Ризван Исмаилова: «Кара мышыктын» кылмышы

  • 11.11.2024
  • 476

Көркөм котормолор тууралуу

Учурдагы таланттуу котормочулардын бири, англис тилинен түпнускадан которуп жүргөн тилчи-лингивист жана котормочу Эрмек Шоруковдун америкалык акын, жазуучу, эссеист, сынчы жана редактор Эдгар Аллан Понун (1809-1849) “Кара мышык” атаган чыгармасына үңүлүп көрөлү.

Дүйнөлүк классиктердин катарында турган Э.А.По – XIX кылымдын аягы, XX кылымдын башындагы дүйнө адабиятындагы романтизм, модернизм, декаданс агымынын негизги өкүлдөрүнүн бири. Ал классикалык детектив жана психологиялык проза жанрынын түзүүчүсү катары белгилүү. Анын айрым чыгармаларында иррационалдуулук (акылга сыйбастык), мистицизм(сыйкырга ишенүү), адам психикасынын аномалиясы б.а., декаданс агымы менен терең үндөшөт.

Эдгар По өтө коркунучтуу мистикалык аңгемелердин жаратуучусу деп да таанылган. Модернисттер өздөрүнөн мурунку өткөн акын-жазуучулардын чыгармачылыктагы салттуу идеяларына каршы чыгып, адабият вазыйпасын жаңыча нукка бурууну тагырак айтканда, кабыл алуунун жана чагылдыруунун жаңы формасын, жаңыча мазмунун изилдеп, ойлоп таап, жанр жана форманы таптакыр жаңыртууну көздөшкөнү белгилүү.

Келиңиз, котормону окуп көрөлү.“Баамчылдыгым, табиятымдан адамгерчилик мүнөзүм менен наристе кезимден бөтөнчөлөнүп турар элем. Ак жүрөктүгүмдүн айынан курдаштарымдын арасында шылдың-келекеге кабылган учурларым болду.(83-бет)” Новелла биринчи жак менен баяндалат. Каармандын аты-жөнү да белгисиз. Бала кезинде кадимки балдардай эле чоңойгонун, бирок алардан айырманаларын, ата-энеси көзүн караган эрке болгону үчүн эч нерседен өксүбөй чоңоёт. Үй жаныбарларга жакын болуп, аларды багып карагандан ырахат алчу. Ал өзү жөнүндө баяндап баратып, бүдөмүк бир нерсенин башын минтип кылтыйтат: “Жаныбардын өз жанын аябай берилген сүйүүсүндө адамдар ортосундагы аянычтуу достук менен тунук алаканы башынан өткөргөн адамдын жүрөгүн дирилдетпей коё албаган бир нерсе бар”. (84-бет)

Эрте эле үйлөнөт. Аялы да анын каалоосун сыйлап үйүнө ар кандай жаныбарларды; акылдуу ит, кичинекей маймыл, балыктын түрлөрүн, ар кыл канаттуулардан алып келип берет. Ошол досторунун ичинен биздин каарманга айрыкча жакканы абдан чоң, көзгө сүйкүмдүү, түсү чылгый кара, таң каларлык акылдуу Плутон аттуу мышыгы болот. Ээси кайда барса, артынан ээрчип жүрөт. Ошентип, жылдар өтөт, башкы каармандын мүнөзү өзгөрүлө баштайт.” Анын себеби ачкыл-кычкылга ыксыз жакындыгым” деп мойнуна алат. “Күн өткөн сайын маанайым пас тартып, кучунашым кармап, өңгөлөрдүн сезимине кош көңүл карайм”. (84-бет) Ал гана эмес, аялына кол көтөрүп, зомбулук да көрсөтөт. Үйүндөгү жаныбарларга да итатайы тутулуп, жолунан чыга калса буту менен тээп же уруп жиберүүдөн кайра тартпайт. Аракечтикке биротоло берилип, күндөрдүн биринде түн ичинде үйүнө келсе, сүймөнчүктүү мышыгы андан качып кетет. Ызааланган мас мышыгын кармап алып катуу урганда, жаны ачыган макулук ээсинин колун матыра тиштеп алат. Ошондогу абалын минтип сүрөттөйт: “Ошол учурда мага жин-шайтандын жаалы кирип кеткендей болду”. (85-бет) Бешмантынын чөнтөгүнөн макисин алып чыгып, мышыкты кекиртегинен кармап, бир жак көзүн чанагынан оюп калат.

Анткени чыгарманын каарманынын оюнда мышыкты желмогуз деп ойлоп, андан чочуп-коркуп, алда бир жаман нерсени көрсөтпөгөй эле деген шексинүү, жамандыкты элестетүү күчтүү болгон. Кыргыздарда да кара мышык тууралуу “Жолумду кара мышык кесип өттү, жолум болбойт окшойт...”, “экөөнүн ортосун кара мышык аралап өткөн” ушул сыяктуу терс түшүнүктөр, ырым-жырымдар жок эмес.

Эртеси күнү түндөгү кылганына жарым-жартылай коркуу, өкүнүч аралаш сезимге туш болгону менен “бул сезим үлбүрөк тумандай булаңгыр эле дейт. Так ушул сүйлөмдү котормочу жетик которгон, каармандын уят-намысынын алсыздыгы, жок болуп баратканын үлбүрөгөн нурсуз туманга салыштырган. “Мен кайра бөтөлкөнүн түбүнө чумкуп, бул жоругумду эсимден шарап менен кошо чөктүрдүм”.

Буерде акыл-эсин биротоло ачууга алдырып жиберген каармандын ички дүйнөсүнүн өтө татаал, өтө оор абалынын таң каларлыктай коркунучтуу, үрөй учурган аянычтуу учурун кылдат сүрөттөгөн. Анткени ичкичтер психолог адистердин айтымында абийир, ар-намыс, уят деген сезимдерден кол жууп, кара тамагынын (ичкиликтин) айынан бардык нерсеге (уурулукка, талап-тоноого, жанкечтиликке, адам өмүрүнө кол салганга ж.б.) даяр болушат.

Мышыктын бир көзүнүн чанагы жок, үрөй учурарлык көрүнсө да, үйдөн кетпей, ээсинин карааны көрүнгөндө көздөн кайым болуп кетет. Каарман ошол окуядан кийин адегенде азырак убайым тартканы менен ошол сезимин кыжырдануу басып кеткенин мойнуна алат. “Буга келгенде философия илими кудуретсиз. Бирок бул рух адам жүрөгүндөгү өзөк уютку башаттын бири экендигине шегим жок – адамдын бар экендигине багыт берген ажырагыс жөндөмдүн же сезимдин бири”. (86-бет)

Ырас, турмуштагы мыкаачылык, жырткычтык, киши өлтүрүү, өз баласына кол салган эки буттуу айбандар кайдан чыгат деп баш катырабыз. Анын эмне себептен пайда болуп, адамдын жандүйнөсүндө кошо жашап келаткан себептерин изилдешет илимпоздор. Балалыгы өтө оор турмушта өткөн, адилетсиздикти көп тарткан, бирөөлөрдүн келеке-шылдыңына кабылган, психикасы алсыз, коркок, убайымчыл, адамдардан кордукту көп көргөн, мээримсиз, сүйүүсүз өскөн, кыскасы, балалыгы терең бактысыздыкка кабылган адамдардан ушундай кара мүртөз, кара ниет, ар кандай мыкаачылыкты коркпой жасаган адамдар чыгат деген пикирлер да бар.

Чыгармадагы башкы каарман өзү айтып жатпайбы: эрке өскөм, жаныбарлар менин ырахат алчу негизги булагымдын бирине айланды деп. Акыл-эсине, ой жүгүртүүсүнө доо кете баштаганда жанагыдай боорукерликти таш боордукка, мыкаачылыкка айырбаштап жибербедиби? Аны өзү да байкабайт, билбейт. Адам психикасы өтө татаал, өтө оор, табышмактуу, сырдуу, бут баспаган түнт токойдой эмеспи.

Бир күнү таң эртең менен биздин каарман мышыгынын мойнуна жип байлап, бактын бутагына асып таштайт. Так ошол күндүн түн ортосунда айкырык-кыйкырыктан чочуп ойгонот, кызматчысы, аялы менен эптеп сыртка качып чыгышат, үйүн бүт өрт каптап, болгон байлыгынан ажырап, үмүтсүз отуруп калат. Эмне себептен мындай болгонуна баш катыргысы келбейт, үйүнүн баары өрттөнүп, өзү жаткан керебеттин жанында соройгон бир дубал турат. Ошол дубалда мышыктын барельефи сымал сүрөтү калат. Сөлөкөт тирүү мышыгына ушунчалык окшош. Мойнунда байланган жиби да жүрөт.

Жазуучу ушул эпизоддо эмне кылмыш жасасаң, кимге жамандык кылсаң ал жоопсуз калбайт деген аксиоманы колдонгон. Анткени, ичкиликтин айынан ой жүгүртүү, ой толгоосу тумандаганы менен кылмышка карата жаза бар деген сезим кимдин болбосун мээсине сайылат. Мышыктын сөлөкөтү да каарманда коркунуч сезимин пайда кылды. Бир нече ай бою мышыктын элесинен кутула албай жүрөт. Бир күнү сыраканадан түндөсү чоңдугу так ошол Плутонго окшош, бир гана төшүн бүт жапкан чоң ак киргилт тагы бар мышыкты үйүнө ээрчитип келет.

Ал мышыкты сылап-сыйпап өзүнө үйрөтүп алгандан кийин ага болгон жек көрүүсү күчөп баратканын сезет. “Жийиркенүү, кыжырдануу сезими чилдин арышындай болуп отуруп ачуу жек көрүүгө өсүп жетти.” (88-бет) Котормочу анын сезиминин динамикасын байкап тургандай чилдин арышындай деп, көркөм туюнтманы орундуу колдонот.

Башкы каармандын жан дүйнөсүндөгү мышыкка карата жек көрүү сезиминин күчөп баратканын жаныбардын кыймыл-аракети; секирип тизесине отуруп, отургучунун астына түпкүчтөй ийиле кирип алганы, басса-турса бутуна чалынганы, төшүнө тырмышып чыгып алганы ээсин ого бетер кыжырдантып, кокус “алдымдан чыга бермей жадатма көрүнүшүнөн чумадан думукчудай каччу болдум. (89-бет) Анын жек көрүүсүнө кошумча болгон нерсе мышыктын Плутондукундай бир көзүнүн жоктугу болду. “Ушул учурда бир уруп күм-жам кылайын деп барып, өтүм кайнап жатса дагы жасаган кылмышымды бир азга эстегенимден муну жасаган жокмун, дароо моюнга алган оң – бул мышыктан катуу корком. (89-бет) Котормочу Э.Шоруков сүйлөмдөгү “жасаган” деген сөздү кайра-кайра колдоно бербестен “жасаган кылмышымды эстеп, катуу урганым жок” десе болчудай.

Психикасы бузулуп, өзүнүн иш-аракетине баа бере албай калган пенденин – каармандын көз алдынан мышыктын төшүндөгү тагы менен дарганын элеси такыр кетпейт. Бир күнү жокчулук тооруп, имараттын жертөлөсүн башпаанек кылып алышат. Түшүп келатканда мышык каармандын артынан келип бутуна оролуп алганда, ачуусу мурдунун учуна чыгып, балтасы менен чапмакчы болгондо аялынын колу урула турган соккуну токтотуп калат. Анын кийгилишкенине каны качып, сурданган биздин каарман жини менен аялынын мээсине балтаны батырып алат.

Үрөй учурган кылмышынан кийин кандай болбосун сөөктү жашыруу айласын издейт. Адегенде сөөктү жиликтеп отко жагайын деп ойлойт же короодогу кудукка салып жиберсемби деп, кыскасы, орто кылымдарда кечилдер өз курмандыктарын кылгандай жертөлөнүн дубалына кошо бүтөп салууну чечет. “Оюктагы кыштарды оңой эле алып, өлүктү жайгаштырып, мурдагыдай эч ким эч кандай шектүү бир нерсени байкабагандай кылып дубалды көтөрүп саларымдан эч күмөн санаган жокмун” (91-бет).

Арадан эки-үч күн өткөндөн кийин аны кыйнаган азаптуу ойдун бири жок, беймарал уктайт, “желмогуздан кутулганына” жеңилдегенсийт. Төртүнчү күнү бир топ полиция үйүнө келип, үй ичин бүт тинтип чыгышат. Эч нерсе таппайт. Эч нерсенин жиги билинбейт. Үч-төрт жолу жертөлөнү тинтип, эч нерсенин шегин таппаган соң, кетүүгө камынып турушканда биздин каарман:

– Мырзалар, – полиция кызматкерлери тепкичке бут коё баштаганда үн каттым, – күмөн санооңорду баса алганыма кубанып турам. Ылайым оору-сыркоодон алыс болгула, анан бир аз сыпайылык керек экен силерге. Айтмакчы, мырзалар, бул үй абдан жакшы салынган, – бир нерсеге куштар болуп, оозумдан эмне сөз чыгып жатканы ойго келген жок, – эң мыкты салынган деп айта алам.

Жазуучу канкордун психикасындагы өзгөрүштү мыкты берген, ал өзү ойлогон оюнун, идеясынын туура чыкканына, жеңгенине кубанып, эрдемсинип ушинтип айтып жатпайбы...

Куру эрдикке мас болгонсуп, артындагы аялынын сөөгү жаткан кыштарды колундагы таяк менен катуу ургулайт. Ыйлаган үн чыгат. Баланын боздоп ыйлаганындай туюк, үзүк-үзүк болуп барып, катуурак уңулдаганы адамдыкынан башкача үздүк-создугу жок өкүрүккө айланат.Тепкичке бутун койгон полиция кызматкерлери кыймылсыз делдейип калышат. Андан кийин чымыр колдору менен дубалга жабыла качырып киргенде, дубал “күп” деп урап түшөт. “Өлүктүн башында кызарган оозун ачып, сыңар көзүн жылтыратып, баякы тозоку мышык олтурат, анын куйтулугу мени киши өлтүрүүгө азгырды, чыккынчы үнү мени желдеттин колуна тапшырды” (994-бет).

Бул новелланы котормочу Э.Шоруков англис тилиндеги түпнускадан түзмө-түз которгон. Окуясы элестүү, жеткиликтүү, кыргыз кыртышына сиңимдүү көркөм сөз каражаттарын да ыктуу пайдаланган (жогоруда алды сызылган сөздөр, сүйлөмдөр) жазуучунун психологиялык манерасын, интонациясын, паузасын, карама-каршы ойлорун мыкты берген. Модернизм агымынын өкүлдөрү жогоруда айтылгандай; чыгарманын жанрына, формасына жана идеясына мурда-кийин болбогон жаңыртууну киргизишкени, так ушундай кишинин психологиялык абалын кылдат, терең бергенге аракети ийгиликтүү чыкканын белгилеп өтүүгө тийишпиз. Адамдын баш мээси ушул кезге чейин так изилденип бүтпөгөнү муну ырастайт.

Котормочу Эрмек Шоруковдун америкалык жазуучу, журналист, фантастикалык жанрды өнүктүргөн, адабияттын бир канча жанры: коркунуч-зомби, мистика, фэнтези жана космицизмде эмгектенип, илимий фантастикалык бир канча чыгармалардын автору Ховард Филлипс Лавкрафттын “Эрик Занндын музыкасы деген аңгемесин анлисчеден оодарып, “РухЭш” сайтына жарыялаган.

Шаардагы Гү до'Зей көчөсүндөгү музыканттын квартирасын издеген университеттин метафизика факультетинин студенти кандайча түйшүк тартканын баяндоо менен башталат. “Минтип эс тутумум бузулганына таң калбайм деле, Гү до'Зей көчөсүндөгү үйүмдө болгон даргөйүмө дарт жабышты, ошондо тапкан бир ууч тааныштарым эгерим эсимде жок. Бирок бул жерди эстей албай жатканым мага кызык гана болбостон, чындап көңүлүмдү зилдетти, анткени ал жер университеттен жөө басканда жарым сааттык жолдо жайгашып, бир келген кишинин эсинен чыкпагыдай өнтөлөр өзгөчөлүктөрү бар эле. Ал көчөнү көргөн-билген адамды жолуктурган жокмун”.

Издеген көчөсү оңойлук менен табылбаганын, чоң дарыядан урулган каңырсык жыт ал үйдү тапканга жардам берерин айтып отуруп, акыры кыйынчылык менен табат. “Мен Гү до'Зей көчөсүндөй мынчалык тар, тик көчөнү көрбөптүрмүн. Көчө деп айтууга ооз барбайт, жар тим эле, кандай унаа болбосун кире албайт, жалгыз аяк жолдун айрым жерлеринде тепкичтер салынып, чырмоок баскан бийик дубалга барып такалат”.

Студент акчадан кыйналып, баш калкалоо үчүн кайсы бир мезгилде ушерде жашаганын эскерет: “Кантип ушул көчөгө байыр алуу үчүн келип калганымды билбейм, бир билгеним – көчүп келгенимде өзүм өзүмдө эмес болчумун. Акчанын азарын (азабын) тартып, алда курдай баш паанек алмаштырууга аргасыз болуп жүрүп, акыры Гү до'Зей көчөсүндөгү Бландот шалдын (чалдын) тиги оолжуган (?) үйүнө келдим. Бул үй көчөнүн башынан санаганда үчүнчү, баарынан эң бийиги болучу”.

Виолада[1] ойногон картаң немис музыканттын аты Эрик Занн. Дудук киши. Кечкисин арзан театр оркестринде иштеп, үйүнө келгенден кийин түндөсү ойногонду жакшы көргөн, чатырдагы бийик, обочо бөлмөнү атайын тандап алганын, үйдүн көчөнү караган жалгыз терезеси бар экенин аңдайт. “Ошондон тартып Занндын музыкасын дээрлик түн сайын укчу болдум, мени уктатпаса да, анын сырдуулугуна арбалганым арбалган. Искусство өнөрү тууралуу түшүнүгүм аз болгонуна карабастан, анын жаратмаларынын бири дагы мен мурда уга жүргөн музыкага эч кандай тиешеси жок экенине ынандым, Эрик Занндын өзүн өнөрү өзөктүү музыка генийи деген тыянак чыгардым”. 

Музыканттын чыгармасы студентти сыйкырлап алгансып, аны менен таанышууну чечет. Бир күнү кечинде музыкант жумуштан келе жатса, алдынан утурлап тосуп чыгат да, анын музыкалык аспапта ойногонун көргүсү келгенин кыйытат. Жазуучу музыкантты жанынан көрүп тургандай мындайча сүрөттөйт: “Жапалдаш бойлуу, бүкүрөйгөн, эски кийимчен, көгүш көздүү, гротеск иреңденген, бырыш жүздүү, таздана баштаган каркыны мокок киши адепки сөздөрүмө ачуулангандай, бир эсе корккондой көрүндү.”

Аңгемеде жазуучу Эрик Занндын жашаган бөлмөсүн ушунчалык так, кеңири, ачык-айкын, майда деталдарына чейин сүрөттөгөн: катта орой мамилесине бардаш кылып, кечирим сураган виоланын башаламан чаңырган үнүн эшиттим – кыямат кайымдын өзү, мазмундан алыс, катуу корккондо же кыйноо учурунда дудуктан гана чыга турган мыңгыраган үндөрдү угуп, күбө жеген кутусунан виоласын, чоң жыгач илгичин илип, өзү ала келген шамдан тышкары дагы бир шам күйгүздү” жана башка деталдарды келтирет.

Аңгемеде дудук музыканттын жашаган жери, эч кимге тоскоол болбош үчүн бөлмөсүнүн эң бийик кабатта жайгашканы, күндүзү уктап, түнү музыка ойногону ушунчалык элестүү, жатык тил менен чыйрак которулган. Дудук, адамдардан оолак жашаган, ой туюмдары башкача жаралган музыканттын турмушу болгондо да таланттуу адамдын жашоо образын көрдүк: “мен түк укпаган, “өнө боюнан өрөпкүп чыккан обондору менен бир сааттан ашык сыйкырлады, обондорду өзүнө арбап балким көөлгүткөн пассаж[2] менен кайталанган фуга[3] десе болот. Бирок ушул ирмемдерде, мен кайсы учурда болбосун өз бөлмөмдө экенимде уга жүргөн кызык ноталардын бири да жок эле” деп, анын талант шыгына аябай таасирленип, арбалып, бир да музыкалык чыгармага окшото албады. Адамды жипсиз байлаган музыканын добушу, кайрыктары эмне жөнүндө безеленип жатканы музыканттын өзүнө гана белгилүү. Ал өзү ойлоп чыгарган, өзү жан киргизген жандүйнө ыргагына, ритм, темпине жана таасирине канча мээнет, канча эмгек кеткенин өзү жакшы билет.

Котормочунун чыгарманын үстүндө абдан кылдат, жоопкерчилик жана ынтаалуу, берилүү менен иштегени төмөнкү абзацтан айкын көрүнөт.

Бул аракетим бир аз ирмемге созулду, дудук музыкант үнүмдөн тааныш обонду угар замат жүзү капысынан өзгөрүп, одоно туураганымды токтотуу үчүн каржайган узун, муздак оң колун сунду. Муну менен ал өзүнүн эксцентриктигин[4] дагы бир жолу шардана кылды.

Дудук музыканттын чыгарма жаратуудагы ички абалын, кебете-кепширин, кыймыл-аракетин ал гана эмес, аны түшүнгөн, колдогон чакырылбаган конок-каарманга болгон мамилеси да ушунчалык ишенимдүү сүрөттөлгөн. Сүйлөмдөр стилистикалык жактан так, таамай, элестүү, психологиялык аспектиси да ишенимдүү таржымаланган. Айрым бир сүйлөмдөрдөгү (коёнчук оорусунан, мыңгыраган, күйүп-жанып жана башка) ушундай сөздөрдүн башка варианттын же эквиваленттерин карап көрсө болмок деп эсептейбиз. Оригиналдуу чыгарма жараткан дудук музыканттын талантынын эч кимге окшобогон абалын, жактарын ачып берип, нукура таланттын тагдыры, көргөн күнү мыкты чыгармасынын алдында эч нерсеге татыбай каларын таасын чагылдырган.

Чыгарманын акырында студент мунун баарын түнкү албарстылар кылып жатат. Качышыбыз керек деп Занндын кулагына кыйкырат. Бирок ал жооп берген да, жаалданган музыка басаңдаган да жок, чатырдагы түнкү бурганак бийге түшүп жаткандай жойлоп жүрдү.

Кандайдыр бир керемет күчтүн түрткүсү менен сыртка чыгып, башы оооган жакка качып жөнөйт.

Чыгарма бүтүндөй мистикага чулганып, “корккондо кош көрүнөт” дегендей, үрөй учурган абалдагы дудук музыканттын образын, чыгарма жаратуудагы кебете-кепшир, тулкусу, жандүйнө абалын, түйшүгүн, психологиялык абалын ар тараптуу чагылдырат.

[1] Виола XV кылымда пайда болгон тикесинен бойлото кармалып ойнолгон кылдуу тартма музыкалык аспап. XVIII кылымдын биринчи жарымына чейин өз маанисин, музыкадагы ордун жоготкон эмес.

[2] Пассаж – аткарууга кыйын виртуоздуу музыкага мүнөздүү ылдам аткарылуучу добуш катарларынын ирет белгиси.

[3] Фуга – бир эле теманы түрдүү үн менен ырааттуу кайталоого негизделген музыкалык чыгарма.

[4] Эксцентрик – психологияда стандарттан тышкары жүрүм-туруму менен айырмаланган адам.

Исмаилова Ризван, филология илимдеринин кандидаты, ОшМУ доценти

Пайдаланылган адабияттар:

 1.[Эрмек Шоруков. Гольфстримдеги алакандай адабият, “Улуу тоолор”, Бишкек. 2024. 230 б]

2. [Агартуу айдыңы “Рух Эш” ( 06.02.2023.) сайты]

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз