жөнөдүк.

Басып басалекте эле аты мүдүрүлдү Ысмайылдын. Тургуздум. Оңдонуп кайра-кайра атына минди эле, кайрадан жыгылды...

Балдар тызылдаган бойдон айылды көздөй зуулдап баратышты. Ысмайылдын көздөрү  жашка толуп чыкты...

– Бул ат чабыла турган ат эмес экен агай.

– Мейли, Ысмайыл, – дедим, – ташта ал атты, башка атты минели...

Мен минген чыбык аттын куйругунан бир талын сындырып алдым. Атын алмаштырдым. Ысмайыл минди, бирок жаңы аты дагы мүдүрүлдү. Мүдүрүлгөн ат эмес экенин түшүндү да:

– Мен чуркай албай жатам агай, – деди. – Мобу бутум чуркайт, бирок мобуреки бутум чуркай албайт.

Аттардан түштүк. Чынында бул аттар жакшы жүгүрө албайт эле... Айылды көздөй таскактаган аттардын артынан ыйлап баратты Ысмайыл. Анын көзүнөн аккан жаш мөндүрдөй болуп төгүлүп жатты...

Арадан көп жылдар өттү. Жазында айылга бардым. Мектептин боёгу өчүп бозоруп калыптыр. Ысмайыл көзүн чыгара аткан дөө да ордунда жок. Чоң талдарды кыйып салышыптыр. Дүмүрлөрүнөн жаңы бутактар өнө баштаптыр. Бирок мектептин жанындагы эски кирпич там дагы эле бар экен. Кирпич тамдын кыбыла дубалына жөлөнүп отурган кишилерди көздөй басып барып салам бердим. Алардын ичинен бирөө ордунан колундагы таягына таянып араң турду. Мен аны дароо тааныдым. Ал таңданган, толкунданган көздөрү менен мени тиктеп, саламымды алик алды да:

– Агай! – деди.

Ысмайылдын беттерин бырыш уялап, бою өсүп, ал гана эмес чачтары, сакал-муруттары да өсүп кетиптир. Бирок бир буту баягысындай эле. Бир саны баягыдай эле кыска, баягыдай эле жансыз, дармансыз...

Ысмайыл үйүнө чайга чакырды.

Чоң короонун ылдый жагындагы жаңгактын түбүндө ойноп жаткан балдардын бирөө "ата" деп кыйкырды. Эки жагын каранып, жерде жаткан чыбык атына дароо минди да, таскактатып бизди көздөй жөнөдү.

Ысмайылдын уулу эле. Чуркап келатты...

Кыргызчалаган Салия ИБРАИМОВА

[1]Улуупынар тоонун аты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз