Эпикалык чыгармалардын аягы бир жактуу бүтпөйт - ага көп жактуу көрүнүш мүнөздүү. Анткени чыгарманын финалы анын көркөм дүйнөсүн түзүп турган көптөгөн системалуу элементтердин биринен (мисалы, композициянын компоненти болгон пейзаждык сүрөттөөдөн, окуяны жайынча айтып өткөн автордук баяндоодон, эпизоддук көрүнүштөн, фабуланын чегинен тыш турган эпилогдук формадан ж. б.) туруп, аякталышы мүмкүн. Кээде чыгарманын финалына түштөр да туура келип калган учурлар арбын эле кездешет. Андай мезгилде чыгарма адабий түштөрдү сүрөттөө менен чегине чыгарылат.
Азыноолак аңгемелери менен адабий журтчулукка таанымал болгон Орозбек Айтымбетовдун «Акыркы төөчү» аңгемеси да азыр эле биз айтып өткөн нерсенин жаркын мисалы болот; аталган аңгеменин финалы да аңгеменин башкы кейипкери болгон Борбунун түшүн көркөм сүрөттөө менен аяктайт:
«Кыш өттү.
Адырга кулпурган жаз келди.
Бир жолу Борбу адырда чачылып жүргөн төөлөрүн жыйнап, көктөмдүү сайга таштагандан кийин, кырда кыйшайып, күн чубагына талыкшып жатып, уктап кетти. Түш көрдү. Түшүндө жездей саргайган күз. Зулум «берме» төөлөрдү айдатып, этке төккөнү баягы шылуундарын дагы ээрчитип келиптир. Арада дагыле заң жөнүндө кеп болуп, «берме» дагыле сөз бербей, Борбуну жеңип, а шылуундары буларды тегеректеп, күлүп турат... Бирок Борбу көзүнүн жашын көлдөтүп, берменин бутуна жыгылып, жалынып-жалбарып ырайым сурап, акыры тилегине жетип, минип жүргөн атын жайдактап этке төгүлчү төөлөргө кошуп, татынакай эки ак бото алып калып атыптыр...»[1]
Аңгеменин аягы дал ушундай финал күтүп жатышы - андагы сюжеттик элементтердин композициялык жактан ырааттуу жайланышынан, сюжеттик умтулуулардын логикалуу өнүгүүсүнөн келип шартталып чыгып жатат. Бул жерде көркөм түш аңгеменин аягынан орун алуу менен, ошол эле аңгеменин өзүндө (түш) бир эмес, бир нече функциялык милдетти аткарат.
«Орто Азия, Казакстан калктарынын салттуу жашоо-турмушу менен коомдук аң-сезиминде аттан кийинки эле айрыкча орунду «төө» жаныбар ээлейт. Элдин эртеги этникалык-экологиялык маданияты үчүн...» төө дегеле космостук жаныбар - деңиз кезип турмуш кечирген калктардын түшүнүгүндөгү дүйнөгө түркүк боло турган кадимки «кит» сыңары, тагыраак айтканда, биерде ал көчмөн адам өмүр сүргөн дүйнөнүн өз образы»[2]. Ошол ойсул атанын образы жалаң эле «Манас» баш болгон көлөмдүү эпостордо ажайып бир келбети менен айтылып-ырдалып келбестен, элдин эртеги уламыштары менен калктын кайгы-зарын чагылдырган арман, кошокторуна чейин берилип, анан аларда да ар түрдүүчө сүрөттөлүп-ырдалып келгени баарыбыздын жадыбызда болсо керек.
Адабиятчы Калык Ибраимов белгилегендей, ошол төө жаныбардын «ушундай урумда жок орошон орду жана образы жайындагы» сөз ошол фольклордук алкакта гана айтылып, сүрөттөлүп кала бербестен, анын чегинен чыгарылып, «акыркы убактарда ал тууралуу ошондой эле азыркы айрым адабий-көркөм туундуларда да көп жазылып, көп айтыла баштады»[3].
Ошентип, элибиздин кан-жаны менен жашоо-тиричилигине сиңип, алардын карманган каада-салттарында, күн көргөн чарбачылыгында, тутунган кесиби менен башка жагдай-шарттарында ушундай урунттуу орунга көтөрүлүп, ушундан улам элибиздин (рухий) дүйнөсүндө ушунча ыйык тутунуп, ызаат кылынып келген төө жаныбардын ошондой орошон орду алдынан эмне кез келсе, ошонун баарын өз эпкинине калтырып, оп тартып келаткан цивилизация процесстеринин өктөм күчтөрүнүн айынан бир кыйла солгундоого учурады.
Ошондой карама-каршылыктуу келген турмуштук ар кыл алака-катыштардын айынан келип туулган ушундай жагдай-шарттардын өзү сөз болуп жаткан аңгеменин фабулалык негизин шарттоо менен, фабулалык карама-каршылыктарды жаратса, ал эми аңгеменин сюжеттик линиясындагы сюжеттик конфликттин келип чыгышы - бул «берме» Качкынбай менен Борбунун умтулууларынан - ошол төө жаныбарларга болгон мамилелеринин, көз караштарынын эки башкалыгынан; алардын бири-бири менен таптакыр келише албастыгынан улам пайда болот, шартталат. Аңгеменин сюжеттик динамикасы - өнүгүүсү традициялуу-ырааттуу өнүгүү ыргагына ээ. Ошол аңгеменин үчтөн бир бөлүгүн ээлеп турган, бир аз узагыраак созулуп кеткен экспозициясында эле: «Төөнү адеп кол мал кылган бабалар аны тегин жеринен «ойсул ата» деп даңктабаган чыгар. Ал - төрт түлүктүн эң сезимталы»[4], - деп маркум атасынын бир кезде айткан сөздөрүн Борбу адегенде тамаша көрүп, анча ишенбей жүрсө, кийин, «атасынан төөчүлүк кесип мураска калганда гана, төөлөргө аралаша келгенде гана буга акырындап көзү жетип, Борбунун да төөлөргө карата көз карашынын өзгөргөнүн; анын ошол «мал менен кошо өткөн жылдары», баягы жаш кездеги «алабарман, өзүмчүл, терс кыял» мүнөздөрүнүн жоюлушуна түрткү берип, «мал табиятын түшүнгөн сайын дили агарып, ак көңүл, боорукер тартып», анан бара-бара ошол жаныбар төөлөрдүн табиятын жакшылап үйрөнүп, түшүнүп, жактырып, акыры бир чечимге келип, төөчүлүк кесипти биротоло аркалап калганын жазуучу ынанымдуу кылып сүрөттөп, ийине жеткире ачып өтөт.
Аңгеменин ошол экспозициялык бөлүгү ретроспекциялык мааниге ээ. Себеби жазуучу төөчүлүк кесипти кадыр тутуп, төөлөргө мынча байланып калган Борбунун ички психологиясындагы мотивдерди ачып берүү үчүн ретроспективдүү ыкманы колдонуу менен, жайылган төөлөрүнө көз болуп отурган Борбунун учурдагы турмушуна удаалаш, анын төөлөр менен бирге өткөргөн өмүрүнүн урунттуу учурларына (Борбуну ойлонттуруп) ретроспективдүү планда кайрылуу менен, анын учурдагы турмушун, өткөн өмүрүн - экөөнү тең параллель сүрөттөп, удаалаш алып өтөт. Ушундай удаалаш сүрөттөп берүүнүн натыйжасында, Борбунун жандүйнөсү да, Борбунун көзү, кабыл алуусу аркылуу окурманга жеткирилген мал табияты - макулук төөлөрдүн да өздөрүнө таандык кулк-мүнөздөрү, касиеттери кашкая ачылып берилет.
Көрпөчөсүн чыканагына жаздай, жая салынган тердигинин үстүндө жамбаштап жаткан Борбу боз үйдүн эшигинен алыскы кайрактагы суу ичип, жайылып жүргөн төөлөрүн карап жатып, «ой-мүдөөсү төө менен биротоло байланышкан неменин кыялы төөдөн алыстай албай»[5], ошол төөлөр менен өткөн өмүрүнүн мерчемдүү учурлары ой-санаасына биринен бири агылып келе берет.
«Төөчү деген атка конгучакты, кымбат курагы - жаш кези зарпталган», кыялында жашап калган мындай кызык учурларды жакшылап багып, таразалай карап келсе, бу төөлөрүң да адамдар сыяктуу ак сезимге кабылышып, («Борбу өзү төөчү болгон жылдардын ичинде канча бир кунан буура менен бийкеч төөлөрдүн ак сезимине күбө болду дейсиң!? Балким, төөчүлүк кесипти маянасынын аздыгына карабай кадыр тутуп калышына да ушундай кырдаалдар себеп болгондур?..» 39-40-6.) бактыларын кадимкидей коргой билишкендерин; анан да киндик каны тамып, төрөлүп өскөн жерин - Ата-Журтун сагынуу жагынан башка жандыктарга караганда төө жаныбарлардын сезимдери кыйла күчтүү болорун (бул жагынан аларга жылкы жаныбар эле тең келбесе); буга Борбу казакка айдалып кеткен төөнүн канча бир азап менен (аркандалган жибин үзүп, тушамышы шыйрагын кызыл эт болгончо өйкөп, ошого карабай ботосун ээрчите, алыс жол жүрүп) кайра айланып, өз жерине - көнгөн чөлкөмүнө келгенин көзү менен көргөндөн кийин ишенген; төөнүн да өз жерин сагынып, куса болоруна; анан да жаныбар төөлөрдөгү дагы бир айтып бүткүс касиет - төө башына иш түшсө, кокус бир жамандыкка кабылса, көзүнөн буурчак-буурчак жаш төгүп ыйлаганы. Кыйналганда бардык эле малдын көзүнөн жаш чыгат дечи, бирок төө жаныбардын ыйлаганы бөтөнчө. Ошол үчүн бардык малдын ичинен эң сезимталы, эң боорукери ушул төө жаныбар болсо керек деп ойлонот Борбу ичинен. Ал ансайын, өткөн бир турмушунда өзү көргөн, ак ботосу согумга союлуп кеткен эне-төөнүн «кудайга үнү жете зарлап, бир эсе адамдардан кайыр сурагандай, бир эсе муңкангандай, бир эсе адамдарга даттангандай аянычтуу боздоп, камалган короосунун эшигин бузуп чыгып» (42-6.), ботосу мууздалып жаткан боз үйдү айлана, эшигинен кетпей көздөрүнөн мончок-мончок жаш төгүп, буркурап-боздоп турганы; үч күн-үч түн бою чөп искебей, акыры кайгы менен ыйдан көзү көр болуп, ботосу жан берген үйдүн түбүнө бүк түшүп мөгдөп жатып калганы, аягында мал болбой калганына көздөрү жеткенден кийин, адамдар аны да союп, этин элге таратып беришкени эсине келип элестеп, көз алдына тартыла калат... Ошондо Борбу биринчи жолу өзүнө бөлүнүп берилген этти албай, үйүнө абдан катуу кайгырып кайткан. ...Ошол төө мууздалган күнү Борбунун дагы бир таң калганы, эсинен чыкпай сакталып калганы - «жаны чыккандан кийин да төөнүн көзүнөн мөлтүлдөп жаш агып жатканы» (42-6.).
Айтор, төө жарыктыктын минтип өз жарыкчылыгы үчүн өзү күрөшүп, өз өмүр-тагдырын адам колунан өзү минтип талашып, жанталаша арачалап турган ар кыл жагдайларын эске ала, эстей отуруп, Борбунун акырында келип чыгарган жыйынтыгы дайым ушул болот; «адам дүйнөдөгү бирден бир керемет, асылзаада тукум болсо, төө - төрт түлүктүн төрөсү, эң керемети, асылзаадасы...» Ошол үчүн «адамдарга кайсы бир касиети жагынан төөнү гана теңей алат...» (45-6.)
Аңгемеде адам менен айбанаттын - адам менен төө жаныбарлардын жашоо-жагдайлары менен өмүр-тагдырлары бири-бирине мындай удаалаш коюлуп, ушундай эриш-аркакта сүрөттөлүп, берилип жатышы - алды менен адам баласынын баам-парасатына анча элес алына бербеген түркүн түс боёкторду, кармалып-кармала бербеген сезимдерди, не бир элестүү көрүнүштөрдү, айтып берүүгө болбой турган алака-катыштардагы кармалбас ар кыл мамилелерди «образдуу» чагылдырып берүүдө өзгөчө бир поэтикалык призманын милдетин өтөө менен, чыгарманын идеялык-эстетикалык маани-мазмунун арттырууга көмөкчү болуп, чыгарманы өз бийиктигине көтөрүп койгон[6].
Адам-айбанат жашоолорунун мындай удаалаш коюлуп, эриш-аркак сүрөттөлүш жагдайларынын дагы бир жагы - цивилизация эпкинине кабылган азыркы мезгилдеги адамдын ушундай драмалуу жагдай-шарттардын, ситуациялардын айынан элдик турмуштун тээ тереңинен өткөрүлүп берилген өзүндөгү табигый жана рухий башат-тамырларынын канчасын цивилизация курмандыгына чалып, ошонун айынан катуу карманган, калтырбай тутунган ыймандык императивдер менен колдонгон каада-салттардын баарынан кол жууп, тукулжурап, жардыланып, жатыркоо абалына бараткан азыркы адамдын чоо-жайын күчөтө көргөзүп, көркөм туюндуруп туруучу азыркы адабияттагы анималисттик ыкма болсо, ошонун өзү башка бир жагынан, өңүтүнөн келип караганда, терең психологизмди шарттап турган ушундай көп катмарлуу каражат дагы. Анткени Айтымбетов ошол экспозициялык бөлүктө эле аңгеменин негизги кейипкери болгон Борбуну алдыда боло турган кыйын кырдаал - катуу кармашка даярдап; айбаттуу өтүүчү ошондой кыйчалыш кырдаалга туруштук берүүчү кейипкердин ички психологиялык мотивдери менен туруктуу ишенимдеринин иштелип чыгышын шарттоочу, түрткү болуучу ички-тышкы өбөлгөлөрдү, механизмдерди ошол экспозициялык бөлүктө эле акырындап «тургузуп», акырындап «даярдап» жүрүп отурат.
Акыйкатта да ошондой болмок да, кокус, төрттүлүктүн төрөсү болгон төө жаныбардын тукумуна адамдар тарабынан, сырттан бир коркунуч туулса, анда төө башына түн түшүрүүчү андай алаамат ааламдан ошол Ойсул ата тукумунун адамдарга жакын туруучу кулк-мүнөздөрү менен кыял-жоруктарын, табияты менен касиеттерин жакшылап үйрөнүп, төөчүлүк кесиптин ысык-суугуна чыдап, аны жактырып калган, өмүр-жашоосунун баарын ошол төөлөргө арнап койгон Борбуга окшогон төөчү гана жанталаша жан үрөп, алардын башына түшүүчү андай ар кыл жамандыктар менен кырсыктардан аларды арачалап, аман алып калуу үчүн бүт дитин, бүт күчүн жумшамак. А кокус, төөлөрдү калкалап калгысы келген ошондой ак иштеринен эч майнап чыгара албай Борбу сыяктуу кыйналса, ошол төөлөр үчүн ичтен кыжаалат боло ойлонуп, басырынып, дили ооруса, ошондой гана адамдын түнкү кыялдары төөлөргө байланыштуу болуп, түндөсү уктап жатканда да түшүнө төөлөр кирип, түшү да куду өңүндөгүдөй болуп, төөлөрдүн камын көрүп, өзүнчө убара тартмак...
Кейипкердин ички психологиялык мотивдеринин динамикалык умтулуулары психологиялык жактан мындай чындап эле ынанымдуу чыгып жатышынын түйүндүү сырлары жазуучунун ошол өзү сүрөттөп жаткан каарманынын ички дүйнөсүн алаканга салгандай даана көрө билип, түшүнүп, окуп, аны көркөм сүрөттөп берүүдө кейипкердин жандүйнөсүндө өтүп жаткан алдагыдай кыймылдарды шарттоочу процесстерди көркөм чагылдырып, кармап бере алчу ар кыл керектүү каражаттар менен ыкмаларды таап, аларды ылайыгына жараша жайгаштыра, орду менен колдоно, көргөзө билген жазуучунун чеберчилигине байланышкан.
Ал аңгыча кыш түшөт. Ошол ызгаардын келиши менен табияттын мыйзамына ылайык, Кара бууранын кириши да ошол мезгилге туш келет... Ошол тапта «берме» Качкынбай мал догдур Кеңешбекти ээрчитип алып, кыштоодогу тубар кой баккан малчыларды кыдырып көрүп келатып, Жинди-Адырдын сайларында жайылып жүргөн төөлөргө карпа-күрп туш келишип, «кишичил Кара бууранын сайдын таманынан жебедей атып чыгып, моюнун каздай созуп, атчандарды кууп» (46-6.) жөнөшү менен окуя андан ары өнүктүрүлөт.
Ошол өнүгүүгө ээ болгон сюжеттик-эпизоддук бөлүкчө да жазуучу тарабынан аябай чеберчилик менен иштелген. Бул эпизоддук көрүнүш өтө эле динамикалуу сүрөттөлөт (жакшылап элестетип көрүңүз; буура кууп баратса, атчандар үрөйлөрү уча качып баратышса - кыймылдуу да). Буга жазуучу эки формалык каражат аркылуу жетишет: биринчиси - автордук баяндоо (сүрөттөп берүү аркылуу), экинчиси - диалог аркылуу. Андан тышкары, жазуучу тарабынан шөкөттөлө берилген ирониялуу, юморлуу тон - сүртүлгөн боёк, мүнөздөрдү ачып көргөзүүчү каражат катары түшүп, сүрөттөлгөн көрүнүштүн өзүн көркүнө келтире байытып, чырайын ачып жиберген:
«Озуп бараткан «берме» артта алаңдап, коркуп, тору атты камчыга алып, кээде алдындагы атын сөгүп, кээде кудайлап, өң-алеттен кеткен мал догдурду кылчак-кылчак карап, боору эзиле каткырып, күлүп келет.
Бир маалда кер жорго жаза басып, сол туягын ташка уруп алгандай болду. Эми кер жорго мурдагыдай чуркай албай, акырындап тору ат ага теңелип, бир маалда озо кетти. Кара буура эми кер жоргого жакындай баштады. Жан деген кыйын го. «Берменин» күлкүсү жалп өчүп, алаңдап кубарып, кер жоргону камчыга алып, аны сөгүп-сагып, кудайлап, улам чукулдап келаткан Кара буураны кылчак-кылчак карап, жаны чыгып келет. Анын элеңдеген түрүн көрүп, алдыда чаап бараткан мал догдурдун боору эзилип, сагызгандай шакылыктап каткырат.
- Ой, токто! Ой, акмак, токтоле токто! - деп көтөн-чучугу түшкөн аюудай айкырат «берме» мал догдурга. - Тарт аттын башын! Буура жетмей болду, тарт атты.
Бирок мал догдур ансайын элирип күлөт. Ансайын «берменин» жини кашаят.
- Ой-энеңди... Сени бошотом! Азыр бошотом!
Мал догдур сестене калды. Торунун башын тартып, кер жоргону өзүнө теңеди да, кадам жетпей келаткан Кара буурага камчы жазгап, экөө бирдей сес көрсөтө баштады» (47-6.).
Ошол буура куушта мал догдурдун алдында шылдың болуп, шагы сынып, уят болуп калган «берме» (мал экенине карабай) Кара буурага ачуусу келип, ичинен катуу кекенип калат да, ошол ызалуу кегин басыш үчүн Кара буураны баш кылып төө тукумун жок кылмакчы болгон өзүнүн арампөш ойлору козголот. Ошол мотив аңгеменин андан аркы сюжеттик өнүгүүсүнө түздөн-түз түрткү болуп, «берменин» төөлөрүн кайтарып кыштоодо жүргөн Борбуну чабарман жибертип чакыртышы менен аңгемедеги сюжеттик окуя татаалдашып, чиеленишет.
Өзөктүк чиелениш уламдан-улам күчөп, акырындап чыңалып жүрүп отуруп (ал ортодо Борбу төөлөрдү алдыда билинбей жакындап жылып келаткан кырсыктан алакчылап-калкалап калуу үчүн чыйылдай сүйлөгөн директорго чейин барып, датын айтып, бүт күчүн жумшайт. Бирок түндөсү төө тагдыры түйшөлткөн ойлорунан уктай албай, күндүзү датын өткөрө албай, Борбунун төөлөрдү сактап калгысы келген андай аракет-далбасаларынан эч майнап чыкпай кыйналат), бир жумадан кийин «берме» Качкынбайдын жан-жөкөрлөрүн ээрчитип алып, төөлөрдү айдап келгени кыштоого өзү келиши менен окуя чиелениш чегине - кульминациялык нокотуна чейин өсүп жетет.
Кульминациялык нокотко таандык болгон сюжеттик эпизоддордо аңгеменин идеялык-эстетикалык маани-мазмунун арттырып, ага тереңдик ыйгарып, өң-түс ыроолоп туруучу образдуу сүрөттөөлөр бар. Алар өз кезегинде ошол кульминациялык нокоттун өзүндө түзүлгөн кырдаал аркылуу ачылышат.
Окуянын чиелениш чегинде жаралган мындай кырдаал аңгемедеги кейипкерлердин мүнөздөрүнүн аягына чейин ачылуусун шарттап туруучу кызмат аткаруу менен, түзүлгөн кырдаал кейипкерлердин сырларын көргөзүп, сындан өткөрүүчү мааниге ээ болот. Ошол эле мезгилде — кырдаалдын өзүндө, окуянын жүрүшүндө кейипкерлердин төө жаныбарларга жасаган мамилелери сюжетте алардын (каармандардын) ыймандык-этикалык жүзүн көргөзүп, адамдык нарк-насилин аныктап, ачып берүүчү чен болуп түшөт. Мындай жагдай өзгөчө Кара бууранын адамдар тарабынан атылып, айбан да болсо мал байкуштун айыпсыз кеткен армандуу жайын сүрөттөгөн эпизоддо ачык эле баамдалат; үйүрдү көздөй каптап келаткан жоон топ адамдарды көрө сала, төөлөрдөн бөлүнүп чыгып, утурлай келе жаткан Кара буура кыялында буларды кууйм, алар качат, ошентип бул жолу да төөлөрдү сактап калам деген ой-тилеги ишке ашпай, адамдар тарабынан бир нече жолу мылтык огуна кабылат... Куду кинотасмадагыдай элестүү берилген ошол эпизод автор тарабынан анималисттик-антропоморфтук формалардын жардамы менен пластикалуу сүрөттөлүп, ойдогудай ишке ашырылганы менен окурмандын көңүл көөдөнүндөгү ар кыл ассоциативдүү сезимдерди кошо ойготуп - өз үйүрүн коргоп жатып жан берген төө күрөшү жакындарын жан үрөп, жанталаша калкалагысы келген адам далалатындай сезилип; ал эми адамдардын мал экенине карабай (тим эле бир душманына мылтык ала жүгүргөндөй) төөгө мылтык ала жүгүрүшкөн жосунсуз зөөкүрчүлүк жоруктары аларды адамдык сапаттан ажыратып, андай деңгээлден төмөн түшүрүп, айбандык, жырткычтык кейипке келтирип жаткансыйт (окурман көңүлүндө ошол көз ачып-жумгучакты убакта эле трансформациялык, метаморфозалык кубулуштар жүрүп кеткендей, ошонун айынан төө адамга; адам айбандан да башка бир «тири укмуш жырткычка» айланып, алар ушундай бир кубулууга тушугушкандай асер калтырат) да, ошол эпизоддогу көркөм көрүнүштөр ушундай каймана түрүндөгү - аллегориялык-ассоциативдүү маанидеги образ-сүрөттөөлөргө чейин өсүп жеткени баамдалып кармалат.
Минтип кырдаалдын өзү кыйындап, төө жаны өлүм учуна илинип, дүйнө өзү аласалынып, асты-үстү түшүп турган кыйчалыш драмалуу, трагедиялуу келген мезгил-жагдайда автор Борбунун да, төөлөрүнүн да алсыздыгын кыябын келтире мындайча көргөзөт:
«Бууранын көзү балбылдап, ачык бойдон калыптыр. Ал бечара Борбудан көз албай жалооруй, аянычтуу тиктеп тургансыйт. Аны көргөндө төөчүнүн каңырыгы түтөдү. Өзүнүн да, төөлөрүнүн да алсыздыгына катуу кейиди. Көзүнөн жаш кылгырды» (50-6.).
Андан кийин автор «берме» Качкынбайдын да, кошоматчы жан-жөкөрлөрүнүн да мал табиятын түшүнүүгө жарай албай калышкан жандүйнөлөрүнүн жармачтыгы менен сезимдеринин кереңдигин жакшы табылган деталь аркылуу дагы бир жолу мындайча бекемдейт.
Касапка кетүүчү төөлөрдүн арасына Акбоз каймалча кошо чыгарылганда, Борбу ушул бийкеч төөнү жөн коюшун өтүнүп, тигилерден жалынып суранат. Өзүнүн андай далалатын алар анча түшүнө албай турушканын баамдап, акырында Борбу чал ачыгын айтып, ошол Акбоз бийкеч төө менен алдагы Тентек буура экөө жакындан бери ак сезимге кабылышканын билдиргенде, тигилер: «О, койчу? Төөлөр да сүйүшмөк беле? Бул эмне деп тантырайт? Деги, акыл-эси ордундабы? Малдын арасында жүрө берип, бу да мал болуп калган бейм?..» (51-6.) - деп шылдыңдап күлүшөт.
Аягында, төөлөрдүн жарымын айдап кетишкенден кийин, «короодо сороюп ботолуу сегиз төө, энесин жоктоп боздогон төрт бото, кудайга үнү жете бакырган Тентек буура, дагы үч бийкеч төө калат...» (51-6.).
Жакшылап байкаган кишиге бул баяндоонун артына айдалып кеткен төөлөргө ичи сыздап, жан айласын таба албай бүлүнүп турган акыркы төөчүнүн айласыз абалы астейдил туюнтулган — жарыктык төөлөр үчүн жан берип ооруган Борбунун субъективдүү жандүйнөсүнүн объективдүү түрдө кармалып, чагылып жатышы, чындыгында, төөлөр айдалып кеткенден кийин, дүйнөдө жалгыз калгандай жетимсиреп, сороюп турган да, энесин издеген ботодой боздогон да, кудайга үнү жете зарлап турган да ошол Борбунун өзү - анын жандүйнөсүнүн айласыздан болгон кыйкырык-ыйы.
Ошол түнү Борбу төөлөрүнүн жанына - кашарга түнөдү, таң ата төөлөрүн жайытка чыгаргандан кийин, чоң шашке болуп калганда гана кыштоого кайтып келди. Борбунун ошол учурдагы, кийинки кыйналган психологиялык абалын автор мындайча сүрөттөйт:
«Кемпири абышкасынын шишиген көздөрүнөн анын түнү бою ыйлаганын туйду.
Абышка ошондон кийин түнт тартып кетти. Аны эмдиги жылдан тартып бу жерде такыр эле төө болбой тургандыгы кыйнап жүрдү» (52-6.).
Айтылып өткөндөй, аңгеменин аягын Айтымбетов өз аң-сезим установкасы аркылуу атайылап эле терең психологизмге каныктыра, адабий түш менен аяктайт, башкача айтканда, аңгемеге психологиялуу финал күттүрөт. Бирок чыгарманын аягына келүүчү түштү автор жөн эле жайдак жерден алып чыгып, ылайыгы келсе-келбесе деле аны алпарып, аңгеменин аягына зордук менен чаптап жабыштырып, таңуулап жаткан жери жок - ал сюжеттик элементтердин композициялык жактан (башталыш, өнүгүш, чиелениш болуп) ырааттуу жайланышынан, умтулууга ээ болгон кыймылдуу коллизиялардын стадияларынан, башкача айтканда, башталган конфликт (завязка) чыңалган нокотуна чейин өсүп жетип (кульминация), аягында өз алдынча чечилишке ээ болгонунан (развязка); ошолордун ырааттуу-логикалык өнүгүүсүнөн жана кейипкердин ички психикалык кыйналууларынын ынанымдуу сүрөттөлүшүнөн улам (мыйзамдуу түрдө) келип чыгып жатат.
Көркөм чыгарманын системасындагы сюжеттин табиятын изилдешкен Л. С. Левитан менен Л. М. Цилевичтин пикирлерин эске алсак: «Чыгарманын аягы - финалдын аякталыш чеги болот, чечилиши (развязка) - бул анын борбордук нокоту, ал - финал уюштуруучу окуя»[7] болот.
Азыркы аңгеменин шартында финал уюштуруучу андай «окуянын» ролун адабий түш аткарып жатат.
Ал эми финал болсо, өз кезегинде негизги үч фактордун өз ара биргелешкен аракет-умтулуулары менен айкалыш-кесилишүүлөрү аркылуу түптөлүп-курулат; композициялык жагынан алганда (финал - чыгарманын аякталыш компоненти), сюжеттик жагынан алганда (финалдын негизи - чечилиш (развязка), баяндоо-речтик жагынан алганда (финал - речтик формалардын жыйындысы)[8].
Акыркы төөчүнүн кыялдуу түшү - онейростук мотиви аңгемеде финал уюштуруучу касиетке ээ болгону менен, ошол эле мезгилде андан башка дагы мындай көп катмарлуу - композициялык да, сюжеттик да, баяндоочу-речтик да функция аткарат.
Аңгемедеги адабий түштүн кызматы ошону менен эле бүтпөйт - алардан башка аңгемеде түш кейипкердин ички дүйнөсүнө терең үңүлүп кароого жол ачып берүүчү психологиялык каражат болуу менен каармандын бейаң дүйнөсүндө жаңыдан бүлбүлдөп, көз ачып келаткан анын потенциядагы мүмкүнчүлүктөрүнөн кабар берип турат; Борбу төөлөрү үчүн жан үрөп, аларды канатына калкалап, корголотуп турганы менен аңгеменин аягына чейин пассивдүү түрдө кала берет, а түш болсо убакыттын өтүшү менен анын ички дүйнөсүндө өзгөрүүлөр, жылыштар болуп жатканын көркөм туюнтат, аны Борбу өзү да анча аңдай элек, төөлөр үчүн болгон кийинки кармашта активдүү позицияга өтүп, кандай болгон күндө да (аброюна карабай, жалынып-жалбарса да) төө тукумун аман алып каларына, ал үчүн баарына даяр экенине окурман түш аркылуу ишенет.
Финал уюштуруп туруучу ошол түштүн дагы бир кызматы - аңгеменин аягында туруп алып, ачык сюжет жаратып жатканында.
«Диалогдуулук - көркөм тексттин маңыздуу касиети»[9] экендигин эске алсак, «диалог чыгарманын башталышы менен ачылып, финал менен кошо аяктайт»[10].
Азыркы аңгеменин шартында адабий түш ачык сюжет жаратууга көмөкчү болуп турганына ылайык, аңгеменин алкагындагы диалог, анын чегинен тыш чыгарылат, башкача айтканда, аңгеме окурман менен болгон пикир алышуусун аяктагандан кийин деле уланта берет...
Борбунун түш көрүүсү - Борбунун өз бейаң дүйнөсүнүн кыялдарына кабылуусу - аңгемедеги окуянын күтүлгүстөй болгон чечилиши. А бирок чыгармадагы конфликт ачык бойдон калат. Анткени ал автор үчүн да, кейипкер үчүн да, окурман үчүн да маанилүү...
Акырында, адабий түштүн өзүндөгү образдар менен символдор жөнүндө эки ооз сөз: аңгемедеги түш - кейипкердин аң-сезими тарабынан эч кандай кысымга алынбаган цензорсуз түш. Ошол үчүн Борбунун каалоо-мүдөөлөрүнүн баары түштө тоскоолу жок, ачык чагылып көрүнүп жатат. Ошого жараша, түштө татаал, каймана түрүндөгү образдар да жок. Бирок символ бар - Борбунун түшүндө «татынакай эки ак бото алып калып атканы» - Борбунун ак үмүтү, жакшылыктын символу.
[1] АйтымбетовО. Кызыл өрүк (Аңгемелер). - Ф.: Мектеп, 1980. - 52-6.
[2] Ибраимов К. Мифологиялык архаика жана азыркы адабияттагы «адам-табият» концепциясы. - Ф.: Илим, 1991. - 59-60-66.
[3] Ушул эле китеп. - 60-6.
[4] Айтымбетов О. Кызыл өрүк (Аңгемелер). - Ф.: Мектеп, 1980. - 39-6.
[5] Ошондо. - 45-6.
[6] Ибраимов К. Аталган китеби. - 55-6.
[7] Левитан Л. С., Цилевич Л. М. Сюжет в художественной системе литературного произведения. - Рига: Зинатне, 1990. - с. 302.
[8] Аталган китепте. - 208-6.
[9] Аталган китепте. - 299-6.
[10] Ошондо. - 299-6.