Дөө-шаа жазуучулардын «толгоо» тарткан тозогу

  • 29.07.2021
  • 4509

Март айынын башында дайыма белгиленип келген жазуучулардын эл аралык майрамы быйыл белгиленген деле жок. Ушундай майрам болгонунун өзү эле кызык, анткени жазуучулардын өздөрүнүн айтымында — бул кесип аларга толгон-токой жан дүйнөнүн оорусун, уят болууларды, баш айлануу менен уйкусуздук сыяктуу азап-тозокторду гана алып келет экен. Тиштери, чачтары түшөт. Бул өзүнчө эле кыйноо жана сүргүн.

Weekend улуу жазуучулар ишке келгенде кандай кыйналууларга туш болушканын изилдеп, алардын өздөрүн болбосо да, алар майрам тартуулаган окуучуларын куттуктап коюну чечтик.

♦ ♦ ♦

Адатта, эң биринчи кадамың оор, баштап алсаң калганы кете берет деп коюшат эмеспи. Мен антип ойлобойм. Мага “алгачкы бөлүмдү” жазуу өмүр бою бүтпөчүдөй сезилет. Ушул убакытка чейин алардын канчасын гана жазбадым дейсиң! <…> баштайм да андан ары кантип улантам – башым маң.
Жон Рональд Руэл Толкин

♦ ♦ ♦

Бул өзүн-өзү кыйноо. Эмне үчүн бул азабы көп жазуучулук ишке чалындым! Түшүнбөйм! Атам сыяктуу эле айыл чарба машинелери, анын шаймандары менен алектенип жүрө берсем болмок да.
Исаак Бабель

♦ ♦ ♦

Жазып жатканда өзүмдү буту-колу жок, оозуна карандаш тиштеп алган адамдай сезем.
Курт Воннегут

♦ ♦ ♦

Адабиятчы болсом да учур чакта этиштен кийин кандай сүйлөм ылайыктуу келерин билбейм.
Антон Чехов

♦ ♦ ♦

Жаза баштагандан кийин эки ай катуу туталанып жаман абалда жүрөм: шалдырап алым кетет, тегерегимдегилердин баарына таарынып, аларды көргүм жок, уйкусуз түндөн кийин эс албай эле чарчап турам, итатайым тутулуп, сиркем суу көтөрбөйт. <…> Эмнеден баштарымды билбейм.
Сильвия Плат

♦ ♦ ♦

Жазган [романды] — өтө оор жумуш, көпчүлүк учурларда чачың жыдып, тиштериңе курт түшөт.
Фланнери О’Коннор

♦ ♦ ♦

Биз бала кезден эле эмгек кылып келгенбиз. Бирок роман жазуу кандай кыйын болорун билбептирбиз. Эгерде мен сандырак сөздөрдү сүйлөгөн адам катары көрүнгөндөн чочулабасам, анда биз каныбыз менен жаздык деп эле ачык айтмакмын. Эмгек Сарайынан түнкү саат эки же үчтө тамекинин түтүнүнө ышталып чыгар элек. Үйүбүзгө Москванын чаң баскан ээн көчөлөрү менен, көгүлтүр нур чыгарган газ чырактардын жарыгында сөз айтканга алыбыз келбей, илең-салаң болуп, бутубузду сүйрөп араң кайтар элек. Кээде үмүтүбүз өчүп, шаабайыбыз сууган күндөр болгон.
Евгений Петров

♦ ♦ ♦

Окшошпойт, жаза албай отуруп, каалабай да калдым.
Михаил Салтыков-Щедрин

♦ ♦ ♦

Россия жөнүндө ыр жазуу кыйын болуп калды, «маданият» жөнүндө, «сүргүндөр» жөнүндө. <…> Анда-мында башы-аягы жок ойлор келе калат: «кетишет / кипарис аллеялары деңизге…», көңүлүм айныйт, мээ иштебей, кайталана берип ышпалдасы чыккан сөздөрдүн тизмеги башыман кетпей тажатат… Кандайдыр бир элести кармап, аны тереңине чумкугум бар, бирок азырынча көз алдымдан жасалма элестер гана чубурат; итиркейим келгенин айтпа.
Владимир Набоков

♦ ♦ ♦

Кудай урсун, жаза албай калдым, ар бир колума төрт пуддук жүктү байлап алгансыйм. Чындап эле колдорум көтөрүлбөйт. <…> Башым бопбош, ойлоно албай да калдым.
Николай Гоголь

♦ ♦ ♦

Жаза тургандай эч нерсе жок. <…>. Мени менден да катуурак азап чеккен адамдар бар деген ой гана сооротот.
Вирджиния Вулф

♦ ♦ ♦

Жаза турган машинканы маңдайыма коюп алып, сөгүнүп олтурам.
Пелем Гренвилл Вудхаус

♦ ♦ ♦

Мен жазып отурганда китеп окуучулар жөнүндө ойлонбойм. Тек: «Качан жыйырма экинчи этаждагы акмак, дубалын тешип бүтүп электр  көзөгүчүн өчүрөт?» — деп ойлоп олтурам. Бул Москвада экенимде. Ата Мекенибиз өз уулдарын чыйрак өстүргөндү билет.
Виктор Пелевин

♦ ♦ ♦

Бүткөндөн кийин тытып ыргытарымды жакшы билип турсам да, журнал үчүн аңгеме жазып эки ай бою турбай олтурдум. Каргыш алгырдыкы! Ушул үй кол жазмаларым менен, андан да жакшысы – өзүм кошо тезирээк өрттөнүп кетсем болот эле.
Фрэнсис Скотт Фицджеральд

♦ ♦ ♦

Мен ооруп калдым, жазгым келет — бирок жаза албай калдым. <…> Кара сөз кускумду келтирет.
Александр Пушкин

♦ ♦ ♦

Ойлондум, толгондум — баары бекер. Тынчсызданган чакырыктарга тунжуроо менен жооп берген, жазуучулар үчүн өлүмгө тете, бир нерсе ойлоп табууга жөндөмсүз боштукту сездим. «Бир окуя ойлоп таптыңбы?» деп сурап жатышты ар бир күнү эртең менен, мен ар бир күнү кемсинип, «жок» — дегенге мажбур болдум.
Мэри Шелли

♦ ♦ ♦

Башымда эч кандай ой жок. “Сонун күндөрдүн биринде” (укмуш жаңы табылга) деген сүйлөм менен чыгарма баштап көрдүм. Анан “бир” деген сөздү чийип салдым. Андан кийин “сонун” деген сөздү чийдим. Акырында сүйлөмдү толугу менен өчүрүп, чоң тамгалар менен: ЭНЕҢДИ С...   <- - ->! — деп жаздым да, ошону менен бүтүрдүм.     
Иван Тургенев

♦ ♦ ♦

Мен үчүн жазуучунун ишибүт эркиңди топтоп, алга карай акырын жылуу: чыдап күтөсүң, жарым күн оонап жатасың, уктайсың, турасың. Эртеңкиге чейин эс алып, акыры ишиң шыр жүрүп кетерине үмүт кыласың.
Томас Манн

♦ ♦ ♦

Кээде жазып отурганда күтүүсүздөн токтой каласың, тээ мээңдин түпкүрүнөн “Жок, башка жакка ооп баратасың”— деген үн чыгат. Кийин мага эскертишкен эмес деп айтпа.
Рей Брэдбери

♦ ♦ ♦

1000 түрлүү майда иштерден тышкары апта бою бардык күчтү жумшап тынымсыз иштеп, жума күнгө чейин жазып өткөзө турган чыгармамды аякташым керек. Ошондуктан алдымда үч күндүк сүргүн күтүп турат.
Федор Достоевский

♦ ♦ ♦

Бүгүнкү күндү жазбай бекер өткөзкөнүмө кантип актанам? Актанууга эч себеп жок. Анын үстүнө абалым да анча жаман эмес, кулагымда тынбай бир чакырык жаңырат: “Ойгон, абийир соту!”
Франц Кафка

♦ ♦ ♦

Бир сап да жазбай, башкалар сыяктуу эле кадимкидей жай турмуш өткөзүп, башты оорутпай, ажалым жеткиче кол эмгегим менен нанымды таап жегениме кубанып жүрө бербей деп ойлонгон мүнөттөрүм болот.
Ганс Христиан Андерсен

♦ ♦ ♦

Айлам кетип, заманам тарып турат, анткени үчүнчү бөлүмдө, экинчи бөлүмдөгү колдонгон ыкмаларды кайталашым керек. Айрым шылуундар айласын таап ал кыйынчылыктан оңой эле чыгып кетишмек. А мен өгүздөй болуп, эң терең жерине барып тыгылам, менин ыкмам ошондой. <…> Бир абзацты бүтүргүчө миң алакетке түшөм! Бул китеп башымды жутат ко.
Гюстав Флобер

♦ ♦ ♦

Кээде беш пьесаны бир баштап коюп таштап салам,— бирөөнү жаңы эле баштаганда, экинчисин жарымына жеткенде.  Ойлорум уланбай, алдыга жыла албай буйдалам; а жазбай койгонго болбойт: ыйлайсам да жазышым керек. Чач ошондон агарып жатпайбы.
Александр Островский

♦ ♦ ♦

Бөтөлкөнү колума алып өйдөкү кабатка көтөрүлүп баратканымда дайыма толкунданам. Жазар машинканын жанында он беш мүнөттөй олтурам. Ал жерге мен атайын жазыш үчүн келбейм, машинка ошол жерде турган үчүн келем. Ал жаза баштабаса балким бүгүн жашоом токтоп каларын жакшы түшүнөм.
Чарльз Буковски

♦ ♦ ♦

Мен биздин сүйүүбүз тууралуу жазып жатам. Бул айтып бүткүс оор нерсе. Жазыш үчүн жүрөгүмдүн чел кабыгын сыйрып алып, анын канчалык кыйналып жатканын көрүшүм керек.
Андрей Платонов

♦ ♦ ♦

Ыр жазууга аракет кылдым. Баш-аягы жок майып ырлар жаралды!
Иван Бунин

♦ ♦ ♦

Үстөлгө олтуруп бир нерсе жазгым келди. Алдыма кагаз-калемимди алып ойлонуп олтурдум. Менин жазгым келет, бирок эмне жазарымды билбейм. Ыр жазамбы, аңгеме жазамбы, ой толгоолорумду жазамбы же жөн бир нерсеби – аны да билбейм. Айланама көз жүгүртүп, оюма бир нерсе түшөт ко деп ойлодум. Бирок эч нерсе келген жок. Айлам кетти. Эгерде үстүмдөгү шып кулап түшсө, ушинтип жалдырап эмне күткөнүңдү билбей олтура бергенден көрө жакшы болмок.
Даниил Хармс

♦ ♦ ♦

Көйгөй – жазуучулук жөндөмүмдө эмес, дайыма иштен алакты кылышканында. <…> Бирде Түштүк Африкага, бирде Дубайга чакырышат — Дубайга бекер эс алып келгенден ким эле качсын?
Жорж Р.Р.Мартин

♦ ♦ ♦

Жайында иштегиң келбейт. Анткени бул учурда ажал, өлүм жөнүндө ойлонбойсуң. <…> Романды колго алып, бул каргыш алгырды баштап алган соң бүтүрүшкө туура келет.
Эрнест Хемингуэй

♦ ♦ ♦

Кечээ туулган күнүм болду. Бир жыл өтүп кетиптир, а чыгармачылыгымда бир айлык да иш кылбаптырмын. О кандай уят, кандай шермендечилик... бир жылды бошко кетирдим!
Сэмюэл Кольриж

♦ ♦ ♦

Түнү менен жазып чыктым. Шашкалактап, эмне жазганымды билбейм. Окугандан заарканасың.
Михаил Булгаков

♦ ♦ ♦

Жазбай калдым — жазалбай атам! <…> Өңүмдө эле эмес, түшүмдө да өзүмдү мүлжүп жегенден башкага жөндөмүм жок.
Николай Леско

♦ ♦ ♦

Кудайдын куттуу күнү үстөлгө жазайын деген жакшы ниет менен келип олтурам — сегиз саатка чейин олтурам, олтура берем. Ушул убакыттын ичинде ашып кетсе үч сүйлөм жазам да, айлам түгөнүп, өчүрүп салып туруп кетем. Башымды дубалга койгулагым келип, араң карманам. Оозумдан көбүк чачыратып, үнүмдүн болушунча озондоп ыйлагым келет, бирок ага жеткизбей өзүмдү токтотом.
Жозеф Конрад

♦ ♦ ♦

Үргүлөп олтуруп алып, лимонад ичкеним эле калды, жазууга шайым жок.
Чарльз Диккенс

♦ ♦ ♦

Көңүлдү чөктүргөн, эч айыкпастай абалга туш келдим. Улам бир баракты алып чиймелеп, тытып ыргытам, мына бүгүн 1 деген санды барактын оң бурчуна онунчу жолу жазып отурам.
Юрий Олеша

♦ ♦ ♦

Романдын болжолдуу сөлөкөтүн колума алдым, бирок бир нерсе жазып жиберериме ишеним аз: анткени каарманым татаал жана аягына чейин кандай болорун аныктай элекмин, бирок башташ керек. Башын баштасам, аягы кандай болор экен?
Иван Гончаров

♦ ♦ ♦

Жазуучунун жашоосундагы эң жагымдуу учур — бул сени күткөн актай барак. Жазуучунун жашоосундагы эң жаман нерсе — бул үмүтүн үзбөй сени күткөн актай барак.
Жоан Роулинг

♦ ♦ ♦

Жаза албай койдум — барып чөп чаап келейин.
Лев Толстой

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз