Жан дилиңди ойготор икаялар

  • 16.01.2025
  • 2062

Чындыкка дал келбеген эч нерсе жок…

Көзү азиз адам имараттын тепкичинде кайыр сурап отурган болот. Алдында калпагы жана “Мен сокурмун, сураныч, жардам бериңиздер!” деген баракча жатат. Бирөө өтүп баратып тып токтойт.

Майыптын жердеги калпагында жарытпас тыйын жатканын көрөт. Ал ага бир нече тыйын таштап, анын уруксатысыз эле тактайчага жаңы сөздөрдү жазат да, кетип калат. Кечинде кайра келип, калпак тыйынга, акчага толуп калганын көрөт. Сокур аны дабышынан таанып, анын кагазга не деп жазганын билгиси келип, сураса: “Чындыкка дал келбеген эч нерсе жок. Мен аны жөн гана башка сөздөр менен жаздым”, – деп жооп берди да, кетип калды.

Баракчадагы жаңы жазуу мындай болчу: “Азыр жаз мезгили, бирок мен аны көрбөйм. Керемет күн, бирок аны да көрбөйм”.

Бакыт тууралуу

Кудай адамды жараткандан кийин колунда бир ууч чопо артып калды. Анан ал адамдан сурады:

– Дагы эмне берейин?

– Мага бакыт бер.

– Макул, колуңду тос, – деп адамдын алаканына чопонун калдыгын салып: – Калганын өзүң жасап ал, – деген экен.

Көйгөй жөнүндө

Профессор колуна суу куюлган чөйчөктү алып, алдыга сунду да, студенттеринен сурады:

— Бул чөйчөктүн салмагы канча деп ойлойсуңар?

Аудиторияда жандуу шыбырашуу башталды.

— Болжол менен 200 грамм! Жок, балким 300 грамм! Же 500 грамм! — деген жооптор угулду.  

— Мен аны таразага салмайынча так билбейм. Бирок бул азыр маанилүү эмес. Суроом мындай: эгер мен чөйчөктү бир нече мүнөт кармап турсам эмне болот?

— Эч нерсе!

— Чынында, эч нерсе болбойт, — деди профессор.

— Эгер мен бул чөйчөктү эки саат бою кармасамчы?

— Колуңуз ооруй баштайт.

— Ал эми бир күн бою кармасамчы?

— Колуңуз уюп, булчуңдарыңыз ооруйт. Балким, шал болуп, ооруканага барууга туура келет, — деди бир студент.

— Силердин оюңарча, мен бул чөйчөктү бир күн бою кармап турганда, анын салмагы өзгөрөбү?

— Жок! — деп жооп беришти студенттер.

— Бул көйгөйдү чечүү үчүн эмне кылуу керек?

— Чөйчөктү үстөлгө коюңуз! — деп күлдү бир студент.

— Туура! — кубанып жооп берди профессор.

— Жашоодогу бардык кыйынчылыктар да ушундай. Бир нече мүнөт көйгөй жөнүндө ойлонсоң, ал сенин жаныңда. Бир нече саат ойлонсоң, ал сени соруп баштайт. Эгер бир күн бою ойлонсоң, ал сени шал кылат. Көйгөй жөнүндө көп ойлонгондон пайда жок. Анын “салмагы” азайбайт. Маселени чечүүгө аракет кылганың гана жардам берет. Аны чеч же четке как. Дайыма сени шал кылчу оор таштарды көтөрүп жүрүүнүн кереги жок.

Бир үлүлдү сактоо

Бир киши жээктеги кумдан бир нерсе алып, деңизге ыргытып жаткан баланы байкады. Ал жакын барганда гана кумдан деңиз үлүлдөрүн терип жүргөн баланы көрдү. Айланада үлүлдөр көп болчу. Кумда миллиондогон деңиз үлүлдөрү бардай сезилди, бир чакырымдай созулган жээкте үлүлдөр жык-жыйма эле.

— Буларды эмне үчүн сууга ыргытып жатасың? — деди киши баланын жанына келип.

— Эгер алар эртең мененки толкунга чейин жээкте калса, өлүп калышат, — деди ишин токтотпогон бала.

— Бул кылганың акылсыздык! — деди киши. — Карачы! Мында миллиондогон үлүлдөр жатат. Сенин аракетиң эч нерсе өзгөртпөйт!

Бала кийинки үлүлдү алып бир аз ойлонда да, аны деңизге ыргытты:

— Жок, менин аракетим бул үлүл үчүн көп нерсени өзгөртөт, — деди ал.

Картөшкө салынган баштык

Окуучу мугалимден сурады:

— Сен абдан акылдуусуң, ар дайым жакшы маанайдасың, эч качан ачууланбайсың. Мага да ошондой болууга жардам бер.

Мугалим окуучудан картөшкө жана тунук баштык алып келүүнү суранды.

— Эгер кимдир бирөөгө ачууланып таарынсаң, – деди мугалим, – анда бул картөшкөнү ал. Бир жагына өз атыңды, экинчи жагына сен уруша кеткен адамдын атын жазып, картөшкөнү баштыкка сал.

— Ошол элеби? – деп таңгалды окуучу.

– Жок, – деди мугалим. – Бул баштыкты ар дайым өзүң менен алып жүрүшүң керек. Бирөөгө таарынып же урушсаң, ага бирден картөшкө кош.

Окуучу макул болду. Көп күн өтпөй окуучунун баштыгы толуп, оорлошо баштады. Аны ар дайым өзү менен көтөрүп жүрүү ыңгайсыз эле. Анан да баштыкка биринчи салган картөшкөлөр бузула баштады. Айрымдары чирип, айрымдары өнүп, жагымсыз жыт толуп чыкты. Окуучу мугалимге келип:

– Муну алып жүрүү мүмкүн эмес. Биринчиден, баштык оор, экинчиден, картөшкө бузулуп кетти. Башка бир нерсе сунуштачы, – деди.

Мугалим жооп берди:

— Дал ушундай эле нерсе жан дүйнөңдө да болуп турат. Бирөөгө ачууланып, таарынганда, жүрөгүңдө оор жүк пайда болот. Болгону сен аны дароо байкабайсың. А жүк көбөйө берет. Кылыктар адатка айланат, адаттар мүнөзгө айланып, кемчиликтерди жаратат. Бул жүктү унутуу абдан оор, анткени аны ар дайым өзүң менен алып жүрүү кыйын. Сага бул процессти сырттан байкоо мүмкүнчүлүгүн бердим. Ар мерте таарынуу же тескерисинче, бирөөнү таарынтып алуудан мурда, бул таш мага керекпи деп ойлон.

Эки дос

Бир жолу эки дос сөз талаша кетип, бири экинчисин жаакка чаап жиберди. Ооруну сезгени эч нерсе дебестен, кумга жазды: “Бүгүн эң жакшы досум мени жаакка чапты”. Алар жол улантып, көлгө жетип, сууга түшүүнү чечишти. Жаакка жегени чөгүп кете жаздады, досу аны куткарып калды. Ал өзүнө келип, ташка жазды: “Бүгүн эң жакшы досум өмүрүмдү сактап калды”. Жаакка чапканы досунан сурады:

— Мен сени таарынтканда, сен кумга жаздың, эми болсо ташка жазып жатасың. Эмне үчүн?

Досу жооп берди:

— Кимдир бирөө бизди таарынтканда, биз аны кумга жазсак, шамал өчүрүп салат. Тек, бирөө жакшы нерсе кылганда, биз аны ташка оюп жазышыбыз керек, анткени эч кандай шамал өчүрө албайт.

Үч каалоо жөнүндө

Жашоодо бир Адам болуптур. Анын үч кыялы бар эле: жогорку маяналуу жумушка ээ болуу, сулуу кызга үйлөнүү жана дүйнөгө таанылуу.

Кыштын суук күнүндө Адам белгилүү бир фирманын кеңсесине маектешүүгө шашып бараткан. Капысынан алдынан бир киши тайгаланып жыгылды. Адам жыгылган кишини карап, аны мас деп ойлоду да, карабай өтүп кетти. Жолугушууга кечикпей барды. Бирок маектешүү ийгиликсиз өттү: Адам каалаган кызматына алынган жок.

Бир жолу жайдын кечинде Адам шаарда сейилдеп жүрүп, көчө артисттеринин тобун көрүп токтоп, спектакль көрүүнү чечти. Көрүүчүлөр аз болчу, бирок пьеса кызыктуу, көңүлдүү эле. Спектакль бүткөндөн кийин адамдар тарай баштады. Биздин каарман да кетүүгө даярданганда, бирөө анын ийнине акырын кол тийгизди. Бул пьесанын башкы каарманы, кары-маскарапоз айым эле.

Ал спектакль жактыбы, актёрлорго ыраазы болдуңбу деп сурады. Бирок Адам сүйлөшүүнү каалабай, аны жактырбай бурулуп, кетип калды. Бир жолу жаан-чачындуу кечте Адам досунун туулган күнүнөн үйүнө шашып бараткан. Ал абдан чарчаган, оюнда жыпар жыттуу ваннага түшүп, жайлуу, жылуу төшөккө тез жетсем деген...

Капысынан бирөөнүн муңдуу ыйлаганын укту. Аялдын ыйы. Ал Адамдын үйүнүн жанындагы отургучта отурган. Кол чатырсыз. Жалгыз. Биздин каарманды көрүп, андан жардам сурады. Аялдын үй-бүлөсүндө кайгылуу окуя болуптур. Ага жөн гана жаншерик керек экен. Адамдын көз алдына ванна, жылуу төшөгү келип, үйүнө шашылды.

Адам бактылуу жашаган жок. Көз жумду. Асманга барганда, Адам өзүнүн Досу, Коргоочу Периштесин жолуктурду. Алар асмандагы селкинчекте термелип, сүйлөшүп жатышты.

– Билесиңби, мен таптакыр бактысыз жана керексиз жашоо өткөрдүм. Үч кыялым бар эле, бирок бири да ишке ашпады. Өкүнүчтүү…

— Хм… Досум, мен сенин бардык кыялдарыңды ишке ашыруу үчүн баарын жасадым, бирок бул үчүн сенден болгону: колуң, көздөрүң жана жүрөгүң керек болчу.  

– Оо, Кудай, анан эмне болду?

– Эсиңдеби, кыштын тайгак жолунда жыгылган адамды? Азыр мен сага ал сүрөттү көрсөтөм… Ал адам сен бармак болгон фирманын башкы деректири. Сени укмуштуудай карьера күтүп турган. Сенден талап кылынган нерсе – сенин ага сунган колуң эле. Эсиңдеби, көчө спектаклинен кийин сага суроо жаадырган кары-маскарапоз айым? Ал жаш сулуу актриса эле, ал сени биринчи көргөндө эле сүйүп калган. Силерди бактылуу келечек, балдар, өчпөс сүйүү күтүп турган. Сенден талап кылынган нерсе – сенин көрөгөч көздөрүң эле. Эсиңдеби, кире бериштеги ыйлап жаткан аялды? Жаан-чачындуу кеч болчу, ал көз жашына чыланып турган… Ал белгилүү жазуучу болчу. Үй-бүлөлүк кризисти башынан өткөрүп, ага жаншерик керек болчу. Эгер сен аны үйүңө киргизип, акылдуу сөздөрүң менен сооротуп, жан дүйнөсүн жылытсаң, бул окуяны китепке жазмак. Китеп дүйнөгө белгилүү болмок, сен да атактуу болмоксуң, анткени автор башкы бетте бул чыгарманы жаратууга шыктандырган адамдын атын жазмак. Ошондо сенден талап кылынган нерсе – сенин жүрөгүң эле. Сен көңүл бурганың жок, досум.

Адам үшкүрдү…

Азыр бул дүйнө сизге эмне сунуштайт? Эсиңизде болсун: Бакыттын жүзү – Табышмактуу сыр…

Которгон Абийрбек Абыкаев

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз