Жапондордун мүнөзүн туюнткан жомок

  • 08.05.2022
  • 4080

Жомок элдин кыялы, ой-мүдөөсүнүн турмуш тажрыйбасы аркылуу топтолгон акыл-парасатынын көркөм формадагы уюткусу, каймагы. Каймак сүткө, сүт мал жеген отко багыңкы. Бирок ар үйдүн каймагы сапаттык жактан айырмаланып турат эмеспи. Анын сыңары түркүн элдин жомоктору да алардын жашоо жолою, кулк-мүнөзү, менталитети, дүйнө таанымы, табияты, географиялык ордуна, сырт дүйнө менен болгон карым-катнашы, тарыхы жана маданиятына жараша өзгөчөлөнөт. Жапония уникалдуу өлкө. Чоң-кичине аралдардан куралган. Арал деңиз менен чектелгендиктен, аны байырлаган элдин эркиндиги жер менен аныкталат. Ал эми кыял-мүдөөнү жер да, деңиз да, улуу тоолор да, чек ара да аба сыягы эле камап, чендей албайт.

Ошондон улам жапон эл жомокторунун Борбор Азиянын чордонундагы кыргыз элинин жомокторунан айырмасы чоң. Төмөндө Амирбек Азам уулу сунуш кылган «Отунчу жана Ай-Кыз» деген жапон жомогу баланын ата-эне алдындагы милдети, сүйүүнүн күчү, сулуулуктун азгырыгы, дөөлөттүү кан-бектердин ашыглык отунун баасы, жапондор үчүн касиетүү Фужи тоосунун чокусунда күйгөн оттун сыры жөнүндө.

Отунчу жана Ай-Кыз

Илгери, илгери карт отунчу болуптур. Ал бамбук кыйып тирилик кылат экен. Теңир ага перзент ыраа көрбөгөндүктөн, ичер суум бүтүп, кара жерди жастанып калганча, жанымды карч уруп иштеп өтөм деген күйүт анын жүрөгүндө чоктой өчпөйт. Ар күнү эртелеп ой-кырларды кыдырып, куш канатындай үлпүлдөк жашыл жалбырактарын жерге ийген бамбук дарагын издейт. Бамбук токоюн тапса, даракты кыйып, узунунан сомдоп же муун-муун кылып бөлүп, үйүнө ташып, тиричиликке керектүү буюмдарды жасайт. Аларды саткандан түшкөн арзыбаган акчага кемпири экөө эптеп күн көрөт.

Күндөрдүн биринде адатынча кыдырып жүрүп, бамбук арбын өскөн жайга туш келет. Көңүлүнө жаккандарын тандап кыйып алмак болуп, бир бамбуктун жанына отурат. Күтүүсүздөн эле так төбөдө Ай балбылдап күйгөндөй болуп, айлана күмүш нурга көөлгүп толот. Кары отунчу айланасын таңдана карап, жаркыраган нурду бамбуктардын бирөөсү бөлүп жатканын көрөт. Керемет көрүнүшкө таңыркаган карыянын колунан балтасы түшүп, жарыкты көздөй басат. Бамбукка жакын келсе, жарык нур жашыл дарактын көңдөйүнөн чыгып жатыптыр. Андан да таң калычтуусу, билектей нурдун ортосунда бою сөөмөйдөй, дене бою чымыр кыз пайда болот.

- Сен мага бала болуу үчүн жөнөтүлгөн болсоң керек, себеби сени арасында ар күнү өзүм алпурушкан бамбуктардын арасынан таптым, - дейт карыя жана кичинекей пендени колуна алып, кемпирине көрсөткөнү үйгө жөнөйт.

Сөөмөйдөй кыз теңдешсиз сулуу жана өтө эле кичинекей болгондуктан, байбиче аны аман-эсен сактоо үчүн себетке салып коёт.

Өмүр бою перзент тилеп, бирок тилеги орундалбаганына арманы күч абышка-кемпир эми өздөрүн бактылуу сезишип, бар сүйүүсүн сыйкырдан жаралган тумардай кызга арнашты.

Ошондон тартып карт отунчу кыйган бамбугун муундап бөлүп жатканда, анын кобулунан алтын жана асыл таштарды дамамат таап отуруп, аста секин байыды. Тапкан дүйнөсүнө зыңгыраган там салды; кечээги бечара эми эл сыйлаган мүлк-дөөлөттүү адамга айланды.

Үч ай арыдан-бери өттү, бармактай кыз мүчөлөрү келишкен селкиге айланды. Асырап алган ата-энеси кыздын чачын асемдеп тарап, үстүнө кооз кимоно кийгизди. Кыз кыял жеткис сулуу болгондуктан, абышка-кемпир аны канбийке сыяктуу көшөгө артына жашырып, өздөрүнөн башка бир да тирүү жан көрбөгөндөй кылып кайтарышты. Пери кыздын касиетинен улам абышка-кемпирдин үйүнүн ар бир бөлмөсү нурга толуп, караңгы түндө да жаркырап, айланасын күндүзгүдөй жапжарык кылат. Карыя кокус көңүлү чөксө, бакма кызын бир карап, көңүлү жаркып, жаман ойлордон заматта айрылып, өзүн бозулан курактагыдай бактылуу сезип калат.

Салтка ылайык, перзентке ысым коюучу күн да келип, абышка-кемпир аймакта белгилүү ат коюучу адамды чакырышты. Ал кызды Канбийке Ай-Нуру деп атады. Себеби, кыздын денеси көзгө жагымдуу назик нур бөлгөндүктөн, бул кыз Ай Теңирден жаралган болушу мүмкүн деп түшүндүрдү ысым коюучу адам.

Кыздын ысымдуу болгонуна арнап той өткөрүлүп, үч күн ыр ырдалып, бий бийленип, музыка ойнолду. Тойго чал-кемпирдин достору, тууган-уруктары тегиз келишти. Ай-Нуру Канбийкени көргөн элдин баары мындай сулууну өмүрү көрүшпөгөнүн, узун элдин учундагы, кыска элдин кыйырындагы сулуулардын бири да ага тең келе албасын айтышты.

Канбийкенин сурайылдай сулуулугу жөнүндөгү кабар чар тарапка тарап, анын жүрөгүн багындырууну каалагандар менен бир көрүп алууну эңсегендердин эсебине сан жетпейт.

Жердин кыйырынан жана жууктан келген ашыктар үйдүн каш жагын конуш кылып, Канбийкенин бир бөлмөдөн экинчи бөлмөгө айбан аркылуу өткөнүн көрүп каларбыз деген үмүт менен тамды курчаган коргонго жылчык да жасап алышты. Бирок алардын күнү-түнү уйку көрбөй, тикесинен тик турганынан майнап чыкпады. Эси эки болгон эрендер абышка-кемпир же үй кызматкерлеринин бири болбосо бири менен сүйлөшүүгө аракет кылып көрүштү эле, андан да натыйжа болбоду.

Ага карабай эчен күн, эчен түн Канбийкени көрөбүз деген үмүттөн кол үзүшпөй, ордуларынан жылбай турушту. Акыр аягында бул аракетибиздин жемиши болбойт деп, үмүт оту өчкөн көп эр азаматтар үйлөрүнө кайтып, беш самурай гана калды. Башын тобокелге салып, убакыт көксөөсүн суута албаган бул беш оёнду белгисиздик ого бетер чыйралткан сыяктуу. Алар кимдир-бирөөлөр алып келген азыкты шам-шум этип, башка убакта кезерип ачка болушса да, абышка-кемпирдин үйүнүн жанынан кетишпеди. Бешөө күндүн ысыгына да, көз ачырбай жааган жамгырга да чыдады. Канбийкеге кат да жазышты, жооп келбеди. Каттарына жооп болбогондон кийин, үмүтсүз сүйүү уктатпай, тамак жедирбей, эс алдырбай, атүгүл үйлөрүнө кетирбей туткундап алганын айтып, ыр жазышты. Канбийке Ай-Нуру өзүнө арналган ырларды алганын билдирип, эч кандай белги берген жок.

Ушундай арабөк абалда кыш да өттү. Кар, аяз жана суук шамал ордун акырындап деми жылуу жазга бошотту. Артынан жай келип, асманда күн чакчайып, абанын илеби ысып, жердин түгү куйкаланып калчудай болду. Беш оён кутурган ит байласа чыдагыс ысыкка карабай, Канбийкенин карааны көрүнүп калат деген үмүттөн кайтпады. Алар жай этегинде карт отунчуну сыртка чакырып, бир аз да болсо ырайым кылып, Канбийкени көрсөтүп коюну суранышты. Карыя кыздын кара чечекей атасы болбогондуктан, анын эркине каршы эч нерсе кыла албасын айтты.

Беш самурай карыянын чорт сөзүн уккан соң, үйлөрүнө тарап, кебелбес Канбийкенин жүрөгүнө жол табуунун, өз арзуусун ага угузуунун айла-амалын издеди. Ар бири үйүндөгү таат кылчу жайга чөкө тизелеп олтуруп, жыпар жыттуу чайыр түтөтүп, колдоруна тапси алып, арзуу тилегибизге жеткир деп Буддага жалбарышты. Табынын-сыйынып жатып, бир нече күндү өткөрүштү, чыдабай артка кайтып барып, кайрадан отунчунун үйүн күзөтө башташты. Бул жолу оёндорду көргөнү карыя өзү чыкты.

- Канбийке бешөөбүздүн бирибизди да көргүсү келбейби? - дешти алар карыядан. - Биз анын сүйүүсү үчүн жаныбызды бергенге даяр экенибизди, кычыраган кыш менен мээге өткөн ысык жайдын күндөрү аба ырайынын бузулганына карабай, ачык асман алдында уктабай, эс албай, тамактанбай Канбийкени көрүп, назарына илинели деп ушу жерде отурганыбызды ага биздин атыбыздан айт. Эгер ал бизге жолугуп, арзуу сөзүбүздү айтууга мүмкүнчүлүк берем десе, ушу жерде күндөп-түндөп күтүүгө даярбыз.

Карыя мажнундардын ашыглык сөздөрүн угуп, ичинен аларды аяп, асырап өстүргөн кызы беш оёндун бирине баш кошсо деп ниет кылды. Канбийке Ай-Нуруга барып, тилегин айтты:

- Сен мага көктө жаралгандай сезилесиң дайыма. Сени түйшүк тартып жүрүп, өз баламдай аздектеп чоңойттум. Сен да бул үйдө өскөнүңө кубанычтасың. Менин каалаганымды аткарганга макулсуңбу?

Канбийке карыянын каалаганын аткаруу үчүн жанын садага чабарын, аны өз атасындай жакшы көрөрүн, бирок Жерде пайда болгонго чейинки өмүрү эсинде жок экенин айтат.

Карыя Ай-Нурунун жалындуу сөзүнө көөнү агарды, көзү тирүүсүндө кызы ишенимдүү бирөөгө күйөөгө чыгып, орун-очоктуу болушун тилеп жүргөнүн айтты.

- Мен карыдым, жашым да жетимиш ашты. Бир күнү өлүп калышым мүмкүн. Сен эч саалгытпай сыртта турган беш мажнунду көрүп, купулуңа толгон бирөөсүн танда.

- Оо, эмнеге мындай кылуум керек?- деди Канбийке муңайып.- Азыр күйөөгө тием деген ниетим жок.

- Мен сени көп жыл илгери таап алгам,- деп улантты сөздү чал.- Боюң чыпалактай болуп, алоо оттой жанган нурдун ортосунда турупсуң. Сен жашынган бамбук дарак бөлгөн жарыктын шооласы мени сага жетелеп барды. Ушундан улам сени тирүү пендеден бөлөк жан деп билем. Менин көзүм тирүүсүндө каалаганыңды кылганга укуктуусуң, бирок бир күнү мен да өлөм. Андан кийин сени ким карайт? Ошон үчүн сенден суранам: Бул беш эрен менен жолугуп, көңүлүңө толгон бирөөсүнө күйөөгө чык!

- Мен өзүмдү эл арасында айтылгандай сулуу деп ойлобойм,- деди Канбийке. - Макул деп эрендердин бирине баш кошкон күнүмдө да, ал кийин жакпай калышы ыктымал. Сиз мыкты деп мактаганыңыз менен, оёндорго толук ишене албайм. Андыктан, аларды көргөнүм акылсыздык болор.

- Айткан жүйөөңдүн баары негиздүү, бирок сенин купулуңа кандай эркек жагат? - деп сурады карыя.- Сыртта эчендеген айлар сени көрүүгө зар болуп турган беш эркекти аксанатай дебедим. Алар сага жетүү үчүн бул үйдүн маңдайында не кыш, не жаз дебей, күзөтчүдөй турушту. Көп учурда тамак жебей кесерип, укташкан жок. Мындан артык эмне талабың бар?

- Сүйлөшөм деп сөз бергенден мурда, алардын сүйүүсүнүн чындыгына ишенүү үчүн, аларды сынап көрүүм керек,- деди Канбийке Ай-Нуру.- Өз сүйүүсүнүн далили катары ар бир оён алыскы өлкөлөрдөн мен каалаган нерсени алып келсин.

Ошол эле күнү кечинде мажнундар сыбызгынын үнүн кубулжутуп, улуу жана түбөлүктүк сүйүүсү жөнүндө өздөрү жазган ырларын кезектешип аткарышты. Карыя аларга чыгып, кызына жетебиз деп баштан кечирген азаптары жана чыдамкайлыктары үчүн ыраазылыгын айтты. Андан соң Ай-Нурунун каалаганын кимиси алып келсе, ошол эренге жар болууга макул экенин кабарлады.

Беш азамат кыздын талабы ортодо ар кандай көрө албастыкты жаратпайт экен деп, сынактын шартын жактырышты.

Ошондон кийин Канбийкенин талабы жарыяланды.

Биринчи оён Индустанга барып, Буддага таандык таш кесени алып келүүгө тийиш.

Экинчи оён Чыгыш деңизиндеги Хорай тоосунун чокусунда өскөн ажайып кооз дарактын бир бутагын алып келиши зарыл. Ал дарактын тамыры күмүш, шактары алтын, ал эми бутактарындагы мөмөлөрдүн ордуна акак таштар өсөт экен.

Үчүнчү оён шарт боюнча Кытайда жашаган жалын-чычкандын терисин алып келүү керек.

Төртүнчү оёнго башындагы ташы беш түрдүү нур бөлгөн ажыдаарды таап, ошол сыйкырдуу ташты алып келиши абзел.

Бешинчи оён курсагында чопкуту бар чабалакейди издеп таап, анын чопкутун алып келсин деген талап айтылды.

Бешөө бир канча убакыт өткөндөн кийин Канбийкени ойлоп, сүйүүсүнө ого бетер ишеништи жана анын талабын аткарабыз деп чечишти.

Биринчи оён кечке калбай жолго чыгып, Будданын кесесин жакында алып келем деген ниети барын Канбийкеге айттырып ийди. Бирок анда Индустанга жетейин деген ниети жок эле. Себеби, жол алыс, катаал жана кооптуу болчу. Ал Киотодогу кечилканалардын бирине барып, сыйынткананын кызматкерине чоң акча төлөп, анын төрүндөгү таш кесени сатып алды. Таш кесени алтынга ороп, үч жыл дымып жатты, үч жыл өткөндөн кийин таш кесени карыя отунчуга алып келип тапшырды. Оёндун тез эле кайтып келгени Канбийкени шектендирди. Түйүндү чечип, кесени колуна алса, бөлмө ал күткөндөй жаркырап нурга толбоду. Таш кесе да нур бөлбөйт экен. Бул Будданын касиеттүү кесеси эмес экени анык болду. Канбийке таш кесени эренге кайтарып жиберип, аны көрүүдөн баш тартты. Айласы куругун оён таш кесени ыргытып жиберип, тилеги таш каап, үйүнө кайтты.

Экинчи оён Канбийке Ай-Нуруга ашык болуп калганын ата-энесине айтуудан айбыгып, аба которуп, ден соолугумду чыңап келүүм керек деген шылтоо айтып, сапарга аттанды. Ал жолго чыгар алдында Канбийкеге кат жолдоп, Хорай тоосундагы ал каалаган асылбаа дарактын бутактарын алып келем деген ыкласы барын билдирди. Оён өзүн коштогон малайларын орто жолдон үйгө кайтарып, деңизге жетип, чакан кемеге отуруп, үч күн сүзүп, башка жээкке өттү. Аерден усталарды жалдап, эч ким кире албас үй курдурду. Үй даяр болгондо алты зергер уста менен үйгө камалып алып, Хорай тоосундагы керемет алтын жана күмүш бутактардын кудум өзүндөй бутак жасатты. Ал кимге кайрылбасын, алардын баары Хорай деген жок, ал жомоктогу тоо дешти.

Усталар бутакты жасап бүткөндө, оён бутакты алып, жол азабын тартып, аябай чарчаган адамдай түр көрсөтүп, үйүнө келди. Кымбат баалуу бутакты сырдалган сандыкка салып, карт отунчуга көтөрүп барып, Канбийкенин өз колуна тапшыруусун өтүндү.

Карыя оёндун чарчап-чаалыккан кебетесин көрүп, байкуш узак жолдон эми эле келген экен деп ойлоду. Канбийкеге келип, оёнду көрүүнү сурады. Бирок кызы кабагы суз тартып, үн чыгарбады. Карыя бутакты колуна алып, бул кооз затты оён жердин бир четинен таап келгенине тан берди. Анан оёндун жер кыйырындагы Хорай тоосуна барганын өзү эрдик жана айкөлдүк деп оозанып жиберди.

Канбийке Ай-Нуру бутакты колуна алып, кылдат карап чыкты. Анан баккан атасына бурулуп, Хорай тоосунда өскөн алтын, күмүш шактуу дарактын бутагын мынчалык оңой, тез алып келүү мүмкүн эместигин так билерин, ошондуктан бутактын жасалма экенине бөркүндөй ишенгенин айтты.

Карыя дарбазаны сагаалаган оёнго чыгып, бутакты кайдан тапканын сурады. Тиги эр калп-чынды аралаштырып, мактанып кирди.

- Эки жыл мурда кеме алып, Хорай тоосун издей баштадым. Сүзүп бир канча убакыт жүрүп, шамал башталганча, алыстагы Чыгыш деңизге жеттим. Ошо учурда шамал катуулап, бир нече күн компас менен да багытты тактай албай чайналдык. Акыр аягында шамал бизди белгисиз аралга айдап жеткирди. Аралды түнөк кылган жин-шайтандар бир мертебе мени өлтүрүп жейбиз деп коркутушту. Бирок мен жанагы азезилдей коркунучтуу жандыктар менен достошуп алдым. Алар мага жана кемени айдаган адамдарыма кемени оңдогонго жардамдашты. Кеме оңдолгон соң, кайра сүзүп жөнөдүм. Азык-түлүгүбүз түгөндү, кемедегилердин баары ооруп, катуу жапа чектик. Сапарыбыз башталгандан бери дегенде 500 күндөн кийин алыстан тоонун чокусуна окшош сөлөкөт көрүндү. Жакыныраак сүзүп барып, ортосунда тоосу зоңкойгон аралга көзүбүз урунду. Мен жээкке түштүм. Өтө кызыктуу эки же үч күндөн соң, мен турган жээкти көздөй колунда алтын кесе кармаган нурдай жаркыраган бир зат келатканын байкадым. Ага утурлап барып, ыкласым туура келип, мен азыр Хорай тоосунун жанында турамбы деп сурадым.

- Ооба, бул Хорай тоосу!- деп жооп берди тиги неме.

- Көп кыйынчылык менен тоонун төбөсүнө чыксам, күмүш тамыры кыртышка жашынган алтын дарак туруптур. Бул жомоктогудай жердеги кызыктар жөнүндө сага айта баштасам, аягына чыкпаймын. Ал жерде калгым келгенине карабай, бутакты сындырып алып, артка кайтканга шаштым. Ылдам жүрүп отуруп, кайра келгенимче төрт жүз күн өттү. Өзүңүз көрүп тургандай, деңизде узак жүрүп, суу болгон кийимим дале кургай элек. Канбийкеге сербаа бутакты жеткирейин деп шашканымдан, кийим-кечемди которгонго жүрөгүм түтпөдү.

Дал ушул тушта бутакты жасаган, бирок оён акысын төлөбөгөн алты зергер уста карт отунчунун үйүнө келди. Алар Канбийкеге дооматтарын айтканы келишкен экен. Усталар мөмөлөрү акак-каухар, чырпыктары күмүш жана алтын бутакты жасаганга миң күндөн көп убакыт коротушканын, бул эмгеги үчүн оён сары чака да төлөбөгөнүн, зер бутак Канбийкеге ушу тапта белекке берилгенин айтышып, оёндун калпы ачылды. Канбийке дагы бир көк мелтей эркектен кутулганына сүйүнүп, жалгама бутакты артка кайтарды да, усталарды чакырып, акчаны мол берип, ыраазы кылды. Бирок зергер усталар жолдо баратканда баягы калпы ачылган эргул мени шерменде кылдыңар деп, аларды кызыл жаян кылып сабап салды. Ызалуу оён үйүнө келип, ары жаалданып, бери долуланып, Канбийке Ай-Нуруга жетем деп жүрүп, элдин жүзүн карай албай калганын түшүнүп, тоого кетип, жалгыз жашап калды.

Үчүнчү оёндун Кытайда досу бар эле. Ал ошо досуна кат жазып, оттой жанган чычкандын терисин таап, мага жөнөт деп суранды. Эгер денеси отко түк күйбөс жаныбарды таап берсең, каалаган акчаңды берем деп убада кылды. Оён досу түшкөн кеме келиптир деген кабарды эшитер замат, жоргосун жети күн тындырбай желдирип, портко жетти. Досуна баштык толо акча берип, отко күйбөс чычкандын терисин алды. Үйүнө келип, кымбат баалуу терини үкөккө салып, кара креп кездемеге ороп, карт отунчунун үйүнө барды. Үкөктү карыяга тапшырып коюп, дарбазанын сыртында Канбийкенин жообун күттү.

Карыя үкөктү кызына берип жатып, адатынча кызын оён менен жолугушууга көндүргөнгө аракет кылды. Бирок Канбийке макул болбоду: адегенде терини отко салып, текшерип көрүүм керек, эгер тери отко күйбөс чычкандыкы болсо, жалбырттап күйбөөгө тийиш деп. Ал креп байланган тасманы чечип, үкөктү ачып, терини алып, очоктогу отко ыргытты. Тери отко түшөр менен жалбырттап күйө баштады. Канбийкенин тапшырмасы аткарылбаганы анык болду. Ушинтип үчүнчү оён да көздөгөн максатынан кол жууду.

Төртүнчү оён тапкычтыгы жагынан башка атаандаштарынан айырмаланбады. Төбөсүндө беш түстүү нур чачкан асыл ташы бар ажыдаарды издегендин ордуна бардык кызматкерлерин, малайларын чогултуп, Жапония менен Кытайдын чар тарабын кыдырып, айтылган баасы кымбат ташты издөөнү буйруп, аны тапмайын үйгө кайтууларына тыйуу салды.

Кызматчылар менен малайлардын кээси баш оогон тарапка жөнөштү. Алар кожоюндун тапшырмасын аткаруу мүмкүн эмес деп шылтоолоп, эс алууну чечишти. Ошон үчүн өлкөнүн кооз жерлерин саякаттап, кожоюнду акыл калчап иш кылбаган адам деп сындап жүрүштү. Ал арада кызматкерлери асыл ташты табышарынан күмөн санабаган, атаандаштарын жеңерине ишенген оён Канбийкени салтанаттуу тосуп алганга камданып, үйүн заңгыратып оңдоду.

Бир жыл өттү, бирок оёндун кишилери ажыдаардын таажысындагы асыл ташты алып келишкен жок. Оёндун жүрөгү опкоолжуп, тынчы кетти. Дагы күткөнгө чыдабады. Эки кишини жанына алып, бир кеме жалдап, кеменин капитанына ажыдаарды издегенди буйруду. Капитан жана моряктар жок нерсени кайдан издейбиз дешип, буйрукту аткаруудан баш тартышты. Акыр аягында оён аларды деңизге чыгууга аргасыз кылды.

Алар деңизге сүзүп чыккандан үч-төрт күн өтпөй катуу шамал башталып, узакка басылбады. Шамал токтоп, деңиз тынчыганда, оён ажыдаарга аңчылык кылуу мүдөөсүнөн баш тартты. Акыр аягында толкундар оён жалдаган кемени жээкке түртүп салды. Деңизде көргөн кыйынчылыктардан жүдөп, ажыдаарды табарына көзү жетпеген төртүнчү оён жанын жай алдырып, эс алууну чечти. Деңизде оёнго суук тийгендиктен, өңү бозоруп, айыкканча төшөктөн турган жок.

Жергиликтүү аким оёндун максаты тууралуу эшитип, аны үйүнө чакырды. Оён конокто башына түшкөн оор түйшүктү ойлоп отуруп, Канбийкеге болгон сүйүүсү жек көрүүгө айланды, алтын таажылуу ажыдаарды издөөдө көргөн кыйынчылактары үчүн Канбийкени күнөөлөдү. Акыры аягында бул азыткы мени өлтүрүү үчүн жок нерсени таап кел деп тапшырма берген шекилдүү деген бүтүмгө келди.

Оён ушинтип турган чакта таажылуу ажыдаарды издеткени жиберген малайлары аны көргөнү келишти. Алар өздөрү күткөндөй кожоюндун омуроосун угушпады. Кожоюн ажыдаарды издеп жүрүп, катуу ооруганын жана мындан ары Канбийкенин үйүнө кадам баспасын айтты.

Бардык эрендердей эле бешинчи оёндун да жолу болбоду, ал чабалакейдин чопкутун тапкан жок.

Бул тушта Канбийке Ай-Нурунун сулуулугу жөнүндө кабар императорго да жетти. Ал маалыматтын чын-жалганын текшерүү үчүн карт отунчуга ордодогу аялдардын бирин жиберди. Эгер Ай-Нуру ырасында эле чырайлуу болсо, император сарайында сыйлуу конокторду күтчү аялдардын тобуна алмак болот.

Император жөнөткөн аял келгенде, Ай-Нуру атасыны өтүнгөнүнө карабай, аны менен көрүшкөндөн баш тартты. Аял император жиберген чабарман экенин кайра-кайра айтып, отунчунун шаштысын кетирди. Карыя жагдайды кызына түшүндүргөндө;

– Эгер мени ордого барып, императордун эркине моюн сунганга мажбурласаңыз, кайып болуп кетемин, - деп эскертти кызы.

Императорго Канбийке ордого келүүгө такыр макул болбогонун, эгер мажбурлачу болсо, биротоло жоголуп кетем деген сөзү жеткирилди. Муну угуп, кызга император өзү бармак болду. Ал карт отунчунун үйүнө жуук жайга аң уулаганы барып, Канбийкени көрөм деп мерчемдеди. Өз планын отунчуга айттырып ийди эле, ал макул деди. Император эртеси ат кошчусу менен жолго чыгып, бирок андан тез эле озуп кетти. Отунчунун үйүн таап, аттан түшүп, үйгө кирип, Канбийке нөкөрлөрү менен отурган бөлмөгө түз кирип барды.

Өмүрү мындай чырайлуу аялды көрбөгөн император эрксизден сулууга сугун артып, үнсүз тигилип калды: Ай-Нуру мамыр түндөгү Айдай жанып, денеси назик нур чачып жатты. Ай-Нуру бейтааныш киши ага кадалып караганын туюп, бөлмөдөн жебедей учуп чыгып баратканда, император аны белден шап кармап, менин сөзүмдү ук деп жалбарып жиберди. Ай-Нуру жүзүн жибек мээлейи менен далдалап, ордунда жансыздай катты.

Жүрөгү туткундалган император:

– Ай-Нуру, ордого кел! Сага эң урматтуу амалды жана дилиң каалагандын баарын берем, – деп жалбарды. – Сендей суйкайган сулуу ордонун сыймыгы болот, ал эми сендей перизат көрксүз үйдө жашынбоо керек, – деп бийкечти алып кетүү үчүн ордодогу эң адеми үстү чүмбөттөлгөн замбилди алдырмакчы болду.

Бирок Канбийке императорду токтотту. Пери кыз ордого күчтөп алып барчу болсоңор, көлөкөгө айланып каларын айта баштаганда эле тулку бою императорго көрүнбөй калды. Шашып кеткен император кайра көрүнсөң, эркиңе коём деп убада кылган соң, кыз жарк этип кайра көрүндү.

Император ордого кайтуучу убакыт болуп калган эле. Арийне, жан-жөкөрлөрү императордун дайынын бир кыйла убакыт билишпесе, өкүмдар кайда деген суроо жаралашы турган иш эмеспи. Ошон үчүн император бийкеч менен коштошуп, жүрөгү элеп-желеп, карт отунчунун үйүнөн чыгып баратты. Ушул күндөн тартып, ал үчүн дүйнөдө Канбийкеден өткөн сулуу жок эле. Ал башка бардык сулууларды Канбийкенин көлөкөсүнө да теңебей калды, Канбийкени күнү-түнү ойлоп жүрдү. Эми убактысынын көбүн сүйүүсүн жана арзуусун айткан ырларды жазууга арнады. Ырларын сыясын кургатпай жатып селкиге жөнөтүп турду. Император менен кайра жолугушууну каалабаган селки өзү чиймелеген ырлар аркылуу кара жердин бетинде дегеле эч кимге күйөөгө чыкпасын сылык-сыпаа мазмунда түшүндүрдү. Өкүмдар бул ырларды жүрөгү жибип окуп, жаны ыракатка батты.

Асырап өстүргөн ата-энеси Канбийке түн артынан түн уктабай үйдүн айбанында Айга тигилип, терең санаага батканын, демейде таңга жуук көз жашын көлдөтүп, соолуп жатып калганын байкашты. Карт отунчу күндөрдүн биринде солкулдап ыйлап отурган кызды көрүп, эмне себептен кайгыга батып отурган себебин айтып берүүнү өтүндү.

Жашы жүзүн чайган кыз карыяга карап:

– Сиз өткөндө бир жолу мени бул дүйнөгө сырттан келген асылзатсың деп туура айткансыз. Мен чындыгында эле Айдан түшкөм, жакын жуукта Жердеги убактым бүтөт. 15-августта Айдан өкүлдөр келип, мени алып кетишет. Ата-энем Айда жашайт, бирок бүт өмүрүмдү Жерде өткөргөндүктөн, аларды жана Айдагы жашоо жадымдан учту. Мени силер асырап чоңойттуңар, жаныңарда бактылуу өмүр сүрдүм. Силерди калтырып кетеримди ойлоп, кайгыруудамын, - деди Канбийке сумсайып.

Абышка менен кемпири кыздын сөзүн угуп, катуу кайгыга батышты. Не суу ичпей, не тамак жебей калышты.

Бул кабар императорго жетти. Ал кабардын чын-төгүнүн билүү үчүн карт отунчунун үйүнө чабандес чаптырды.

Карт отунчу императордун чабандеси келгенин угуп, сыртка чыкты. Канбийкенин жаңылыгы карыяны чүнчүтүп койгондуктан, ал бир кыйла картайып, жетимиш жаштагы адамдан алда канча улуу көрүнүп калыптыр. Чал эки мүрүсү калчылдап, көз жашын сүртүп бышыктап, ордого жеткен кабар чын экенин тастыктады. Ошол эле учурда Айдан келчү өкүлдөрдү туткунга алып, Канбийкенин кетирбестин бар амалын жасоого бекем белсенип алганын жашырбады.

Чабарман ордого келип, Улуу урматтуу императорго иштин жайын маалымдады. Айдын он бешинде император эки миң жоокерди отунчунун үйүн акмалоо үчүн жөнөттү. Бир миң жоокер үйдүн чатырына жайгашты, ал эми калган миң жоокер үйгө кирчү бардык эшиктерди көзөмөлгө алышты. Алардын баары кылмерген саадакчылар эле. Абышка менен кемпири Канбийке Ай-Нуруну үйдүн төркү бөлмөсүнө жашырышты.

Карыя үй кызматчыларын түнкүсүн кирпик көзүн какпай, кыбыр эткен жандын баарын көз жаздымда калтырбоону, Канбийкени коргоого даяр турууну буйруду. Ал ушул көрүлгөн чаралар жана император жардамга жиберген жоокерлер менен биргеликте Айдан келчү өкүлдөрдү куру кол кайтарганга жетиштүү деп ойлоду. Бирок Канбийке көрүлгөн камылгалар Айдан келчү коноктордун өз мүдөөсүн аткаруусуна тоскоол болбойт, атүгүл силерге императордун аскерлери да көмөктөшө албайт деди. Көз жашы жүзүн жууган Канбийке өз ата-энесиндей жакшы көргөн карт отунчу менен аялын калтырып кетип жатканы үчүн алардан боздоп кечирим сурады. Эгер калып калууга мүмкүнчүлүгү болсо, аларды аздектеп багып, жаш кезинде көрсөткөн камкордуктарын, жакшылыктарын аз да болсо ак эмгеги менен кайтарганга аракет кыламын деди.

Түн ортолоп, асман Айдын сары алтындай нурларына көшүлүп, дүйнө мемиреп уктоодо. Айланадагы карагай, бамбук токойлор, ошондой эле миң саадакчы жайгашкан үйдүн чатыры жымжырт. Күн чыгыш жакта асман көгүш тартып, түн күзөткөн элдин баары коркунуч артта калды, эми Канбийке Ай-Нуру биз менен калат деп сүйүнө башташты. Дал ушул чакта Айдын оро-парасында булуттун карааны көрүндү. Ал Жерге тездик менен жакындай баштады. Булут ылдыйлаган сайын анын карт отунчунун үйүн көздөй келатканы айкын болду.

А дегенче асман карарып, булут жерге үч жүз метрдей жакын калды. Булуттун ортосунан эки канаты бар дөңгөлөктүү араба көрүндү. Арабада жарык нур чачкан заттар бар экен. Алардын ортосундагы падышага окшогон бирөө арабадан түшүп, асманда калкыган абалында карт отунчуну сыртка чык деп үн салды.

- Убакыт бүттү, - деди ал. - Канбийке Ай-Нуру өзү келген Айга кайтууга тийиш. Ал чоң күнөө жасаган, ошол күнөөсү үчүн жазаланып, убактынча жашаганга ылдый айдалган болчу. Силер Канбийкеге жакшы мамиле жасаганыңарды билебиз. Биз силерге алкыш ирети байлык жана жыргалчылык жөнөткүнбүз. Таап алсын деп бамбук дарагынын түбүнө алтын калтырганбыз.

- Мен Канбийкени жыйырма жыл асырадым,- деп жооп кайтарды карыя.- Ал бир да жолу жаман иш жасабады. Ошондуктан, сиз издеген бийкеч башка болуу керек. Силерден өтүнөм: бийкечти башка жактан издегиле.

Тиги неме күркүрөп, өкүм сүйлөдү:

- Канбийке Ай-Нуру, алдагы мээрман үйдөн чык! Бул жерде башка калбайсың!

Бул сөздөр айтылып бүтпөстөн Канбийкенин бөлмөсүнүн жылып бүктөлмө керегеси ачылды. Маралдай суйкайган, сымбаттуу Канбийке денесинен чачыраган жарык шоолага бөлөнүп, бөлмөнүн ортосунда туруптур.

Чабарман Канбийке Ай-Нуруну ээрчитип барып, канаттуу арабага отургузду. Перизат башын буруп, муңайымдуу көздөрү менен карт отунчуга аянычтуу карап, карыяны сөөк агартчу сөздөр менен алкап, анын үйүн эрксизден калтырып баратканын жана дайыма Айды көргөндө карыяны эстеп жүрөрүн айтты.

Карт отунчу Канбийкени коштоп барууга уруксат сурап жалынды эле, бирок тиги неме моюн толгоп койду. Перизат саймалуу адеми чепкенин чечип, карыяга эстелик үчүн берди.

Асман арабага куштай конгон айлардын бири Канбийке үчүн кооз канаттуу чепкенди, ал эми экинчиси Канбийке ичсин деп, бармактай флаконго куюлган мүрөк суусун кармап турду. Кыз өмүр эликсиринен бир ууртап алып, флаконду карыяга сунуп баратканда, чабарман кыздын колун артка кайтарды.

Жанагы ай саймалуу чепкенди Канбийкеге кийгизмекчи болгондо, ал колун жаңсап:

- Койо тургула! Мен асылкеч курбум император менен коштошпой кете албайм. Азыркыдай адам кейпимде турганда, ага кайыр-кош деп кат жазып коюшум абзел,- деди да, шашкан чабандестер менен асман арабаларды күттүрүп, кат чиймеледи. Мүрөк суусу куюлган флаконду жана катты карыяга узатып, императорго жеткирип берүүнү өтүндү.

Андан соң канаттуу араба чексиз асмандагы Айды көздөй багыт алды. Беттерин жаш чайган карт отунчу менен саадакчылар алыстап бараткан Канбийкени көз ирмебей карап турушту. Күн кызарып, таң да атты. Күн нуруна чагылышкан канаттуу арабанын карааны жана аны коштогондордун карааны таңкы сыдырым желге үлпүлдөгөн кебездей булуттардын арасына сиңип кетти.

Канбийке Ай-Нурунун аманаты ордого жеткирилди. Мартабасу улуу император мүрөктүн суусун татымак тургай, идишин кармап көргөндөн кооптонуп, жан-жөкөрлөрүнө флаконду жана катты жапон жериндеги эң касиеттүү Фужи тоосунун чокусуна алып барып таштоону буйруду. Императордун нөкөрлөрү флаконду касиеттүү тоонун чокусуна күн эми чыкканда жеткирип, өрттөп жиберишти. Эл арасында айтылганга караганда, ошол күндөн ушул күнгө чейин өлбөстүктүн эликсири жагылган оттун түтүнү Фужи тоосунун учунан булуттарды көздөй чубалып түгөнбөйт.

Англис тилинен Амирбек АЗАМ уулу которду

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз