Худайберди Халлыев: Чөл

  • 22.06.2023
  • 3677

Котормочудан алгы сөз

Түркмөн жазуучусу Худайберди Халлыевдин кезектеги чыгармасын менен кыргыз окурмандарына сунуш этип жатып, карыя калемгер жөнүндө учкай маалымат бере кеткенди оң таптым. Кудайберди ага горбачёвдук “кайра куруу” жалдары башталган демократиялык өзгөрүүлөрдүн шарданында саясатка аралашкан чыгармачыл инсандардын тобунан.

Алардын массалык маалымат каражаттарында жана жыйындарда демократиялык коом, адам укугу, сөз эркиндиги жөнүндө утуру сөз козгошкону төбөлсүз Түркмөнстанда түптөлө баштаган авторитардык бийликтин итатайын тутултат. Тунгуч президент Сапармурат Ниязов жеке бийлигин бекемдөө үчүн алгач саясый партиялар менен кыймылдардын жетекчилерин, аларга катар коомдогу жараяндарга өз пикирин ачык айткан чыгармачыл адамдарды куугунтуктай баштайт. Худайберди агага коопсуздук кызматтары ыдык көрсөтүп, адам укугу, сөз эркиндиги деген сөзүңдү токтотуп, тилиңди тартып жүрбөсөң, кыздарыңа “кылбаган санатты” кылабыз деп эскертишет. Ага да табасы канбаган бийлик аны 1995-жылы камакка алат. Кийин эл аралык коомчулуктун колдоосу менен эркиндикке чыгып, үй-бүлөсү менен чогуу мекениден чыгып кетет жана 1996-жылдан бери Чехияда жашайт.

Түркмөнбашы Ниязов сөз эркиндигин ооздуктагандан кийин Интернетти чектейт, Опера жана балет театрын, циркти жабат, алтын тиш салууга жана айымдардын жүзүн макияж кылуусуна тыйуу салат... Бул сыяктуу жосундар бүгүн да уланууда.

Х. Халлыевдин эне тилинде жарык көргөн он китебине мекенинде тыйуу салынган. “Дүйнөгө түркүк болом деген эчендеген жаангерлер өттү. Алар кылычтын күчү, элдин көз жашы менен курган мамлекеттер кыйрады. Бирок саясатчылар өткөн тарыхтан сабак алышпайт экен. Жаңы тарыхтагы андай мисалдарга өзүбүз күбө болдук,”- дейт 76 жаштагы жазуучу.

Соңку жыйырма жылда жазуучунун кээ бир аңмелери менен повесттери чех, орус, англис тилдерине которулду. Үч жыл илгери “РухЭштин” окурмандары Худайберди аганын “Хан, бутуңдагы чарыгыңды карачы!” деген аңгеси менен таанышкан. Азыр сунуш этилип жаткан “Куурчакты” кыргызча сүйлөтүү мен үчүн бир кыйла машакаттуу болду. Анткени, чакан аңгеме гууглдагы түркмөн сөздүгүнүн куржунунда жок көөнө сөздөргө бай болгондуктан, алардын маанисин издеп, автордун өзүнөн жардам суроого туура келди. Ошон үчүн бул котормодо Худайберди аганын да эмгеги бар.

Амирбек Азам уулу

АҢГЕМЕ

Чөл. Кыш ызгаарына жана жай аптабына тойгон ырыскыга сараң, азапка берешен чөл беш күндүк баарда гүлдүү айдың талаага айланып, жаннаттын бир өңүрүнө окшойт.

Тери куюлуп, каалаган жагына омкорулган буладай үлпүлдөк булуттар жайлоого бараткан көчмөндөрдүн көчү сыяктанып, Сазактын сүйүүгө толкуган жүрөгүн элеп-желеп кылып, ал өз айылына, андан да алыстагы жат элдерге учуп кеткиси келди. Белгисиз күч көкүрөгүн тепкилеп, жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй болуп согуп жатты. Ал бир туруп эмнегедир сүйүнсө, бир туруп эмнегедир капага чөктү.

Таң агарар замат жерге жан кирди. Тээ түштүк жактан коңгуроонун шыңгыраган үнү угулду. Кимдир бирөө ичке үнү менен: “Тарт! Тарт! Айт!..” деп кыйкырды. “Жайлоого жөнөгөн түркмөндөрдүн көчү окшойт? Ай, жок, көч мынчалык эрте жолго чыкпайт. Бул Хивадан келаткан кербен болушу ыктымал. Кечээ акшамда билсем, алар менен чайлашып, чер жаза сүйлөшмөк экенмин. Эх, армандуу дүйнө! Журт которуп бараткан кербен. Кызыктуу кеп-сөздөрү түгөнбөсө керек...”

Койчунун ою жаш баланын тентек кыялындай кербендин артынан жүгүрүп жөнөдү. Ал ийри таягын булагалап, үйүрдүн башындагы серкени кербендин үнү чыккан тарапка ийирди. Анда кербендин артынан кууйун деген ниети жок эле, кишинин же кербендин изин көрүп, эрме чөлдөгү жалгыздыкта жетимсиреген жанын алаксытайын деген. Жалгыздыктан качып, жигиттердин бири да чөлгө барып койчу болууну каалабайт. Киши эмнеге гана көнбөйт! Бир жолу чөлгө барсаң бүттү, биротоло байланасың. Сазак алгачкы күндөрү айылын сагынып, куса болгондуктан, эчен мертебе кетейин деп ээликти. Анан акырындап көндү. Сагыныч жүрөгүн өйө баштаганын сезер менен “Яр-ов жан!” деп (“Сүйүктүүм-ов жаным”) деп кыңкылдап кирет. Искегин жана кичинекей кайчысын алып, сакал-мурутун кертип, сулууланат.

Бир жолу жалгыздыгын айтып, карт койчуга даттанса, ал: “Балам, үйрөнөсүң, башка арга жок, - деди аны сооротуп.- Жүрө, жүрө эл көп жерден өзүң эле жалкыйсың. Мал артынан жүрүп, өзүң да аларга окшошуп момун, кем сөз болосуң. Үйгө барсаң, балдардын жана улуулардын ызы-чуусунан кулагың тунуп, адамдарга бутуң тартпай калат. Айылда бир-эки күн түнөгөндөн кийин, ушул тилсиз айдың талааны көксөйсүң“.

Арийне, таноолорунан бышкырган малга окшоп калгандан Кудай өзү сактасын, малга окшошуп калганың, тирүү өлүмтүккө айланганың эмеспи? Сазак элге камыр-жумур аралашып, тамашалашып күлгөндү, дыйканчылык кылып, өмүр сүрүүнү каалайт. Өтүп кеткен кербендин изин кууп баратканын себеби ошондон.

Кербендин издери!.. Кош оюм болгон төөлөрдүн издери, эшектин туяктары казган чуңкурлар, туюк ултарган соору чокойдун өкчөсү калтырган оюктар – мунун баары өзүнүн бир боорлору жана туугандары калтырып кеткен заттай көзүнө ысык.

Койчунун калың эриндери жазылды, белин бүгүп алып, издерди кунт коюп карай баштады.

Сазак бала кезинде өзү курактуу чыт курсак балдар менен сууга түшкөндө жыпжалаңач болуп алышып, майин кумдун үстүнө отурушканда, көчүктөрү төөнүн таманындай из калтырчу. Долу эшектин туяктары казган изди кара, түн бою арпага курсагын аянбай толтурбаса, өмүрү минтип таскак салып, чуркамак беле!

Кербен ал болжогон ойдуң жерде өргүп жаткан экен. Төөнүн кумалактары, таңгактардын издери, а ортодо сөксөөл отундун күлү. Балким алардын арасында тамашакөйлөрү бардыр, дутар чертип, ыр кошкон шайырлары бардыр? Алар ырдаганда, Сазак сыңары “Яр-ов жан” деп ырдын кайрыгына кайра-кайра кайталашпаса керектир. Насип этпесе, чара жок экен да, болбосо кербен бул ойдуңда өргүп жатканда, Сазак башка ойдуңда өргүп жатат беле? Ал башын өкүнө чайкап, каршы тарапка бурулганда, сөксөөлдүн түбүндөгү ак зат көзүнө урунду. Түйүнчөкпү? Жок, башка нерсе! Куурчак. Куурчак экен. Түрдүү түстөгү жибектен жасалган санжыргалуу куурчак. Кызыл тору эки бетин, сүзүлгөн көздөрүн, капкара кашын айт!..

Узун көйнөгүнүн жеңдерине, жакасына сайма түшүрүлгөн, ич көйнөгүнүн этек-жеңи да оймолонгон, ногой кепичтүү бою карыш бийкеч бейтааныш койчунун алдында уялбай, чоочуркабай сулуу көздөрүн саал сүзүлтүп, дүйнө бейкабар жатты. Үлбүрөгөн жибек койчунун чорлуу колдору тийгенде тытылып кетчүдөй жыйрылды, себеби чорлуу колдор аны биринчи жолу кармоодо. Койчу куурчак эмне болот деп кооптонуп, жарылган эриндери титиреп, бир аз кызарган кара көздөрү күлдүн арасынан табылган чоктой жалтырайт. Денеси безгек болгондой калчылдап жаткан шекилдүү.

Ал куурчакты алып, бархандын төбөсүнө жүгүрдү. Төбөгө чыгып, кербен кеткен жолго тигилип карады. Кербен үн жетпегендей алыста бараткан. Койчу куурчакка кадалып, баёо көздөрүн ирмеп-ирмеп жиберди. “Эми сен эмне кыласың, кербенден биротоло калдың.” Койчу куурчакка кечирим сурагандай жалдырап карады, ал болсо кербенден калып калганына такыр өкүнбөгөндөй мелтеет. Эмне кыларын билбей абдыраган койчу куурчакты аркы-терки айлантып, этият карап жатты. Муну кимдир бирөө кызына белекке деп сатып алгандыр, балким сүйгөнүнө тартуу кылганы алып бараткандыр. Куурчак кимге аталбасын, таңга жуук кербенден түшүп калган экен. Аны койчуга жалгыздыкта жар ордуна болсун деп атайын калтырышкан сыяктуу.

Ушундай көркөм буюм кишинин колунан жаралдыбы? Киши ушундай көркөм затты жарата алса, эми ага жан салуу гана керек. Койчунун баёо көздөрү тынбай ирмелип, күнгө тотуккан эки бетинде бырыштар пайда болду.

Сазак чак түштө кашарга келди. Таң эртеден бери аягы жеткен жерге дейре жетип, аягын жазып оттоп келген койлор эриндерин кыймылдатып кепшешип, жатканга белен болуп калды.

Ал кумганга мурда камдап койгон жамгырдын суусунан толтуруп, отко койду. Жан баштыгынан каткан көмөч нанды чыгарды. Андан бир бурда сындырып, пияладагы чайга малып жумшартып, чайнап жутту да, чайдан бир уурттап, куурчакты кайра колуна алды. Койчунун көздөрү сүйүнүчтөн кайра жанып, күлүп көнбөгөн эриндери жалжайды. Куурчактын көйнөгүнүн этеги койчунун бармагына илинди. Сазактын жүрөгү болк этти. Ошол учурда жерде жаткан ит ыргып туруп, чочугандай абалап үрө баштады. Иттин үргөнүнөн селт эткен койчу куурчакты тонунун астына катып, таягын колуна алып, ордунан турду. Тегеректе кыймыл эткен караан жок, ит сыягы ачкүсөн же чүткөр көрүп, абалап үргөндөй.

– Айт, жогол, балакет баскыр! – койчу өзүн кур жерден беймаза кылган итке кол шилтеп ачууланды.

Ал койнунан куурчакты алып чыгып, аны эмне үчүн жашырганына өзү таңданды.

– Эй, койчу, сенин пейлиң бузулганбы?! Куурчакты балдар, болгондо да кыздар ойнойт эмеспи? А сен эмне отурасың, оозуңду жалжайтып?

Ал куурчакты кашаанын кырына этият койду. Пияладагы муздаган чайдан эки ууртап, калганын кумга чачты. Тике туруп, кыймылсыз уюган буттарын жазды.

Үнсүз мемиреген чөлдө Сазактын өзүнөн башка бир да тирүү жан жок болсо да, кашарда конок бардай туюлду ага. Кыңкылдап, өзүнчө ырдап жүрү. Кудуңдап маанайы жайдары. Куураган чөп менен казанды таза жууп, тамак бышырганга камданды. Кашардын ичин колунан келишинче иретке келтирди. Кара кийизди жана тонун сыртка алып чыгып, чын ыкласынан силкип какты. Чекеси кертик, жаракалуу жыгач мискеге камыр жууруду. Даяр камырды дастаркон менен жаап, ак кумдун бетине от жакты. Оттун күлүн бир аз тартып, камырды топудай томолоктоп, ысык кумга көмдү. Бир саамдан соң кумду ачып, ыпысык тептегерек көмөч нандын бетин майлуу бетаарчысы менен шашпай аарчыды. Тамактанганы отургандан мурда койлорду отоо жерге айдап барды. Тамак жеп атып, конок ирети сый көрсөткүсү келгенсип, утуру жүзүн буруп, куурчакты карайт.

Койлорду жайгарып, барханга көчүк басты да, чепкенинин чөнтөгүнөн чүпүрөккө оролгон искекти, кайчыны жана күзгүнүн сыныгын алып чыкты. Кир баскан көзгүдөн мурду жалпак сымал, чоң көздөрү баёо, жаактары шимирилген тегерек жүзү күнгө күйгөн адам көрүндү. Ал шор баскан жерде өсчү алабатага окшош суюк сакалынын кылдарын жулуп, тартипке салды. Заң баскан искек кыл жулган сайын, эти кошо жулунгандай сезилди. Акырындап денеси ооруну сезбей да калды. Шактары тегиз буталган даракка окшоп, кара сакалы иретке келди. Койчу жаны жакын бирөө калгансып, маал-маал башын көтөрүп, кашар жакты карап коёт.

Ал кашарга шамга жуук келди. Көк чөпкө тойгон койлор тынбай кепшешет. Алар бир бирине капталын жөлөп, төшүн жерге коюп, тегиз жатышты.

Койчу чай демделген кумганын алдына коюп, көз кыры менен куурчак жакка карады. Капылеттен эле куурчакты биринчи жолу көргөндөй “О!” деп кыйкырып жибирди. “Ал Маликеге окшош экен! Куурчакты жасаган уста Маликени билгенби? Окшоштугун айт, өзү...”

Сазак Маликени обол көргөндө ушул куурчак сындуу эле. Куурчакты жасаган уста Маликенин жүзүн кептегендей окшош жасаса, күнөө болмок.

Жаңы келген келиндин эч бир жери – көздөрү да, колдору да көрүнбөйт. Анын жүзү жибек матадан жасалган куурчактын жүзүнө окшош экен. Бирок саркеч кийимдин астында ак маралдай сулуу аял турганынан шек жок.

Кечинде тойдо бакшы саз чалды, обон салып ырдады. Бала апасынын бутуна жөлөнүп отуруп уктап калды.

Тойдон кайтканда, буттары бир бирине чалынып, араң басып бараткан уйку соодогу бала апасын жеңинен тартып сурады.

– Апа, бакшы эмне жөнүндө ырдап жатат?

– Бир кыздын сулуулугу жөнүндө ырдоодо.

– Кайсы кыздын?

– Ушу келген келиндин сулуулугу жөнүндө.

Алар үйлөрүнө жеткенде, Сазак эми уктайын дегенде, тойкана тараптан музыканын авазы угулду. Бакшы келиндин сулуулугун мактап ырдап жатты, Сазакка бакшы таң атканча ырдагандай туюлду.

Ушул обон жана мукамдуу кайрык Сазактын жүрөгүндө өчпөй сакталуу.

Куурчак сүзүлгөн көздөрүн ушу азыр чоң ачып жиберчүдөй көрүнөт. Эгер андай болсо, койчу ага эмне дейт? Ушул ой башына келгенде, бети кызарып, алоолоп күйүп бараткандай сезилди. Деги эмнеге эркек аялдын жанында ийменет? Балким, эркек аялды канчалык сүйбөсүн, жүрөгүнүн тереңинде аялды кучагына тартып, от жалын болуп кумарга батканды каалайт. Сазак өзү алгач ирет уят ишке бетме-бет келгенде, алдагыдай шерменде ой башына келбегени эмнеси? Анда анын чемирчек кези болчу.

Апасы өлүп, бөтөн бирөөлөр каалаган жагына жумшаган кол бала болуп жүргөн, күнү өткөн жери – анын үйү. Күз кирип, түнкүсүн сөөк какшатчу суук. Бир мертебе катуу үшүдү, таң атканча али узак. Уктайын деп канчалык тырышпасын, суук денесин ийнедей сайгылайт.

Таштай селейген буттарын акырын коюп, аткананын каалгасын ачты. Атканада Гажар байдын кыл жугузбай аздектеп баккан байталы багылгандыктан, таза да, жылуу да кармалат. Байтал бүгүн-эртең туумак. Сазак байталдын бышкырганына этибар албай анын жанынан өттү да, акырдагы беденин арасына сойлоду. Тынчы кеткен байталдын туяктары жер тепкилеп жатты.

– “Мал ээсин тартпаса, арам өлөт”, – деп тегин жерден айтылбаса керек. Карасаң, менин келгенимди жактырбаганын. Сенин бедеңди сугунайын, сууңду жутайын деп келгеним жок. Таң агарганча убакыт өткөрүүм керек”, - деди көзү сүзүлүп бараткан Сазак тили күрмөөгө келбей.

Карылыктан бели бүкчүйүп, ордунан араң турган бай: “Гажарга эки байтал болсо, башка эч нерсенин кереги жок”, – деп күбүрөнгөнү эртели-кеч токтобой. Карт атандай шайы жок бай жыйнаган сансыз дүр-дүйнөсүн уулу тезирек эле өз колуна алса деп тилейт. Балалык менен кош айтышкысы келбейби, айтор, байталга улам жаңы кооз үртүк жаап, айланчыктап, жаныбардын жанынан чыкпайт. Кээ күндөрү күлүк жарышка түшөт. Жакында эле коо бузган байталга тору айгырды коюшкан, ошого Гажар байталым дулдул болчу кулун тууйт деген үмүттө. Анан ыңгайын тапса, ууздай колуктусу Маликеге шашат. Жаңы эле атасынын үйүнөн келген ак чырай, шыңга бой, келбеттүү келин байды капшытка байлап салабы, ким билет, боз үйгө бир кирсе, ал күнү сыртка башка чыкпайт.

Кыялы чатак байталдын акырында жатып, таттуу уйкудан ойгонгон Сазак көзүн ачып, байталдын арткы эки бутунун ортосунда алсыз буттарын калчылдатып турган кула кулунду көрдү. Кулундун энеси жалап, чала кургаган капталы эшиктин шаңынан кирген жарыктан нурланып жылтылдайт.

Сазак кулунга суктанганын токтотуп, ыштанын киндигине тартып, атканадан атып чыкты. Ортодогу сегиз канат боз үйгө чымын куюн болуп чуркап баратып:

– Бай ага, бай ага! - деп кайталады демин басып. Күүлөнгөн бойдон эшик ордуна илинген килемди сүзүп, боз үйгө кирди. “Бай аганын” жаткан орду бош экен, жастыктын бетинде аялдын кундуз чачы жайкалат. Жууркандын бир капталында эки шыйрак агарат. Буттун аппак балтырлары жамбашка жакындаган сайын жооноюп, эки тизеси жаш баланын муштумундай дөмпөйөт. Аялдын киндигинин ылдый жагына түндүктүн жылчыгынан жарык түшүп туру. Сазак жылаңач дененин мурда көрбөгөн сулуулугуна делдее тигилди. Эки эмчеги эки капталга ооп, төш жайыгы аппак. Кызгыл сары шайы көйнөгү моюнуна түрүлгөн. Эриндери жаңы ачылган гүлдүн желекчесиндей, кара көздөрүн сүзүлгөн кабагы жашырат, эки кашы жаңырган айдай серпилет, чачы жазылган...

Атилес жууркандын үстүндөгү дене дүрбөткөн сулуулук баланы арбап, көздөрүн өзүнө кадалтты.

Малике көзүн акырын ачты да баланы көрүп, төшөктөн жылан чаккандай секирип турду. Моюнуна чогулган көйнөгүн жазуу үчүн ээрдин тиштеп, катуу ылдый тарты. Чулгоодой оролгон шайы көйнөгү жазылбады. Шашканынан Маликенин жүзү анардай кызарып, аны ого бетер сулуу көрсөттү. Эми кош алмадай мамактары, узун чачтары жанагыдан бөлөкчө сулуу эле. Малике бут алдындагы жуурканды ийилип алып, кардай аппак соорусун балага көрсөтүп, тескери бурулду да, жуурканды денесине жапты.

Оозу ачылып, кыймылсыз каткан Сазактын буттары титиреп, көздөрү да, ою да бет маңдайында сулуулукка кадалып, оозун жапканды унуткан. Жүрөктөрү кабынан чыкчудай тепкилеп, көкүрөгү жарылып кетчүдөй болду. Кандайдыр бир белгисиз күч Сазакты артка бурултту.

Сазак сырттка чыкканда, муздак жел анын терге нымшыган маңдайынан жалап, эсине келтирди. Жүрөгү көкүрөгүн жарып чыкчудай болуп, булкунуп сокту. Бул жерден тез кетиши керектигин түшүндү, бирок жулкунган жүрөгү эркине моюн сунуп, бутун бастырбады. Ошентип турганда көрпө тон жамынган Гажар бай бетме-бет келди.

– Б...ай а-га!- Тили таңдайына жабышып калганын мукактанган үнүнөн билди.- Ба… байтал кулун тууду.

– А, эмне дедиң? Эркекпи, ургачыбы?

Сазактан жооп болбоду.

– Тез жет, бээге суу бер. Мен азыр барам.

Кудуктан суу тартканга Сазактын күчү жетпеди. Ал өзүн кылмыш үстүндө кармалып, катаал жазаны күткөн адамдай сезди. Боз үйдө көргөнүбү же ошо маалда кыялында элестеткениби? Ушул экөөнүн кайсынысы чоң күнөө экенине акылы жетпей маң, ошо тушта ичер суум аз калды окшойт деген ой мээсине кылт этти. Тамагы буулуп, деми кысылды. “Апа жан, уулуңду кучагыңа кысканга даяр бол, сенин жаныңа барамын». Өңгүрөп ыйлагысы келди. Өзүнүн жаш курагын, айланадагы жымжырттыкты эстеп, уялып кетти, алкымына сөөк кадалгансып, деми кысылды. Нуру көз уялткан төбөдөгү Күн аны аяп, ыйлап жаткандай туюлду.

Бээ алдына коюлган сууну жыттап, бышкырып, жактырбагандай башын бурду. Бир убакта байдын уулу келди. Көңүлүнө жакпаса, Сазакты кан жалатып урат. Денесине шамшардын муздак мизи тийгендей болуп, Сазакты калтырак басты. Шамшар ордуна карааны көрүнбөгөн Гажар байдын заарлуу көздөрү Сазактын жүрөгүнө жаанын огундай сайылды. Байбача адатынча кол көтөрбөдү. Бирок күн батканча ары-бери чапкылап, байдын буйруганын аткарган малай маал-маал селт этип, айланасын алаңдай карап коюп жүрдү.

Сазак беш күндөн кийин кокусунан Маликеге бет келди. Ал да Гажар бай тейде ачуулуу карады, бирок көздөрүндө байдыкындай заары жок эле. Ошондон кийин акырындап Сазак мурдакыдай коркпой калды, лекин Гажар байдын жаалдуу көздөрүн унута албады. Акыр аягында аны чөлгө айдашты, көзүн тазалап, балээге калганча, чөлгө кетип, караанын көрсөтпөсүн дешти окшойт. Чөлдө сөөгү сөпөт болбоду, тескерисинче, эти катып, эрезеге жетти.

Андан бери канча заман өттү?

Сазак баякы окуяны эчен ирет көз алдынан өткөрдү. Кардай аппак моймолжуган денени унута албады. Айран таң калбагандачы! Аялдар жонундагы этеги жерге тийген, кабат-кабат матанын астында жүрөк туйлатып, жан кыйначу аппак денелерин жашырып жүрөт десең ким ишенет? Аялдардын баары ошондойбу? Жанагы куурчакты жасаган уста Маликени кайдан билет?

Бала кезинде эшиткен мукамдуу обон эсине түшүп, көкүрөгүндө жаңырды.

Түн жарымынан өттү. Койчу куурчакты жанына коюп, көздөрүн жумду, бирок уктай албады. Кандайдыр бир табышмактуу күч көкүрөгүн тепкилеп, жанына тынчтык бербей, оодалактап ийди. Сазак адатынча: “Мен аны эмне үчүн көрдүм? Анын жылаңач денесин көрөр замат, артка тартсам болбойт беле? Ошондо Гажар бай эмнеге мени тындым кылып салбады? Эмнеге ага чейин эле өлбөдүм?..” – деп өзүн өзү жектеди.

Ал уктай албасын түшүнүп, таарга отурду. Куурчак жаткырган ордунда кыймылсыз. Ойлору жел менен жарышкан буудандай ойго-кырга кайкыды. “Куурчак жан, ойгонсоң боло! Ошондогу Малике сыңары жаткан ордуңдан ыргып турсаң эмне болот...”

Сазак башын тумандай каптаган ойлордон уялып, жүзүн мемиреген түнкү чөл тарапка бурду.

Жылдыздардын жарыгында бийик-бийик кум дөбөлөр дүңкүйүп, айбаттуу көрүнөт. Күңүрт боз тарткан асмандын алыскы төрүндө Алтын казык жылдызы шам сыяктуу үлбүлдөйт. Койчунун көздөрү карайган чөлдү кыйырына чейин узатып барып, кайра куурчакка тигилди. “Ой, ойгонсоң боло сен! Ойгончу деги!..”

Күтүүсүздөн эле чыйырчыктардын тобундай канат кагышып, анын башына чубалжыган ыр саптары келе баштады:

Сен бир жалгыз соносуң,
Ач көзүңдү, өлөң тыңда,
Мен карыпты кыйнаба,
Эрке сулуу, ойгончу, көп назданба...

Айлана жымжырт. Карайып дүпүйгөн бархандар койчунун ырына муюгандай тунжурашат.

Өрдөк моюн периштем,
Бир да жан бизди көрбөсүн.
Көзүң ачып, мас уйкудан ойгончу,
Махабатым, ойгончу эми, назданба...
Ойгочу эми, мас уйкудан ойгончу...

“Сен өзүң мас эмессиңби, койчу? – Сазак ойлоно калды. – Мага эмне деген ойлор келүүдө? Өлөңбү? Эх, кайдагы өлөң, мага өлөң буйруптурбу...”

Канткенде да Сазактын маанайы жаркып, чөлдүн кыйырына көз салып, кыялга батты. Көз алдына Алтын казыктай жайнаган Маликенин апакай алкымы тартылып, ойлору жылдыздай жанып-өчүп, уктап кетти.

Эртең менен чайга көңүлү тартпады. Таңкы шүүдүрүмдү тепсеп, койлорду отко айдап баратканда күрөң чачылалуу өлөң чөп, апакай гүлдүү көдөө, өңү көк сур баялыш – баары күндөгүдөн башкача көрүндү. Башында жаралган жаңы ыр саптарын обон салып, кайра-кайра кайталап ырдап, өзүнө өзү маашыр болуп жүрдү. Эски “Яр-ов жанды” кайталагандан көрө жаңы жаралган саптарды ырдаган ыракат эле. Ал жаңы ырды созолонткондо, жаны эски даттан тазалангандай жеңилдеди.

Койчу өз жүрөгүнүн кандай какканын тыңшап, түркүн ойлорго чөмүлдү. “Мага эмне болду? Киши да болбогон бир куурчакка ашык болобу? Бул алды баарга байланыштуу го? Эрте жаз кишинин ар бир сөөгүнө жан киргизип, делебесин козгойт дешет. Жаз алмашса, киши соолугат. Адам көңүлү – жээксиз деңиздей да, анын четине жетүү мүмкүн эмес ко?”

Анын оюн бооз токту бөлдү. Койчу желиндери барсайып сүткө толгон токтунун абалын түшүндү. Токту үчүн биринчи туук болгондуктан, ал бир орунда турбай чебелектеп, али туула элек козусун койчудан кызганып, көздөрү жардам бер дегенсип жалдырап да жатты. Ары-бери басып, тууй албай карбаластап кыйналган токолдун шайы да ооду. Койчу убагы эми жетти деп, козунун сыртта салаңдаган алдыңкы буттары менен башын кармап, сууруп алды.

Ал козуну короого алып жөнөгөндө, энеси артынан ээрчип алды. Токту тынбай бышкырынып, кийиз кементайдын үстүндө жаткан кара козуну улам жыттагылап, сыртындагы тонун жаны калбай жалады. Баласы тирүү экенин текшергенсип, козунун капталын тумшугу менен дембе-дем түрткүлөп коёт да, кайра эле артынан жоо куугандай шашкалактап, козунун сыртындагы кургай элек тонун жалап кирет.

Токтунун аракетине көз салып турган койчу ыраазы болгондой үн менен:

– Сен экөөбүз тең тирүүбүз, - деп токтуга кайрылды. - Бечара, эми эс ал. Анча убак кыйналдың, - Анан башын чайкап, - Ичиңдеги баланы тез тууп сала алсаң, кана? Бирок жүрөгүңдөгү нерседен жеңил-желпи ажыраша албайсың, - деди муңайыңкы жылмайып.

Баласын сүйгөн энедей козусун айланчыктап жүргөн токтуну көргөндө Сазактын жүрөгү жылып, элжиреп кетти.

– Оо, бечарам, анда эмнеге шаштың экен? – деди мээримдүү күңкүлдөп.- Келерки жылга чейин күтө турсаң болот эле да. Эмне мынча шаштың? Жалгыз бой шапар тээп жүргөндөн жададыңбы? Перзент түйшүгүн көрөйүн дедиңби? Балким, туура кылгансың... Өмүр кыска, жыл да өтөт, адамдар анан өзүңө окшогон токтуну көрсөтүп: “Мынабу козулар маңдайы ак койдун тукумунан”, – деп сөз кылышат. - Мүмкүнчүлүгүгүң барда өнүп өс, көбөй. Эгер көбөйбөсөң, анда эмне үчүн бул дүйнөгө келдиң?

Өз жагдайы эсине түшкөндө башкача ойлонду. “Жан кыйнаган түйшүктү ушу кой сыяктуу сыртка чыгарып салсаң, кана, - Койчу башын чайкады.- Бирок жүрөктөгү такты унутуп болбойт.”

Койлордун арасында ара туулган козу пайда болду, бирок ал Сазактын дартын унуттура албады. Анын бардык оюн куурчак ээледи. Азыркы кыйчалыш пурсатта, кайгы-капа төбөдөн ныгырып баскан чакта, анын жалгыз жөлөгү жана санаалашы көөдөнүнөн буулугуп сыртка чыккан өз авазы болду. Жүрөгүнөн сызылып чыккан үнү муңдуу мукамга окшош эле; ал мукам анын бул ач-жылаңач дүйнөдөгү бирден бир шериги эле.

Түнкүсүн да ал баягы тойдо уккан мукамы кулагына жаңырып жатты. Өткөн жолкудай эле топтошкон чыйырчыктардай чубуруп, ал күтпөгөн керемет саптар башына келе баштады.

Чөлдү кезген түркмөн көчү...
Сыядан кара кундуздай чачың...

Ал канчалык шайыр болоюн дегени менен, үмүтсүздүк аны көлөкөдөй ээрчип алды. Анын ырдаган өлөңү өлөң эмес, тантыктын жөөлүгөнүнө окшоду.

Мен сүйөмүн жүрөгүмдү соороткону...
Аппак сүйүүм, ойгон эми.
Ойгон эми!
Ойгончу эми.
Ой, ойгонсоң эми!..

Ал алынын жетишинче катуу кыйкыргандыктан, үнү бархандардан ашып, чети көрүнбөгөн чөл үстү менен эл жашаган чөлкөмдөн өтүп, көк жашаң жайыкка жетейин деди.

“Жаз чыгып, көк жайык саргайып куурап, саманга айланат, - деп кыялданды Сазак. - Буга удаа мени тербеткен ойлор да соолуп, мен өзүмдү өзүм азаптап кыйнаганды токтотом, чоктой жанган махабат ышкысы өчөт.”

Убакыт арылаган сайын Сазактын үмүтү үлбүрөп өчүп, үмүтсүздүктүн кара туманы жан боюн чулгап алгансыйт. Күн сайын шайы качып, жаштык кайраты да мокоп бараткандай сезилди. Арманга толгон жүрөгү кысылып: “Оо, жараткан Теңир, таянарга кудурет бер!”- деп кыйкырды.

Кызык, энесинин кучагында экенде, кызылча менен ооруган беле? Эмне үчүн денеси чоктой ысык? Эмнеге денеме бүдүр чыгып кетти? Жаным мынча кыйналды? Колдорум эмнеге муздак? Жаштык кубатынан тайып, өзүн кары абышкадай сезди.

Узак жолдон кийин өргүп, жолун уланткан кербендей болуп, жаз да узап барат. Койчунун ойлуу көздөрү убайымга толду. Мына бир нече күндөн бери оозуна наар албагандыктан, жаактары шимирилип, көздөрүнүн оту өчүп, суу ичпеген бедедей саргайып, жүзү чаң баскан талаага окшоп калды. Уйкусу качып, денеси коргошун көтөргөндөй чарчап, дүйнөнүн кызыгы жоголду.

Мунун баары өңүндөбү же түшүндөбү – түшүнбөдү. Бир туруп куурчак сүзүлгөн көздөрүн ачып, Маликеге айланып, эч уялбай Сазакка тигилсе, бир туруп тескери бурулат. Маликенин өрдөк мойну жүзүнөн сулуу, жүзү өрдөк мойнунан да сулуу. Бул сулуулукту көрүп, тулку бою алдан тайып, алсыраганын сезди, бирок канчалык чымырканбасын, алсыз денесине күч кошулбады. Өз абалына уялган Сазак бирде Маликеден жүзүн ала качса, бирде Малике андан качып бараткандай. Артынан Сазак: “Токтосоң!” – деп кыйкырууда. Малике аны укпай, Гажар байдын сүйүктүү байталына ыргып минип, башы оогон жакка чаап барат.

Маликенин аппак денеси күнгө жалтырап, койчунун көзүнүн алды жыбырайт. Анан кундуздай чачтары шамалга желпилдеп, аппак баданин жаап көрсөтпөй, карааны узаган сайын Малике карамтыл сары туманга айланып бараткандай. Аттын туягынан ыргыган даңкандардын куму Сазактын бети-башына, көздөрүнө, дене боюна себеленет. Шамалга сапырылган чаң улам коюлуп, жарыкты көрсөтпөйт...

Койчу чочуп ойгонду. Куйругун көчүгүнө кысып алып, жан-алы калбай улуган итти көрүп, бир балакет болгонун түшүндү. “Жамандык айтпай келет” болуп, катуу бороон башталган экен. Ал кайтарган койлордун көбү үркөөк болгондуктан, бороон эми башталганда, тынчы кеткен макулуктар туш тарапка тарап кеткен шекилдүү.

Күүлөнгөн бороондун ортосунан шамал учуруп бараткан асман көк нерсе көзүнө урунду. Куурчак ордуна жок экенин көрүп, жанагы заттын артынан жүгүрдү. Береги асман көк зат бирде көрүнүп, бирде көрүнбөй, бороон айдаган сапсары караңгылыкка сиңип баратты. Койчу артынан кууп баратып, баялышка буту илинип, жер сүзүп жыгылды. Ордунан туруп, жанагы затты кууп жеткенге аракет кылды. Кум толгон көздөрү анын кайда баратканын да аңдабады, кум толгон кулактары шамалдын үнүн укпады, бороонго маң болгон акылы кайсы тарап түштүк, кайсы тарап түндүк – ажыратпады. Куюн сүрөгөн койчу колдорун алга сунуп, сары мунарык ичинде делдектеп жүгүрүп баратты. Бирок туурулган алакандарына кумдан башка эч нерсе урунбады. Эки кулачтай алдыда учуп бараткан асман көк нерсенин өңү адегенде карарып, анан күңүрт кызыл болуп өзгөрдү. Колдорун созуп, чуркап бараткан койчу бийик барханга барып сайылды. Турууга аракет кылды, бирок дарманы жетпеди; алдыга жылмак болду эле, эшилме кум алдын бөгөп, кыймылдатпады.

Ал башын көтөргөндө күн аркан бою төбөдө чакчайып, бороон басылган экен. Айлана кан чайгандай көрүндү ага. Ал жападан жалгыз курбусун жоготконуна муундары калчылдап, жерден жүзүн көтөрүүгө дарманы жетпеди. Маңдайын кумга жаздап, муштумдарын бекем түйүп, айкырып жер муштады. Көмүрдөй көздөрүнөн жаш куюлуп, буркурап боздоду. Улуган карышкырга окшоп, үнү заардуу чыкты.

Кеч бешим да болду. Ал башын көтөрүп, кан толгон көздөрү менен тегерегине назар салды. Үмүтүн жуткан чөл үнсүз жымырайт. Бейтааныш дүйнө. Күн дале кактоодо. Ыйлаактан шишиген тили эриндерине жабышат. Такыр бүткөн жакка жүз буруп, көгүлтүр деңизди көрдү. Ачык көк адеми кийимчен Малике жээкте аккуудай каалгып барат, тегерегинде жаш балдар чуркап жүрүшөт.

Алыстагы бир койчунун көкүрөгүндө жаралган авазды белгисиз бакшы күүгө салып, сөз кошуп ырдачу болгон. Ашык мажнундун армандуу сүйүүсүн баяндаган “Ойгончу эми” ыры муңдуу да, мукамдуу да эле.

Бир оң кыштакта өткөн чоң тойдо бакшы “Ойгончу эмини” муңканып төктү үнү көккө жетип.

Түркмөнчөдөн Амирбек Азам уулу которду.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз