О`Шакир: Дин – эркиндик тузагы

  • 04.11.2022
  • 3185

АҢГЕМЕ

(Чыгарманы санаалаш карындаштар Айзада Акбекова менен Назира Айтбековага арнайм)

I

Шарп-шурп-шарп… Деңиз шоокумун тыңшап отуруп, туптунук сууга боюн урду. Далайга чейин чумкуп барды. Суудан чыккысы жок. Чалкасынан оодарылган Ашымдын көздөрү чалкыган көпкөк асманда. Кебездин үзүгүндөй бирин-серин каалгыган булуттарды тиктеп, жан дили бийикке көкөлөдү. Көктө булуттар каалгыса, көк деңизде адам пендеси саналган өзү каалгып, көөдөнүн аруулук сезим аралады. Адам тукуму өзүн булуттай жеңил сезгени жашоо жыргалы эмей эмне…

Тунук деңиздин суусунда чабак ургандагы ыракатка балкып, көпкө сүздү.

Теребелде дале үрүл таң.

Жээкке чыгып кара деңизге көз чаптырып отурган Ашымдын көзү бир чекитке көпкө кадалды. А мүмкүн деңизди байырлаган канаттуу куштардын арасынан бөлүнүп калган бирөөсүдүр деген аёо сезим кетпеди. Же жалгыз калган жарадар кушпу, же кара деңиздин белгисиз жаныбарларынан болду бекен – акылы айраң.

Өмүрүндө деңиз жашоосу кандай болорун толук аңдап түшүнө элек Ашымдын Батумиде эс алып жүргөнүнө эки айга чукул убакыт өттү.

Чекитти ажырата албады, чекит да улам алыстай берди. Негедир деңиздин тереңиндеги аялуу жалгыз жандыкка боору түтпөгөнү менен ага сүзүп жетүүгө жүрөгү даабады. Кайрат-күчүн кара деңизде сыноо үчүн тобокелчиликке барыш кайдан ага. Бар күчүн топтоп, деңиздин тереңинде каалгыган аялуу жалгыз караанга сүзүп барып жардам берер болсо кана.

Ал азыр жүрөгүнүн терең түпкүрүнөн бир акыйкатты сезди; бул туюм ага шарпылдаган деңиз жээгинде отурганы үчүн келди. Муну ал мурда даа Ат-Башынын аска-зоолорунун туу кыйрына чыкканда сезген. Көрсө, адам аткыр бечара өзүнүн кибиреген алсыз жан экенин кыйыры чексиз зор дүйнө менен бетме-бет келгенде гана сезет окшобойбу. Аска-зоонун чокусуна чыкканда өзүн кибиреген бир жандыктай сезген Ашым азыр даа кыйыры чексиз деңиз боюнда отуруп өзүн кумурскадай сезди. Адам бу дүйнөгө эмне үчүн келгенин туюш үчүн Жаратылыш менен бетме-бет кездешип туруусу керек окшобойбу. Болбосо, кымгуут элдин арасында адам өзүн өзү зор күчкө ээлик кылгандай сезип, текеберсинген, менменсинген адетин коймокпу. Азыр ал зор дүйнөнүн алдында кичирейе түшкөнү. Деңиз бою кичирейтип койду аны.

Жээкте болсо бирин-серин гана караан көзгө урунбаса, демейки пляж боюндагы эл кыжыган көрүнүш жок. Табият сулуулугуна кумарланган бүгүнкү таңда Жараткан күчкө сыйынды. Эрте таңда деңиз боюна келгенине көңүлү шат болгону менен, бирок алыстагы караан санаасын бөлүп туруп алды.

Бир убакта алыстагы чекит жакындай берди. Ал, жээкти карай чабак урган адам экен. Ушунчалык алыска сүзүп барган бейтааныш адамдын эркине таңгалды. “Кантип жүрөгү даап, алыскы сүздү?” – өзүнө ишенген суучулга суктанды. А тиги жеңил кыймыл менен жээкке жакындай келсе эле, мына кызык…

Турпаты келишкен славян тектүү сулуу келин керилип жээкке чыкпаспы. Ашым экөөнүн аралыгы 5-6 эле кадамдай жер. Күнгө күйгөн денеси рекламада көз күйдүргөн шоколаддан бетер таң нуруна чагылышкан бөтөнчө сулуулугун айт. Бет маңдайындагы бейтааныш сулуунун суу денесиндеги сызылган ар бир тамчы – мончок шурудан бетер жылтырап көрүндү. Деңиздин тереңинен боюна жабышып келген акак, маржан, асыл таштардан бетер жерге тып-тып тамганычы суунун.

Келин жээкке калтырып кеткен сумкесин аңтарып, чакан термостогу кофесинен куюп, ыракаттана ууртады. Теребелди кофенин жыпар жыты каптады.

Бейтааныш сулуу көпкө кармалбастан, сууга кайра чумуду. Барпайган тармал чачтары көк деңизге жайылып, табият койнунда эркелеген суу перидей сүзүп кетти кайра.

Ашым көзүн албай тиктеди деңизге чумкуган сулууга. Бул шедевр, жаратылыштын чебер сүрөтчүлүгү эмей эмне! Дүйнөнүн канчалаган кыл калемгер сүрөтчүлөрү палотного түшүрө албас сулуулук эмес бекен… Эч бир акын сөз кудурети менен да жеткире албас бул көрүнүшкө биздин каарман – Ашым күбө болуп отурганын карасаң эй! Жер шарын түрө кыдырса да, дүйнөнүн бүтүндөй сүрөт көрсөтмөлөрүнөн мындайды көзү чалмакпы, жокпу?..

Тиги бейтааныш сулуунун тармал чачтары менен деңиздин майда толкундары кошо тармалданып, чебер сүрөтчүнүн тандалма боёгундай төп жарашып калганычы. Көрсө, Жаратылыш өзү улуу сүрөтчү тура! А адамдар аны көчүрүп алат экен болгону.

II

Жээк бойлоп келаткан төрт-беш караан көрүндү. Алдыңкы төртөө узун көйнөкчөн, беттери чүмкөлүү мусулман зайыптары экен. Төрт катындын эри окшойт арттагысы. Анысы тимеле колго түшкөн туткундардын ээсинен бетер манчыркай басып, каадалуу. Жашы кырктын тегерегиндеги эле шейхтерден окшойт. Эки колун артка алып, өзүн бир асманды тиреген күчтөй сезеби? Сөөлөттүү. Алдындагы зайыптары жаш чыбыктай солкулдап, ойносо оюнга, күлсө күлкүгө тойбой турган куракта экенине Ашымдын жүрөгү сыйрылды.

Бир убакта сөөмөйүн чычайткан шейх төрт катынына буйрук берди белем, шейх көрсөткөн тарапка ээрчишип жөнөштү баары.

– Эх, романтикалуу жаштыгын уурдаткан бечаралар, – баятан сулуулукка сугун артып отурган Ашым күрсүндү.

– Буларды эмнеге бечара дейсиң? – өзүнө өзү каршы күңкүлдөдү Ашым. – Өздөрү тандаган тагдыр.

– Кайдагы тагдыр тандоосун айтасың? Тандоо эмес бул. Үрп-адаты, каада-салты булардын! – Кыжырланды Ашым.

Бир Ашым экиге бөлүндө. Ашым, Ашымга каршы наалыды. Төрт катынын эркиндиктен мүчүткөн мындай эркектер өзүнүн эл-жеринде жокпу? Толтура! Жылдан жылга арбып, шарият түшүнүгү менен жашаган замандаштары жүрбөйбү; диний тескөөдөн тыш деген кыргызды айныткан.

– Бардык өткөн муундардын каада-салты – жаш муундун шору, оор жүгү.

– Бизде да караламан калктын башы эски көз караштарга, салттарга толуп калган.

– Йе кайран Огюст Конт: “Тирүүлөрдү өлгөндөр башкарат” деген ушул тура.

– Айтканыңда калет жок, – Ашым Ашымды кубаттады. – Мындайлар бизде да көбөйбөдүбү.

– Так ушуларды туурап десең… Орто кылымга кайрадан бараткандайбыз…

– Какыраган кургак топурактын калың катмарына тиш салчу буурсун керек болгондой, адамзаттагы керексиз үрп-адат, каада-салттарды өзгөртүш үчүн Мухаммед пайгамбар, Моисей, же Иса пайгамбар болушуң керек. Эч болбосо Назира менен Айзададай шок кыздар керек коом үчүн.

– Пайгамбар болуш кайдан бизге. Сен айткан калың катмар жер кыртышын бузуп, ошол какырап кургаган жер бетин жарып чыгар тамыр кайда? Ошол тамырдан ширелүү мөмө-жемиштер өнсө кана!

– Эркиндиктин атынан салт, үрп-адаттарды четке кагып да болбос, – деди бир Ашым.

– Каада-салттар өз мезгилине жараша жаңырууга тийиш. Эскини бузуш керек, – деди экинчи Ашым.

– Новаторлугуңду койсоңчу. Албетте, салттарды талкалаган жаңычылдык керек дечи, бирок…

– Эмнеге бирок… Салт дегениң – эски машиненин тетигин жаңы машинеге чаптай салгандай кеп да. Түркөйлүккө каршы күрөш токтоосуз уланышы керек.

– Ал эмне күрөш экен?

– Салтсыз жашоо гана идея менен азыктанат. Түркөйлүктү жеңген идеянын өзү салтка айланат. Улуттук идея, улуттук улуу кыял жараталбай келгенибиздин жөнү ошол.

– Те качанкы эски делгендин канчасы бир кезде жаңы болгон. Сен жаратар жаңы идея деле качандыр бир убакта үлгү болуп, эркиндиктин тузагына айланат.

– Ооба, сөзсүз. Бирок зээндүү келечек ал тузакка илинбей, өз баалуулугун жаратып алат. Ар бир доордо адам баласы өзүнө ылайыктуу салт жаратышы керек.

– Эски шарапка жаңы шарап аралашса, татымы бузулабы, жокпу? Салт деле ошол сыңары кеп ко…

– Эски шараптын даамын жаңысына аралаштырууну кээси кааласа, кээси каалабас. Үрп-адат, каада-салтты деле жаңы шарап менен эски шарапты аралаштыргандай жаңыртса болот, – деген бүтүмге келди баятан эки ача пикирде келаткан Ашым.

– Салтты мурас кылган болбойт, жеңиш керек аны, – деди оптимист Ашым.

– Мурунку менен кийинки доордун жакшы-жаманы жуурулушуп, адамзаттын энчисиндей жашай берет, – деди пессимист Ашым.

– Ар бир доордун өз кемчилиги бар, – Ашым терең үшкүрүнүп, колуктусуна телефон чалды: – Ал-лё, Назым… ойгондуңбу? Келбейсиңби жээкке? Өткөндөгү биз балык жеген жерге…

– “Balıkçım” беле?

– Ооба, түрктөрдүн ресторанычы...

III

Назым менен Ашым “Balıkçım” ресторанынын алдынан кезигишти.

– Сен бүгүн кайсы балыкты тандайсың?

– Дорадо жагып калды өткөндө. Бүгүн деле ошону… – Назым менюну карап отурбастан шыр айтты.

– Анда экөөбүздүн ортого жакшы бир салатты өзүң тандачы, – Ашым колуктусунун алдына жылдырды менюну. – Мен анда лосось жейин. Экөөбүз бөлүшүп да жейбиз ээ?

Тамак келгенге чейин экөө кофе ууртап отуруп, бурч жакка тиктеген Назым шыбырады:

– Акырын… тетигилерди карасаң.

Колуктусу ишарат кылган тарапка моюн бурган Ашым дароо сетиркегендей мурун чүйрүдү. Көз кыйыгы менен узун үстөлдө отурган чоң үйбүлөгө тымызын көңүл бурду. Мындайды ал бүгүн эле көрүп отурган жок, мурда да далай жолу күбө болуп жүргөн эле мусулман калкынын турмушундагы көрүнүш. Тек гана анчалык маани берчү эмес эле, а бүгүнкү көрүнүш чыныгы түркөйлүктөй сезилди.

Тамактануу маалындагы чоң үйбүлөнүн уулдарынын жүздөрүндө шаттуу күлкүнү көргөнү менен, бирок жүздөрү чүмкөлгөн кыздары, төрт токолунун көңүлдүү маанайын сезе албады (Мүмкүн Ашымга эле ошондой көрүнгөндүр). Уулдары менен бирге эр бүлө өзүн эркин-эмин сезип отургандай бака-шака, кыткылыктаган күлкү. Ал эми беттери чүмкөлгөн тиги куругурларчы: баары ооздоруна кашык салган сайын паранжаларын улам өйдө көтөрүп, кайра түшүрүп… Бири сорпосун ууртаса, бири салатын, дагы бири нанын үзө тиштегени, айтор, дасторкон четиндеги тигилердин үйбүлөлүк отурушу Ашым менен Назымдын көп суроосун жаратты.

– Эч болбосо… тамак жегенде да беттерин чүмкөнбөй койсо болбойбу? Зайыптарын ушунчалык да кызганабы булар эй?..

– Мен да ушуларга таңгалам, – Назым баш чайкады. – Өткөндө да көчөдө балмуздак жеп бараткан паранжалуу эки аял алдыман чыгып калбаспы. Экөөнүн балмуздак жеп баратканын көргөндө, өзүм жүдөп кеттим. Паранжасын көтөрүп ооздоруна салганча, балмуздактары эрип, батташып…

– Чщ-чщ-щ… – баш чайкап, таңдайын шыкылдатты Ашым.

– Ал эмес байкадыңбы?.. Биз келгенден бери ушулардын аялдары деңизге түшкөнүн көрбөдүк. А эс алганы келгени кайсы?

– Ушунун эмнеси саякат десең буларга? Чщ-чщ…

– Болгону аялдарын корабилге, яхтага отургузуп деңиз кыдыртканы эле болбосо, күйөөлөрү эле эс алат окшойт булардын…

– Ушунчалык ысыктын күнүндө кантип чыдашат десең.

– Капкара паранжаны кой, мен мынабу жука кофточкага чыдабай кетип атам ысыкта, – Назым үстүндөгү көкүрөгү ачык, жука кофточкасын көрсөттү. – Мусулман эркектеринин өзүмчүлдүгү Кудайга деле жакпас.

– Кудайды динчилдер эбак өлтүргөн. Баардык диндин өкүлдөрү Кудайды ооздон түшүрбөгөн сайын, Кудайдын ысымын вирустай жайылтып, вирустай өлтүрүшкөн…

– Вирус… кандайча?

– Ооздон чачыраган шилекейден айырмасы жок болуп калды Кудайдын. Кудайды оозангандар жүрөктүн түпкүрүнөн атайт дейсиңби? Кудай-тааланын ысымы тил учунан айтылган үчүн вирустай жайылып… Кудайды вирустай өлтүрүп көнүштү…

Экөөнүн алдына оттун табынан жаңы алынган балыктар келди булоологон. Балыкты үн катпай жешти.

Июль, 2022.

Батуми шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз