(адабий талдоо)
Адабият тарыхына көз чаптырганда, немистин көрүнүктүү философу, адабий сынчысы жана филологу Ф.В.Ницшенин философиялык эмгектеринде адабий агымдар: модернизм, постмодернизм, символизм, натурализм, акмеизм жана башка агымдардын ар бирин кылдат талдап, эмне жаңылык киргизди, бирин экинчиси жериген, танган, ич ара кармашкан агымдар адабий процесске кандай салым кошту, салмагы кандайча аныкталды, негиздөөчүлөрдүн утугу кайсыл болду, ич ара байланыштары, алардын адабияттын өсүп-өнүгүшүндөгү ордуна жана маанисине терең токтолгону баарыбызга маалым.
Немис философу агымдардын пайда болушунун себептери кайсылар, алардын таасиринен жеке стилдин пайда болушу жана өзүн таанытышы, чеберчилик манерасы, адабияттын багытын жана милдетин жаңы багытка буруудагы агымдардын ролун терең талдап берген. Мына ушунун бир мисалына модернизм агымында жазылган америкалык улуу акын У.Уитмендин “Жалбырактар” ырлар жыйнагын С.Эралиев кыргыз тилине эң сонун которгон. Жыйнактагы “Бүркүттөрдүн сүйүшүп лазат алышы” деген ырын окуп көрөлү
Суунун кашат жагында, жолдун бир жак чети менен келемин,
менин таңкы эс алуум, сейилим,
Ал аңгыча асманда, менин жогору жагымда;
бүркүттөрдүн кумарлана шаңшышы.
Кең мейкинде, кубалашкан лазаттары сүйүүнүн,
бир-бирине чиркелип, бир-бирине айкалышкан тырмактар, жин тийгендей,
чарк айланып жаткан жандуу дөңгөлөк.
Чапкылашкан төрт канат, эки тумшук кажашкан,
бекем-бекем кысышып,
бир массага айланып, ал экөөнүн айлан көчөк атышы.
Тоңкучуктоо, боюн таштап, түркүм түйүн жасоолор,
же жазгырып, качып тип-тик кулоолор,
Эки дене – айланып бир денеге, нес болгондой далдырап,
суу үстүндө туруп калды асылып,
Алар деле кыймылсыз тең салмакта, алсырашкан тырмактар,
Анан барып ажыраша башташат.
Жай шилтешип канаттарын кубаттуу,
жөнөп бара жатышат, көктү кыйгап зымырап,
Ургаачысы өзүнчө, эркеги да жолу менен өзүнчө.
Биз курсив менен белгилеген куплеттер ырдын көркөмдүк деңгээлин көтөрүп, предметти элестүү, бараандуу, боёктуу туюндуруу үчүн көркөм сөз каражаттарын “чарк айланып жаткан жандуу дөңгөлөк”, / “бир массага айланып, ал экөөнүн айлан көчөк атышы” деп ийкемдүү пайдаланып, табият кубулуштарын адам акылына сыйбаган жактарын “эки дене – айланып бир денеге, нес болгондой далдырап, суу үстүндө туруп калды асылып” – кылдат ачып берген.
Уитмендин ырлары уйкаштыкка баш бербейт, акын негизги басымды ойдун уюткусуна, предметтин ички маанисин ачканга, көпчүлүккө байкалбаган, маани бербеген нерсенин маңызын калпыганга куштар.
Кээ бирлери прозадагы ыр же ырдагы прозага окшошот. Анын аталган жыйнагында акындын ой жүгүртүү диапозонунун кеңдиги, өлчөөсүз, адамтаануу илиминин; аалам, дүйнө, жер-суу, жаратылыш, адам, өмүр, өлүм, достук, сүйүү өңдүү түбөлүк темалардын алкагында өзүнүн жекече оюн, көз карашын билдирет, поэтикалык дүйнөсүнүн сүрөтүн чеберчилик менен тартат. Ал дүйнөнүн сүрөтүн өзүнчө тартат. Ойдун тутамын, бирдигин, келкисин же малекуласын берүүдө Пабло Пикассонун картиналарына окшошуп кетет. Бир күн кечке тиктесеңиз (жекече оюм) да, ой түбүнө жетпейсиз. Тиктебейин дейсиз, бирок аргасызсыз...
Улуттук адабиятта модернизм менен постмодернизмдин агымында калемин сынаган акын-жазуучуларыбыз да жок эмес. Чыгармадагы башкы ойду жана каармандардын образын, тагдырын, иш-аракетин дегеле жалпы сюжетти чагылдыруу формасынын артыкчылыгы айкын көрүнгөн Султан Раевдин “Антистандарт”, Кубатбек Жусубалиевдин “Муздак дубалдар” романында, Мурза Гапаровдун аңгеме, повесттерин мисалга тартсак болот.
Атактуу Абай Кунанбаевдин “Бүркүтчү” деген ырын акын А.Токомбаев которгон. Албетте, котормонун көркөмдүк деңгээлин мыкты деп айтууга болбойт, казак тили менен кыргыз тилинин окшош, жакын, тектеш экенин эске алганда, түпнусканын артыкчылыгы байкалбай койбойт. Котормо түпнусканын деңгээлине көтөрүлө албаган. Көркөмдүк-эстетикалык боёгу жарды, кунарсыз. Улуу акын бул ырына тема деле койгон эмес. 1945-жылы Казактын бириккен мамлекеттик басмаканасынан жарык көргөн Абай Кунанбаевдин “Чыгармаларынын толук жыйнагы” деген томдукта “Кан соңарда бүркүтчү чыкты” деген ат менен жарык көргөн.
Бүркүтчү илгертен келаткан кесип, болгондо да жөн-жай адамдын колунан келбеген өнөр. Канаттуулардын эң кыйыны, алгыры, эч бир куш тең кела албаган, куштардын эч кимиси теңтайлаша албаган жырткычты асыроо оңой-олтоң эмес. Анын тарбиясы, адеп-ахлагы бүркүттү таптаган адамдын өнөрүнө жараша болгон. Бүркүттүн мезгил-жылына маани берген, жашына жараша асыраган, кам көргөн, үйрөткөн ал гана эмес, баладай бапестеп тарбиялаган. Кыргыздар бүркүттү алты жашка чыкканда “ барчын” аташкан.
Ар бир жашында өзүнө ылайык аталышы болгону белгилүү. Бозум түлөк кезинен жыл айланганда, таш түлөктүн баскан-турганына, канат какканына көз кырын салган, жемин табууга машыктырган. Үч жаш – кум түлөгүндө кадыресе чоң адамдай катуу, талапчыл мамиледен ным түлөккө жеткенде, жым түлөк – беш жашында аңга, ууга чыкканда, эркине коё берген. Бүркүтүнө толук эркиндик берген.
Чыгармада бүркүтчү аңга чыгып бараткан бүркүтүнө тамак боло турган жаныбарлардын бири түлкүнүн кайдан чыгаарын да жакшы билет.
Бүркүтчү жаш сонордо чыкты аңга,
Таштардан түлкү чыгат аңдыганга
* * *
Бүркүтчү тоо башында, какчуу түздө,
Кубалап тапкан изди бет алганда.
Тартканда томогосун тигил кырдан,
Кыраандын көзү көрүп талпынганда. (14-бет)
Эки жоо, жо-жок жоо деп айтканга да болбойт. Төмөн түшсө түлкү өрдөп кутулар, андан көрө кыраандын кандуу көзү асманга чыксам деп көктү мелжеди. Экөөнүн бирин-бири аңдышканын, көз жебесинен кетирбей, бирин-бири астыртан арбашканын көргөн бүркүтчүнүн бүйүрү кызыды. Түлкү да оңой жоо эмес. Канча эрендердин (мергенчи) шаштысын алган амалдуу, кытмыр, эпчил, суудан кургак чыккан куу жаныбар.
Кырк бычакчан тиштенип турган түлкү,
Оңой эле жоо эмес, эр кыраанга,
Сегиз найза колунда, көз ирмебей,
Баатыр да күтүп турбайт эртең таңга.
Канат, куйрук шуулдап ышкырышат,
Кыраан көктөн зыркырап куюлганда.
Айкашат жарк-журк этип экөө бирдей,
Жекедеги баатырдай кан майданда.
Эмне деген салыштыруу, эмне деген табияттын картинасы. Албетте, акындын акыл-парасаты, көңүл кушун өзүнө бурган ушул сүрөттү дал өзүндөй, болгонундай ар бир көз ирмемин окурман көз алдынан өткөрүп, ички-тышкы нюанстарын кылдат сиңирип алса, Абайдын акындык сезимталдыгына, билим көрөңгөсүнө, акылмандуулугуна, даанышман акындык табиятына, ойлоо өзгөчөлүгүнө тан бермекпиз да, элдик көз караштын параметрлеринен чыкпай, улуттук салт-санаадан, үрп-адаттан, этика менен элдик педагогиканын негизинде бүркүт менен түлкүнүн таймашын укмуштуудай «живопистик» эротикага айлантканын, бирок адабий адептен кыпындай чыкпаганы таң калтырат.
Кар аппак, бүркүт кара, түлкү кызыл,
Окшоп кетет киринген сулууларга.
Албетте, акындын дүйнөсү өз призмасы, өз “дүрбүсү”, өз “көзү” бар үчүн акын. Кадыресе, жөн-жай кишилер көрө албаган, сезе албаган, туя албаган табият көрүнүшүнөн көркөм маанини калпып алып, ойго бай, маңызга терең чыгарма жаратып койду. Жаныбарлар, куштар да табийгат мыйзамына жараша биологиялык талаптарын канааттандырганга акылуу... Бирок акындын ырындагы бүркүт менен түлкүнүн таймашканы, арбашканы табияттын тартуусу, табияттын живописттик кубулушу катары кабылданышы, окшоштурулушу, салыштыруусунун тапкычтыгы менен таң калтырат. Акындын көркөм дүйнөсүнүн артыкчылыгын кашкайтып ачып берет.
Кара чачын көтөрсө кош чыканак,
Ада бүлк-бүлк этпейби сыйпаганда?
Аппак эт, кыпкызыл бет, жыпжыланач,
Кара чач, кызыл жүздүү жашырганда.
Күйөө эр, колуктусу сулуу болуп,
Окшошот тар төшөктө жалгашканга,
Соорусу арт жагынан бүлк-бүлк этет,
Астына кыраан бүркүт дал басканда. (15-16-беттер)
Абай Кунанбаевдин бул ыры 1882-жылдарга таандык. Табият мыйзамын, андагы кубулуштардын, көрүнүштөрдүн жана табият тарттууларынын сулуулугун, кооздугун, тумсактыгын гана чагылдырбастан, адам менен табияттын органикалык биримдигин, окшоштугун, улуу жаратылыштын алдында адам пендесинин алсыздыгын жана көз карандылыгын да кыстара кеткен.
Исмаилова Ризван, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУ доценти
Пайдаланылган адабияттар:
1. Дүйнө поэзиясынын антологиясы. Э.Турсунов, С.Эралиевдин котормолорунда [Текст] / Дүйнө поэзиясынын антологиясы. - Бишкек.: 2004. Шам.
2. [Уолт Уитмен. “Жалбырактар”. Которгон С.Эралиев. Бишкек-2016. 8-бет].
3. [Абай. Ырлар. Бишкек. “Шам”. 1995. ]
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.