Петр Бормор: Аягы күтүлбөгөн укмуштуу окуя

  • 15.01.2025
  • 784

Уктаар алдында окулар жомок

— Эй, кыз кайда? — Жезкемпир мышыкка атырылып бир тийди. — Ал жана эле жүрбөдү беле? Кайда кетти?

— Качып кетти, – деди мышык алдындагы табактын түбүн жалап жатып.

— Качып кетти дегени эмнеси? – Жезкемпир таң калды. Ал кача алмак эмес. Сен эмне олтурасың, шүмшүк? Анын алдынан тосуп, бетин тытып албайсыңбы!

— Билесиңби, кожойке... — мышык тырмактарын ойлуу тиктеди, – ал мага каймак берди.

– Сагабы?

— Мага.

— Кантип!? Менин салган тыюума карабайбы! Анан сен жедиңби!?

— Эмнеси бар экен, жедим. Жебешим керек беле? — мышык чоюлуп, керилип эстенди. Мен сага дээрлик жүз жылдан бери кызмат кылып келем, а сен мага каймак эмес, тарткан сүт да бере элексиң. Анан ал каймак берип жатса!...

– Мен тыюу салбадым беле!

– Мен сизди абдан сыйлайм, кожойке, – деди мышык кулагын кыймылдатып, – бирок каймакты да жакшы көрөм.

— А бул ыракматтын ордуна! – Кемпир жемелеп, башын чайкады. — Жок, сен мага жүз жыл жашаганың үчүн рахмат айтышың керек. Кайра тарткан сүт берген жок деп күнөөлөйсүң! Сен мышыктардын орточо жашы канча экенин билесиңби?

— Ой, койчу, бул болбогон кеп, кожойке. Кабатыр болбо. Бир чөйчөк каймактын мага эч кандай зыяны жок.

— Бүтүндөй бир чөйчөкпү?! – жезкемпир көзүн жумуп жиберди.

— Бир өмүр көп экен, бир өмүр аз экен, — деди мышык ийин куушуруп. — Менде дагы сегизи калды.

Жезкемпир кабагын чытып, терезени ойлуу карады. — Анда... Эмнеге ит аны өткөрүп жиберди экен? Эй, сен барсыңбы! Каргыш алгыр! Бул жакка кел!

— Кыйкырба, — деди мышык жаланып. — Ал баары бир келбейт. Ал уктап жатат.

— Эмне үчүн уктап жатат?

— Демек, ал тоё жеген, тамагын сиңирип жатат.

— Эмнени... сиңирип жатат?

— Колбасаны. — Мышык көзүн жуумп, үшкүрүндү. — Колбаса кандай сонун. Мейли… каймак да жаман эмес.

— Айбандар! — Жезкемпир көмкөрүлгөн сокуга олтуруп алып жинденди. — Мен силерди эмне үчүн күнү-түнү диета менен багып жатам? Силердин ден-соолугуңар бузулуп, өлүп калбасын деп.

— Ачууланба, кожойке, — мышык жоошута сүйлөдү, — ит деле бир аз көңүлүн көтөрүп алсын да. Жүз жылдан бери оозуна каткан нандан башка нерсе сала элек, айткандан да коркосуң!

— Корксоң, унчукпай олтур! — деп кыйкырды Жезкемпир.

Мышык тигинин айтканына моюн сунуп унчукпады, түпкүчтөй ийилип, быр-быр деген үн чыгарып, куйругу менен ойной баштады.

— Кубалап барсамбы? — деди ойлуу олтурган Жезкемпир бир аз убакыттан кийин.

— Эмне менен, шыпыргың мененби? — бышкырып койду мышык.

— Айтмакчы, — кабагын түйдү Жезкемпир, — Европада жезкемпирлер кара мышыктарды минип учат деп уктум.

— А мен үйрөткү эмесмин, — каршы болду мышык, — жана азоомун.

Жез кемпир ары карап унчукпай калды...

— Кожойке, эй, кожойке?

— Эмне?

— А кубалап жетсең аны эмне кылат элең? Кууруп жейсиңби?

— Сен эмне, мен ошончолук эле жырткыч белем? — таарына кетти кемпир. — Мен аны кантип жеп салайын? Үч жүз жашка чыктым, баары мени: “Жезкемпир, куу шыйрак...” дегенден башканы айтпайт. А ал мени чоң эне дебедиби!

Кемпир бышактап көзүнө жаш алды. Жүз аарчысын алып көзүнүн жашын сүрттү.

— Мен ага жолго чыкса ала кетсин деп алма чогултуп... кыям менен май токоч камдап... – деп мойнуна алып, таң калып карап калган мышыкка уялгансып жылмайды.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз