Өспүрүмдөр: Казак сайты «Балакайдан» которулган аңгемелер

  • 23.12.2024
  • 796

Убал

Жаздын күнү. Таң эрте Асет инимди ээрчитип, музоолорду өрүшкө айдап таштап, үйгө келе жатканбыз. Алдыбыздан канаты сынганбы же буту сынганбы, бир өрдөк жерден көтөрүлө берип, таяк таштам жерге барып кулап түштү. Биз аны карай жүгүрдүк. Биз жакындаганда учуп жөнөдү да, көп узабай кайра конду. Өрдөктү кубалап жүрүп айылдан бир далай узап кетиптирбиз. Өрдөк асманга көтөрүлүп, алгач учкан жагын карай барып кайра конду. Балапандарын өзөнгө ээрчитип баратканын ошондо билдик. Бизден балапандарын коргоо үчүн колдонгон амалы экен.

– Жүрү, балапандарын кармап алалык, – дедим Асекке.

Жүгүрүп олтуруп өрдөк конгон жерге келдик. Балапандар өзөндүн жээгине жакындап калыптыр. Бизди көргөн өрдөк: «Өлтүрсөңөр, мени өлтүргүлө, балапандарыма тие көрбөгүлө!» дегендей жолубузду тосуп, канатын жазып айбат кылып турду. Асек жерден таш алып согуп калды эле, өрдөктүн башына тийип, кулап түштү. Өрдөктү уруп алганыбызга кубандык. Үйгө келген соң экөөбүз жарыша сүйлөп, апабызга мактандык. Апам нааразы болуп сүйлөдү:

– Байкуш эне-ай!.. Баласы үчүн отко да, сууга да түшүп, өлүмгө барат. Мына өрдөк да балапандарын коргош үчүн өлүмгө башын сайып, тайсалдабаптыр. Бул кылыгыңар жакшы эмес. Энесинен айрылган балапандар эми кандай күн көрөт, кантип жан сактайт?..

Катабызды моюнга алдык. Балапандарды аяп, муңайып калдык. Кап, аттиң-ай!.. Убал болгон экен...

Кечирим

Турсун мектептен көңүлсүз кайтты. Үн-сөзсүз олтуруп, тамагын ичти. Бир кезде:

– Апа, алиги биздин көчөнү шыпырып жүрчү ата ооруканага жатып калыптыр, – деди.

– Аа, бул кырсык дегениң да тилсиз душман экен го. Курал-жабдыктарын коёр кепесинин чатырын оңдойм деп жүрүп, байкуш жаракат алыптыр. Өткөн ишембиде эки-үч бала кепенин чатырындагы кара кагазды айрып, ичине түшүптүр. Шыпыргыларын алышса керек. Тартипсиз балдар ошентип бузганча, сурап алышпайбы? Кепенин бүтүн чатырын бузуп, алып чыккан шыпыргыларын талаага таштап кетишиптир. Андай тартипсиздер мектептин айланасын тазалагандан көрө, ал ишке катышпай эле койбойбу?

Сүйлөп жатып, апасы жумушуна даярданды.

– Апа, урушпайсызбы? – деди Турсун кыйылып.

– Эмне болду? Эки алгансыңбы?

– Жок, эки эмес, андан да жаман…

– Бирөөлөр менен урушуп келгенсиң го. Ошол эле жетпей жатты эле!.. Баса, желкеңди сыйпалап жатканыңда эле бир нерсени сезгем.

– Апа, айтайын дегеним, короону шыпырган атага барсам дейм. Абалын билип, кечирим сурайын.

– Абалын сурагычын. Тентектик менен иши жок деп жүргөн балам сен болсоң, кылганың тиги, жыргаптырмын да!.. Бар! Азыр эле бар. Жалгыз эмес, жаныңда болгон досторуңду да ээрчитип ал. Силердин кечирим сураганыңардан ал туруп, чуркап кетпейт. Ошентсе да көңүлү көтөрүлүп, жан жарасына пайдасы тиет.

Апасы жумушуна кетти. Турсун короону шыпырган карыянын абалын сурап барды.

– Бир ката кетиргендирсиң. Эч нерсе эмес, баарынан да каталарыңды түшүнө билгениң жакшы. «Көл бакасыз болбойт, адам катасыз болбойт», – деди карыя.

Алтын бала

Күлүш апа тамак даярдап жүргөн. Тамактын камырын жаймак болуп даярдаган суунун тузун көрүп, кабагын бүркөдү:

– Кап, унутуп коюпмун… Зукен, Нагима апаңдын үйүнөн туз алып келе койчу тез!..

Зукен “жарайт” деп, чуркап жөнөдү. Күлүш апа камырын жайбай күтүп отурду. Зукен жок. Көпкө күттү. Акыры чыдамы түгөндү.

– Тиги тентек кайда жоголду? – сыртка чыгып, кубанып келаткан уулун көрдү.

– Туз кана?!

– Апа, унутуп коюпмун… – деди да, кайра чуркап жөнөдү.

Экөөнүн сөзүн уккан Бейшен аксакал сөз баштады:

– Зукенге капа болбо, келин! Ал азамат болот. Аны кечиктирген мен. Үч-төрт күндөн бери радиобуз иштебей калган. Балдарга “силер буздуңар” деп урушуп жаткам. Зукен келип калды. “Айылда радио оңдогон адам барбы?” десем, ал: “Мен оңдойм” деди. “Кой, бузуп аласың” деп ишенбей тургам, ал радиону айланта карап: “Оңдосо болот, ата. Мен ушул боюнча ийримге катышам”, – деди. Радионун кутусун ачып көрдү. Жука кызыл зымды бир бурамага кошуп бекитип эле, радиом иштеп калды. Ой, азамат экен өзү!..

– Зукендей бала жок, алтын бала! Өмүрү узун болсун! – деп Нагима апа да, ак тилегин айтып жатты. – Кечээ суу ала албай жаткам, чуркап келип суу алып, үйгө жеткирип берди.

Күлүш апанын көңүлү көтөрүлдү. Кубанычы койнуна батпай, келген ишин унутуп койду.

– Эмнеге келдим эле? – деп шашып калды.

– Тузга! – деди Зукен колундагы тузду апасына сунуп.

Нурталап

Кечээ машине менен короого деңиздин ак шагыл куму төгүлдү. Катар-катар тизилген кум дөбөлөр тоодой болуп жатты. Балдар кечээтен бери кубанычта. Чымыр денелүү, шамдагай бала – кичинекей Нурталап. Тоодой кумдун этегинде эки космос кемеси турат. Биринин боорунда “Шумкар”, экинчисинде “Аккуу” деген жазуу бар. Кемелердин капталдары күнгө чагылышып, жарк-журк.

– Нурталап Каматов ким? – деп сурады атайын байкоо аппаратында отурган Саадагүл.

– Мен!.. – деди үстүнө космонавт костюмун кийген курч көздүү кара бала.

Дарыгер космонавттын жүрөгүн тыңшап, өпкөсүн текшерди. Андан соң короонун ортосундагы каруселге айлантып сынады. Нурталап сыноодон тоскоолдуксуз өттү.

– Жарайсың!.. – деди Саадагүл. – Кандай кыйынчылык болсо да туруштук бере аласың.

Нурталап дарыгердин акыл-насаатына абдан ыраазы. Жамажайы жайылган. Кубанып турат. Достору менен коштошуп космос кемесине түшүүгө даярданып жатканда:

– Нурталап, Нурталап! – деген үн жаңырды.

Ал дароо бурулуп:

– Мен бул жактамын!

Апасы экен балкондон караган.

– Мектепке барар убактың болуп калды. Үйгө кир. Жуун. Тамактан. Бол, тезде!

Нурталап апасынын чакырганына кабагын бүркөдү. Муну байкаган Саадагүл:

– Жарайт, бүгүн эс ал! Эртең сөзсүз учасың! – деди. Нурталаптын жүзүнөн кубанычтын нуру жарк эте түштү.

Конок Нооруз

Түн ортосунан оогон кез. Аркабай чабан үйгө кирип, бир аз эс алайын деп, төрдө жантайып жатып, көзү илинип кетиптир. Капысынан эшик тыкылдады.

– Бул ким, ээй? – деди Аркабай.

Сырттан “мен” деген жай үн угулду.

– Мен деген ким?

– Ноорузмун.

– Нооруз деген ким? Андай адам бул жакта жок эле го.

– Тү-ү, унутуп калгансызбы, жыл сайын ушул убакта конокко келип турчумун го.

– Эй, малчыларга конокко келген адам көп, анын кайсы бирин эстеп калмак элек.

– Макул, ачпасаң, ачпай эле кой эшигиңди. Өзүң сыртка чыгып, кой корооңду карачы! Ошентип чабан ордунан туруп, шашылыш кийинип, сыртка чыкты да, кой короонун эшигин ачты. Караса, эшиктин жанында күрөң кой козулап калыптыр. Эгиз козулары буттарына тамтаңдап араң туруп, энесинин жанында турат. Аркабай жаш козуну көтөрүп алып, башынан сылады.

– Мезгил жеткен экен го…

Бауыржан

Тоодо ойноп жүргөнбүз, бир бала:

– Карагылачы, Карагул атанын үйүндө той болуп жатат, – деди.

Баарыбыз карап калдык. Карагул атанын үйүнүн жаны опур-топур. Аттар байланып, машинелер тизилип калыптыр.

– Кеттик! – деп кийимдерибизди чуркап баратып кийип жаттык. Жолдо чоң кишилерден: “Бауыржан келиптир! Бауыржанды көрөлү”, – дегенди угуп калдык. Аты аңызга айланган, китептен окуган баатырды көргөнчө шашылдык. Шашып келсек да үйгө кире албадык. Чоңдор жол бербеди, Карагул ата сыртка чыкты. Жүзү жайдары.

– Чырактарым, биздин Бауыржанды көрдүңөрбү? Тез алып келе койгулачы.

Карагул атанын Бауыржаны төмөнкү эски сарайда чымчык уяларынан балапан алып жүрүптүр. Оюнду кыя албай, араң келди. Аны ээрчип ичке кирип кеттим. Төрдө бүркүттөй болуп тон жамынган киши отурат. Айбаттуу, сүрдүү.

– Баатыр агаңа салам бер, – деди Карагул ата баласына. Өзү баатырдын оң жагында отурат. Ал киши Бауыржандын баатырдыгын жомок кылып айта берчү. Баатырдын карамагында аскер болдум дегенде, оозубузду ачылчу. Баатырды жакшы көргөнү ушунчалык, кенже уулунун атын Бауыржан деп койгон. Эми минтип, ал баатырдын жанында олтурат.

Сумка

Үйдөгүлөрдүн баары чогулуп, эртең мененки чайды ичип отурганбыз.

– Менин халатым көрүнбөйт, – деди апам.

– Менин жумуш кийимдерим жок, – деди атам.

– Саргыч көйнөгүм кечээ эле тигил илгичте турган. Билбейм, жер жуттубу, таптакыр жоголду, – деди чоң апам.

– Аны айтасың, менин эски пальтом менен тумагым жок, – деди чоң атам.

– Ууру кириши мүмкүн эмес. Анда ким алат? – деп баары аң-таң.

Мен бул инимдин колунан келген балээ экенин билип, жымыйып койдум.

… Кечээ жекшемби болчу. Ата-энем базарга кеткен. Чоң атам менен чоң апам да жок. Үйдө иним экөөбүз. Ал ашканада бир нерсе менен алек, мен төркү бөлмөдө китеп окуп отурам. Капысынан ашканада күбүр-шыбыр болду. Кошуна үйдүн баласы Марат келиптир.

– Самат соодагер келди, – деди ал. – Шар, тапанча, машине, учак, кайырмак, калем, сумка, дептер – баары бар.

– Жүр, көрөлү.

Экөө чыгып кетишти. Жарым сааттай өткөндөн кийин ичке бирөө кирди. Иним экенин сездим. Мурду шуулдап, ашканада бир аз жүрдү да, чыгып кетти. Мына, айыпкер иним алдыбызда турат. Башы салбыраган.

– Үйдөгү кийимдерди соодагерге тапшырганың чынбы? – деди атам.

– Чын… – Инимдин эриндери араң кыймылдады.

– Эмне үчүн алмаштырдың?

– Сумкага.

– Аны эмне кыласың?

– Кийинки жылы окууга барам да.

Чоң апам чыдай албай, ордунан туруп барып, инимдин колунан тартты.

– Кичинекей кулунум менин. Талабыңдан айланайын. Үйдөгү бардык кийим сенден садага. Кана, сумкаңды алып келчи, көрөйүн…

Иним төркү бөлмөгө чуркады да, кооз кызыл сумканы алып чыкты. Кубанычтуу.

– Дүкөндөн эле алып бермекмин да… – деди бир аз тынчтанган апам.

– Ооба, сага… – деди иним. – Канча жолу “дүкөндө жок экен” дегениң кайда?..

Чоң атам менен чоң апам небересин эркелетип жатышты:

– Талабыңа нур жаасын. Жакшы окуп, окумуштуу бол!

Глобус

Үчүнчү «А» класста бир Глобус ыйлап турат. Кечээ сабактын алдында жерге кулап, ортосунан экиге бөлүнгөн.

– Сен эмне ыйлайсың? – деди мугалим.

– Ме-ме… ме-ни ур-ду, – деди Глобус өксүп ыйлап. – Аябай урду. Жерге кулатып түшүрдү… Ошондон жарымжан болуп калдым.

– Жарымжан болгонуң кандай?

– Азыр сиз келатканда мени эптеп эле соо сыяктуу кылып коюп койду.

Өзүнө тиктеп караган окуучулардан коркту бекен, уялды бекен, көзүн төмөн салды да, ортосунан экиге бөлүндү.

– Шумдук-ай!.. – деди мугалим чочуп. – Ким сени ушунчалык жабыркатты?

– Жаңшаров, – деди да, Глобус буулугуп ыйлап жиберди. – Ал кечээ сабактын аягында бокс көрсөтөм деп мактанып, мени башка урду.

– Эй, Жаңшаров-ай… – деп кейиди мугалим. – Глобуста эмнең бар эле?.. Ал сага эмне жазды? Азыр бүт дүйнө жүзү тынчтык үчүн, жер-эненин жүрөгүнө жара салбоо үчүн күрөшүп жатканын билбедиңби?

Ордунан сүйрөлө тургандан Жаңшаров уялганынан кызарып, төмөн карады. Мугалимдин эмнени айткысы келгенин түшүндү.

Акылдуу тентек

Менин иним бир аз тентек. Чынын айтканда, тартиби – «Үч». Мен эмес мугалим да ушундай баалаган. Менин тартибим да, окуум да «Беш». Чоң апам мага караганда инимди жакшы көрөт. Аны «Акылдуу тентек» атайт. Өзү акылдуу да, тартиптүү да окуучунун болору чын. Акылдуу, бирок тентек окуучу болобу?.. Күтүлбөгөн жерден бул сөздүн табышмагы чечилди. Жаз келип, жер көгөрө баштаган. Иним адаттагыдай мектептен келип, сумкасын ыргытты да, козу-улактарды дарыя жээгине айдап кетти. «Акылыңдан айланайын, козу-улактарым ач калбасын, өзү эч нерсе жебей кеткенин карачы», – деп чоң апам анын артынан тамак алып бармак болду.

Кечке маал иним келди. Үстү-башы суу. Жанында балдар бар. Коркуп кеттик. Көрсө, кичинекей ак козу дарыяга түшүп кетиптир. Алып чыгууга эч бир баланын жүрөгү даабаптыр. Иним дарыянын муздак суусунда коркпой сүзүп, ак козуну куткарып алыптыр. Иниме ишенбей турсам, балдардын баары: «Биз көрдүк, чын!..» деп ызы-чуу түшүп калышты. Мен таң калдым. Эгер өзүм болсом, ошол жерде ак козуну куткарат белем, же эмне кыларымды билбей, айылга чуркайт белем? «Акылдуу тентектер да болот экен го» деп ойлодум, үстү суу болгон иниме кызыга карап.

Калп айтпа, өлтүрөм!

Жакиндин бир жакшы жери – баласына жакшы нерселерди үйрөтөт. Бир жолу ал баласы Бакыманга:

– Өлтүрүп жатса да калп айтпа. Калп айткан бала чоңойгондо жаман болот, алсыз. Алсыз болгондон кийин жашооң оңбойт, жаңылышасың. Жаңылышкандан кийин бутуң күйүп калат, – деп түшүндүрдү.

– Мен калп айтпайм.

– Калп айтпа! – деп Жакин илеп белгиси менен бекитти. Ошол күнү Жакин түнү менен телевизордон хоккей көрүп, төшөккө кеч жатт. Эртең менен баласы ойготту.

– Ата, бүгүн эс алуу күнүбү?

Жакин жооп берген жок. Бетин бир ууч суу менен жууп, шашып кийинип, Бакыманга бир ооз буйрук берди:

– Бол, тез!

– Ата, кечигип калдык, мугалимге эмне дейм?

– Эмне демек элең, кулагым ооруп, атам менен ооруканага бардым дейсиң.

– Урушпайсыңбы?

– Эмне деп урушам?

– Калп айттың деп.

– Анда автобус келбей жатты де, анын кеч келгени калпы? Калп айтпа, өлтүрөм!

Кыраан менен жылан

Көзүнүн оту, каруусунун күчү тайган карт кыраан таштын алдында жылынып жаткан эки жыландын жанына конду. Конуп, ойго чөмүлдү. Көк асманга алгач учуп чыккандан баштап бүт өмүрүрүн көз алдынан өткөрдү. Көптөгөн кан майдандарда жеңилип көрбөгөн, жигери мокобогон кыраан акыркы сааты жеткенин түшүнүп, ушул жыландардын жанында жатып өлөмбү деп ойлоду. Ушуну ойлогон кыраан шаңк этти да, асманга атылып чыкты. Көк мелжиген асманга көтөрүлүп, айланасына көз салды. Көзү мурдагыдай эмес, кыймылдаган жандыктарды көрбөй калган экен. Канаттары да талыды. Боюн таштап урчук таштарды карай зуулдап жөнөдү. Жыландардын жанындагы кара ташты көкүрөгү менен согуп, жанчылып мерт болду. Кыраандын бул кылыгынан чочулаган бала жылан:

– Ой, шумдук, бул акмактын жанына эмне күч келди? – деди. Ошондо энеси:

– Э, балам, ага эмнеге таң каласың?! Жүзгө жеткен жашым бар. Ушул убакка чейин булардын биздей болуп жылчыкта жатып өлгөнүн көрбөдүм. Тегинде кыраандар гана ушундай өлөт, – деп жооп берди карт жылан.

Бүтпөй калган оюн

Айылдын чети. Карлуу дөбөгө суу куюлуп, сыйгалак муз тоңдурулган. Бир нече бала сыржылгаяк тээп жүрүшөт. Алардын ичинде ага-ини Ахметовдор да бар. Акан менен Асан экөө бир чанага отуруп, дөбөдөн ылдый зымырайт. Беттерин кызарта, жылгаяк тепкенден жадашпайт. Акан менен Асан дөбөнүн башына чыкты. Чананын алдына Асан отурмак. Ал байкабай чананы колунан чыгарып жиберди. Бош чана ылдый сыйгаланып, ойго барып токтоду.

– Акан, сен барып чананы алып кел, – деди инисине Асан.

– Мен барбайм. Чанага ээ болалбаган өзүң бар, – деди Акан.

– Жок, сен барасың. Сен менден кичүүсүң, – деди Асан.

– Барбайм. Улуумун деп жумшай бересиң, чананы да дайыма мен сүйрөйм.

Сөзү өтпөгөн Асан ачууланып ылдый түштү. Чананы жетелеген бойдон дөбөгө эмес, үйүнө карай бет алды. Акан эмне кыларын билбей, дөбөнүн башында аңкайды. Тил табыша албаган Ахметовдордун оюну ушундайча аяктады.

Камкордуулук

Назымбек экинчи класста окуйт. Жер тайгак. Ал шашылыш басып, мектебине бараткан. Бир нече жолу буту тайып, кулап турду. Жолдо өз классташы Нагызбекти жолуктурду. Ал кичинекей баланы колтуктап алыптыр. Бала ыйлап келатат.

– Бул бала сенин иниңби? – деп сурады Назымбек.

– Жок.

– Анда ким?

– Жыгылып, бутун оорутуп алыптыр.

– Аны кайда алып барасың?

– Дарыгерге көрсөтүп, жарасын таңдырайын. Экөөлөп алып барсак кантет? – деди Нагызбек.

– Сабактан кечигебиз го…

– Мен кечиксем, Күлпаш Кулекеновага айтып кой, жаракат алган баланы дарыгерге алып кетти деп.

– Айтайын, көпкө жүрбө! – чуркап жөнөдү Назымбек.

Нагызбек көтөрүп алган бала катуу ыйлап жатты. Анын буту сынган окшойт.

– Ыйлаба, азыр дарыгерге жетебиз, жакындап калдык. Атың ким?

– Төлөгөн…

– Макул, Төлөгөн баатыр, мойнумдан бекем карма, тез жеткирип коёюн, –Нагызбек Төлөгөндү хирургга алып келди. Алар рентгенге тартып, сынык бар экенин аныкташты. Ооруканага жаткызышты. Хирург Нагызбекке:

– Кичүүгө көрсөткөн камкордугуң үчүн рахмат! – деп башынан сылап, жонунан таптады. Нагызбек мектепке чуркап жөнөдү.

Сызыктар

– Муну билесиңерби? – мугалим тактадагы өзү сызган үзүк-үзүк белгилерди көрсөттү.

– Сызыктар, – дешти балдар хор менен.

– Эми ушул сызыктарды, мына мындай тик созсок эмне болот? Балдардын көбү унчукпады. Анвар менен Касым кол көтөрүштү.

– Бир деген цифра чыгат.

– Туура айтасыңар. Эми эки сызыктын үстүнкү жагын бири-бирине тийиштирип, ортосунан түз сызык менен бириктирип көрөлү, эмне экен?

– А-А, – дешти балдар дароо.

– Көрдүңөрбү, мына жөнөкөй сызыктардын ушундай касиети бар. Сызыктар аркылуу үйлөрдүн, стадиондордун, космос кемелеринин долбоорлору да жасалат. Силер эми ушул баштан ар бир сызыкка маани берип, кагазга кооз кылып сызганды үйрөнгүлө.

Касым кол көтөрдү.

– Айта бер.

– Эжей, бул Анвар күндө жолго бор менен кыйшык-кыйшык сызыктарды сызат.

– Өзүңчү? – деди Анвар кекеткендей.

– Мен сен сызган сызыктардан үй жасайм.

– Бул туура эмес. Көчөнү булгайсыңар. Кагазга түшкөн сызык кооз болот. Кагазга сызып үйрөнгүлө, – деди мугалим.

Балдар кагаздарына үңүлө карашты.

Жалгыз өрдөк

Издеп келатканым – өзүбүздүн күрөң уй. Жоголгонуна бүгүн үчүнчү күн. «Жаныбардын желини жарылып кетет го» деп аяйт чоң энем. «Кокту-колотто калдыбы? Сен тигил жакты карап кел», – деди атам. Уйбу деп карааны көрүнгөн нерсеге жетип барам, көрсө, былтыркы маянын орду же кесилген дарактын түбү болуп чыгат. Өр жакты карап, айыл тарапка бет алдым. Күрөң көлөкө булдурап, жылтылдап аккан дарыя бетине карап келатып, кичинекей нерсени көзүм чалды. Жыбыраган толкундарды жиреп мага карай сүзүп келатат. Көкүрөгүнө чапкан агымга каршы, араң жылып келет. Өрдөк экен го, коркпогонун карачы.

Эки канаты ылай сууга батып, жээкке жакындап келатат. Оң канаты салбырап тургандай, бир жагына кыйшайып. Мени байкап калдыбы же чарчадыбы, багытын өзгөртүп, агым менен ылдый жылды. Мурдагыдай эмес, бир нерседен чочугандай канатын катуу сабалайт. Ал кайра бурулуп, кайра сүздү. Кыйшайып, жыгылып кетчүдөй болуп, аркы жээкке бет алды. Ичим ачышып кетти. Көрбөсүн деп, бир тутам камыштын арасына жашынып, карап отурдум. Ал калтырап, бир жагына кыйшайган бойдон сүзүп барат. Очок ордундай оюлуп түшүп, кайнап жаткан калың ирим жутуп кетчүдөй көрүндү. Карааны узап көздөн алыстай берди. Аяп кеттим. «Кантер экенсиң жалгыз өрдөк?..» Караңгы коюуланып, кара күрөң тартты. Өрдөк кеткен аркы жээкке акыркы жолу карап, бозоргон ичке жол менен үйгө карай чуркап жөнөдүм. Токойдун чөптөрү бут-колумду ургулап, кечки жел чачымды желпип жатты…

– Кайда жүрөсүң? Жок издөп жүрүп күнүбүз өттү го! Атаң сени издеп кетти, – деди чоң энем.

Ооз ачып эч нерсе айтпадым. Төшөгүмө барып жатып калдым. Алай-дүлөй агым сууда уясыз, башпаанексиз жалгыз жүрүп жабыркаган кандай жаман?!

Казакчадан оодарган Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз