Мен кечирим берүү тууралуу айтылган бардык нерселерди жек көрөм.
Мен бул жөнүдөгү макал-ылакаптарды, кеңештерди, элде кабыл алынган ар бир пикирди жакшы билем, анткени бул суроого жооп издеп, окубаган китебим калган жок. Мен интернет барактарында жарыяланган ачууланууну таркатуу чеберчилигине арналган ар кандай адамдардын жазган ойлорун, ыкмаларын изилдеп көрдүм. Мен “кечирүү тууралуу чечим” менен чыныгы кечирим берүүнүн ортосундагы сезимдин шайкештигине жетүү мүмкүн эместигин билем. Мен муну абдан жакшы түшүнөм.
Кечирүү – бул акыйкаттык деп суусаган мага окшогон адамдар үчүн адам өтө алгыс чытырман токой. Жасаган жамандыгы үчүн эч бир жаза албай кутулуп кетет деген ойдун өзү жүрөк оорутат. Биз өзүбүздүн колубуздун таза болушун каалабайбыз – бизге таарынтан адамдын каны керек. Биз эсепти теңегибиз келет. Биз эмнени сезсек, алар да ошону сезишин каалайбыз.
Кечирүү өзүңө жасаган чыккынчылыктай сезилет. Акыйкаттык үчүн кармашта жеңилгиң жок. Ичибиздеги ачуу, бизди өз уусу менен ууландырып турат. Ошону билип туруп эле абалды оңдогуң келбейт. Ачуу сенин жүрөгүң, мээң же өпкөң сыяктуу эле бир мүчөңө айланат. Мага бул сезим тааныш. Мага жиниң тамырыңдын кагышы менен куюлушуп бирге соккон сезим да чоочун эмес.
Бирок ачуулануу тууралуу бир нерсени унутпашыбыз керек: бул инструмент катары кабыл алынган эмоция. Биз акыйкаттыкка жеткибиз келет, ошондуктан ачууланабыз. Анткени бул бизге пайда алып келет деп ойлойбуз. Биз канчалык катуу каардансак, ошончолук абалды өзгөртө алабыз деп эсептейбиз. Ачуулануу өтчү нерсе өтүп кеткенин жана зыян кайра калыбына келбесин түшүнбөйт. Ал өч алуу баарын кайра калыбына келтирет дейт.
Жинденүү – бул каны токтобогон жараны, так калбай айыгат деген үмүт менен тынымсыз чукулоо. Сени жараланткан адам келип, жаранын изи да калбагыдай кылып дарылап кетет деп ойлойсуң. А ачуулануу жөнүндө чындык: бул дарылануудан качуу. Сага жаракатың айыккандан кийинки жаратыңдын тагы менен калуу коркунучтуу. Сен мурдакы эскиңди кайтарып алгың келет. Ачуулануу сага каныңдын акканын токтопой эле койгонуң жакшы деп ишендиргиси келет.
Сенин каның кайнап турганда, кечирим берүү мүмкүн эместей туюлат. Биз кечиргибиз келет, анткени бул туура тандоо экенине көзүбүз жетет. Биз кечирим аркылуу келген тынч жашоону каалайбыз. Биз ачуудан арылгыбыз келет. Башыбыздагы тополоң басылышын самайбыз, бирок өзүбүздү башкара албайбыз.
Анткени кечирим жөнүндөгү негизги нерсени бизге эч ким түшүндүргөн эмес: ал эч нерсени оңдогусу келген жок. Ал биздин жасаганыбызды сүртүп өчүрүп турчу өчүргүч эмес. Ал биздин оорубузду айыктыра албайт, ал биздин жан-дүйнөбүзгө бүлүк салган нерсени бир көз ирмемде жок кылбайт. Ички дүйнөңдүн бейпилдигине жетүү – бул узак жана татаал жол. Кечирүү бул болгону бара жаткан сапарыңда “суусуз калбоону” гана камсыз кыла алат.
Кечирүү өткөн нерсе кайрылып келет деген үмүттөн кол үзүү дегенди билдирет. Башкача айтканда, бардыгы бүттү, ураган нерсе урап, чаңдап басылды, эми бузулган нерсени адегендегисиндей калыбына келтире албайсың дегенди түшүнүү. Бул келтирилген зыянды бир дагы сыйкырчы ордуна коё албасын моюнга алуу. Ооба, бороон-чапкын эч нерсени аяган жок, бирок биз өзүбүздүн талкаланган шаарыбызда жашообузду улантышыбыз керек. Бир дагы жинденүү, ачуулануу талкаланган шаарды калыбына келтире албайт. Ал ишти сен өзүң колго алышың керек.
Кечирүү жеке жоопкерчиликти алуу дегенди түшүндүрөт – талкалануулар үчүн эмес, кайра калыбына келтирүү үчүн. Бул өзүңө бейпилдикти кайрып алуу тууралуу чечим.
Кечирүү сени таарынткан адамдын күнөөсү биротоло жок калды дегенди билдирбейт, ал аны менен сөзсүз эле ымала түзүп достошууңду талап кылбайт. Жөн гана сен ал сенин жүрөгүңө так салганын, эми ошол так менен өмүрүң өткүчө жашоого көнүү керектигин моюнуңа аласың. Сен мындан ары талкалаган адам качан келип, бардыгын калыбына келтирет деп күтпөйсүң. Сен так калабы же калбайбы деп ойлонбой, жаратыңды дарылай баштайсың. Бул ошол так менен андан ары жашай берем деген чечим.
Кечирүү – бул акыйкатсыздыктын жеңиши эмес. Сөз өзүңдүн чындыгыңды, өз тагдырыңды аныктоо тууралуу жүрүп жатат. Сөз өткөн иш үчүн бактысыз болуудан кутулуу үчүн, кайрадан бутуңа туруу чечимин кабыл алуу жөнүндө болууда. Кечирүү – бул түшкөн тактар сенин келечек тагдырыңды аныктай албасын түшүнүү.
Кечирүү сенин багынып бергениң эмес. Ал сенин күчүңдү топтоп, алдыга жылууга даяр экендигиңден кабар берет.
Булак: econet.ru
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ