Осип Мандельштам грузин поэзиясы, искусствосу тууралуу

  • 18.11.2024
  • 1675

Орус поэзиясында грузиндердин салттуу орду бар. Биздин өткөн кылымдагы акындарыбыз Грузия тууралуу темага кайрылганда алардын үнү өзгөчө назиктик, ырдын өзүн кандайдыр бир жумшак, жылуу атмосфера чулгап турат:

Грузия адыры, жамынды түнкү туманды...

Балким бүткүл грузин поэзиясында Лермонтовдун эки сап ырындай таттуу шарапка кызыган грузиндер сыяктуу көбүрүп-жабырган ыр жоктур:

Ширин шарап көбүгүн,
Шашылбай куят грузин.

Мен мындай дээр элем, орус поэзиясында алгач Пушкин жаратып, кийин Лермонтов колдоп-коштоп: бүтүндөй бир мифологияга айланган, өзүнө гана мүнөздүү Тамара тууралуу миф борборунда турган грузин мифи бар.

Ырдаба, сулуу, мен барда,
Грузиянын айтып арманын.

Орус поэзиясы үчүн Армения эмес, Грузия мифке айланганы өзүнчө кызык.

Грузия орус акындарын өзгөчө эротикасы, улутка мүнөздүү сүйүүсү менен бул элдин жан-дүйнөсүн, Асан кайгычыл маанайы аралашкан майрамдык масчылык абалын камтыган тарыхы менен азгырып тургансыйт.

Келгин сүйүү ар дайым биз үчүн кымбат жана жакын, ал эми Грузия кантип сүйүштү билет. Анын байыркы искусствосу, архитектор, сүрөтчү, акындарынын чеберчилиги назик сүйүү жана баатырдык назиктик менен сугарылган.

Ооба, маданият мас кылат. Грузиндер шарапты ичи кууш, узун кумураларга куюп, орого көмүп сакташат. Бул грузин маданиятынын прототиби: жер өз коюнунда анын ичке, бирок көркөм салттарын, күжүлдөп ачыган калыбында, буруксуган идиш жытын жоготпой сактап келет.

Маданияттын акыл-эстүү маалыматтарынан, топтолгон байлыктарынан алып салууга болбой турган нерсе – бул мас абалдын руху, ички ачытманын сырдуу натыйжасы: жерге көмүлгөн ичке чопо карападагы шарап.

Орус маданияты эч качан Грузияга өз баалуулуктарын таңуулаган эмес. Аймактын орусташуусу эч качан административдик жашоо чегинен ашпаган. Өткөн кылымдын башында Воронцов-Дашков башында турган орус администраторлору аймактын экономикалык жашоосун талкалап, коомчулукту кысымга алып, бирок каада-салттарына, күнүмдүк жашоосуна таасир эте алышпаган, бул аларды сыйлоого айласыздан мажбур кылган, ал эми Грузияда маданий орусташтыруу жөнүндө эч кандай сөз болгон эмес.

Ошондуктан Грузиянын улуттук жана саясый өзүн-өзү аныктоосу, советтештирүүгө чейин жана андан кийин экиге бөлүнгөн грузин маданияты-искусствосу үчүн өзүнө болгон берилгендиктин сыноосу болушу керек эле. Грузияны сүйүү менен бир кылым бою байкап келген маданий Орусия азыр өзүнүн маданий чакырыгына чыккынчылык кылууга даяр өлкөгө тынчсыздануу менен карайт. Грузин искусствосунун маңызы ар дайым Грузиянын Чыгышка багытталышында болгон, бирок Грузия эч качан Чыгыш менен бириккен эмес, андан өзүнчө болгон.

Мен грузин маданиятын декоративдик маданият катары эсептейт элем. Келгиндин кенен жана толук дүйнөсү менен чектешип, алар негизинен анын үлгүсүн өздөштүрүшөт, ошол эле учурда күчтүү коңшу аймактардын душмандык табиятына катуу каршылык көрсөтүшөт.

Азыр Грузияда кыңкыстаган кыйкырык угулат: "Чыгыштан – Батышка! Биз азиаттар эмеспиз – биз европалыктарбыз, париждиктербиз!" Грузин көркөм интеллигенциясынын аңкоолугу таңгалтырат!.. “Чыгыштан кетүү керек!” — мындай чакырык грузин искусствосунда дайыма болуп келген, бирок орой ураан менен эмес, жогорку көркөм формалдуу ыкмалар менен чечилген.

Тифлистеги грузин живописинин улуттук музейине кириңиздер. Сиздер техникасы жана терең статикалык бейпилчилиги эски немис живописин эске салган катаал портреттердин узун катарын көрөсүздөр. Ошол эле учурда форманы тегиздикте кабыл алуу жана сызыктуу композиция (сызыктардын ритми) перс миниатюрасынын техникасынан дем алат.

Алтын фон жана кымбат баалуу алтын оюм-чийимдер өтө көп кездешет. Аты жок сүрөтчүлөрдүн бул иштери – грузин искусствосунун Чыгыштын үстүнөн болгон жеңиши жана алардын жанында жаңы грузин живописин туткундап жаткан, бир учурда Пикассо сындырган скрипканын бийлеген сыныктары түккө да татыбайт.

Бул скрипка – кечилдердин жасалма буюмдары сыяктуу эле нерсе: бир гана скрипка болгон, аны бир эле жолу сындырган, бирок бул Пикассонун бир бөлүгү! — деп сыныктар көрсөтүлбөй калган бир да шаар жок.

Тилдин жашоосу баарына ачык, ар бир адам сүйлөйт, тил кыймылына катышат жана ар бир айтылган сөз ага жаңы из калтырат. Живопись тилинин өнүгүшүнө байкоо салуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктү бизге жарнамалар, атап айтканда, Тифлис жарнамалары, көз алдыбызда өсүп жаткан Пиросманошвилинин күчтүү искусствосу берет.

Нико Пиросманошвили жөнөкөй жана сабатсыз жарнак сүрөтчүсү болгон. Ал клеенкада үч түстө — охра, жашыл жер жана кара сөөк (бардык боз түстөр) менен жазган. Анын кардарлары, Тифлистин жарнак ээлери, кызыктуу сюжетти талап кылышкан жана алардын талабын аткарган. Анын бир сүрөтүндө мен өз колу менен жазылган колтамгасын окудум — «Шамил өз күзөтчүлөрү менен» (орфографияны сактоо менен).

Анын «сабатсыз» (анатомиялык эмес) арстандардын, денеси адам сыяктуу укмуштуудай төөлөрдүн фигуралары жана тегиздикти түстөрдүн күчү менен багындырган чатырлардын улуулугуна таазим кылбай коюу мүмкүн эмес. Эгер француздар Пиросманошвили бар экенин билишсе, Грузияга келип живопись боюнча билим алышмак. Айтмакчы, алар жакында билишет, анткени начар көзөмөлдүн айынан анын буюмдарынын дээрлик баары чет өлкөгө чыгарылып кеткен.

Европалык баалуулукка ээ азыркы грузин искусствосунун дагы бир көрүнүшү – акын Важа Пшавела. Ал Билим берүү Элдик Комиссариаты тарабынан кайра-кайра басылып чыгарылып жатат, жаш Грузияда Важа Пшавеланын культу сыяктуу бир нерсе пайда болгон, бирок Кудайым-ай, анын жаш грузин поэзиясына түздөн-түз тийгизген таасири канчалык деңгээлде чектелгенин айтпа!..

Бул Грузияны каптап кирип, бак-дарактарды тамыры менен жулган сөздөрдүн чыныгы бороону:

Силердин жолугушуулар – тынчтык адамдары,
Жоокерлерге окшобогон,
Кара чачтуу душманга темир сугунтуп,
Бак-дарактарды ордунан козгогон.

Анын эпикалык улуулугу дээрлик орто кылымга татыктуу поэмалардын образдуулугу – стихиялуу. Алардын ичинде материалдуулук, сезимталдык, дегеле жашоонун өзү кайнап турат. Ал айткан нерселердин баары өзүнөн-өзү образга айланат, бирок ага сөз жетишсиз. Ал аны грузин фонетикасынын ансыз да кумарлуу темпераментин кеңири колдонуп, тиши менен жулуп алып жаткансыйт.

Жаш грузин поэзиясы Важа Пшавеланы бороон сыяктуу көтөрүп чыгып, эми анын мурасын эмне кыларын билбей турат.

Учурда аны Тифлисте резиденциясы бар "Көк мүйүздөр" тобун колдоого алып келет. Алардын башында Паоло Яшвили жана Тициан Табидзе турат.

«Көк Мүйүздөр» Грузияда көркөм өнөрдүн эң жогорку чеги катары урматталат, бирок аларга кудайдын өзү сот. Француз модернизмине кулдук уруп тарбиялангандыктан жана аны орус котормолору аркылуу экинчи колдон кабыл алгандыктан, алар өздөрүн жана окурмандарын Бодлердин риторикасы, Артур Рембонун тайманбастыгы жана жөнөкөйлөштүрүлгөн демонологиясы менен арзан ыракатка бөлөшөт.

Булардын баары үстүртөн күнүмдүк жашоонун экзотикасы менен ачытылган. Акыркы жыйырма жылдагы орус поэзиясынын аябагандай гүлдөп-өнүгүүсү аларды кыйгап өттү. Биз үчүн алар Пенза же Тамбов сыяктуу… Аларга талашсыз таасир эткен жалгыз орус акыны — бул Андрей Белый, чет элдиктер үчүн ал мистикалык орус Вербицкая.

Грузин адабиятынын консервативдүү башка агымынын таптакыр өз өңү жок. Ал жерде адабий жашоо өзгөчө ызы-чуу жана кыйкырык, көптөгөн талаш-тартыштар, уруштар, банкеттер, бөлүнүүлөр менен коштолот. Бул ызы-чууну сүрөтчүнүн арстандай күркүрөгөн үнү баса албайт: “Силер Батыш да, Чыгыш да эмессиздер, Париж да, Багдад да эмессиздер; сиздердин искусствоңуздар, көркөм салтыңыздар тарыхый жериңерге терең сиңген. Шарап эскирет — анын келечеги ушунда, маданият күжүлдөп ачып турат — анын жаштыгы ушунда. Жерге көмүлгөн кууш чопо кумурадагы искусствоңуздарды сактаңыздар!”

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз