Чоюн Өмүралиев: Чабарман

  • 09.09.2021
  • 3080

АҢГЕМЕ

Керимбек баласынан башкарма чакырып атканын укканда эмнегедир сүйүнүп кетти. Анын кандай жумуш менен чакырганынан деле кабары жок болучу. Ошентсе да бир көңүлүндө күсөп күткөнү ордунан чыкканы калгандай толкунданып, кара көк бетине тарам-тарам кызыл жүгүрдү. Карбаластап, таягын кайсыл үйгө койгонун эстей албай, бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө издеп кирип буйдалды.

- Оңбогон гана чунактар десе, дагы бири ат кылып мине койгон экен ээ, эми кайдан издедим?..

Анын ушул таптагы эпсиз төкүрөңдөп шашканынан да бул чакырыкка канчалык маани берип жатканын баамдоого болот эле. Анан ал бир коңулдан таягын тапты да дубалдагы калпагын алып жатып, ага жанаша мыкта салбыраган жылан боор камчысын карап жаш баладай мулуюп койду.

Бейшенбек атасынын көптөн бери мынчалык калдастап кубана элегин, бир жакка мынчалык шашпаганын, ал турсун соңку күндөрү мүнөзү басмырт тартып кеткенин ойлоп, эми ага эмне болгонуна ачык түшүнө албай аң-таң калды. Чын эле кийинки кездери Керимбектин мүнөзү өзгөрүп кетти. Мурдагы шайдоот мүнөзү калып, түнт, сырдуу тартты. Келиндердин жөн салды «чабарман аке» деп тергешкендери да көңүлүнө кандайдыр катуу тийчү болду.

Атасынын көкүрөгүндө бир жай бербес сезим пайда болгонун биринчи болуп тун уулу туйду. Эмне экенине көзү жеткен жок. Эс тартып чоңоюп калганы атасынын мындай мүнөзүн байкаган эмес. Согушта, майдан талаасында талкаланган бутун ойлойбу, жарым жанмын деп? Жок, андан бери ошол согуш бүткөн күндөн баштап, кабагым-кашым дебей, эсен келгенине тобо деп колхоздо иштеп, жайкысын корукка кароолчу, кышкысын атын алчактатып, таягын такымга басып алып, башкармага чабарман болуп жүрчү эле го. Бака-шака түшкөн бозо үстүндө болобу, же кеңсе алдында эл чогулуп калган учурдабы, улуу-кичүү болсун аны теңтуш санап: «Кана, Кеке, бутуңдун жайын бир айтып койчу?» — деп калышканда:

- Ай оңбогулар ай, жадегенде чолок бутту да жайына койбойсуңар ээ,— деп бир аз маалкатып, анан саал куудулданып тилин жасап, таптап, учаар куштай обдула берип:

— Токойдон чыга калсам эле эки башис! Тайсылдашканда эле жалпайттым. Мен да тойок дей түштүм, бий бутум сойок дей түштү, көйсө байкуш бутум ошондо эле жеңишке салүт атыптый,— деп баладай каткырып калчу. Аксак буттун кайгысын жеңиш, бейпил турмуш жууп кеткени ырас эле.

Күндүз ал эл алдында минтип ачык-айрым, бала мүнөз болсо да кечкурун үйдө жүргөндө токтоо, ойлуу тартчу. Балдардын эстүүрөгү Бейшенин маңдайынан сылап: «Адам болгула айланайындар, мен силер деп чапкылап жүрбөйүмбү...» деп калган сөзүн ичине жутуп, төбөсүнөн көпкө жыттагылап турчу. Уулуна анын көкүрөгү ушул тапта кыжылдап жаткансычу. Мына эми ошол балдары өзү тилегендей адептүү өсүшүп, кыбыр эткенге «атам келсин», «атам айтсын» деп ызааттап турушпайбы. Эңсегени ишке ашты. Ал эмес өгүнчөрөөк өкмөт согуш майыптарына «Запорожец» автомашинасын бере баштаганда колхоз жетекчилери кеңешип, биринчилерден кылып тизмеге ушул Керимбекти жаздырышып, анан тигил Чүй боорундагы машина айдоону үйрөткөн эки айлык окууга жиберишкен. Ал жактан келгенден анча узабай «уулдарың чоңойду, оокатты ошолор бүтүрөт, эми тынык, эс ал, машинеңди минип убайын көр» дешип кары чарба чектеп жумуштан бошоткон.

Ушинтип эч нерседен капарсыз жүргөн куттуу күндө атасына эмне болгонуна, жүрөгүнө кандай коога түшкөнүнө түк да түшүнө албады. Тынчы кетти. Бүгүн болсо тигинтип башкарманын бир ооз чакырып жатат дегенин укканда күтпөгөндөй кудуңдап сүйүнүшү чындап таң калтырды. Эмнеси болсо да бүгүн кечте, ал кайра келген соң табышмактуу мүнөзүнүн сыры чечилчүдөй болду.

Бирок бул жолу да Бейшен ойлогондой болбоду. Керимбек кечкурун кабагы салыңкы келди. Аялына, баласына, не өзүнө айтканы белгисиз бет алды сүйлөп койду.

- Жол бойлоп келатат элем, тиги Төкөнүн Кара-Оюнда жайнаган мал жүрөт. Кытайбай корукчу болуп кыйратпай калды. Жете албай гана койдум да... - Саамга унчукпай анан кекене кетти: - Сени Кытайбай, жолугарсың. Так башкарманын алдында шермендеңди чыгарбасамбы?!

Муну укканда аялы чыдабады:

- Сен эмне жинди болуп кеткенсиңби? Кичине бир сыярлык кеп айтасыңбы деги. Жылан чакпай, жылкы теппей жөндөн жөн дулдуйганың аз келгенсип, эми көрүнгөн менен ызылдашып, «суук тумшук» атыгаарың калдыбы? Берген тамакты жөн ичип, жөн жата берсеңчи, көйөгөчүнө эмне берейин,— деди какылдап.

Аялы менен жаакташып болбосун ойлогон Керимбек айтышпады. Үйдүн ичин бир ыңгай тынчтык басты. Кечки чайды да тынч отуруп ичишти. Керимбек кымбат буюмун бир жерге унут калтырып анан анысын эстей албай жаткан адамча дагы туталанды:

- Ат эмне болду, сугардыңарбы? Курсагы тоюптурбу. Ошого бир эстеп жем илчи анан...

Баятан башкарманын чакырыгы тууралуу эмне кеп чыгат деп күткөн уулуна мунусу жаккан жок.

- Ой ата,— деди ал нааразы,— ат жечү чөбүн жеп атат. Ага эмне эле анча... Эртең алыс жолго чыкчудай ак жайдын күнү жем бер деп. А көрөк...

- Ооба, балам, эртең Буурул алыс жолго кеткени калды,— деди Керимбек баласынын сөзүн бүтүрбөй үзүп. Анан кайра жалынычтуу айтты: - Кеткени эмей эмне, колдон чыкмай болду. Башкарманын чакырганы ошол экен. Сугатчылар ыраактан суу сугарып атышат, барып-келип тургандарына ат керек дейт. Бирине Буурулду бермей болушту.

Бул күтүүсүз кабар Бейшенбекке да катуу тийди. Буурулга баары ынак эле. Баарыдан да атасынын безине тиери анык эле. Бирок аны сыртына чыгарбады. Атасы ансыз да тутана албай турганда...

- Калкостун малы, кандай кылса өзү билет. Ага анча эмне жан кейитип...

- Эмне! — Керимбек уулун жаман көзү менен атып алды да жүзүн буруп кетти. Ага уулунун бу салкындыгы жаккан жок. Ошо бойдон унчукпады.

Орун салынып жатышкан соң ар кими акырындап таттуу уйкунун кучагына кирди. Бейшенбек кыйлага түйшөлүп атасы жөнүндө, Буурул жөнүндө ойлонуп жатты. Анан көңүлүндө бир нерсени болжогондой уктоого кам урду.

Бул түнү Керимбек да шыпты тиктеген бойдон көзү ачык жатты. Эртең кайда бармак, түшкө чейин, акыры кечке уктаса да өз эрки го. Эч жакка шашпайт. Мурда антчү эмес. Таң заардан турарын ойлоп, тез уктоого шашылчу. «Эмне үчүн эми бир капталы мынча эңшерилди. Эмне үчүн»? Думуккан көкүрөгүнө билинбей бир шоола жылжыды. Ал өткөн шатыра-шатман күндөрүнүн табына жылынып, жымжырт караңгылыкта ансыз да эч кимге белгисиз ойлоруна оролуп баратты.

Согуш майыбы болуп келген алгачкы күндөн тарта жайы кышы ат үстүнөн түшпөй көпчүлүк менен кошо иштеди. Турмуш оңолуп кете элек. Кечээги каардуу күндүн капшабы кайтпай, эркек күчү көзгө сүртөөр дарыдай болуп турган мезгилде Керимбек жарым жанмын деп жатып алууну эп көргөн эмес. Колунан келген жумушу экен, жайкысын колхоздун мелмилдеген талаасына корукчу, кышкысын башкармага такай чабарман болуп жүрдү. Кийин ага биротоло көнүп алган соң ык алган иши менен коштошо албай жыртык бүтөлүп, заман оңолгондо да көндүм жумушунда кала берген. Ошол күндөрү таң атпай туруп, аты илинген жемин жегиче өзү да бирдеме кайсап, артынан сүзмө кошулган ачкылдан бир аяк жутуп алып, анан колхоздун кеңсесинин алдында ар ишке даяр турар эле. Ушул жерден чарбанын кыбыр эткен жаңылыгын биринчи билип, тийиштүү адамга жеткириш үчүн айылдын туш тарабына куштай сызуучу.

«Райондон келишиптир, мал санак жүрөт экен, башкарма тез келсин дейт», деп таң заарда зоотехниктин терезесин камчы менен такылдатат.

«Бригадир айтты, сууну жогорку алышка салсын дейт, өзүбектер келиптир, бүгүндөн баштап бакчаны айланта дубал согот экен», деп көк башыны шаштырып кайтат.

Ал, корукка кирип кеткен малды көргөндө каракөк тарта жини келип, эч ким жок ээн талаада уят аралаштыра моокум кандыра сөгүнүп-сөгүнүп алып, кыйкырган бойдон чычактатып кууп чыгар эле. Кээде жини катуу келгенде түз эле чоң сарайга айдап барып камап сала турган. Кечинде музоо-торпогун таппагандар «ай баягы тантыктын эле колунан келди, ошол эле камады» дешип опулдашса да алдына барышканда «Кеке, башкарма аке» деп жатышып, экинчи көздөп алууга кайра-кайра убада беришип, анан барып малын камактан чыгарышып кете турган. Керимбекке да ошол гана керектей, жана түштө мурдуна чыккан ачуусу капкачан тараса да сес көрсөтүп:

— Караш керек да мал дегенди, калкосту ар кимибиз ар жактан талай берсек, баягы Жылкыайдарыптын тушундагыдай бүлүнтүп бүтпөйбүзбү! — деп өкүм бак-бак этет.

Кызык, ал ушинтип жаны тынбай чапкылап жүргөндө атайын болбосо да, көкүрөгүнүн тээ бир тереңинде өзүн калдайган чоң айылдын камын ойлогон, чарбанын жумушун жеке жүргүзүп жаткандай, ансыз эч иш бүтпөчүдөй сезилип кетүүчү. Ушул сезим канатына канат кошуп алгырлантып, жашоосун көңүлдүү кылып салчу. Анын үстүнө айылдын кары-жашы дебей аны кай жерден көрүшпөсүн жарым жан экенин сездирбей аярлашып, «оо өзүбүздүн башкарма турбайбы» — дешип, атын алып же атказып коюша турган. Керимбек бул сый урматтын артынан эч нерсе издебей адал эмгегине жооп кылып кабыл алчу.

«Башкарма» атыкканынын да себеби бар. Кеңсе алдында беш-алты кишинин башы кошулуп чарбанын тигил, бул иши тууралуу кеп жүрүп, анан сөз ыңгайы чоңдорго оогондо Керимбек адатынча жаш баладай капарсыз каткырып:

- Ой, башкарма-башкарма дейсиңер, мына анык башкарма мен эмесминби, ушу колум менен канчасын тосуп, канчасын узаттым. Жүрө-жүрө баары алмашты, жалгыз эле өзүм келатам го! — деп качантан берки башкармалардын ысмын санай кетчү. Эл да ичинде кылайып аласы жок бу агедил кишинин көңүлүн улай:

- Ырас эле сен башкарма эмей ким башкарма. Болгондо да түбөлүк түшпөс башкарманын өзү эмессиңби,— дешип, ичтери жылып, көздөрү жайнап эркелете карашчу. Ушу адам чейрек кылым ашуун өмүрүн жалаң чабармандык менеп өткөрүп, жашоосу түк да өзгөрбөй ушул нугунда ага берчүдөй туюк ишенимде калган шекилди. Мындан эки айча мурда колхоз жетекчилери атайын чакан жыйын жасап, ага эстелик саат беришип эс алууга узатышканда да минтип кабыргасы кайышып, өткөн күндөрүн сагынаарын сезген эмес. Сагынганда эмне, эми чарба да башка эле, көп үйгө телефон орноп, башкарманын мингени сур коёндой машина болуп калган... Керимбек анын баарын кайдан ойлосун, тек «эл катары бенсияга чыгат деген ушул тура» деп жөнөкөй бир ойлогон. Анан бат эле кызыгы тарап, акыры жаңы турмушуна көнө албай оордоп калды...

Бүгүн ошентип чайналган турмушуна кошул-ташыл кылып колхоз Буурулду алмай болду. Жандай Буурулун! Керимбек эртедир кечтир ушундай болорун сезген. «Акыры калкос малы го». Бирок анда өткөн күндөрүн мынчалык сагынып кусаланарын билген эмес тура. Буурулдан ажыраары анча жан кейиткен эмес эле. Эми минтип күтүүсүздөн алмак болушканында ушунун өзү аны кечээтен бери чөктүрүп, жүдөтүп салды. Ар түркүн ойго кетти. Канткенде алып кала алат. Канткенде? Ордуна саап отурган уюн алгыла деп айтып көрсөбү. Макул болушабы? Болгон күндө да катыны өлүп берет ко. Баса, колхозго да уй эмес мингич керек тура. Башка көлүк эмне, түгөнүп калыптырбы? Бардыр. Тек колхоз иши кыйгас кычап турганда унаалар да бекер эмеси белгилүү. Керимбектин Буурулу болсо жал куйругу жылтылдап бош. Анын көз алдына башкарманын түштөгү элеси тартылды.

- Керимбек,— деп ал кечээги эле чабарманына салмак менен сөз баштаган,— атайын өзүм сүйлөшөйүн дедим. Кум-Булуңдагы эгинди билесиң. Сугаты кыйгач жетилиптир. Убакытты өткөрүп ийсек ала жаздан берки мээнет бошко кетет. Жол алыс. Сугатчылардын бирине ат керек экен. Ошого Буурулуңду ылайык көрүшүптүр. Багып минип тургула деген элек дешет, эми шарт кайра ушундай болуп турат да...

Керимбекке бул сөз башка чапкандай тийген. Көңүлүндө башканы болжоп кирсе керек.

- Мейли, шартка жараша болобуз да,— тамагын бир ачуу зил сыдырып, ордунан туруп сыртка бурулган. Каалганын туткасын кармай бир аз аяңдай калып: - Эртең Бейшенбектен жетелетип ием,— бардык өктөсүн бир дем менен чыгарып имерилип кеткен...

Мына эми, кадыр түн тосуп уктабай чакчайып жатат. Ой-санаа менен алпурушуп жатып кантип көзү илинип кеткенин сезбей калды. Ойгонсо терезедеги тоолор караңгыны сыйрып бүдөмүктөй баштаптыр. Баары жымжырт уйкуда. Ал капталына оодарылып кайрадан көзүн жумду. Уктай албады. Анан эсине бир нерсе түшкөндөй жууркандын четинен суурулуп чыкты. Көйнөк, дамбалы буластап дабышсыз кийине баштады. Жыгач бутун аяр таштап сыртка чыкты. Асман агышына тартып, жылдыздар бүдөмүк чөгө баштаптыр. Жымжырттыкты желдин жеңил шуулдагы бузуп, эрмендин кермек жытын алып келет. Ал тамдын боорунан ноктону алып короону айланды. Адамдын дабышын туюп тигинден жылкы окуранды. “Буурул”, Керимбек аны кылт эткенинен жазбай тааныйт ко! Ошондо кадамдады. Көп өтпөй бири этек-жеңин жыттагылап, бири жал куйругун сылап эшиктин алдында кош караан турду. Керимбек Буурулдун көкүлүн жыттады. Кулак түбүн, жазы соорусун кашыды. Көзгө илинер-илинбес көгүш учкун жылт-жулт жанды. Алар акыркы үмүттөй бүлбүл шоолалуу эле. Анан асмандагы жылдыздай бул оттор да улам алсыз жанып, акыры билинбей калды. Таң аппак атты.

Керимбек аш-тойго токунчу ээрин алып чыгып шашпай асемдеп токуду да жем асып, кайра ичкери кирип аялын ойготту. Аялы уй саап болгуча Буурул жемин жеди. Мурда бир уйду эмне, бадага ким болсун айдай кете турган. Бу жолу Керимбек өзү айдады. Жолдон элдикин кошуп алды. Сыртынан уй айдап баратат дегидей. Чынында Керимбек кайрадан өткөнүнө оролуп, Буурулу менен коштошуп бараткан...

Ал башынан атты жакшы мине турган. Кандай ат минсе да бат эле чөйчөк байлап, эттенип калуучу. Айыл ичинде бирде жакшылык, бирде жамандык дегендей, андайда малы алыстагылар зарылып бригадирге кеңеш салып, ордуна бээ же жараган ат бермек болушуп, Керимбектин атын сурашчу. Минип жүргөн малына чыны ичи ачышса да уруксат болгон соң мындай иште кыйыктанчу эмес. Дароо жүгөнүн шыпырып алчу. Ошентип, үч курдай ат которгон соң ага ушу Буурул туш келген. Анда жаңыдан кунан. Жеңил жүрүшү бар, үстү жайлуу элпек мал адегенде эле Керимбекке жагып калган. Буурул да ээсинин ыгын алып, кичинекей ыкыс бергенинен көңүлдөгүсүн сезчү. Киши жокто жалгыз мине албай жол четиндеги ташка тартабы же арыктын кырынабы, ал ээсин аяп жаткансып ыңгайлуу турчу. Талаада жүргөндө Керимбек аны тушабай бош коё турган. Аттанаар маалында башындагы тер сиңген калпагын алып, «боболоп» койгонунда, жаныбар, бош үзөңгүлөрүн шыңгырата чайпап басып келчү. Мындай ээн талаада сыр бөлүшөр, сөз угаар жалгыз ушул болуп, Керимбек анын жал-куйругуна илээшкен уйгактарды тазалагыча өткөн-кеткендерден кобурап жеңилденип алчу. Учурунда Буурулду да союшка сурагандар болду, айыл активдеринин бирээри көз артып, өзүнө бекитип мингиси келди. Бирок Керимбек бирине да таш мылтыктай мелтейип жибиген жок. Алып калуунун айласын кылып эчен курдай атайын колуна жем түшүрүп да аксатты. Кайра күнөөсүз байкушту аяп, ичинен сыздап азап чекти. Талашкандардан башын ачып бер деп башкармага чейин кирди. Акыры Буурул өзүндө калган.

Мына эми ошол жандай көргөн Буурулу менен коштошуучу мезгили да жетиптир. Керимбек ушул тапта мурда байкоос албаган бир чындыкты, дегеле турмуш дегениң бүт баары менен акырындап коштошуудан турарын терең аңдады. Ойлору менен алпурушуп, чоң көчөнүн аягына чыкты. Андан ары бадачыга жардамдашып, жайыла баскан уйларды төш таягыча айдашып коюп кайра тартты. Тигинде мелмилдеген талаа жатат. Анда Буурул кез-кез беденин башын кыртылдатып үзүп, ал учу-кыйры билинбеген узак сапарда бараткандай жай бастырып кете берүүчү. Сапары түк да карыбастай эле. Адам жалгыздыкта, сапар жолдо өткөн өмүрүн ойлойт. Керимбек да ошентчү, кылчайып артта калган күндөрүнө серп салчу... Ал эзели доош салып ырдабаса да мындайда кез-кез көмөкөйүнөн күңгүрөп койчу.

Ушунда кишиде жок бир обон бирде буркулдаган көөдөнүнө жутулуп, дымы чыкпай жоголуп, о кайра бир оокумда эле капыс калкып чыкчу, ыргагы да, ыры да билинбеген бирдемени ушинтип коңгурап эргий кетчү. Сыягы, кандай өтсө да өмүр дегениң бир түрмөк ырдай кыска, асемдүү белем. Аны эстеген сайын адам эрксизден безенген жүрөк кайрыгынын туткунунда калат белем. Анын ошол адамга ачылбас, айтылбас жан сырын термеп, баарына күбө болуп ушул Буурул жаныбар жан жолдоштой бирге эле. Эми ошондо түгөнөрү ойго келбеген узун жолдун учуна чыгып калыптыр. Колунан кеткени Буурулду бирөө өзүндөй кастарлап мине алмакпы, анын да сапары карыганы ушулдур...

Керимбек талаасы менен, алдындагы аты менен коштошуп, далысын уркуйтуп, жай бастырып үйүнө баратты. Бир кездегидей элестерин коштоп көкүрөгүнөн абан да жанган жок, өчкөн шамдай жүрөгүн ачуу түтүн ачыштырып, ачуу түтүн көздөрүн жаштап, түтөп бара жатты...

Ал ушул учурда мурда анча таназар албаган дагы бир чындыктын тереңин сезди. «Бергендин алганы, толгондун төгүлгөнү турулуу туруптур да... Баары тең туура, жөнөкөй, калыс. Ушундай болууга тийиш экен да. Мейли»...

Ал көрүнбөгөн кимдир-бирөөгө макулдугун берип жаткандай өзүнчө күбүрөп, бүт баарына моюн сунуп баратты.

Үйүнө жакындаганда кайратын боюна жыйды, токтоо тартты. Жетээри менен атын жайдактап, аса байлап ичкери кирди.

- Атты байлап койдум, бригадирге жетелей бар баратканыңда,- чайга отурган Бейшенбекке кайдыгер сөз узатты. Бир нерсени эстегендей капталдарын сыйпалап кайра сыртка чыкты. Буурулдун жайкалган жалынан, төгүлгөн куйругунан кичине тутам кыркып алды: - Ыйык элең жаныбарым, бу короого келген мал сенин жолоюңду жолдосун...

Керимбек Буурулду башынан аягына чейин дагы бир сыдыра карады, үйгө кирип ошол бойдон чыкпады.

- А макул де, болгону ушул де,— деп койду терезеден дүпүлдөп өтө берген дабышты узата, бирөөнү табалагандай.

Тамакка табити чаппады. Аялы жумушка, балдары да жумушка, кичирээктери мектепке кетишкен. Үй жымжырт. Ал ушул жүрөк кыскан тынчтыкта өзүнүн абыдан чарчаганын сезди. Эми эч нерсени ойлобоско тырышты. Боюн таштап жибергенге өткөнү көз алдынан тек жансыз сүрөт болуп чубады. Бир оокумда кош жаздыкты колтугуна баскан калыбында уктап кетти. Балдары окуудан келип бака-шака түшкөндө ойгонду. Сыртка чыкты.

О дүйнө! Ошондо ал адегенде эле эмнени көрдү дебейсиңби? Буурулду! Кадимки өзүнүн Буурулун! Ал тигил арыктын кырындагы жашаңда бийик-бийик көрүнүп, булутка жанашып, булутка биригип бараткансып, адаттагыдай ээн-жайкын оттоп турган эле. Керимбек сүйүнгөнүнөн таягын унутуп таштап, төкүрөңдөп, кыймылдары ыргаксыз, колу-буту ар башка шалактап, өзү жеткиче Буурулу көздөн кайым болуп кетчүдөй андан көзүн албай чекчейип шашып жөнөдү.

- Жаныбарым, жаныбарым!..

Ал азыр канчалык күлкүлүү болсо, ошончолук бактылуу эле. Буурулга жетээри менен мойнун бек кучактап көздөрүн жумду. Жылкынын тааныш жыты «бур-р» деп каңылжаарын өрдөп көтөрүлдү.

- Жаныбарым, качып келдиңби?!. Качып келдиңби?!. Азыр эле башкармага барам. Чабармандыкты, корукчулугумду кайтып бергиле дейм. Сени эми эч ким албайт.

Керимбек ушул тапта бактылуу эле. Өзү азапка эле жаралган адам эместигин, ага канаатташкан улуу бакыт качан да болсо кайрыларын небак билгендей туюлуп жатты ага...

Бирок ал азыр Буурулдун качып келбегенин, атасын кыйбаган уулу бригадирден суранып жатып өзү сугатка чектелгенин, мингичке ушул Буурулду алганын, мунун баары барып-келип эле жаш баладай болуп кеткен атасын аттан көндүрүп, көндүрүп ажыратмакчы болгон анын да бир түтпөгөн, айыпсыз балалык ниети экенин али биле элек эле. Ал анан, ушунун баарын уккан соң, жанараак жалындаган сезими шалдая түшүп, баертеңки бүтүмүн көңүлдө дагы бир жол бекемдеп: «Баары туура, калыс, ушундай экен да. Жадегенде Буурул да качып келбептир го...» деп өкүнөөрү, моюн сунаары али алдыда эле.

Анакей, атын жетелеп үйүн карай беттеди. Артында көндүм жашоосу, сырдана чабармандык турмушу калды. Алдында аны али ийите элек, табы жылыта элек, ак-карасы белгисиз, келе элек кербен күндөр созулуп жатты...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз