Деколонизация: Улуттук аң-сезимге жарык издеген жадидчи агартуучулар

  • 18.10.2024
  • 955

Жадидчилик кыймылынын Орто Азия чөлкөмүндө тарашы, анын көрүнүктүү өкүлдөрү туурасында тарых илимдеринин кандидаты, КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун илимий кызматкери Аида Кубатованын блогунан...

ХIX кылымдын аяк ченинде Түркстанда жаңы усулдагы мектептер пайда боло баштаган жана 1905-жылдан кийин алардын саны бир кыйла көбөйгөн. Буга чейин деле аймакта мектеп, медреселердин болгондугу белгилүү. Бул окуу жайлар өз мезгилинде Чыгыш элинин маданиятынын тарыхында албетте, чоң роль ойногон.

Анткени, Бухара жана Самарканд мектеп, медреселеринде жалпы эле Орто Азия элдеринин өкүлдөрүнөн тышкары, татар, башкырлар ж.б. да билим алышып, илимде энциклопедиячы-окумуштуулар деп аталган аль-Фараби, Навои, аль-Бируни, Ибн-Сина, Ибн-Рошд, Фирдоуси, Омар Хайям, Низами, Саади ж.б. гуманисттик, адилеттик жөнүндөгү идеялар камтылган,  ар тараптуу илимий, философиялык чыгармалары менен таанышып, аларды эл ичинде таратууга көмөк көрсөтүшкөн. Муну менен катар эле аталган энциклопедист-окумуштуулардын чыгармалары аркылуу Аристотель, Платон, Пифагор, Анаксимен, Анаксагор, Эвклид, Фалес, Сократ ж.б. антикалык философдордун  көз караштары жөнүндө кабардар боло алышкан.

Алсак, Абдуллин Я.Г. “Татарская просветительская мысль” (Социальная природа и основные проблемы) аттуу эмгегинде, агартуучу Ш.Марджани Ибн Синаны өз окутуучусу катары карап, анын акылына таазим кылаарын, ошондой эле аль-Фараби, Ибн-Рошд, Ибн-Бадж, А.Навоинин анын көз карашынын калыптануусуна, дүйнө таануу жана коомдук-саясий маселелерге карата мамилесин аныктагандыгын, ал эми К.Насыриге Ибн-Сина, А.Навои ж.б. абдан чоң таасирин тийгизгендигин белгилеп жана алардын чыгармаларын татар тилине которушкандыгын көрсөткөн.[1]

Өзбек окумуштуусу Д.А.Алимова “Джадидизм в Средней Азии” деген 2000-жылы жарык көргөн эмгегинде, “жадидчилердин диний жогорку билимге ээ болгондугун, жогорку интеллекти А.Навои, А.Жами ж.б. чыгыш ойчулдарынын философиялык трактаттары, поэзиясы аркылуу тарбиялангандыгын, ошондой эле чыгыш эле эмес, батыштын маданияты менен да тааныштыгын белгилеп, Бехбуди “Конуни Оврупо” (“Европа мыйзамдары”) же Фитраттын “Рахбари нажот” (“Боштондукка чыгуунун жол көрсөтмөсү”) аталыштагы ошол мезгилдеги азиялык салттуу ой туюмдун чегинен чыккан чыгармаларынын жаралышынын себебин, башка өлкөлөрдүн мыйзамдарын таануу жана алардын эң мыктыларын өз жеринин байыркы маданиятынын жемиштери менен байланыштыруу максатында жазышкандыгын баса белгилеп кеткен.[2]

Ошондуктан, Түркстан аймагын жердеген калк совет бийлигине чейин туташ сабатсыз болгон деген маалыматтар негизсиз десек болот. К.Е.Бендриков “Очерки истории народного образования в Туркестане” аттуу эмгегинде, VIII кылымдын аяк ченинде Орто Азия элдеринин өкүлдөрү араб илими деп аталган, б.а. математика, астрономия, минерология, медицина, география ж.б. илимдердин жаралышына жана өнүгүшүнө түздөн түз катышкандыгын, ошол эле мезгилде айрыкча IХ кылымдын биринчи жарымында араб тилине байыркы грек, санскрит ж.б. байыркы адабий тилдерден илимий чыгармалардын которулгандыгын, натыйжада, байыркы грек жана байыркы индия математикасы, медицинасы менен Хорезм, Согдиана, Бактриянын байыркы жетишкендиктери бир агымга кошулгандыгын, муну менен бирге араб тилинде жазган, илимде дүйнөлүк мааниге ээ болгон илимпоздор, Орто Азия элдеринин өкүлдөрү – дарыгер Ибн-Сина (980-1037) (Европада Авиценна деген ат менен белгилүү), Бухарадан чыккан математик аль-Хорезми (IХ к.), улуу энциклопедиячы-окумуштуу Бируни (973-1048), астроном аль-Фараби ж.б. жөнүндө кеңири кеп козгогон.

Жогоруда аталган илимпоздор окутуучулар да болушкан. Алардын эмгектери окуу куралдары катары да кеңири пайдаланылган, мисалга алсак, Ибн-Синанын латын тилине которулган медицина боюнча эмгегин бир нече кылымдар бою Европа дарыгерлери окуу куралы катары пайдаланышкан. Ал эми аль-Хорезминин математика боюнча эмгеги алгебра илиминин түптөлүшүнө таасирин тийгизген. Орто Азияда болжол менен Х кылымда медреселердин пайда болгондугу жөнүндө В.В.Бартольд “Фараджек медресеси 937-жылы Бухарада ачылгандыгы жөнүндөгү маалыматтар тарыхый булактарда кездешкенин” белгилейт. Медресенин баалуу колжазмалар топтолгон китепканасы болуп, мударристер дин боюнча лекцияларды окушкан. Анын пикири боюнча, бул медресе Жакынкы Чыгыштагы медреселердин эң байыркысы экендигин жана алар Орто Азияда пайда болгон соң гана – Иран, Ирак, Сирия, Кичи Азия, Египет жана андан ары тараган.[3]

Медреселер кийин Батыш Европада XII кылымда колледждер системасынын калыптануусуна өз таасирин тийгизген. Бара-бара мусулман өлкөлөрүндө медреселердин мааниси төмөндөп, XIХ–ХХ кылымдарда гана окутулган сабактар жана колдонулган ыкмалар жаңыртыла баштаган.[4]

XIII кылымдагы монголдордун чабуулу Орто Азиянын маданий турмушуна терс таасирин тийгизгендиги белгилүү. XVI к. Самарканд шаары Тамерландын империясынын борборуна айлангандан кийин бир топ жылыштар болгон. Тамерландын небереси Улугбектин тушунда (1409–1449) илим-билимге көнүл бурулуп, обсерватория, Бухара, Самарканд жана Гиждуван шаарларында медреселер курулган. Бухарадагы Улугбектин медресесинин кире беришинде: “Билимге умтулуу – ар бир мусулмандын милдети” деген накыл сөздөр чегилип түшүрүлгөн. Улугбектин өлүмүнөн кийин аймактын маданий турмушунда кайрадан кризис башталган. Ошол учурда Америка континентинин жана Индияга деңиз жолунун ачылышы Батыш Европа мамлекеттеринин маданий-экономикалык өнүгүүсүнө зор түрткү берген; Жер Ортолук деңиздин өлкөлөрүнө Ыраакы Чыгыш жана Индия менен байланыштыруучу башкы соода жолдорунун түштүк деңиздери аркылуу өтүшү, мурда дүйнөлүк кербен жолдорунда жайгашкан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикалык жактан начарлоосунун негизги себептеринин бири катары эсептелет.[5]

Орто Азияда мурдагы астрономия, ал турсун математика билими толугу менен кыймылсыз калган. Биз келген учурда, деп жазган В.Наливкин: “жергиликтүү окумуштуулар алгебра жана геометрия гана эмес, бөлчөктөрдүн теориясын да билишпейт экен; алар жөнөкөй сандардын гана төрт амалын билише тургандыгы белгилүү болду. Тарых, араб тили жана шарияттан башка илим-билимдин башка тармактары да ошондой эле абалда болгон”.[6]

Орто кылымдарда маданият Бухара жана Хивадан Волганын жээктерине өттү, XIХ кылымда болсо волга татарлары Россия аркылуу Европа маданияты менен таанышып, Түркстандагы диндештерине агартуучулар болуп калышкан.[7]

Буга карабастан, Орто Азияда илимий ишмердүүлүк толугу менен токтоп калган эмес. Илимий сабактар катары негизинен филология, тарых окутулуп, табигый илимдер дээрлик окутулган эмес. Араб тили мусулман мектептеринде негизги тил катары калган, араб алфавитин болсо перс, тажик жана бир катар түрк тилдеринде пайдаланышкан. Айрыкча, тажик жана өзбек тилдеринде XIХ кылымдын орто ченинде бир топ адабияттар араб графикасынын негизинде жазылган. Алардын бир катары исламды пропагандалоо багытында кызмат кылган. Иран жана Орто Азия мусулман мектептеринин тарыхында эки тенденция болгон: араб тилин монополия кылуу же ислам окуусунун негизин жергиликтүү элдин тилин пайдалануу менен жайылтуу. Биринчи тенденция боюнча Куранды араб тилинен башка тилдерге которууга катуу тыюу салынган, экинчи тенденциянын негизинде перс-тажик тилинде исламды жайылтуу максатында китептер жаралган (“Чоркитаб” – “Төрт китеп” – IХ к. Шарафутдин аль-Бухари тарабынан түзүлгөн, XII кылымдын аяк ченинде Фаридитдин Аттар тарабынан толукталган), эски өзбек тилинде (Ахмед Ясавинин жыйнактары – XII к., Суфи-Аллаярдын эки жыйнагы – XVII к.) жана эски түркмөн тилинде (“Равнак-уль-ислам” – “Ислам шамы” – 1464-жылы жазылган). Бул китептер мектеп-медреселерде окуу китептери болуп калган.[8]

Мектепте деп жазган В.Наливкин, сабатын жоюу менен катар эле мусулмандын негизги милдеттери, б.а. беш маал намаз окуу, даарат алуу, ошондой эле Кудай, исламдын мааниси, периштелер, тиги дүйнө ж.б. тууралуу алгачкы түшүнүктөр менен таанышкан. Жогорку мусулман мектеби болгон медреседе окуучулар араб тилин, мындан тышкары логика, догматика жана диалектиканы да окушкан.[9] Ошол мезгилде медреселер көбүнчө эшендер тарабынан негизделген, ал эми мектептерде мечиттеги имамдар сабак беришкен. Карыханаларда Куранды кырааты менен окуй тургандарды атайын даярдашкан. Бардык мусулман окуу жайлары вакфдын (вакф – мечит, мазар, медреселердин пайдасына кыймылсыз жана козголмо мүлк иретинде берилген садака) эсебинен камсыздалган. Орто Азияда вакфтык мүлк катары көбүнчө сугат жерлер эсептелген. Мындан тышкары, көбүнчө шаарларда соода жайлары, базар таразалары, тегирмендер, мончолор жана керээз менен диний максатта калтырылган акчалай каражаттар да болгон. Вакфтык керээз катары медреселерге баалуу кол жазмалар да берилген.

Мусулман дин кызматкерлери катары казы – шарият боюнча талаш-тартыштарды чечүүчү соттор; мударристер – медресе окутуучулары; дамулла – мектеп окутуучулары; имамдар – мечит кызматкерлери, молдолор – медресе окуучулары же мусулмандар тарабынан аздектелген нерселерге жакын тургандар, мисалга алсак, хаджи (ажы) – Меккеге ажылыкка барып келгендер, маддахи – эл тарабынын ыйык саналган адамдар жөнүндө хадистерди базар ж.б. эл топтолгон жерге айтып берүүчү адамдар эсептелген.[10]

Мусулман окуу жайларына же исламдын тиреги катары мектептер, далаиль-хана, карыхана жана медреселер кирген. Мектеп – билим берүүнүн төмөнкү баскычы катары эсептелген. Самарканд областында 1720 мектеп болуп, анда 15 029 балдар окуган. Алар коомчулук тарабынан мечиттин алдында, айрым бир учурларда медресе же карыханалардын алдында да ачылып, анда мечиттин азанчысы мугалим болгон. Ал баш тарткан учурларда башка сабаттуу адамды чакырышкан. Айрым учурларда шаарларда мектептерди жеке адамдар  өз үйлөрүндө ачышкан. Алардын көпчүлүгү акча табуу максатында ачышкан, бирок бул бир аз кооптуу да болгон.

Кыздар үчүн ачылган мектептер аз санда болуп, көпчүлүк учурларда алар мугалим аялдардын үйүндө окушкан. Мектептин окуучулары окуганды жана жазганды үйрөнүшкөн. Алгач араб алфавитинин тамгаларын үйрөнүп, андан кийин муунга бөлүп окуганга өтүшөт. Ушундан соң гана курандын бөлүгү болгон “хавтияк” окушат. Андан кийин “Чаркитаб”, Ходжа-Хафиз”, Суфи-Аллаяр”, Фузули ж.б. маанисин түшүнбөстөн эле окуп, жаттаганга киришет. Анткени бул китептер перс тилинде жазылгандыктан, мааниси түшүнүксүз болгон.[11]

Мектеп мугалими (дамулла) же мектепти өз каражатына ачкандар маянасын убагында албай калуу коркунучуна туш болушкан. Алардын эмгеги окуучулардын ар бейшемби сайын алып келүүчү белеги, эки мусулман майрамынын алдында алып келген тамак-аш, бир аз акча, чапан ж.б. менен чектелген.

Далаиль-ханаларда окуучулар араб тилиндеги айрыкча маанилүү эсептелген дубаларды жатташкан. Мындай мектептер Фергана жана Ташкентте гана бир аз санда болушкан. Кары-ханалар окуу жайы гана болбостон, азиздер жашоочу жай да болгон. Алар карыбашылардын жетекчилиги менен Куранды жатташкан жана өлгөндөргө, орозо учурунда ж.б. куран окушкан.[12]

Жогорку мусулман мектеби катары медресе эсептелген. Түркстан аймагынын медреселери хандар жана алардын жубайлары аркылуу негизделген. Ар бир медресенин сыртка чыккан бир эле эшиги бар, ички короосу бар төрт бурчтук имарат болгон. Төрт бурчтуу ички дубалына жанаша мечит орун алып, ал ханака деп аталган, дарсхана (аудитория) жана худжрасы (окуучулар жашаган кельи) болгон. Медреседе окуу процесси учурунда: мударристер – мугалимдер, имам, муэззин же азанчы, молдолор (окуучулар), фараш (дворник), сарторош (чачтарач-цирюльник) жашашкан.

Көпчүлүк учурларда медресенин бир бөлмөсү мутаваллийге (окуу имаратынын жана вакфтык мүлктүн ээси) берилген. Мындан тышкары, мечиттердин алдындагы медреселерде хатиб (жума күндөрү жана майрамдарда араб тилинде хутба (өзгөчө сүрөөлөрдү) жана мезгилдерге жараша куран окуп туруучу максура-хандар да болгон. Молдолор, б.а окуучулар медреселерде 3–5 жыл аралыгында араб тилин окуп үйрөнүшүп, шарият боюнча мусулман укугун жергиликтүү элдин тилинде окушкан. Муну менен катар эле перс тилин жана адабиятын да окушкан.

Үч жыл аралыгында 1890-жылдан 1-июндан 1893-жылдын 1-июнуна чейин Түркстан аймагындагы медреселеринин саны такталган. Андагы отчёт боюнча Самарканд областында 65 медресе болгон. Аларда 85 мударрис, 1854 молдо (окуучулар) болгон. Бул медреселердин вакфтык мүлктөрү 1895-жылы – 3528 теше жери, 254 дүкөнү, дүкөндөрдүн алдында жеке адамдар тарабынан курулган жайлар, 9 кербен сарай, алардын алдында 4 курулган жай, 6 тегирмени бар эле.[13]

Ири жер ээлери жер вакфын уюштуруу менен укум-тукумдарын көз салып, сактоочу катары керээзде белгилеп кетишкен. Айрым мал-мүлктүү соодагерлер өз каражатына медресе жана карыхана салышкан учурда эл аны ошол адамдын аты менен аташкан. Бул соодагерге биринчиден, калк арасында кадыр-баркка ээ болууга алып келсе, бир жагынан реклама катары кызмат өтөгөн.

XIX кылымдын орто ченинде Түркстанда вакфтык ээликтерге сугат жерлердин үчтөн бири таандык болсо, айрым жерлерде соода жайлары менен бирге эле базарлар да кирген. Фергана өрөөнүнүн чыгышында вакфтык жерлердин кирешесинин жарымынан көбүрөөгү медреселерге бөлүнсө, төрттөн бири – “ыйыктардын” укум-тукумдарына жана мазарларга, калган бөлүгү – ханакалар (сопулардын жатаканасы) жана карыханаларга, эң азы (бир пайыздан да аз) мектептерге жана майрамдык тамак-ашка, жакырлардын жакындарына куран окутууга же медреседе окугандар үчүн бөлүнгөн. Айрым вакфтык ээликтер бир гана максатка багытталбастан (мисалы, медресе же мазарларды камсыздоо), “аралаш вакфтар” катары жумшалган. Бардык вакфтардын 10% кирешеси вакф калтыруучулардын урпактарына – мутавалийлерге бөлүнгөн (бул маалыматтарды К.Е.Бендриков В.П.Наливкиндин “Положение вакуфного дела в Туркестанском крае до и последнего завоевания” (“Ежегодник Ферганской области”, т.З., Новый Маргелан, 1904) деген Өзбекстандын архивинде сакталган эмгегинен, “Материалы для статистического описания Ферганской области. Результаты поземельно-податных работ” (вып.1, Андижан. Уезд, сост. С.А.Гепенер, Новый Маргелан, 1897) ж.б. эмгектерден алгандыгын белгилеген).

Булардан медреселердин эң ири вакф ээлери болгондугун, мектептерге болсо аларга салыштырмалуу бир кыйла аз киреше бөлүнгөндүгү көрүнүп турат. Жогорудагы маалыматтардан төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарсак болот: Совет мезгилинде жана ага чейин деле, б.а. Орто Азия Россиянын курамына кошулганга чейин, окуу иштерине көңүл бөлүнгөн эмес деп, мектеп-медреселердин ролун канчалык төмөндөтүп көрсөткөндүгүнө карабастан, жергиликтүү бийлик, айрым мал-мүлктүү адамдар деле элдин сабатын жоюуга багытталган бир кыйла иштерди жүргүзгөндүгүнө күбө боло алабыз.

Буга мисал катары, кыпчак феодалы, Анжиян вилайетинин батыр-башы (аскер кошуунунун башчысы) Хотамкул Сузак кыштагына кызмат иштери боюнча тез-тез келип турган учурда, кыштак четиндеги пайдаланылбаган жерлерди арзан сатып, аны сузактыктардын күчү менен өздөштүрүп, кайрадан калкка чек катары (мезгил-мезгили менен общиналык жерди чек менен жергиликтүү элге таратып турушкан), хараж жана танапты медресенин пайдасына төлөп берүү жөнүндөгү шарт менен жер тилкемдерин бекер таратып бергендигин айтсак болот. Ал медресе Хотамкул тарабынан 1848-жылы курулгандыгын медресенин мутаваллийи молдо Низамуддин 1890-жылы берген көрсөтмөдө белгиленген. Мутаваллийдин айтканы боюнча, эл тарабынан төлөнгөн хараж менен танаптын эсебинен бул вакуфтук мекеме иштеген. Хотамхул датка Сузактан Базарбайдын кызына үйлөнгөн.[14]

Ушул сыяктуу дагы бир мисалды келтирсек: Алымбек датканын айылында ХIX кылымдын аяк ченинде 1146 тешедей жери бар 62 чарбасы болгон.[15] Алымбек датка да Ош шаарында медресе курганы белгилүү. Бул медресеге анын айылындагы дыйкандар 1877-жылы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жылына 437 рубль төлөп келишсе, 1884-жылы анын өлчөмү 1500 рублга чейин жеткен. Бул мезгилде мамлекеттик салык 3139 рубль болгон. Демек, мындай жерлер үчүн бир кыйла жеңилдиктер болгон.[16]

Анжиян вилайетинин Макиян жергесинин тургуну Перимкул да өздөштүрүлгөн жерди элге таратып берип, андан алынган кирешени бир тууганы Мухаммедкулдун медресесине жумшаган. Мухаммедкул аны медресенин мутаваллийлерине берген.[17]

Диний башталгыч билим берүүчү мектептер шаарларда гана эмес, айыл-кыштактарда да болгон. Көпчүлүк учурларда мектептер мечиттерде ачылып, имам же азанчылар окутушкан, алар окутуу иштеринен баш тартса, башка тараптан чакыртышкан. Сабаттуу адамдар көбүрөөк жашаган шаарларда адис-окутуучу – мактабдор өз демилгелери менен жеке мектептерди, айрым учурларда бай адамдардын өздөрүнүн жана жакын туугандарынын же коңшуларынын балдары үчүн тажрыйбалуу мактабдорду окутуучу катары чакырып, мектеп ачкандыгы да белгилүү. Көчмөндөрдө болсо мектептер негизинен жазында жана жай айларынын баш ченинде ачылган; аларда негизинен эс алууга (каникул) тарашып, каражат табууга аракет кылышкан медреселердин тарбиялануучулары окутушкан. Шаардык мектептерде 20–30дан ашык окуучулар окушса, айыл-кыштактарда 10–15 адамга жетпеген адам болгон.

XIX кылымдын 90-жылдарында Түркстан аймагында жаңы усулдагы мектептердин пайда болушуна бир кыйла жагымдуу шарттар болгон. Алар таптакыр эле жок жерден пайда болбостон, көпчүлүгү мурдагы мектеп-медреселердин негизинде ачылып, тез арада эле алардын саны көбөйө баштаган. Мектептердин уюштуруучулары жана окутуучулары катары жаңыдан калыптанып келе жаткан буржуазия жана интеллигенция өкүлдөрү эсептелген. 1905-жылдагы революцияга чейин чындыгында агартуу системасынан тышкары, кандайдыр бир уюмдашкан түзүм дагы болбогондугу белгилүү. Ошондуктан бул система интеллектуалдык жаңылануунун негизи болуп калган.

Борбордук Россия, Крым жана Волга боюндагы татарлар, башкырлар Орто Азия элдеринин саясий жана маданий өнүгүүсүнө узак убакыт бою таасирин тийгизип турган. “Тержиман”, “Вакт” гезиттери, “Молдо Насреддин” сатиралык журналы ж.б. Борбордук Азия элдеринде прогрессивдүү жана улуттук-боштондук идеяларынын жаралышына жана өнүгүүсүнө шарт түзгөн. Орто Азияда алдыңкы күчтөрдү бириктирген  араб тилинен кирген “жадид” – жаңы, “кадыми” – эски деген аталыштар да татар элинен кирген. Бухара, Ташкент, Фергана жана Самаркандда алгач бир нече маданий-агартуу коому катары пайда болгон эркин ой жүгүрткөн жана прогрессивдүү адамдардын тобу тарабынан уюшулган коомдор бара-бара жадиддик уюмдарга айланган.

Бул коомдор алгач ошол мезгилдеги мектептерди реформалоону үгүттөп чыгышса, кийинчерээк ал кыймыл администрациялык да реформаларды жүргүзүүнү талап кылган саясий уюмдарга айланган.[18]

Ошентип, жадидчилик кыймылы алгач XIX кылымдын аяк ченинде коомдук-саясий жана идеологиялык көрүнүш катары өкүм сүрүп, чектелген мүнөздө, б.а конфессиялык билим берүү системасында иш-аракеттерин жүргүзгөн. ХХ кылымдын башынан тартып, бул чектен чыгып, коомду толугу менен өзгөртүү багытында иш алып бара баштаган.

Ошол мезгилдеги мечит-медреселердин саны тууралуу маалыматтарды көбүнчө биз орус бийлигине тиешелүү булактар аркылуу гана кабардар боло алабыз. Алар үчүн мектептерге караганда медреселердин санын алуу бир кыйла жеңил болгон, анткени медреселердин имараты жанындагы башка курулмаларга караганда көрктүү жана көрүнүктүү болгон.

19-кылымдын аягында аймактагы мусулман мектептеринин инспектору кызматын аткарган В.П.Наливкин Сыр-Дарыя (1891/92-окуу жылында), Фергана (1891-92) жана Самарканд (1892/93) областтарында жайгашкан медреселерди өзү тактап чыгып, аталган үч областта Россия аймагына кошулганга чейин негизделген 189 медресени каттап чыккан, а.и. Фергана областында – 118, Самаркандда – 50, Сыр-Дарыя областында – 21 медресе бар экендигин көрсөткөн.[19]

К.Е.Бендриковдун пикири боюнча, бул областтарда Россия курамына кошулганга чейин медреселер саны 200дөн кем болгон эмес. Анткени Кауфман (Түркстан генерал-губернатору) жана Наливкиндин отчётторунан падышачылык администрация медреселерге (Самарканд, 1868) аскерлерин жайгаштырган учурлар болгондугун, ошондой эле эски имараттардын талкалангандыганан кабар алабыз. Уезддик начальниктердин отчётторунда Наливкиндикинде көрсөтүлбөгөн айрым кыштактардагы медреселер жөнүндө да айтылган.[20] Түркстан аймагынын Кокон (34), Маргелан (25), Самаркан (22), Анжиян (18), Наманган (14), Ташкент (14), Хожент (10) шаарларында медреселер көп жайгашкан. Шаарлардан тышкары, төмөндөгүдөй эл жашаган калктуу пунктарда да болгон: Фергана областы боюнча (Анжиян уезди): Кара-Суу (1862-ж. пайда болгон), Карачунас, Кокон-Кыштак (1865), Сузак (1860), Ташкичик, Өзгөн, Хайрабад (1841), Чуама, ошондой эле Бадран же Бутакара; Кокон уездинде – Исфара, Кашгар, Кенегез, Миршабэддин, Яккатут, ошонжой эле Араван, Ассаке, Үч-Коргон, Чимион, Шарихан; Наманган уездинде – Касан, Туура-Коргон, Чуст, Шахаид, Янги-Курган; Ош уезди боюнча – Ош шаары (5 медресе), Булакбашы (1859) жана Ходжаабад (1879).

Самаркан областы – Гулакандоз (1877), Дагбит (1742), Жизак, Заамин, Исфана (1855), Катта-Курган уездиндеги Пейшамба (1791), Пенджикент (1852 жана 1877), Ходжент уездиндеги Уинджи, Ура-Төбө  (6 медресе) жана Ургут.

Сыр-Дарыя областы – Аблык (1848), Бука (1860 жана 1863), Зангиата (3 медресе, 1835-1850), Чымкент уездиндеги Карнак (1875), Ташкент уездиндеги Культепе (1840), Пскент, Түркстан шаары (1821 жана 1875), Чиназ (1874 жана 1878).[21]

Татар элинин улуу агартуучусу, реформатор И.Гаспринскийдин мусулман билим берүү системасын модернизациялоо идеясын Түркстанда – Мунаввар Кари Абдурашидханов, Иманходжа Ханходжаев, Сабиржан Рахимов, Ишеналы Арабаев, Ибрайым Абдрахманов, Ахмет Байтурсынов, Миржакып Дулатов, Абдулло Авлоний кызуу колдошуп, бул маселе боюнча падыша бийлигине 500дөй кат жазылган.[22]

1900-жылы окумуштуу, журналист жана педагог Мунаввар Кари Абдурашидханов жаңы усулдагы биринчи өзбек мектебин ачып, өзү сабак берген. Ал мектеп жергиликтүү элдин ичинде кадыр-баркка ээ болуп, бүткүл Түркстан аймагында мектептер ачыла баштаган. Алсак, 1903-жылы М.Бехбуди Самарканд шаарынын жанында Жанбай деген жерде мектеп ачып, анда Бехбуди менен бирге Ходжа Муин жана Абдулкадир Шакури окутуучу болуп иштешкен.

1909-жылы Түркстан генерал-губернаторунун Россия эл агартуу министрлигине жазган катында Түркстан өлкөсүндөгү беш областта 6000дей мектеп жана 400дөн ашык медреселер бар экендигин билдирген.[23] Ушул мезгилде Пишпек уездинде 14 мектеп, Пржевальск уездинде 11 мектеп, ал эми Кыргызстандын түштүгүндө 169 мектеп болгон. 1914-жылы Ош уездинде 1178 окуучусу бар 88 медресе, ошонун ичинде Ош шаарында 200 окуучусу бар 5 медресе, анда окугандар негизинен шаарда отурукташк өзбек балдары эле.[24] Айта кетчү нерсе, булардын баары эле жаңы усулдагы мектептер болгон эмес.

Алардын ичинде, 1917-жылдын баш чениндеги маалыматтары боюнча, Түркстанда жүзгө жакын жаңы усулдагы мектептер болгондугу жана аларда 4000дей балдар окугандыгы белгилүү.[25] Бул мектептерден А.Байтурсынов, А.Букейханов, М.Дулатов, Хамза, Айбек, И.Арабаев, И.Абдрахманов, М.Чокай сыяктуу коомдук ишмерлер, жазуучулар билим алып чыгышкан. Жадидчилик кыймылынын өкүлдөрү, агартуучулар – И.Арабаев, М.К.Абдурашидханов, М.Бехбуди жаңы усулдагы мектептердин окуу программасын стандартташтырганга аракет жасашкан.

Тездик менен көбөйүп жаткан жаңы усулдагы мектептер колониялык бийликти кооптондуруп, бийлик аларга каршы иш чараларды жүргүзө башташкан. Мисалга алсак, Түркстан генерал-губернатору 1912-жылы 25-январда Түркстан чөлкөмүнүн элдик окуу жайларынын директоруна төмөндөгүдөй маанидеги жобону жиберген: “Жаңы усулдагы мектептерди көзөмөлгө алып, аларды элге билим берүү министрлигинин уруксаты аркылуу ачылышына жалпы орус мамлекетинин билим берүү милдети катары төмөндөгү негизги милдеттерди сактоону сунуш кыламын:

1. Элдик окуу жайлардын инспекциясы тарабынан бекитилип, жалпы билим берүүчү предметтер менен чогуу окулсун;

2. Ачылган мектептердин мугалимдери менен окуучулары көзөмөлгө алынсын;

3. Шаарларда, айыл-кыштактарда ачылганына карабастан, окуу жалпы мамлекеттик орус тилинде жүргүзүлсүн;

4. Ачылган мектептердеги окуу курсунун программасы менен окуу китептеринин тизмелерин көрсөтүү талап кылынсын;

5. Менин бул жобом жарык көргөн күндөн баштап күчүнө кирет жана жаңы усулдагы мектептер ишин бул жобого ылайык жүргүзүүсү зарыл.[26]

Жадидчи агартуучу Абдулла Авлони 1905-жылы Ташкентте “Адабиет”, “Биринчи муаллим”, “Экинчи муаллим” деген окуу куралдарын чыгарган.[27] Алар эл арасында кеңири белгилүү болуп, 1917-жылга чейин 4–5 жолу кайрадан басылган. Бул китептердин автору оозеки сүйлөөнүн, окуган учурда кыраатын келтирип үйрөтүүгө көнүл бурган. “Адабиёт ехуд миллий шерлар” (Адабият жана улуттук саясат”) кырааты менен окууга үйрөткөн.[28]

Мындай иш чаралардан кыргыздар да куру калбагандыгы кубандырат. Элибиздин көрүнүктүү агартуучусу, келечектеги коомдук жана мамлекеттик ишмер И.Арабаев да (1882-жылы Кочкор болуштугунун Күнбатыш айылында туулган. 1933-жылы Ташкентте түрмөдө каза болгон) 1911-жылы Молдо Кылыч Шамыркановдун “Кысса-и зилзаласына” алгы сөз жазып, Казань шаарынан чыгарган. Кыргыз, казак балдарына арнап “Алиппе жаки төтө окуу” аттуу тунгуч окуу китебин К.Сарсекеев экөө жазып, Уфадагы “Шарк” басмасынан бастырган (1911). 1912-жылы “Жазуу өрнөктөрү” (таза жазуунун үлгүлөрү) аттуу китепти Оренбургдан чыгарган. Ошол эле жылы “Оренбургдан Ташкенге келе жатып эскерүү” аттуу жол очерки “Айкап” журналынын №1 санына басылган. Уфадан келгенден кийин Ысыккөл, Нарын аймактарында бала окутуп, мектептерди ачкан.[29]

Көрүнүктүү жадидчи, агартуучу Мунаввар Кари Абдурашидханов да жадид мектептери үчүн светтик жана диний багытта “Ер-юзи” (“Жер жүзү”) жана “Таджвид а” (Куранды туура окуу максатында суроо-жооп иретинде түзүлгөн) окуу куралдарын даярдаган.[30] Булардан тышкары, М.Абдурашидханов 1912-жылы “Хаваиджи диния” (намаз окуу жана даарат алуу тартибин үйрөнүү), “Тарихи анбие” (Мусулманчылыктын башаты. Мухаммеддин өмүр жолу жана өлүмү), “Тарихи исламия” (“Ислам жана аны таратуучулардын тарыхы”) ж.б. китептерди чыгарган.[31]

Махмудходжа Бехбуди (1875–1919) “Алифбо мактаби исломия” (“Ислам мектебинин алиппеси”), “Махдали жуграфия умрони” (“Россия кыскача географиясы”), “Китаб уль атфоль”, “Амалиати исломия” (“Ислам эрежелеринин негизи”), “Мухтахаби жуграфия умуми” (“Жалпы географиянын тандалмалары”) окуу куралдарын, Түркстан, Бухара, Хиванын карталарын даярдап, бастырып чыгарган.[32] М.Бехбуди өз эмгектеринде Мухаммед пайгамбардын хадистерине түшүндүрмө берүү менен, Курандын көпчүлүк бөлүгү тарыхый маалыматтардан турарын жана аларды толугу менен мусулмандарга түшүндүрүү максатында динчилердин, молдо-эшендердин жаңы муунун тарбиялоо керектигин көрсөткөн. М.Бехбудинин ишмердүүлүгүнө ошол мезгилдеги Бухарадагы жадидчилер уюмунун жигердүү өкүлдөрүнүн бири Файзулла Ходжаев: “ага бир дагы түркестандык жадидчилердин ичинен саясий, коомдук ишмердүүлүгүнө жана билиминин тереңдигине тең келер адам жок”, деп өтө жогору баа берген. Ошол эле эмгекте анын бир нече революциялык мүнөздөгү пьесалардын автору, “Ойна” журналын чыгаргандыгы жана анын редактору, өзбектердин ичинен чыккан белгилүү коомдук ишмер экендигин жана 1917-жылы Карши шаарында эмир тарабынан дарга асылгандыгы жөнүндө жазган.[33] Анын эмгегинен жадидчилердин ишмердүүлүгү тууралуу көп маалыматтарды алсак болот.

Казак элинин агартуучусу, акыны, коомдук ишмер Ахмет Байтурсынов (1873–1938), Мыржакып Дулатов (1885–1935), Магжан Жумабаев (1893–1938) ж.б. жаңы усулдагы мектептерди ачышып, ошол мезгилдеги агартуучулар сыяктуу эле иштерди жүргүзүшкөн. А.Байтурсынов 1912-жылы “Окуу куралы” деген китебин чыгарган, ал кийин (1912–1925-жылдар аралыгында) жети жолу кайрадан басылгандыгы анын баалуулугунан кабар берет.

Совет бийлиги орногондон кийин деле кыргыз мектептеринде А.Байтурсуновдун “Тил курал” (казак тилинде), М.Дулатовдун арифметика боюнча окуу китеби, Б.Курбангалиевдин “Хисаб масалелери” (арифметика боюнча башталгыч класстар үчүн окуу китеби), Г.Ибрагимовдун “Рахбар субаян” (окуу китеби) пайдаланылган.[34]

Миржакып Дулатов улуттук аң-сезимдин ойгонушуна таасирин тийгизген элди караңгылыктан чыгууга чакырган макалаларды жазган. Алардын бири 1907-жылы “Серке” гезитинин биринчи номерине жарыяланган “Жаштарга”, экинчи номерине “Биздин милдеттер” деген макалаларында казак жаштарын айылдардагы түркөйлүктү жоюуга үндөп, падышачылыктын чет жакалардагы жүргүзгөн туура эмес саясатын ашкерелеген. Ал 1902-жылдан тартып агартуу тармагында иш жүргүзө баштаган. 1911-жылы анын “Кирагат”, 1914-жылы “Есеп курал” аттуу окуу куралдары жарык көрүп, Жети-Суу жана Сыр-Дарыя аймактарында колдонулган.

Жадидчиликти колдогон мусулман медреселеринин бүтүрүүчүлөрү, молдо, ишан, мугалимдер Түркстандын социалдык-экономикалык, коомдук-саясий турмушун өзгөртүүгө аракет жасашкан. Алар аймактын өткөндөгү тарыхына кайрылышып, элдин турмушуна жаңы өзгөрүштөрдү киргизүүгө багытталган пикирлерди жаратышкан. Алсак, Юширавон Ювашев “Түркстан тарыхы” деген макаласында ата мекен тарыхын билбегендиктен, эл улуттук идеяларга кызмат көрсөтүүнү каалашпайт, ошондуктан медресе-мектептерде аймактын тарыхын окутуу зарылчылыгын көрсөткөн.[35] 

Мындай демилге жалпы эле алдыңкы, прогрессивдүү ой жүгүрткөн адамдар тарабынан колдоого алынган. Бүгүнкү күндө илимий чөйрөдө кыргыздын алгачкы тарыхчысы катары таанылган Осмонаалы Сыдыков (1875–1940) 1913-жылы Уфа шаарында “Мухтасар тарых Кыргызия” (“Кыскача кыргыз тарыхы”), кийинки жылы ушул эле эмгек “Тарых кыргыз Шадмания” деген ат менен жарык көргөн. Бул эмгекте кыргыз элинин байыркы мезгилден ХХ кылымдын башына чейинки мезгилдеги уруулук түзүлүшү, ошондой эле казак жана дунган элдеринин да санжырасы тууралуу баяндалат.

Деги эле ошол мезгилде Түркстандагы интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрү элди илим-билим алууга үндөгөндүгүнө күбө болобуз. Алсак, Пруссия педагогикалык университетинин студенти З.Х.Худоятов дүйнөлүк цивилизацияда “Батыш Чыгыштан таалим алган” убакыт болгондугун белгилеп, ошондуктан бардык түркстандыктар өз тилине жана маданиятына аяр мамиле кылуусу керек, деп жазган.[36]

Казакстан аймагында чыгып турган, Жети-Суу калкына кеңири белгилүү “Айкап” журналына жарыяланган каттардын бириндеги: “Биз казак баласына бир-биринин ал-акыбалын билип турууга, башка калктардын да аңгемелерин угуп, алардан үлгү алууга, кыскасы казак калкын агартып, наадандыктан чыгарууга эң керектүү нерсе – газет-журнал деп эсептейбиз. “Айкап” журналы жогорудагы үмүттөрүбүзгө жеткизер деп кубануудабыз”[37] деген Нуралдин Малагазиндин саптары ошол учурда жарык көргөн ар бир басма сөз каражаты эл көңүлүн өзүнө буруп, эл агартууга жардамы тиеби деген ишенимди жараткандыгын көрсөтүп турат. Окурмандарды негизинен билим алуу, өнөр, мектеп-медреселерди ачуу иштери кызыктырган. Бул багытта ошол эле макаланын авторунун “мен азыр мектеп, медресе салдырып, диний дүйнөбүзгө пайдасы тийген азаматтарды санап, урматтайм. А бизде ушундай кылсакпы деген талапты койгон эр-азаматтар чыгар бекен?! деп жазып, андан ары ошол сыяктуу мектеп-медреселерди санайт:

1) Оралда (Урал) Абдилла Азирет Душпанов мурунку эскиче окутулуп келе жаткан медресеге бир-эки жылдан бери төтө окуу киргизип, окута баштады. Окутуучусу тартиптүү, ар нерседен кабары бар казак жигит. Он бештей шакирти бар. Анын алма бакчасы, чоң мечити бар.

2) Темир Молдогазы азирети Халмухамедов өз эмгеги, кол күчү менен салдырган бири бышкан, бири чийки кыштан курган эки медресеси, сегиз миң сомдой каражатка таштан салдырган мечити, бакчасы бар. Окутуунун аталышы мында жаңы болгону менен эскиге жакын 3 мугалими бар, ар жылы жүздөн ашык шакирт окуп билим алат. Бул азирет дүйнө көргөн адам болгондуктан, тез эле төтө окуу киргизип, заманага ылайык окута баштаса керек.

3) Жети-Сууда Шабдан баатыр Жантаев деген кыргыздын төрөсү (өздөрүнчө манабы) он беш миң сомдой каражатка мечит салдырды. Исамидин деген улуу баласы өзүнүн бир нече миң сомдук үйүн медресеге арнады. Бир миң сомго эки мугалим алдырып, төтө окуу менен эки жүздөй бала окутулууда.

4) Кыргыздын төрөлөрүнөн Канат ажы 4–5 миң сомдой каражатка медресе салдырып, алты жүз вазипа менен бир мугалим алдырып, төтө окуу менен жүзгө жакын бала окуттурду. Өз улусунан беш баланы Уфадагы медресе Галияга жиберди, бирок бул жылы кыргыздардын мугалимдери бара албай калышты. Кыргыздарга не болду? Эмгеги күчтүү эрлер дейт. Элинде болсо жагылган чыракты өчүрүп, көгөргөн агашты салдырып (?), мугалимдерди бага албай калды дегизбес, өздөрүн журтка күлкүгө калтырбас деп ойлоймун).

5) Капал уездиндеги Мамановдордун медресеси. Бул тууралуу билгеним аз болсо да, дөөлөттүү журт ээлери, азаматтар бар деп эскерттим. Баштаган иштерин аякташар деп ойлоймун[38] деп жазат.

Бул маалыматтар ошол мезгилдеги казак-кыргыз элинде ачылган жаңы усулдагы мектептер жөнүндө кабар берет. Автор жаңы усулдагы окуу процесси менен жакшы тааныштыгын, анын мектептерди сыпаттагандыгынан көрүнүп турат. Экинчиден, кыргыз калкында ачылган мектеп-медреселердин кадыр-баркы да кыйла жерге кеткендигин көрсөтүүдө.

XIX кылымдын аяк чени – ХХ кылымдын башында Орто Азиядан Казань, Оренбург, Уфа шаарларындагы жаңы усулдагы татар мектеп-медреселерине билим алууга келген жаштардын саны өсө баштаган. Алардын ичинде Уфадагы “Галия” медресесин көптөгөн кыргыздын билимдүү адамдары аяктаган. Алсак, Мамбеталы[39], Надыркул Абиров, Токтоналы Чынгышев, Исхак Канатов[40], И.Арабаев, О.Сыдыков, К.Шабданов ж.б.[41]

“Галия” медресеси Россия мусулман окуу жайларынын алдыңкыларынын бири катары эсептелген. Медресенин тарбиялануучулары “Парлак”, “Анг” жана “Без” (татар-башкыр жердешчилиги), “Садак” (казак-кыргыз жердешчилиги) аттуу гезит-журналдарды чыгарышкан, адабий-музыкалык кечелерди өткөрүшкөн.[42]

Кыргыз-казак жаштары өз эне тилинде китептерди бастырып, котормолор менен алектене башташкан. Ишенаалы Арабаев, Х.Сарсекеев тарабынан даярдалган “Алипбээ жаки төтө окуу” (1911) деген окуу китеби тууралуу анын чогуу окуган жолдошторунун бири – Сайфи Кудаш: “кыргыз жигити Ишенаалы Арабаев 1911-жылы “Галияда” окуп жүргөн мезгилде биринчи кыргыз алиппесин түзүп, Уфа шаарынын “Чыгыш” басмаканасынан чыгарган”, деп жазган.[43] Белгилей кетчү нерсе, бул жерде Ишенаалы Арабаев жөнүндө гана сөз болуп жатат, ал эми казак окумуштуулары Х.Сарсекеев деген агартуучу жөнүндө маалыматтар кездешпегендигин айтышат. Биздин пикирибизде, Х.Сарсекеев балким, китептин чыгарылышына көмөк көрсөткөн, бүгүнкү күндүн түшүнүгү боюнча, балким “демөөрчүсү” болгон деген ойдобуз.

Жыйынтыгында, ХIX кылымдын аяк ченинде Түркстанда жаңы усулдагы мектептер пайда боло баштагандыгын, 1905-жылдан кийин алардын саны бир кыйла көбөйгөндүгүн баамдай алабыз жана аймактагы агартуучулар М.Бехбуди, А.Авлони, М.Дулатов, А.Байтурсунов, И.Арабаев ж.б. активдүүлүгү артып, алардын таасири менен жадиддик мектептер ачылып, эне тилиндеги алгачкы окуу китептери пайда болгон.

Борбордук Россия, Крым жана Волга боюнчдагы татар, башкыр интеллигенциясы менен Орто Азия элдеринде тыгыз байланыш түзүлүп, алар аймактын саясий жана маданий өнүгүүсүнө узак убакыт бою таасирин тийгизип турган. “Тержиман”, “Вакт” гезиттери, “Молдо Насреддин” сатиралык журналы ж.б. Борбордук Азия элдеринин прогрессивдүү жана улуттук-боштондук идеяларынын жаралышына жана өнүгүүсүнө шарт түзгөн.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

[1] Абдуллин Я.Г. Көрсөтүлгөн эмгек. – 36-бет.

[2] Алимова Д.А. Аталган эмгек. Ташкент: Узбекистон, 2000. – 12-бет.

[3] Бартольд В.В. Туркестан в эпоху монгольского нашествия. Ч.2. – Сп.б., 1900. – С.105.

[4] Ислам. Энциклопедический словарь. – М.: Наука, 1991. – С. 150.

[5] Бендриков К.Е. Очерки по истории народного образования в Туркестане (1865-1924 годы). – М., 1960. – С.19. 

[6] Наливкин В. Туземцы раньше и теперь. – Ташкент: Электрич.типо-лит. “Турк. Т-ва Печатного Дела”, 1913. – С. 31.

[7] Бартольд в.В. Культура мусульманства. – Петроград:Изда-во “Огни”, 1918. – С.108.

[8] Бендриков К.Е. Көрсөтүлгөн эмгек.

[9] Наливкин В. Туземцы раньше и теперь. Ташкент: электрич.типо-лит. «Турк. Т-во Печатного дома», 1913. – С.31-32.

[10] Материалы по мусульманству. Вып.1.- Ташкент, Типография штаба Туркест. Военного округа, 1898. – С.6.

[11] Материалы по мус. –Вып.1.- Ташкент, Типография штаба Туркест. Военного округа, 1898. – С.41.

[12] Материалы по мусульманству. Вып.1.- Ташкент, Типография штаба Туркест. Военного округа, 1898. – С.43..

[13] Материалы по мусульманству. Вып.1.- Ташкент, Типография штаба Туркест. Военного округа, 1898. – С.47.

[14] Өзбек Респ.БМА, ф.19, оп.1, д.34194, л.8-9. В.М.Плоских. К вопросу о чековой форме землепользования в Киргизии. Китепте: Из истории дореволюционного Киргизстана. – Фрунзе, 1985. – 119-б.

[15] Материалы для статистического описания Ферганской области. Результаты поземельно-податных работ., вып. 1. – Н.-Маргелан, 1897, приложение 1, с. 18-19.

[16] Ошол эле жерде. Китепте: Из истории.... – С.123.

[17] Өзбек Респ.БМА, ф.19, оп.1, д.34979, л.25-26. В.М.Плоских. К вопросу о чековой форме землепользования в Киргизии. Китепте: Из истории дореволюционного Киргизстана. – Фрунзе, 1985. – 119-б.

[18] Ходжаев Ф.К истории революции в Бухаре. – Ташкент: госиздат Уз ССР, 1932. – С.9-10.

[19] Бендриков К.Е. Көрсөтүлгөн эмгек. – 50-б.

[20] Ошол эле эмгекте. – 50-б.

[21] Наливкиндин жана башка маалыматтардан алып даярдалган. Кара: Бендриков К.Е. Көрсөтүлгөн эмгек. – 15-б.

[22] ЦГА РУз. Ф.И-1.оп.4. д. 1336.л.31. – докт.дисс.Аунасова А. – Шымкент, 2002. – С.71.

[23] Завчаров Р.Н. Түркстан өлкөсүнүн эл агартуу тарыхынан. “Совет мактабы” журналы, №3. 1973. – 74-б.

[24] Измайлов А.Е. Кыргызстандагы советтик мектептердин тарыхы. – Фрунзе, 1961. – 9-б.

[25] ЦГА РУз.ф.ф.и-47. Оп.1.д.955.л.230. См.Аунасова ....с.- 72.

[26] ЦГА РУз. Ф.и-47, оп.1, д.1149, л.10. кара: м.Султанова.... – 96-б.

[27] Долимов У. Абдулло Авлоний ва мактаб. Жадидчилик харакати ва жадид адабиёти (давра сухбари)//Узбек тили ва адаибиёти журнали. 1990. - №4. – 23-25-б.

[28] Долимов У. Аталган эмгек. – 25-26-б.

[29] Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003. – 114-б.

[30] ЦГА РУз. Ф.и-47. Оп.1. д. 1148. Л.148. караңыз  Аунасова. С.73.

[31] ЦГА РУз. Ф.и-47. Оп.1. д. 1148. Л.138. караңыз  Аунасова. С.73.

[32] Самарканд. -1913. - №31-36, 38. июль-сентябрь. №41-45. – сентябрь.

[33] Ходжаев Ф. К истории революции в Бухаре. – Ташкент: Госиздат Уз. ССР, 1932. –С.10.

[34] Измайлов А.Э. Очерки по истории Советской школы в Киргизии за 40 лет (1917-1957 гг.). – Фрунзе:Киргосуч.-педиздат, 1957. – 98-б.

[35] Ювашев Ю. Туркистон тарихи//Сада-и-Туркестан. – 1914. - №17. 10-июнь.

[36] Хидоятов А. Пруссиядан мактуб (Письмо из Пруссии// Сада-и-Туркестан. №14. -30 мая.1914. караңыз: АунасоваА.М. ...докт.дисс.- С.76.

[37] “Айкап”. Түзүүчүлөр: У.Субханбердина, С.Даутов. Алматы, 1995. – 52-б.

[38] “Айкап”. Түзүүчүлөр: У.Субханбердина, С.Даутов. Алматы, 1995. – 53-б.

[39] Музипов Г. Мой учитель// Мугалимдер газетасы. 1980. 25-июль.

[40] Чукубаев А. Классовая борьба и общественная мысль Киргизии (1900-1917). – Фрунзе: Кыргызстан, 1967.- С.67.

[41] Богданова М. Киргизские акыны ХХ и начала ХХ веков//Киргизстан. Литературно-художественный альманах. - Фрунзе: Киргосиздат, 1946. – С.150.

[42] Какишев Т. Поступ. – Алма-Ата: жазушы, 1988. –С.287; Ошонуку эле Садак. Эссе. –Алматы: Жалын, 1986. – С.61-62. Караңыз, Мамытов С.А. Кыргызско-татарские литературные связи второй половины Х!Х – начало ХХ веков. – Бишкек, 1999. – С.71.

[43] Кудаш С. Яшълек эзлэре буйлап. – Казан: Таткитнешр, 1964. – С. 72.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз