
КӨЛӨЧ
Тыкчыйып бут кийим текчесинин төрүндө,
Турат Өтүк, бөлдүрүп көңүл өзүнө,
Эми бир келишкенин айтпайын,
Кийсең жарашыктуу кашыктайын!
Көлөч шордуу босогодо жатабы
Тепселенип, бир илинип калабы,
Бутка оңой, жеңил, кийсең көтөрүмдүү,
Сууга, ылай кирге, чаңга бар амалы!
Өтүк өйдөдөн байкап,
Көлөчкө боору ооруппу,
Сөз баштады аны карап:
«Иий, Көлөч, кантип чыдайсың?
Чыкканы-киргени кие берет сени,
Аялы, башкасы, баласы, эркеги,
Кыйын эле сенин жашооң, оңой эмес
Баарына түтүп, байкуш көңүл алган,
Шалпаңдап ары-бери сен чыдаган!» –
десе жооп берди Көлөч:
«Ээ, ооба, мен болбосом анан ким?
Баарыңар төрдө кыйынсыңар,
Өтүк сен эми бир кышта,
Тойго, коноко чыгасың тышка.
Шиш таканы эми койчу айтпайын,
Ал такылдап чыккыча той тарайт,
Буттарды оорутуп бастырбай калат,
Өңгүл-дөңгүл жолдордон ал качат,
Асфальтта гана басат!
Ботос, Кедаларды байлаш керек,
Отуруп туруп ага убакыт кетет,
Анан мына мен байкуш,
Же кыйрап деле жуулуп каралбайм,
Силерчилеп, же майланбайм,
Бирок жок болуп калсам мени издеп,
Калышат экен, кыйкырып:
«Көлөчүм, Көлөчүм, каякта калды?» – деп.
Жаныбыздагы кээ бир жөнөкөй адамдарды
Барктайлы!
Алар жок, биздин жашоодо толуп кетет Муң-кайгы!
ТАЛАШ
Аппак тегиз кагаз бетин талашып,
Ар бириси ордуларын самашып,
Көбүрөк боёлууну каалашып,
Өңдөр, түстөр ызы-чууну жаратып.
Жашыл түс бардыгынан тайманбай
Сөз баштады, өзүн өзү кармабай:
«Мен талаамын! Жер энемин!
Жашыл боёк! Чөпмүн! Гүлмүн!
Бакмын! Жашыл көздөр тоёт!
Жашыл түскө жаратылыш бүт оролуп,
Жашыл түскө кимдер гана не деп коёт?!» –
десе Көк түс каткырып үстүртөдөн,
Эмне дээр экен азыр биз угалы:
«Ээ, Жер эне, талаамын де, дагы эмне?
А кайсыл түс үстүңдө карап турган?
Көк асман болбосо мен боёгон,
Суулар, көлдөр, Көк түстө, билгин аны!
Кимге керек? Ким сугарат? Кайда калат?
Сен айткан Жашыл өң кантип чыгат?
Ии, эми өзүңүзгө келдиңизби?
Кантип боёлосуз аны билдиңизби?» –
десе Кызыл, Сары түстөр дагы кеп талашып,
«Силерди эле кыйын булар! – деп ким айтты?
Көк, Жашыл түстөр ээлеп бул ааламды,
Бириңер боёп келип кең талааны,
Боёдуңар Көк кылып Көк асманды,
Биз болбосок ачып турган бул ааламды,
Бирде күн чыгып-батып Сары, Кызыл,
Чыгат жайнап жерге гүлдөр Сары, Кызыл,
Аралашып турбасак ачат беле?
Жаратылыш кооз ушундай болот беле?
Уялып көздөр дагы толот беле?!» –
дешсе, дагы башка түстөр чычалашып,
Күрөң, Сыя, Боз, Саргыч, Кочкул кызыл,
Ар бириси өзүлөрүн бир макташып,
Аягында:
– Менмин! Менмин! – деп чарчашты.
Бардыгы ордуларына таркашты!
Кара боёк, анан келип бөлүнүп…
Бардыгына жылмайгансып көрүнүп,
Акырында бардыгына төгүлүп:
«Менин түсүм боёлсо же түн болот,
Баарын каптап төгүлсө, ана… не болот?
Ха-ха-ха».
ТИЛДИ ЭМНЕ КЫЛСАК?
Көз көргөнүн,
Каш алданганын,
Баш билгенин,
Кулак укканын,
Мурун сезгенин,
Бет чыдаганын айтып жатса…
Тил эмнесине сайрайт мынча?
Ии, кокуй,
Тил – бул депутаттай эле,
Жөн эле кыйын сүйлөп,
Жакшы кепти айтса эле
Колдоп, жагып жатпайбы элге!
Мына сүйлөгөндү билиш керек!
Анын дагы сабагы, курстары бар,
Же көптөрдүн тубаса таланты бар!
Тил керек болсо өзү эле
Дүйнө башкарып коёт жөн эле!
Ишен, ишен, азыр ошондой эле
Кээ бир кыздар татынакай, куурчактай,
Тийип жатпайбы маймылына карабай,
Ошондойлор коркпой ишендирет,
Калп эле жакшы болуп келет,
Калптын казаны кайнабай
Ажырашат, көпкө узабай!
Кээ бирлери “наоборот”,
Жигиттер ишенип, үйлөнүп жатпайбы,
«Тили» гана бар немеге!
Анан дагы башкасын айтсам,
Аферисттер көбөйдү,
Бул заманда мактангандар,
Бирөөнүн мүлкүн тартып алгандар,
Байытам, – деп алдагандар,
Дардайгандар, мардайгандар,
Тили менен оокат кылгандар,
Вотсап, Фейсбук, Тик-Токтон
Түшпөй сайрагандар,
Ошо тилди эмне кылсак?
Кесип салсакпы, же жулуп алсакпы?
Түп-тамыры менен жок кылсакпы? –
деп барсак…
Ал жакта да бир Тил бар экен кыйын!
Көздү көндүрүп алганбы,
Экөөлөп бир ыйлап, бир сайрап,
Бир күлүп мактап-жактап,
Жолго салды алдап-салдап!
Айтор, булар кыйын экен,
Бардык жерде ошолор
Отурушат экен, бекем-бекем!
ЧЫМЫН МЕНЕН ААРЫ
Чымын көп чымындын көзүнчө
Шылдың кылып аарыны,
Аны «ууру» деп калды.
«Ээй, акмак Аары,
Уурдамай болдуң го, гүлдүн баарын?
Соруп бүттүң го, алардын даамын?
Же мактасын – деп элдин баары,
Учуп жүрөсүң го ээ, бери-ары, бери-ары?» –
деп Чымын чымчып сүйлөп калды.
Аарынын болсо иштери көп,
Ал укмаксанга салдыбы,
Же чын эле укпай калдыбы?
Айтор, өз ишин ал улантты,
А Чымын болсо бокко конуп,
Өзүн өзү уулантты!
Бул тамсилдин айтайын дегени,
Чымындарга, сөз коротпо дегени!
ЭЧКИ ЭРГЕ ТИЙДИ
Эчки «эрге» тийди!
Ой-бууй!!!
Тийгенде да кимге тийди?
Териси күнгө чыкса жалтыраган
Аргымакка! Камчы салдырбаган
Өңү кооз, капкара көз жайнаткан,
Айылдын «Красавчиги» атанган,
Тулпарга тийди, бата алган!
Кара кыздын агынан эмес багынан!
Чуркаган албайт, буйруган да башынан!
Билбейсиң, маңдайыңа ким жазылган?
Бир ушуну, качан өлөрүңдү анан.
Эмесе, Эчки ким да? Тулпар ким?
Асман кайда?
Жер кайда,
Кышпы, жайбы – бар пайда!
Тоңуп суусу сай кайда?
Ашык болгон Эчкиге
Барбы мээси кайранда?
Ээ …жарашса Тулпар жаныңа,
Ачка Эчки ток болот!
Жанашса дөөлөт Эчки да,
Өзүн сезип, бак конот!
Чын эле, өзүн сезип Эчки,
Бээ сезип жерди тепти,
Мурдун көтөрүп, тийип алганына
Мактанып таратты кепти:
«Ооба, сүйүп Тулпар мени башынан.
Кыйынмын да амалдуумун жашыман,
Керек болсо, Эчки эле атым болбосо,
Миң Бээлерден ашып чуркайм оң болсо!» –
деп күлкүнү келтирди,
Тамашабы ким билди?
Миң ойгонуп, миң турса,
Жаралып эле кайра калбаса,
Эчки боло алабы башка?
Оролсо да күмүш-алтынга!
Эх, мына, капырай,
Болду чын жалган мындай,
Любовь зла – Полюбишь и козла деген ушундай!
Ха-ха-ха!
КУРТТУН КЫЯЛЫ
Жердин түбүндө жашаган бир байкуш Курт…
Жердин үстүнө чыгып,
Көк асманга, ак булутка,
Күнгө, Айга, жылдыздарга суктанып,
Учкусу келет кыялданып!
Бирок кыялы кыял боюнча каларын билет,
Кейип, кайра жердин түбүнө кетет.
Бир күнү Курт дагы кыялданып жатса,
Бир куш учуп келип, баягы Куртту
«Шып» этип илип кетет.
– Ой! Ой! Оой! Ооой! – деп сүйүнөт Курт:
«Мен учуп баратам!
Мен чын эле учуп баратам!
Ээй, эхехехехей, эл-журт!
Эшек Курттар! Айбанаттар!
Канаттуулар! Карагыла, карагыла!
Ичиңер күйсө туз жалагыла.
Менин кыялым орундалды!
Мына асман! Мына күн! Мына тоолор!
Мына булут! Керемет, кандай гана керемет!» –
деп кыйкырып жыргап баратса эле…
Куш мыйыгынан күлүп,
Учу-уп барып уясына,
Башы-куйругун түйрүп,
Жем кылып берди балдарына!
Эх, ооба, Курттун кыялы орундалды,
Бирок кандай, баа менен карагыла!
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.