АҢГЕМЕ
Жолдун эки тарабында тең тыгын көбөйүп, чоң-кичине, жүгү бар жүгү жок экенине карабай бардык машинелер токтотулуп жаткан эле. Ортодо эмне болуп кеткенин билгиси келип ашыккан шопур менен жүргүнчүлөрдүн саны уламдан улам көбөйүп баратты. Терезеден башымды чыгарып мени токтоткон жандармадан[1] сурадым:
– Эмне болуптур, иничек?
– Авария!
– Өлгөн киши барбы?
– Бир бала өлүптүр.
– Жарадарчы?
– Жарадар жок.
Оюма Йылдыз келди.
Катар-катар тизилгенде беш-алты камаз бата тургандай жайык, жайыкты камыштар менен курбакалардын үнү өчпөгөн дарыядан бөлүп турган мажүрүм талдар, билгендер үчүн шыпаалуу суусун ичмейинче өтпөгөн кичинекей булак, эки чоң мажүрүм талдын ортосундагы Йылдыздын соода жайы... Ооба, бул жер Йылдыздын орду болчу, бирок Йылдыз дагы, уулу дагы көрүнбөйт...
Камазымды баарындай эле өчүрбөстөн, топтошкон элди көздөй шаша-буша бастым.
Аны менен былтыр таңга жуук Самсундун чыга беришинде жолуккам. Бир колунда мектеп окуучуларынын асынган сүрөт баштыгына окшош жука баштык, экинчи колунда болсо жарым-жартылай толтура пакет бар. Жанында үч-төрт жашар бала турган. Кавакка, Хавзага, Мерзифонго, же жол боюндагы айыл, кыштактардын бирине барар унааларды күтүп жаткандай эле. Шопурдун жаны бош экенин көрөрү менен экөө тең кол көтөрүштү. Токтобосом болбос эле. Жыйырма үч тонна жүгүмө карабастан, бираз катуу тормоз тээп так алдыларына токтодум. Эңкейип, оң эшикти ачтым, “каякка карындашым” деп сурамакчы болдум эле, баланы шак колтугунан ала калып мага сунду, колунан кармап, ичке тарттым. Андан кийин баштыгы менен пакетин сол колуна алып, дасыккан кишиче кабинага отурду, эшикти жапты, терезенин жанына жакшылап жайгашкан соң “айда!” дегенсип мени карады.
Чачы кыска экен, аял кишиге кыска чачтын жарашканы да ушунчалык болор. Боёнгону, боёнбогону байкалган жок. Жыйырма бешке чыга электей көрүндү. Бакырайган күрөң көздөрүнүн ичи жайнап күлүп турду. Жаш жана абдан сулуу эле. Баласы да өзүнө окшош кара тору, жадыраган сулуу бала. “Жанында баласы болгонуна карабай, ушундай аялды жалгыз жолго жибереби?” деп аялдын тайкы туугандарына жинденип жаттым. Жер бети жаман кишилерге толо эмеспи, тийишкени болот, тынчын алганы болот.
Жол жүрүп баратып суроо узаттым:
– Карындашым, каякка сапар тартып баратасың?
– Алыс эмес, жеткенде айтам.
Добушу токтоо, чечкиндүү, коркпогондой. Бираз да эркек сымал...
Сүйлөшкүсү келбегендиги көрүнүп турду.
Жол катар такыр сүйлөшкөн жокпуз.
Бир гана жолу уулунун атын суруганымда, уулу менен сыймыктанган жана уулуна өз өмүрүн арнаган эненин таза үнү менен:
– Ферхат, – деди.
Башка үн каткан жок.
Алыстан мажүрүм талдар көрүнгөндө:
– Бизди жайыкка түшүрүп кой! – деди.
Чындыгында таң калдым. Жакын жерде же айыл, же кыштак жок, тоонун башы, үн жетпеген, жарык тийбеген жер. Жаш эне менен кичинекей бала бияктан каякка барышмак?
– Мейли, карындашым, – дедим.
Акырындадым, жайыкка кирдим, токтодум.
Түшөрдөн мурда мен түшүнө албаган бир башкача жылмаюу менен мени карады. Уялып жаткан өңдүү, уялганын жашырган сыяктуу сезилди.
– Сага бере турган акчабыз жок, – деди.
– Эчтеке эмес.
– Көрүшкөнчө...
Шамдагай кыймыл менен ылдый аттады. Колун сунуп, баштыгы менен пакетин алды. Андан кийин Ферхатты түшүрдү.
– Биз бияктабыз, бир күнү карызыбызды төлөйбүз, – деди. Бирдеме деп жооп бергиче, “Жолуң шыдыр болсун!” дегендей колун шилтеп эшикти жаап салды.
Камазымды айдап кеттим.
Жаш келиндин акыркы айткан сөздөрү суроолуу сүйлөмдөргө айланып, мээмдин ичине жабышты да калды. Бияктабыз дегени эмнеси? Бул жерлерде балалуу эне эмне иш кылат? “Бир күнү” дегени эмнеси? Акчасы болбогондон кийин, менин небак унутуп салган карызымды кантип төлөйт? Андан кийин анын кылык-жоругу, кыймыл-аракеттери да суроо жаратты. Анын жашындагы аял мынчалык салабаттуу, мынчалык эр жүрөк болбошу керек эле. Кылык жоругунда бардыгын билген, чексиз тажрыйбага ээ кишилердин сабырдуулугу көрүнүп турган. Же жоготор эч нерсеси калбагандан ушунчалык эр жүрөк беле.
Кийинки сапарымда аларды калтырып кеткен жерде көрдүм.
Жайыктагы шыпаалуу суудан эң алыс жеринде мажүрүм талдын көлөкөсүндө отурган эле. Алдыларында түркүн түстүү, ар кандай өлчөмдөгү көз мончоктору тизилген кичине тактасы бар эле. Эне бала шыпаалуу суунун жанына токтогондорго көз мончок сатып акча табары эми түшүнүктүү болду. Мээмди жеген суроолордун бир тобуна жооп алгансыдым. Бирок эмнеге булактан алыс, камыштарга жакын туруп алышкан?
Мени тааныды.
– Соодаң кандай? – деп сурадым.
– Азырынча анча эмес, – деди.
– Кардыңар ачпы?
– Бир кесим наныбыз бар.
Шыпаалуу суунун жанына барып жегенге даярдаган нандын ичиндеги котлетти камазымдан алып аларга бердим. “Нан”, “котлет” деген сөздөр баланын көңүлүн бурду, көздөрү жайнап кетти. Апасы менин да ач экенимди шылтоолоп албай койду. Ушундай адептүү бала экен, аябай кааласа да, оозун ачып “апа, алчы” дей албады.
Буйра сүйлөдүм:
– Ал, карындашым, балага жедиресиң!
– Сен?..
– Мен кардымды Кавактан тойгузуп алам. Аз эле калбадыбы...
Тартынып жатып алды.
“Карындашым” дегенимди жактырбадыбы, билбейм.
– Менин атым Йылдыз, – деди. – Бул менин иш ордум.
Дароо эсимди жыйдым, суроо узаттым:
– Бияк ээн жер го. Кишилердин жакшысы бар, жаманы бар. Тынчыңды алгандар чыгат, коркпойсуңбу?
Күлүп жиберди.
– Коргоочум бар, – деди.
Мажүрүм талдардын ортосунан жүз элүү метрдей сол тарабындагы дөбөчөнү көрсөттү. Дөбөчө камыштардын дал түгөнгөн жеринде эле. Төбөсүнө жакын жерде мажүрүм талдар менен тосулган күркө, чындыгында бир саябан бар эле. Саябан ичинде кудум Йылдызды карап тургандай бир көлөкө көрүндү.
– Ким? – дедим.
Унчуккан жок.
Колу менен “ким экени маанилүү деле эмес” деген ишараны кылды да, сүйлөп баштады:
– Бир байкуш! Менин бир кыйкырыгым үчүн жанын бере турган, бирөөнүн жанын ала турган күч-кубатка ээ бир байкуш. Бул жерде мени коркпой иштетип жаткан коргоочум, досум...
Ферхат апасы менен мени угуп, болгону карап гана турчу, оозун ачып сөзгө аралашчу эмес. Бул бала тили жок баладай эле.
Алыска жүк тарткан киши үчүн убакыт албетте, акчага тете эмеспи. Өзгөчө, саатка ченелүү жашылча жемиш ташыганыбызда мүнөттөр менен жарышабыз го, чиркин. Жарышпасак, акча кайдан. Биз үчүн убакыт, ошол эле маалда эс алуу, көңүл ачуу, уйку жана бала-чаканы көрүү болуп саналат. Убакыттан уттурбаш керек эле. Убакытты кетирбейин деп кайрадан жол тартканымда башымда жаңы суроолор пайда болду.
Баары бир тең, “карындашым” деп атаган кардын көз мончок сатуу менен тойгузганга аракет кылган баласы бар аял бир тең эле. Кандай татаал шарттар аны бул ишти аткарууга, жол жээгине отуруп кичине соода тактасын жазып жан багууга мажбур кылганын ким билет? Ага боорум ооруду. Ага жардам берип турайын деп чечтим. Айдаган камазынын ар кайсы бурчуна мончок шуру такканды жакшы көргөн досторума айтып, бир жоомарттык кылып койгула дей алат элем. Нары-бери өткөндө жашылча, жемиш, тамак-аш калтырып коё алат элем. Атам Юнус ажынын оозунан түшпөгөн “Жакшылык кылган жакшылык табат” дегенине ишенер элем. Ойлогон оюмду ишке ашыра баштадым.
Чорумдан алган жарым кил куурулган нокотко ушунчалык сүйүнүштү. Ордудан жүк алып келатып жаңгак таштап кеттим, ага да абдан кубанышты. Мейиз, шабдалы, коон, гамбургер, котлет, кола, лимонад, айран... Тажабайын деп, же кардымды тойгузуш үчүн өзүмө эмне алсам, андан кичине көбүрөк алып, аларга алпарып берчү болдум. Ар жолу Ферхат оозун ачпастан, көздөрүн жайнатып мага рахмат айткандай болчу. Мен эми Йылдыздын жанына барбай, Ферхаттын жайнаган көздөрүн көрмөйүнчө өткүс болдум. Ушунчалык ширин бала эле. Такыр сүйлөчү эмес. Бир нерсе сураганымда апасын карап унчукчу эмес. Апасы сүйлө десе эле сүйлөп кетчүдөй. Бир күнү ага жөнөкөй желим оюнчук машине алпарып бердим. Ушунчалык сүйүндү дейсиң... Машинени бооруна кысып алып секирип атат, секирип атат. Кудум кушка айланып мажүрүм талдардын чокусуна коно тургандай...
– Чакыр агаңа рахмат дебейсиңби! – деди апасы.
Ферхат тык токтоду, оюнчук машинесине бир, мага бир карады.
– Рахмат, Чакыр ага, – деди.
Биринчи жолу үнүн уктум. Дал өзүндөй, көздөрүндөгү жанып турган жарыктай таза, таттуу жана сонун доошу бар экен.
– Ферхат, сен аябай жакшы сүйлөйт турбайсыңбы! – дедим. – Мен сага дагы башка оюнчуктардан алып келем. Макулбу?
– Башка оюнчуктун кереги жок.
– Эмнеге?
– Мен чоңойгондо самосвал айдагым келет.
– Макул, эмки келгенде сага самосвал алып келип берем.
– Чын элеби?
– Чыпчын.
Самосвал алып келем деген убадама бала канчалык сүйүнсө, апасы ошончолук кайгырды. Капаланганынын эки себеби бар эле. Биринчиси, мага болбой эле карызкор болгонун ойлонуп жатты. Экинчиси (бул абдан маанилүү эле), анын камаздын шопуру болушун каалачу эмес. Окутуп мамлекеттик кызматкер да кыла алмак эмес, болгону анын соодага кийлигишип кетишин камсыздай алар эле. Колдорунда бираз акча топтолсо (Топтолмок. Сөзсүз кичине болсо да акча топтошмок. Күн сайын бул мажүрүмдөрдүн көлөкөсүндө ошон үчүн отурушпайбы) чоң шаарда кичине бир жерди ижарага алып, жаш кыздардын себине керектелүүчү майда-чүйдө буюм-тайымдарды сатууну максат кылчу. Бөлмөлөргө керектелүүчү, жууркан, шейшеп, сүлгү, жоолук, жүк жабуу, колго жасалган оокаттар...
Колу иш билчү. Анан да тез арбытар эле. Таңдан кечке, кечтен таңга чейин иш жасаса чарчабас эле. Жөнөкөй бир байлам жоолукту алып, четин кооздоп түйүп, шуру мончок тагып сатса эле, толтура акча тапмак.
Андан кийин ишин бираз чоңойтмок. Эң көп эмне сатылса, аны үйлөргө жаш кыздарга, жаш келиндерге жасатып сатмак, уулун үйлөп, кызын турмушка узатуучулардан буюртмаларды алмак, колу иш билген уз аялдарга буюртмаларды бермек, балким бир дүкөн ачмак же үйүнө чейин жеткирип берчү кызматчыны иштетмек...
Андан кийин ишин дагы чоңойтмок. Кичирек ателье, үлпөт көйнөк тигүүчү цех, ар түрдүү өлчөмдөгү апаппак үлпөт көйнөктөрдү сатуучу же ижарага берүүчү жай...
Андан кийин ишин дагы...
Бар нерсеси баласы үчүн эле. Бардык нерсе анын келечегин камсыздоо үчүн, анын бактысы үчүн жасалмак. Бүгүн эмне кылып, эмненин башынан өткөрүп жатса, келечекте эмне кылып, эмнеге чыдаса баары ал үчүн... Анын бактысы үчүн көзүн ирмебей жанын берүүгө даяр эле.
Кандай учурда бул тууралуу сөз болуп калса, алгач көздөрүнүн ичи толуп, жаактары нымдалышып, андан соң “уулуман башкасы үчүн жашап жаткан болсом, өзүм үчүн аба жутуп аткан болсом, Алла таала ушул саатта жанымды алсын, каарын төксүн мага” дээр эле.
Күндөрдүн биринде:
– Атасы? – деп сурай турган болдум.
– Көңүл бурбай эле кой! Ал адам эмес да... – деди, сөз бүттү.
Авто-унаа жолдун жээгинде көз мончок сатканды ким үйрөттү, ишинин кандай кыйынчылыктары бар, акча тапчу беле, чогултам деген акчасы канча, аны качан чогултуп бүтөт, ойлогон ойлорун ишке ашыра алар беле, эмне үчүн башка иш эмес сеп жасоо менен үлпөт көйнөктөрдү тигүүнү каалачу эле, билчү эмесмин. Билсем бир гана нерсени билчүмүн, эне гана баласын ушунчалык жакшы көрүп, ушунчалык ойлой алат. Болгон жан дүйнөм менен анын ар бир дем алганында чын эле уулу бар экенине, Йылдыз айкели тургузулар эне экенине ишенчүмүн.
Ферхат дагы апасынын ай ааламдагы жалгыз тутунганы экенин түшүнгөн сыяктуу эле. Ошондуктан жашынан мурун чоңоюп, калыптанып, апасынын созүнөн чыкпаган адептүү бала эле. Апасы “токто” деген жерде токтоп, “бас” деген жагына басчу. Апасы уруксат бергенге чейин мени менен бир ооз да сүйлөшкөн эмес. Дудук бала экен деп ойлоп жүргөм. Аларды тааныгандардын ичинен мендей ойлогон кишилердин саны аз эмес эле.
Алыс жолго сапар алган камазчылардын коно турган, тамак иче турган, чай иче турган белгилүү жерлери болот. Камазчылар өздөрү билбеген, кооптуу жерлерде токтошпойт, тамактанышпайт, чай, кофе ичишпейт. Таанымал жерлердин бири Элмадагынан түшөрүң менен дароо Кызылырмактын жээгиндеги жай. Биякта камазчылар өздөрүн үйлөрүндө жүргөндөй эле сезишет. Камазчыларды бул жерде жаңы даярдалган мол тамак-аш, демдүү чай, ыңгайлуу баадан сырткары, жакшы маанай менен таттуу маек күтөр эле. Бул жайдын ээси шопурларды кардар катары эмес, бир тууган ага-ини катары кабыл алчу. Алгач үстөлдөргө отуруп, өзүн тааныштырып, ал-абалды сураштырат, экинчи жолукканыңызда болбосо дагы, үчүнчү көрүшкөндө сизге атыңыз менен кайрылат. А кишинин эстутуму компьютердей эле. Жүздөгөн камазчылардын атын, фамилиясын, ал эмес шефи менен фирмасынан өйдө билчү. Өзүндөй эле жан дүйнөсү да бай киши болчу. Тар жолдо кыйналгандарга жардамын аябагандардан эле. Акчаны адамдыктан ылдый эмес, адамдыкты акчадан бийик коёр эле. Ошондуктан улуулардын да, кичүүлөрдүн да “Шахин бейи”[2] эле. Мен бул кишиге ишенип гана тим болбостон, урматтачумун дагы. Анкарадан Кырыккалени көздөй жүк алганда, ачка болсом да сабыр кылып, тамакты ушул жерден жечүмүн...
Булардын баарын Йылдызга айлантып келатам.
Ал жерде кардымды тойгузгандан кийин, чайымды ууртап, Шахин бейге көп жыл мурун таанышышкан атамдын оорусу тууралуу кеп кылып жаткам. Бир маалда колунда толтура чай куюлган стаканы менен “Пардон[3] Мыстык” жанымдагы бош отургучка талп этип отуруп калды. “О, кокуй!” дедим ичимен. “Дагы эмненин ичинен чыгар экен?” Тилинин азабын канча тартканына карабастан, оозуна келгенин оттогон арсыз, намыссыз, кызыктай неме эле. Шопурлардын арасынан ал тажатпаган, кер-мур айтышпаган, кээде токмогун да жебеген киши калбаса керек. Саламдашкан соң кишидей болуп бизди тыңдар деп бекер күтүптүрмүн. Ал үчүн элдин баарлашып жаткандыгы кеп эмес эле да...
– Чакыр Ахмет байкеси, кандайсың, көрүшпөй кеттик го, – деди.
Мен аны менен эсептешишим керек болуп качып жүргөндөй, же карыз акча алып төлөбөгөнүмдөн ага көрүнгүм келбей жүргөндөй болдум. Анын үнү айланамдагыларды ушундай ойго салды. “Эй, Мыстык! Мен нервим жука, урушчаакмын, экөөбүздүн көрүшпөй калганыбыз сен үчүн жакшы эмеспи?” дей албадым. Шахин бейдин жанында “Пардон Мыстык” болсо дагы адамды кемсинтүү мага жарашпай турган нерсе эле.
– Жакшымын, Мыстык, иштеп жүрөбүз, – дедим.
Шайтандын жылмайышындай күлүмсүрөп мени карады. Анан айткандарымды туура дегенсип, башын ийкегиледи.
– Жакшысың байкем, жакшысың! – деди. – Эртедир кечтир Йылдыздын жанындасың.
Эмнени айткысы келип жатканын түшүнбөй калдым.
Мен анын эмнени айтып жатканын аңдап билгенче, Шахин бейге бурулуп сүйлөй баштады:
– Кавак менен Самсундун ортосундагы бир шыпаалуу суунун жанына асмандан бир жылдыз учуп келиптир, Шахин байкем. Бой десе бою, кашы-көзү жайнаган, солкулдаган денеси... Эмне издесең, баары бар. Жетимиштеги бир эркекти бир мүнөттө эстен тандыра ала турган касиети бар. Калп эле көз мончок сатымыш болот. Көз мончок шылтоо, өзүн сатат. Чакыр Ахмет байкем эртең менен дагы, кечинде да ошол жерде. Эми Йылдыз дагы тоё турган аял эмес да чынында...
Башымдан ылдый бир мискей кайнак суу төгүп жибергендей ордуман секирип турганымды бир билем. Өзүмө келгенимде сөрүнүн Кызылырмак суусу жагында Мыстыкты агып аткан дайрага ыргытайын деп жатыптырмын. Шахин бей бир колуман, дагы бир бейтааныш киши экинчи колуман араң кармап турушуптур.
Мыстык болсо, коркконунан жалынып жатыптыр.
– Пардон, Ахмет байкем!.. Пардон! Мен эмне дедим. Ыргыта көрбө байкебай, бала-чакам бар. Пардон дедим го.. Кечирим сурадым го...
Сөрүдө тамак ичип аткандардын да, чай ичип аткандардын баарынын көзү бизге кадалды.
Муштум жегени туура болсо дагы, Мыстыкты сабап салуу, дарыяга ыргытып жиберүү эч кимдин кадыр-баркын арттырмак эмес, тескерисинче ого бетер абийирин кетирмек.
Коё бердим.
Шыпылдаган бойдон бизден алыстап жөнөдү.
Уят болдум. “Аялдын айынан уруш болду” деп кеп болуп, мени туура эмес түшүнүп алышмак. Баарынын көзү мага тигилгенин сездим, андыктан башымды өйдө көтөрүп эч кимди карай албадым. Шахин бейдин суранганынан улам, чай ичип, кичине өзүмө келип жолго чыктым. Башым миң түркүн суроолорго толуп чыкты. Суроолордун чыныгы жоопторун Йылдыздан гана ала алмакмын.
Алыстан көрдүм: Жайыкта бир машине турат. Йылдыз тактасынын жанында эки эркек киши менен сүйлөшүп отурат, Ферхат болсо, мажүрүм талдардын көлөкөсүндө бир өйдө, бир ылдый чуркап жалгыз киши ойногон жаңы оюнун ойноп жатат.
Жайыкка кайрылдым. Йылдыздын тактасына жакындай баштаганымда Йылдыз менен сүйлөшүп отурган эки киши машинеге шашылыш отуруп кетип калышты. Чынында булардын шашылыш кеткенин түшүнө албадым. Колумдагы самосвал оюнчукту көргөн Ферхат “Ура! Самосвалым келди! Самосвалым келди!” деп сүйүнгөнүнөн секирип кыйкыра баштады. Баласынын чын дилинен кубанганы, апасынын жүзүндө муңайым бир сүйүнүч катары эле чагылды. Ал уулунун камаздын шопуру эмес, текстиль тармагында иштеген ишкер болуусун каалачу. Келечекте өлкөнүн эң сапаттуу, эң кооз келин көйнөктөрү менен сепке керектүү буюм-тайымдары уулунун ишканасында даярдаларына ишенчү.
– Тиги кишилер ким? – деп сурадым.
Үнүмдөгү оройлук аны коркутуп жибергендей болду.
Көпкө чейин кыймылдабастан, үн чыгарбай жүзүмө карады.
Бул учурда Ферхат оюнчугун колумдан алды, ыракмат деди да, капталдагы мажүрүм талдын көлөкөсүнө оюнга алаксып калды.
Йылдыз үндөбөстөн, тынчсыздануу менен мени караган бойдон тура берди. Аягында үлбүрөгөн, күнөөлүү добуш менен:
– Алар кардарлар болчу... – дегенге араң жарады.
– Эмне алышты?
– Эч нерсе алышкан жок.
– Эмнеге алышкан жок.
– Акчасына келише алган жокпуз.
Экөөбүз тең оозу менен камаздыкындай үн чыгарып самосвалы менен ойноп жаткан Ферхатты карадык. Азыр бул дүйнөдө жалгыз гана Ферхат бар эле. Карьерден самосвалдын үстүнө көмүр жүктөп, самовалын от алдырып, газды басып, тоо-таштарды ашып, жүгүн фабрикага төгүп, акчасын алып кайра үйүнө кайтып жатты. Эртеси күн таң менен кайрадан көмүр карьери менен цемент фабрикасынын ортосуна барып келип ишин улантып жатты.
– Йылдыз, – дедим.
Жүзүн мага бурду.
Ээгим менен Ферхатты көрсөтүп:
– Эмне кылып жатсаң да, ушул бала үчүн жасап жатканың ыраспы?
– Кудай урсун, балам үчүн...
– Кош, сен жөнүндө угуп жаткандарым чынбы?
– Эмнелерди уктуң?
– Анык саткан оокатың көз мончоктор эмес экенин...
Йылдыздын бети албырып чыкты, көздөрү жашка толду. “Чын” дегенди билдиргендей башын ийкей бергенде жаак ылдый жашы куюлду. Ыйлап жатканын уулу көрүшүн каалаган жок. Бат-баттан бетин аарчыды. Кайра-кайра аарчый берди. Көз жашы түгөнчүдөй эмес. Көз жашын тыя албаганы үчүн уялды, кайра-кайра кечирим сурады. Көптөн бери ыйлабагандыктан, көкүрөгү бошогонсуп калды. Кээде ушундай болот...
– Мажбурмун, – деди. – Апам, атам, баламдын атасы тирүү, агаларым бар, ошого карабастан (мажүрүм талдардын сол жагындагы дөбөнү көрсөтүп, дөбөчөнүн чокусуна жакын жердеги саябандын ичиндеги адамга ишарат кылып) ушул байкуштан башка карманар бир талым жок. Жийиркенсем да, окшусам да, ал гана эмес, куссам дагы бул ишти уулумдун гана келечеги үчүн жасаганга мажбурмун.
Мени менен сырдашкысы келгендигин түшүндүм. Өчүрбөй койгон камазымды токтоттум да, тактанын жанында жайылган килемченин бир жак учуна отурдум. Ал болсо килемченин башка бурчуна, камазы менен ойногон уулуна далысын сала отура кетти. Көз жашын уулуна таптакыр көрсөткүсү келбеди. Балким аны капалантып албайын дедиби, же анын көзүндөгү күчтүү ордун сактап калуу үчүнбү, же мен түшүнө бербеген башка себептерден уламбы, көп нерсени жашыргандай эле уулунан ыйлап жатканын да жашырып отурду.
Өз баянын башталгыч мектепти бүтүргөн жылынан баштады. Өз курбалдаштарынан улуу көрүнгөн, татынакай, маңдайы жарык, тартиптүү, абдан сулуу кыз экен. Колунан баары келчү экен. Кичинекей экенине карабастан, тамак жасап, кол өнөрчүлүк кылып, үй оокатын илгиртпей аткарчу экен. Чоңойгон уулу барлар “Эч кимге макул дебей тур! Убактысы келгенде куда болобуз!” деп ата-энесине айттырышчу экен. Бирок Йылдыз аны башталгыч мектепте беш жыл окуткан, эң жакшы көргөн Ниса эжекесинин иниси Өзжанды жакшы көрчү экен. Өзжан шаарда окугандыктан, кыштактагы эжесинин үйүнө апта аягында эле келчү экен. Йылдыздын жүрөгүндөгү сүйүү оту ар апта сайын алоолонгону күчөп, улам ашыктыгы арта берет. Өзжан бул сүйүүдөн кабары жок болгондой эле, ал кызды дегеле таанычу эмес. Ага карабастан, ар апта сайын анын жолун карап, жума күнү кечинде эжесинин үйүнө келип, дүйшөмбү күнү эжесиникинен кетип баратканын короонун эшигинен тышка чыгып, карааны үзүлгөнчө узатып кароо Йылдыз үчүн чоң бакыт болчу. Мындай көрүнүш көп жыл уланат. Акырында өзүн жакшы көрүп калган кыз жөнүндө Өзжандын кулагы чалат. Коңшу үйдүн короосунун эшигинен көргөнгө көнүп калган жана бир жолу да кылчайып карабаган кызга жылмая баштайт.
Йылдыз унчукпай калды да, шарт артты карады.
Ферхат жок болчу.
Жолду карады.
Ферхат Самсун Анкара жолунун наркы бетинде эле. Колтугуна самосвалын кысып алыптыр. Биз жакка өтөйүн деп даярданып жаткан.
Йылдыз аттап-буттап уулун көздөй чуркап жөнөдү.
Бир балекетти сезген кишидей, каргылданган ачуу үн менен:
– Ферхат! Токто! Токто, чуркаба, кулунум! Чуркаба! Мени күт, келатам... – деп бакырып жатты.
Ферхат жолдун наркы бетинде, оң жагын, сол жагын бир карап коюп каткырып жатты. Балким апакесинин өң далаттан кеткени ага күлкүлүү көрүнгөндүр. Жолдун Анкара жагынан бир автобус, Самсун жагынан жүгү бар камаз катуу ылдамдыкта Ферхатты көздөй келатты. Ферхат бир нече секунд күткөндөн кийин, камаз менен автобус каршы терши өтүшүнө аз аралык калганда бизди көздөй чуркады. Йылдыз турган жеринде, көзү алайып, оозу ачылган боюнча катты. Ферхат эки авто-унаанын алдынан жолду кесип өттү да, тактанын жанына чейин чуркап келди. Апасы жерге чөккөндөй, балким жыгылгандай болуп, колдору менен бетин басып ыйласа, Ферхат күлүп жатты.
– Апаңды коркуттуң, – дедим.
– Апам дайыма эле корко берет, – деди.
– Бар, кечирим сура.
Барды, апасын кучактады.
Апасы да аны кучактады, колдорун, беттерин, чекесин өпкүлөдү. Өбөт, сылайт, жыттайт, уулуна тойбой жатты...
Акыркы күндөрү ушундай бир оюн ойлоп тапкан эле: Жол четинде күтөт да, машинелер, камаздар, автобустар жакындаганда алдынан чуркап, наркы өйүзгө өтүп кетет. Чалынып кетсе (Кудай сактасын, жыгылып кетсе), машинелер, камаздар тебелеп кетмек. Анда Йылдыздын акыбалы кандай болмок?
Бир топко чейин кобурап берди, уктум.
Кетип баратып:
– Сен баары бир менин карындашымсың. Нары-бери өткөн сайын ал-акыбалыңды сурап турам. Бирок эмнеси болсо да, бул жасаган ишиңди эртерээк ташта, – дедим.
Унчуккан жок.
Ал дагы ушуну гана каалаганы көз карашынан билинип турду.
Ар келишимде Ферхаттын самосвалы менен ойноп жатканын көрчүмүн. Көмүр ташып, үйлөрдү көчүрүп, мөмө-жемиш ташып, тынымсыз акча тапчу. Тапкан акчаларын топточу. Көп акча болгондо өздөрүнө ишкана ачышмак. Ферхат патрон[4], Йылдыз болсо патрондун апасы болмок. Чоң-чоң терезелери, кызыл креслолору бар, кызыл килемдер төшөлгөн, өзү жылыган чоң үйдө жашашмак. Искендер кебапка[5] кошуп, эмнени каалашса, ошонун баарын жей алышмак. Элдин баары аларга сый-урмат көрсөтмөк.
– Ферхат мурункудай чуркабай калды, Чакыр агасы, – дечү Йылдыз. – Акылдуу, тартиптүү, тил алчаак бала болду.
Башкача айтканда, мурункусундай болуп калган эле.
Йылдыздын буга абдан кубанганы билинип турду.
Аларга Карадеңиз пидесин[6] алып кеген күнү Ферхат тактанын жанында жалгыз экен. Чын эле шоктонбой жакшы отуруптур. Пакетти эшиктен берип жатып, апасынын кайда экенин сурадым. Мажүрүм талдардын артындагы саз жакты көрсөттү. Булардын жанына токтоп турган эски, бош машине баарын айтып тургандай. Йылдыз абдан катуу соодалашкандан кийин бир көз мончок саткан өңдүү. Үч-беш мүнөттөн кийин үстү башын оңдонуп, тактасынын жанына келмек да, башка кардарды күтмөк.
Эшикти жаптым да, айдап кеттим.
Көрүнбөй калганга чейин Ферхат мени узата карап турду.
“Карындашым” деген бир аялдын бул ишти жасап жатканына абдан кыжалат болдум. Ичкен-жегенге бирдемелерди калтырганым эле болбосо, колумдан башка эч нерсе келбейт эле. Жаш, сулуу эле. Тобокелчил болсо, балким, аны өзүнө жар кыла турган бир эркек деле табылмак. Бирок Йылдыз муну каалаган жок. Анткени, анын (өзгөчө уулуна байланыштуу) чоң кыялдары бар болчу.
Йылдыздын баянын уккандан кийинки тыянак абдан кызык эле.
Йылдыз Өзжанды дагы эле абдан жакшы көрчү. Өзүн кош кабат кылып калтырып кеткен, баласын карамак тургай, “Менден экенин кайдан билейин?”деп келекелеп, ортодон дайнын билдирбей кеткен Өзжанды дагы деле жакшы көрчү. Курсагындагысы менен кошо өлтүрүлсүн деп буйрук берген атасын, өлүм буйругуна унчукпаган апасын, бул буйрукту аткаруу үчүн ылайыктуу жер, убакытты ойлонуштуруп жаткан байкелерин жек көрчү, бирок Өзжанды жакшы көрчү. Андан дагы кызыгы, бир күнү сөзсүз Өзжандын аялы болоруна, кайрадан бактылуу болоруна ишенчү. Айтышпаса да эжеси сыяктуу алыстагы бир кыштакта мугалим болуп иштеген Өзжан да жашаган жыпжылуу уяны кыялданчу.
Анын оюнча, байлыгы болсо бардык нерсе чечилмек. Ошондуктан, жашпы, карыбы, түрү суукпу, келишимдүүбү, ар бир келген кардарга эң кымбат баада көз мончок сатууга аракет кылчу. Йылдыздан көз мончок алгандардын саны күн сайын өсүп, бир сатып алган киши, кайра-кайра сатып ала башташты. Кезек күтүп көз мончок алган, көз мончогун албастан, ошол жолдон өтпөгөн шопурлар бар эле. Бири бирине “Канча көз мончогуң бар?” деп сурагандар, көз мончоктордун санынын көптүгүнө мактангандар бар эле. Пардон Мыстык болсо “Бардачок көз мончокторго толуп кетти, санынан адашып калдым” деп мактангандардын көч башында турчу. Бир дагы көз мончогу жок, бирок бул сөздөрдүн тамырын билип алгандан кийин, жок дегенде бир көз мончогум болсо деп ойлонгондор да бар эле. Мынчалык көбөйгөн суроо талап Йылдызды чарчатса да, ал ар бир саткан көз мончок менен бул ишти таштай турган күнгө жакындап жатканын ойлоп, чыдап келатты.
Акыркы жолу жүзүм менен нан таштап кетейин деп кайрылганымда ыйлай берип көздөрүнүн шишигенин көрдүм. Сүйүнө турганымды билгени үчүнбү, айтор чечимин биринчи болуп мага айтты:
– Аз калды, уулумдун Чакыр агасы, – деди. – Чыдай албай калдым. Эмкиде келгениңде мени бул жерден таппай калышың мүмкүн.
Үнүндө бир кыйла чечкиндүүлүк бар эле.
– Таштап атасыңбы? – дедим.
– Ооба, – деди.
– Топтоп аткан акчаңчы?
– Эх, ошо...
– Эми такыр көрүшпөйбүзбү?
Көздөрүнө жаш толо түштү, жаактарынан ылдый куюлду.
– Мен сени табам, уулумдун Чакыр агасы... – деди.
Бул кабарды укканда чын эле абдан сүйүндүм. Анткени бул ишти өзү каалап, жакшы көрүп жасабагандыгын, эң күчтүү энелик сезими менен Ферхатты, анын келечегин ойлоп, бардык нерсеге чыдап келе жаткандыгын билчүмүн. Йылдыздын кол жетер кыялдарды куруп жүргөнүн, анын жүрөгүнүн жек көрүү менен өч алууга эмес, сүйүүгө толтура экенин билчүмүн. “Ферхат болбосо, ачкалыктан көчөдө итче өлмөкмүн, бирок бул ишти жасамак эмесмин” дечү. “Кулунумдан башкасы үчүн жашаган болсом, өзүм үчүн дем алган болсом, Кудай жанымды ушул саатта алып тынсын, жок кылсын!” дечү. Кыялдары ишке ашса, эң алгач атасы, апасынан баштап, аны ушул жашоого мажбур кылган баарын кечирмек. Йылдыз эң ыпылас деңгээлге түшүп калса да, адамгерчилик сезимдерин жоготпогон аял эле. Ал эне болчу.
Камазымды баарындай эле өчүрбөстөн, топтошкон элди көздөй шаша-буша бастым. “Менин оюм туш болбосо экен” деп дуба кылып бараттым. Кулактарыман мээме чейин сүзүлгөн коңур үн, жандарманын ачуу кабарды угузган сөзү улам кайталанып жатты:
– Бир бала өлүптүр... Бир бала өлүптүр...
Йылдыздын тактасынын жанынан кайсы бала өлүшү мүмкүн? Йылдыздын көк мончоктору тизилип турган такта алдынан өткөн жолдо Ферхаттан башка кайсы бала өлүшү мүмкүн?
Бул жолдо бир бала каза болгон болсо...
Анда...
Топтошкон кишилерге жеткенде көрдүм: өлгөн бала Ферхат экен...
Ферхат кырк метрден кем эмес тормоздун изи менен араң келип токтогон камаздын артында жаткан эле. Жанында анын эң жакшы көргөн самосвалы да бычырап кетиптир. Алдыңкы эки дөңгөлөк да, артындагы кош дөңгөлөктөр да Ферхат менен оюнчугун тебелеп кеткен өңдүү. Баланын белинен өйдө жагы эзилип, асфальтка сүрүлүптүр. Болгону буттары менен ботасы көрүнгөн Ферхаттын үстүн гезит менен жаап коюшуптур.
Йылдызды эки жандарма араң кармап турушат. Бети-башынын баары кан. Бул азаптуу окуя болгондо баласын кучактап, аны бооруна басып, жаны жок экенин түшүнгөндө өзүн таштан ташка ургандай. Башынан чекесине, жаактарына кан сызылып агып жатты. Баласын кайрадан кучактагысы келип, бирок жандармалар коё беришкен жок. Алардын колунан бошонгусу келип, анте албады. Үнү бүтүп, араң угулса да, “Ферхатым! Кулунум” деп улуп жатты.
Тез жардамдын кызматкерлери Ферхат менен алектенгенди бая эле токтотуп, Йылдызды сооротконго, ага тынчтандыруучу ийне сайганга аракет кылып жатышты.
Кырсыкка катышкан камаздын маңдайында жарыктары күйүп-жанган тез жардам машинеси, жандарманын минибусу, бир расмий номуру бар машине турган эле.
Жандармалар абдан тыкыр иштеп жатышты. Машинелерди токтотуп, кишилерди жол кырсыгы болгон жерден алыс кармашып, авария болгон жердин сүрөтүн чийүү жана отчётко тиркөө үчүн ар бир жерди ченеп, ченегендерин кагазга түшүрүп, жалпы коопсуздукту иретке келтирип жатышты.
Эч ким кырсык болгон жерге киргизилбей, узун бойлуу, жоон жолпу, чачы менен сакалы сапсайган, бакырып-өкүрүп ыйлаган кишиге өзгөчө мамиле көрсөтүлүп жатты. Ал бирде камаздын аркасында дөңгөлөктөрдүн асфальтта калтырган издерин тепкилесе, бирде Ферхаттын гезиттин алдындагы жансыз денесинин башына барып түшүнүксүз аракеттерди жасап, боздоп ыйлап, кайра Йылдыздын буттарын кучактап коёт. Йылдыздын буттарын өөп, сылап, Йылдыздын буттарына бетин тийгизет да, кайра секирип туруп, камаздын шопурун издеп муунтуп өлтүргүсү келгендей эки жагын каранып, бирок таппады. Кайра камазды муштагылап, дөңгөлөктүн издерин тепкилеген соң, Ферхаттын ботас кийген кичинекей буттарын өпкүлөп, бетин Ферхаттын буттарына сүртүп, анан кайра Йылдыздын буттарына саждага жыгылгандай чекесин тийгизип, үнсүз ыйлап жатты.
Бул киши Йылдызды саздын артындагы дөбөчөдө карап турган, кардарлардын бири туура эмес нерсе кылган учурда, Йылдыздын бир ишараты менен жетип келип, тигини жарык дүйнөгө келгенине нааразы кылып кетирчү “коргоочусу” болсо керек. Йылдыз үчүн жан бергенге да, жан алганга да даяр, күч-кубаттуу бир “байкуш” анын буттарына колу тийген үчүн дүйнөнүн эң бактылуу адамы болгон “досу” ушул киши болсо керек. Йылдыз бир күнү Чакыр Ахметке бул кишинин үйүндө калганын, бул киши менен бир бөлмөдө жатканын жана анын буттарынан башка эч жерине колун тийгизбегенин айтып берген эле. Ал киши иш жерине Йылдыздан мурун келип, Йылдыздан кийин кетчү. Бул киши Йылдызга, анын уулуна сыйынгандай көрүнчү.
Дарыгерлер сөз менен соорото албагандарына көздөрү жеткен соң, ансыз деле эки колунан катуу кармаган жандармалардын жардамы менен Йылдызга ийне сайышты.
Йылдыз тынчый түштү, бирок унчукпай калган жок. “Кулунум, Ферхатым” деп улуганын уланта берди.
Машинелердин куйругу мүнөт сайын узара берди. Жолду өтө чукул арада ачыш керек эле.
Жасала турган иштер бат-бат бүткөрүлдү.
– Алып кеткиле, – деген прокурор расмий авто-унаа менен кырсык болгон жерден жылып кетти.
Ферхаттын жарымы эзилген кичинекей денеси Йылдыздын кыйкырыгынын коштоосунда тез жардам унаасына салынды. Сөөктүн жанына Йылдыз менен коргоочусунун отурушуна уруксат берилди. Тез жардам да ордунан жылды.
Авария болгон камаз жардамчы шопур тарабынан жайык жакка токтотулду. Колдоруна кишен салынган камаздын шопуру жандарманын авто-унаасында эле, жанатан бери нес абалдан чыга элек болчу. Жанындагы жандармага бираз мурун прокурорго айткандарын кайталап: “Капыстан жолго чыга калды. Каршы тилкеде жүргүнчү автобусу келаткан. Тормузду баскандан башка колумдан эч нерсе келбейт болчу. Колумдан эч нерсе келбеди...”
Жандарманын авто-унаасы да жылып кетти.
Эң акырында Ферхаттын кан болгон, бырчаланган оюнчугун (самосвалын) жол четине тээп салышты.
Жол ачылды.
Йылдызды тааныгандардын канчасы аны эң алгач эне катары көрө алдыбы, билбейм. Көк мончоктордун көптүгүнө мактангандар, көк мончокторду топтогонду эркектик жарыш катары кабылдагандар, атын да билбеген Ферхаттын өлүмүн “Йылдыздын уулу өлүптүр” дегенди угушканда канчалык капаланышты, билбейм. Мен ыйладым. Мен ушундай жагдайда жан берген күнөөсүз, татынакай балага кейидим. Йылдыздын жашоого жана бардык жакшылыктарга байлаган кыялдарынын бир көз ирмемде талкаланышына ичим ачышып, камазыма жетип, кабинага отуруп алып эчкире-эчкире ыйладым. Жүк жүктөп келе жаткандыктан, аны талаага таштап коё алмак эмесмин. Йылдыздын жанында болушум керектигин ойлосом да жолумду уланттым.
Акыркы жолу жолугушканда, “Мен сени табам, уулумдун Чакыр агасы!” деди эле, бир жыл өттү, таппады. Аны башка эч ким көргөн жок. Бирок аны тааныгандар, көбүнчө көк мончок саткандардын арасында ар кандай сөздөр жайылды. Алгач “Уулу менен кошо акылы-эсин жоготкон Йылдыз тоо ташты аралап, жоголуп кетиптир. Азыр ал бир үңкүрдө жашайбы же ит-кушка жем болдубу, билген эч ким жок. Андан соң Йылдыздын бардык нерсеге кайыл болуп, атасынын үйүнө кайтканы айтылды. Атасынын чечими, байкелеринин пикири өзгөрбөптүр. Бир топко чейин күн нурун көрбөгөн түрмөдөй жашоодо жашап, андан кийин такыр жоголуп кетиптир. Өлдүбү, өлтүрүлдүбү, белгисиз. Акыркы айтылган кептерге карасак, Йылдыз уулун койгондон кийин, кардарларынын биринин камазы менен Стамбулга кетиптир. Азыр башка ысым менен, бай кардарлары болгон, чоң, таза үйлөрдүн биринде жашайт дешет.
Кыргызчалаган Салия Ибраимова
[1] Жандарма – Түркияда, өзгөчө тоолуу аймактарда полиция кызматын аркалаган жалпы коомдук коопсуздук жана тартипти камсыздаган куралдуу күчтүн бир түрү.
[2] Бей – түрк тилинде “эркек киши” дегенди билдирет, кээде кишинин атынан кийин “мырза” дегенди туюнтат.
[3] Пардон – түрк тилине француз тилинен кирген – кечирим сурайм деген маанини билдирет.
[4] Патрон – ишкана жетекчиси.
[5] Искендер кебап – шишкебек түрү.
[6] Пиде – түрк пиццасы.
Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.