ЫРДАЛГАН БИР ЫР МАГА
Бул ырды ырдачу экен
Мени апам терметкенде.
Бул ырды айтып берген
Алыска мен кеткенде.
Апамын ошол ырын
Көңүлгө бек каткамын.
Даанараак уккансыймын
Ыраактап кеткен сайын:
«Учкундан от тутанып,
Жалын чыгат.
Чачырап кеткен учкун
Сөнүп тынат.
Тамчыга тамчы тамса,
Сууга айланат.
Чачырап кеткен тамчы
Бууга айланат.
Азамат баскан изден
Көптөр басат.
Жалгыз бир кыйшык изди
Чөптөр басат.
Талаанын гүлдөрүн эл
Мактап өтөт.
Жолдогу сыңар гүлдү
Таптап өтөт.
Гүл болуп чыксаң кокус
Жолго чыкпа,
Жарк эткен учкун болсоң,
Жалгыз учпа.
Тамчы бол, дайранын бол
Арасында,
Изиңдин чөп баспасын
Салаасын да.
Өмүрүң өтпөсө экен
Желдей көйрөң.
Дүйнө сендик, мен ага
Сени бергем!»
Бир ырды ырдачу экен
Мени апам терметкенде.
Ал ырды айтып берген
Алыска мен кеткенде...
БАШТАЛАТ ЖАШОО УШУНДАЙ
Жөрмөлөгөн эркек бала
Топ сыңары тумаланып.
Сыртка чыгып, кең короодо
Там-туң басат тура калып.
Эзелтеден эскирбеген
Турмуш заңы ушу белем:
Адам болуп туулган соң
Басуу керек буту менен.
Бут токтотуп, араң зорго,
Көзүн бир аз жумуңкурап.
Балапанча оозун ачып,
Күнгө карай колун сунат.
«Жерге түшсөң – дегенсип ал
Кол булгалайт жарык күнгө, -
Кел, бери түш, бир ойнойлу
Кубалашып чөп үстүндө!»
Бас, бас, тайым! Төрөлгөнсүң
Алыс чуркап барыш үчүн.
Алтын канат бакыт кушун
Жазбай кармап алыш үчүн.
Бу короодон кичине жол
Алып чыгат кара жолго.
Кеңейгенсип кетет дароо
Дүйнө чеги дал ошондо.
Кош аяктап басуу керек
Адам наамын алуу үчүн.
Ушинетип баштайт адам
Жашоо деген улуу ишин.
Эне турат жетине албай
Көздөрүнөн төгүп мээрим:
«Дүйнө сендик, анткени мен
Бу дүйнөгө сени бердим...»
ҮЧ ЖҮЗ ЖИГИТ
Аткан чакта кызыл канга батып таң,
Кирген чакта бизге душман батыштан,
Ата-Мекен айгай салды ураанын,
Ал ураанды кайталады Уралым.
Келди бизге ошол ураан дүңгүрөп:
- Аттангыла, башкырттарым, эр жүрөк!
Калк башына көңтөрүлдү кыйын күн.
Үч жүз жигит — балдары бир айылдын —
Алчыланган үч жүз атты бат токуп,
Жөнөп калдык эл-журт менен коштошуп.
Сүйгөн жарлар көздөн жашын көлдөтпөй,
Кайгы-муңун кабагынан көргөзбөй,
Күлүктөрдүн кабагынан сүйүшүп,
Кош айтышты ичтеринен күйүшүп.
Шылкыйган жок күмүш сакал аталар,
Ый чыгарбай катып калды апалар.
Чолок жашын көрсөткөн жок бирөөсү,
Дал ушундай биздин элдин мүнөзү.
Жигит кетсе карчылдашкан кармашка,
Анын жолун көлдөтүшпөйт ый-жашка.
Кетпесин деп эл-жеримден бак-таалай,
Кан майданга кирет жигит жалтанбай.
Өзү калса, аты кайтат чамынып,
Аты калса, даңкы кайтат жаңырып.
Мына ушундай уулдарды төрөгөн
Бу төрт жылда чач агарткан энелер.
Үч жүз элек – бир айылдын жаштары -
Жүз элүүбүз кан майдандан кайтпады.
Ата үйүнүн каалгасын какпады.
Чоочун жердин турпагында калды алар,
Бирөө дагы жоголгон жок бейкабар.
ТҮШТӨ ЖААГАН ЖАМГЫРДАН СОҢ
Айтор, менин терс: кыялым жок белем:
Дүйнө менен мамыр-жумур жашадым.
Ырк бузушпай ынак жүрдүм от менен,
Суу менен да болгон жок эч чатагым.
Дүйнөнү мен муңайтпайын дейимби,
Же калганбы адат болуп жашыман:
Каржалсам да бийик кармап көңүлдү,
Кайгым болсо кайра терең жашырам.
Достор айтат: «Бу кылганың ийги эмес,
Ырың такыр ый-кайгыны тата элек».
Мен актанам: «Жолдун баары ийри эмес,
Ар бир гүлдө боло бербейт тикенек».
Келгенимче ушу жашка бүкүлү
Дүйнө мага карап келди кайрымдуу.
Кээде мактап жарыбаган ишими,
Кээде жапты килейген чоң айбымды.
Бирок бүгүн жарык пейлим түгөнүп.
Чөгө түштү көңлүм жаман түнөрүп.
Бул ырымды жазбайт белем, ким билет,
Эгер жүрөк мага буйрук этпесе.
Жүрөк деле дебейт беле эчтеке,
Эгер бая чаңкай түштө үлдүрөп
Дыбыр-дыбыр жамгыр жаап өтпөсө.
Күн күркүрөп, чагылганы соймоңдоп,
Добул болду! Сүрүнөн жер калтырап...
А жамгырчы? Жарытылуу жааган жок,
Дыбыр-дыбыр жаады бир аз тамчылап.
Эх, ырларым, силерди мен аядым:
Чыксаңар да добул кагып жаркырап.
Тууган жерге жамгыр өңдүү баягы
Жаапсыңар араң-араң тамчылап.
Нөшөр келет. Келери анын анык-чын,
Келер маалы жакынбы же алыспы?
...Анткен менен тиги сараң булуттай,
Өмүрүмдүн тең жарымын арыттым...
1956-жыл.
Түп нускадан которгон Салижан ЖИГИТОВ