
«Акчаны биз сагызга эмес, адабиятка көбүрөк жумшамайын цивилизациялуу өлкө курулбайт».
Элберт Грин Хаббард, америкалык жазуучу, философ, басмачы, сүрөтчү (1856–1915).
«Бүгүнкүнүн аялзаты өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөр толтура: атүгүл айрымдары өлкө башкарып турган кези.
Маргарет Тэтчер, Улуу Британиянын премьер-министри, саясатчы (1979-1990, 1925–2013)
«Ар бир өлкөдө пропаганда дегениң мамлекеттин көзөмөлүндө, мамлекет өзүнө жакканды шардана салат. Мамлекетке эмне жагат? Албетте, адам өлтүрүүнү буюрса, сен ошону аткарууга даяр экениңди жактырат».
Бертран Рассел, британдык философ, логик жана коомдук ишмер (1872–1970).
«Символизмдин өзү сокур тыйынга татыбайт. Ал өлчөнбөйт. Тек, сүйгөндөй түр көрсөтөбүз баарыбыз. Саймаланган кийимдер, желбиреткен туу менен патриот экенибизди көрсөткүбүз келет. Болгон патриоттугубуз ушул. Мен силерге Европа өлкөлөрүндөгү патриоттук эмне экенин айтып берейин. Бул – котолоп эл чогулуп, гимнди ырдоо эмес. Анткенден эле патриот болуп кетпейсиң. Мунун өзү – кур сыймык, көңдөйлүк, нөл экениң. Мекенчилдигиңди көрсөткүң келеби? Иш менен көрсөт: жамаатташып чыккыла да, жапа тырмак көпүрө кургула. Мына, ушунун өзү мекенчилдик!»
Анатолий Шарий, украиналык журналист, видеоблогер, «Шарий.net» интернет басылмасынын негиздөөчүсү (1978).
«Менин өлкөмдө бийлик өкүлдөрү өздөрүн мамлекеттин малайымын деп сыймыктанышат; мамлекетке кожоюн болуу шермендечилик деп эсептелмек».
♦ ♦ ♦
«Мамлекеттик ишмерлердин саясатчылардан айырмасы кайсы? Биринчиси – өлкө келечегин ойлойт, экинчиси – алдыдагы шайлоолорду болжойт».
Уинстон Черчилль, британиялык мамлекеттик жана саясый ишмер, журналист, жазуучу (1874–1965).
«Орусия жазасыз кылмыштардын жана билип туруп билмексенге салган эси дарттуулардын өлкөсү».
Фредерик Бейгбедер, француз жазуучусу, публицист, адабиятчы (1965-ж).
«Орусия – колго түшпөс уурулардын өлкөсү».
Владимир Колечицкий, журналист, «Золотой теленок» сыйлыгынын лауреаты. Көптөгөн афоризм китептеринин автору (1938-ж).
«Патриот ар дайым өз өлкөсүн бийликтен коргоп алууга даяр болушу керек».
Томас Пэйн, англо-америкалык жазуучу, философ, публицист (1737–1809).
«Биздин өлкөдө ичимдиктен өлгөн адамдын мүрзөсүндө арак шыңгытуу көнүмүш. Таңгалба. Кокус бирөө-жарым электир тогунан өлчү болсо, аны жоктогондо өзүңдү электрошокер менен жазалагың келет.
Дмитрий Геращенко, орусиялык «ГРОТ» хип-хоп тобунун мүчөсү (1989-ж).
«Ардактуу айым, жапайы бир өлкө бар, билбейсиң аны. Ал – Московия! Суук, коркунучтуу өлкө».
Михаил Булгаков, орус жазуучусу, «Мастер менен Маргарита» романынын автору (1891–1940).
«Өзүң туулуп өскөн өлкөдөн качып-бозгондон өткөн шор азап барбы?»
Еврипид, байыркы грек драматургу (биздин доорго чейинки 480–406-ж).
«Ар бирибиз өзүбүзгө собол коёр жердебиз: туруктуу тынчтыкта гүлдөп-өнүгүүсү үчүн өз шаарыма, өз өлкөмө жан дилимден кандай салым кошалдым?»
Нельсон Мандела, Түштүк Африканын 1918–2013-ж.ж. аралыгындагы 8-президент.
«Караламан калктын фантастикалык дем-шыгы менен дүйнөдөгү эң жогорку интеллектуалдык потенциалы, эң мыкты маданияты бар өлкө саналган Орусия Сталиндин колуна өткөн... 30 жылда Сталин эмне кылды? Орусияны дүйнөдөгү эң кунарсыз, эң жийиркеничтүү өлкөгө айлантты. Жадагалса коркунучтуу түшкө айланган беш жыл аскердик согуш тыныгуусун биз – кере тартып дем алган таза абадай кабыл алдык ко...»
Дмитрий Быков, орус жазуучусу, акын, журналист, киносынчы, сценарист (1967).
«Гитлер эч качан өз капчыгына чоң акча шыкоо үчүн үзүлө түшүп кызыкпаган. Бул кызыкчылык Путинде бар. Чечекейи чеч: болгондо да келечектин башка өңүттөгү өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берер тымызын кумарпоздук ал. Орусияга эч кандай кастыгы жок коңшу өлкөнүн 40 миллиондон ашуун калкын Путин соңку мезгилде атайылап эле келишкис душманга айлантты.
Збигнев Бжезинский, америкалык саясат таануучу, социолог, мамлекеттик ишмер (1928–2017).
«Орусиянын чылгый жаман жактары өзүнүн чириген интеллигенциясына таандык. Дал ошолор өз өлкөсүнөн уялып, өз элинен оолактанган катмар».
Михаил Катков, орус публицисти, басмачы, адабий критик (1818–1887).
«Сыягы, Орусия башкача өзгөрүүгө жөндөмсүз. Ал уурдамайын, баскынчылык кылмайын, зордуктамайын, чиритмейин, наадандыксыз туралбайт. Аттиң-ай, бул өтө кейиштүү өлкө. Башкаруу принциптерин өзгөртчү болсо эле ыдырайт ал. Агер аларды сактап калса да, цивилизациядан ажырап, акыры ошонун колунан кыйрайт. Акыркы тракторист акыркы казды былчыйта тебелейт да, акыры баары бүтөт».
Александр Невзоров, орусиялык публицист, телерепортёр, алпаруучу (1958).
«Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө караганда бизде милийса толтура, бирок киши өлтүргөн кылмыштуулук боюнча Зимбабвенин деңгээлиндебиз».
Алексей Навальный, орусиялык юрист, жарандык активист, коомдук ишмер, блогер (1976-2024).
«Жеке адам өз өлкөсүнө жана жалпы адамзатка жасар эң башкы кызматы – балдарын туура өстүрүү».
Жорж Бернард Шоу, британиялык жазуучу, драматург, коомдук ишмер (1856–1950).
«Бардык өлкөлөр мыйзам боюнча, а Орусия макал-лакаптар менен жашайт».
Александр II, Бүткүл Орусия императору, Польша падышасы жана финляндиялык улуу князь романовдордун династиясынан (1818–1881).
Кыргызчалаган О`Шакир
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.