Роулд Даал: Пансион[1] ээси

  • 22.11.2024
  • 1223

АҢГЕМЕ

Билли Уивер жай жүрүүчү күндүзгү поезд менен Лондондон чыкты, Редиӊден поезд алмаштырып, Баазга жеткенче кечки саат тогуз болуп кетти – бекеттин бет маӊдайындагы үйлөрдүн үстүнөн ачык асмандан кылайып ай көтөрүлдү. Кышкы түндөгү ит өлгүдөй суукта муз устарадай болгон шамал жаак сыдыра аймалайт.

– Кечиресиз, – деди ал эшик тоскон кызматчыга, – жакын жерде чөнтөккө чак мейманкана барбы?

– “Коңгуроолуу ажыдаарга” тийип көрүӊүз, – деп жооп берди эшик тоскон кызматчы, жолду көрсөтүп. – Орун бар болуш керек, мындан жарым чакырымдай жерде.

Билли ыраазылыгын билдире жагданын[2] алып, “Коңгуроолуу ажыдаарды” көздөй кадам шилтеди. Анын Баазга келгени – биринчи жолу, же бир тааныш-билиши болсочу. Болгону Лондондун Башкы кеңседе иштеген Гринслейд мырза “бул шаарды ажайып шаар” деп мактаган жайы бар. “Адегенде баш калка таап ал, – деген ал, – жайгашып алгандан кийин ишкананын өкүлү менен байланышарсың”.

Өзүн шайдоот алып жүргөн он жети жаштагы Биллинин үстүндө – кочкул-көк пальто, күрөӊ кемсел, башында – күрөӊ кийизден баш кийим. Акыркы күндөрү ал баарын кылдаттык менен жасаганга далалат кылып келет. Оюнда бардык ийгиликтүү ишкерлердин негизги сапаты шайдооттук деп билет. Башкы кеңседеги аткаминерлер ишке бүйрө, жүүнү тирүү немелер боло турган, бир сөз менен айтканда – жан бүткөндөн башкача жандар эле.

Билли бараткан кең көчөдө дүкөн аттуудан дайын жок экен, эки тарабында каз катар тизилген окшош үйлөр. Түркүктөрү тирелген кире бериштеги төрт-беш тепкич аземдүү эшиктерге жетелеп барат, үйлөрдүн сырткы жасалгасында сөз жок, керемет тим эле. Анткен менен эшик-терезелери кетилип, эшик алдындагы ала-теле сырдалган жыгач тосмолор жарылып, сынынан кеткени караңгыда да байкалат.

Билли көчө чырактарынын жарыгы тийген беш-алты кадам алыс эмес терезедеги “түнкү жатак нанүштөсү менен” деген жарыяга капысынан көзү түштү. Жазуунун астында турган карапалардагы гүлдөй баштаган хризантема гүлдөрү бажырайып, көз жоосун алат.

Билли кадамын жайлатты. Жашыл баркыт парданын ортосундагы гүлдөр терезеге ансайын көрк кошот. Ал жакындап келип, терезеден мойнун созуп бөлмөгө көз жүгүрттү, адеп көзүнө урунганы таш очокто жалындап күйгөн от болду. От жанындагы килемде тумшугун толорсугуна каткан сүйкүмдүү такса[3] уктап жатат. Бөлмө күңүрт караңгы болсо да, ыӊгайлуу коюлган эмеректерге толгонун көрдү – чакан рояль, чоң диван, жумшак креслолор, бир бурчта капаста чоң тоту куш отурат. “Үй ичинде үй жаныбарларынын болгону – жакшы жышаан”, – деди ичинен Билли, дегинкиси, капкайдагы “Коңгуроолуу ажыдаарга” караганда ушул жер жайлуу конолго[4] болчудай сыягы.

Бир жагынан алганда, пансионго караганда мейманкананын алда канча артыкчылыктары бар. Кечкисин сырадан ууртап коюп, көңүл ачканча тааныштар менен сукбатташса болот, анан калса арзан дагы. Буга чейин бир-эки курдай мейманканага конуп калган жайы бар, жаккан. Пансионго жатпаптыр, чынын айтыш керек, бир аз кооптонуп турчу. Ушул сөздү айтканда ач көздөнгөн пансион ээси көзгө элестеп, чыктуу капуста, конок бөлмөдөгү ышталган балык жыты уруп турат. Билли эки-үч мүнөт суукта ушул ойлордун жетегинде олку-солку болуп, “Коңгуроолуу ажыдаарга” бир тийип, анан акыркы чечим кабыл алууну туура көрө бурулуп жөнөдү.

Ушул учурда таң калычтуу бир нерсе болду. Ал артка кадам таштап, терезеден бурулуп кетер замат ошол жердеги “түнкү жатак нанүштөсү менен” деген кичинекей жазуудан көзүн тарта албады. “Түнкү жатак нанүштөсү менен, түнкү жатак нанүштөсү менен, түнкү жатак нанүштөсү менен”. Бул сөздөр бакырайган кара көздөй аны теше тиктеп, үйдөн кетпөөгө аргасыз кылган ордунда матап турду. Бир караса, терезеден тепкич менен эшикти көздөй жылып, коңгуроого колун созуп баратыптыр.

Коңгуроону басты. Алыскы бөлмөдөн коңгуроо үнү угулду, анан дароо колун тартып үлгүрө электе эшик ачылып, босогодо бир аял туруп калды. Адатта коңгуроону баскандан кийин эшик ачылганга чейин жок дегенде, бир тыным күтүүгө туура келет, бирок бул аял кутудан чыга калган шайтандай болуп эшиктин коңгуроосун басар замат бет маңдайында пайда болду! Билли эси чыкканынан артка кетенчиктеди.

Баш-ороюна караганда кырк беш, элүү жаштагы аял меймандос кабыл алып:

Кириңиз, – деди жагымдуу үн менен. Аял эшикти кенен ачып, окчундай берди, Биллинин буттары өзүнөн өзү алдыга жүткүнө кадам шилтеди. Аялдын артынан үйгө кирүү каалоосу богогунан ашып турду, бирок өзүн тизгиндеди.

– Терезедеги жарыяны көрүп калганымдан… – деди ал.

– Ооба, билем.

– Жатканга бир орун болсо дегеним.

– Бардыгы сиз үчүн даяр, садагасы, – деди кызарган жүзү болмочунан келген, көгүш көздөрү менен кишинин ичин аңтара тиктеген аял.

“Коңгуроолуу ажыдаарга” барып көрсөмбү дедим эле, – деди Билли, – анан терезеңиздеги жазууну көзүм чалып калды.

– Мырзам, – деди ал мээримдүү, – суукта турбай ичкери кирсеңиз.

– Канча аласыз бир түнгө?

– Бир түнгө алты ширлиң беш пенс, эртең мененки тамагы ичинде.

Бул түшкө кирбеген баа эле, төлөйүн деген акчасынын жарымынан аз болучу.

– Эгер бул сизге өтө эле кымбат түшсө, – деп кошумчалады ал, – бир аз арзандатып бере алам. Нанүштөгө жумуртка жей бересизби? Азыр жумуртка кымбат. Жумурткасыз алты пенске арзан болот.

– Бардыгы ойдогудай, кабатыр болбоӊуз, – деп жооп берди ал. – Ушул жерде калам.

– Ошондой болорун билгем. Кириңиз.

Ушу тапта бул аял Биллиге мектепте моюндаш өскөн, жыты сиңген досунун энесиндей, муну бүгүн Иса пайгамбардын туулган күнүнө конокко чакыргандай мээримдүү көрүндү. Билли баш кийимин чечип, астананы аттады.

– Мында илип коюңуз, – деди ал, – бериңиз үстүӊүздү, илип коёюн.

Кире бериште башка баш кийим же илинген күрмө жок болчу. Же бир кол чатыр, таяк болсочу, караманча эч нерсе жок.

– Өзүбүзгө керектүүнүн баары бар, – деди ал тепкич менен көтөрүлүп баратып ийнинен бурулуп жылмая. – Көрдүңүзбү, кичинекей уяма коноктор көп келе бербейт.

“Кызыктай кемпир экен, бирок мындай бааны жети түндө сыйпаласаң да таппайсың”, – Биллинин ичинен ойлогону ушул болду.

– Эшигиңиздин алды түнөп кеткиси келгендерге толуп кетмек беле дегеним, – деди ал сылык-сыпаа.

– Негизи ошондой, болгону бир аз кучунашым кармап кетет, анан көрүнгөндү киргизе бербейм. Эмнени айткым келгени айкын болсо керек?

– Аа, ооба.

– Бардыгы шайма-шай. Бул үйдө жаш мырзаны кабыл алууга күн-түн дебей баары даяр. Эшикти ачканда бет алдыңда сага керек адам турганын көргөндө, маңдай жарылгыдай кубанычтын кучагында каласың.

Аял тепкичтин ортосуна жетип, бир колу менен тосмону кармап, кубарган эриндери менен ага карап жылмайып койду.

– Сизге окшогон, – деп кошумчалап, көк көздөрү менен Биллинин бүткөн боюн башынан бутуна чейин акырын карады.

Экинчи кабатка чыкканда:

– Бул кабат меники, – деп койду.

Башка бөлүгүнө өткөндө:

– Ал эми бул жагы толугу менен сизге таандык, – деди аял, – мына, бул сиздин бөлмө, сизге жагат болуш керек.

Аял аны бет маңдайдагы чакан, көзгө сүйкүм уктоочу бөлмөгө алып кирип, жарыкты күйгүздү.

– Эртең менен күн дароо тийет, Перкинс мырза. Сиздин атыңыз Перкинспи?

– Жок, – деди ал. – Уивер.

– Уивер мырза, кандай жакшы ат. Шейшепке ысык суу бөтөлкө коюп койдум, жылуу жатасыз, Уивер мырза. Чоочун төшөктө ысык суу бөтөлкө коюлган таза шейшепте жаткан ыракат эмеспи?! Үшүйм десеңиз, газды каалаган учурда күйгүзүп коёсуз.

– Ыракмат, – деди Билли. – Сизге чоң ыракмат.

Ал керебеттеги жабуу алып салынганын, шейшептин өӊүрү бир жагына ачылып, кимдир бирөө жатканга даярдалганын байкады.

– Сиздин келгениңиз ырас болбодубу! – деди аял, анын жүзүнө олуттуу карап. – Болбосо тынчым кете баштаган.

– Бардыгы жайында, – Билли ишенимдүү жооп берди. – Мага кам санабаңыз.

Ал жагданын отургучуна коюп, ача баштады.

– Кечки тамакты кандай кылалы, чырагым? Бул жакка келерде бир нерсе ала келсеңиз болсок экен.

– Ачка деле эмесмин, ыракмат, – деди Билли. – Азыр эле жатам го, эртең эрте туруп, кеңсеге барышым керек.

– Макул анда. Жайланыша бериңиз. Жатар алдында биринчи кабаттагы конок бөлмөдөгү конок китепке кол тамгаңызды коюп берсеңиз жакшы болот беле? Мыйзам талабы ушундай, бул жагынан мыйзамды бузбаганыбыз жөндүү го дейм?

Аял колун булгалап, кадамын тез-тез шилтеп чыгып баратып эшикти жаба кетти.

Эми үй ээсинин адеп учурашкандагы абалы Биллини анчалык бейпайга салбай калды. Бир караганда аялдын баёолугунда сөз жок, ак жүрөк, кең пейил жан окшойт. “Ал, балким, согушта уулунан айрылгандыр, же ушул сыяктуу оор окуя башынан өткөндүр” деген ой сызып өттү. Бир аз убакыттан кийин жагданын ачып, колун жууган соң тепкич менен ылдый түшүп, конок бөлмөгө кирди. Үй ээси көрүнбөйт, бирок таш очокто от чатырап күйүп жатыптыр, ал эми кандек өз ордунда уктап жаткан экен. Бөлмө куркулдайдын уясындай жыпжылуу, ары жайлуу экен. “Жолдуумун негизи, – деп ойлоду колун сүртүп. – Баары мен ойлогондой”.

Ал рояль үстүндө ачык турган конок китепчесин таап, калемин алып чыгып, атын, дарегин жазды. Китепти колуна алып барактаса, жогору жагында эки гана жазуу бар экен. Бири – Кардиффтен келген Кристофер Малхолланд, экинчиси – бристолдук Грегори У. Темпл.

“Кызык, – деген ой келди капыстан. – Кристофер Малхолланд. Тааныш ысымдай. Өзгөчө бул ысымды каяктан укту эле, каран калгырдыкы? Бир мектепте окушкан эмес беле? Жок. Эжесинин жигиттериненби же атасынын досу беле? Жок, жок, андай эмес”. Китепке кайра көз чаптырды.

Кристофер Малхолланд, Каседрал көчөсү, 231-үй, Кардифф.

Грегори У. Темпл, Сикамор өткөөлү, 27-үй, Бристоль.

Чындыгында экинчи ысым биринчисиндегидей тааныш сезим жаратпаганына ишенгиси келген жок.

– Грегори Темпл? – чекесин тырыштыра үнүн чыгара айтты. – Кристофер Малхолланд?..

– Кандай сонун жигиттер, – деген үн артынан чыкканынан бурулуп караса, чоң күмүш чай табакты көтөрүп бараткан үй ээсин көрдү. Ал батынысты чалпоо атты суулуктагансып жогору кармап алган экен.

– Эмнегедир тааныш аттар, – деди Билли.

– Коюңузчу? Кызык.

– Бул ысымдарды бир жерден укканыма бөркүмдөй ишенем. Таң калычтуу, чынбы? Балким, гезиттен окугандырмын. Атактууларбы же? Айтайын дегеним – атактуу крикетчилер же футболчулар же ушул сыяктуу бирөөлөрдүр?

– Атактуулар? – чай табакты дивандын жанындагы жапыз үстөлгө коюп жатып сурады. – Каяктагы атактуулар дейсиз? Бирок экөө тең солкулдаган мырза болучу, ооба. Экөө теӊ сиздей шыңга бой, жаш десеӊ жаш, өң десеӊ өӊдөн айткан жигиттер эле.

Билли китепке дагы бир ирет көз чаптырды.

– Карасаӊыз, – деди ал, күндөрдү көрсөтүп. – Акыркы ирет эки жыл мурда жазылган экен.

– Чындап?

– Ооба, чынында. Ал эми Кристофер Малхолланддын жазганы мындан бир жыл – дээрлик үч жыл мурун жазылган.

– Садагам, – деди ал үшкүрүнө башын чайкап. – Ойго келбегенин карасаң. Убакыт учкан куштай бизден зымырап барат, ыя, Уилкинс мырза?

– Уивер, – деп Билли түзөтүп койду. – У-и-в-е-р.

– Ооба, албетте, ошондой! – деп көз жашы кыла диванга отурду. – Мен куруюн, мен куурагырды кечиргейсиз. Бир кулактан кирсе, экинчисинен чыгып кетет, Уивер мырза.

– Сиз бир нерсени билесизби? – деди Билли. – Мында бир таң калычтуу нерсе бар.

– Жок, карагым.

– Байкасаңыз, Малхолланд менен Темпл экөө бири бири менен тааныш гана болбостон, экөөнү байланыштырган бир нерсе бардай. Экөө тең бир багыт боюнча белгилүү болушкан. Маселен, Демпси менен Танни, Черчилл менен Рузвельт сыяктуу.

– Кызык экен, – деди аял. – Келиңизчи мында, диванга жаныма, жатар алдында имбирь пирогу менен чай ичели.

– Мен үчүн курулай убара болдуӊуз да, – деди Билли. – Камтама болбоңуз.

Билли роялдын жанында карап туруп, чөйчөктөр менен убараланып жаткан аялдын тез кыймылдаган кичинекей тумсак[5] колун, кызыл тырмагын байкады.

– Экөөнү гезиттен көрүптүрмүн, – деди Билли. – Азыр эстейм. Сөзсүз эстейм.

Эс тутумдун чек арасында айланып, тилинин учунда турганды эстей албагандан өткөн кыйноо жок. Ал багынганды жаман көрчү.

– Бир мүнөт, – деп күбүрөндү. – Бир мүнөткө күтө туруңуз. Малхолланд… Кристофер Малхолланд... Батыш чөлкөмдү жөө кыдырган Итон мектебинин окуучусу эмеспи, анан күтүлбөгөн жерден...

– Сүт менен? – деди аял. – Шекер менен?

– Ооба, анан күтүүсүздөн…

– Итон мектебинин окуучусубу? Жок, мырзам, андай болушу мүмкүн эмес, анткени Малхолланд мырза Итондо окуган эмес. Мага келгенде Кембридждин бүтүрүүчүсү. Келиңиз, жаныма отуруңузчу, жарыктык оттун табына жылыныңыз. Келиңиз, чайыңыз даяр.

Аял дивандагы бош орунду алаканы менен таптап, чакыргандай жылмайды.

Билли бөлмөнүн ортосунан акырын өтүп, дивандын четине коомайлана көчүк басты. Аял жигиттин алдына чөйчөктү жылдырып койду.

– Мына, эми окшошту, – деди аял. – Кандай сонун, куркулдайдын уясындай жыпжылуу, ээ?

Билли чайынан ууртады. Аял дагы ошентти. Жарым мүнөткө жакын экөө унчукпай калышты. Билли өзүн карап жатканын билди. Аялдын тулкусу аны жарым-жартылай караган боюнча катып калгандай болду, чөйчөктүн эрдөөсүнөн[6] ашыра теше тиктеген көздөрүн сезип турду. Бир тынымдан соң андан чыккан өзгөчө жыттын илеби келди таноосуна. Көңүл куйкалагыдай деле жагымсыз эмес, бирок бир нерсени эске салгандай… Эмне экенин эстей албай башы маң. Туздалган жаңгак? Жаңы ашатылган тери? Же оорукананын дары жыттуу кире беришиби?

– Малхолланд мырза чайкор адам болчу, чайды жантыгынан жата калып ичкен андай жанды көргөн эмесмин, – деп аял жымжырттыкты бузду.  

– Чагымда, ал жакында эле кетсе керек? – деп сурады Билли. Түкшүмөлдөп жатып бул экөөнүн ысымын гезиттен көзү чалганы мээсине тык эте түштү.

– Кетти дейсизби? – дегенде кашы серпиле түштү. – Чырагым, ал эч жакка кеткен эмес, бул жерде. Темпл мырза дагы мында. Төртүнчү кабатта, экөө тең чогуу эс алышууда.

Билли чөйчөгүн акырын үстөл үстүнө коюп, үй ээсин тиктеди. Аял ага жооп кыла жылмайып, анан тумсак колу менен жоошуткандай тизесине чапкылап койду.

– Канча жаштасың, желаргым? – деп сурап койду аял.

– Он жети.

– Он жети? – ыйламсырагандай үн менен сурады. – Бышып турган маалыңыз экен да! Малхолланд мырза да он жетиде болчу, жаратылыштын жашыл ыраңындай жигит эле. Ал сизге караганда саал аласа[7] бойлуу, тиштери анчалык аппак эмес болчу. Уивер мырза, сиздин тиштериңиз күрүчтөй экенин билчү белеңиз?

– Сырты жалтыраган менен ары жагы жакшы эмес, – деп жооп берди Билли. – Тиш доктурдун колу тийбеген азуум аз.  

– Темпл мырза, албетте, бир аз улуураак болчу, – деди ал, Биллинин сөзүнө көңүл бурбай. – Өзү мага айтпаса, анын жыйырма сегиз жашта экенин билмек эмесмин. Денесинде бармак басымдай так болсочу, тим эле ымыркайдыкындай.

– Эмне? – деп сурады Билли таң кала.

– Анын териси ымыркайдыкындай болчу дейм.

Кайра үн дебей калышты. Билли чөйчөгүн колуна алып, бир аз ууртап талиңкесине акырын коюп, үй ээсинин оозунан бир нерсе чыгышын күттү, аял өтмүшүн эстегендей тунжуроого чөгүп кеткендей болду. Билли астыңкы эрдин тиштей бөлмөнүн бурчун тиктеп отурду.

– Тоту куш, – деди ал акыры. – Билесизби бир нерсени? Терезеден алгач аны көргөндө келекелебедиби мени. Майнеке болоюн, адеп аны тирүү деп ойлоптурмун.

– Жоок, ай.

– Чебердин колунан билгичтик менен чыккандыгы көрүнүп турат. Мына-мына сүйлөп жиберчүдөй тим эле. Ким жасады?

– Мен.

– Сиз жасадыңызбы?

– Албетте, менин кичинекей Базилим менен тааныштыңызбы? – аял таш очоктун жанында оролуп жаткан таксаны көздөй ээк шилтеди. Билли жакшылап караса, иттин тоту куштай кыймылсыз жатканын ошондо билди. Колун сунуп акырын сылайын дегенде таштай катуу, муздак соорусу колуна урунду, жүнүн ачып караса, түбүндөгү бозомук-каралжын тарткан териси кургак, жакшы сакталган экен.

– Шумдугуӊ кур, – ал бурулуп, диванда жанында отурган кичинекей аялга терең суктануу менен карады. – Чынында мындай нерсени жасаган өтө кыйын болуш керек.

– Анчалык деле кыйындыгы сезилбейт, – деп жооп берди аял, – жайрап калган[8] бардык сүйүктүүмдүн кебин жасап коём. Чай ичиӊиз?

– Жо, ыракмат, – деди Билли. Чай бир аз ачуу кермек бадам даамданганынан жага бербеди.

– Китепке кол койдуңузбу?

– Ооба да.

– Эӊ сонун. Кийинчерек атыңызды унутуп калсам, ушул жерге түшүп, улам карап турганга... Мен азыркыга чейин күн сайын Малхолланд мырза менен… мырзаны, ким эле, атыӊ өчкүр?

– Темпл мырза, – деп эсине салды Билли, – Грегори Темпл. Ашыкча суроом үчүн кечиргейсиз, экөөнөн башка акыркы эки-үч жыл ичинде башка эч ким келген жокпу?

Чөйчөгүн жогору көтөрүп, башын бир аз солго бура көзүнүн кыйыгы менен карап, кытмыр жылмайып койду.

– Жок, жарыгым, – деди аял, – Сиз эле келдиӊиз.

Иңглиш тилинен которгон Эрмек Шоруков

2024-жылдын 21-ноябры

Котормочудан кыстырма: Роулд Даал (1916–1990) – XX кылымдагы иңглиш адабиятын дүйнөгө тааныткан теги норвегиялык жазуучу, жомокчу, сценарист, публицист, акын жана учкуч. Анын ысымы Кеннет Грэм, Клайв Люис, Жон Толкин, Жоан Роулиң сыяктуу жомокчу жазуучулардын катарында турат. “Чарли жана шоколад фабрикасы”, “Матилда”, “Жеймс”, “Жезкемпирлер”, “Гигант шабдаалы”, “Фантастикалык Фокс мырза” сыяктуу белгилүү чыгармаларын жараткан.

Роулд Даалдын чыгармаларынын өзгөчөлүгү – каармандардын сөзү аркылуу окуя өнүгүп, окурман күтпөгөн окуяларга, финалга карк. Автор жеке кызыкчылык, эки жүздүүлүк, жалкоолук, ач көздүк, көрө албастык өӊдүү адамдын терс сапаттарын алдыга алып чыгат. Анын кыска психологиялык аӊгемелеринде детективдин элементтери кездешет, окурманга жакшылыктын же жамандыктын жеӊгени белгисиз болуп, окуянын аягы табышмактуу бойдон калганы менен айырмаланат.

Анын чыгармалары 68 тилге которулуп, дүйнө жүзүндө чоӊ талап менен окулат.

[1] пансион (латын тилиндеги pensio “төлөм, ижара акы” деген сөздөн) – Улуу Британиядагы үй түрүндөгү мейманкана.

[2] жагдан – чемодан.

[3] такса – Түштүк Германиядан чыккан бекене бойлуу аӊчы ит тукуму.

[4] конолго – кончу жер, жай.

[5] тумсак – жумуш кылбаган, ак кол.

[6] эрдөө – идиштин кыры.

[7] аласа – жапыз, бекене.

[8] жайрап калуу/жайроо – өлүү, акка моюн сунуу.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз