АҢГЕМЕ
Аял жаап жаткан карга жүзүн тосту.
Бетине түшкөн бүртүкчөлөр ысык мешке тийгендей эрип, моюнун көздөй жылжып агып жатты. Жүрөгү алып-учуп, жүзү албырып турду.
Кафеге аны тааныштары чакырган. Эмнегедир отура албады. Көпчүлүк алагүү болуп, бийдин кызуусуна киргенде пальтосун желбегей жамынып, эшикке карай бет алды.
Сыртта буладай аппак кар себелеп жатыптыр. Муздак аба дароо бетине уруп, көөдөндө уюган туманды кайдадыр кууп кеткенсиди. Эки-үч күндөн бери уйгу-туйгу болуп, эзилип аткан жүрөгүнө тынчтык уялады.
Байыркы гректердин эриккенде адамдарды эрмектеген кудайлар тууралуу уламышы бар эмеспи. Аял да “Мени кудайлар сынап жатпасын” деп ойлоду көктү карап. Чынында мындай абалды ал өзүнө эгерим каалаган эмес.
“Эмнеге мен, эмне үчүн ушундайга жол бердим?” деди акырын күбүрөнүп. Ушунча да акылсыз, алсыз белең? Молдону сүйүп калат деген эмне шумдук?!
Идеясын, ишенимин саткан чыккынчыдан бетер өзүн күнөөлүү сезип, ошол эле маалда молдону көргүсү келип кызыктай абалда турган.
Адатта мындай окуялар кинодо эле кездешет эмеспи. Анан калса биздин каарман молдо тургай, бардык эркектерди жек көргөн, текебер аял эле.
Ал айылда, “кызга кырк үйдөн тыюу” деген үй-бүлөдө өскөн. Бир үйдүн кичүүсү болгондуктан баары ага чоңсунуп, тыя беришчү. Көчөдө баспа, балдар менен сүйлөшпө, дайыны жок каткырба, киного барба, жумуш кыл...
Улууларга баш ийбегенде кайда барат, кыз илбериңки анан тартынчаак чоңойду.
Баскан-турганы көзөмөлдө болгондуктан студенттик жылдарында деле кыска көйнөк кийип, жигит жандап баскан эмес. Бир чети өзү деле жаштыкты чексиз шооладай көрүп, эртең баарына жетишем деп жүрө бериптир.
Университетти бүткөндө үйүнө жуучу келгенин укту. Буга чейин “кызым жаш, окуйт, эрке” деген апасы ошол адамдарга эмнеге жибип кеткени табышмак... “Жакында барат, ит кыялыңды көргөзбөй сүйлөшүп көр” деди телефондон.
Ошондон көп өтпөй карасур тартып, кабагы карыш түйүлгөн жигит аны иштеген жерине издеп келген. Анан үч жолу кафеге чакырды да, төртүнчүсүндө ала качып алды.
Кыз ошондо үч жолку кафенин акысын эң кымбат жылдары менен төлөп берерин аңдабаптыр...
Көпчүлүк жубайлар жаңы үйлөгөн кезинде ысык болгонун айтышат ко. Бирок келинге алган эри барган күндөн эле керексиз буюмдай суз мамиле кылды. Кагып-силкип, кийин кол көтөргөнгө өттү. Чалга окшоп кыйкым издеп, жемелей берген адаты да бар экен.
Келин өңдөн азып, бат эле жүдөп кетти. Жөргөмүштүн желесине түшкөн көпөлөк өңдөнүп, жашоосу өзүнө жакпай кыйнала берчү.
Кээде ушундай басынтууга чыдап атканы үчүн ичиндеги “Мени” түтөп, өзүн өзү жек көрөр эле. Анан ур-токмоктон тажап, таштай катканда кайрылбай кеткен. Жалтыр-жултур көр оокат адамдан жогору турган бул үйгө мындан ары батмак эмес.
Анан кетип баратып баарына таарынган. Өзүн сүйгөндү үйрөтпөгөн ата-энесине, зомбулуктан коргой албаган ага-тууганына, аялдарды кор туткан коомго, алсыз кылып жаратып койгон табиятка...
Күйөөсүнө болгон жек көрүү жүрөгүнө муз болуп тоңуп, кийин бардык эркектерди жаман көрө баштаган.
“Аял урганды аябаш керек” дечү ал. Мамлекет андай зөөкүрлөрдү пирамида салган кулдардай эзип иштетсе кана... Качандыр бир кезде алдуу-күчтүү аялдардан турган отряд түзүп, кызыл камчы эркектерди жазалоону самачу тымызын.
Жер шарынын жарымында эркектер өзүнчө, аялдар өзүнчө жашаса кандай болмок дечү фантазиясы ээ-жаа бербей. Аялдар сөзсүз жаратман болмок анда. Эркектердин ичи тарып, тынбай эле бизге согуш жарыялай берсе керек...
“Эс тарткандан бери эле эркектердин бийлик талашына күбө болуп келебиз” дечү ал. – “Же жарыткан өзгөрүү жок. Баягы эле кыйналган аялдар. Бизди сабашат, кордошот. Биз алар үчүн кооз оюнчук, бала төрөй турган эле жандык болуп калдык”.
Өнүккөн өлкөлөрдөгү аялдардын жашоосуна суктанып, ошол жакта төрөлбөгөнү үчүн жаратканга далай таарынды.
Коррупцияга барган, бийлик талашкан эркектер өлкөбүздү жок кылбаса болду деп санаага батчу. Ошондонбу, акыркы төңкөрүштү өтө оор кабыл алды. Мамлекетти дагы артка сүйрөшүп, баягы эле аялдар азап тартат экен да...
Баса, аялдын феминисттик көз караштары өзгөчө динчилдерге жакчу эмес. “Соо жүр же сыйың менен өлкөдөн чыгып кет” деген сөздөрдү көп укту.
Бир жолу Бангладештен келгенден кийин жер баспай калган динчил тууганы менен айтыша кетти. Талаш “Аялдарга машине айдап эмне кереги бар?” деген сөздөн чыккан.
Тууганы мурда ичип жүргөн, билими орто неме болчу. Сөз таппай калганда “Балдарың ЛГБТ болуп, гей-парадга чыкса да макулсуңбу, уятсыз?” деп айкырган.
“Жинди турбайсыңбы?!” дешкен ошондо “дебаттын” күбөлөрү аялга. “Соо киши да ушул дааватчыга теңелеби?”.
“Бул динчил мен келген жерге жолобосун” деген аял да ачууланып.
Анан ушундай аялга молдону жолуктуруп, сүйдүрүп койгон тагдырдын тамашасын карабайсыңбы. “Кудайлар мени эрмектеп жатат” дегендей эле болбодубу...
Ал молдо менен өткөн кышта таанышкан. Кечинде кино көрүп отурса, мессенжерден билдирүү келип жатпайбы. Караса, бейтааныш адам экен. Ал-жай сурап жазыптыр. Фейсбуктагы баракчасын кирип көрсө динзар экенин дароо түшүндү. Анан эмнеге эле мага динчилдер жаза берет деп таң калып койгон.
Кат алышуу ошону менен токтогон жок. Аял да башка динчилдердей каккан эмес. Балким жалгызсырап жүргөнгөбү, бардык темада ачык сүйлөшө берчү. Бир ирет молдого ызы-чуулардан чарчап, депрессия болуп жүргөнүн айтып алды.
“Адам эмнеге суицидге барарын эми түшүндүм. Коом менен кошо ооруйт турбайбызбы” деп даттанган анда.
“Депрессиядан арылыш үчүн күйөөгө тий, коомду ойлоп эмне кыласың?” деген жооп келген молдодон. Өчтүм, юмору күчтүү го мунун деп таң калып жылмайып койгон.
Маанайы жакшы кезде өзү да сөз менен чымчылап, тамашалап жазып койчу. Анан молдонун аны окуп алып “астаапырла, шайтанды карачы” деп чочуп жатканы көзүнө элестеп күлүп жиберчү.
Ошондой күндөрдүн биринде молдо аны жакындан таанышуу үчүн чайга чакырып жатпайбы. Аял негизи эркектер менен кафеге жалгыз барчу эмес. Баягы ала качуудан кийин коркуп, жанына курбуларын кошуп алчу. Бирок бул жолу ары ойлонуп, бери ойлонуп жатып ичкен чайымдын акчасын өзүм эле төлөйм деп барган.
Молдо менен бир сааттык жолугушуу дин, мамлекет, саясат тууралуу кызыктуу сукбат менен аяктаган.
Таң калычтуусу, ал киши молдо болсо да кийимге, жүрүм-турумга кийлигишип, акыл үйрөткөн эмес. Мамлекет менен дин өзүнчө болушу керек деген байистүү көз карашта экен. Эң кызыгы, сакал да койбоптур.
Чайдын акчасын мурда эле төлөп койгон экен, аял ыңгайсыз абалда калган. Ошондон кийин бир-эки ай сүйлөшпөй турса деле болмок. Молдо жазса жооп берип, кайра андан ардемени сурап баарын өзү кылды. Кээ бир күндөрү ага бугун айтып, “жеке психологу” кылып алганычы.
Кар балбалактап жаап жатты. Аялдын кийимине, чачына кар жабышып, агала болуп чыкты. Эгер ушул маалда кимдир-бирөө аны алыстан көрсө, эстелик деп ойломок.
* * *
Сүйүүгө кабылгандан кийин аялдын жашоосу өзгөрдү. Мурдагыдай ачууланып, жаман эркектерден өч алууну ойлонбой калды.
Баса, ошол күндөрү дагы бир кызык окуя болду. Кыш чилдеде Кадамжайда бадам гүлдөп, Чүйдө байчечекей ачкан экен, бул кабар ааламтордо желдей тарады...
Айрымдар буга таң калып, ар кандай жоруп жатышты.
Аял кышта гүлдөгөн бадамды өзүнө салыштырды. “Жинди бадам” деди ичинен.
Терезени тиктеп ойго батып турган. Мессенжердин “чаңк” деген үнүнөн чочуп кетти.
Молдо дагы жазыптыр... Адаттагыдай эле ал-жай сураган экен. Сүйүп калганымды сезип калган окшойт деп шексинген аял апкаарып, кызарып чыкты.
Телефон кармаган колу калтырап, жооп жазууга даабай турган.