Бу кыз менен чанда кезигип калам. Көчөдөн. Капыл-тапыл. Аркаман же алдыман чуркап чыга калат. Колума кагаз карматат. Кубат акеден салам айтат. “Атайы аманаты” дейт. Могуну берип ийди деп бир жолу 2-3 барак карматып кеткен. “Муну башкаларга да таратыш керек” деп кеткен. Бирок ал кагазын эч кимге деле таратпагам. Андан бери канча жыл өттү билбейм...
Бир аз күн мурда кара тору бул кыз мага дагы кезигип калды. Колума кагаз карматып кетти. Аны да башкаларга жеткирип, элге жайылтышым керек экен. Кубат аке Жусубалиевдин элге уютку болор улуттук идеологиясын жайылтуу аракети го деп түшүндүм анысын. Кагазын окудум. Түшүнбөдүм. Бүктөп ыргыттым.
Баягы кыз жанымды койбой күнүгө телефон чалчу болду.
– Сизге кезигишим керек.
– Эй... эмне кебиң бар?
– Жолукканда айтам.
– Анда баланча жерге кел, – дедим. Келди. Анда да кагаз берип кетти. Өлкөдөгү абалга өтө тынчсызданып алыптыр. “Бирдеңке кылышыбыз керек” дейт. “Э кой айланайын, өз аракетиңерди кыла бергилечи. Менде ансыз да убакыт аз, иш көп”, – деп буйтаңдап атып араң бошондум го десем...
– Офисиңизге кирип эле сүйлөшөлүчү. Каякта отурасыз? – дейт.
– Офисибизге эч кимди киргизбейбиз. Бизде ушундай, – дедим.
– Эмнеге андай?
– Бийликтегилер төшөгүбүзгө чейин аңдып, чөнтөгүбүзгө баңгизат салдыртып, Болот Темировду соттон сотко сүйрөткөн үчүн офиске ар кимди киргизе бербейбиз.
Офисте отурсам, “Сизди бирөө сыртта күтүп атат” дешти. Чыктым. Бу кыз кайра келиптир.
– Почтаңыз кандай?
– “РухЭшке” кирсең жазылып турбайбы...
– Мен минтип эле жазып алам, – деп почтабызды жазып алган. Кечинде эле почтаны ачсам Шайыр Тойчуеванын “РухЭшке” жөнөткөндөрү толуп кетиптир. Көз жүгүртсөм – кызыктай... Арасынан ошол кызыктарын жарыялай берейин дедим. Четинен. Оңдоп-түзөөсү жок. Кандай жазса ошондой стилде берүүнү эп көрдүм. Өзү да Кубат акенин шакиртимин деп көп эскертиптир каттардын арасында...
О`Шакир
Мен мен болгом, а балким мен болбогом. Ким билет?..
Өзүм 1978-жылы 12-сентябрда жарык дүйнөгө келгем. Апамдын айтуусунда 2 кг, 450 гр, боюм 48 см. саат 23.30да төрөлүпмүн. Алты бир тууганбыз, мен экинчисимин. Ошо.
Бир айлык болуп калганымда Аравандан Кара-Сууга айылчылап келиппиз. Эркебай ошондо эле ажалы мен экендигимди сезгенби, ит билеби, баласына:
– Мына кызыңды өлтүрүп ташта, энесине билдирбей, көзү жаман экен, жакшылык алып келбейт, – дейт имиш.
Берди чечкинсиз, өз алдынча ой жүгүртө албаган киши болгон, ал баласын Эркебай билгендей башкарган. Араванга келгенде мени караса, уктап атыптырмын, көтөрүп чыгып кетип аткан жеринен, апам сезип калса керек, колунан тартып алыптыр, ошончо тууган баласын аял бермек беле, экөө мушташып, апам эжемди жетелеп, мени көтөрүп төркүнүнө кетип калыптыр.
Ара күндө атам Төлөйкөнгө барат имиш, апама. Тайнем кызын жөнөтпөйт имиш, ал киши күйөө баласын жек көрчү экен. Ошентип 7 ай өтүптүр. Тайнем мени колуна көтөрүп эшикке чыкса, атам келип калыптыр, мен чарылдап ыйлап, атама талпынат имишмин, колуна алса сооронуп. Тайнем кызын, кызынын бала-чакасын каргап-шилеп, атама кошуп бериптир. Ошентип кайрадан 8 айлыгымда ата журтума келиптирмин, жөрмөлөп, кылыгы чыгып калган баласына Бердинин мээри түшсө керек, мени өлтүргөнгө батынбаптыр. Кийин бир мезгилдерде, ата бала чарпышып кетип, анан бул окуяны бир айтып бир койбойт, эки айтып эки койбойт. Берди, ишенип ишенбей акыры апам менен мушташкыдай болуп жүрүп, билип тынгам.
– Бу алкаш оозуна келгенин айта берет, сен көкмээ деле ушунун сөзүн сөз, - деп башында айтпады. Болбогондо, айтып тынган апам.
11 айлыгымда басыптырмын, капкара, кипкичине, чыйрак, бирок тилим кеч чыгыптыр. Апам:
– Дудук болуп калат окшойт, - деп коркчу экен.
Угат экем, ага-буга жумшаса түшүнүп, алып келет экем, зоопаркка алып барып, жаныбарларды көрсөтүп атын айтса, үндүү тыбыштарын айтат экем, бирок тилим чыкпаптыр. Эркебайдын бир досу Эргешбай, мени көрүп:
– Мына кызга кешик ичиргиле, болбосо дудук болуп калат, тили чыкпайт, - дептир.
Келдибай абам тоого чөп ташып иштеген маалы экен, ошол киши малчылардын, чөп чапкандардын кешиктерин бир идишке куюп келип берсе, мен деле жийиркенбей ичет экем. Пахта чапкандардын кешиктерин чоң энем берип, апам кыжыры келсе деле, эч нерсе дей албаптыр. Үйгө келген кишилердин калган катканын жутуп коёт экем. Иши кылса, апам айткандай, жугунду ичип жүрүп, тилим 4 жашымда так чыгыптыр. “Сен кешик ичкенсиң, кешиктүү кызсың”, - деп Шарабидин абам кызуу кезинде айтып калчу. Түшүнчү деле эмесмин. Өтү айрылчудай шок, тентек, бейбаш болгом, эркек бала жолдо калчу.
Апамы кайнилери:
– Кызыңызды институтка өткөрө албай жүрөсүзбү, - деп күлүшчү экен.
Мектепке жашым жеткенде кабыл албай, октябрдын орто ченинде зорго алыптыр. Апам теңтуштарынан калып кетпесин деп агайым:
– Класста бала толду, эмки жылы окусун, - дейт.
Бир класста 31 окуучу элек, экиге бөлсө – аз, чогуу окутса – көп. Мен тамга, эсеп билчүмүн, апам сураса айтам, агайым сураса унчукпайм. Агайым акыры макул болуп, мени:
– Жетишсе окуп кетет, болбосо кийинки жылы окуйт, бир ай карап көрөйүн, - деп алып калыптыр. Биринчи мугалимибиз Ташматов Нурмат агай эле, кезинде атамды окутуптур, ошончо жылдан кийин мени окутту.
Сабакты жакшы окудум, агайым атама жолугуп:
– Кызың сендей эмес, зээндүү, бу кызыңды урушпа, - дептир. Бирок тартип деген менде жок болду, шоктоно баштаганымда, агайым мага бир китептен көчүртүп жаздырып койчу же эсеп чыгартчу.
Өзүмө өзүм баа коюп, агайыма көрсөтчүмүн. Азыр деле эсимде. Кышкысын капкара козунун жүнүндөй тумагын үстөл четине коюп бизди окутар эле. Жазында ак көйнөк кийип келчү. 3-классты бүтүртүп, пенсияга кетти. 4-класста башка мугалим Ахарова Бүажар эжеке окутту. Мени жининдей көрдү, шок болсом, билгенимди кылып үйрөнсөм. Ошондо билип жүрөм, дептерге бааны окуучу эмес, мугалим коёрун. Сызгычтын кыры колума куп тийди. Акыры тажадым, сабакка барбай кача баштадым. Ата-энем сабагым менен иши деле болчу эмес, атам арактан колу бошобой, апам ишинен, үй тиричилигинен. Апама айтыптыр, эжекем, сабакка барбай жүргөнүмдү. Жетелеп алып барат, мен качып кетем. Атама даттандым:
– Эжекем ура берет, барбайм, окубайм. Нурмат агай эле окутсунчу,- деп.
– Эсеп билесиңби? -дейт атам,
– Ооба, - дейм.
– Жазгандычы?
– Ооба, - дейм.
– Билсең, окубай эле кой, барып делоңду алып кел, пахта чапканга деле киши керек, - деди.
–Деломду каяктан алам? – дейм.
–Директордон, - дейт.
–Ал каякта?
– Контордо, - дейт.
Жасанып кийинип, жаңы мектепке кирдим, биринчи жолу. Кичине класстар эски мектепте окучубуз. Контор экинчи этажда. Тамаша кылып, чалынып сүрдөп, иши кылса сурамжылап жүрүп конторду таптым. 3–4 мугалим олтуруптур. Директорду сурадым.
– Не кыласың? - дешти.
– Директирге айтам, - дедим.
Башка кабинетинде олтурат экен. Уруксат сурап кирдим. Келгенимдин жөнүн сурады.
– Окубайм, атам окуба деди. Деломду бергиле, - дедим.
– Неге окубайсың?
– Жазганды да, эсептегенди да үйрөнүп бүттүм, - дедим атам үйрөткөн сөздү айтып.
– Өзү кимдин кызысың?
– Бердинин.
– Кайсы Берди?
– Эркебай молдонун небересимин. Биз бөрү байыштарданбыз, - дейм.
Ошенткин деген да атам. Мени карап, кимдин кызы менен сүйлөшүп атканын билди окшойт:
– Канчанчы класста окуйсуң? – десе, быдылдап айтып бердим, өзүм окуганды жакшы көрөрүмдү, бирок эжекем мени ура берерин, агайым эле окутса жакшы болорун, болбосо баары бир окууга барбай качып кетеримди.
– Эртең сабагыңа кел, мен эжекеңе айтып коём, эми урушпайт, - деп чыгарып койгон.
Эртеси сабакка келсем, чын эле ошол агай:
– Төртүнчү класспы, Нурмат агайдын окуучулары? - деп классыбызга келген.
Эжекем мага тийишкенин ошону менен калтырган. Мектепте окуп калгам. Кийин билсем, директорго эмес, завучка кириптирмин, ошол агай 8-класстан баштап химия сабагынан берди бизге, Залиев Камчы. Экөөбүз тең бирибизди бирибиз тааныганбыз, агайдын эсинде калыптыр.
– Ошол кыз сенсиң да аа, - деп күлгөн.
Жаным тынбай, үйгө кирип чыга бергенимди карап туруп тажаган го, эшиктин алдында бир нерсе кылып олтурган атам урушту:
– Не эле буту күйгөн тооктой пайпастап атасың? – деп. Кулагымда калды. Буту күйгөн тоок кандай болорун же бир билсемчи, же башымдан чыгып кетсечи.
Эксперимент кылып көрмөй болдум. Бир тоогубузду туттум, бутунан жипке байлап койдум. Апам очокто казан асып тамак кылып аткан. Атам чаркардын алдында бир нерсе жонуп олтурган. Апам тамагын көтөрүп кирип кеткенде, баягы тоогумду көтөрүп барып, очокко таштадым, жүрөгүм ток да. Тоогум калып, мен чыңырдым. Апам казанын түпкүчкө коюп үлгүргөн экен, ошол жерде нес болуп олтуруп калыптыр, атам чуркап келип мени көтөрө койду. Атамы кучактап бакырып атам, ыйлап атам. Иши кылса... тоокту сойгон, үлгүрүп сойдубу же үлгүрбөй сойдубу, билбейм. Не болгонун айтып бердим, апам атама аңкылдап,
– Каяктагыларды балага сүйлөйсүң, - деп.
Чыбыр тоок эле, аны мен:
– Ала тоок, - деп, апам:
– Чыбыр тоок, ала болбойт, - деп, атам болсо:
– Таргыл тоок, - дейт. Ошентип бир таргыл тооктун бутун күйгүзүп көргөм.
Базар экономикасынын башталышы окшойт, ким билсин, оокат-аштан мукураган апам, мени бир күнү айыл четиндеги сай жакка ээрчитип барды, шыбак шыпыргы оруп келмекке.
–Шыпыргыны сатып, сага дептер, ручка сатып алабыз, - деп.
Мен болсо сызгыч, анан өчүргүч, лента, иши кылса, заказ берип алгам. Апам шыбак орду, мен топтодум. Мага көтөрүшүмчө байлап берди, калганын өзү көтөрдү. Үйгө келдик. Коңшубуз мас болуп келаткан атамдын алдынан утурлай чыгып, жеңесинин сай жактан келгенин кулактар кылып коюптур. Атам ээрчиме, жакшы-жаманга анализ жүргүзө албаган мажирөө киши болгон. Анан калса Эркебайдын сойкулугунун астында күн кечирген. Үйгө кирип келип эле ай-буйга деле келбестен, апамды жүндөй сабап кирди. Мен чырылдап ыйлап, сайга неге барганыбызды айтып жүрөм. Мени чапчып ыргыткан, томолонуп барып токтодум. Апам бакырып атат:
– Кач, Шайыргүл, качып ке-е-ет! Атаңы чакырып кел! Айланайын Берди, балага тийбе!
– Канчыктын күчүгү, - деп мага атам тап берген эле.
Чоң атам келген менен, бөлүштүрбөстөн, кейиген киши болуп тамаша кылып тура берчү. Ошол күндөн мен өз атамды, өзүмдүн гана атамды издедим. Неге бу киши мага, чынын айтканыма ишенбегенине башым жетчү эмес. Менин түшүнүгүмдө атам мага, бир гана мага ишениши керек эле. Ошол өксүк мени Кубат абага жеткирген. Коңшумду бүгүнкү күнгө чейин жан алгычымдай көрөм. Балалык жүрөгүмө так салган да. Бул окуя менин он жаш курагымда, 1988-жылы, күз айларында болгон. Кийин ошондогу чачылган шыбакты топтоп, шыпыргы кылдык, бирок базарга сатпаганбыз, келемишке жем болуп кетти.
Китепти мурдагыдан да көбүрөк, атайын издеп таап окуй баштагам. Жомок китептерди. Класста байдын балдары менен окуганга, өзүм бир томаяк алкаштын кызы болгонума арданып, өз алдымча тытынып окуп жүрдүм. Көп изденчүмүн, чөйрөмдөн бөтөнчө болуп, бөлүнүп тургум келчү. Классташ кыздарыма кошула алчу эмесмин, мени бөлүп турушчу. Мени кырсык, кайгы, түйшүк, азап, мукуратат да, курчутат да. Өзүмдөн байкаганда ушу мүнөзүмдү көп байкадым.
Эшиктин алдына кактус эктим, бар бугумду, балалык сүйүүмдү ошол кактуска арнадым. Жакшы карасам керек, өстү парпайып. Неден улам чыккан, азыркыга чейин билбейм, иши кылса айыл ичин:
– Кактус адам жейт экен, - деген каңшаар аралады.
Мен ар кимге отчёт берип жүрөм,
– Менин кактусум жебейт, - деп.
Өлөрүмө карабай коруп деле жүрдүм. Бир күнү мектептен келсем, кактусум кетменделип жатат. Ошол сүрөт азыр да көз алдымда. Жерге оонап алып ыйлап атам, кудайга үнүм жетип.
– Оо кудай, мени деле өлтүрүп ташта, - деп зар какшасам, апам мени уруп, чыбык менен сабап, эже-сиңдилерим тегеректеп курчап алып, шылдыңдап... Көрсө, апам кызын кактуска жедиргиси келбей, менин кандай экенимди билгенге, өзү колу барбай, айылдык фельдшер Калыбек акеге айтып, гүлүмдү чаптырып таштаптыр. Мен балалыгым менен, балалык баёо түшүнүгүм менен ошентип коштошком. Бул окуя 1991–92-ж. болсо керек эле.
Эркек баланын жумушун кылчумун, китепти да катырчумун.
– Быякта иш бүтпөй атса, - деп китептеримди апам жинденип ыргытып жүрдү.
Катып алып окучумун. Тапса, жыртып таштачу, башыма чапчу китебим менен. Ыйлап, ыйлап тынчумун. Бир күнү Тургеневдин аңгемелерин таап, жыртып таштаптыр. Ал китебимди сүйчүмүн. Жаныма батып кетсе керек, өлөрүмө карабадым. Апам айылда, медпунктта (ФАП) акушерка болуп иштечү. Кагаздарын, журналын, иши кылса, өзүнүкүн да тытып таштадым. Апам айкырып, чапчып жыгылды. Таякты болушунча жедим. Көрсө, төрөгөн эки аялдын бюллетенин (сүйүнчү пулдун документи экен) кошо жыртып таштапмын. Ал үчүн камалып да кеткидей окшойт. Атам болсо:
– Шишең толуп, ошону көргүдөй болуп калдың эле, ушунун китебине тийишпесең өлөт белең,- деп жүрдү.
Апам кантип кутулду, билбейм, айылдагы жумушунан чыкты. Башка айылда иштеп калды.
Пахта теримде бир үйдөн жок дегенде бирөө талаага чыкпаса, козопая (пахтанын отуну) берилчү эмес, козопая алыш үчүн пахтага чыкчумун. Табелчи Мамасейит аке:
– Шайыргүл, акчаңды жеңеме берип койдум, - деп жүрдү.
Пахтаны мен терип, акчаны апам алып, эже-сиңдиме ар нерсе алып берчү, мен өгөйгө ташбака жок.
– Сага эмдигиде, - дечү. Тойсом керек да, кур убадага, эже-сиңдиме алып берген дептерин жыртып, ручкасын сындырып, байпагын кыркып, иши кылса, билгенимди иштеп, өлөрчө таяк жеп жүрдүм. Ыйласам да, көгөрүп неге кылганымды айтпайм. Атам тапты неге мындай кылганымды, апама бакырды:
– Ана ошого деле бир запас алып берип койсоң болбойбу, сен деле? – деп. Ошодон кийин “өгөй кыз” да дептер ручкалуу болуп жүрдү.
Пахтага жооп бергенде, мал жайып ийчүбүз. Мектептен келип малга кетем, итирейген кызын аяса керек, апам малдын тузун таап келди. Бир жумача айдап келип жүрдүм, андан кийин өздөрү тузга келе башташты, уюбуз торпогу менен. Ноябрдын аягы, декабрь башталган. Бир күнү малыбыз келбей калды, бир жерде жатып калгандыр дедик. Эртеси мектептен кийин талаага бардым, жок, үйгө келип айттым. Апам мени ээрчитип, сиңдиме:
– Тамак кылып жеп, жата бергиле, биз кеч калсак, - деп издеп чыктык. 7-класста окуйт элем, сиңдим 4-класс, калганы кичине, эжемди чоң атамдар бакты, биз менен анча иши болчу эмес.
Атам мас, мылжыйып, бизди шылдыңдап олтурат.
–Аа канчык, мал кармайм дедиң беле, малың жоголуптурбу, - деп коюп.
Алкашыбызга теңелбей шымаланып чыгып кеттик, талаадан мал көргөн же билген киши жок, таппадык. Айылга кабар тарады, Зайнаптын малы жоголгон имиш делип. Таң эрте белибизге нанды түйүп алып чыгып кеттик, талаа ылай, баткак, жамгыр майдалап жаап атат, мал көргөн киши жок. Апамдын көзүнө малыбыз көрүнүп, мени чуркатат, барсам таш балакет жок. Башка айылдарга чейин барып аттык. Суй жыгылдык. Бешинчи күн дегенде бир киши:
– Ана турган шыйпаң тараптан малдын үнү эки күндөн бери басылбайт, ошо жакты карап көр, эриң жок беле, жаш баланы не деп ээрчитип алгансың, торойто чапса, не болосуңар? - деп билгенин айтты.
Апам экөөбүз чуркап жөнөдүк. Ээн талаадагы шыйпаңда малыбыз өкүрүп атат, үнүнөн тааныдык. Апам бакырып үн салды, кыйладан кийин адам кейпи жок, бир түрү суук киши чыкты, түсүн көрүп мен апама, апам мага жармаша түштүк. Малыбыздын бүт белгилерин айттык. “Бетме-бет” повестиндеги Ысмайыл эле. Бизди такалап:
– Малыңарды карабапсыңар, - деп, апам:
– Эми жакшы карайбыз, - деп...
Камап койгон жеринен айдап чыктык, байкуш малыбыз беш күндөн бери ачка, суу ичпеген, лөкүлдөп чуркаса, артынан мен чуркап, апам:
– Тек кой, сууга жүгүрүп атат,- деп...
Айылга айдап келсек, чоң атам кадимкидей тырчыса, малыбызды жоготуп ийбей таап алганыбызга, бир сыйра тамашага батышты эле да, тууган-урук. Кийин бир коңшубуздун баласы ошол киши малыбызды айдап кетип атканын көргөн экен, атасы:
– Айтпагын, - деп тыйыптыр. Апам билип алып күйүнүп эле жүрдү.
Ошол окуядан кийин эпкиндеп оорудум, кимдир-бирөө мени дубалдын кычыгынан тиктеп тургандай боло берчү, бакырып каччумун. Апам больницага көрсөттү. Врачтар:
– Мээсинде өсүндү бар, операция кылыш керек, - дешиптир. Апам макул болбоду, эскичилик да кылып көрдү, мен анча-мынча молдого басылбайт экем. Чоң атама апам:
– Кызыңызды окуп коюңузчу, - десе, унчукпайт имиш. Айла кеткенде молдо издештирди апам. Азыр экөөбүз тең билбей калдык, Отуз-Адыр экинчи тараптан бир молдо таап, ошого бардык. Окуду. Мени карап туруп:
– Балаңдын алдын тоспо, кишинин жүгү бар экен бу кызда, өлүп калат алдын тоссоң, көрүнгөнгө көрсөтпө, - дейт. Мага карап: – Сен кишини тап, кишиге бар, - деп... Макул болгонубуз менен түшүнбөйбүз эч нерсе.
Кайтып келе жатканда, менде эч кандай кишинин жүгү жоктугун, бу молдо алдамчы экенин айтып келатам. Эпкиндегеним калып кеткен, 7 жолу каттаганбыз, бирок желкени теше тиктеген ачуу көз караш пайда болгон.
8-класстан баштап математика сабагынан Акунов Талип агай окутуп калды. Бир күнү текшерүү иш алса, эки вариант тең туура, так чыгарыптырмын тапшырманы. Анан байкай баштаптыр. Текшерүү ишти мен арткы партага олтуруп алып, классташтарыма сатчумун, курут, запас, кош барак ж.б. Ошол күндөрү досторум көбөйчү. Башка күнү караган киши жок. Анан агай мени класстан бөлүп окута баштады. Математикалык китептерди берип, чыгартып көрдү, атайын китептерин берип, кантип чыгарылышын мага түшүндүрчү. Ошол агай мендеги талантты ойготкон. Окуган окуучуну гана окутуп, калганын таштап атчу. Ушул мүнөзү мага жукту.
Мени программадан сырткары окутканы менен, ачыкка чыгарбады, олимпиадаларга катышканым менен менин таламымды талашкан кишим жок, райондон өтчү эмесмин. 10-класстагы окуучунун олимпиадада олтуруп, мисал чыгарып атканын бир мугалим көрүп, менден сурап, кайсы мектеп экенимди билип, чыгып агайыма айтыптыр, ошол агай менин чыгарган тапшырмамды өзү текшериптир. Бирок өзүмдүн агайым ал кишиге кошулбай, башка мектеп биринчиликти алып кетиптир. Кийин Талип агайым атама айтып берген экен.
– Ошондо лицей, гимназия окуучулары эмес, Тойчуева жөн эле өтмөк, талашсам, керек болсо комиссия түзгөндө да, бу кыз мени уят кылмак эмес, - дейт имиш.
Менин келечегимди талкалап алыштан коркуптур. Кийин “физматка” өтпөй калганым үчүн ушул агайымды куп жек көрүп, алдымдан чыкса, саламдашпай деле жүрдүм.
«Ала-Тоо» журналынан Рамистин “Чочкодой мени чыңыртып, чок салып кеттиң сезимге”, деген ырын окуп алып чочконун чыңырыгы кандай болду экен деп, күндө күн алыс, айылдын четиндеги чочкоканага каттайм. Мени ээрчигендер тажап, акыры барбай деле калышты, бетон заборго асылып, тиктеп турам же чочколор чыңырбайт. Өзүм деле тажай баштадым. Акыркы күн, башка барбайм деп чочкоканага барып, чочколорду бир сыйра тамаша кылып туруп, эми түшөйүн деп атканымда, бирөөсү эми чыңырды дейсиң, забордон кантип көлчүккө түшүп калганымды билбейм. Коркконумдан артымы карабай качып келатам, качып келатам, же айылга жетсемчи. Ошондо биринчи жолу ушу кишиге окшош акын болгум келген. Кийин ырларымды Рамисти туурап жазып жүрдүм. Анан В.Шукшиндин аңгемелери “чуть ли” орус кылып коё жаздаган. Орустарга окшоп чочко баккандан коркчумун, жалаң мусулмандар элек да, бирок каз бакса болорун билип, же бир каз тапсам не, же издештирбей койсом не, иши кылса бир кокуй күн кыз элем. Биздин айыл тоок, үндүк баккан менен өрдөк-каз бакчу эмес. Кийин багышты.
11-класста математика сабагынан башка мугалим Жээнбаев Арапбай агай берди. Талип агай айтыптыр мен жөнүндө. Чын эле караса, арткы партада шоктонуп, сүйлөп бүтпөй, доскадагы тапшырманы оозеки деле чыгарып коёт экем. Бу агайым окутпады, бирок Талип агайымдын эмгегин баалай алды. Мен кимдин кызы экенимди билип туруп, алтын медалга көрсөтүптүр, өзү ошол кезде мектеп директору болчу. Көрө бер анан, айыл экиге бөлүнчү тоолуктар, анан жергиликтүүлөр болуп. Айыл аксакалдары директорго келип:
– Каяктагы тентигендин кызына тең келчү бир жооштун баласы жок беле? – дешиптир... медаль алат элем деп ошончо окуучу эми, ата-энеси менен. Апам чуркап жүрөт, кызым алып калса деп. Мен эсим ооп. Тоолуктардын бир да баласы ошол учурга чейин медалга көрсөтүлбөптүр. Атам эфирде. Иши кылса, айыл ошончо ажиотаж. Директор агай бир сыйра тепкиден өтүп:
– Тоолугуна да, жоошуна да жок, медаль, - деп эч кимибизге бербей кутулду.
Эки жылдан кийин өз кызы мектепти бүткөндө:
– Тойчуева ала албаган медалды менин кызым албайт, - деп так кесе, өз кызына колунан келип турганда да медалды алып бербей, менин эсимди таптакыр оодарган. Ошондо агайымдын мага кылган мамилесин билип жүрөм, өз кызынан да мени өйдө көргөнүнө башым жетип жетпей. Болбосо районодон кишилер мектепке келип:
– Окуучуңарды көрсөткүлө, - деп жүрүшчү тура. Негедир, окуучу “Победа” мектебинен чыгат дешчү экен.
Мектепти бүтүп, ОшМУга физматка тапшырдым, өтпөдүм. Кайрадан аппеляциялык комиссияга тапшырып көрдүм, кандидат кылып өткөрүштү. Сүйүнүп, үйгө келип кандидат болгонумду жар салсам:
– Ошо да болчу беле, кандидат студент эмес, эртең окуудан айдап ийет, окууга өтпөпсүң, - деп атам документтеримди алдырды. Бир жыл олтуруп калдым үйдө. Классташ кыздарыма той түштү, медалга көрсөтүлгөн кыз окууга өтпөй калган эле. Көчөгө чыкпай, бүк түштүм. Кыш келди. Талип агайым күндө мас, ушу кыз окубай калабы деп.
Жаз алды Арап агайым атама бир батада жолуккан жеринен айтыптыр:
– Ушу кызды окутпасаң, сен наамартсың, өткөн жеринен токтотуп коюпсуң,- деп. Ошончо кишинин алдында сындырыптыр. Атам:
– Өткөрүш менден, окуш окубаш ошол кыздан, анда, - деп убада бериптир.
Агайларымдын кийлигишүүсү менен кийинки жылы окуу жайга тапшырдым. Үйдөгү кышкыга делген буудай менин окуума пара катары кетти, малыбызды эжемди окутуш үчүн сатып бүткөн элек.
Адырга дарбыз эгип жүрдүк. Күндө сызылып жөө барчубуз, кечинде кайра келмей. Дарбыз бышса, мал кылмай болуп жүрдүк. Жер алып берип койгону болбосо, атам каралашчу эмес, түшүмүнө келгенде, Шерали айылына мактаныптыр дарбыз терем деп. Жайлата карап, күзүндө окуума кеткем. Адырдагылар дарбызыбызды майкандап ташташыптыр. Бир камаз заказ кылып барып, мостоюп куру кол келишиптир. Кийинки жылдары деле ошол болду. Мага окуума буудай кеткендигин колко кыла беришчү. Адырга дарбыз чапмакка барып, буудай машак кылдык, үч эже-сиңди. Атама айттырбадым, тытынып терип, калып кеткен семичкенин ичине үйдүк. Бир вагондо жатып жүрдүк. Кыйла болуп кетти, атам келип, бизди аңдый берчү, үйгө, айылга келип, эшек менен да болсо ташып алышыбыз керектигин, болбосо ошончо машакчы адырда жүргөндүгүн, алкаш аркабыздан түшүп аткандыгын апама айттым. Сөйрүк апам эрине айтыптыр, машагыбызды каерге топтогонубузду, кыздарына жардам берип, эшек таап, ташып берсе жакшы болмоктугун.
Алкашыбыз кайра адырга барып, Кудаш деген баш кесери бар болчу, ошого айтыптыр, кыздары машак топтогонун семичкенин ичине, түндөн калбай ташып албаса, биз эшек издештирип атканыбызды. Сураштырып, акыры бир коңшубуздун эшек арабасын алып келдик, сиңдилерим машактан кутулганына сүйүнүп, бардык барчу жерибизге. Таш балакет жок. Мен нестейип, сиңдилерим үңүлдөп, мени каргап ыйлап жүрөт, кантип тергенин билет да. Алкаштын колунан келгенин апам айтып ыйлады, бизге боор ооруп. Бакырып бердим апама. Вагонго келдим. Алкашыбыз мас, сурадым, адатынча мылжыңдап кайра мени шылдыңдады. Атып чыгып, асманга карап улуп ийдим, ант тиштедим, өзүм алкашты ушу кылганы үчүн жок кылмакка, ага чейин өлбөйм дедим. Ошону менен апамдан таяк жесем да, адырга көгөрүп барбай койдум. Сиңдилерим барып жүрүштү. Кийин билсем, Кудаш комбайнга тазалатып, жарым тонна буудай алыптыр, биз топтогон машактан, бир стаканга.
– Бар болгону бир стакан куюп берип койду, бир шише эмес,- деп алкашыбыз наалыптыр.
Группалаштарымдын көпчүлүгү байдын кыздары, окуп жүрдүк. 1-курста кыйналдым, чын. 2-курстан чийме чийип, курстук иш жазып, сопромат чыгарып, тыйынымды өзүм таба баштадым. “Асаба” гезитин, “Азаттык” радиосун окуп, угуп жүрдүм. Депутат дешчү группадагылар. Залга баскетбол ойногону барып жүрдүм, негедир агайым мени спортакиадага кошчу эмес, жакшы эле ойночумун, тренировкада мени защитага коюп, калган кызды топ таштатып үйрөтчү, корзинаны жакшы коручумун. Оюндагы эреже бузулса, тополоң болуп кетчү. Чаар баш элем. Агай мени көбүнчө судья кылып жүрдү, оюнга кошпогонунан тренировкага келбей койсом, общежитиеден кууп түшчү, көр, - деп. Спортакиадаларда агай экөөбүз болельщик болуп жүрдүк. Негедир ушул убакытка чейин мени эч бир адам биринчи планга чыгарбады, дайыма сүрүп ташташат, азыр көнүп бүттүм, ал кездери жаш элем, алдыга чыккым келчү, же кошпой койбойт, же алдыга чыгарбайт.
Залга балдар келип, Гүлбарчын айткандай, карганын балдарындай тизилип олтуруп, оюн көрүшчү. Башында кыздар көнбөй, агайга арызданып жүрдүк, агайыбыз көнгүлө деп кайра бизди урушчу. Арасындагы бир бала бир күнү мага жатаканага келиптир, бир аз кызуу. Чыктым. Тааныштык. ОшТУда окуп, күрөш боюнча машыгат экен. Келген себебин жөндөп түшүндүрө албайт. Кийинки келгенде бир аз ачылды. Азыр эстей албайм, атын, Эдил же Эмил, Кадамжайдын Пүлгөнүнөн болчу. Баяман (Эркинбаев) акесинен көргөн күнүн көрүп жүрчү экен, ошол баладан угуп жүрдүм Р.Санатбаев деген немени, ошого жетсе, коммунизм башталчудай. Өзүм Алымды (Токтомушев) кумир тутчумун. Жакшы болуп кеттик. Баяман Эмилдин (же Эдил) күрөшкөнүн көрүп:
– Мага иштейсиң, болбосо Оштон жоготом, - деп артынан түшүптүр. Раатбек экөөнүн тагдыры бирдей эле болду, Раатбекти өлтүрүшкөндө, ошол баланы эстедим, үлгүрдүбү көрүп калганга, же... Айылга кетип калган жеринен атасы баласын түшүнбөй, окуусун таштаганы үчүн уруп, үйлөп таштаптыр. Акыркы уккан жаңылыгым, Россияга кетип калды, катынын да таштап деген классташ баласы. Экөө чогуу окушчу. Баяман өзүнүн Жалал-Абадын алдап бүткөндөн кийин, именно Эмилдин Кадамжайынан ЖКга депутат болгонуна күйүп жүрдү.
Милицияга түшүп, алар менен таанышып, спортсмендер, студенттер, ар башка улуттун балдары айланамда. Ар кызга суранып, үйүнө ээрчип барып жүрдүм, адамдардын жашоосун билгим келчү. Өзгөндүк курбумдун (Сыргаева Айчүрөк) үйүнө ээрчип барып, 1-жолу Кубат деген реалдуулукта бар киши, биздин Алайдан чыкканын, аны ошо Мелис ээрчип жүргөнүн, бир эле Мелис эмес, өзүбүздүн Ноокаттан бир жаш бала да чогуу ээрчип жүргөнүн атасынан уккам.
– Сен туугандарыңдан да сүрүштүр, силердин тукумда бар окшойт, Акелер жөнүндө кыз башың менен билсең, - деген.
Ага чейинки Кубат, же Акелер жөнүндө, айтылгандар миф, жомок сыяктуу болчу. Өзгөн районуна караштуу Бостон айылынын жашоочусу Сыргаев Досмат аксакал. 1998-жылы октябрь айында айтылган бул маалымат. Ошондон кийин Сулайман тоого күнү деле, түнү деле куп чыктым, коркчу эмесмин жалгыз жүргөндөн, чокусуна чыгып алып, бийиктен туруп шаарды тамаша кылган жакчу. Жашы чоңурак кишилерден, туугандардан Кубат жөнүндө сурамжылап жүрдүм.
Окуганымды көрүп, эжекелерим мага диплом жаздырып жүрүштү. Деканатка, кафедрага чакыртып алып:
– Тойчуева сени жок кылып коюш оңой эле, - деп кыткылыктап күлүп, колума бир папка “Снегурочка” барагын, образец кылып бир дипломду карматып жүрүштү. Калган расход өзүмдөн. Бир эжекем ватман да кошуп алып берип койчу, калганы... 3-4 эжекенин дипломун жазчумун. Зачёт, экзамен эжекелеримден. Карап турмак белем, жатаканадагы студенттердин окутса болчуларын тандап, арзанырак жазып берип жүрдүм. Эжекелерим акча берчү эмес. Мен студенттерге кантип дипломду защита кылыш керектигин түшүндүрүп, алар баа алып чыкканча кошо жүрчүмүн, акча алат элем да. Эжекелериме мурдагыдай студенттер диплом жаздырбай калган. Ким диплом жазганы белгилүү эле болгон. Не кылышын билбей жүрүштү. Ортодо акча талаш.
4-курстун аягы. Мага 86 НБ коюлуптур, башымды оорутпадым, староста Кажиева Гүлназ экөөбүз “алла кудай, тооба кудай” элек. Кыжырымды келтирип курбу кызымда 32 НБ, болбосо күндө барат сабакка, ыйлап жүрөт. Нервденип не кылар айламды билбейм, НБ акчаларын эжекелерим жешчү, билчүмүн. Салкынайда акча жок, атасы монстр, анча акчаны жөн бербейт (320 сом). Келдим универге, старостабыз менен кырылдым, студенттердин акчасын эжекелер менен кошо жээрин билеримди айтып. Ажыратып коюшту. Мени недопуск кылышты, сессияга, мага кошуп ошончосун. Сессияга келбей койдум. 4 кыз өз ара уюшуп, деканаттан журналды уурдашыптыр.
– Журнал жок, кечээ Тойчуева келген, ошонун колунан келди, - деп менден шекшишиптир, жоготкондор. Группаны топтоп, бир сыйра баарын коркутушса, төрт кыздын бирөө айылга кетип калыптыр, бирөөсү таптакыр барбай, мага экөө келип, колума журналды беришти. Универге кураторубуз Самат (Ысманов) агай чакыртыптыр, бардым. Сессияга неге келбегенимди, журналды билер билбесимди сурады. Танып ийдим. Деканга кирдик. Эжекем атырылды. Группа менен чогуу да, өзүмчө да кабыл алып, болушунча такалады, НБнын акчаларын ким жеп жүргөнүн билмекке (өздөрү эле жешчү). Журнал юридикалык документ, эгер аныбыз менден чыкса, камалып кетеримди билгенде, корктум, айылга алпарып таштадым, төрт кызды таап, минисовещание кылдым, ким айтса – кошо ала жатаарымды эскертип. Көгөрүп туруп бердик. Журнал табылбады. Журналды бир жаңсыл кылгандан кийин үйлөрүбүздү тинтиш үчүн прокурордун санкциясы керектигин деканга айтып атырылдым, юрфактын студенттеринен уккам да. Журналды апам тандырга от тамызгы кылып ийиптир, азыр болсо документ болмок эле.
Ошондогу байкуш старостам. Журналды башынан жазып чыкты, эжекелер таштап атышты. Жалгыз өзү жазды, достору да жардам беришти окшойт. Мага атырылып,
– Сен адам эмессиң, адам болбойсуң,- деп мен:
– Сен адам бол, мен үчүн, - деп экөөбүз тиктешип олтуруп болушунча ыйлаганбыз.
Мени отчисление кылмай болушту. Көгөрдүм. УИЦке (учебно-информационный центр), проректорго, ректорго бардым, арызданып. Факультеттеги былык иштерди айтып таштадым. Мени ошондо УИЦтин башчысы, Топчубай Исаков колдобогондо, бүгүн дипломсуз калмакмын. Ректор Мамасеидов – Ж.К. нын депутаты болчу, аныбыз Бишкекке, сессияга кетиптир. Проректор Идирис (Эргешов) - эжекелерим тарап. Топчубай агай факультетти болушунча текшерди, менин жазгандарымдын негизинде. Студенттерден үч жылдан бери НБга алынып аткан акча каякка кетип атканын бирден эжекелерим келип, отчёт берип, документтерин болушунча иреттеп көрсөтүп жүрүштү. А мага 1 жыл академический отпуск беришти. Салкын айткандай, студенттердин “звездасы” болдум, өзүм ыйлап бүтпөйм, алсырап жыгылдым. Студенттердин өздөрүнүн акчаларын чөнтөгүнө салып бердим, Дилбар айткандай.
Кийинки жылы сопумун эми, декан Айгүл Жаанбаевна, Госэкзаменге киргизбей турган болуп ызырынып жүрдү. Күткөн күн келди. Көзүмдү жалдыратып, бурчта олтургам. Ошол күнү Ташкенттен бир профессор келиптир. Эгер ал киши макул болсо, жеңил өнөр жай факультети, болбосо, техника-инженердик факультеттин бөлүмү болмок экенбиз. Демилге Т.Исаковдон чыгыптыр. Күтүүсүз келди, профессор. Деканым мени издеп өзү чуркап жүрөт, биринчи мен кирдим, экзаменге. Факультетте студенттерди канааттандыраарлык окутат деген бүтүм чыгарып, профессор жолго түшүптүр. Эжекелеримди өлүмдөн алып калдым, өзүм да өлбөй кутулдум.
Матамарова Гулсина эжекем, колундагы медодистке мени тапшырыптыр, дипломдук проектиден кышкы пальтону же военный форманы ошол кызга бересиң деп. Аныбыз дагы башкасына таштап, иши менен кетип калыптыр. Назира (Мамасалиева) мурдагы группалашым эле, университетке жумушка кирген. Кафедрага чакырды:
– Каалаганыңды танда, декабрда ректораттан бекитилет, темаңар, ошого чейин Матамаровага көрсөтпө, сага пальто же военный шинель, - дептир, -деди.
Мен мектепке чейинки кыздардын көйнөгүн тандадым. Пальтону Капаровага бердирттим, мени тоготпой, үстүмөн шылдыңдап, мурдун чүйрүп жүрчү. Эжекеме көрүнбөй качып жүрдүм.
–Тойчуеваны гостон же дипломдук проекттен кармайбыз, – дешкен экен. Аны билип калганга, методистке да кармата койбой, дипломдук темаларыбызды Назира ректоратка жөнөтүп ийиптир. Байкуш калтырап жүрдү, мен үчүн. Ректорат жарым айдын ичинде бекитет экен. Экөөбүз жалдырайбыз эми. Кокус болсо, темабызды кайра оңдоп, жазып коюшат экен, эжекелер. Менин акчам жок экендигин билишкен эжекелерим, диплом проект жазганда дагы, пальто же форма тиккенге материал ала албастыгымды билишчү.
Февралда бекитилди, негедир кеч калып. Капарова Света группалашым темасын көрсөтүп, Матамаровага дипломго заказ берсе, 5 миң сом дептир. Не кылар айласын таппайт. Мага келди, менде дипломдук проекти бар эле, ПТПсын (проектирование технических процессов) чыгарып берем, мобуларымды көчүртөм 400 сом дедим. Дипломдук корычкага акчам жок эле. Сүйүнүп кетти. Берди акчаны, машыгып бүткөм, 5-10 күндө чыгарып, колуна бердим, кантип чыгарганымды түшүндүрсөм, опшум тупой экен:
– Өлдүм, - дедим ичимден. Не кылар айламды билбейм. – Азырынча Матамаровага көрсөтпөй көчүрүп жаз, - деп карматтым.
Назирага айттым, ситуацияны. Аным шылдыңдап күлөт, не кылар айлабызды билбейбиз, же мен сволочь ал кыздын акчасын кайтара алсамчы.
Март келди. Капарова эжекеге кирди:
– ПТПны ким чыгарды? – деп сураптыр. Мени айтыптыр. Чакыртты. Кирдим, темабыз ректораттан бекитилгенин билгемин. – Канча сомго чыгардың? – деди. Айттым. Көзү чанагынан чыгып кете жаздаса... Кезинде 400 сом эмес, абсалютно бесплатно чыгарып жүргөнүмдү айттым. Безирейдим.
–Адамдар не болуп кетишти?!. – деп кыйкырып, көзүнөн жаш агып кетти. – Чыгып кет!!! – Бакырып берди.
Чыктым. Света мени күтүп турат, эгер Матамарова кол койбосо, калтыртып койгонум үчүн, мени жөн койбостугун, акчасын 10 эсе өндүрүп алаарын айтып. Мен болбосом эжекеге эле жаздырмак экен. Эртеси келдим. Кирдим эжекеге. Капаровага кол коюп беришин сурандым, ыйладым, таяк жеп калышым мүмкүндүгүн, акчасын жеп бүткөнүмдү, кайтарып бергенимде дагы, эми болбостугун айтып. Унчукпай кол койду.
– Өзүңдүкүн алып кел, текшерип берейин, - деди.
Көрсөттүм, темамды карап туруп, ыргытып ийди, дептеримди, текшермек беле? Анан методисттерди такалаптыр, Назира айтып берди.
– Тойчуева эмес, Капарова, - деп угуптупмун, - деп кутулуптур методист. Эжекелерим тута алышпады, дипломдук проектимди коргоп, кутулуп кеттим. 2002-ж. июнь айы эле.
20.05.20.