Теолог Элмурат Кочкор уулунун “Ислам-илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини” аттуу китебиндеги асыл ойлор
* * *
Билимге басым жасалбаган жерде төгүлгөн көз жаштай токтобой, бактысыздык байырлай берери мыйзам ченемдүү көрүнүш.
* * *
Куулук-шумдуктан алыс кээ бир замандаштырыбыз молдо же табыптан укканын кылам деп оорусун өтүштүрүп алган учурлар арбын. Кудай берген ден соолук деген улуу байлыкты - кесибинин чегин билбеген кишиге аманат кылууга болбойт!
* * *
Диний булактарда жазылып калгандын баарын туура деп кабыл алуудан оолак бололу, акыл калчайлы, талдоо жүргүзөлү. Антпесе, билимдүү адамдардын исламга көз карашы түзөлбөйт. Б.а. ислам илим-билимдүү катмар менен тилекке каршы тил табышпай кала берет.
* * *
Ажылык кишиге артыкчылык эмес, жоопкерчилик жүктөйт.
* * *
Күнүбүздөгү ажылык сапарга аттанган канчалаган киши анын нукура маанисин түшүнбөстөн эле барып жатат? Канчалаган киши Меккеден, ажылык сапарынан чоң баштыктары белек-бечкекке толо, бирок акылы, руху, кишилиги бош бойдон кайтып келүүдө?
* * *
Ажылык – күнөө тазарткыч эмес!
* * *
Ажыга барган кишинин күнөөлөрдөн энеден туума болгондой арылтат деген сөз көп кишилерди адаштырат.
* * *
Биздин мусулманчылыкта ажыга барып, аба жолдору барондоруна, мейманкана жана туризм секторлорунун жеп-жутарларына, эң акырында, өзүбүздүн ажы башчыларына каймана түрдө акча жедирип, анан күнөөлөрдөн тазарып келгендигине ишенүү кандай гана аянычтуу.
* * *
Күнөөнү жуугандын жападан жалгыз жолу - кылган иши үчүн жоопкерчилик тартып, кимге зыян келтирсе андан кечирим сурап, анан эң акырында Кудайга экинчи кайталабаганга сөз берүү менен гана мүмкүн.
* * *
Күнөөлөрү үчүн жапа тарткан тараптан эмес, алгач эле Алладан, ал тургай Меккеге барып кечирим сураса да кечирилбейт! Бул Курандын логикасына, принцибине каршы! Сөздүн кыскасы, Меккеге же башка ыйык жерге жөн эле барып коюу - Кудайга жакындоо деген мааниге келбейт.
* * *
Күнөө кылган соң, анын кенемтесин эмгек, иш-аракет менен төлөп берүүдөн качып, Кудайга амалкөйлүк кылуу - адамдын өзүн-өзү алдоосу гана!
* * *
Пайгамбардын “Илим Кытайда болсо да барып үйрөн”, “Бешиктен мазарга чейин илим изде” деген насааттарына канчалык кулак салып жатабыз?
* * *
Кыштын күнүндө жылуу суу турганына карабастан, атайылап муздак суу менен даарат алуу такыбалык эмес, болгону караңгылык жана фанаттык. Бул жердеги белгилөөчү критерий - даарат алып жаткан адамга ал ар тараптуу пайда гана алып келүүгө тийиш. Тактап айтканда, медицина кандай шарттарда кандай суу менен даарат алууну ылайык көрсө, ошол гана эң туура жана сооптуу даарат болот.
* * *
Билим алуу, жарашыктуу кийинүү, чыгармачылык менен алектенүү, аң-сезимдүү, ырахаттануу менен музыка угуу сыяктуу нерселер адептик ченемдерге каршы келбегендиктен, ислам тыйбайт.
* * *
Дин маданиятынын өнүгүүсү коомдук өнүгүүнү шарттайт.
* * *
Сол кол менен тамак жегендин макүрү (жактырылбаган кыймыл-аракет) экендигине басым жасагандын ордуна:
- Мамлекеттик мүлкөө айлакерлик менен кол салуу;
- Кызмат ордун кыянаттык менен колдонуу;
- Сырттан келген гранттардын ондон бир бөлүгү менен иш-чараны жаба салып, калганын бөлүшө калуу;
- Бюджеттен иш-чарага деп бөлүнгөн акчанын тең жарымын ишке жумшап, калганын жыра тартып капчыкка ката калуу;
- Сотто акчасы барды актап, калганын каралоо;
- Кызмат абалын жоготуудан коркуп эбегейсиз кыңыр иштерди жаап-жашыруу аркылуу келген нандын, аш-оокаттын арам экендигине басым жасаганыбызда, мындай тоготпостукка кабылмак эмепиз.
Туура эмес Кудай түшүнүгүнөн улам, эл үчүн ак эмгек кылган, эл үчүн чындап күйгөн И.Арабаев, К.Тыныстанов, И.Раззаков сыяктуу айдыңдардын бейишке чыгышына караганда коомдук өнүгүүгө кыпындай салымы кошулбаса да мечитке такай каттаган, арабча аралаштырып, көзгө жаш алып баян айтып элге күйүмүш болгон кишилердин бейишке чыгышына алда канча ишенген көпчүлүк бар... Мындай аң-сезим басымдуулук кылган жерде ак эмгек кылып өлкөнүн жүгүн көтөргөн, элдин жашоо-шартын жакшырткан аткаминер чыгабы?
Дин эч кимдин жеке менчиги эмес.
Динди түшүнүүгө бир топ жылын берип жаткан адам катары эч бир киши, аалым, имам, шейх акыйкаттын кепилдиги боло албай тургандыгын ишенимдүү айта алам.
Исламды туура түшүнүш үчүн талкууга, экинчи пикирге ачык болууга тийишпиз. “Талаштан тактык жаралат” демекчи, илим талкуу менен гана бышып жетилет.
Урматтуу окурман! Өзүңүзгө ишениңиз, акылыңызды колдонуңуз. Кудай диндин патенттин эч кимге берген эмес. Ислам маданияты өнүккөн доордогу илим адеби, көз караштын эркиндиги келмейин, диний маданиятыбыз өнүкпөйт, артка кетет, диндин атын жамынган кылмыштар боло берет.
Сын пикирге каршы чыгуу өнүкпөй калган аң-сезимдин белгиси болуп саналат.
Таза кыргыз болуш үчүн “аруу эл” түшүнүгүн эмес, “эмгеги катуунун наны татуу” деген кыргыз макалын туу тутуу туура болот деп ойлойм.
Майнап чыкпаган өрөөндү майкандоонун кажети жок.
Демократиялуу өлкөдө жашаган соң башкаларга зыяны тийбеген ой-пикирге, иш-аракетке, үй-бүлөлүк жылсанактык жөрөлгөлөргө ж.б. сырт жактан кийгилишүүнүн өзү орунсуз.
Адамга түбөлүк ыракат тартуулаган нерсе - пейилди кенен коюп, коомго пайдалуу иш жасап, адамзатка иши менен мурас калтыруу.
Адамдын өлгөндөн кийин башталган өмүрү түбөлүктүү. (Ч.Айтматов)
“Адам - адамдын карышкыры” деген сөз жөн жерден чыкмак беле. Адам жамандыкты өзү жаратат эмеспи?
Исламдын негизги парзы - дурус адам болуу.
Максат - ажыкени, молдону эмес, илимди, билимди ээрчүүдө! Караңгылык - бардык жамандыкты ээрчитип келе турган кесепет.
Илимди жетекчиликке албаган агым бир күнү келип жаңылыш дарекке же караңгы жашоого алып барбайт деп ким кепилдик бере алат?..
Акылга, логикага сыйбаган эч бир принцип Курандын принциби боло албайт. (ислам ойчулу Ибн Рушд )
Наадандык - залимдердин таянычы.
Малды эмес, напсини курмандыкка чалалы.
Өзүнүн арзыбаган, тайыз кызыкчылыгы үчүн элдин кызыкчылыгын ит бекерге саткан киши бука эмес, пил сойсо да ибадаты кабыл болбойт деп ойлоймун.
Күнөөлөрдү ибадат тазартпайт.
Эч бир киши күнүнө ондогон, жүздөгөн кишини какшатып, беш убак намаз окуу менен күнөөлөрүнөн арылып кетүү деген “амалкөйлүктөн” үмүт кылбасын.
Коомго берилген зыянды намаз менен тазалап ийгенге ишенүү - бир эсе күлкүлүү, бир эсе аябай өкүнүчтүү.
Өтө натыйжалуу формула колубузда даяр: күнүнө беш убак намаз менен намаз убактарынын ортосундагы күнөөлөрдү жууп салуу, аптасына бир жолу жума намаз менен “жакшылап тазалоо”, ал эми жылына эки жолу айт намаздары менен булуң-бурчта калып кеткен, жууса оңой менен чыга бербеген күнөөлөрдү омкоруп түшүү, акырында ачка олтурган коңшуңду каратып туруп топтогон акча менен бир жолу ажыга барып келүү коомубузда диндарлык, такыбалык катары эсептелип калды. Аныгында, бул - куулук, көз боёмочулукжана өзүн-өзү алдоо!..
Расмий никеге турбастан баш кошуп жашоо от менен ойногонго барабар деп ойлоймун. Анткени мындай учурда аялдын укуктары, болочок балдардын тагдыры кепилдикке алынган жок, аларга аяр мамиле кылынган жок дегенди билдирет.
Диний нике үй бүлөгө береке, мээрим, жылуулук тартууларын молдокелерден көп уккам. Баарыбыз эле чындыгында ошондой болушун каалайт элек. Бирок реалдуулук бул нерсенин туура эмес экендигин ачык-айкын далилдеп олтурат. Эң кызыгы - диний никеси менен жашап жатып ажырашып кеткен эненин жана балдардын укугун коргоп бергенге диний никени кыган имамдарыбыздын укугу жок.
Ушу тапта никедеги максаттуулукту мыйзам чегинде ишке ашыруу эң туура болуп калды. Муну эң алгач жаңыдан турмуш куруп жаткан жаштар ойлонууга тийиш.
Диний тараптын “каармандарын” маселени түшүнүүгө, диний деген нерсенин баарына эле фанаттык негизде байлана бербөөгө, никенин адалдыгы арабча дубаларды окууда эмес, тараптардын жапа чектирбей жашап кетишин камсыз кылууда экендигин аңдоого чакырар элем.
Адам үчүн эң чоң коркунуч - түбөлүккө жок болуу. (Паул Тиллих)
Өлүм - түбөлүккө жок болуу эмес. Ал биздин чыныгы мекенибизге алып бара турган кеме. Чыныгы мекенде жоктук, сагыныч жана кайгы-капа жок. (Кинди)
Жетиштүү деңгээлде окубастан, өзүн өнүктүрбөстөн туруп эле диндин атынан сүйлөө - динге кыянаттык.
Мурда диний талкууларда далил катары эң мыкты эмгектер сөз кылынса, учурда далил катары: “Тигил молдо минтип айтты го?..” дегенден ашпай калды.
Дарактын жалбырагын эмес, тамырын сугаралы.
Чүпүрөк бейиштин эшигин ачпайт.
Бүгүн Кыргызстанда сүннөт көйнөк катары бааланган кийимдер пайгамбар жашаган географиялык чөлкөмгө ылайыкташкан.
Чындык кээ бирөөлөргө катуу тийиши мүмкүн, бирок катанын кай жеринен кайтсаң, ошончо пайда демекчи, кийимди Исламдын баалуулугу, сүннөт катары караганга эч кандай негиз жок.
Жоолук оронуу - аялдын намысын коргогон эң жөнөкөй парда. Бирок аялдын намысын коргогон эң маанилүү тосмо, парда - бул анын илим-билими, адеп ахлагы. Так ошол себептүү, оронуу сырттан ичти көздөй эмес, ичтен сыртты көздөй болуугу тийиш!..
Илим-билимден, адептен, дурус адамгерчиликтен узак болуп туруп, белгилүү диний жөрөлгөлөрдү аткарып толук кандуу мусулман аял болуу мүмкүн эмес. Дагы ачык айта турган болсок, чүпүрөк аялдын намысын коргобойт, бейиштин эшигин ачпайт.
Келме бейиштин кепилдиги эмес.
Мухаммед - Кудайдын кулу жана элчиси деп күбө өтүү - анын канча аял алганын, кантип кийингенин, канча сакал койгонун тууроо эмес, анын берешендигин, кайраттуулугун, эмгекчилдигин, боорукерлигин, сабырдуулугун өрнөк тутуп, жоопкерчилик алуу дегенди билдирет.
Тексиз насаат - чексиз кайгы.
“Ар бир бала өз ырыскысы менен кошо төрөлөт” деген сөз “ар бир төрөлгөн балага өз ырыскысы сөзсүз түрдө насип болот” дегенди билдирбейт... Муну менен эмнени айткым келип жатат? Ар бир ата-эне мүмкүнчүлүгүнө жараша балалуу болсо деген кеп. Ырыскыны Кудай берет. Бирок аны таап, терип балдарына туура сарптай билүү деген ыйык вазийпа - ата-эненин колунда!
Жашоодогу максат - маңыздуу өмүр сүрүү.
“Кийими бүтүн, курсагы ток болсо болду да” деген түшүнүк балдардын келечегине доо кетирет. Чүрпөнү эне сүтү оозунан кете элек кезинен эле чоң аталарына таштап: “Биз бутка туруп алгыча ал дагы чоңоюп калат”,- деп алыска кетүү анын толук кандуу киши болуп жетилүүсүнө чоң залака тийгизет...
Түтүн булатуу - жоопкерчиликтүү иш. Ал эми бул дүйнөгө перзент алып келип, аны тарбиялап коомго кошуу - андан дагы алда канча жоопкерчиликтүү парз. Ата-эне баланын болочоктогу тагдырына таасир этет...
Демократиялык аң-сезим үй бүлөдө өкүм сүрмөйүн, коомдо саясий ырааттуулук болбойт.(Доган Жүжелоглу)
Баш кошуу – түркөйлүктү кечирбейт.
Үй бүлө куруу, балалуу болуу рухий жетилгендикти талап кылат.
“Илим менен искусство сый көрбөгөн жерде турбайт”.
Бир тарап экинчи тарапка көз каранды болгон учурда инсандык принциптери жоголот.
Бир келген өмүрдө өзү башка жакта, көзү башка жакта болуп өткөндөн жаманы барбы!
Кызыгуу - кишидеги жөндөмдүүлүктү ишке салып турган күч.
Укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү жогору болгон аялдар гана эң мыкты эне, эң мыкты жубай болуп бере алышат. Муну тарыхтын ар бир баскычы тастыктап келе жатат. Андыктан аялзатын басмырлоо аркылуу жакшы тукум улап кетүүнү самоо - дөдөйлүк.
Үй бүлөдө эркектин күчтүүлүгү сыяктуу эле, аялдын сый-урматы камсыздалбаса, ал үй бүлө бекем болбойт.
Биринчи кезекте аял - үйдүн куту. Ал эми үй бүлө - мамлекеттин эң негизги пайдубалы. Демек, аял - бүткүл адамзаттын жыргалчылыгын жонунда ташыган эң аруу пенде болуп саналат. Анткени аял - жашоонун башталышы жана булагы. Баардык адамдын жашоосу аялдын жатынында башталат, кучагында уланат.
Көздүн сокуру - көрөт, көөдөндүн сокуру - көрбөйт. Көздөн көңүл көрөгөч. Көзү сокурга жолуксаң жолук, бирок көкүрөгү сокурга жолукпа. (кыргыз эл макалдары)
Заманбап укуктук системанын көп чекиттеринен, боштуктарынан пайдаланып башкаларын какшатуу - каракчылыктын жеткен чеги.
Ишенип элдин тизгинин карматкан адамдарыбыз “байлыкты мага Кудай берген” деп жатса, ишенип “мамлекетибизди оңдойт” деп шайлаган адамдарыбыз “кыргызды мына көрөсүңөр, Кудай колдойт” деп жатса, сөздүн бүткөн жери ушул! Кыргызды эле эмес, бүтүндөй адамзатты ансыз деле Кудай колдойт. Бул жаңылык эмес! Эл бул атка минерлерибизди шайлаарда Кудайдан кабар айтып келе турган кабарчы болуп беришин эмес, татыктуу, алгылыктуу, конкреттүү кадамдары менен элдин жашоо шартын оңдой турган жол башчы болуп беришин эңсеп добуш берсе керек эле?
Абийир менен кеңешпей калган жерде адамгерчиликтен сөз кылуу мүмкүн эмес.
Көп сөз жалгансыз, көп мүлк арамсыз болбойт. (Юнус Эмре)
Сын пикирге орун жок жерде мактоо эч кандай баркка ээ эмес. (Пьер Бомарше)
Туура сын пикир акылдууларды күчкө толтурат, акмактарды ачуулантат. (Напалеон)
Эгерде мамлекет кирешенин (экономикалык мыйзамдарга ылайыктуу таризде) бөлүштүрүлүшүн калыс жүргүзбөсө, элде нааразылык башталат, адамдар мамлекетке болгон милдетин так орундатууну каалабай калат. Натыйжада, чыккан башаламандыктан улам мамлекеттер, цивилизациялар кулайт... (Ибн Халдун)
Түркөйлүктүн оту өрттөбөгөн токой болбойт. (жазуучу Рыфат Неждет Эвример)
Ишке киришкен түркөйлүктөн өткөн коркунуч жок. (Гёте)
Элдин көөдөнүнө туура келбеген, алардын терең кызыкчылыктары менен шайкеш келбеген мыйзамдарды кабыл алуу - элге чыккынчылык.
Жаш болуу эмес, билимдүү жана аң-сезимдүү жаш болуу артыкчылык!
Ачка адамга, курсакты тойгузуудан мурда “намаз оку!” деп айтуу – бул күнөө! (ислам аалымы Али Шерияты)
Курсагы ач адамдан аң-сезимдүү кадамды күтүүгө болбойт. (психолог Маслоу)
Эл өкүлдөрү балким кол тийгистир, бирок алар сын тийгис эмес.
Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН