Осман Чевиксой: Атамды көрдүм

  • 01.07.2021
  • 6484

АҢГЕМЕ

Кеткенинен жыйырма жети жылдан кийин, түшкө жуук, жаңы ачылган дүкөндүн ичиндеги жапжаңы витриналардын алдынан атамды көрдүм. Оң жагында да, сол жагында да кишилер бар эле. Бир саамга тиктеше калдык, бири-бирибизди тааныдык. Жаңылган жокмун, атам, ооба, атам. Эч нерсе айтпастан күтүүсүздөн кетип калган, кеткенден кийин да бизди издеп кайрылбаган атам... Бир аз тиктешип турдук. Адегенде көргөн көзүмө ишенген да жокмун. Ушунча жылдан кийин мен атам менен маңдай-тескей турган элем, ал дагы мени көргөнүнө ишене албай жатканы көз караштарынан билинип турду. Аны көрбөгөндөн бери ал анча деле өзгөрбөптүр. Чачтары мурункудан дагы азайгансып, чыкыйлары бир аз кеңейгенсип калыптыр. Мурутундагы актары көбөйүп, толо түшкөн өңдүү. Өзгөрүүлөр болгону ушулар эле... Бул кичине, маанисиз өзгөрүүлөрдөн башка, атам кеткен күнү кандай болсо так ошондой эле экен. Жашгылт тарткан күлүңдөгөн көздөрү мурункудай эле калыптыр.

Атамды бери тартып мойнунан кучактагым келди.

Күтүүсүздөн кетип калып, бизди чексиз кайгыга батырса да ал менин атам да. Ал мени чоңойткон, мага жомок айтып берген, каякка барбасын такыр терикпей мени жанына алып жүргөн атам эле. Ал такыр жинденбеген, кыйкырбаган, кабагын бүркөбөгөн, бир жолу да көңүлүбүздү оорутпаган адам эле. Атам менен, асыл адамым менен чогуу мал жайып, азоо өгүздү бирге үйрөтүп, талааны биргелешип иштетип, эгин эгип, үрөн жыйначубуз. Ал иштеген талаага жакын жерге малдарыбызды жайып коюп, досторум менен эшек, жыгач чапмай ойногондо ары-бери секирип атып жоготуп ийген макилеримди таап алып келип берчү эле.

Жаан жаап, Юкары-Чайдын суусу толуп калганда, мени жонуна мингизип алып өйүзгө өткөрүп койчу. Келечек пландарды да чогуу түзөр элек. Мен ага окшоп боз топуракка байланып калмак эмес элем. Окуп киши болушум керек эле. Жылуу, таза ишканаларда иштемекмин. Батареялар жылыткан үйлөрдө жашамакмын. Үтүктөлгөн шым, аппак көйнөк кийип, галстук тагынмакмын. Балалуу болмокмун. Гүлдөй болуп жашамакмын. Атам менен апам дагы  неберелеринин жыргалын көрүү үчүн үйүмө келишмек. Төрт-беш күн, бир апта биз менен болуп, ырахатыбызды, ынтымагыбызды, бакытыбызды өз көздөрү менен көрүп, алар да андан ырахат алып, бактылуу болуп кайтышмак. Карыганда да кыйналбай-кысталбай турмуш өткөрмөкпүз.

Атам кеткенде айланам бошой түшүп, өзүмдү жапжалгыз сезгем. Анын жоктугуна такыр көнө албагам. Аны абдан сагынчумун жана бир күнү сөзсүз жолугарыма ишенчүмүн. Ошол күткөн күн ушул күн болуу керек! Анын мойнуна асылып, “Атам!” дешти, муну менен апамдын ага таарынбагандыгын, кандай калтырып кетсе, ошондой эле жүргөндүгүн, аны ошол күндөрдөгүдөй эле жакшы көрө тургандыгын айтууну кааладым. Бул оюмду айтпасам да, кыймыл-аракетим менен сездиргим келди.

Бир кызыктай сезим менен, балким ашепке толкунданганданбы, аны кучактоонун ордуна бетимди бастым.  Колдорумду бетимен алып, көзүмдү ачканымда ал жок эле. Бир аз мурун эле дүкөндүн айнегиндеги кишилердин арасында жүргөн ал азыр жок. Кызык!

Бир заматта каякка кетмек эле?    

Кеткендердин артынан карадым, ичинде жок.

Жок эле.

Аттиң, ага айта турган канча бир кебим бар эле да, эми айтылбай ичте калабы?..

Сага айта турган көп нерсе бар эле, ата! Үйгө конок келгенде дайыма, “өзүбүздүн үйүбүз болгондо...” дечү элең го. Эски болсо дагы, кичине болсо дагы, бизди ижарадан куткарган бир үйүбүздүн болушун каалачу элең го...

Үйлүү болдук, ата! Сен көрбөй калдың, бирок биз үйлүү болдук. Ижарадан кутулдук. Дубалдарын коркпостон сүрөттөрдү иле алган, каалгалардын сырттарына илгичтерди кага билген өз үйүбүз болду. Бирок сени бир күн болсо да, бул үйдө коноктой албадык. Ушунчалык кубанарыңды билсек дагы, бир тамга кожоюн болгонубузду сага сүйүнчүлөй албадык. Анткени сен биз билбей турган, жетпей турган, сөздүн ачыгы жетүүнү каалабаган бир жерде жашачусуң.

Үйдөн кийин машинелүү болдук, ата. Жумушума машине менен барып келем. Жайында айылга машине менен бардык. Жанымда болгон кездерде ар барган жериме апамды машине менен апарып аттым. Тууган, дос, коңшу, тааныш, ким жолукса жолуксун, бара турган жерлерине жеткирип коюп, баталарын алдым. Бир сага жете албай койдум, ата. Бир сени машинеме салып кыдырта албадым, ата. Бир сен гана бизден алыста элең. Бизди таштап кетпесең эмне, ата!

Сени “шапкечен чоң ата” деген неберелериң бар эмес беле, чоңоюшту. Мектептерин бүтүштү, аскерге барышты, үйлөнүштү, а түгүл балалуу-чакалуу да болушту. Азыр менин да неберелерим бар, ата. Ишене албайт болушуң керек, бирок беш жылдан бери мен да чоң атамын, небере сүйүп отурам. Сен айткандай, небере деген балдан таттуу турбайбы. Чоң ата болгондо сени ого бетер түшүнө баштадым, ого бетер сагынычым артты! Неберелериң сени көргөндө эркелеп кетишчү эмес беле, азыр менин неберелеримдин да мени көргөндө эркеликтери ашыгып кетет. Чынында эркелеткен деле, эркелеген деле эч ким жок: бирок аталары менен апаларына ушундай сезилет экен. Көп жыл мурун бизге ошондой сезилген сымал. Аттиң, менин неберелеримди билсең эмне. Аларга “мени чоңойткон, сабырдуу мыкты киши ушул!” деп мактанышты ушунчалык кааладым, билесиңби, ата?..

Сен билбеген дагы бир нерсе бар, ата! Сен кете электе кирген жумушумда сен кеткенден кийин деле иштедим, пенсияга чыктым. Азыр кыздарыңдай көргөн келиниң дагы, мен дагы пенсияда отурабыз. Тээ кичине кездеги ойдон куруп алган кыялдарыбыздай... Жашообуздан ырахат алып, ынтымактуубуз, бактылуу жашап жатабыз, бир гана сен жоксуң. Сага биринчи айлыгымды алганда бир көйнөк алып бердим эле, пенсиямдан эмнелерди гана алып бермекмин, ата! Бизди таштап кетпей койсоң эмне болмок...

Колдорумду бетимен алганда жоголуп кетпегениңде сенден сурай тургандарым бар эле. Апам менен жуучу түшүп үйлөнгөнүңдү билчүмүн. Болочок аялын үйүнө келгенде гана бетин ачып көргөн киши, кантип Мажнун, Керем, же Фархат сымал  ага ашык болуп калат? Кантип тойдон мурун такыр көрбөгөн кызды өзүнө Лайли, Аслы, же Ширин сымал ашык кылдырып алат? Кантип бул тунук сезим түбөлүк сүйүүгө айланып, жыл өткөн сайын азайбай да, кемибей да, адатка айланбай да уланып келет? Мейли бизди бир жакка кой, апамды кантип таштадың, кандай азапка салып кеттиң, ата?

Апамдын ал күндөн бери бары дагы, жогу дагы билинбейт. Дем алат, карайт, турат, сүйлөйт, дени деле сак, бирок апам жашабайт, ата! Апамдын бул дүйнөдөгү жашоосу сенин кетишиң менен токтоп калган. Билесиңби, сенин артыңан бир тамчы жаш да чыгарганын көргөнүм жок. Ушунча жыл бою бир да жолу сен тууралуу үн катпады. “Кургак төөбуурчакты эт менен кошуп бышырсам ач калар эле” деген жок.  “Сүзмөдөн жасалган чалапты жакшы көрөр эле” деген жок. “Маңдайында мен отурбасам, курсагын тойгузганды мындай кой, дасторкондун четине да отурчу эмес” деген жок. “Беш көкүл кыз кезимде келдим, таяк жегеним жок, тилин укканым жок” дебеди. Апам сен жөнүндө ооз ачкан жок, сени бизге такыр айтып бербеди, ата! Апамды жалгыз эле өзүңө эмес, бизге, айланасына дагы эмес, жашоосуна таарынтып кеттиң. “Баары жалган тура!” дейт, башка эчтеме дебейт. Баары жалган беле, ата?

Баары жалган болсо, жыйырма жети жылдан кийин Кызыл-Айда жаңы ачылган бир дүкөндүн айнегинен сени көргөнүм чындык эмеспи. Кыска болсо дагы, бири-бирибиз менен тиктешкенибиз чындык. Колдорумду бетимен алып, көздөрүмдү ачканымда сенин жок болуп кеткениң да чындык.

Апама эмнеге муну айтканым жок, билесиңби, ата? Ат көтөрө алгыс жүктүн астында жүргөн, сени учкан куштан калкалаган, сени эки көзүңдөн калкалаган, сенин колуңа тикен кирсе, жүрөгү канаган, боору ооруган аялга сени бир дүкөндүн айнегинен көргөнүмдү эмнеге айтпаганымды билесиңби? Ал аялдын сага деген сүйүүсүн, терең байланышын урматтаганым үчүн... Аны дагы бир жолу жер менен жексен кылбоо үчүн... Апам болгондугу үчүн, аны кыя албаганым үчүн сени кеп кылбадым.

“Атамды көрдүм!” десем, ал сөзсүз мага терс карамак. Оозун бирдеме айткысы келгенсип камдап келип, кайда, кантип, кандайча жолукканыма кызыкмак. Кайдыгер кишидей болуп менин баянымды күтмөк. “Атамды мурунку аптада Кызыл-Айдагы жаңы ачылган дүкөндөгү күзгүлөрдүн маңдайында жасанып, каранып жатканында көрдүм. Такыр өзгөрбөптүр, бизди таштап кеткениндей эле экен” десем, бир шылтоо менен өз бөлмөсүнө, ашканага, балконго, же кошунанын үйүнө басып кетмек. Кызыкпаган киши өӊдөнүп коймок. Бирок ичинен бул жолугушуунун ар бир саамын элестетип кызыкмак. “Күтүлбөгөн жерде маңдай-тескей келгенгеби, толкунданып кеттим, аябай таң калдым, эмне кыларымды билбей, бетимди жаба калдым, апа. Колдорумду бетимен алып, көздөрүмдү ачканымда ал жок болуп кетти. Дүкөндүн айнек витриналарын кызыга караган кишилердин баары орду ордунда эле, ал гана жок болчу. Бир аз мурда турган жериме кайра туруп, каранып жаткан күзгүгө карандым” десем да, сөзүмдүн ары жагын түшүндүрө албас элем. “Атам кайра маңдайымда, күзгүнүн ичинде экен, мени карап жатыптыр. Дагы көздөрүбүз тиктеше түштү, бул саам узакка чейин бири-бирибизди карадык” деп айта албас элем.

Айта албас элем, ата!

Анткени айнектеги киши сен эмес элең, мени тиктеп да турган сен эмес болчусуң. Айнектин чагылышындагы киши мен болчумун, мен ал айнектен өзүмдү көрүп жаткам. Барса келгис жакка кеткениңден бери жыйырма жети жылдан кийин мен сага ушунчалык окшоп калыптырмын, ата! Муну витринаны экинчи жолу караганда байкадым. Кийин ар бир сакал алышымда, ар бир галстугумду такканымда, кыскасы, күзгүгө ар бир каранышымда сени менен маңдай-тескей келем.

Сени аябай сагындым, ата!

Буларды апама айта албайм...

Түшүнөсүң да...

 Эми мунун баары ортобуздагы сыр эле болуп калсынчы...

Кыргызчага которгон Салия Ибраимова

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз