(Коом агартуудагы тилектеш досум Искендер Ормонго арнайм)
Темир тордо түшүнгөнүм оболу:
кайгы-шоруң- кубанычтан жогору.
Кубанычтын кыска билем өмүрү,
а кайгынын чеги терең, кеңири...
Кайгы сенин ким экениң таанытат.
Кубаныччы?.. Ал эмнени жарытат?
Кубаныч бул- жеңил мүнөз мүнөттөр.
Кайгың оордо- кайрат курчуйт жүрөктө.
Жан кайышып турган кезде кайгыдан-
эс ойгонот калпты чындан айрыган.
Кайгы гана козгоп жүрөк жараңды,
адам кылып турабы дейм адамды... 14.03.24.