Карл Густав Юнг «депрессия, кара кийген катынга окшош» дейт

  • 05.05.2023
  • 2495

Сүрөт https://fit4brain.com/ булагынан алынды.

Карл Густав Юнг – швейцариялык психиатр, психологиянын негизги багыттарынын бири – аналитикалык психологиянын негиздөөчүсү. Юнг аналитикалык психология милдетин пациенттерде пайда болгон архетиптик образдарды чечмелөө деп эсептеген.

Жалгыздык айланаңда адамдар жоктугунан эмес, сен үчүн маанилүү көрүнгөн иштер жөнүндө адамдар менен сүйлөшө албаганың дейт. Негизинен, көз карашыбыз башкалардын кабыл албоосунан жаралат экен.

*       *       *

Башкалардагы бардык кыжырды келтирген нерселер, өзүңдү түшүнүүгө алып келиши мүмкүн.

*       *       *

Депрессия, кара кийген катынга окшош. Келсе кууп жибербей, конок сыяктуу кабыл алып, дасторконго чакыр, айтканын ук.

*       *       *

Эки адамдын жолугушуусу бул – эки химиялык элемент кошулганы. Реакция болбой калышы мүмкүн, эгер реакция жаралса, экөө тең өзгөрөт.

*       *       *

Жашоонун мааниси жоктугу невроздун келип чыгышында чечүүчү роль ойнойт. Негизинен невроздун өзүн жашоосунун маанисин таппаган жандын азабы деп түшүнгөн оң... Мага кайрылган адамдардын үчтөн бирине жакынын кандайдыр бир клиникалык жактан аныкталчу невроздон эмес, өз жашоосунун маанисиздигинен жана максатсыздыгынан жабыркагандар түзөт.

*       *       *

Алкоголдук ичимдиктенби, баңгизаткабы же … измдерге болгон көз карандылыктанбы, айтор, бардык көз карандылыктын жакшысы жок.

*       *       *

Эң жагымсыз жолугушуулардын бири – өзүң менен жолугушуу.

*       *       *

Ички дүйнөбүздө эмне болуп жатканын аңдабасак, сырттан караганда бизге бул тагдыр ушундай сыяктуу көрүнөт.

*       *       *

Сенден кетем деген адамды токтотпо. Болбосо сага келер адам да сага жолобойт.

*       *       *

Сиздин көз караш өз жан дүйнөңүздү көрө билгенде гана тунарат.

*       *       *

Баланын мойнуна түшкөн эң оор жүк – ата-энесинин жашоого үлгүрбөгөн өмүрү.

*       *       *

... Адамдар инсандардын ортосундагы кагышуулар көбүнчө өзүмчүлдүктөн же кара ниеттиктен эмес, ар бир адам дүйнөнү ар кандай кабыл алуусунан келип чыгарын түшүнө баштаганда гана көйгөйлөр чечилет.

*       *       *

Уйку – бул рухтун эң жашыруун, эң купуя бурчтарына алып барат жана ал космостук түнгө ачылган жашыруун кичинекей эшик.

*       *       **

Адам – жинди болгон жаныбар. Бул жиндиликтен чыгуунун эки жолу бар: ал кайрадан айбанга айланышы керек же адамдан да жогору болушу керек...

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз