
“Эркин жашап көнгөн, өзүн өзү башкарып үйрөнгөн эл башкаруунун башка формасын жерип, зулумдук деп эсептейт. Ал эми жеке адамдын башкаруусуна көнүп калган эл жаңы жол тандайлы дебейт. Баш ийүүгө көнүп калышкан. Тагдыр аларга мамлекеттик тартипти өзгөртүүгө кандай чоң мүмкүнчүлүк бербесин, алар кыйынчылыкка кайыл. Бийликтин адам чыдагыс башкаруусунан кутулса дагы, мурунку бийликтин ордуна жаңысын коюуга шашылат, анткени алар үчүн кулчулук турмуш көндүм адат.” – Мишель де Монтень, француз жазуучусу, философ.
“Адам эркин болууга тийиш. Эгер эркиндиктен ажырасаң, демек, арадан көп өтпөй эле сени бир балекет чырмайт. Маселен, элестүү айтканда мамындай: таштандыга бир буюмду ыргыттың дейли, ал чирип баштайт. Алып кетейин десең, буюмуң мурдагысындай эмес. Тек, асыл буюмдар гана чирибейт: алтын, күмүш, алмаз. Сенин жан дүйнөңдөгү алтын, күмүш, алмаз гана чирибейт. А калганынын баары… фү! Агер сен алтын, алмаз, күмүштөн жасалган болсоң, эч нерседен коркпо. Бирок сенден башкаларычы? Ал жакка [түрмөгө] айдалып кетишпесе экен дебейсиңби.” — Сергей Пантелеевич Мавроди, орусиялык ишкер.
“Таза аба, теребелде канаттуулар сайрап ойготкон ошондогу жагымдуу эркиндик сезимин эч унутпайм. Ага кошул-ташыл кемедеги түртүшкөн, жөөлөшкөн, оор жумуш, оор түйшүктөн кутулганыма жеңилдей түшкөнүмдү айт. Мен кайрадан өзүмө өзүм кожоюн элем. Матростун колу-жолу бошогон эркиндик кыска: жумасына бир гана күн, бирок чектелбейт. Сени эч ким көзөмөлдөбөйт, каалаганыңды кыласың, каалаган жагыңа басасың. Буюрбасын калп айтсам, ошол күнү «эркиндиктин таттуулугу» эмне экенин сезбедимби. Эркиндиктин маанисин өмүрүмдө биринчи жолу ошондо түшүндүм.“ — Дана Ричард Генри, америкалык юрист, саясый ишмер, жазуучу.
“Орусия бар болчу, улуу өлкө эле. Далай муундардын мээнети менен курулган күч-кубаттуу үй-бүлөнүн бардык мүлкү бүлүнүп, талкаланды. Кудайга сыйынып, өткөндөрдү эскерип, бардык нерсе улуу культура, улуу культ деп аталчу. Анан аны эмне кылышты? Акыбетине келсек, башкаруучуну кулатылыш үчүн эле бүт үйдү толугу менен кыйратышты. Бир тууган бир тууганын өлтүрүп, кулак угуп, көз көрбөчү үрөй үрккөн шумдуктар болду. Коркунучтуу кесепетин айтып отурса, эсепсиз… Эркиндик, боордоштук, теңдикти шылдыңдаган чакырык ташталып, туунун түбүндөгү дүйнөлүк карамүртөз адам «жапайы» орустун мойнуна минди да, абийир, уят, сүйүү, ырайымдуулукту жер менен жексен кылып тебелетүүнү шардана салды…
Туулгандан эле түбү бузук, адеп-аклакты билбеген акмак Ленин тоголок жер шарында өз ишмердүүлүгүнүн туу чокусунда туруп алып, өтө коркунучтуу, кырсыктуу балакеттин араандай оозун ачтырды да, дүйнөдөгү эң улуу өлкөнү талкалады! Миллиондогон адамдарды өлтүргөнүн айт! А чаламандын чак түшүндө биз аны кайрымдуу санап, талашканыбызчы. Же андай эмеспи?” — Иван Алексеевич Бунин, орус жазуучусу, акын.
“Эч кандай коркунуч жаратпаган эркиндикке караганда басмырланып, кайра жанданган эркиндик өтө жаалдуу келет”. – Марк Туллий Цицерон, байыркы римдик саясатчы, философ.
"Эркиндик баасы – ар дайыма сергек болууда". — Томас Жефферсон, АКШнын 3-президенти.
«Коопсуздук үчүн эркиндиктен баш тарткан адам экөөнөн тең ажырайт».— Томас Жефферсон.
“Өзүңө каалабаганды башкаларга тилебе; сага кул болуу жакпайбы, а эмнеге башкалар кул болушу керек? Кулдардын кызматысыз оокатың өтпөсө, демек, өзүң да кулсуң. Жакшылык-жамандык жанаша жүргөндөй эле, эркиндик менен кулчулук да киндиктеш”. — Эпиктет, байыркы грек философу.
“Милийса көп жерде – эркиндик жок. Аскерлер көп жерде – тынчтык жок. Адвокаттар көп жерде – адилеттүүлүк жок." — Линь Юйтан, кытай жазуучусу, философ, окумуштуу.
“Өз жашооңо кантип кам көрүүң керек? Өзүңө өзүң тоскоолдук жаратпа. Токтобо. Өзүңдү эркин-эмин кой. Эмне уккуң келсе, ук. Эмне көргүң келсе, көр. Эмне айткың келсе, айт. Тулку-боюң каалаганды аткар. Жүрөгүң эмне кааласа, жайына кой. Оюң эркиндикти каалайбы – тоскоол болбо. Ансыз кадамың алга жылбайт.” — Ян Чжу, байыркы кытай даанышманы.
«Эч бир адам эркиндикке каршы күрөшпөйт, адам аткырың көп учурда башкалардын эркиндигине каршы күрөшөт». — Карл Маркс, немис философу, социолог, экономист.
"Эркиндик – бул өзүң каалаганды кылуу эмес, эмнени каалабасаң, ошону кылбоо." — Жан-Жак Руссо, француз философу.
"Эркиндикти баары эле сүйөт, тек, айырмасы кайсы? Эркиндикти адилеттүү адам көпчүлүк үчүн, адилетсиз адам өзү үчүн гана каалайт." — Карл Людвиг Бёрне, немис-еврей жазуучусу.
“Эркиндик – чоң жоопкерчилик. Көпчүлүк адам эркиндиктен ошон үчүн коркот.” — Жорж Бернард Шоу, британдык жазуучу, драматург.
“Нике — бул эрди-катын ортосундагы согуш, кимиси жеңсе, эркиндик ошонуку.” — Оноре де Бальзак, француз жазуучусу.
"Эркиндикке ээ болуу – адамдын эң кубанычтуу олжосу." —Хаяо Миядзаки, жапон режиссёру.
“Кандай бийлик болбосун, тирешкени сөзсүз эркиндик.” — Генри Луис Менкен, америкалык журналист, эссеист.
«Азыркы адам эркиндиги кроссворд чечкен адамдын эркиндигине окшош: теориялык жактан каалаган сөздү киргизе алат, а чындыгында кроссворд чечилиши үчүн бир гана сөз керек». — Альберт Эйнштейн, физик-теоретик.
Кыргызчалаган О`Шакир