* * *
... Кетем десе куштай учуп денемден,
Көрүнбөгөн жанды кантип токтотом.
* * *
... Ыр менен ыйласа ыйлап, күлсө күлдүм...
* * *
Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт,
Өзүңдө чирип жатса жиликтерим.
* * *
Көп күйөөдөн төрөгөн энеге эмес,
Көп балалуу атага орден берсек.
* * *
Акыркы өмүр бир угулган ышкырык,
Ошол замат жашап калуу канча улук!
* * *
Кандай гана эмчек көрсөң ийиген,
Өмүр менен дүйнө деп бил эриген.
* * *
Дүйнөдөгү эң бир бийик нерсени
десек болот – энелердин эмчеги!
* * *
Оозуң жетип өзүңдү өзүң бир өппөй,
Айыкпаган бир арманда кетесиң.
* * *
Башкалардан өзүмдү өзүм көп угуп,
Көрбөй жүрөм өзүмдү өзүм мен дагы.
* * *
Батып алып таш уядай чыкыйга,
Кантип жүргөн тойбос көзүм төгүлбөй?
* * *
Адам өзү кубангандан көбөйүп,
Калат тура кайгыргандан түгөнүп.
* * *
Ата деген атак алсам алармын,
Кайра дагы болмок белем аталуу.
* * *
Сактап келем карегимдей көзүмдүн,
Атамсың деп ушул жарык дүйнөнү.
* * *
Бутун өбөм чуркап өткөн чүрпөмдүн,
Чөпкө айланып сөөгүм жаткан аңыздан...
* * *
Топурактар – топураган өмүрлөр,
Биздин жашоо бүткөн анын үстүнө.
Өлүмдөрдү сүйүүлөргө айлантып,
Топурактар, топурактар – бүтдүйнө...
* * *
...Биздин сүйүү кызыл эт эмес беле,
Балапанды, капырай, кантип көмдүң?!
* * *
Тикен дагы тиктеттирет көгүндө,
Жыландын да сулуулук бар өңүндө.
* * *
Сактансаң да кокустуктан, кырсыктан,
Карылыктан айыктыраар дары жок.
* * *
Түлөк болуп туруп бербейт тууруңа,
Ошон үчүн булбулдардын тукуму аз...
* * *
... соо кезимде салам берчү эркек дос,
Жорго минип жолукпагын жоолукчан.
* * *
Менин сүйүүм – төгүлчү нөшөр,
Сен чыгуучу көктөмдөй төшөл?!
* * *
Адам болсоң туруштук бер турмушка,
Тамекидей күйүп жашайт чыдаган!..
* * *
Адам болуп артыңа из калтырбай,
Кыйын иш ээ бүчүр бойдон көмүлсөк.
* * *
Бул дүйнөгө акындын көз карашы -
Башкаларды баласындай баалашы.
* * *
Күрөшөсүң турмуш менен мелдешип,
Достон мурун каска көнгүн элдешип.
* * *
Сага жетип баш кошуунун өзү эле,
Өлүп кайра тирилгенге барабар.
* * *
Элди-жерди, кызыл нанды бөлсөк да,
Жүрөктөрдү бөлүп кете албайбыз.
* * *
Таттуу нанга, жыттуу нанга туш болгон,
Жүрөгүмөн бактылуу да курсагым.
* * *
Миң жалганды багындырып бир чындык,
Калыстык да өлүп кайра тирилет.
* * *
Маңдайыма үчүнчү көз бүтсө да,
Кереги эмне жүрөк таза болбосо...
* * *
Адам өзү ажалга окшош жасалган,
Ошондуктан адам өлөт адамдан.
* * *
Көрбөйсүң деп таштын көзүн чукуба,
Ал да өзүнчө көрүп турат дүйнөнү.
* * *
Өзүмдү толук сүйүп бүтө элекмин,
Өзүмө караштуусу: эл, жер, бүлө.
* * *
Күндөргө мүрзө кылып денебизди,
Биз дагы желип-желип эшилебиз.
* * *
Мына бакыт! Түбөлүккө өлбөймүн,
Уул-кызым - денемдин үзүндүсү.
* * *
Сезгентип сезимдерди себеби жок,
Тилиңди көк тикендей курчутпагын?!
* * *
Сүйүүң бышса, өнүп чыгат данектей,
Бир кутудан эки өмүрдүн үрөнү...
* * *
Өмүрлөр төгүлүшөт суудай болуп,
Өмүрлөр какшып калат суудай соолуп.
* * *
Жетип бүтпөс сапарларга чакырып,
Жол учунда жашайт жапжаш ак ойлор.
* * *
Ыйык болот актан – сүт, кызылдан – кан,
Эй, адамзат, ыйбаа кыл ыйыктыктан!
* * *
Өлсөк деле жерге өлүм жок тура,
Үстүбүзгө өсөт тура өсүмдүк.
* * *
Энчибизге бекитилген күндөр аз,
Мезгилдерге болбойлучу таштанды!
* * *
Мүрзө болуп ырларыма жүрөктөр,
Өзүм калам топуракка түйүлүп.
Ишенгиле!
* * *
Бөлүнбөсүн, бүлөң үйдө уктасын,
Чырын бассын, жылан үйүн бузбасын.
* * *
Өлтүрүүгө мүмкүн эмес сууну атып,
Өрттөөгө да мүмкүн эмес сүйүүнү!
* * *
Акындын ырдаганы – ыйлаганы,
(ыйлатып көрдүң беле кыйнап аны?..)
Жер менен кошо онтойт жамандыкта,
Ал үчүн оорубасын жердин жаны.
* * *
Бактысына суктанбагын бирөөнүн,
Алмашууга мүмкүн эмес гүл өңүн.
* * *
Тоодон түшүп келген менен тоң бойдон,
Ортосунда оргуштаймын чоң ойдун.
* * *
Этегиңе ороп алгын ата журт,
таштап кетем эмгектеген сүйүүмдү.
* * *
Бүгүн мага бүтүп жатат бүтүндүк,
Бул дүйнөдө болгум келбейт сындырым.
* * *
Эгер аксам тоону карай агамын!
* * *
Жашаган соң сүйүлбөсөң, сүйбөсөң,
бул жашоонун кереги жок эч кимге.
* * *
Көрөт баарын, билет баарын, а бирок,
киши билбейт качан, кантип өлөөрүн.
Топтогон “РухЭш” сайтынын “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Мээрим САЙДИЛКАН