Мээрим Көлбаева: Айтыш өнөрүнүн табияты – 2

  • 02.12.2020
  • 5545

<<<<<< 1-бөлүк

Эволюция, жанр, поэтика

1. 2. Айтыштын жанрдык белгилери, жалпылык жана жекелик мүнөзү

Ырчылык поэзия – дүйнө элдеринин көбүнүн көркөм дүйнөсүндө жаралып, бүгүнкү күнгө чейин өз өмүрүн улап келе жаткан өнөр. Пайда болушу элдик оозеки чыгармачылыктын кыртышынан азык алып, көп кылымдар бою элдүүлүк мүнөздүү болуп жашап келди.  Ал мезгилдин, доордун алмашышы менен жекелик мүнөз күтүп, жазма адабияттын жаралышын шарттады.  Узак мезгилүү өнүгүшүндө өзүнө ылайык өзгөчөлүктөрдү калыптандырып, жалпы адамзаттык проблемаларга кайрылуу менен кыргыз улутуна тиешелүү дүйнө таанымдык элементтерин калыптандыра алды.

Ырчылар чыгармачылыгы өз алдынча спецификалык өзгөчөлүктөрү бар адабий көркөм процесстеги этап катары бир катар элементтерден турат.  Алардын биринчиси, ырчылар чыгармачылыгынын элдик чыгармачылык менен болгон бекем байланышы жана ага мүнөздүү образдарды, мүнөздөрдү кайрадан иштеп чыгуу.  Элдик оозеки чыгармачылык менен ырчылардын чыгармачылыгынын тыгыз байланышы жогортон белгилегендей, биринин жаралышы үчүн экинчисинин негизги булак болуп берген табигый түрдөгү эволюциялык өсүшүнөн көрүнөт.  Бул процессте көркөм чыгармачылыктын бир формадан экинчи бир формага өтүшүндө бир канча маселелер алдыга чыгат.  Мисалы, оозеки чыгармачылыктагы калыптанган салтты кабыл алуу жана аны андан ары тереңдетүү, оозеки чыгармачылыкка мүнөздүү образдарды кайрадан иштеп чыгуу жаңы формаларды жаратуу жана аны мазмундук, идеялык, тематикалык жактан жаңылоо.  Ушул өңдүү өсүп-өнүгүү жолундагы маселелерди талдоого алуудан мурун фольклор менен ырчылык өнөрдүн карым катышын талдоо маселеси келип чыгат.

Ырчылык өнөр «…элдик оозеки чыгармачылыкты өнөр жагынан да, тарыхый-хронологиялык жактан да, логикалык-ырааттуулук жагынан андан ары (бери) улантып кеткен, толуктап, өрчүтүп-өркүндөтүп турган өзүнчө бир салаа, көркөм-эстетикалык феномен» [117, 3] болгону менен оозеки чыгармачылыктан бир топ айырмалуу экенин көрүүгө болот. Адабий процессте жазма адабияттагы фольклордун таасирин талдоого алууда анын акындар чыгармачылыгына тийгизген таасирин талдабай аттап кетүүгө болбойт.  Себеби, фольклор ырчылар чыгармачылыгынын жаралышына идеялык-эстетикалык, руханий-нравалык жактан булак болуп берсе, ырчылар чыгармачылыгында пайда болуп калыптанган кол жазма адабияты профессионалдуу адабияттын жаралышына негиз болуп берген.  Мына ушул көркөм процесстин удаалаштыгы кыргыз адабиятынын өсүп-өнүгүү тарыхынын жандуу бир “организм” сымал бүтүндүгүн көрсөтүп турат.

Фольклор менен ырчылар поэзиясындагы адабий мурастарынын тематикалык окшоштугу, чыгарманын карапайым эл массасына кызмат кылгандыгы, түшүнүктүү, калкка жакын болгондугу, жалпы журттун максат-мүдөөлөрүнө ортоктошуп келгендиги, калайыкка тарбиялык таасир көрсөтө билгендигин аныктаган элдүүлүк сапаты, фольклордук чыгармалардын да, ырчылар чыгармаларынын да угуучусунун эл экендиги жана ал угуучу чыгарманы аткара ала тургандыгы б. а. чыгарманын эл оозунда ырдалып, варианттуу болушу, фольклордо да акындардын чыгармаларында да эл тумушу негизги материал болуп, калктын жашоо-тиричилигин, элдин тарыхын, үрп-адатын, кызыкчылыктарын чагылдырылган турмуштук мазмун жагынан, эл тарабынан түзүлүп, кайра эл үчүн жаралган социалдык табияты жагынан жалпылыктарга ээ болгону менен ар биринин өзүнө тийиштүү өзгөчөлүктөрүн да байкоого болот.

Фольклор башатында оозеки жаралып, эл оозунда биринен экинчисине көчүп, варианттуулук мүнөздүү болсо, акындар чыгармачылыгы аны жараткан автордун ысымы (аңыз, уламыш түрүндө болсо дагы – М. К.) менен бирге айтылган.  Фольклор да, ырчылар чыгармачылыгы да сөз искусствосу.  Турмушту сүрөттөөдө, коомдук идеяларды, моралдык-эстетикалык ченемдерди, адам жана анын руханий дүйнөсүн чагылдыруудагы негизги каражаты тил болуп эсептелет.  Фольклордо көркөм чыгармачылык эл тарабынан жаратылып, элге арналса, ырчылар поэзиясында чыгармачылык бир акындын ысмы менен аталып, жекелик (индивидуалдуулук) мүнөздүү.

Акындар чыгармачылыгын фольклордон бөлүп, адабиятка жакындаштырып турган касиет, өзгөчөлүк мына ушунда.  Бул маселе тууралуу адабиятчы С. Искендерова буларга токтолот: «…XIX кылымдын экинчи жарымында XX кылымдын башында араб тамгасын кыргыз тилине ылайыкташтырып пайдалануунун негизинде пайда болгон кол жазма адабияты менен фольклордун карым-катышы өз ара жанданат.  Бул карым-катыш мүнөзү жана мазмуну боюнча жаңы сапаттык баскычка көтөрүлөт.  Фольклордон түздөн-түз бөлүнүп чыккан жазгыч акындардын индивидуалдуу чыгармачылыгы башталат” [59, 257].

Кол жазма адабиятынын башатында фольклор турары айныгыс чындык.  Бирок жазма адабияттын жаралышынан мурун импровизациялык өнөрдү аздектеп, эл арасында оозеки жашап, аты легенда түрүндө болсо дагы сакталган ырчылардын көркөм мурасы чыгармачылыктагы индивидуалдык башталыштын башаты экенин эсибизден чыгаруу туура эмес.  Бул тууралуу жазгыч акындардын чыгармачылыгын талдоого алган К. Койлубаевдин “замана агымындагы чыгармалар алгач оозеки түрдө өнүгүп, көркөм-адабий казынабызга “Зар заман”, “Хал заман” өңдүү чыгармаларды кошту.  Кийинчерээк бул багыт андан ары жазуу түрүндө өнүктү” [68, 34] - деген пикири акындардын оозеки жаралган чыгармаларында да жекелик белгилер бар экенин ырастап турат.

Фольклордук чыгармалардагы тема, чагылдырылган турмуштук мазмун, сюжет элге арналып, сүрөттөлгөн каармандар элдик мүнөздөрдүн сапатына канган образдар болсо, ырчылардын чыгармаларында дүйнө, өмүр, жаш, карылык, табият өңдүү түбөлүктүү темаларга карата акындардын жеке көз-караштары, толгонуулары, тилеги чагылдырылат.  Бул ырчылык өнөрдөгү чыгармалардын мазмуну ар тараптуу келип, автордун жекече (индивидуалдык) көз караштары чагылдырылганынан кабар берет.

Фольклордун идеялык маңызы, социалдык табияты, турмуштук мазмуну тарыхый өсүп-өнүгүүгө карата өзгөрүлүп турат.  Ал эми ырчылардын чыгармалары канча мезгил алмашпасын өзү жашаган доордун мүнөзүн чагылдырып, ал меселеге карата ар бир акындын жекече көз-карашын көрсөтөт.  Айталы, акындардын замана тууралуу чыгармаларында алар адам катары өз заманына карата жеке көз караштары, ой туюмдары чагылдырылат:

“Акыр заман адамы 
Алым болот.  
Аяттын сөзүн бек тутпай,
Залым болот” (Калыгул) 

---------------------------------- 

Бу заманың кай заман, ой журтум? 
Капкандай чапты белиңди,
Сурап алды жашыңды,
Каттап алды башыңды.  
“Ыстарик” – деп карыңды,
Эсепке алды баарыңды.  
Ушул заман тар заман,
Азуулуга бар заман.  
Бечарага зар заман.  (Арстанбек) 

----------------------------------- 

Эшектин баасы тулпардан,
Ашып калган замана,
Короздун наркы шумкарды
Басып калган замана,
Кыздан жигит уялып,
Качып калган замана.  (Жеңишбек Жумакадыр) ж. б.

Фольклорго мүнөздүү спецификалык бөтөнчөлүк салттуулук жана импровизациядан көрүнөт.  Ал эми ырчылар чыгармачылыгы кыргыз адабий процессинде өзүнчө чыгармачылык этап катары фольклордун салттарын андан ары тереңдетип, байытып жүрүп олтурат.  Айталы, кыргыз элинин көөнөрбөс мурасы болгон “Манас” эпосу баш болгон бир нече кенже эпостору, тарыхый ырлары, кошок, арман, эмгек ырлары, каада-салт ырлары ж. б.  мына ушул импровизациянын жемиши. Ал эми ырчылар чыгармачылыгында импровизация көркөм чыгармачылык ыкма катары кабыл алынып, анын бийик чеги болгон айтышка чейин өскөн жанрдык белгилерди өзүнө алат.  

Ошол эле учурда өзүнүн бекем салттарына ээ болушу (мисалы, айтышта, өнөктөштөрдүн биринин оюн экинчиси улап, ал тургай тилдик, стилдик бөтөнчөлүктөрүн андан ары тереңдетип, толук сактоого болгон аракети) индивидуалдуулукка умтулуунун бир белгиси катары кароого болот.  Ошентип, чыгармачылыктын белгилүү ыкмасы катары импровизация ырчылар поэзиясында уланып, жаңы салттар менен байыды.  Алгачкы башатында “эл ичинде турмуштук түрдүү нерселерге карай аткарылып, адатка жана салтка айланып, айрым адамдар чыгарса да, укумдан-тукумга өтүп, бара-бара көпчүлүккө таандык болуу менен катар, коллективдин чыгармасына айланып кеткен” [82, 213] адат-салт айтыштары, убакыттын өтүшү менен акындар айтышына жол берди.

Ырчылар чыгармачылыгындагы импровизацияны фольлорист Р. З. Кыдырбаева идеялык-тематикалык бөтөнчөлүктөрүнө карай эки топко бөлүп карайт.  Биринчи, “саясий маанидеги насыят, санат ырларынын авторлоруна мүнөздүү болгон нускоо түрүндөгү импровизация”, экинчи, “аш, тойлордо күрөшкө чыккан балбандарды, жарышка салынган күлүктөрдү мактап ырдаган, ар түрдүү тамашалар жөнүндө жар салып ырдаган жамак түрүндөгү импровизация” [75, 188] – деп бөлүштүрөт.  Мындан сырткары, импровизациялык шык кээде профессионал жазуучу акындарда да боло турганын, аны акындар жазма формада өнүктүргөнүн белгилейт.  Демек, акындар чыгармачылыгында фольклордо калыптанган жамакташтырып ырдоонун ыкмасы импровизациянын бийик чеги болгон акындар айтышынын жаралышына өбөлгө болгону ачык көрүнөт.

Айтыш – импровизациялык өнөрдүн бийик чегин көрсөтүп, публика менен түз байланышта аткарылып, өзүнө тиешелүү мазмун жана формалык өзгөчөлүктөргө ээ болгон оозеки чыгармачылыктагы жанр.  “Айтыш” деген атоону казак-кыргыз элдеринин фольклорун изилдеген окумуштуу М. Ауэзов: “айтысу, тартысу, дауласу, немесе жарысу, сынасу мағынасында колданылады” [16, 13] деп белгилесе, Ж. Таштемиров: “айтыш” деген сөздүн төркүнү “айт” деген буйрук этиштен келип чыкканы талашсыз.  Кадыресе учурларда бир адам экинчи жактагыга “айтыш” деген буйрукту берип калат.  Эгер алгачкы башталышында кош буйрук этиштин маанисинде айтылып келсе, акыры оозеки эл чыгармачылыгынын бир түрүнүн түшүнүгүн - айтыш ырлары туюндуруп калган” [115, 5] – деп белгилейт.  Чындыгында “айт”, “төк”, “ак” деген өңдүү буйрук этиштердин семантикалык маанилерине ылайык ырчылык өнөрдөгү “айтыш”, “төкмө”, “акын” деген сөздөрдүн тилдеги лексиканын ички баюу жолдоруна ылайык жаралганын көрөбүз.  Ал акырындык менен лексикалык мааниден элдик оозеки чыгармачылыктын бир жанрынына тоо маанисине чейин жеткен.

Айтыш – кыргыз элинин тээ байыркы замандарда калыптанган оозеки адабиятынан башат алып, XIX кылымдын экинчи жарымы XX кылымдын башында өнүгүүнүн бийик деңгээлине көтөрүлүп, жанрдык белгилерин толук калыптандырып, бүгүнкү күнгө чейин өсүп-өнүгүп, азыр дагы калктын сүймөнчүк өнөрүнө айланып жашап жаткан элдик чыгармачылык.

Айтыш - фольклорго тиешелүү белгилерди өзүнө сиңирип, көркөм адабий процессте профессионалдуулуктун башатында турган өзгөчө феномен.  Анын өсүп өнүгүү жолуна көз чаптырганыбызда фольклордук салттар ошондой эле профессионалдуулуктун белгилери бирдей өнүккөнүн көрүүгө болот.  Мындан улам айтыш фольклордук туундубу же индивидуалдуу чыгармачылыкпы деген суроо чыгат.  

Айтыштар өзгөчө адат-салт айтыштары калк турмушунан алынып, эл массасына кызмат кылып, жалпы журттун максат, мүдөөлөрүн, маданиятын, үрп-адатын, таалим-тарбиялык белгилерин ачып көрсөтүп, элдин кызыкчылыктарын чагылдырган элдүүлүк мүнөзгө ээ.  Андагы негизги каармандар элдин өзү.  Башкача айтканда, айтыштын негизги объектиси карапайым эл жана анын турмушу.  Ошол эле учурда айтыштар оозеки жаралып, ооздон-оозго өтүп, эл арасында оозеки жашап, эл массасы өзү жараткандыгында.  Мисалы, “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”, “кыз жигиттин айтышы” ж. б.  

Адат салт айтыштары алгачкы башатында жамаат менен аткарылып, кийинкилеринин автору белгилүү болсо дагы эл арасындаоозеки жашап, улам биринен экинчисине көчүп, алымча-кошумчалар менен толукталып жамааттын жалпы белгилерин өзүндө калыптандырган.  Айталы, байыркы мезгилдерде үлпөттөрдө ырдалуучу “Сармерден”, “Жар-жарды” жылкычылар, үйлөнүү тоюндагы жаштар жаратканы менен жалпы жамааттын аткаруусундагы чыгармалар болгон.  Ал эми кийинки эле эл арасында уламыш катары тарап бизге жеткен Бука ырчынын Айгандун уулу Жучинин өлгөнүн угузганы тууралуу легенда.  Андагы Бука ырчы менен Айгандын айтышы, “Талым кыз менен Көбөктүн айышы” жомок, легенда түрүндө эл арасында жашап, жамааттык белгилерин өзүнө сиңирген айтыштар. Айтыш ырларынын баштапкы үлгүлөрүндө туруктуу текст жок. Бир эле айтыштын жаралуу мезгили, орду, аткаруучусу жагынан арбашка маалыматтарды табууга болот.  Башкача айтканда, айтыштардын жаралышынын эл арасында уламыш, легендага айланып кетиши. Ошондой эле чыгарманын негизги мазмуну сакталганы менен мотивдер, сүрөттөөлөр, ойду берүү ыгы алмашып, варианттуу келет. Айтыш төкмөлүктүн бийик үлгүсү болгондуктан ырчылар кез келген жерде ырдап, айтып коё беришкен.  Ал улам ооздон-оозго өтүп, варианттуу болуп кетет.  Мисалы, адат-салт айтыштарынан тартып ырчылардын айтыштарына (Арстанбек менен Картаңбайдын айтышы, Токтогул менен Эшмамбеттин айтышы, Жеңижок менен Эсенамандын айтышы ж. б.) чейин варианттуу экенин көрөбүз.  Демек, айтыш толук түрүндө оозеки чыгармачылыктын касиет, белгилерин өз боюна сиңирген жанр.

Айтыш - төкмөлүктүн салттарына каныккан салттуу өнөр.  Өз кезинде саламдашуу, табышмактатып суроо салуу, сүрөп ырдоо, улууга жол берүү, чыгармасын аспап менен коштоо, чыгармачылык такшалууда устат күтүү, шакирт тарбиялоо ж. б. у. с.  салттуулуктарды калыптандырды.  “Салттуулук – мейли жанрдык кубулуш болсун, мейли идеялык-тематикалык чөйрөдө болсун - бул жалпы эле фольклорго мүнөздүү касиет, сапат экени белгилүү” [138, 5-31].  Ал айтыштын көркөмдүк өзгөчөлүктөрүнөн, салттуу поэтикалык формулаларды, уйкаштыкты колдонуудан, биринин оюн экинчиси улоодон ачык көрүнөт.  Бул салтуулуктар кайсы мезгил болбосун биринен экинчисине, бир варианттан экинчи вариантка өтүп жүрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.  

Айтыш эч кандай даярдыксыз, кандай жагдай шарт болбосун төгүп ырдоого ылайыкташылган элдик поэзиянын оозеки түрү.  Анда алдын ала даярдык көрүү, план түзүү, оңдоо, редакциялоо сыяктуу процесстер жүргүзүлбөйт.  Кандай абалда ырдалса ошол боюнча элге тартууланат.

Айтыштар кандайдыр бир нерсени же көрүнүштү образдуу түрдө сыпаттап көрсөтүү үчүн колдонулган көркөм каражаттарга ээ.  Анда туруктуу эпитеттер, кайталоо, параллелизм, салыштыруу сыяктуу троптун түрлөрү көп колдонулуп, чыгарманын көркөм-эстетикалык өзгөчөлүгүн көтөрүп турат.  Жогоруда санап өткөн айтышка тиешелүү белгилер бул жанрдын фольклордук түр экенин аныктап турат.  Ал эми айтышта фольклор менен катар адабиятка тиешелүү белгилер да калыптанган.  Белгилүү адабиятчы В. Я. Проптун “Фольклор и действительность” (- М. : Наука, 1973.  С. 20) деген эмгегинде адабият менен фольклордун карым-катышы жогорку деңгээлде талдоого алынып, адабияттын бир катар белгилери саналат.  Автор ал эмгегинде адабияттын бир жаралып, өзгөрбөй турган касиетин белгилейт.  Бул өзгөчөлүк XX кылымдын экинчи жарымынан тарта бүгүнкү күнгө чейин жеткен автору белгилүү айтыштардын көбүндө сакталган. Автору белгилүү айтыштарда көрүүчүлөр же угуучулар өзгөрүп турат, мындан сырткары ал көрүүчү чыгармага эч кандай алымча-кошумча киргизе албайт.  Себеби, айтыш өз автору менен коомчулукка тарайт. Мындан улам акындар айтышынын варианттуулук, коллективдүүлүк касиети басаңдап, фольклордук белгилери жоюлат да жекеликке багыталат.

Автору белгилүү айтыштарды коом же эл массасы эмес бир адам, ырчы жаратат.  Бул жагынан айтыштар индивидуалдуу чыгармачылык болуп эсептелет.  Бул тууралуу адабиятчы С. Искендерова: “акындардын индивидуалдуу чыгармачылыгы өзүнүн поэтикалык табияты боюнча оозеки поэзияга абдан жакын турган көрүнүш, тагыраак айтсак, булар кош бирдиктүү процесс, чынын айтканда, көп учурда кайсы чыгарма накта элдики, кайсынысы индивидуалдуу чыгармачылыктын (автору белгисиз болсо) туундусу экендигин аныктоо өтө оорчулук туудурат” [59, 65] – деп кош бирдиктүү процесс экенин белгилеп, аты уламышка айланган Асан Кайгы, Жээренче чечен, Толубай сынчы, Бука ырчы сыяктуу легендарлык ырчыларга шарттуу түрдө “автор” деген түшүнүктү ыйгарып, алардын чыгармачылыгын “фольклордон, элдик оозеки чыгармачылыктан бөлүнүп, жеке чыгармачылыкка өтүү кырдаалында турган” деп белгилеп, этап же чыгармачылыкпы – ачыктабайт.  Мына ушул аспектиден алып караганда жана айтыштын жанр катары белгилерин эске алганда фольклордук поэтикадан башталып, өнүгүп, ошол эле учурда адабияттык элементтери бар адабияттык башталыш экенин байкоого болот.  Айтыштын мындай белгилерин казак окумуштуусу М. Ауэзов да төкмө ырчыларды (импровизаторлорду) фольклордук салт менен жазма же индивидуалдуу поэтикалык маданиятты алып жүрүүчүлөрдүн ортосундагы “фигура” катары мүнөздөйт [17, 121-123].  Мындан башка айтыштын адабият менен жалгашуусун табиятка, жаныбарларга, байланыштуу жаралган “Кубакой менен ээсинин айтышканы”, “Чыйырчык менен таранчы”, “Каракашка менен Осмон”, “Коңур каз менен чолок каз”, “Сары эчки менен ээси” ж. б. у. с.  айтыштардан көрсөк болот.  

Бул айтыштардын өзгөчөлүктөрү туурасында Ж. Таштемиров “... бул айтыштарды кат тааныган адамдар жазуу түрүндө чыгарышкан.  Мындай айтыштар көбүнчө тамсил маанисинде айтылган.  Демек, мындай түрдөгү айтыштарды оозеки эл чыгармачылыгынын бир түрү тамсилдин таасири аркылуу акындар тарабынан пайда болгон айтыштар катары карообуз керек” [115, 21] – десе, казак адабиятчысы Амантай Шарип “мындай түрдөгү айтыштар бул түрдүн нак өзү эмес, акындын чыгармачылык мүдөө-максатына карай аталган жанрдын диалогдук формасын пайдалануусу жана жазма адабият жагдайында айтыштын мазмун-форма жана жанрдык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу – сүрөткердик максат менен көркөмдүк амалдын көрүнүшү” [4, 182] катары баалайт.

Акындар чыгармачылыгындагы жекелик тууралуу адабиятчы К. Асаналиев буларга токтолот.  “.... Импровизациялык поэзиядагы индивидуалдуу көрүнүштөр жөнүндө сөз кылганда бул поэтикалык системанын түпкү тегине байланыштуу касиет-сапаттарды эске алуу керек.  Бул касиет сапаттардын эң башкысы – синкретизм. Синкреттүүлүк эзелтен келаткан оозеки поэзиянын бирден-бир аныктагыч белгиси.  ... жалпы эле элдик чыгармачылыкка мүнөздүү касиет кыргыз фольклорунда ого бетер күчөп, дифференцияланып, мындайча айтканда, жанрлар боюнча жиктелип, жеке чыгармачылыктын өзгөчө бир сапатына айлана баштаган” [138, 5-31]. Демек, кыргыз фольклорундагы салттын канчалык өнүккөнү менен ошончолук даражада жекелик көрүнүштөрдүн пайда болгонун, ошол эле учурда бир канча өнөрлөрдүн бир эле чыгармачыл инсандын таланты менен элге жетишин белгилеп, салттуулук менен жекеликтин гармониялуу диалектикалуу байланышынан оозеки поэзиянын улуттук бөтөнчөлүгү жаралганын белгилейт.  Ал эми адабиятчы А. Турдугулов акындар чыгармачылыгындагы жекелик белгилерди “акындын салттуу поэзияны ырдап жатып, анын тематикасына, мазмунуна, формасына өзүнүн жеке тажрыйбасын, талант дараметин кошуп” [117, 64-71] профессионалдык жактан байытышын белгилейт.  Албетте, акындардын салттуу чыгармачылыкты ырдоо менен ага өздүк чеберчиликти кийирүү менен, “жалпылоочулук, жыйынтыктоочулук, образды легендарлуу жана мифологиялык ыңгайда интерпретациялап, индивидуалдуу “авторду” фольклордук чыгармачылыктан принципиалдуу түрдө айырмалап турары” [59, 262] белгилүү.  Демек, бул чыгармалардан жазма адабияттын мазмун, формалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана жаралган айтыштардын адабиятка жакындашуусун даана көрүүгө болот.

Төкмө ырчылардагы фольклордук салттар менен индивидуалдуу чыгармачылыктын жарыш түрдө, органикалык абалда бирдиктүү жашашынан төкмөлүктүн деңгээли жогорубу же индивидуалдуулук басымдуубу деген суроо чыгышы мүмкүн.  Бул тууралуу С. Искендерова: “акындардын жекече чыгармачылык өркүндөп-өнүгүшү анын талантына жана акындык өнөрдүн туш келген чөйрөнүн деңгээлине жараша болот, б.  а.  акындардын “мектеби” өтө маанилүү. Алар элдик поэзиянын үлгүлөрүн, мисалы, эпикалык же лирикалык жанрдагы чыгармаларды айтканда жекече, өзүнчөлүк деңгээлинин көрүнүшү азыраак болот, мындай учурларда традициялык мотивдер жана көрүнүштөр үстөмдүк кылат.  Ал эми акындар өз алдынча өздүк чыгармаларын жаратып жана аткарып жатканда жекече башталыш күчтүү чыгат” [59, 65] – дейт.  Демек, айтыш өнөрүн ээлеринде жаратуучулук жана аткаруучулуктун жуурулуша берилиши, ырчынын чыгармачылыгынын жекелигин дагы да дааналап көрсөтөт.  Айтыштын мына ушул феноменалдык өзгөчөлүгүнө карап, фольклордун салттарын өз боюна сиңирген, индивидуалдуу башталышка ээ жанр катары мүнөздөөгө болот.  Айтыш сыяктуу эле бүгүнкү күндөгү жар-жар, сармерден, акыйнек, сыяктуу оозеки адабияттын лирикалык түрлөрү, табышмак, макал-ылакап, тамсил, санаттар сыяктуу таалим-тарбиялык туундулар, фольклордук нукта калыптанган элдик поэмалар бүгүнкү күндө дагы жаңы мазмун, жаңы форма менен жаралып жатат.  Бирок алардын баарынын автору белгилүү.  Бул түрдөгү чыгармаларды авторунун белгилүү экенине, аны оозеки эмес жазуу формасында жаралганына карап профессионалдуу адабият дейбизби? Эгер андай десек жазманын жаралышы менен фольклор өз жашоосун токтотту деген жыйынтыкка келишибиз керекпи? Бул суроо азырынча фольклор таануучулар менен, адабият таануучулардын ойлоно турган маселелеринен.

Улуттук көркөм дөөлөттөр кандай узак, татаал мезгил мейкиндигинде стадиялуу түрдө өнүгүп толукталып, калыптанып келсе аны аткаруу, жаратуу, муундан муунга-сактоочулар дагы андан кем эмес түйшүктүү процесстин алкагында талбай изденип, татаал сыноолордон өтүп, акындык өнөрдүн бийик сересине чыга алган.  Акын, ырчы ким? Анын чыгармачылыгы качан башталып, кантип калыптанды, башка өнөр адамдарынан кандай өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат деген сымал суроолор фольклор таануу илиминде көп мезгилден бери талаш-тартыш туудуруп, талдоого алынып келе жатат.  В. В. Радлов:«акын» терминин перс тилиндеги «ахунд» сөзүнөн келгенин айтып, «акын – ырчылардын айтышында жеңип чыккан ырчы» [103, 105, 10] деп белгилеген.  Мында төкмөлүгү такшалган, айтышта жеңиштерге жетип, элдин сынына толгондорун акын деп атап жатса, казак айтыштарынын изилдөөчүлөрүнүн бири С. Муканов акын менен ырчынын айырмасын: «… ақын менен жыршының арасындағы айырма, ақынның негізгі кәсібі өз жанынан тезінен өлең шығару (импровизация), жыршының негізгі кәсібі шығарылған даяр өлеңдерді жаттау» [88, 52] - деп акындарды өз алдынча чыгарма жаратуу мүмкүнчүлүгүнө ээ өнөр адамдары катары сыпаттаса, ырчыларды даяр өлөңдөрдү ырдоо эл алдына аткаруучу катары мүнөздөйт.  Ал эмиМ. Богданова акын менен ырчылардын айырмалары бар экенин белгилеп, бирок алардын негизги объектиси эл турмушу деп чыгармачылыгына бир беткей баа берүү менен эки аталыштын айырмачылыктарын белгилебейт [28, 113].  

Мына ушул сыяктуу талаш-тартыштуу пикирлерди талдай келип адабиятчы Ж. Таштемиров: «акын» деген наам ырчы деген наам сыяктуу, чар жайыт эле атала бербей ырчылык таланты күчтүү, өздөрүнүн чыгаргандарын, же үйрөнүп айткандарынын көлөмү боюнча да, сөзгө бай жана чечендиги боюнча да такшалган, эл арасына кеңири чыккан профессионал ырчыларга гана берилип келген “атак” экенин белгилеп, акын чыгармачылыгы такшалган ырчылардын ырчысы экенин айта келип, «ырчы да, акын да алдын ала даярдык көрбөй, көзү чалган нерсени жана баамдагандарын ошо замат ыр менен баяндаган сөз чеберлери.  Ушул жагынан алып караганда ырчы менен акындын ортосунда кандайдыр белгилүү чек коюу мүмкүн эмес» [104, 16] деген пикирин билдирет.  Бул талаштуу маселенин тарыхын иликтей келип, адабиятчы А. Обозканов акын деген атоого караганда ырчы деген атоонун башаты тээ байыркы мезгилдерде экенин, ал эми «акын» деп атоо XIX кылымдагы акындардын чыгармачылыгында гана жолуга баштаганын белгилеп, музыка таануучу В. Виноградовдун «акын» термини кыргыз турмушуна жаңыдан гана кирген» деген оюна, К. Маликовдун: акындарды кийинчерээк «поэт» маанисинде колдонуп жүрөбүз.  Маселен, жазма акындарды Тоголок Молдо, Ысак Шайбеков, Абылкасым Жутакеевдерди акын дегенибиз туура болор.  Бүгүнкү күндө обондуу ырларды чыгарып, аткаргандарды да «ырчы» деп атап жүрүшөт.  Бул туура эмес, обон чыгаргандарды «обончу», аткаргандарын «аткаруучу» деш керек» деген» пикирлерге анализ жасай келип, «ырчы термини»төкмөлүк өнөрү бар шайырларга, ал эми «акын» термини жазгыч, бүгүнкү профессионал акындарга карата («поэт» маанисинде) гана колдонулганы ылайыктуу» [97, 17] - деген пикирин билдирет.  Ушундай эле ойду адабиятчы О. Сооронов дагы белгилеп: «биздин адабият таануучулар, музыка изилдөөчүлөр ата-бабадан бери айтылып келаткан салтты эске албастан «ырчы» термини менен «акын» терминин чаташтыра пайдалануусунун негизинде төкмө ырчыларыбыз да, профессионал жазма акындарыбыз да «акын» деген бир термин менен аталып, мүжүмөл боюнча калып калды.  

Кол ойното комуз чертип, турган жеринен ырчы күүчүлүгүнө салып жамгырдай төгүп ырдаган Токтогул менен бир да ырын жатка айта албай кагаз бетинен окуган Сүйүмбай Эралиевдин айырмасы жок болуп, «акын» деп бирдей аталып калышты» деп белгилеп өткөн кылымдын 50-жылдарына чейинки өнөр адамдарын ырчылар деп атоо ылайыктуу экенин белгилейт [112, 33]. Демек, бул талдоолорго анализ жасаганыбызда турган жеринен ыр жараткан төкмөлүгү менен айырмаланган адамдарды ырчы же акын деп атоонун мезгилдик жактан айырмачылыгы бар экенин көрүүгө болот, чыгармачыл адамдардын талант даражасын белгилеген атоо экени көрүнөт.  Байыркы замандардан бери эле ырдоону негизги өнөрү катары тутуп, импровизациялык ыкма менен оозеки ыр жаратууну кесип кылган ырчылык байыркы мезгилдерден бери карай жашап келген.  Аны «ырчы» деп атоо дагы байыркы элдик түшүнүктөрдөн.  Ал эми убакыттын өтүшү менен жазманын пайда болушунун натыйжасында «акын» терминин жакынкы тектеш элдерден келип кирген дешке болот. Буга К. К. Юдахиндин «кыргыз менен казактарга «акын» термини уйгурдан кирген болуу керек» - деген пикири, көп жалдар бою ырчылардын чыгармачылыгын иликтөөгө алган адабиятчы Б. Кебекованын: “акын” деген терминдин качан киргендигин так айтуу кыйын.  Айрыкча совет мезгилинде ырчыга караганда акын көбүрөөк колдонулуп, калктын көркөм табитинен, лексикасынан кеңири орун очок алды» деген пикирлерине таянууга болот.  Ушул пикирге эле үндөш Ж. Таштемиров «байыркы түрк тили, анын ичинде кыргыз тилинин өсүш тарыхый процессине көз жүгүртүү менен караганда «акын» деген сөз «агынды» эмес, «аqіn» (акын) делип, («поток, струя») деген маанини берет» [114, 10] - деп белгилейт.  Мындан улам «ырчы» жана «акын» деген эки атоонун чеги мезгилдик жактан ажырымдалып тургандай сезим калтырат.  Эгер андай болгон болсо бүгүнкү күндөгү төкмөлүк менен жазмакерликти бирдей алып жүргөн Элмирбек, Жеңишбек, Аалы, Азамат, Амантай, Идиристерди акын деп атайбызбы же ырчыбы? Бул суроого ой калчоо «акын», «ырчы» аталыштарынын аткарылуу ыгы, мүнөзү менен байланышта каралуусу кажет.  «Ырчы» түшүнүгү байыркы мезгилден бери карай XX кылымдын башына чейинки кыргыз элинин тарыхында эл тагдырын, доор маселесин көтөрүп, калкка эстетикалык ырахат тартуулап, оозеки төкмөлүк менен алектенген өнөр адамын түшүндүрөт.  Ал эми акындар деле коомдогу ар кандай проблемеларга баам салып, көз менен көргөндөрүн дароо ырга салып, баяндап айтып берүү жөндөмүнө эгедер таланттуу адамдар.

Ырчы болобу, акын болобу алардын коом алдындагы милдети, аткарган кызматы, негизги сүрөттөө объектиси жагынан окшош.  Бүгүнкү түшүнүгүбүздө болгону алардын айтайын деген негизги оюн берүү ыгы ар башка.  Мисалы, ырчылар алдын ала даярдыксыз, төгүп ырдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.  Ал эми акындар жазмакерликтин салттарына каныккан өнөр адамдары.  Мындан улам XX кылымдан берки төкмөлүк, жазмалык менен алектенген өнөр адамдарын “акын” деп атап, ал эми алардын акындыгынын мүнөзүн “төкмө”, “жазгыч” деген сыпаттоолор менен ажырымдоо, төкмөлүк өнөрү менен таанымал болгондорун ырчы деп жарыш колдонуу туура болот деп ойлойбуз.  Бул тууралуу Т. Саманчин “жазма адабият пайда болгондон кийин көбүнчө акындардын өздөрүн ырчы дебестен акын деп атай баштаганын” [109, 8] туура байкаган.  Эгер андай болбогон болсо, төкмөлүктүн салттарына каныккан ырчылардын чыгармачылыгын “ырчылар поэзиясы” деп атап, жазмакерликтин салттарына каныккан өнөр адамдарынын чыгармачылыгын акындар чыгармачылыгы (акындар поэзиясы) деп атайбызбы? Андай бөлүштүрө турган болсок азыркы төкмөлүк менен жазмалыктын салттарын чогуу алып жүргөн акындарды кайсы топко киргизебиз деген суроо туулат.  Мына ушундай суроолордун биринин артынан экинчиси пайда болбошу үчүн акындар поэзиясы, ырчылар поэзиясы аталыштары удаалаш колдонула бериши туура болчудай.  

Акындар чыгармачылыгынын негизги фигурасы болгон ырчыларды (акындарды) башка өнөр адамдарынан айырмалап турган негизги төрт касиетти бөлүп көрсөтүүгө болот.  Ал акындын тили, обону, артисттик, аткаруучулук жөндөмү жана чыгармасын аспап менен коштой билүүсү б. а.  музыканттык жөндөмү.  Кыргыздар “өнөрдүн алды кызыл тил” деп сөзгө өзгөчө маани берип, кара сөздү камырдай ийге келтирип, куюлуштуруп кулакка угумдуу, жанга жагымдуу ырларды жаратышат.  Ырчылар өздөрү да чыныгы мыкты ырчынын сөзү төп келип, “анык нуска ырчыдан, ааламга кетчү кеп калат” [11, 139] деп сыпаттап, “кулактан кирип бойду ала турган” (Абай) сөзүнө, чоң маани берет.  Ал эми акындын акындыгын анын сөзүнөн байкап, чала чыккан кептерин сынга алып “айткан сөзү билинбей, алкылдай берет аш-тойдо, акындардын бириндей” [7, 427] – деп Калык Жолой ырчыга баа бергендей сөзүнөн сынап баалайт.  Мына ошол сөзүнө келишкен обон жаратып, ырдын мүнөзүнө, маанисине, отурган аудиториянын талабына жараша үн кошуп, аны аспап менен коштоп калкка тартуулоо абдан чоң талантты талап этери белгилүү.

Акындарда музыкалык эң жөнөкөй жана татаал интонацияларды, обонду, гармоникалык жүрүштөрдү, ыргактык сүрөттөмөлдөрдү калыбында сактап калуучу музыкалык эске тутуусу да абдан жакшы калыптанганын көрүүгө болот.  Себеби, чыгармачылыктын алгачкы таалим алуу этабында угуп же көргөн чыгармаларды кайрадан калыбында бузбай чертүү же обонун бузбай ырдоо көпчүлүк акындарга мүнөздүү өзгөчөлүк.  Обон демекчи, ар бир эле акын өз алдынча обон жаратып, чыгармасын өзү жараткан өздүк обон менен ырдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло бербейт.  Айрымдары элдик обон менен ырдашса, калгандары “баланча акындын обонуна салып ырдадым”- деп, эл арасына кеңири тараган ырчылардын обонуна салып ырдап калганын көрүүгө болот.  Ырчылыкта ырдын сөзү менен катары обонуна да сындар айтылат.  Буга Калык акындын Кулукени сүрөттөөсүндө “Кулуке деген ырчы бар, Бакырып ырдап жиберсе, Үч кишинин үнүндөй, Балдырап кетет бирерде” – деп калкка жагымсыз бакырып ырдашын сынга алат.  Акындардын айтышында элдик обон негизги орунда турат.  Бирок айрым акындар обондуу ырлардын обонуна салып, ага ылайык ыргактуу уйкаштыктарды таап ырдайт.  Мисалы, айрым айтыштар казак обонуна салынып ырдалса, айрымдары бир акындын обону менен ырдала берет.  Акындар айтыштын салтын улай өнөктөшү кайсы обон менен ырдаса, обонду, ыргакты улап өнөрлөшү ырдаган обон менен ырдамай салты бүгүнкү күнгө чейин уланган.  Бул айрыкча алым сабак айтышында өзгөрүлбөй аткарылуучу шарт.

Кийинки постсоветтик мезгилдеги айтыштарда акындар Муса, Жумамүдүн, Рыспай өңдүү обончулардын элге белгилүү обондуу ырларынын музыкасына салып айтышуу тенденциясы күч алды.  Даяр обонго салып төгүп ырдоодо муун өлчөмүнө чак келген сөз жаратуу өзгөчө чеберчиликти талап кылары турган иш.  Бирок айрым учурларда аудитория эл арасына сиңип ырдалып жүргөн обонго басым жасап, айтыштын сөзүнө көңүл бөлбөстөн обондун ыргагына арбалып, жогорку деңгээлдеги сүрөөнгө алган.  Мындан улам аудитория менен акындын ортосунда мыкты байланыш түзүлүлгөнүн байкоого болот.  Бул жагынан мыкты эффект бергени менен акындын сөзүн талдай келгенибизде өтө келегей, сүйлөм курулмаларында стилистикалык каталарга толгон ыр жаралганын көрүүгө болот.  Мындан улам акындардын обону айтыштын байыртадан ырдалган салтуу обонунда болгону же акын тандап алган айтышка мүнөздүү өздүк обон менен аткарылганы туура болот деген ойго келдик.

Акындардын чыгармачылыгындагы артисттик жөндөмдүүлүк - бул өнөр адамдарындагы өзгөчөлөнгөн касиеттердин бири.  Байыркы замандарда “синтездүү искусство” (театр, кинематография, цирк, эстрада) жок учурунда акындын, манасчынын бүтүндөй театрдын элементтерин өзүнө жуурулуштурган артисттик жөндөмдүүлүгү көрүүчү менен таланттын байланышын камсыз кылып, калың элдин эстетикалык кумарын кандырууга өбөлгө болгон.  Бул касиет бүгүнкү күнгө чейин акындык өнөрдө сакталган туруктуу касиет болсо дагы XIX кылымдын аягы XX кылымдын баш чендериндеги акындык өнөрдүн гүлдөп өнүккөн “классикалык доорунда” өзгөчө бийик чегине көтөрүлгөн.  Айдыралынын, Шаршендин акындык таланты менен артисттик жөндөмүнүн айкалышы элдик театрдын элементтеринин бийик үлгүсү болгон.  Мындан улам акын конгон айылда ыр менен тамашанын куту орноп, ал айылда кадимкидей майрам болгону чыгармачыл инсандар тарабынан жетишерлик деңгээлде эскерилип жүрөт.

Акындардагы дагы бир өзгөчөлүк – анын музыканттык жөндөмдүүлүгүндө.  Кайсы гана акын болбосун өзү чыгарган ырын комуз менен коштоп ырдап, ырына обон кошуп, аны комуз менен коштоп, бийик артисттик жөндөм менен эл алдында аткарып берүү менен бул өнөрдүн ажарын ого бетер арттырат.  Чыгармачылыктагы бул касиеттер бири-бири менен өтө тыгыз байланышта жашап, ырчылык өнөрдүн жашап турушундагы негизги элемент катары кызмат өтөйт. Мындан улам ар бир акындын комуз чертүү ыгы, өздүк обону, өзүнө ылайык сөзү, аткаруу манерасы калыптанып, акындардын бирин экинчисинен айырмалаган индивидуалдык сапаттары алдыга чыгат. “Өзүнүн стили жок жазуучу адабий чөйрөдө көпкө жашай албай турган сыяктуу” [76, 81] акындар чыгармачылыгында бир акынды экинчисинен айырмалап, акындык дараметин жекелештирип берүүдө сөзгө алына турган негизги белги касиет ушул төртөө менен өлчөнөт. Мындан сырткары акындын чыгармаларынын тили, поэтикасы, көркөм-эстетикалык кунары да бааланат.  Ырчылыктагы обончулук, аткаруучулук, аспап менен коштоочулук сыяктуу бир катар өнөрлөрдүн жуурулушу - синкретизм өтө бийик чеберчиликте көрүнөт.

Ырчылыктагы синкреттүүлүк жогоруда биз көрсөткөн белгилерден гана көрүнбөстөн айтыш жанрындагы бир катар жанрлардын жуурулуша берилишинен да көрүнөт.  Байыркы доордогу шамандык түшүнүктөрдөн улам жаралган бадик, көчүрүү сыяктуу ырлардагы элдик түшүнүк боюнча эки бакшынын кезек менен ооруну кубалоосунда, “короо кайтарып, коңшу короодогулар менен үн алышып, ырдашып, айтышып турган” [26, 30] “Бекбекей”, кыз узатуу, келин алуу үлпөттөрүндөгү кезек менен ыр айтыш уюштурган “Сармерден”, чечендер өнөр жарышы айтыш ырларынын жаралышына негиз болсо, айтыштын айрым элементтеринин кошокто, арманда, секетбай, күйгөндөрдө орун алып, лирикалык түрдө, ал тургай эпикалык чыгармаларда каармандардын кептериндеги кезектешип айтышуунун ыкмасынын колдонулушу буга мисал.

Айтышка түшкөн акындар бир канча өнөрдүн башын бириктирип, чыныгы төкмөлүктүн салтын улоо менен коомчулуктун алдында биртоп кызматтарды аркалап келген.

Биринчи, ырчылар карапайым элдин көркөм-эстетикалык табитин жогорулатып, сулуулуктун, асылдуулуктун жакшы табылгаларын калкка тартуулай алды;

Экинчи, ырчылардын эл алдында публикалуу (жарыя) мүнөздө айтылган ар бир айтышында элдин ынтымагы, журттун бүтүндүгү, ар-намыс, адилеттүүлүк сыяктуу идеялардын байма-бай ырдалып турушу менен адамдарды жакшы сапаттарга, атуулдук активдүүлүккө үндөп, коомдун саясий-социалдык түзүлүшүнүн, бийликтин адилеттүүлүк жолунда болуусуна чакырык таштап келди;

Үчүнчүдөн, ырчылардын коңшу калктардын өнөр ээлери менен өнөр майрамдарында, аш-тойлордо жарыша ырдашышы, ошол эле учурда айтыштын табиятына ылайык ырчылардын ар бир элдин маданияты, тарыхы менен жакындан тааныш болушу, ар бир айтышта өз эли-жери, уруусу, ата-теги тууралуу маалыматтар менен кабардар кылышы коомдо маалыматтык-коммуникативдик кызматтын жогорулоосун камсыз кылды; 

Төртүнчүдөн, ырчылардын көбү акыл чабыты кенен, баардык баалуулуктарга карата ой-жүгүртүүсү мыкты устаттар болгондуктан шакирттерине айткан, элге нуска кылган ырлары менен жаштарды жакшы жүрүм-турумга үндөп, элдик таалим тарбиянын негиздерин жайылта алды.  

Бешинчиден, акындар көпчүлүк алдында кезек менен алым сабак айтышып, кези келгенде бирин-бири мактап ырдап, ыгына жараша кордошуп, сатиралуу, юморлуу саптарды аткарышып, актёрдук милдетти да аркалашкан.  Бул касиет айтыштардагы драманын элементтери бар экендигинин негизги белгиси.

Көркөм чыгармалар реалдуу турмушту чагылдыруу жагынан ыгына жараша түрлөргө бөлүштүрүлөт.  Ал түрлөр бири экинчисинен окчун тура бербеси, бир жанрдагы чыгармада экинчи түрдөгү сүрөттөө ыгы аралаша берилиши мыйзам ченемдүү көрүнүш.  Бирок ошондой болсо дагы айтыштардагы сүрөттөө ыгынын үчөөнүн тең өзгөчөлүктөрүнүн кездешиши, анын кайсы түргө таандык экени, жанрдык белгилери адабиятчылардын пикиринде түрдүү чечмеленип жүрөт.  Айтыштар тууралуу алгылыктуу эмгектерди иштеп кеткен адабиятчы Ж. Таштемиров: “Чындыгында, айтыш ички композициялык түзүлүшү, коомдук жана турмуш тиричилик жагдайды камтуу бөтөнчөлүгү менен айырмаланган жанр.  Мына ушул жагдайдан алып караганда айтышты эпикалык жанр деп атоого өбөлгөлөр бар” [105, 10] – деп, айтышты эпикалык түргө жакындаштырат.  

Казак айтыштарын изилдөөгө алган А. Коңуратбаев: “Айтыста эпизим сарыны жоқ, бола қалса, ол бөлек-бөлек кестелер ғана.  Айтыс – лирикалық форма, оның бір жағы – мадак, бір жағы – сатира болып келеди” [70, 107] – деп айтыштардагы жолуккан эпикалуулукту кичинекей бир бөлүк катары баалап, айтыштын бүткүл турушу менен лирикалык формага жатат дейт.  Ал эми казак окумуштуусу, акындардын чыгармачылыгы тууралуу бараандуу эмгек жараткан Е.  Исмаилов айтышта үч элемент бар экенин эске салат да “айтыш жанрын сюжеттүү чыгарма” [139, 104] экенин белгилеп, бирок анын кайсы жанрда экенин так көрсөткөн эмес.  Айтыштарды адабияттагы үч жанрдын бирине таандык кылуу талаштуу маселелерден болуп келгенине анын өтө синтездешкен түр экени себеп болгон.  Айталы, “Токтогул менен Эшмамбетин айтышы”, “Калык менен Эшмамбеттин айтышы”, “Коргол менен Токтогулдун айтыштарында” калктын турмушу, акындардын керт башынын кыйынчылыктары баяндоо ыгында ырдалып, эпикалуулук басымдуу болсо, “Сүйүмбай мененАрстанбектин”, “Эсенаман менен Жеңижоктун айтыштарында” драматизм арбын кездешет.  Бирок ошондой болсо дагы, айтыштар арбир ырчынын акыл чабытынан, ой жүгүртүүсүнөн жаралат.  Турмушка, чөйрөгө, кубулушка карата өз көз караштарын туюндуруп, өз ойлорун ортого салып, ички сезимдерин билдирет.  “Айтышка чыккан баш каарман акындын өзү” демек, ал лирикалык “мен” аркылуу баяндалып жатат.  Буга замандын түр түспөлү, акындар жашап жаткан учурдун ар түрдүү маселелерине акыл калчаган “Арстанбек менен Каңтарбайдын айтышы” ачык мисал.  Ал эми айтыштардын тээ байыркы мезгилдерде жаралган сармерден, бекбекей, жар-жар, акыйнек өңдүү түрлөрү менен жарыш түрдө өнүгүп өсүп, турмуш-тиричиликтин баардык сферасын камтуу менен бүгүнкү күнгө чейин жашашы айтыштарды лирикалык текке өтө жакындатып турат.  Бекеринен оозеки чыгармаларды классификациялоого аракет жасаган белгилүү фольклористтер М. Богданова, К. Рахматуллин, З. Бектенов, Т. Байжиев, Т. Танаевдердин классификацияларында оозеки чыгармачылыктагы лирикалык ырлардын бир түрү болгон каада-салт, үрп-адат ырларынын бир түрү катары мүнөздөлбөгөн.  Демек, айтыштарды драмалык жана эпикалык жанрдын элементтерин өз ичине камтыган элдик лирикалык ырлардын бир түрү катары кароого болот.

Айтыштарда лирикалуулук менен бирге эпикалуулук жана драмалуулуктун элементтери сакталган.  Андагы “бир акындын театры” аталган актёрдун чеберчилигине өзгөчө Шаршендин, Айдыралынын чыгармачылыгы мисал боло алат.  Ал эми айтыштын диалогдук мүнөзү, жеңишке жетүү үчүн айтыштагы акындардын “күрөшү”, андагы психологиялык чыңалуулар психологиялык драматизмдерди элестетсе, ырчылардын эрегишип катуу кагылышууларга барышы конфликтти мүнөздөйт.  Ошондой эле айтыштардагы кордошуунун бийик чегине көтөрүлүп, ырчылардын кагылышуусуна чейин жетиши кадимки эледрамадагы кульминацияны, окуянын чечилишин көрсөтүп турат.  Буга “Эшамамбет менен Калыктын Кетмен-Төбөдөгү айтышы”, Арстанбек менен Сүйүмбайдын айтышы”, “Жеңижок менен Эсенамандын”, азыркы учурдагы “Аалы менен казак акыны Ренаттын айтышын” кошууга болот.  

Демек, айтыштардагы жогоркудай сапаттар бул өнөрдүн кыргыз драматургиясынын башатында туруп, анын жаралышына негиз болгон элдик өнөрлөрдүн бири катары кароого болот.  Бул тууралуу МухтарАуэзов: “Элементы театрального действия включали в себя эти “айтысы” при многочисленной аудитории слушателей, наблюдавших и оценивающих одновременно и непосредственно акт зарождения песни” [122, 128] - деген пикирин билдирген.  Ушуга жакын ойду кыргыз оозеки чыгармаларына алгачкылардан болуп илимий талдоого алган М.  Богданова айткан.  Ал “... При изучении песен-состязаний систорией зарождения и развития народной драмы.  

При полном отсутствии почти у всех тюркских народов сценического искусства и произведений народной дармы у них существовали драматизированные обрядовые песни-состязания. Диалоговая форма, объязательное исполнение песен этого типа в присутствии слушателей, сопровождение поэтического текста мимикой, жестами и музыкой – все это ставит песни-состязания в ряд первичных драматических произведений” [26, 30-31] – деп айтыштарды алгачкы драмалык чыгарма катары баалайт.

Айтыштар оозеки чыгармачылыктагы элдик лирикалык ырлардын бир түрү катары белгилеп жүрөбүз.  Буга айтыштардагы ырчылардын турмуш, дүйнө, тигил же бул окуялар тууралуу ой толгоосу, мамилеси берилип, ага карата автордун (лирикалык каармандын) ички сезимдери, толгонуулары камтылган лирикалуулугу себеп болгон.  Андагы ырчынын ой туюмунун башкы планга чыгышы, ашкере эмоционалдуулук, поэтикалык каражаттардын арбын колдонулушу бул түрдөгү ырлардын лирикага ыктап турганын көрсөтөт.

Айрым бир айтыштарда тигил же бул турмуштук окуяларды, көрүнүштөрдү баяндап берүү аркылуу турмуш чындыгы чагылдырган учурлар кездешет.  Айталы, Токтогул Сибирден келгенде шакирти Эшмамбет менен учурашып айтышат.  Айтышта көп маселелер козголуп, Токтогулдун адилетсиз айдалып кетиши, кордук көрүп, оор жашоону башынан кечириши, кайра качып-бозуп кайтып келиши, өзү менен бирге айдалган сүргүндөгүлөрдүн абалы улам бир окуядан экинчисине өтүп баяндоо ыгында ырдалат.  Айтыштагы лирикалуулук, драмалуулук жана эпикалуулуктун жуурулуша берилиши бул жанрдын өтө татаал түр экенин ырастап турат.

Кыргыз айтыштары калктын калың катмарына жайылган оюн зооктук мүнөздөгү жанр болгондуктан башка фольклордук туундулардан айырмаланып таланттуу кыздардын катышы көп. Айтыштын байыркы үлгүлөрү болгон “акыйнек”, “кыз жигиттин айтышы”, “Сармерден” өңдүү түрлөрдө кыргыз кыздары негизги фигура катары айтышка катышкан.  Мындан улам өткөн кылымда кыз-келиндердин ичинен нечен таланттуулары чыккан.  Буга элдик чыгармачылыктагы кошок, бешик ыры өндүү жалаң кыз-келиндер аткара турган турмуштук жөрөлгөлөргө байланыштуу жаралган элдик чыгармалар түрткү берген.  Бирок айтышка түшүп, калк алдында ырдаган кыздардын ысымдары өтө аз.  Себеби “кыргыз коомчулугунда уруучулук-феодалдык доордун нрава-этикалык эрежеси боюнча ак элечек аялдын эл кыдырып ырдап, шардана жүргөндүгү анчалык кубатталган эмес.  Ал эмес тыюу салынган учурлар да болгон. Ошондуктан көпчүлүк кыз-келиндер өздөрүнүн табият тартуулаган шыгын көмүскөдө кармап, талантын өркүндөтө алышпаган учурлар көп болгон” [65, 209].  Буга Эсенаман ырчынын кызы Ырыскүлдүн, Балыктын кызы Шааркандын тагдырлары ачык күбө.  Мына ушундай турмуштук тоскоолдуктардан уламбы, бүгүнкү күндө бизге акын катары таанылган Чата кыз, Анаргүл, Наркүл (Нааркан) (К. Мифтаков эл акыны катары баалаган), Ырыскүл, Ак Бермет, Балкы кыз, Шекер кыз сыяктуу чектелген гана ырчы кыздардын ысмы белгилүү.  Көпчүлүк маалыматтар тигил же бул акындар менен айтышка чыгып жеңгени же жеңилип, кордолгону тууралуу уламыш иретинде жеткен.  Өткөн кылымдардагы акын кыздардын айтышынын мүнөзү келечектеги жолдошун сыноо, анын талант дараметин баалоо мүнөзүндө, табышмак, суроо-жооп түрүндө болгону “Талым кыз менен Көбөктүн айтышы”, “Байкабыл менен Көкшалкы байдын айтышы”, “Шербеттин сөзү – берметтин сөзү экен, Балыктын сөзү – Калыктын сөзү экен” деген Байтиктин сынына толгон Бүргөнүн кызы Акшербеттин, Жеңижоктун ар бир соболуна жооп таап, ырын жүйөлүү ыр менен чечмелеген “Шекер кыз менен Жеңижоктун” айтыштары буга мисал.

Мурунку замандагы кыргыз кыздарынын акындык чеберчилиги Жеңижок, Нурмолдо сындуу калк кадырлаган ырчылар менен айтыштарынын эл оозунда сакталгандыгы менен бизге жетти.  Наркүл тууралуу, анын ата-теги, туулган жери тууралуу эч маалымат жок. Болгону Жеңижок менен айтышы гана бизге белгилүү.  Кыздар менен айтыштарга баам салсак көбүнчө кордоо мүнөзүндө ырдалганын байкоого болот.  Наркүлдүн Жеңижок менен айтышы ушул нукта ырдалган.  Жеңижок жеке эле Наркүлдү кордоого албастан Наркүлдүн журтун кордоп, Эшенкул болушун дагы бутага алат.  Өз кезинде Наркүл дагы орой ырдап, Арстанбектин “Кажаң кара сөздөрдү, \ Камырдай жууруп жиберген, \ Калпыс жери бар экен” деген сынына кабылат. Ошондой эле Жеңижоктун Чата кыз (Ырыскүл) менен айтышында Жеңижок: 

“Күлүк чыкса байталдан,
Айгыр атча наркы жок.  
Байгеге чапсаң бууданды,
Кашкайып багы ачылат.  
Байталды чапсаң байгеге,
Тери такымына чачырайт.  
Канча күлүк болсо да,
Байтал ар убакта алсырайт” [51, 236] – деп катуу кордоо менен баштаганда, акындын бул ырына

Чындык атым – Ырыскүл,
Экинчи атым – Чата кыз.
Жеңижок чынын айтсам качасыз,
Көпчүлүктүн ичинде,
Катуураак айтсам капасыз.  
Наристени бала – дейт,
Сени адамга кошпос ала, – дейт” – деп “тузу, мурчу өткүр кошулган” жообун узатат. Мына ушундай кордоо Калык менен Балкы кыздын айтышында да бар.  Жалпысынан алганда, кыздар менен айтыш табышмак маанисиндеги өнөр сыноо же кордоо мүнөзүндө өнүккөн.  Акын кыздардын атынын бүгүнкү күнгө чейин сакталышынын бирден бир себеби да айтыштарынын мүнөзүнө байланышуу.  Себеби, жайынча, учурашуу, ал-жай сурашуу маанисинде айтылган айтыштар эл арасына тарабай, кайда ырдалса ошол жерде калгандай, ал эми өзгөчө курч, сенсациялуу айтылган кордоо мүнөзүндөгү айтыштар биринен экинчисине өтүп, уламышка айланып, толук түрүндө болбосо да бизге жеткен өңдөнөт.  

Буга ырчы кыздардын чыгармачылыгы өзү күбө.  Байыркы учурдагы акын кыздардын жолун жолдоп эгемендик жылдарында “Эр Албан чыккан тегим Алмерек бий, \ Кызымын Байпакбайдын Кериминин. \ Айканыш кыргыз кызы менин энем, \ Мен азыр Эр Манастын келинимин” – деп өзүн тааныштырып, казак менен кыргызга тең ырчы аталган Майра Керим кызы ырчылыкты туу туткан акын аталды.  Ал 2000-жылы Англияда 33 өлкө катышкан элдик чыгармачылык кароосунда кыргыздын намысын коргойт.  Андан бери “Манас” 1000 Эл аралык айтышында, Алматыда өткөн Бөлтүрүк Атыхан уулунун 120 жылдык тоюнда, кыргыз жеринде өткөн баардык маареке тойлордо өнөр көрсөтүп, айтышка түшкөн.  Майра ким менен айтышпасын өнөктөшүнүн соболуна катыра жооп берип, кебине чалынып, жыгылбастан шар төгүп, омоктуу ой айтып, ар бир сөздү салмактап, таасындап ырдайт.  Ал алым-сабак айтыштарда өзгөчө тапкычтык менен ой курап, өнөрлөшүнүн ырын мазмун форма жагынан, ыр куруу жагынан ээрчий жаңы ой, жаңы табылгалар менен тереңдетип жүрүп олтурат.  Майра – тамашалуу айтыштардын дагы мыкты устасы. Табылды Актановдун шакирти Жеңишбек Токтобеков менен айтышындагы

Жеңемдин колун кармап,
Сылай кел деди.  
Домбурасынын кулагын,
Бурай кел деди.  
Былтыр Акжолтойдой,
Эркек төрөп алыптыр.  
Ушунда бизден кошумча
Жок бекен сурай кел деди”, – деп Жеңишбек чоң тамаша таштайт. Анда Майра:

“Жеңесин жолбун кепке илештирип,
Жеңишбек алды-артыман тооруп жатат.  
Табылды менден бала доолабасын,
Аныкы көл тарапта толуп жатат” [8, 210] – деп өтө тапкычтык менен абалдан чыгат.  

Буга окшогон тапкычтык, талант Майрада бийик болчу.  Ал төкмөлүк менен бирге обончулукту да аркалап, обон жаратып, эл алдында ырдап, 2003-жылы “Эгиз тилдеги эргүүлөр” деген ырлар, поэмалар, термелер жыйнагын жарыкка чыгарат.  Төрт тарабы төп келген акын кыз “Келин болгон кыргызга, \ Керемет акын, чындык да. \ Аралашып жүргөнү, \ А дагы бизге сыймык да. \ Кыз кезиндей курагы, \ Кыйын акын бу дагы” (Амантай Кутманалиев) деген керемет сыйга татыган.  Төкмөлүктүн салтын улай артында шакирттерин тарбиялап, ырчылыктын сырларын үйрөтөт. Майранын жолун жолдоп Жыпар Алыбаева деген замандашыбыз дагы акындыкка анда-санда аралашып калып жүрөт.  Анда ыр куроо, уйкаштыкты табуу, ойду берүү жагынан устатынын таалими ачык байкалат.  Ырчы кыздардын жолун улоону Ноокат жергесинде жашап, Барпынын обонунда, ырдоо стилинде колуна комуз албай ырдап, жөө төкмө аталган Жыпара Арзыматова да аркалап келүүдө.

“Жашы өйдөлөп калса да,
Жаагын жанып зоңкулдап.  
Бүйрү кызып айтышса,
Бүткөн бою солкулдап.  
Жолго түшсө жашында,
Жорго сөз Майра акын да,
Жооп таба албай олтурмак” (Амантай Кутманалиев) – деген өнөрлөштөрүнүн сынына толгон акын эжекебиз ырчылыкка болгон ышкысын анда-санда көрсөтүп, көп убакыт жок болуп кетмейи бар. Демек, ырчы кыздардын жолун улоо эгемендик жылдарында өз деңгээлинде болбосо да бирин-серин көрүнө калып жатат.

Айтыш - көпчүлүк назарында, тыңдоочу журттун көз алдында өткөн.  Байыркы мезгилдердеги көчмөндүү калктын турмушунда элдин көбү жыйылган аш, тойлор акындардын жар чакырып тойдун жүрүшүн жар салуусу менен коштолгон.  Жарчылыкты акындарга ыйгыруу өзгөчө тандоо менен жүрүп, ырчыларды бири-бири менен айтыштырып, кайсы жеңгени жарчы аталган.  Тойдо жарчылык кылуу ырчыларга өзгөчө чоң сыймык болуп, жарчы болгон акындын талант дарамети күчтүү, коомчулукту багыттай билген, элдин күрөө тамырын таап, жыйынды алып бара турган ырчылыгы төшөлгөн адамдар болгон.  Анан ал эл арасында “бул тойду бул алып барды, баланчанын тоюн тиги ырчы алып барды” деген кептер тарап, акындын ырчылыгы, жөндөмү эл арасында көпкө чейин сөз болуп, эл сынынан өткөн.  Кайсы гана айтыш болбосун ырчылардын кимиси жеңип, кимиси жүйөгө жыгылып, жеңилгенин таразалай турган карапайым калк болгон.  Мындан улам айтыштардагы дагы бир өзгөчөлүк катары тыңдоочу журт (аудитория) жана ырчынын карым-катышы дагы өзгөчө сөз кылууга арзыйт.  Себеби, акындар – карапайым калктын маселелерин, алардын турмушун, баамы жетип көргөн-билгендеринин баарын элден алып, аны жан дүйнөсүнө жалгаштарып, кайрадан калкка тартуулоочу өнөр адамы.  Ал эми калың журт (аудитория) ырчыны угуучу, ага демөөр берүүчү чоң күч.  Мына ушундай өтмө катар байланыштын өзү ырчылыктын бүгүнкү күнгө чейин сакталып турушунун негизги белгиси дешке болот.  

Ырчылар айтыш учурунда калың элге ар кандай тарыхый окуялар, уруулар ортосундагы чыр-чатактар, элдин башынан өткөргөн окуялары тууралуу өткөн тарыхты маалымдоочу милдетти аткарат.  Бул ырчылардын аудатория менен байланышындагы биринчи милдети. Экинчиден, айтыштар угуучу журтка, айрыкча жаштарга таалим тарбиянын үрөнүн сээп, жүрүм-турум нормалары тууралуу элдик тарбиянын жазылбаган эреже-жоболорунун таалимин үйрөтөт. Үчүнчүдөн ырга, күүгө ынтаа койгон жаш өнөрпоздорго үлгү болуп, чыгармачылык таасир берет, төртүнчүдөн, айтыш учурунда ырчылар угуучу журтуна эстетикалык ырахат тартуулап, жан-дүйнөсүн тазартат, бешинчиден, айтыштардагы сатира жана юмордун ыктуу пайдаланышы менен көрүүчүнү күлкүгө бөлөйт, алтынчыдан, айрым коомго жат көрүшүнтөрдү, эл башкаруучулардын кылык-жоруктарын сынга алат. Ошол эле учурда угуучу журт дагы акынга бир канча таасирлерди бергенин көрүүгө болот.

Биринчиден, көрүүчү эл - сүрөөнчү.  Күлүккө түшкөн аргымак сүрөгөндө күчүнө келип, улам кызып чуркагандай, ырчылар да элдин сүрөөсү менен улам кызып, улам жаңы бийиктикке көтөрүлөт. Угуучулар ырчынын ырына ынтаа коюп, канчалык көңүл буруп, туш-туштан сурап турушса, ырчылар улам шаңдуу, улам күч алып ырдайт. Ырчыны колдоп, анын ар бир айткан сөзүнө демөөр берип турса, ырчыга шык бүтүп оболойт.  Буга Токтогулдун чыгармаларын, күүлөрүн жазып алуу үчүн Корголду суранып, алып келип, атайын даярдалган үн жазгычты коюп, тоскоол болбосун деп бөлмөдөгү адамдардын баардыгын эшикке чыгарып, жазуу ишин баштаган музыка таануучу В. С. Виноградов: “Микрофонду жакындатып коюп, биз өз позициябызды ээледик.  “Баштадык” – деп сигнал бердик.  Коргол чертип кирди.  Комуздун алгачкы эле добушу бизди тынчсыздантты. Кечээки шайыр, шайдоот Коргол жок.  Жансыз солгун күү комузда араң эле кыңгыранат.  “Ырдабайм”, – деди ал чечкиндүү үн менен.  Ордунан тура калды да: “Мени өмүр бою адамдар уккан! А силер жыландай ийрейген машинеге ырда дейсиңер, ырдабайм”, - деп бөлмөдөн чыгып кеткенин [36, 338], кайра алып келип эшиктеги сагаалаган ыр күйөрмандарын киргизип, микрофонду көмүскө жерге катып, элдин сүрөөнү менен Токтогулдун бир топ мурастарын жазып алганын эскерет.  Мунун өзү көрүүчүнүн акынга кандай таасир бергенин ачык көрсөтүп турат.

Экинчиден, аудитория ырчыларга чыгармачылык эргүү берүүчү чоң күч.  Чыгармачылык эргүү көпчүлүктүн колдоосуна ээ болуу менен андан ары улам кызып, шыктанып, толкундоо.  Мындан улам ырчы ырынын ар бир сабына өзгөчө кооздук, тереңдик берип, чыгармачылыкка өзгөчө канат бүтөт.  Бул тууралуу В. М.  Жирмунский минтип жазат: “В момент исполнения сказитель-импровизатор находится в состоянии особого творческого подъема, каторый происходит в результате его общения с аудиторией” [45, 90].  Демек, чыгармачылык эргүү эл менен түз байланышта өтүүчү төкмөлүк өнөрдү аркалаган баардык өнөр адамдарына бирдей таасир этип, көп өзгөчөлүккө ээ экендигин көрүүгө болот.  Акындардын өз табында ырдашына айтыш учурундагы ырчынын маанайы, өнөрдү коштогон аспабы, сүрөөнчүлөрдүн аз же көптүгү, айтышка түшкөн өнөктөшү тууралуу маалыматынын жетиштүү же жетишсиздиги (же биринчи беттешип жаткандыгы) өзгөчө роль ойнойт;

Үчүнчүдөн, аудитория - ырчылардын талант дараметине, ой куроо мүмкүнчүлүктөрүнө, тилинин көркөмдүгүнө, суроо коё билүү жөндөмүнө, ар бир соболдун иретин, маанисин бузбай ыгына жараша жооп айткан жөндөмүнө көз салып турган сынчы.  “Угуучулар ырдын таасындыгына, акындын тапкычтыгына, сезимдүүлүгүнө, парасаттуулугуна, ал гана түгүл, үнүнө жана кыймылына чейин баа берип турат [115, 37].

Төртүнчүдөн, ошол эрөөлдө кайсы акын жүйөөгө жыгылды, кимиси жеңишке ээ болду, кимиси утулуп калганын аныктоочу калыс. Буга “Арстанбек менен Сүйүнбайдын айтышы” мисал болот.  Эки акындын айтышында мурда болуп өткөн Кененсары, Ноорузбайдын окуяларынан кеп баштап, улам кызып баратканда уу-дуу кеп чыгып “Түбү бир эл элек, уруш-талаш ыркыбызды кетирди.  Ынтымакка жаңыдан келип отурабыз, өткөн чактан кеп баштап Арстанбек сеники да ыңгайсыз болду.  Өз кезинде Сүйүмбай да жөн калган жок.  Орду менен жооп кайтарды.  Сөз жагынан бириңди-бириң жеңе албайт көрүнөсүңөр.  Экөөңдүн тең чоң акын экениңерге күбө болдук.  Экөөңө тең ыраазыбыз” [11, 59-80] – деп экөөнү эл токтоткон дейт.  Мындан угуучулардын кадимки калыстын милдетин аткарып, ал тургай байгесине чейин бөлүп бергендигин көрөбүз.  Демек, көрүүчү калк жөн гана ырга канып, күлкүгө шат болуп кете бербейт.  Ал ырчыга демөөр берип, ырчынын чыгармачылык дараметине байкоо жүргүзүп, керек учурда сындап, ага баа берип, калыстык кылат.

Айтыш – ыр эрөөлү экенин жогортон белгиледик.  Анда ырчынын эле утушу же утулушу күн тартибинде турбайт.  Ал ырчынын артындагы уруу же бүтүндөй бир элдин намысы турган.  Ырчылар биртоп максаттан улам ыр өрөөлүндө жеңишке жетүүгө аракет жасашкан.  

Биринчиден, ырчылардын айтыштагы ар бир жеңиши эл арасында анын аброюн көтөрүп, кадыр-баркын өстүрсө, экинчиден, өз уруусунун, өз элинин намысын коргогон.  Үчүнчүдөн, уруу намысын, эл намысын алдырып өзүнүн манабынын же байынын каарына калбоо үчүн жеңишке умтулушкан.

Айтыштагы утулуу же утуу деген эмне менен өлчөнүшү мүмкүн?Айтыш – өнөр сынашуу, жарышуу, мөрөй талашуу болгондуктан.  Анда бири алдыга чыгып, экинчиси утулууга мажбур болот.  Бул айтыштын байыркы үлгүлөрү болгон акыйнектен, кордоодон бери карай келаткан салт.  Анда байдын кызы менен жардынын кызы же эпкиндүү келин менен жалкоо келиндин таймашы сыяктуу эки тараптын эрөөлү көрүнөт.  Кийин ал мезгилдин өтүшү менен ырчылардын айтышында өзүнүн бийик чегине көтөрүлгөн.  Мындан улам айтышка түшкөн эки тарап өз артыкчылыктарын, мүмкүнчүлүктөрүн, талантын көрсөтүп, каршысын “сөздөн кармоого” аракет жасашкан.  “Сөздөн кармоо” бул жүйөгө жыгуу дегенди билдирет.  Турмуштагы баардык нерсенин чындыгы болот демекчи, ырчылардын айтышынын турмуш чындыгына дал келип, жүйөлүү болушу ырчынын жеңиши дегенди билдирет.  Буга карыя Накен ырчыны каптап ырдап кирген Карамырзанын кылган осол кептерине жооп кылып Токтогулдун түбөлүктүү эч нерсе болбостугун, жаш карып, кары адам бул дүйнөдөн өтөрүн эскерткен Нусуп ажынын тоюндагы айтышы, “атаң жыгаччы” деп шылдыңга алган Эшмамбетке Калыктын атам жыгаччы болсо “сенин атаң тиккен өрүктү, алманы кыйыптырбы”- деп жүйөгө жыгышы мисал болот.  Ар бир ырчы төкмөлүктүн инерциясы менен ырдоо процессинде түрдүү жагдайдан улам сөздөн алдырып алышы мүмкүн.  Ал эми каршысындагы атаандашы ар бир сөзгө кылдат мамиле кылып, осолдук кеткен сөздөн кармап ошол сөзгө карата жүйөгө жыгууга аракет жасайт.  Бул үчүн чеберчиликтин өтө бийик деңгээли талап кылынат.  Мындай сөздөн кармоо жүйөгө жыгуу кыргыз элинин байыртадан бери сөз баккан эл экенин дагы бир ирет ырастап, айтыштын байыркы үлгүлөрүнөн тарта бүгүнкү күнгө чейин өнүгүшүндө сакталган чыгармачылык ык салт болуп эсептелет.  

Ырчылар поэзиясы эки чыгармачылыктын (фольклор менен адабияттын) салттарын өзүнө сиңирген феноменалдуу көркөм чыгармачылык.  Ал фольклордун салттарын кабыл алып, аны тереңдетип иштеп чыгуу жагынан бир топ жаңылыктарга жетүү менен индивидуалдуулуктун айрым элементтерин калыптандырган өзгөчө кубулуш.  

Төкмөлүк ырчылар чыгармачылыгындагы салттуу ыкма катары айтыш өнөрүнүн жаралышын шарттады.

Айтыш – элдик оозеки чыгармачылыктагы өзүнө тиешелүү мазмун жана формага ээ болгон өзгөчө жанр.  Анда фольклордук касиеттер толук сакталып, жекеликке умтулуу бар.  Ошол себептен айтыштарды фольклор менен адабияттын ортосунда жаралган өзгөчө жанр катары карообуз жөндүү.  

Айтышта акындын тили, обону, артисттик, аткаруучулук жөндөмү жана чыгармасын аспап менен коштой билүүсү б. а.  музыканттык жөндөмү жуурулуша келип, бул өнөрдүн синкреттүү касиетин көрсөтүп турат.  Ошол эле учурда фольклордук жанрлардын (мактоо, кордоо, табышмак) айтыштарда колдонулушу же айрым жанрлар айтыштын формасында аткарылышы (күйгөн, секетбай, кошок) оозеки чыгармачылыктын түрлөрүнүн синкреттик сыпатын көрсөтүп турат; 

Ырчылар элдин чыныгы турмушунун күзгүсү катары турмуштук чындыкты көркөм чындыкка айлантып, элдин эстетикалык табитин байытып, журттун бүтүндүгү, элдин ынтымагы сыяктуу асыл идеяларды жайылтуу менен нравалык-этикалык эрежелерди, элдик тарбиянын негиздерин муундан-муунга алып өтүп, коом алдында бир катар кызматтарды аркалаган; 

Айтыш драманын, лириканын жана эпиканын элементтерин өз ичине камтыган элдик лириканын бир түрү; 

Айтыш өнөр жарышы болгондуктан анда утулуу жана утуу маселеси коюлат.  Мына ушул маселенин алкагында мөрөйгө жетүү үчүн аудиториянын, акындын эргүүсүнүн, колдонулган ыкма, жолдордун (сөздөн кармоо, жүйөгө жыгуу ж. б. ) көп мезгилдерден бери карай салттуулук катары калыптанганын көрөбүз.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз