Мээрим Сайдилкан: Тили таттуу адамдардан чарчадым

  • 01.01.2022
  • 4534

*   *   *

Мен табиятка сыйынамын. Тоолорго жалынып, дарыяга муңумду төгүп, толгон айдан бакыт тилеймин. Жамгыр жааганда жаш баладай сүйүнүп, жамалымды жууймун. Өзүм менен өзүм сырдашамын. Сүйлөшөмүн. Урушамын. Кээде өзүмдөн-өзүм уяламын. Калп айткан учурларым болот. “Эч качан калп айткан эмесмин” дегендерге ишенбеймин. Анткени, адамдар калп айтат. Азыр абдан чарчап жүрөмүн. Адамдар менен сүйлөшкөндөн чарчап жүрөмүн.

Өз уюгума кирип кеттим. Качан чыгарым, азырынча белгисиз. Бир сырдуу дүйнөдө жүрөм. Өзүм менен өзүм калганда, кээ бир нерселерди түшүнө баштадым. Мен адамдар менен сырдашып көргөн жан эмесмин. Тоолор сырларды бекем сактайт.

 *   *   *

Биздин өмүр, өз урпактарыбызды, кийинки муунду татыктуу тарбиялаганда түбөлүктүү болот.

*   *   *

Короновирус оорусу аркылуу адамдар жалпы өлүмдөн коркпогонун түшүндүм. Жугуштуу экенин билип турса да, өлүм коркунучу болгонуна карабастан, кайра-кайра эскертүү берилсе да, эреже сакташпай кучакташып, өбүшүп учурашып жатышат.

Жеке адамга ооруң өтүштүү, өлөсүң деген диагноз коюлса, өлүп калбоо үчүн болгон аракетин жумшамак. Биз адамдар жеке өлүмдөн коркуп, жалпы өлүмдөн коркпойт турбайбызбы?

*   *   *

Сыртынан тааныган кээ бир адамдарым бар. Алар жердей терең, дың сезилет. Аларды жазгандары, кылган иштери аркылуу жакшы тааныймын. Аяр, аяп карагым келет. Кездешким, жолуккум, таанышкым келбейт. Кээде көрсөм да учурашпаймын. Сезимимдеги бийик орундарын өчүргүм келбейт.

*   *   *

Мен тоонун кызымын. Тоого суктанганымдай, сулуу, акылдуу айымдарга суктанып бүтпөймүн.

*   *   *

Ач көз, жеген сайын тойбогон адамдарды күнөөлөбөймүн. Эмне кылышсын, теги ач көздөр болсо, канында бар эмеспи.

Даанышмандык каныңда болушу керек. Ал үчүн тегиң таза болсун!

*   *   *

Учурда бир котормо менен алекмин. Бир сүйлөмдүн маанисин толук түшүнсөм да кандай жазышымды билбей убарамын. Ар түрдүү жазып, оңдоп көрдүм. Бирок дагы деле оюмдагыдай болбой жатат. Оюмдагыны оюмдагыдай жаза албай убарамын. Акыры биринчи которгонумдай жазып койдум. Бирок оюм дале ошол жерде калды.

*   *   *

Өзүмдөн күчтүү, билимдүү адамдарды көргөндө, аларга карап суктануу менен бирге кичирейемин.

*   *   *

Кээ бир адамдардын жүрөгү жүрөк эмес. Себеби, аларда сүйүү да, адамгерчилик да жок.

*   *   *

Адам жалгыздыктан качпайт. Жүрөгүн сыздаткан жаралардан качат.

*   *   *

Тили таттуу, жүрөктөрү бош адамдардан чарчадым.

*   *   *

Каалаганыңдай жаша, бирок эч кимдин жүрөгүн оорутпа.

*   *   *

Мага мындай дегенсиң: “Сага болгон сүйүүмдү толук көргөзсөм, сен анда баарын таштап басып кетесиң”. Жок. Мен сенсиз жашай аламын. Сүйүү денелердин бири-бирине биргелешүүсү эмес, сүйүү жүрөктө жашашы керек.

*   *   *

Сөздөрү менен кылгандары дал келбегендерде жүрөк барбы? Жок. Бирок алар дагы бизге сабак.

*   *   *

Жалгыздыгыңды сездирген адамдар менен жашоо азап.

*   *   *

Балдарым сабырдуу болууну, туура жашаганды үйрөтүп жатышат.

*   *   *

Тоого кеттим. Айда бир жолу тоого барбасам тоону сагынамын. Сагынычымды жүрөгүмдүн үнү айтып берет. Мен унчукпай угамын. Ал сүйлөйт. Ага шырылдаган дарыя шерик.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз