
(адабий талдоо)
Котормочу Аман Токтогулов авар элинин улуу акыны Расул Гамзатовдун белгилүү “Мой Дагестан” аттуу эссесин таржымалдагандан мурда акындын: “От жүрөктүн үшкүрүгү жалындуу”, “Канжар жана комуз”, “Хочбар жөнүндө баян”, “Себет жөнүндө уламыш” деген бир канча ырларын кыргызчага которгон. Демек, Гамзатовдун стилин, жазуу манерасы менен тааныш, совет доорундагы окурмандарга белгилүү болгон чыгарманы кыргызчага которгонго жакшы даярдык менен киришкен деп айтууга болот.
Орус элинин таланттуу акыны, котормочу жана адабиятчы Корней Чуковский “Бийик искусство” деген эмгегинде көркөм котормону искусствонун бир бөлүгү, өзүнчө жанр катары карап, көркөм котормочунун ролуна минтип баа берет: “Жакшы котормочу кол өнөрчү же көчүрмөчү эмес, ал сүрөткер. Котормочу баарынан мурда – талант”. Аталган повест 50 жолу массалык басылышта жарык көрүп, дүйнөнүн 39 тилине которулгандыгы чыгарманын баасынан кабардар кылат.
Р.Гамзатов көбүнчө ыр жазган, поэзиянын мыкты үлгүлөрүн калтырган классик акын. Ал эми бул чыгармасы кара сөз менен эссе түрүндө жазылган. Эссе-повест аталганы да бекеринен эмес. Акынга чын эле кайсы бир гезиттен сунуш түшкөнбү же муну өзү ойлоп тапканбы – кандай болбосун, китептеги кириш сөз ордуна жазылган ой толгоолор, ой жүгүртүүлөр, ой санаалар бири-бири менен өзөктөш, тамырлаш. Китепти ачарыңыз менен пролог катары “Каалгадагы” жазуудан бир куплет ыр менен устатым деп урматтаган аварлык карыя акын Абуталибдин сөзүн окуйбуз. Чыгарманы кыргыздын чыгаан акыны, таланттуу котормочусу Аман Токтогулов таржымдалаган.
Путник, если ты обойдещь мой дом,
Град и гром на тебя, град и гром!
Гость, если будещь сакле моей не рад,
Град и гром на меня, гром и град!
О, жолоочу сен табарсың пейлиңен
Биздин үйгө бир кайрыла кетпесең,
Жок, болбосо мен табайын пейлимен.
Үйгө келип ызат-сыйга жетпесең.
Котормочунун адабий табитинин жогорулугу, котормочулук өнөрүнүн бышып жетилгенинен жана алдыда айтылар ойдун башаты менен аягын илгерилетпей туя алган, сезе алган сезимталдыгынан үйгө келген конок менен үй ээсинин мейманга жасаган мамилесинин кандайлыгы, өткөн менен кеткендин, келечек менен учурдун байланышы сезилип, билинип турат.
Так ушул ойду бекемдеп, авторду бир куплет ыр жазганга мажбурлаган Абуталибдин төмөндөгү фразеологиялык ширешмеси болчу.
Абуталиб сказал: Если ты выстрелищь в прошлое из пистолета, будущее выстрелит в тебя из пушки.
“Эгерде сен өткөндөгү (өткөндү болуш керек) тапанча менен ата турган болсоң, келечек сени замбирек менен атат.
“У всякой хорошей книги должно быть такое вот начало, без длинных оговорок, без скучного предисловия. Ведь если быка, пробегающего мимо, не успеещь схватить за рога и удержать, то за хвост его уже не удержищь (стр 7). “Ар бир жакшы китептин башталышы да тигини-муну бабырай бербей, кириш сөзү менен эле кишини жадатып албай, жыйнактуу болуш керек. Жаныңан өтө берген буканы мүйүзүнөн шап кармап калбасаң, куйругунан кармап токтото албайт эмессиңби. (7-бет)” Р.Гамзатовдун стилине мүнөздүү чеберчилиги бир сүйлөм, деталь же окуя жазса, анын турмуштук мисалдар, учкул кептер же макал-ылакаптар же эл оозунан алынган уламыш-легендалар менен салыштырып айтат, маанисин тереңдетип кооздоп айтат, тагырагы, сөздүн таасирдүүлүгүн күчөткөнгө уста.
Автор китеп жазгандар үчүн бүткүл элде салтка айланган китепке кириш сөз жазуу деген сөздүн терегинде акыл калчайт. Ал өз атасы менен Абуталибдин айткандарына, айылындагы карыялардын, аварлыктардын эс-акылына, көз карашына таянат. “Тоолуктарда: “Канжарды керексиз жерде сууруба. Кокус суурудуңбу – ур! Урганда да, бир шилтегенде өзүн да, атын да жайлагандай кылып ур”, – деген кеп бар. (10-бет) “Горцы говорят “Не вынимай кинжал без надобности. А если вынул – бей! Бей так, чтобы сразу убить наповал и всадник и коня. (стр9)”
“Атам айтчу эле: Кырдан бери ашып келаткан койлорду күтүп турган кишилерге элден мурун эркечтин мүйүзү, анан эркечтин өзү, анан барып койлор көрүнөт. ( өзүн көрүшөт 12-бет) Чабарманды күтүп турган кезде, эл адегенде бозоруп көтөрүлгөн чаңды, анан атты, анан барып чабармандын өзүн көрүшөт. Уудан кайткан мергенчини күтүп турган кишилерге элден мурун анын тайганы көрүнөт” ( ушул эле бетте). Ушул сүйлөмдөрдү, ойлорду баары турмуш чындыгы, турмуш бүтүмү жана турмуштун “көзү менен сөзү”, буларды айтпаса чыгарма даамсыз, дармансыз болорун билет.
Р.Гамзатовдун айылы бийик-бийик көктү челген тоолордун кучагынан орун алып, жер-суу, ай, асман, жылдыздар менен киндиктеш, тоолуктар менен тамырлаш айыл. Тоолуктардын атам замандан келаткан өз салты, тарбиясы, адаты, жорук-жосуну, көз карашы, ой жүгүртүүсү, дүйнө таанымы, башка жактан келген адамга белгисиз тиричилигинин, жашоосунун сырлары бар. Бир ооз орус сөзүн билбеген атасынын айтканында жан бар. “Кириш сөз деген театрда менин астымда олтурган, далысы далдайган, анысы аз келгенсип, балпайтып бапак кийип алган кишиге окшошуп кетет. А киши тиякка бир, биякка бир кыйшактабай отурса да бир жөн эмеспи... (11-бет)
Чыгарма кайсы бир деңгээлде калем кармаган жаш калемгерлерге, ар кыл курактагы жазуучуларга, жалпы окурмандарга ыймандай сырын бөлүшкөн көркөм адабият тааныткычтай сезилет. Адатта илимий китептерде илимий, публицистикалык же академиялык, адабий тил менен баяндалса, мында поэтика менен прозанын жуурулушунан, эң башкысы, лирикадагыдай көркөм туюнтмалар жана көркөм сөз каражаттарынын өз ара синтезинен жаралган.
“Две вещи должен береч горец: свои папаху и свое имя. Папаху сбережет тот, у кого под папахой есть голова. Имя сбережет тот, у кого в сердце огонь” (стр 20). Тоолук адам бекем сактай турган эки нерсе бар: өзүнүн ысмы жана бапагы. Бапагынын алдында башы бар киши, бапагын сактап жүрөр. Ал эми ысымын жүрөгүндө оту бар киши сактайт” (24-бет).
Мына бул эпизод өзүнүн уникалдуу оюнун тереңдиги менен чыгармада өзүнчө бөлүнүп турат. Миллион-миллярдаган жылдарда адамдар жарыкчылыкка келет, жашоо мыйзамына жараша жашайт, өмүрүн өткөрөт, бирок өз ысымы эмнеге коюлду, анын баасы менен наркы жөнүндө баары эле ойлонобу? Кеп ошондо.
“Этому старцу передала меня мать, выйдя из другой комнаты. Я барахталься на руках у старца, а мать между тем говорила:
– Ты пел на своей свадьбе, держа в руках то пандур, то бубен. Песни твои были хороши. Какую песня ты споешь сейчас, держа в руках моего младенца?
– О женщина! Песни ему будешь петь ты, мать, качая его колыбель. А потом песни ему пусть поют птицы, реки. Сабли и пули тоже пусть поют ему песни. Лучщую из песен пусть споет ему невеста.
– Тогда назови. Пусть я, мать, пусть вес аул и весь Дагестан услышит имя, которое ты сейчас назовёшь.
Старец поднял меня высоко к потолку сакли и произнес:
– Имя девочки должно быть подобно сиянию звезды или нежности цветка. В имени мужчины должны воплощаться звон сабель и мудрость книг. Много имен узнал я, читая книги, много имен услышал я в звоне сабель. Мои книги и мои сабли шепчут мне теперь имя – РАСУЛ.” ( стр 21-22)
“Апам бөлөк бөлмөдөн чыгып келип, мени дал ошол абышканын колуна салат. Мен абышканын алдында эрбеңдеп жатканда, апам айтыптыр:
– Менин тоюм түшкөндө сен бирде колуңа пандур алып, бирде чалдырманың чалып ырдаган элең. Ырларың уккандын кумарын кандырган эле. Кана, азыр, менин ушул перзентимди колуңа алып, ырдоочу ырың барбы?
– О, зайып! Түн терметип бешигинин жанында отуруп, ырды энеси сен ырдайсың. Андан кийин ырларды түркүн куштар, агын суулар ырдап берсин. Мейли, бала учуру келсе кылыч менен октордун ырын да уксун. Ылайым ырдын эң жакшысын буга өзүнүн колуктусу ырдап берсин.
– Андай болсо ат кой балага. Сен айткан атты азыр энеси мен угайын, бүткүл айыл уксун, бүт Дагестан уксун.
Ошондо абышка мени саклянын шыбын карай өйдө көтөрүп, айткан экен:
– Кыз аты өзүнө ылайык жымыңдаган жылдызга, үлбүрөгөн гүлгө окшош болуу керек. Эркектин атынан кылычтын кыңгыр үнү менен китептердеги экимет угулуп тургандай болсун. Китептерди окуп, далай ысымдарды билдим, кылычтын кыңгыр эткен үнүнөн далай ысымдарды уктум. Менин ошол китептерим менен кылычтарым мага бир атты шыбырап жатышат, ал ат – РАСУЛ!”
Кыргызда деле балага ат койгондо, кулагына азан чакырып, жакшы тилек-ниет менен ат коюшат. Баланын өмүрүн, бакты-таалайын тилешет. Көркөм сөздүн кудуретин көрүңүз, энеси сен ырдайсың, түркүн куштар, агын суулар ырдап берсин деген тилекте табиятка жакын болсун, жаратылыш менен жолдош болсун, күнү-күнү келгенде кылыч менен октордун ырын да уксун дегени – Ата-журттун башына кыйын иш түшкөндө аны коргойт, душманга каршы күрөшөт, жерин жоого тебелетпейт, эр жигит Ата-журтун сактайт деген изги үмүт-тилек жатат.
Акындын бул чыгармасы чыгармачылык менен алпурушкандар үчүн табылгыс кенч, айрыкча чыгармачылыкка жаңыдан аралаша баштагандар үчүн окуу куралындай пайдалуу. Автор сөзүнүн тике жана кыйыр маанисинде ар тараптуу адабиятка байланышкан соболдорго жооп берип отурат. “Тема” деген бөлүмдө бир сүйлөм менен “Тема бергиле дебе, “көзүм жок, көз бергиле” – де!” деген бүтүмү, эгерде жазуучуда каалоо менен талант болсо, кандай тема болбосун майын чыгарат, оюн ачык, түз айтат, күргүштөгөн ойлордон тыпыйган, орундуу теманы табат. Ал жазуучунун эркине, жеке өзүнө таандык маселе эмеспи.
“Ой менен сезим куш болсо, тема – асман, ой менен сезим – бугу болсо, тема – токой, ой менен сезим – жолдор болсо, тема – ошол жолдор бара турган, барып кошула турган шаар.
Менин темам – Ата Мекеним. Мага аны издөөнүн да, тандоонун да кереги жок. Ата Мекенди биз тандап албайбыз. Ата Мекен башынан эле бизди тандап алган. Асмансыз бүркүт болбос, аска-зоосуз аркар жашабас, агымы күч, мөлтүр суусуз форель, аэродромсуз самолёт болушу мүмкүн эмес. Дал ошондой эле Мекенсиз жазуучу болбойт.”(86-бет)
Биздин темага түздөн-түз байланышкан бөлүмгө да токтоло кетпесек болбойт.
Книги, книги победы кровавые,
Разве знаещь, высоты беря,
Ты себя покрываещь славою
Или кровь проливаешь зря? (Перевёл Н.Гребнев стр 212).
Китептерим – түмөн түйшүк жемишим,
Билбейсиң – ээ, чоку көздөп баратып, –
Же өзүнө чыныгы даңк келишин
Же бирөөнү отурарың жадатып,
Талант өзүнөн өзү оргуштап, атак-даңк алып келбейт. Аны тынымсыз такшалдырып, чалыкпай издентип, талыкпай өстүргөн, улам-улам камчылап отуруп, бийиктиктерге жеткирген – эмгек. Автор китебинин беттен-бетке, бөлүмдөн-бөлүмгө өткөндө өзүнүн акындык тагдырын кантип жаратканын кыңгыратып айтып отурат.
Переводчик
“Я аварец, таковым родился другим мне не быть. Первые люди, которых я увидел, открыв глаза, были аварцы. Первые слова, которые я услышал были аварские. Первая песня, которые мне пропела над колыбелью мать, была аварская песня. Аварский язык сделался моим родным языком. Это самое драгаценное, что у меня есть, да и не только у меня, но у всего аварского народа (стр 222)”.
“Подстрочник – это изба, разобранная для перевозки. Это груда бревен, досок, кровельного железа, кирпича. Переводчик из этой бесформенной груды собирает новую избу. Если бревно подгнило, он его заменит, если доска потерялась в дороге, он поставит новую доску. Если обломались узоры у резного наличника, он подновит узор” (стр 224).
“Мен авармын, авар болуп төрөлгөм, башка болуум мүмкүн эмес. Көз ачып, биринчи көргөн кишилерим аварлар болду. Бешик терметип отурган энемден биринчи жолу уккан ыр да авар ыры эле. Авар тили менин эне тилим болду. Бул мендеги, мендеги гана эмес, бүткүл авар элиндеги эң кымбат нерсе го” (275-бет).
Котормонун ар бир сүйлөмү жеңил, түшүнүктүү кыргызча сүйлөмдөр менен, өз орду менен ушунчалык тыкан, иреттүү жана маңыздуу которулган. Ортосунан же башка беттерден которулбай калган абзац же сүйлөмдөрдү кездештире албайбыз.
“Сапма-сап котормо – ошо көчүрүп кетиш үчүн даярдап койгон үй сыңары. Үйдүн устундары, тактайлары, темир-тезеги, кирпичи. Котормочу үйүлүп жаткан ошолордон жаңы үй тургузат. Чирик устундары болсо алмаштырат, кокус жолдо жоголуп кеткен тактайлары болсо анын ордуна жаңысын салат. Эшик-терезелердин кырбуусундагы оюм жыгачтардын сынганы болсо кайра калыбына келтирет” (277-бет).
Ошентип, акырында айтарыбыз, Расул Гамзатовдун чыгармасы кыргызчага которулгандан кийин окурмандардын арасында талашып, колдон-колго өтүп, эң көп окулган китепке айланды. Аталган чыгарма улуттук адабиятыбыздагы көркөм котормонун эң мыкты үлгүлөрүнүн бири. Котормонун сапаттуулугунан өз эне тилибизде жазылгандай окулганы үчүн 1972–1973-жылдары “Кыргызстан”, 2004-жылы “Улуу тоолор” басмаканасынан кайрадан басылган.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996700532585 жана Оптимабанк-4169585341612561.
Адабияттар:
1. К.Чуковский, К.Высокое искусство [Текст] /К.Чуковский. - М.: Искусство.1964. – 6с.
1. Расул Гамзатов. Дагстан уламыштары, Кыргызстан басмасы 1982-жыл, 120 бет.
2. Расул Гамзатов. Мой Дагестан, 1-2 книга, Изд: ЦК ВЛКСМ “Молодая гвардия” 1972. стр 422.
3. Менин Дагстаным 1-2-китеп Расул Гамзатов / Р. Гамзатов Которгон А.Токтогулов. Б. ”Улуу тоолор” 2024. 528 б.
27.10. 2024-ж