О'ШАКИР: КАРАЙЛАТКАН КАШЫК (аңгеме)

  • 07.11.2023
  • 2420

Күндө эрте жатып, эрте турам. Таңкы төрттө. Баары жымжырт кезде менин жоргологон калемимдин гана “дүбуртү” угулат. Кудум анык жоргонун чайпалып чуркаганындай. Абактагылардын азандагы намазына чейин жоргологон калемим жүрүшүнөн жаңылбайт ко, чиркин.

Ага чейин кофе ичип алгамын. Курсак курулдай баштаганда жанымдагы шеригим намазын окумай болду. Көчүк айланбаган жерде анын дааратына тоскоол болбоюн деп, чыдап отурам. Бирок шеригим даараттан кийин саждасын жайып, динге жаңыдан ниет кылган неме чакан дасторкондой баннерге түшүрүлгөн намаз үйрөнөр жазууларды маңдайына жайып алыптыр. Эки керебеттин ортосунан ары жакка өтүп кетер кычыктан бата турган эмесмин. Дагы күтүүгө туура келди. Курсак курулдап атат.

Канчалык чыдамым жок болсом да шеригимдин диний ишенимин сыйладым. Былк этпедим. Бир маалда намазы бүттү. Турайын дегенимде, дубасын окуй баштады. Анысы да көпкө созулат экен. Курсак “гур-гур-гур”!

Кечээ эрте жатууга камынып, тамак ичпеген бойдон кулагамын... чыдабаска аргам калбады. Тамакты болсо эбак жылытып койгомун.

Акыры шеригим ибадатын бүттү.

- Тамак жейлиби? – дедим.

- Тамакка жокмун азыр. Сиз менен отуруп чай ичсем болот.

Үйдөн келген бризоль болчу. Бризолду эстеп калыңыз, эмне жегеним баян жүрүшүндө элестетим отурганыңызга керек.

Тамакты кайра жылыттым. Чай кайнады. Экөөбүз бетме-бет отурдук керебетке. Бризолдун бетиндеги майонез менен кетчупту кашык менен сыдырып салмак болдум. Майонез дегенди өмүрү жактырбайм. Тамактын бетин сыдырарымда кашыгым колдон ыргыды. Таппай калдым. “Сүф!” болуп кеткенсиди.

Шеригим экөөбүз издеп тапкыча, тамак сууй турган болду. Эңкейип, эки керебеттин алдынан таппадым. Ортодогу тумбочканын алдында деле көрүнбөйт. Анын ичинде жылчык жок. Китепке шыкалуу, анан менин гана кагаздарым, дептерлерим. Мейли, тамакты суутпай жей берейин, анан таап алам дедим. Кол менен жедим...

Тамактанган соң батабызды кылып, баарын жыйнадык. Шеригим уктамак болду. А мен китеп окуп жатып, кашык эсиме келди. Издөөнү кайрадан баштадым. Дабыш чыгарбай, эки керебеттин алдына сойлодум, тумбочканын алдын тинттим. Аны да ордунан жылдыруу мүмкүн эмес, кроватка окшотуп аны да ордунан жылгыс кадашыптыр. Сыягы, арестанттар терезеге асынып, өз жанын кыйбасын үчүн бекем кадашса керек...

Шеригим уйку-соо ортосунда башын көтөрдү. Кылдыратып атып уйкусун буздум көрүнөт.

- Эмне издеп атасыз?

- Жанагы жер жуткансыган кашыгымды!

- Мен да таппай койгомун. Издедим жакшы эле...

Шеригим кайра көзү илинип, коңуругу чыгып калды. Дабышымды угузбай дагы издедим. Кокус табылбаса, күзөттөгүлөргө тамаша кылмак болдум: “Ит алып келгиле, кашык жоголду” – деп. Аларга деле кызык болгон атпайбы...

“Мистика деген балакетпи мунусу, болбосо кайда кетти?..” башым маң... “Ыргып атканда үнү чыкпады эле” – дедим сыщиктен бетер ичимден. Мистикалык сыр менен кашыгым жоголуп кеткендей туюлуп, мага кашык издөөнүн өзү сырдуу боло баштады...

Кызык болбосоң коё кал. Таап алдым. Кашыгым турат. Типтигинен! Тумбочканын ичинде. Колумда телефон болгондобу, “шырк” эттирмекмин. Мынча болду сүрөттөп берейин. Тумбочканын ичи толо китептер, мен отурган тарабында бул жакка келгенимде баштап койгон узак мөөнөттүк чыгармаларым салынган файл бар. Желимден. Анын жылчыгына цирктин чебер өнөрпоздору эле кашыкты таамай мээлеп, түз кыпчытып койбосо, адамдын оюна келчү фокус эмес. Себеби, файлдын жылчыгы тиземдин тушунда. А кантип асмандан типтик ылдый мээлегенсип кыпчылып калды? А биз тумбочканын капталында отурдук. Жантайып барып кантип тигинен сайылды?.. акылым жетпеди. Бирок кеп башкада. “Акыл оошот” деген ушулбу, менин акылым кашыгыма ооп кеткенби? Ашынган деле акылым жок, бирок апапакай кагаздарымдын бирин булгабаптыр. Бир да тамчы соусу тамбаптыр кагаздарга. Баары апапакай бойдон, батташып, булганып калбаганына сүйүнгөнүмчү.

Чүмкөнүп алып, быкшып күлгөнүмдү айт. Бышкырган себебим, мышыктын реакциясы көзүмө элестеди. Көз ачып жумганча шумдук ко алардыкы. Чычкан тутканда же ит менен тытышканда, алдыңкы колун көзгө илээшкис ылдамдыкта шилтейт эмеспи. Курсагым курулдап турганда, менин колумдун ылдамдыгы мышыктыкынча болуп кеттиби?.. Кашыкты тутам деп шилтенсе керек укмуштай шилтенгенде да кандай шилтенгеничи...

Шеригимди ойготуп албас үчүн жарылып кетпей, күлкүмдү араң кармандым. Кашыгым көз алдымдан кетпейт десең. Кызыгы, ага шыбалган майонез менен кетчуп бир да баракка тамбай, бир да темгил калтырбай, толорсуп кургай түшкөнүчү...

Кокус “ырыс жугушат” болуп, кетчуп менен майонез файлдын ичиндеги толтура кагаздарды булгаса, кайра көчүрүп олтурат элем да. Антпептир.

Тек, “акыл оошот” болуп , менин акылым кашыгыма өтүп кетсе керек...

                                                                       17.10.23

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз