Өрүктөй төгүлгөн ырлар

  • 04.05.2020
  • 4680

“Алчадияр” ыр жыйнагы 1996-жылы жарык көргөн.  Китепте  Баткен районунун Кара-Булак орто мектебинин ардагер мугалими, айылдагы Элдик музейдин негиздөөчүсү  Сайдакпар Абдыганиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен аймактын айрым айылдарындагы  кат тааныбаган, бирок төгүп ырдаган  таланттуу аксакалдарыбыздын өз оозунан  диктофонго жазылып алынган ырлар  топтоштурулган.  Азыр ойлосом, төгүп ырдаган аксакалдардын акыркы муунунун оозунан жазып алганга  Сайдакпар агайыбыз үлгүрүп калган экен. Сизге миң ырахмат,  агай!

Ырлар тематикага бай:  сүйүү лирикасы, санат ырлары, мекен, эл, жер, кусалык... баары ушунчалык кулакка угумдуу, жанга жагымдуу, көркөм  экендиги менен  өзүнө тартып  турат. Арадан чейрек кылым өтсө да аксакал аталардын  коңур үндөрү али күнчө кулагымдан кеткен жок.

Ырлардын айрым жерлерин оңдоп-түзөп, редакциялап, китеп кылып чыгарууну чечтим. Баса, китептин аталышы тууралуу эки сөз.  “Алчадияр” китепке кирип жаткан  бир ырдын гана аты эмес, оозеки чыгармачылыктагы  санат ырларын жаратуунун бир ыкмасы экенин  түшүндүм, анан “Алчадияр миң болсун” деген тилек менен ушул аталышка токтогон элем.

Алчадияр  бир болор,
Айтса көңүл кир болор.
Алчадияр экидир,
Катта жолдун беркидир.
Алчадияр үч болор,
Атан төө күч болор.
Алчадияр төрт болор,
Амеки тууган урушса,
Ортосунда өрт болор...

Ушинтип  жүз, эки жүз болуп  уланып кете берет. Атайын булактарга таянсак,  “Алчадияр” деген сөз  “алчалуу үй” деп чечмеленип, өтмө мааниси бак-шактуу, берекелүү өрөөндү туюнтат экен. Канча редакциялаган менен жыйнактагы  ырларда авторлордун стили, баткендиктерге мүнөздүү диалект толук сакталды. Анткени бул  бышкан өрүктөй  төгүлгөн ырлар мына ушундай өзгөчөлүктөрү менен бизге баалуу да, жагымдуу да. Алардын айрымдарын “РухЭштин” окурмандарына тартуулайбыз.

Топчугүл ШАЙДУЛЛАЕВА, жазуучу

Жамантай Имар уулу (1906-1993)

КЕЛ ОЙНОЙЛУ, КЕЛИНЧЕК

Кабагыңда карарып,
Кашың тайин мумга окшоп.
Кабыргаңда жылтылдап,
Чачың тайин сымга окшоп.
Эсиргениң кызга окшоп,
Эсимди бирөө алды эде.
Энди ойлосом сизге окшоп.
Улгайганың жашка окшош,
Ышкыңа аваң чыдабай
Манавул дагал аваң
Маска окшош.
Сүдүрөлгөн чачыңа
Сүртүп өтөм көзүмдү.
Сулуулардын ичинде
Сугум кирген өзүңө.
Жалтыраган чачыңа
Жанып өтөм көзүмдү.
Жакшылардын ичинде
Жандап өтөм өзүңө
Биздин айткан жувандар-майин жуван,
Бели ичке, күлкүсү тайин жуван.
Биздин айткан жувандар – сарык жуван,
Саңа ашык болгонум анык жуван.
Бир кыл, бир кыл жувандар
Күлбөй калсын – жин тийгендей.
Бир кыл, бир кыл жувандар осол жуван,
Ашыктыкты билбеген копол жуван.
Ай жүгүрүп чыкканда бетин жуат.
Ак булуттун тагига жетиң жуван.
Күн жүгүрүп чыкканда бетин жуат.
Күндө ырдын тагига жетиң жуван.
Тамагыңа жарашкан акак шуру,
Ак бетиңе жарашкан айдын нуру,
Чапсам атым чаалыгат,
Чакырсам доошум кардыгат.
Алтовуң кызыл, бириң ак,
Адамды кылдың мынча дак.
Жетөүң кызыл, бириң ак,
Жеткизбей кылдың мынча дак.
Алтындан жүздүк бурмалы,
Айнектей бетиң сурмалы.
Айдаркен, Кошкен жолуңдан
Айнегиң түшпөйт колуңдан.
Ичиркентип, муздаткан
Жайлоонун суук шамалы.
Көп күйгүзүп сыздаткан
Торгойдун тоорун тил буват.
Булбулдан мукам үн чыгат.
Булбул конбос майда шак,
Мукамыңа болдум дак.
Каламы көйнөк, сер жака,
Карап койсоң бер жакка.
Кызыл көйнөк, сер жака,
Кылчайып койсоң бер жакка.
Түндөлөрү түйшөлүп,
Түн уйкумду беш бөлүп,
Завын болдуң уйкума.
Урматтаймын, сактаймын
Увада берсең кайтайын.
Уваданы бербесең
Үч күнам  болсо  жатайын.
Кокондун жолун кастарлап,
Колумда нарым болбоду.
Кол кармашып ойноорго
Сиздей жарым болбоду.
Какак уруп карсылдап,
Күлкүсү саңа окшобойт.
Астари кийсе жарашкан,
Жүрүшү саңа окшобойт.
Колуң менен суу берсең,
Жутуп алсам дейт эдем.
Оң колуңдан кармап бир,
Тутуп алсам дейт эдем.
Бүгүн кечке  кел дедиң,
Кирип бардым кыңайлап,
Жакамды кармап кудайлап.
Увадавиз жалганбы?
Ай келип уктап калганбы?
Кайненең билип алат деп,
Аста таштап эшикти,
Азиз укаң ойгонду.
Мен тербеттим бешикти,
Шылдырың чачпак шылдырың,
Бешикти нараак жылдырың.
Шынаарлашып жатайлык,
Сынаган гапти айтайик.
Отузга кирбей кайтыпсың,
Кыямат жолу тар бекен?
Кыйновудан сен корксоң,
Кучактап жаткын койнуңа,
Кыйнову менин мойнума.
Кызыл оттун жанида
Кыйновду тартсам майли да.
Ак чылбыр салсаң мойнума,
Ашыглыктын дардидан,
Авакта жатсам майлига.
Көгөрүп жаткан көк болот,
Көлдөлөң учуп от конот.
Көңүлүн болсо жарайна,
Көргөнүнө саз болот.
Агарып жаткан ак түнгө
Айланып учуп газ конот.
Акылың болсо жарайна,
Алганыма саз болот.
Көгөргөн сенин дарагың,
Көргөндө аваң мас болот.
Көзүңдө барбы карагың?
Бозоргон сенин дарагың,
Боздосо аваң мас болот.
Боюңда барбы арагың?
Ашык болдум армансыз,
Жүрө албадым гоогасыз.
Козубектин коргошун
Талашууга ай келиң.
Куштар болдум көзүңдүн
Карасыга ай келин.
Арка чачың бултаңдап,
Ашыгыңдан оролгон.
Азалтан бери ойнобой,
Асти өмүр корогон.
Желке чачиң бултаңдап,
Балтырыңдан оролгон.
Байыртан бери ойнобой,
Бар өмүрүң корогон.
Оромолуң  дурия,
Ойнобосоң, күлбөсөң,
Кандай өтөт дуния?
Ойносоң, күлсөң дооруң,
Ойнобосоң, күлбөсөң,
Өтүп кетет өмүрүң.
Ак зовдон учкан  бокторго
Ак өмүрдү өткөрбө.
Көк зовдон учкан бокторго
Көп эле өмүр өткөрбө.
Ак зовдон учкан деңилчек,
Азыр ойно келинчек.
Көк зовдон учкан деңилчек,
Кел ойнойлу, келинчек.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз