О'Шакир: Өздүк тааным

  • 07.03.2024
  • 717

(Теолог, диний ишмер досум Мамбетасан Ибраевге арнайм)
Эх досум, абак көрүш керек экен,
рух айбат өстүрүүгө себеп экен.
Темир тор деген аты болгон менен
Теңирден буюрган бир белек экен.

Туйбасаң, аңдабасаң кереги не,
турмуштун сүңгүбөсөң тереңине...
Кууралын көргөн үчүн темир тордун
Кудайдын шүгүр деймин белегине.

Тентек мен өмүрүмдө соттолбогон,
теминип бала күндөн токтолбогон:
темир тор босогосун аттаган соң
түшүндүм - дүрмөт экем октолбогон.

Алыппыз көп билимди пайдасы жок,
адамдын кандай гана айласы көп?..
Өзүмдү өзүм таануум керек болду,
өмүрүм сая кетип калбасын деп.

Кабылгым келди турмуш мектебине,
кагылып - согулганым эп дедим да:
Коомго мен батпай жаным кысылганда
Кол шилтеп: "Мейли, - дедим, - жектегиле!"

Жетишти керек болду талабыма,
жиндилик кылдым анан: "Камагыла!“
Ошол дос, мен өзүмдү таанымайын

опол тоо болуш кайда заманыма...
03.03.24.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз