Бир жолу эригип олтурган бакалар токой четиндеги бийик, жалама зоого ким биринчи чыгат деп мелдеше кетишти. Мелдешке катышуучулар саны бир топ көп эле.
Алардын тамашасын көрүүгө токойдогу жаныбарлардын бири да калбай түрүлүп келишти. Алар өздөрүнүн алын билбеген кичинекей бакалардын мындай оор ишти аткара алышпай уят болушун күтүп, жарданып карап турушту.
“Алга!” деген команда берилип, бакалар жабылган боюнча аска бетине жабышып чыга башташты.
Карап тургандар тигилерди шылдыңдай башташты:
— Тигилерди кара, азыр бири да калбай кулап түшүшөт!
— Алар баары бир чыга алышпайт, бекер эле убара болуп жатышат!
— Силер эч качан чокусуна чейин жетпейсиңер!
Бакалар четинен кулай башташты.
Айбанаттар ого бетер чурулдайт:
— Ой, бийик экенин көрбөй жатасыңарбы, а силердин алыңар кайсы дейсиңер бечаралар!
— Жок, чыга албайсыңар, алдагы майрык бутуңар менен ушундай бийик аскага чыгабыз деп ойлобой эле койсоңор болмок!
— О, кокуй күн ай, силер бүркүт эмессиңер да, бака экениңерди унутуп койсоңор керек!
Тигилердин шылдың сөзүнө чыдабай бир топ бака артка кайтышты.
Дагы бир аздан кийин бардык бакалар алдан тайып, күрөштү токтотушту.
Бир гана бака тигилердин шылдыңына көңүл бөлбөй тырмышып кете берди. Ал уламдан-улам өйдөлөп бара жатты.
Акыры ал бака асканын башына чейин жетип токтоду. Айбанаттар мындай жалама зоого кичинекей алы жок бака кантип жетти? – дешип таң калышты.
Жеңүүчү аскадан түшүп келгенде карап тургандардын арасынан бирөө суроо берди:
– Айтчы, сен бул бийик аскага кантип чыктың? Күчтү кайдан алдың, жеңишиңдин сыры эмнеде?
Бака жооп берген жок. Ал дүлөй болчу...
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ