
АҢГЕМЕ
Апам Асылканга, таенем Байтак кызы Чырбанга арналат!
... Калыйман кечке дайынсыз жоголгон күйөөсүн күтүп отуруп тажаганда, үйгө кирип мешке от калай баштады. Күнүгө ушу. Бош боло калса эле короону тазалап, көң кырдап, анан бададан өңгүрөп кирип келген уюн саап, айтор жаны тынбай түйшүктөнө берет. Кечке кыбырап жүрүп, кечтин кандай киргенин деле сезбейт. Азыр да күндөгү ишин кылып күдүңдөгөн менен өзүнчө туталанып, кыжаалат. Аны бейпайга салган нерсе – абысыны айткан наристе болчу. Бул ымыркай жөнүндө айыл ичи дуу болгонуна бир жума болгон.
Таң эрте Багда келип:
– Какен, тиги кыз бага албайт аны. Ал өзүнүн төрт баласын тыңдап багып алсынчы! Шекен келсе акылдашып, ошол кызды багып алгыла! – деп кеткен эле.
Ошондон бери бир ою – "багып алсамбы..." – десе, экинчи ою – "жок", – деп айнытат. Анүстүнө ага кошул-ташыл бул ишке күйөөсүнүн катышы бары айтылганына да ичи тап.
Эшик шарт ачылып, абысыны Багда кирип келди да:
– Апее-ей, сен дагы эле отурасыңбы, тур-ай! Баланы алып келели! – деди.
– Жеңе, барганда эле Гүласыл "ме" деп кармата коёбу?.. Анүстүнө Шагдар төрөсө, ошонун баласын эле багып алайын дегем. Өзү айтты эле, багып ал деп, – деп үшкүрүп койду Калыйман.
– Коку-у-й, ошого да киши ишенеби? Ал азыр ошентип атат, төрөгөндөн кийин баласынын чыпалагын карматпайт сага...
– Турчу эми, эрте күндү кеч кылбай баралы! – деп туруп алды абысыны.
Калыйман эскилиги жеткен көк үкөктү ачып, чоң-чоң кызыл гүлдөрү бар кара жүн жоолукту алып чыкты. Анан сыртка чыгып оозгу үйдөгү ун салынган жыгач жашиктен семиз ириктин мөл сүрсүгөн карчыгасын, көптөн бери каткан чучугун алып чыгып дасторконго ороду. Анын үстүнө дандырга кыпкызыл бышырган чоң нанды кошо салды.
Калыйман эри экөөнүн жашаганына он жылдан ашса да, ыңаалап ыйлаган бала үнүнө зар болуп келишет. Барбаган жери, баспаган мазары калбаса да, тилектери ишке ашпады. Калыйман кээде өзүн каргышка калгам го дечү. Анткени он беш жашында биринчи тийген күйөөсүнөн агасы: "Мен барсам кой сойбой, эчки соёт", – деген шылтоо менен алып кетип калса болобу. Кайненеси ченебеген жакшы адам эле. Али жаш деп кайын сиңдилери менен жаткырчу. Эки жыл өтүп, жашы он жетиге толду. Күйөөсүнүн койнуна эми жатар куракка жеткенде, агасы алып кетип отурбайбы...
Кийин артынан күйөөсү, кайындары канча келди. Атасы жибербей койгон. Аны башка балдарынан бөтөнчө жакшы көрчү. Көрсө, агасын өзү эле "апкел" деп жиберген тура! Чоң кайненеси бар эле, аябай каргаптыр деп уккан. Бирок анча маани бербеген экен. Эрден чыгып келгенин элес албай, үйүндө кыз кезиндегидей эркелеп жүрө берди.
Ал ортодо уруш чыгып кетти. Ошону менен атасынын төрүндө жыйырмадан ашкыча отуруп калды. Өзү ак саргылынан келген узун бойлуу, кымча бел сулуу кыз эле. Сымбаттуу боюна жарашыктуу кийинип, чач учтугун шыңгыратып, маралдай кериле басканда кызыкпаган киши жок. Ашык болбогон, сөз салбаган жан жок эле. Үйдө отуруп чөгүп кетпесин деп, атасы айыл дүкөнчүсү кылып койгон.
Атасы Байган айылдагы эң бай, оокаттуу, сөзү таасирлүү адамдардын бири эле. Агасы Жанкороз да Борбордук Комитетте кызматкер болчу.
Согуштан аман-эсен кайтып келген соосу да, аксак-тексеги да сөз айттырып, жадап жүргөндө ушу күйөөсү Шекен келип калбаспы!
"Кырк жылы кыргын болсо да, бейажал чымын өлбөйт" деген сыңары, эч жеринен жараат албаптыр. Өңдүү-түстүү, зыңгыраган, мурда үйлөнбөгөн, "менин эле эрим болсо" дечү жигитке кантип "аный" десин... Жеңелери келип, Шекенди айтканда эле макулдугун берип, ага баш байлаган. Чынында Шекен да аны бир көрүп жактырган. "Эрден чыкса эмне экен" деп эч кимди укпай койгон. Экөө абдан ынтымактуу жашады. Шекен башкалардын күйөөлөрүндөй болуп кол көтөрмөк турсун, жаман сөз айтып капа кылган жок! Бирок алардын бири-бирине айтпаган, тымызын ичтен сызып, бирин-бири аяган чоң арман – наристе жыты.
Анан калса айыл ичин дуу кылып аткан ымыркайды "Шекендин баласы экен" деген күбүң-шыбың да Калыймандын жүрөгүн өйүп, чын-бышыгын эринен сурай албай беймаза болуп жатканда, абысынынын минтип "так ушу наристени багып ал", – деп кыстап турушу да, анын эки анжы болуп атканына себепчи...
... “Кантип Шекен ушуга барды!?” – деген таарыныч, ыза, күдүк ой куйкалап, жүрөгүн муздатып жаткан. Жанатан эрин күтүп отурганы да ошол.
Акыры "кимдики болсо, аныкы болсун, Шекендики болсо, кайра жакшы, өз каны. Берер бекен андан көрө, берсе багып алайын" – деген илгери үмүт менен эрин күтпөй эле абысыны экөө Гүласылдыкына жөнөп калышты.
Жыл жаңырарына саналуу күн калган. Эшикте кар боройлоп, катуу суук башталыптыр. Экөө бурганактуу кар, тозоңду кошо ала кирип барышса, аталаш кайын сиңдиси Гүласыл балага уйдун сүтүн берип отуруптур. Кирип келгендерди сүйгөн жок. Булардын не келгенин дароо түшүндү. Төрт баласы менен эптеп жашап атса да негедир бу адамзааданы эч кимге бергиси келбеди. Бир жумадан бери бул кичинекей наристени кадимкидей жакшы көрүп калганычы. Гүласылдын жактырбаганын туйган Калыйман ыңгайсыздана, абысынын карады. Багда болсо шашпай дасторконду ачып, түндүктөй чучук менен карчыганы, таттууларды, жапкан нанды жепирейген үстөл үстүнө койду да:
– Кыз, кагылайын, эсиңе кел! Төрт балаңдын үстүнө муну кантип багасың?! Калыйманга бер! Өзүң билесиң! Төрөй албай жүрөт. Агаң экөөнө эрмек болсун! Май көтөн болуп, артынан бала келсе, жаманбы?! Кой, кызыке, антпе! Эстүү жансың! – дегенде, Калыйман жоолукту Гүласылдын ийнине сала койду.
Согуш бүткөндөн бери он жыл убакыт өтсө деле каатчылык, жокчулук. Бала деген бала да! Кайын сиңдисинин балдары энесинин жообун күтүп отурабы?.. Кичинекей немелер чуркурашып таттуу талашып, жеп киришти. Гүласыл ийниндеги жоолукту алып, колу менен сылап койду. Мындай жоолукту башкарманын гана аялы салынчу. Калыйман дүкөндө иштеген үчүн гана жеткен. Бир-эки жолу башына салбаса, жапжаңы боюнча турчу. Ал өтө сарамжалдуу. Эл эптеп-септеп жашап жатканда, Калыйман эринин таап келгенин эки кылып, экисин төрт кылып, барчылыкта жашашчу. Таттуулар канчадан бери үкөктө катылып турган. Үйгө бала-бакыра келгенде алып чыгып салбаса, аны деле эстеп жеген киши жок. Жана жоолукту алып чыкканда кошо салып ороп койгон дасторконго.
Эми ал кайненесинен калган эски үкөктө эмне гана жок? Ичинде мөл момпосуйлар, кургатылган как жемиштер, кездеме, чапан-чапкыт, деги койчу...
... Балдары бапырап, таттуу жеп, нандан бурдап сугунуп кудуңдашканын көрүп, ийсинбеген бээдей тирсийип турган Гүласыл да жибиди. Колундагы ымыркайды Калыйманга кармата коюп, чайын даярдай баштады.
Калыйман туулгандан энеси баш тартып, эне сүтүн оозанбаган, бетинен түгү түшө элек кызыл эт баланы аяр кармап, наристенин жүзүнө тигилди да, эмнегедир ичи элжиреп, жүрөгү бир башкача дирилдеп кетти.
... Бала жыты! Канча күткөн, көп күткөн, зарланткан бала жыты! “Бала меники, эч кимдики болбойт! Менин эрмегим! Менин кызым!” – Баланы бооруна бекем кысты.
Гүласыл баланы тыкыйта ороп, үшүп калбасын деп сыртынан уулунун эски жуурканына ороп узатты. Ичинен жеңесинин берешендигине ыраазы. Ушу күндө сары майдай сакталган сүр, ширге жыяр эмес, анын жытын жыттоого мүмкүн эмес эле го! Анын алып келгени балдарына бир канча мезгилге азык болмок. Эт эмес, кызарган кызыл көрө элегине канча болду балдарынын. Баарынан жагымдуусу – кышында жылуу жүн жоолук болду. Түгү кеткен эски жоолугунан башы үшүп жүргөндө, жеңесинин өзү салынбаган баш кийимин апкелгенине сүйүнүп, айтарга сөз таппай калган. Анүстүнө ушу Калыйман эле көп каралашып, "ме, балдарыңа бер" деп сүт, кээде каймакка мыкчылган талкан, ун бере калып жүрбөйбү! Анан кантип "жок" дейт эле...
Ал ушуларды ойлонуп отуруп, бир жума мурун болгон окуя эсине түштү. Түн бир оокум болуп калган. Эшикте демейкиден да катуу суук. Гүласыл балдарын уктатып жаңы эле жатууга кам урду. Анан да от салып коюуну ойлонуп сыртка чыгайын десе, Кумайык жан-алы калбай үрүп калды. "Бу саатта жүргөн ким?" – сыртка чыккандан коркту.
Ит күчөгөндөн күчөнүп, эшикти тырмалап кирди. "Буга жин тийгенби?" – ачууланып, чоң кызын ойготту. Экөө сыртка чыгып, эки жакты аяңдап карашса, эшик алдындагы жыгач тосмонун жанындагы отургучта агарган нерсе көрүндү. Жанына келип караса, ымыркай бала эч нерседен бейкапар уктап жатат. Гүласылдын жүрөгү "шуу" дей түштү. Короо жакты карап, көчөгө чыкты. Бирөө-жарым карап турган жокпу?" Арсылдап үргөн ити куйругун шыйпаңдатып, жанына жетип келди.
Эч ким байкалбаган соң, кайра шарт бурулуп баланы алып, уйкусу ачылбай артынан ээрчиген тун кызынын суроосуна да жооп бербестен, илгичин тез иле калып, үйүнө кирип кетишти.
– Апа, апа-а дейм, бу эмне экен?..
Кызы дагы сурады.
Гүласыл унчукпай ороону жазып жиберсе, тынчтыгын бузгандарга нааразы болгондой ымыркай эмчек издеп ыңаалай бербеспи, кызынын уйкусу ачылып, өзүнүн шаштысы кетип калды. Тура калып эртеңкиге деп бир жашар уулуна калтырган сүттү жылытып, бөтөлкөгө куюп ичирип, астын кургактап койгондон кийин наристе уйкуга кирди.
Гүласылдын эми ойлонууга чамасы жетти окшойт.
– Мына, кызык! Баланы ким таштады.!? Кокус ит үрбөсө, же туйбай калсак, сырттагы ит өлгөн суукта бу бечара не болмок..? Жүрөгү жок кандай адам бул..? Эмнеге мага..? 4 балам менен өзүм эптеп жан багып атканда, муну кантип багам..?- деген ойлор жаай баштады. Эмнеси болсо да, эртең бир чечимге келүүнү ойлоп, далайга уктай албай жатып, таңга маал көзү илинип кетти...
Калыйман менен Багда Гүласылдыкынан чыкканда, кар кыйла жаап салыптыр. Түн кирсе да, жанагы алай-дүлөй түшүргөн бурганак токтоп, теребел тыптынч! Кар жааганга айлана текши аппак, жапжарык. Эки зайып энтеңдеп, эч ким чыйыр сала электе кар малтап, аттап-буттап үйлөрүнө жетпей, ушу азыр артынан Гүласыл чыга калып, "айныдым, келе баланы" деп кайра жулуп алчудай шашып баратышты. Демейде эки аттап кирип барчу жер Калыйманга азыр ат чабым алыстай сезилгенин карасаң, чиркин...
Ал наристени бооруна бекем кысып, кубанычы койнуна сыйбай, жерге-сууга батпады. Артында келаткан абысынын деле унутуп койгондой... Калыйманга кошулуп Багда деле сүйүнүп жүрөт. Сүйүнбөй анан! Бая күндүз Гүласылга басып келип кеп учугун чыгарса, кайын сиңдиси жооп айтпай мелтиреген... Анан баланы берип атса, кантип сүйүнбөйт... Абысынынын бала деп зар какшап, ыйлап жүргөнүн туйбай коюптурбу...
Ушу бүгүн Калыймандан бактылуу эч ким жок эле! Кудайга зар айтып, канчалаган түндөрдү ый менен өткөрбөдү. Күйөөсү эч нерсе дебесе да, өзүн анын алдында күнөөлүү сезчү. Ага азыр "ким төрөдү, кимдин кызы, атасы ким?!" – маанилүү эмес. Жада калса тежемел наристени кантип чоңойтом деген ой да келген жок ага...
Колундагы ымыркайды өзү туубаса да тутунуп, эмчек сүтүн бербесе да, элик сүтүн берип зарлап тапкан перзенти болуп каларын, бүгүнтөн баштап анын кийинки жашоосу, калган өмүрү болуп каларын, ал жок болсо өзү да кошо жок болчудай сезерин анда туйду бекен?.. Кыштын кычыраган суугунда салынган өмүр чыйыры анын таалайына, маңдайына дагы канча түмөн түйшүк, кубаныч саларын билди бекен?..
Экөө келгенде, Шекен үйдө экен. Ал алтын тапкандай антаңдап кирип келген аялдарды – кудуңдаган жеңесин, жамажайы жыйылбай сүйүнүп бала кучактаган жубайын көрүп, түшүнүп-түшүнбөй селейди.
– Уул, кагылайын, сүйүнчү! Кыздуу болдуңар! Кудай берди! Кызыңар өмүрлүү, бак-таалайлуу болсун! Ыймандуу, ырыс-кешиктүү болсун! – деди Багда босогону аттаганда эле.
– Болсун, болсун, жеңе! – дегенден башка сөз оозуна кирбей, дал боло түштү ал. Гүласылдыкындагы ымыркай жөнүндө укканда эле багып алуу жөнүндө Калыйманга айтсамбы деп, кайра жаралуу немени таарынтып алсамчы деп жазганган. Анүстүнө өзү тууралуу кеп да аралашып кеткенинен улам, кылчактап, кантип актанарын билбей жатканда, оңдой берди болуп аялы баланы өзү көтөрүп келгенине ичинен сүйүнүп, кымыңдады. Анын кайпактап айтаарга сөз таппай, эч нерсени сурабаганынан Калыйман иштин жөнүн дароо түшүнүп, "бала мунуку" деген тыянак чыгарды да, кийин наристе тууралуу таптакыр кеп кылбоону туура көрдү. Калыйман сурабагандан кийин, Шекен да ооз ачкан жок. Ошентип бул эрди-катындын ортосундагы эч кимге айткыс жашыруун сыры болуп калды. А чынында бул жөн гана ушак эле. Кыз Шекендики эмес болчу!
Бирок ал – эми экөөнүкү! Экөөнүн таап алган тырмактай бактысы!
... Наристенин келиши менен экөөнүн тунжураган тымтырс, таптаза үйүнө кут, шаң кирди. Экөө кызына арнап, ага-тууганына жентек беришти. Атына заты жарашып, жашоосу да таттуу болсун деп, жубайлар кызына Ширин деген ысым ыйгарышты...
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.