Аида Кубатова: Сыдык Карачевдин кейиштүү тагдыры

  • 24.07.2023
  • 4668

Улуттук интеллигенциянын алгачкы өкүлү – Сыдык Карачевдин чыгармаларында жаңычыл агартуучулук мезгилдин чагылдырылышы.

Макалада ХХ кылымдын башындагы улуттук интеллигенциянын өкүлдөрүнүн бири Сыдык Карачевдин өмүр жолу, чыгармачылыгынын айрым учурлары, ошондой эле Кыргызстандагы агартуучулук кыймылы, аймактагы мектептер, басма сөздүн калыптанышы жөнүндө баяндалат.

ХХ кылымдын башында жаңыдан калыптанып келе жаткан улуттук интеллигенциянын дагы бир көрүнүктүү өкүлү Сыдык Карач уулунун чыгармачылыгына элибиздин аттын кашкасындай таанымал инсандары, тактап айтканда З.Мамытбеков, Т.Сыдыкбеков, С.Жигитов, кийин М.Тентимишев, И.Жумабаев, Б.Шамшиев ж.б. кайрылышып, анын эмгектерин дыкат талдашкандыгын белгилей кетүү абзел. Ошондуктан, айрым окурмандар анын талданбаган дагы эмнеси калды деген ойдо калышы ыктымал. Чындыгында, Сыдык Карач уулу 37 жаш курагында репрессиянын оор күндөрүнө кабылып, жаркын келечек үчүн элдин алдыңкы сабында жүргөн А.Сыдыков, Э.Арабаев, Ж.Абдрахманов, К.Тыныстанов, Б.Данияров ж.б. сыяктуу эле ак жеринен жок кылынган. Тарыхыбыздын трагедиялуу мезгили кайталанбашы үчүн, бийликтин жосунсуз жоруктарын ашкерелөө максатында ушундай улуу инсандарыбыздын өтөлгөлүү өмүрүн келечек муунга жеткирүү биздин алдыбыздагы ыйык парзыбыз.

Сыдык Карач уулунун өмүр таржымалына кайрылсак, ал 1900-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунун Жылуу-Булак (айрым маалыматтарда Тогуз-Бай[1]) айылында туулган. Салижан Жигитов жазгандай, кенедейинен жетим калып, кандайдыр бир себептердин аркасы менен Каракол шаарына келип түшкөн. Мында ал татар мугалимдикине үй кызматкери болуп, татарча жадид (жаңы тартип) мектебинен окуган[7, 24].

Жаңы усулда окуткан мектептер жөнүндө маалымат берип кетсек, алар Россия мусулмандарынын ичинде, ошондой эле Түркстанда ХIХ кылымдын аяк чени – ХХ кылымдын башында алгач агартуучулук, кийин саясий кыймылга айланган жадидчиликтин таасири алдында мурдагы эскиче окуткан диний мусулман мектептердин ордуна жаңы усулда, тактап айтканда, дин сабактары менен катар светтик предметтерди, маселен, география, арифметика, геометрия, тил, ал турсун музыка, дене тарбия ж.б. окуткан мектеп-медреселер ачыла баштаган. Кыргызстанда көп жерлерде ушул сыяктуу мектептер айрым бай-манаптардын жана элдин колдоосу менен ачылган.

Каракол шаары ошол мезгилде социалдык жактан жана маданияты бир кыйла өнүккөн алдыңкы шаарлардын сабында турган. Шаарда орус-жергиликтүү мектептеринен тышкары, белгилүү татар агартуучусу, жаңы усулда окутуу ыкмасын негиздегендердин бири – Исмаил Гаспринский (мектеп И.Гаспринскийдин көзү тирүү кезинде эле анын ысмы менен аталган. Бул маалымат улуу агартуучунун иштеринин Кыргызстанга чоң таасир тийгизгендигинен, ошондой эле анын кыргызстандык жадидчилер менен байланышынан да кабар берип турат). Улукбек, Тукай атындагы жадиддик мектеп-медреселер болгон. Аларда белгилүү татар агартуучулары – Шакир Мужабиров (аны кыргыздар сүймөнчүк менен Шакир-дамбылда, Шакир калпа деп аташкан жана андан Иманалы Эркебаев, Абдылда Арстанов, Ыбырай Абдрахманов, Иса Чокморов ж.б. кыргыз агартуучулары билим алышкан), Мухамед Имин Мухамедалиев, Сабир Габдельманов, Иман Абдустураев, Салих Надыршин ж.б. балдарга билим беришкен[13, 47].

Белгилүү журналист, адабиятчы Б.Шамшиевдин маалыматы боюнча, Сыдык жаш чагында Каракол шаарына келип, Салык аттуу татар мугалимдикине үй кызматкери болуп орношот жана анын жардамы менен шаардагы татар усул-и жадид мектебинен окуйт. Биздин оюбузча, бул жерде Салих Надыршин жөнүндө сөз болуп жатканы айдан ачык, анткени Салих (1879-жылы Казань губерниясынын Чистополь уездинин Жаңы Амзи айылында туулган, өлгөн жылы белгисиз) 1898-жылы Казандагы медресени бүтүргөндөн кийин Тамбов жана Саратов губернияларында мугалим болуп иштеген. 1905-жылдан Кыргызстандын Каракол шаарында жаңы усулда окутуучу мектебинде, андан кийин орус-жергиликтүү мектебинде мугалим, Совет бийлиги орногондон кийин И.Гаспринский атындагы мектептин директору болуп эмгектенген.

Ал кыргыз, орус, араб тилдерин да жакшы билген. Салих Надыршинди жергиликтүү эл кадырлап сыйлашкан, анткени кыргыз эли байыртадан эле билимдүү адамдарды, айрыкча бала-бакыраны окуткандарды баалап, ысмын да атабастан “молдоке” деп кайрылышкандыгы белгилүү. Ал кыргыздын агартуучулары менен тыгыз байланышта болуп, пикир алышып турган. Алсак, белгилүү агартуучу жана санжырачы Талып Байболот уулу да Надыршиндикине такай барып, аны менен пикирлешип жана Казандан чыккан жаңы гезит-журналдар менен таанышып турган[24, 582].

Демек, Сыдык Карач уулу Салих Надыршиндин жардамы менен Караколдогу жаңы усул мектебинен окушу толук ыктымал. Анткени, жогоруда айтылгандай, жаштайынан ата-энесинен ажыраган баланын билим алышы кыйын болгон, анын үстүнө ал учурда окуу үчүн акы төлөш керек эле. Ал эми коомчулукта кыйла кадыр-барктуу педагог Салих Надыршин анын бекер билим алышына көмөк көрсөтүшү мүмкүн. Бирок дагы бир белгилей кетчү жагдай, ал учурда айрым билимге дилгир, тыңыраак балдарды эл арасынан чогултушуп, аларды бекер окутушкандыгы тууралуу да маалыматтар кездешет.

ХХ кылымдын баш ченинде Казандан жарык көргөн басма сөз менен кыргыздар да тааныша баштаган, анткени элде кат-сабаты жоюлгандардын саны арта баштаган. Алар өздөрү да чыгармаларын басма сөз беттеринде жарыялай башташкан. Айрым маалыматтар боюнча, Сыдык Карачев алгачкы чыгармасын татар коомдук-агартуу жана адабий-публицистикалык журналы “Шурага” (“Кеңеш”) жарыялаган. Журнал 1908–1917-жылдары Казань шаарында жарыкка чыгып турган. Аны алтын кен өнөр жайынын ээси, белгилүү татар акыны Закир Рамиев негиздеген, башкы редактору – белгилүү окумуштуу-журналист Риза Фахретдинов болгон. “Шурага” ошол мезгилдеги көрүнүктүү татар жазуучулары: Г.Тукай, М.Гафури, Г.Ибрагимов, Ш.Камал, Ш.Бабич, З.Баширинин чыгармалары жарыяланып турган. Журнал агартуучулук иш аракеттерди жайылтууда жана элдин адабий-маданий турмушу менен байланышкан материалдарды жыйнап чогултууга зор салым кошкон[5, 108]. Журналда таанып-билүү материалдарына да айрыкча көңүл бурулган.

Алсак, Ж.Баласагунинин “Кутадгу Билик” китеби, анын жазылган мезгили жана орду, оригиналдын шрифти жана анын В.В.Радлов тарабынан немис тилине которулгандыгы жөнүндө да маалыматтар берилген[5, 74]. “Шура” журналынын адабий бөлүгү “Хиэят, шигырь, латыйфэ вэ мэкальлар” (“Аңгемелер, ырлар, юмор жана макалдар”) деп аталып, татар, орус, араб, иран, кытай, жапон, казак, өзбек, уйгур, чуваш макалдары, накыл сөздөрү жарыяланып турган [5, 76]. Журнал чыгып турган 9 жыл аралыгында анын 240 номери жарык көрүп, анда 4085 макала чыгып, алардын 1380и адабиятка арналган[15].

Журналдын башкы редактору Риза Фахретдинов “Шурага” Россиядагы бүткүл алдыңкы мусулман уул-кыздарынын ой-пикирлерин жана дүйнөлүк маданият менен илимдин эң алдыңкы ачылыштарын жарыялоого аракет кылган. Журналда кыргыз жергеси, андагы калктын абалы ж.б. жөнүндө да макалалар жарык көрүп турган. Алсак, анын 1915-жылдагы бир санында өзбек агартуучусу, жадидчи Чулпан Абдулхамиддин Ош шаары жөнүндөгү макаласы жарык көргөн.

Ошол макаладан (кыргызчалаган С.Мамытов менен А.Маметбеков) үзүндү келтиребиз: “Фергана вилайетиндеги эң кичине шаарлардын бири – Ош шаарыдыр. Ош шаары 30 миңге жакын калктуу шаар болуп, Кашкарга чейин ат менен үч күндүк жолдур. Кытайдын чоң жана эски тарыхый шаарлары менен белгилүү Кашгар вилаетинде Россиядан жана бүгүн Европадан келген мал ушул Ош жолу менен кетет. Ар күнү 50-60 атка жүктөлгөн караван Кашгар жолунда жүрүп турат...” Макалада маанилүү жагдай, бул Чулпандын билим берүү жаатын камтыгандыгы. Анда автор, Оштун Түркстандын башка шаарларына караганда артта калгандыгын, ошону менен катар жаңы усулдагы эки мектеп бар экендигин жана аларда 60 бала окуп жаткандыгын жазат.

Мындан тышкары, бир орус-тузем мектеби иштегендигин, анда күндүзү 40ка чейин, кечкисин 30га чейин мусулман балдары окуган деп белгилеген. Ал китепкана да жок, бирок соңку күндөргө Ош жаштарынан Кадыржан Кабылжанов менен Жусупжан Юнусов мырзалардын китепкана ачууга арыз бергендиктери жөнүндө белгилүү болду деп жазып, алардын иштерине ийгилик каалаган[3, 59–61]. Бул чакан макаладан анын автору Чулпандын кеңири кругозору көрүнүп турат, ал эми андагы жаңы усулдагы мектептер жөнүндөгү маалыматы бүгүнкү күндө ошол мезгилдин күбөсүнүн, болгондо да агартуучу тарабынан жазылгандыгы так маалымат катары олуттуу мааниге ээ.

Дагы бир татар жазуучусу Наврушан Белешов дарыгерлердин кеңеши менен Арсланбабдагы кыргыз үй бүлөсүндө бир айга чейин жашаган жана андагы окуялардан алган таасири менен макала жазып, аны “Шура” гезитинин 1915-жылы жарык көргөн сандарынын бирине жарыялаган[3, 62]. Макалада кыргыз жергесинин кооз көркү сүрөттөлүп, ошол эле учурда ал аймактагы кыргыз калкынын эмне менен алектенишкендиги, меймандостугу жөнүндө сөз болот. Ал жерде жашаган өзбектер тууралуу да кабарлар кездешет.

Н.Белешов кыргыздын үйүнө келгенде, анын ким экендигине карабастан, сый-урмат менен тосуп алгандыгын таң калуу менен эскерет. Бул көрүнүш сырттан келгендер үчүн таң калыштуу болгону менен албетте, кыргыздар үчүн кадыресе көрүнүш экендиги белгилүү. Ал токтогон үйдө адеп анын мусулман же мусулман эместигин тактаган соң, арабча жазылган чыгарманы окуп берүүнү суранышкан. Анын сабаттуу экендигин билишкен соң, сый-урматын дагы күчөтүшкөнүн белгилеген. Автор аларга Балкандагы төрт мамлекеттин Түркия менен согуша баштагандыгын жана Түркиянын көп жерлерин, бир нече шаарларын басып алгандыгын айтып берген учурда, алар бул кабарды али угуша электигин айтып ызаланышкандыгы тууралуу да жазат. Россия курамына кошулганга чейинки кыргыздардын турмушун да алардын айтуусу менен сүрөттөп, мурда табийгаттын эң кооз жерлеринде, короо-короо малын эркин асырашкандыгын, бардык нерсе мол болгондугун, каалаган жерлеринде турушкандыгын, кийин болсо бул жерлерге хохолдор (украиндер) көчүп келе баштаган соң, кысылуулар башталгандыгын айтышып, азыр эми эзелкидей каалаган жерлеринде мал багуу тууралуу ойлонгонго мүмкүн эмес. Себеби, бош жерлер аз калды, мал кармоо үчүн аларга эми салык төлөө керек. Эрксиз кыргыздарга малдын санын жылдан жылга азайтууга туура келүүдө. Жылкылары, уйлары азык издеп, мындан алыс эмес жердеги хохолдордун буудай, сулуу эккен талааларын аралашкан учурда аларды тутуп алышса, жан башына эки сомдон дароо тоноп алат. Бербесең дароо протокол жазуу менен коркутушат. Бечара кыргыз онтолойт, сөгүнөт, бирок актыдагы акчаны бербеске бир да чарасы жок. Болбосо түрмөгө кетиремин деп, эсин чыгарат... Кыргыздар да эми өздөрүнө жер кестирип алып, бекитип алуу керектигин түшүнүп калышты деп жазып, алардын да бийликтин мыйзамдарына баш ийип жана көз караштарынын өзгөрө баштагандыгын белгилейт[23, 71].

“Шура” газетасынын 1913-жылдагы бир санында жарык көргөн Ахафулла Хайрулла уулунун Ош шаары жана Сулайман тоосу жөнүндөгү макаласында Ош жергесинин кооздугу, чарбасы ж.б. баяндалат. Ал макалада шаарда жайгашкан медреселер, мечиттер тууралуу сөз болуп, автор төмөндөгүчө жазат: “... Шакирттери билим жана илим үйрөнүү үчүн Андижанга, Коконго жана Букарага барышат. Алардын усули-жадид мектеби бар эле. Татар мугалимдери куугунтукка алынган соң, улантуучу мугалимдер жок. Ошто кары жана жаш илимпоздордон, муфтий жана мударистерден жана ошондой эле жөнөкөй адамдарынын ичинен акылдуулары да бар. Бирок алар күндүн бир нуру, дарыянын бир тамчысы гана...” [22, 73–74].

Албетте, мындай басма сөздүн жарыкка чыгып турушу, ага болгон элдин кызыгуусу падышачылык администрациянын көз жаздымында калган эмес. Анын таасиринен чочулаган бийлик өкүлдөрү газетаны көзөмөлгө алып турушкан. Маселен, “Шура” газетасында (“Вакттын” тиркемеси) дүйнө жүзүндөгү мусулмандарды мектептеги билим берүү бириктирет деген ойлор таратылууда, анткени бардык элдердин бирдей жашоосу иштелип чыгат деп, Жандармдык корпустун “Кызыл” деген жашыруун тыңчысынын 1913-жылдын март айындагы агентуралык маалыматтарында белгиленген. Бул багытта бардык көрүнүктүү мусулмандар иштеп жатышат жана ошондуктан окутуунун бирдей программасына өзгөчө маани берилет. Бир кыйла маданияттуу эл деп эсептелген татар мугалимдерин кыргыз областтарына гана эмес, Афганстанга да жиберишкен...

Татарлар эми бул кеңири аймакты мусулмандаштырууга айрыкча көнүл бурушуп, ал жакка окутуу жана үгүт насыят иштери үчүн мугалимдерди жашыруун жиберип турушат... Бүтүн мусулман элдерин окутуу аркылуу жакындаштыруу идеясы Ибрагимовго таандык, ал эми Риза Фахретдинов менен Гаспринский болсо анын улантуучулары жана бүткүл Россияга таратуучулар катары эсептелет[20, л.95].

Демек, басма сөздүн мусулман элдерине агартуу реформаларын, идеяларын таратууда ролу зор болгон, ошондой эле Россия империясынын курамындагы мусулман элдеринин жашоо-турмушу, социалдык абалы менен да кабардар кылып туруучу, алардын арасындагы байланыш түзгөн орган экендигин белгилеп кетсек болот.

Бул маалыматтарды берип жатканыбыздын себеби, Сыдык Карач уулунун көз карашы Октябрь революциясына чейин эле жадидчилердин таасири алдында калыптанып калган, элдин жаркын келечеги үчүн агартуунун, маданияттын ролун түшүнгөн, басма сөз каражаттарын окуу менен гана чектелбестен, алар менен кызматташып, макалаларын да жарыялап тургандыгы жана мезгилинин өтө билимдүү инсан болгондугуна ынандыруу. Анткени көпчүлүк адамдар Октябрь революциясынын жеңишинен кийин эле тез арада билимдүү адамдардын тобу пайда болгондой карап келишет.

Эгер алар революцияга чейин билим албаса, көз караштары калыптанбаса, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөө зарылчылыгын аңдап түшүнүүсү күмөн жаратат. 20-жылдары Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоору ийгиликсиз аяктаганына, демилгенин башында турган А.Сыдыков, Э.Арабаев, Ж.Абдрахманов ж.б. эскертүү алып, жазалангандыгына карабастан, Борборго каттарды жазышып, Орто Азияда 2500 жылдык тарыхка эгедер тили, маданияты бар, башкалардан, айрыкча казактардан айырмаланган, өз алдынча кыргыз деген улуттун бардыгын, эгер ал өз алдынча өлкө болбосо, анда бир чоң улуттун жоголуп кетүү коркунучу бар экендигин далилдешкендиги алардын жогорку ой-туюмун, билимин, улут, мамлекет деген саясий түшүнүктөр менен кабардар экендигин тастыктап турат.

Чындыгында эле Ж.Абдрахмановдун араб арибинде кыргыз тилинде жазылган 1928-жылы жарыкка чыккан “Кыргызстан” деген эмгегинде революцияга чейин кыргыздардын 92,2%ын сабатсыз деп көрсөтөт[1, 57]. Бул биз үчүн өтө маанилүү көрсөткүч, анткени, кеңеш бийлиги орногонго чейин сабаттуулуктун көрсөткүчү ар кандай айтылып, айрымдары 0,05%, кээде 0,005% деп да көрсөтүлүп келген. Акыркы изилдөөлөргө, тактап айтканда, А.Жаманкараевдин маалыматтарына таянсак, ал статистикалык маалыматтарды эсепке алуу менен: “Кыргызстан боюнча 60 миң сабаттуу кыргыз болгон. 1914-жылы кыргыздардын саны 770,1 миңге жеткен. Демек, революцияга чейин Кыргызстандын сабаттуулугу 7,8% болгон.” деген жыйынтыкка келген[6, 241]. Бул жерде Ж.Абдрахманов менен изилдөөчү А.Жаманкараевдин маалыматтары дал келгендигин белгилей кетүү абзел.

Жаңы усулда окуткан мектеп-медреселердин орус-жергиликтүү мектептерине салыштырганда элдин аң-сезимин көтөрүүгө болгон зор салымын белгилей кетүү абзел. Жогоруда айтылгандай, Караколдогу жаңы усулда окутуучу жадиддик мектептен билим алган Сыдык Карач уулу мындай мектептердин артыкчылыгын бир нече чыгармаларында чагылдырган. Айтайын дегенибиз, анын чыгармаларынын ичинен “Үйлөнүүдөн качты” деген аңгемесинен жаңы усулдагы мектеп менен орус-жергиликтүү мектебинин айырмачылыктарын баамдай алабыз. Башкача айтканда, автордун өзү да жаңы усулдагы мектептен билим алган, агартуу жана улутчулдук идеяларына сугарылган инсан экендигин белгилей кетүү абзел. Бул чакан аңгеме З.Мамытбековдун далили боюнча 1919-жылы “Көмек” газетасынын февралдагы бир санында татар тилинде жарык көргөн.

Аңгеменин кыскача мазмунун С.Жигитов төмөндөгүдөй баяндаган: “революцияга чейинки татарча жана орусча гимназияларда окуган жаштардын каникул убагында жайлоого келишип, бир чокуга чыгышып, өз ара айтышканы тууралуу сөз болот. Айтыш Ысмайыл байдын татарча гимназияда окуган уулу Султандын жакында үйлөнгөнү жатканы кабардан улам тутанат. Ал үйлөнөйүн деген ниети жогун, бирөө менен эскиче баш кошууга каршы экенин, азырынча илим-билим алып, караңгы элине кызмат кылсам деп самап жүргөнүн айтып, ата-энеси ал деп жаткан кызга эмне үчүн үйлөнбөй турганын мындайча түшүндүрөт: “ал менин кайгырган убакта кайгымды ортоктошууга, өзүм жана да миллетим туурасындагы менин пикириме кошула албайт. Менин ошондой кайгылуу, кээде шат убактарымда ишке жарабаган сенек бир куурчакты алуудан мен кандай кызык тапмакчымын?... Мен адам катарына кошулмайынча үйлөнбөйм. Үйлөндүңбү – үйлөндүң, андан ары ой-пландарыңдын баары көккө учат!”

Султанды куду өзү сыяктуу татарча окуган жолдоштору жактайт. Ал эми орус гимназиясында тарбияланган Касымбек аттуу жигит Султандын үйлөнгөндөн качканын, татар интеллигенттерин сокур туурап “миллетим” (“улутум”) деп ооз көптүргөнүн шылдыңдап сүйлөйт. Султан өз кезегинде ага орусча окуган кыргыз жаштарына тилмеч же писарь болгондон башканы ойлонбойсуңар, чындап келгенде, силерге мансап болсо болду, улуттун кереги жок деп” айып коёт[7, 41–42].

Орус-жергиликтүү мектептеринин да алгачкы интеллигенция өкүлдөрүнүн калыптанышына кошкон салымын эске алуу менен анын чыныгы максатын да билдире кетүү абзел. Сөзүбүз куру болбосун үчүн дагы бир агартуучу, акын Алдаш Молдонун “Хал заман” деген чыгармасында ушундай эле маанидеги саптарын мисал кылсак:

Бир дубанда окуган
Эшмукамбет, Касымбай.
Караколдун училиш,
Гимназия бүтүрдү ай.
Эч илимге жетпеди,
Байкам көрсөм мансабы,
Бесирликтен өтпөдү
[17, 186].

Бул саптардан орус-тузем мектептеринин максаты ачык айкын көрүнүп турат. Алар негизинин колониялык бийликтин кызматын аткара турган катчы, тилмеч сыяктуу төбөлдөрдү даярдагандыгынын дагы бир далили. Жогорудагыдай мисалдар ошол мезгилдеги агартуучу-акындардын чыгармаларынан арбын кездешет. Жусуп Абдрахманов да ал мектептердин максаты орусташтыруу эле деп көрсөтөт[1, 56].

Чындыгында, ошол мезгилдеги агартуучулардын чыгармалары менен таанышкан учурда “миллет” (улут), “магрифат” (өнөр, билим), “илим”, “жадид” (жаңы) ж.б. араб сөздөрү абдан көп. Анткени, ХХ кылымдын баш ченинде жаңыдан калыптанып келе жаткан мусулман интеллигенция өкүлдөрү түрк тилдүү калктардын башын бириктирип, бирдиктүү агартуучулук иштерин уюштурууга, алар тегиз түшүнө турган орток тил түзүүгө аракет жасашкан. Айрыкча, И.Гаспринский чыгарып турган “Тержиман” (котормочу) гезити, “Шура”, “Айкап”, “Вакт” деген басма сөз каражаттары Борбордук Азия элдеринин ичинде белгилүү болуп, алар Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарына чейин жеткендиги учурда белгилүү.

Учурда кыргыздын алгачкы тарыхчысы аталган Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарих кыргыз Шадмания” деген эмгегинде калкты билим алууга үндөгөн төмөнкү саптар кездешет:

Ассалоому алейким азиздерим,
Жүгүргүн миллет (улут) үчүн азаматым.
Билүүгө Европанын магрифатын (окуу, билим).
Талаптангын илимге адыл затым..
[19, 82].

Адеп окуганда автор балким, Россияны Европа дегенби? деген собол жаралат. Бирок андан ары окуп келгенде, Россиянын да алдыда экендиги жөнүндөгү саптар да кездешет:

Үстүңүздө улугуң, Русийаны,
илим өнөр жагынан артык баары
[19, 86].

Муну белгилеп жаткандыгыбыздын себеби, ошол учурдагы агартуучулар Россияны эле үлгү кылбастан, Европага да карап түздөнүшкөн. Казак боордоштор түзгөн “Алаш-Ордо” өкмөтүнүн эмблемасы (белги) катары тартылган боз үйдүн түндүгүнүн батыш жагынын ачылып турушун да Европага багыт алышкандыгын туюндурганын учурда илимпоздор белгилеп келишет.

Караколдогу мектепте иштеген дагы бир татар мугалими Сабир Габдельманов (1879–1917) ырларында Чыгышта бир учурда (орто кылымдарда) илим-билимдин өнүккөндүгүн, Европа болсо Чыгыштын аалымдарынан билим алгандыгын айтып келип, аларга теңелүүгө чакырат:

Бул Европа билимди менден алып,
Ал билимдин кооздугуна батып калды.
Ал менде азыр эмне калды?
Туткундуктун чуңкуруна байлап салды.
Кайда кетти ал Багдаддын атак наамы?
Жана дагы кайратман, акыйкат хандары?
Мен өстүргөн билимдин гүлдөрүнө
Баягы эле европалык оонап жатат гүлдү жыттап
[14, 107–108].

Сыдык Карач уулунун чыгармасына кайрадан кайрылсак, аңгемеде баш каарман Султандын тою болордо качып кетип, акыры Борбордук Россия тарапта окуп жүрүптүр деп кат-кабар чыкканы баяндалып келип, “ал ошол кеткен боюнча кетти да калды. Эмнеси болсо да анын сапары алыс, максаты эл эркиндигин, анын келечегин ойлоо эле” деп аяктайт[7, 41–42].

С.Жигитов чыгарманы талдоодо “чыгарманын жазылышына автордун керт башынан кечиргендери түрткү болгон... Демократчыл агартуу жана патриотизм идеяларын кабыл алган, ошолордун шарапаты менен өз улуттук аң-сезимин ойготуп, элинин күйөрманына айланган кыргыз жаштарынан эмес беле. Экинчиден, ал ошо өспүрүм курагында өзүндөй окуучу улутташтары менен ата журттун муңун муңдоо, граждандык парз, моралдык дөөлөттөр туурасында көп талашкан да болуу керек... деген маанилүү жыйынтык чыгарган[7, 42].

Кыргыздын тунгуч калемгеринин чыгармасын талдоодо С.Жигитов ошол мезгилдеги муундар арасында гана эмес, бир муун ичиндеги карама-каршылыктуу көз караштарды, улуттук аң-сезимдин ойгонушун, агартуу идеяларынын таралышын өтө таамай чагылдыргандыгын белгилей кетүү абзел. Муну ырастоо үчүн тарыхый фактылардан мисал келтире кетели. Түркстан генерал-губернаторуна берилген “1914-жылы октябрь айына карата Түркстан аймагындагы мусулман калкынын маанайы жөнүндөгү отчётто” аймакта эл арасында “Гап” деп аталуучу кечелер өткөрүлүп тургандыгы белгиленген: “Гаптарга улуту, жаш курагы, мүлкүнө, кээде адистигине жараша чогулушат; ошондуктан карыялардын, мал-мүлктүү жаштардын, майда соодагерлердин, усталардын ж.б. 15–30дай мүчөлөрү бар гаптар болгон.” Жаштар мындай жыйындарда активдүү роль ойношуп, алардын таасири менен саясий маселелер, жума аралыгында болгон окуялар, жаңы усулдагы мектептерди ачуу жана аларга жардам көрсөтүү боюнча маселелерди талкуулашкан жана кайрымдуулук акцияларын өткөрүү максатында каражат жыйнашкан.

Ушундай эле “Гап” (“сөз”) же “Машраб” (“жамаат”) аталган топтор Кыргызстан аймагында да уюшулган. А.Чукубаевдин “Классовая борьба и общественная мысль в Киргизии” (1900-1917) деген эмгегинде, жогоруда аталган ийримдер, же топтордун мүчөлөрү жума сайын бейшемби, же жума күндөрү чогулушкандыгын, анда окуялар кызуу талкууланып, пикир алышкандыгын, орус-түрк согушуна байланыштуу саясий окуялар, Түркияга жардам көрсөтүү, улуттук маанайдагы адабияттар, каттар ж.б. окулуп, талкуулангандыгын белгилейт[21, 69].

Мындай маалыматтардан Сыдык Карач уулу, Ыбырайым Абдрахман уулу, Эшенаалы Арабаев ж.б. Кыргызстанда Совет бийлиги орногонго чейин эле эл арасында агартуучулук идеяларын, улут маселелери, эркиндик, теңдик жөнүндө үгүт-насаат иштерин активдүү жүргүзгөндүгүн баамдасак болот.

Белгилүү жазуучу Т.Сыдыкбеков Сыдык Карач уулунун “Эрксиз күндөрдө”, “Эрик таңында” повесттери мезгилинде окурмандардын сүйүп окуган чыгармалары экендиги жөнүндө 1967-жылы “Эрик таңында” деген аталыш менен жарыкка чыккан чыгармалар жыйнагынын кириш сөзүндө эскерет. Т.Сыдыкбеков анын “Эрксиз күндөрдө” повестинде эски дүйнөнүн каардуулугун, анын ырайымсыздыгын автордун ачык-айкын сүрөттөгөнүн жогору баалайт. Чыгарма мурда жарыяланган “Сүйгөнүнө кошула албады” аңгемесинин кайрадан иштелген, кеңейтилген варианты. Чыгарманын негизги мазмуну – аялдардын татаал тагдырын баяндоо. Мында, өз уруусуна кадырлуу ажы, молдо Кендирбайдын кызы – жети жашынан эскиче окуган, татар-казак адабиятына таасирленген Жыпар (эски вариантында жаңы усул мектебинен билим алган), ошондой эле жаштайында жетим калса да агасынын жардамы менен мектепте окуп, кат таанып калган нары сабаттуу, акыл-эстүү, нары чыйрак Жунушту сыпаттайт.

Бири-бирин арзышкан эки жаш тилектерине жетпей калышат. Себеби, эски дүйнөнүн коомдук түзүлүшүнүн эрежеси – аксакалдыктын сокур намысы эзелтен сөөктөрүнө сиңген, өздөрүн калайыктын төбөлдөрү санашкан Мамырбай менен Кендирбайдын куда-сөөк болушу. Бири жанындай көргөн жалгыз кызы Жыпарды төрт зайыптын үстүнө байга токолдукка кыйды, бири пайгамбар жашында жаш кызга шейшеп жаңыртууга кызыкты. Жаш адамдардын махабатына жолтоо болуу, алардын адамдык ар-намыстарын тепсөө, адамдын эркин бийлик жүргүзүү менен үрп-адат, салтка такап, Жыпарды күң катары жумшап, Жунушту набакка жаптырышты[8, 6].

Биздин пикирибизде, Сыдык Карач уулу тарабынан аялдардын теңсиздиги жөнүндөгү теманы көтөрүп, “Сүйгөнүнө кошула албады”, “Армандуу эки жаш”, “Алданган нур кызы”, “Күкүк менен Зейнеп” деген аңгемелерин жазган (аңгемелерди белгилүү окумуштуу-адабиятчыларыбыз С.Жигитов, А.Эркебаев, З.Мамытбеков ж.б. талдап чыгышкан). Алардын жазылышына негизинен ошол мезгилде аялдар теңдиги жөнүндө жазышкан акын-агартуучулар И.Гаспринский, Г.Исхаки, М.Гафури, Г.Ибрагимов ж.б. таасири тийгендигин белгилей кетүү абзел. Айтылуу жазгыч акын-агартуучу Тоголок Молдо да Октябрь революциясына чейин эле аялдар теңдиги жөнүндө сөз козгоп, “Кыз Кенжекенин арманы”, “Чалга берген кыздын арманы” сындуу чыгармаларын жараткан. А.Эркебаев С.Карачевдин чыгармаларын талдоодо аны татар прозасынын тажрыйбасына таянган деп көрсөтөт. Чындыгында мындай көрүнүш жалпы эле Түркстан аймагындагы М.Жумабаев, К.Тыныстанов, Э.Арабаев, Чулпан Абдулхамид ж.б. акын-жазуучулардын чыгармаларынан таасын байкалат.

Анын себеби катары, биринчиден, татар агартуучуларынын таасири, экинчиден, ошол мезгилдеги жалпы түрк тилдүү калктарга түшүнүктүү болгон орток тилде жазуу, үчүнчүдөн ар бир улуттун интеллигенция өкүлдөрүнүн басма сөз, ошондой эле биргелешкен иш-аракеттер аркылуу бири-бири менен болгон тыгыз байланышын айтса болот. Бүгүнкү күндөгү ааламдашуу шартында ушул байланышты колго алып, жаңылантып, жалпы адамзаттык баалуулуктарды изилдөөдө, жалпы жетишкендиктерди бүтүн элге таратууда кеңири пайдалануу зарыл деген ойдобуз. Айрыкча, кыргыздын кокту-колотко, уруу-урууга бөлүнүү күч алып бара жаткан учурда жогорудагыдай жалпы элим деп күрөшкөн, коомдун кызыкчылыгын өз кызыкчылыктарынан жогору койгон инсандардын татаал тагдыры, майтарылгыс эрки тууралуу билдирип турсак деген ниеттебиз.

Чыгармадан бизди айрыкча, Жунуштун образын сыпаттоодо өзүнүн тагдырын жазгандай элес калтыргандыгы кызыгуу жаратты: “Жунуш кедейдин баласы. Жаш чагынан тартып шаарда өстү. Атасынын минер атынан башка эчтемеси жок. Бир агасы сарт, ногойдо малай болуп жүрдү. Ошол агасынын аркасы менен окууга кирди. Кыш окуу окуп, жаз, жай айларында жумуш кылды. Ал кездерде жаңы тартип менен окутуп жаткан татар мектебинде балдардын алды болду...

Бара-бара газет, журнал, адабий китептер окуй турган жолдошу Тынымсейиттин демдөөсү менен бул да ошол жолго кирди. Кыш күндөрүндөгү дем алуу, жайкы бош убактарын окуу менен өткөрө турган. Заманындагы ал-абал менен күндөгүсүн күндө таанышып келди. Ал учурдагы аңдуу-билимдүү азаматтардын заман агымы менен таанышкан, окуучулардын бирөө болду.

Мектепти бүтүрүп калаа тегерегиндеги мектепке мугалим болуп келгенине эки жылдай болду. Элдин балдарын жыйып, жаңы тартип менен сабатын ачты. Мурун 4–5 жыл окуп “алхамдудан” өтө албаган элге үлгү болду, кыргыз калкы жаңылыкка, жаңы нерсеге тез көңүл бура турган калк. Ошондуктан Жунуштун кадыры эл ичинде тез көтөрүлдү. Жаңы окуунун жеңилдигине, оңой-олтоң кат тааныта тургандыгына эл кызыкты. Балдарын ийменбей, тартынбай Жунуштун мектебине бере турган болушту. Эл үйүр алып, боорго тартылгандан кийин Жунуш элге газет окуп, түшүндүрүп бере турган болду. Дүнүйө жүзүндө өнөр-билим аркылуу эчен-эчен кулак угуп, көз көрбөгөн шумдуктарды чыгарып жатышканын айтты. Аэроплан, сымсыз телеграмм, автомобиль дагы башка караңгы эл тез түшүнө тургандарды айтып элди таң калтыра турган. Мына ушул өңдүү укмуштардын баары азыркы окуу-билим аркасында болгонун туюндурду.

Бара-бара Жунуштун баркы көтөрүлдү. Элди боюна тартты. Жунушту көбүнчө жаңы өспүрүм, жаңы муун жаштар жактырат. Анын турган үйү ар качан боз балдар менен жык толот. Аркы-берки кепти айтышып, Жунуштун жагымдуу, жугумдуу сөздөрүн кулактарын түрүп угушат. Жунуш оюн-күлкү аралаштырып, жаштарга кандай болуу, эмне керектүүлүгүн түшүндүрөт.

Жунуш илим-билим жагынан далайдан аңдуу, сезимдүү. Атасынын жерине корук салдырып, бак тиктирди. Орус, ногой айдай турган ар түрдүү жашылчаларды айдатты. Аны кандай багуу, кандай өстүрүү тууралуу ар качан өзү жол көрсөтчү. Башка коңшулары, айылдаштарына да ушул жол менен иштөөгө кеңеш берүүчү, өзү барып иштешип, жол таап берип жүрдү.

Жунуш башка өнөрлөрдөн да куру эмес. Ыр, комуз чертүү, кыяк тартуу өңдүү элдин көңүлүнө жакын нерселерди абдан жакшы билет. Жунуш болгон жердеги тамаша, оюн эч кайда боло койбойт. Ошондуктан боз балдар Жунуштан айрылуучу эмес. Аны кайда болсо да ала барып бирге ойноп, бирге күлүүгө зооктонушат. Бирок Жунуш токтоо, сабырдуу жигит. Көрүнгөн жакка бастыра бербейт. Ээнбаш жүрүүнү көңүлү сүйбөйт. Ыгы келген жерге, баскан кадамынан жаңылышпагандай гана жерлерге барат. Өмүрүндө бир гана мертебе күйөө жолдош болуп көрдү. Ал да болсо өзү менен бирге окуган санаалаш, талапташ курдашынын кайнына баруу болду.

Жунуш элде эки жылы бала окутту. Эки жылдын ичинде окуткан балдарынын баары колдоруна тийген китептерди шар окуп чыгышты. Катты шырылдата жазып, көрүнгөн катты чыгарышты. Муну көргөн элдин Жунушка болгон көз караштары өзгөрдү. Далайы Жунушту макташып, төбөлөрүнө көтөрүштү. Аны ар кимиси ардактап, сыйлап-сыйнаттады.

Молдо-кожолордон окуп калган “чала молдолордун” чачтары тик турду. Балдардын баары Жунуштун мектебине чубурат. Андан окуп бат “молдо” болушат. Сабаттары тез чыгат. Бул “чала молдолордун” жолуна дөңгөч коюу, алардын караңгы элди алдап-соолап, окутумуш болгонунун сыры ачыла баштады. Молдолор төрт-беш жыл окутуп, түзүк дубай салам жаза албаган балдар, 5–6 айда шаркыратып окуу эмне деген шумдук. Анысы аз келгенсип балдар ар түрдүү “марш” айтышат.

Күндөн-күнгө колдорунан жеми кетип, кадыры азайып бара жаткан молдолор муну сезишти. Бул ишти бул бойдон коюу жарабастыгына көздөрү жетти. Мунун бир амалын таап, Жунуштун жолун торомокчу болушту, айыл арасындагы атка минер шумдарга акыл салышты.

– Жунуш балдарды динден чыгармак болду. Балдар бузулуп, мусулманчылыктан чыгып кетет го! Эми бир-эки жыл окушса таптакыр мусулманчылыктан кол жууп калабыз, - дешип бир топ шылуундарды кутуртушту. Алар ары-бери кеңешип, молдолордун тилегин орундоого ат салышты. Уезддин, приставдардын тилмечтери менен сүйлөшүп, аларды паралап тил алдырышты. Тилмечтер Жунуштун сазайын берүүго убада кылышты.

Бир күнү Жунуш жаграпиядан (география) сабак берип жаткан убакта чакчаңдап болуштун жасоолу кирип келди. Кылычын шалдыратып, камчысын ийкеп:

– Жунуш деген сен болосуңбу? – деди.

Ээлигип, адыраңдап келген жасоолду көрүп, Жунуш азыраак таң калды.

– Ооба, мен болом...

– Сен болсоң, дароо аттан! Үөздөн буйрук бар, айдап бүгүндөн калбай жеткирсин деген, – деп Жунушту энтелетип, мектептен айдап жөнөдү.

Жунуш калаага барып, бир жумадай камалып жатты. Сегизинчи күнү чакырып суракка алды. Кайда окугандыгын, кандай мектеп бүтүргөндүгүн, кандай китептер окутуп жаткандыгын, дагы башкаларын ийнесинен жибине дейре сурады.

Жунуш сурагандарынын баарына анык, толук жообун берди. Окутуп жаткан китептери, элге окуп берген нерселердин баары Казанда, Оренбургда өкмөт тарабынан улуксат кылынып басылып чыккан нерселер экендигин айтты. Ары-бери декип, тизгинди кыскараак кармаш керектигин, түрк ырларын балдарга мындан ары ырдатпаска тийиштигин айтып, үстөлдү койгулап жүрөгүн алды. Экинчи ушул көрсөтүлгөн чектен чыкпаска, эгерде укпай турган болсо камоого алынып, башка жакка айдаларын билдирип, Жунушту коё беришти.

Өкмөт зекигенден кийин Жунуш көрсөтүлгөн чектен чыкпады. Бирок башка сабактарын баштагыдан бешбетер тырышып окутту, муну менен Жунуштун эл арасындагы баркы, кадыры кеткен жок. Душмандарынын отуна суу себиле турду...” [8, 57–59].

Чыгарманын бул бөлүгүн толугу менен берип жатканыбызды окурмандар туура түшүнөт деген ойдобуз. Анткени, ошол мезгилдеги жаңы усулда окуткан мектеп-медреселердин артыкчылыгын Сыдык Карач уулу таасын сүрөттөгөндүктөн, муну изилдөөчүлөр даректүү материал катары да пайдаланса болчудай. Ушундай эле фактылар менен Э.Арабаевдин өмүр таржымалынан, Бөрүбай Кененсариндин чыгармаларынан, Каюм Мифтаковдун кол жазмаларынан, Саткын Сасыкбаевдин эскерүүлөрүнөн таанышсак болот.

Падышачылык бийлик ар кандай маанидеги жыйындарга катышкандардын, жаңы усулдагы мектептердин тарбиялануучуларынын иш-аракеттерин көз жаздымда калтырбай, тыңчылары аркылуу көзөмөлдөп турушкан. Бул маселеге белгилүү мамлекеттик ишмер Ж.Абдрахманов да кезегинде кайрылып: “кыргыз айылдарында жаңы усулдагы, башкача айтканда табият таануу, география, тарых ж.б. окутууну киргизген мектептерди Борбордук Россиянын жана анын башка аймактарында уюшулган революциялык уюмдардан да аёосуз куугунтукташкан” [2, 226] деп жазган.

Казань, Оренбург, Уфа ж.б. шаарлардагы жаңы усул мектеп-медреселерде музыка, дене-тарбия сабактары да окутулгандыгы тууралуу маалыматтарды кездештиргенбиз. Бирок Кыргызстандын аймагындагы мектепте да ыр сабагы, окутуучунун музыкалык аспаптарда ойной билиши, балдардын “марш” айтканы (балким “марш” бул чыгарманы толуктоодо кийинчерек кошулгандыр), чындыгында жаңылык болду десек да болот. Автордун бул чыгармасы 1928-жылы жарык көргөн, бирок анын мазмунуна караганда бир топ жыл мурда же Совет бийлиги орногонго чейин эле жазылгандай. С.Жигитов ал “Эрксиз күндөрдө” автордун мурда татарча жарыяланган “Сүйгөнүнө кошула албады” аңгемесинин кеңейтилген варианты деп жазат.

Ал чыгарманы сын көз караш менен талдап, 1916-жылкы көтөрүлүш учкай камтылгандыгын жазган[7, 41–42]. Чындыгында, биздин пикирибизде, автор кыз менен жигиттин махабат мамилесин, жогоруда көрсөтүлгөндөй Жунуштун образын сыпаттоо менен жаңыча тарбияланган жаштардын көз караштары, окуунун, билим алуунун артыкчылыктарын негизги орунга койгондой. Жунуштун сүйгөнү Жыпардын кат-сабаты эскиче жоюлса да, өз оюн кагазга эркин түшүрө алган кыргыздын алгачкы билимдүү кыздарынан экендигинен да кабар берет.

Ал эми көтөрүлүш жөнүндө азын-оолак сөз кылганы, бул чоң трагедияны толугу менен камтуунун кыйындыгын автор өзү да баамдагандай ой жаратат. Адатта, журналисттер изилдөөчүлөргө, эгер бул окуя болбосо же ал инсан андан ары иштесе кандай болмок? деп собол салышат. Бул сапар өзүмө да ушундай суроо коюп, жооп издедим. Эгер Сыдык Карач уулунун бул чыгармасы жарыкка чыккан учурда ал болгону 28 жашта болсо, демек, ал чыгармасын 24–25 жаш курагында жазган болуш керек, ошондуктан баралына келгенде далай-далай бараандуу чыгармаларын жаратмак экен деген өкүнүчтүү ой жаралат.

Алгачкылардан болуп агартуучу Исмаил Гаспринский өзү негиздеген, мусулмандардын арасында кеңири белгилүү “Тержиман” гезитине мусулман аялдарынын турмушу, алардын билим алуу маселесин көтөрүп чыккан. “Тержиман” гезитине кошумча катары, аялдар үчүн 1906–1910-жылдары чыккан “Алем-и-Нисван” (“Аялдар дүйнөсү”) журналы Крымда эле эмес, Түркстан, Индия, Египет ж.б. мусулман өлкөлөрүнө белгилүү болгон[16]. Бир топ мусулман кыздары жаңы усулдагы мектептерден окуп билим алышып, айрымдары өздөрү да кыздарга билим беришкен. Мисалы, Караколдо кыздарды окуткан София Надыршина, Деляфруз Рахимова, Аимниса Жангирова ж.б. ысмы белгилүү.

Айта кетчү нерсе, Ч.Айтматовдун энеси Нагима Айтматова да алгачкы билимдүү кыздардан. Изилдөөчү А.П.Ярковдун жазганына караганда, Каракол шаарында жашаган 2-гильдиядагы соодагер Х.Абдулвалиевдин (Нагима Айтматованын атасы) үйүндө спектаклдер коюлуп, кызы Нагима да анда алгачкы ролдорун аткарган. Курамында татар, башкыр, өзбек, кыргыз ж.б. билимдүү жаштардан куралган чыгармачыл топ түзүлүп, С.Карачевдин “Борч” деген спектаклин коюшкан[26, 79].

Сыдык Карач уулунун татар тилинде жазылган жогорудагы пьесасын С.Жигитов “Милдет”, ал эми Т.Сыдыкбеков “Насыя” деп которгон. Аны менен көп жылы кызматташ болгон Айткулу Убукеев С.Карачевдин пьеса жазганын, “Борч” аттуу чыгармасында татар соодагерлеринин турмушу баяндалгандыгын, анын татар театрларынын сахналарында бир топ ийгилик менен коюлганын автор өзү айтчу эле деп эскерген[8, 5].

Мындай маалыматтар Сыдык Карач уулунун прозаик, алгачкы драматург жана акын катары Октябрь революциясына чейин эле жаштар арасында кадыр-баркка ээ болуп калгандыгын же болгону 17–18 жаштагы өтө таланттуу уландын кайталангыс дараметин, жөндөмүн тастыктоочу фактылар катары карасак болчудай. Сыдык Карач уулу Совет бийлигинин тушунда да драмалык чыгармаларды жазууну улантып, 1928-жылы “Теңдик жолунда”, 1929-жылы “Төрага Зейнеп” деген пьесаларын жараткан.

Кыргызстанда Совет бийлигинин орношу менен жаңыдан калыптанып келе жаткан интеллигенция элдин жаркын келечеги үчүн большевиктер партиясынын теңдик, эркиндик, элдин сабатын жоюу ж.б. багытта жүргүзүп жаткан саясатын колдошуп, чын дилден кызматташууга өтүшкөн. Алардын катарында Сыдык Карач уулу да 1918–1920-жылдары Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Таш Кудайбергенов, Жайнак Садаев, Асан Алиев, Данаке Иманов ж.б. сыяктуу эле басмачылык кыймылына каршы Жети-Суу областынын Копал тарабында, Бухаранын тегерегиндеги салгылашууларга катышкан. Анын 1920–1922-жылдары Ташкенттеги Аскердик (командирлер) окуу жайында окугандыгы ушул окуялардын таасири менен болсо керек.

Айта кетчү нерсе, ушул кооптуу кырдаалда да жазганын токтотпогондугун белгилүү изилдөөчүлөр К.Баялинов менен З.Мамытбековдун Сыдык Карач уулунун 1918-жылдан 1924-жылга чейинки мезгилде “Көмек”, “Ак жол” газеталарында, “Шолпан”, “Жас кайрат”, “Аел теңдиги” журналдарында жазуучунун отузга жакын ыры, бир нече аңгемеси, публицистикалык жана театр турмушунан алынган макалалары жарык көргөндүгүн белгилешкендигин[25, 191] далил катары карасак болот.

Бул маалыматтар менен таанышууда, биринчиден, анын ошол мезгилдеги татар, казак жазуучулары менен тыгыз байланышын, экинчиден, бул чыгармалардын көпчүлүгү Совет бийлиги орногонго чейин эле жазылгандыгы жөнүндө да ой жаралат. Анын “Шаңдан жүрөк” деген 1919-жылы “Көмөк” гезитинде жарыяланган ырын бербей коё албадык. Ырдын мазмунун С.Жигитов абдан кылдат талдаган, ага кайрылбай эле койсок болот. Бирок бизди кызыктырган анда “Үйлөнүүдөн качты” деген аңгемесиндеги идея улантылгандай таасир калтырды:

“Адашкан эл-журтунан мен бир безген,
Илим деп эл-жеринен эчак кеткен,
Мойнума эл милдетин артып алып,
Түйшүктө нур жылдарым – жаштык өткөн...

Биздин пикирибизде, ал жарандык согуштун учурунда жана да кийинки татаал кырдаалда, башкача айтканда, совет бийлигинин алгачкы жылдарында чыгармачылык менен тыкыр алектенүүгө убактысы жетмек эмес. Анткени, анын өмүр таржымалына кайрылсак, Сыдык Карач уулу 1920–1922-жылдары Ташкендеги аскер мектебинде таалим алган соң, 1923–1924-жылдары Каракол уезддик “Кошчу” союзунун аппаратында иштеген (убагында бул уюмдун курамында Э.Арабаев да ишмердүүлүгүн баштап, кийин облустук “Кошчу” союзунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Айтайын дегенибиз, кийин көпчүлүк белгилүү советтик кызматкерлер ушул уюмдан чыгышкан)[1]. Мындай маалыматтар анын чыгармачылыгынын башаты совет бийлиги орногонго чейин эле башталгандыгын ачык көрсөтүп турат жана кийин жаралган чыгармаларынын өзөгү, идеясын көп жылдар бою ой-туюмунда бышырып алып жүрсө керек.

С.Жигитов “20-жылдардагы кыргыз адабияты” деген эмгегинде “Келгин” псевдоними менен чыккан “Мариям менен көл боюнда” деген аңгемени С.Карачевге таандык кылып талдап чыккан. Биздин пикирибизде, бул чыгарма Касым Тыныстановдун калемине таандык. Анткени, Зияш Бектеновдун “Замандаштарым жөнүндө эскерүү” деген эмгегинде К.Тыныстановдун лакап аты Кыт, Келгин, Тагай, К.Т., ал эми Сыдык Карачевдин Айкын, Закым, Чагылган деп көрсөткөн[4, 65]. 1991-жылы жарык көргөн Касым Тыныстан уулу: Адабий чыгармалар (түзгөндөр: З. Бектенов, А.Эркебаев) деген эмгекте жогоруда айтылган чыгарма киргизилген. Шайык Жамансариевдин эскерүүлөрүндө, К.Тыныстановдун каникул учурунда Тепке айылына келген учурда Жайылкандын абдан келбеттүү, сулуу кызы Мариямга ашык болуп, таякелери Жайылкандын алдына барып, сөз айтышса, тентиген жээниңерге бербейм, кудалашкан жери бар деп бербей койгон.

Күзгө жуук Ташкентке окууга кетеринде ала качып кетейин деп убадалашат, бирок Касымдын колунан зордук менен кызды алып кетип, кудалашкан жерине беришет[18, 63].

Кыргыздын көрүнүктүү жана таланттуу инсандары Касым Тыныстанов менен Сыдык Карачев абдан жакын санаалаш теңтуштардан болушкан. Аларды бирдей көз караштары, билими да жакындатса керек. Ушул окуядан соң С.Карачев жары – Токтокандын (ал Караколдогу Ташбай деген уйгурдун кызы болгон) сиңдиси Турдубүбү менен Касымды тааныштырган.

1924-жылы Сыдык Карач уулун атайын Ташкент шаарына чакыртышып, кыргыздын тун басма сөзү “Эркин-Тоо” газетасынын жооптуу катчылыгына дайындалган. Албетте, газетаны чыгарууда Э.Арабаев, Ж.Абдрахманов, К.Тыныстанов, О.Алиев сындуу элибиздин таланттуу уулдары зор салым кошкон жана алар ошол мезгилде чыгармачылыгы оозго алынып, белгилүү болуп калган Сыдык Карач уулун да өз катарларына тартышкандыгы жөн жеринен болгон эмес.

Белгилей кетчү нерсе, алар чыгармачылык менен эле алектенбестен, мамлекеттүүлүктү түптөө сындуу оор милдетти да моюнга алышып, өлкөнүн келечеги үчүн опол-тоодой иштерди аткарып келишкендиги белгилүү.

Жооптуу катчылыкты аткаруу менен ал газета бетине жарыяланар макалаларды редакциялоо менен бирге эле өзү да бир топ чыгармаларын “Эркин-Тоого” жарыялаган. Мисалы, газетага арнап “Эркин-Тоого” деген ырын 1924-жылы 26-ноябрда, “Май” деген ырын 1925-жылы 1-майында “Айкын” деген ат менен, “Көпөлөк, кайың, сыдырма” деген ырын 1925-жылы 20-июнда “Закым” деген ат менен жарыялаган. Фельетон жанрында да алгачкылардан болуп 1925-жылы 8-июнда “Адашкандын айбы жок, кайтып үйрүн тапкан соң”, кийин “Азгырык”, “Кара чаар ополдомочун, иттик кылды”, “Бөдөнөнүн бөйрөгүнөн, торгойдун толорсугунан” ж.б. жанытмаларын жарыялаган.

Кыргыз автономиялык областынын аткаруу комитетинин 1926-жылы 2-декабрда өткөрүлгөн жыйынында араб алфавитинин ордуна жаңы латын тамгасына негизделген алфавитти киргизүү боюнча дайындалган 17 адамдан турган комитет курамы бекитилген, анда ошол мезгилде өлкө жетекчилигинде турган – А.Орозбеков, Ж.Абдрахманов, О.Алиев, И.Айдарбеков, Баишев, Бөрүбаев, Б.Данияров, Х.Жээнбаев, Д.Зульфибаев, Ж.Садаев, Т.Худайбергенов, Якупбаев, И.Токбаев, Воробьев менен катар эле С.Карачевдин[9, л. 122–124]. да киргендиги анын бийик аброюнан кабар берет. Комиссия өз милдетин аткарууга белсенип киришкен, анткени мындай иш-чара өтө жоопкерчиликти талап кылгандыктан анын курамын дагы кеңейтүүгө туура келген. Алсак, 1927-жылы 12-декабрда Кыргыз АССРинин БАКнын Президимунун кеңешмесинде анын курамына да кошулуп, жалпысынан 30 адам бекитилген[10, л. 149].

Убагында аны менен чогуу иштешкен профессор Кусейин Карасаев Сыдык Карач уулунун татар, орус тилдерин мыкты билгендигин, көркөм адабиятын көп окугандыгын, адабият жөнүндө толук маалыматы бар экендигине өтө таң калып суктангандыгы тууралуу эскерген: “Ал газетанын кийинки саны кандай түрдө чыгышы жөнүндө “Правда” жана “Правда Востока” газеталарын алдына жайып коюп макетин түзчү. Анда мен “макет” эмне экенин да билчү эмесмин. Сыдык мага: “Жакшылап көчүр, имла катасы кетпесин, сен ошого жооптуусуң!” деп ар дайым эскертчү. Сөздүн кыскасы, бизге басма иши боюнча “баш тоголоткон” Сыдык эле. Алиев Осмонкул мазмунун гана карачу. Сыдыксыз газетанын чыгышы да шектүү болчу...”. Газетанын алгачкы санын чыгарууда А.Токомбаевдин айтылуу “Октябрдын келген кези” менен С.Карачевдин “Эркин-Тоого” деген ырлардын кайсынысын жарыялоо тууралуу талаш жаралып, Сыдыктын ыры газетанын атына арналгандыктан, ошону берүүнү чечишкен. Бирок чечимге С.Карачев макул болбой “жок, газетабыз Октябрь майрамы күнү чыккан жатат. Ошондуктан, биринчи санга Аалынын ырын чыгаралы, деп макул болбой койгон экен” [4, 78].

Бул саптарды окуп жатып, аны азыркы төбөлдөр менен салыштырсак, айырмасы асман менен жердей. Айрым кызматкерлер элге көрүнүп калууга далбастап, ыгы келсе да, келбесе да ысмын, сүрөттөрүн китеп бетине, газеталарга чаптап, айрым учурларда бир сап да жазып койбостон жазган адамдарга авторлош болуп чыгарып жатканын көрүп, жакаңды кармайсың...

З.Бектеновдун эскерүүсү боюнча, “Эркин-Тоого” чыгып турган С.Карачев лирикалык ырлардын чебери катары кадыр-баркка ээ болгон. Анын ырларын жаштар дароо жаттап алышкан. Акындын “Эмне алдадың” аттуу лирикасы жаштардын сүйгөн ырына айланып кеткен. Жаштардын ошол учурдагы адабият ийримине К.Тыныстанов, Б.Исакеев, Б.Данияров, А.Токомбаев ж.б. интеллигенция өкүлдөрү менен катар эле С.Карачев да катышып, ал ийрим кийин кыргыз жазуучу-акындарынын “Кызыл учкун” уюмуна айланган. Тактап айтканда, 1928-жылы 29-мартта уюмдаштыруу жыйналышы чакырылган, анда жогоруда аты аталгандардан тышкары Баялы Исаке уулу, Калим Рахматуллин уулу, Токчоро Жолдош уулу, Ырыскул Бостек уул, Айша Тынбай кызы, Курман кызы, Таана кызы Мискина, Ботаалы Тыныстан уулу, Бектен уулу Зияш ж.б. 34 адамдын ысмы камтылган тизме жарыяланган[2]. Бул тизменин да изилдөөчүлөр үчүн мааниси чоң деген ойдобуз, анткени алардын көпчүлүгү дагы деле изилденбестен кала берген.

30-жылдардагы саясий репрессия алгач Совет бийлиги орногонго чейин билим алган, улут кызыкчылыгын жогору койгон интеллигенция өкүлдөрүнө багытталды. Сыдык Карачевдин да чыгармаларынан саясий каталарды, тактап айтканда “пантүркчүл”, “панисламчыл” мүнөздөгү мотивдерди табымыш этишип, коркунучтуу жагдай жаралган. Ошол учурда советтик идеологиянын камчысын экилентип чапкан А.Токомбаев “Адабият жат идеядан тазалансын” деген макаласында “Сыдык өз убагында байчыл, улутчул жазуучу эле. Бирок Борбордук партия комитетинин токтому чыккандан кийин өз убагында өзүн бир аз кайра куруп келет. “Мен баштапкы Сыдык эмесмин – жаңы Сыдыкмын, өзүмдүн кайра жасалып жаңырганымды иш жүзүндө далилдеш үчүн “Эки агым” деген пьеса жазып жатамын”, – деп Оштон жазган катында көрсөткөн. Бирок Сыдык Оштон Прунзага келгенде эски жолдошторунун арасында “мен эски эле Сыдыкмын, мен жаңы Сыдык боло элекмин. Аалы кысып, жаз деген үчүн жаздым”, – деген сөздөрдү айтып жүргөн көрүнөт” деп жазат (“Кызыл Кыргызстан” 1933, 8-август).

Бул жылы Эшенаалы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков түрмөгө камалып, Жусуп Абдрахманов кызматтан алынып, Оренбургга жөнөткөн кооптуу мезгил эле. З.Бектеновдун эскерүүсү боюнча ал да борбордон алыстап, райондук газетада иштеп калат, бирок аны менен эле чектелбестен, “Правда Востока” жана “Известия” газеталарында штаттан тышкары кабарчысы болуп иштейт. Кийин 1933-жылдын аягында Кыробкомдун бир бюросунда камайбыз деп, ончакты кишинин тизмесин окуганда, ал тизмеден Касым Тыныстановду Кыробкомдун биринчи катчысы Белоцкий, Сыдыкты экинчи катчы Төрөкул Айтматов өчүртүп салып, камактан алып калышкан экен[4, 81].

Бул каралоонун себеби, 1933-жылы 7-мартта “Правда” газетасынын №65 санына жарыяланган корреспондент Павел Мануйловдун “Разбить до канца остатки буржуазно-кулацкого национализма” о постановке на сцене кирнацтеатра пьесы К.Тыныстанова “Шабдан” деген аталыштагы макаласы жарыялангандан кийин бул макала Орто Азия БКП(б) БК[11, оп.1., д. 514, л.9], партиянын Кыргыз Обком БКП(б) [11, оп.1, д. 514, л.93-99]. Советтик Кыргызстан жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинде[11, оп.5, д.115, л.16–17] талкууланган.

Аларда “Алаш-Ордонун” контрреволюциялык буржуазиялык-улуттук идеялары К.Тыныстанов тарабынан кыргыз адабиятына киргизилип жаткандыгы, ал эми С.Карачев, Кокенов, Б.Кененсариев болсо пролетариаттын кызыкчылыгына каршы келген бай-манаптык идеологияны чагылдырышып жатат деген кинелерди коюшкан[11, оп. 1, д. 453, л. 93–99].

Бүгүнкү күндө булар элдин келечеги үчүн чындыгында жан-дили менен иштегендигин, доордун алдыңкы адамдары бири-бирин түшүнүп, чыгармачылыктарына, алдыга жылышына көмөк көрсөткөндүгүн көптөгөн даректүү материалдар тастыктап турат. Ошону менен катар эле партиянын камчысы болгон айрым идеологдор аларга каршы аракеттерди үзгүлтүксүз жасагандыгына да күбө боло алабыз. Күнөө коюуда элдик лидерлерди жок кылууга багытталган саясат алардын жанындагыларды да таандыктап бөлө башташкан, алсак, саясатчылар Сыдыковду колдогондорду – сыдыковчулар (сыдыковщина), Абдрахмановдун жанындагыларды – абрахмановчулар, ал эми илимий-маданий ишмерлерди тыныстановчулар (тыныстановщина) деген таң калаарлык категорияларды чыгарышкан.

Алсак, Жазуучулар союзунда чыгып сүйлөгөн А.Токомбаев: “... тыныстановчулар толугу менен талкалана элек, анын таасири айрым советтик жазуучуларга жана маданий фронттун кыргыз жана европалык кызматкерлерине да тийип жатат”, – деп Кокенов, Пинхасик, Чекменев менен катар эле Сыдык Карачевдин да ысмын атаган[11, оп.1, д. 514, л. 13–18].

Газета беттерине удаалаш жарыяланган сындар, жыйындарда талкууланган жагдайлар алардын башында айланган кара туман экендиги даана байкалган соң, Сыдык Карачев 1934-жылы жарыяланган интервьюсунда (“Советская Киргизия” 1934, 21-апрель) “мурда 1932-жылкы партиянын Борбордук Комитетинин адабият уюмдарын кайра куруу жөнүндөгү токтомуна чейин буржуазиячыл маанайдын туткунунда жүргөндүгүн, кийин улутчулдук көз караштардан кол үзгөндүгү” тууралуу жазат. Демек, бул фактылар атайын органдар тарабынан анын иш-аракеттери катуу көзөмөлгө алынгандыгынан кабар берип турат.

Ошол мезгилден тартып анын чыгармачылыгы солгундагандай, ал көбүнчө котормо иштерине көңүл буруп баштагандыгы байкалат. Алсак, ал Н.Чекменевдин “Мейкин талаада”, А.С.Пушкиндин “Дубровский” жана “Бекетчи” поветсттерин, Л.Н.Толстойдун, А.П.Чеховдун аңгемелерин кыргызчалаган[8, 7]. Бирок мындай аракеттерге карабастан, репрессиянын күч алган жылдары Ички иштер эл комиссариатынын Үчилтиги тарабынан контрреволюциялык улуттук уюмга катышы бар деген шылтоо менен (РСФСР Кылмыш-жаза кодексинин 58–10 беренеси боюнча) 1937-жылы 14-августта камакка алынып, 1938-жылы 10-февралда мүлкүн конфискациялоо менен атууга өкүм чыгарылган.

Ушул мезгилде анын жубайы Токтокан 28 жашта, ал эми кызы Роза 11 жашта болгон. Кыргыз элинин өтө таланттуу, баш көтөргөн, мекенчил инсандарынын катарындагы дагы бир уулу ак жеринен атылган. Арадан 20 жылга чукул убакыт өткөндөн кийин гана 1957-жылы 23-мартта Кыргыз ССРинин Фрунзе областтык соту тарабынан коюлган күнөөлөр негизсиз деп табылып, Сыдык Карачев акталат.

КР 1994-жылы 27-майда кабыл алынган “Саясий, диний көз караштары, социалдык, улуттук ж.б. белгилер боюнча репрессиялоонун натыйжасында зыян тарткан реабилитацияланган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде толугу менен акталган[12, №7439].

Бул макала саясий репрессиянын дагы бир курмандыгы, кыргыздын алгачкы интеллигенция өкүлдөрүнүн бири, таланты ташкындай баштаган мезгилде жайраган улуу инсан Сыдык Карач уулунун элесине таазим катары арналат. Анын чыгармачылыгы, өмүр жолу менен таанышууда, канчалык изилденбесин, дагы да өксүк жактары көп экендиги байкалды. Бул улуу инсандан эмгектерин, макалаларын Москва, Ташкент, Казандан издеп таап, аларды толук жыйнак кылып бастыруу милдети да алдыда турат деген ойдобуз. 

Адабияттар:

  1. Абдрахманов Ж. Кыргызстан 1928. Өлкө жана анын келечеги жөнүндөгү ой чабыттар. Түзгөн А.Кубатова. – Бишкек, 2018.
  2.  Абдрахманов Ю. Предвестник Октября (к 15-летию восстания в Киргизии в 1916 году)/в кн.: 1916. Дневники. Письма к Сталину. – Фрунзе: Кыргызстан, 1991.
  3. “Ала-Тоо” журналынын атайын чыгарылышы. – Бишкек, 2000.
  4. Бектенов З. Замандаштарым жөнүндө эскерүү. –Бишкек, 1996.
  5. Гайнуллин М. Татарская литература и публицистика. – Казань: Таткнигоиздат, 1983// В книге “Татары в истории Киргизии: прошлое и современность”. – Бишкек, 2010.
  6. Жаманкараев А. Кыргыз эли туташ сабатсыз беле?// Осмонаалы Сыдыков “Мухтасар тарих Кыргызия” Тарих кыргыз Шадмания”. – Бишкек, 2014.
  7. Жигитов С. Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары. – Фрунзе: Адабият, 1991.
  8. Карачев С. Эрик таңында. – Фрунзе, 1967.
  9. КР БМА, фонд 20, оп.1, д.208.
  10. КР БМА, фонд 688, оп.1, д. 88.
  11. КР БМА КСД, фонд 10.
  12. КР УКМК архиви, фонд-СУ, АУД №7439-су
  13. Кубатова А. Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1900–1916). Бишкек, 2012.
  14. Мамытов С.А. Кыргызско-татарские литературные связи второй половины ХIХ- начало ХХ вв.. Бишкек, 1999.
  15. Марданов Р.Ф. Вопросы литературы в журнале “Шура”. – Казань, 1999.
  16. Машкевич А.А. Философские идеи деизма в мировоззрении Исмаила Гаспринского. Автореферат дисс. на соискание ученой степени докт. филос.наук. – Бишкек, 2004.
  17. Мурас. – Фрунзе, 1990.
  18. Мурзаев А., Мусаева А. К.Тыныстанов: кылымдар кырында. – Бишкек, 2011.
  19. Осмонаалы Сыдыков. “Мухтасар тарих Кыргызиа”. “Тарих кыргыз Шадмания”. – Бишкек, 2014.
  20. Өзбекстан Республикасынын архиви, Фонд 491, оп.1. д.1026.
  21. Чукубаев А. Классовая борьба и общественная мысль в Киргизии” (1900-1917). – Фрунзе, 1967.
  22. “Шура” журналы. 1913-ж. №15. – Ала Тоо журналынын атайын чыгарылышы. – Бишкек, 2000.
  23. “Шура” журналы. 1915-ж. – Ала Тоо журналынын атайын чыгарылышы. – Бишкек, 2000.
  24. Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. – Бишкек, 1995.
  25. Эркебаев А. Кыргыз адабиятынын аз изилденген барактары. – Бишкек, 2004.
  26. Ярков А.П. Татары и башкиры в Кыргызстане: историко-культурный портрет. – Бишкек, 1996.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана ЭЛСОМ +996 558 080 860, МойО +996 0700532585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз