Саул Абрамзон: Кыргыз шамандарынын өзгөчөлүктөрү

  • 29.01.2025
  • 5483

Фетишизмдин издери

Кыргыздар жөнүндөгү этнографиялык адабияттарда кечээ жакынга чейин фетишизмдин көрүнүштөрүнө таандык кыла турган диний ишенимдер жөнүндө кандайдыр-бир анык маалыматтар келтирилген жок.

Фетиштер (онгондор) культунун качандыр-бир убакта казактар менен кыргыздарда болгондугун Ч. Валихановдун болор-болбос бир эскертүүсүнөн баамдоого болот: «...элестери ыйык тутулган, айрыкча сүрөттөрү бар, мисалы, жер кудайлары буркандар — зыягачтар сыяктуу экинчи даражадагы теңирлер таптакыр унутулуп калган, мунун себеби, исламдын киргизилиши менен мусулмандар жек көргөн буттар көбүрөк куугунтукталгандан улам болсо керек»

Кечээ жакында эле Ч.Валихановдун пикири ырасталып отурат. Орто азиялык сопулардын (суфийлер) белгилүү шейхи Хожо Исхактын турмушуна арналган «Зия ал-Кулуб» деген кол жазмада Хожо Исхактын муруттарынын бир тобунун кыргыздар сыйынчу жайга келишкени эң сонун сүрөттөлөт. Кыргыздардын көп сандаган тобу өзүлөрүнүн оорулуу жол башчысы Сарыктун маңдайында отурушат. Тамак алдыга келгенде ар кимиси эттен бир тилим кесип алышып, идишке салды. Андан кийин бардык эркектер менен аялдар даракка барышып, ага жүгүнүшөт да, эт салынган идишти дарак түбүнө коюп, анын алдында ийилип турушат. Даракта күмүш бут (идол) илинүү турат, анын айланасында жыгачтан жана таштан чегип жасалган эки миңге жакын башка буттар коюлган.

Бул кыргыздардын бутканасы болгон. Кол жазмада буттун аты — «талбий-айи-жакар» келтирилген. Эт салынган идишти башкы буттун алдына коюшуп, аны тамактан ооз тийүүсүн суранышат. Андан кийин эт салынган идишти четке жылдырышып, бир кесим этти буттун сол колуна, экинчи бир кесим этти оң колуна салышып, үчүнчү кесимди (туурап) чачып жиберишет.

Бутпарастардын жөрөлгөсүнө ызаланып, ачуусу келген шейхтин шакирттери башкы бутту жерге ыргытып жиберишет да, алардын баарын шейхке ээрчитип келишет. Шейх топко кайрылып, бутту көрсөтүп: «Мунуңар эмне, мунун колунан эмне келет?» — деп сурайт. Чогулгандар: «Бул биздин кудайыбыз (худа), силердин кудайыңардын колунан эмне келсе, биздин кудайыбыздын колунан да ошол келет», – деп жооп беришет. Андан ары эшендин оорулууну кеселден айыктырганы жана чогулгандардын баарынын мусулман болуп калышканы жазылган. Ушундан кийин бардык буттарды талкалашат да, күмүштөрдү шейхти жандагандарга тартуу кылып беришет.

Кыска болсо да бул маалыматтар кыргыздардын онгондор культунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн баалуу материал берет. Жазылганга караганда, бул сыйынуунун максаты оорулууну оор кеселден айыктыруу болгон. Бул жөрөлгө онгонго тамак берүү менен коштолгон. Башкы онгон антропоморфтуу болгон. Онгондорду жасоо үчүн күмүш, таш жана жыгач пайдаланылган.

Азыркы кыргыздардагы фетишизмдин издери жөнүндө Ф.В.Поярков жазган: «Орто Азия хандарынын тушунда кирген мусулманчылыктын өркүндөтүлүшүнө чейин кыргыздарда «кут» — бут бар болучу же болгон, калайдан жана коргошундан куюлуп, ар түрдүү, көбүнчө көгүш жана кызыл түстөгү чүпөрөктөр менен чулганган бут болгон. Бул бут майда мал ооруганда колдонулган, аны сууга чайышып, ал сууну малга чачышкан, азыр болсо ал пайдаланылбайт жана ал жөнүндө эскерүүлөр гана калган»

Ушул эле онгонго тиешелүү жана жарым-жартылай Поярковдун жазганы менен дал келген эң сонун маалыматты К.К.Юдахин чогултуп, жарыялаган: кут 2. эски сөз, тумар, адамды жана малды кайтарат имиш (ичинде бир тоголок коргошуну бар баштыкка тигилген жети седеп топчу жана коргошундан же калайдан жасалып, көк же кызыл чүпөрөк кийгизилген адамдын келбети, бул келбет сууга жуулуп, ал сууну малга чачышкан; азыр бул унутулган, карыялар гана элес-булас билишет)

Шаман культу

Шаманчылык жана аны менен байланыштуу болгон дүйнөгө көз караш, ошондой эле ооруларды эмдөөнүн ага негизденген жолу эски кыргыз турмушундагы баарынан көбүрөк туруктуу келген көрүнүштөрдүн катарына кирген.

Кыргыз шаманчылыгы жөнүндө бизди кызыктырган маалыматтар Ч.Валихановдун, Ф.Поярковдун эмгектеринде, В.Шумиловдун чакан макаласында, башка бир эмгектерде жолуга турган айрым кыска үзүндүлөр гана бар. Кыргыз шамандары жөнүндөгү баалуу эскертүүлөр П.П.Семенов-Тянь-Шанскийдин мемуарларынан учурайт. Ошондой эле С.Ильясовдун чакан макаласын белгилеп кетүү керек.

1946-жылы Тянь-Шань этнографиялык экспедициясынын учурунда бизге мурдагы эки эмчи-шаман (бакшы) — Шыгаев Борбу (Куланак району, «Чоң-Арык» колхозу) жана Моңгошев Абдуллабек (Тогуз-Торо району, «Кош-Булак» колхозу) менен жолугушууга туура келди. Алардан С.Табышалиев жана А.Чоробаевдер тарабынан жазылып алынган маалыматтар бул маселе боюнча адабияттагы жокко эсе маалыматтарды олуттуу толуктады.

Айтылып жаткан жаңы жазып алуулар, башка булактар менен бирге алганда, биринчи жолу кыргыз шамандарынын өзгөчөлүктөрүнө жалпы мүнөздөмө берүүгө мүмкүнчүлүк түздү.

XIX кылымдын аягы ченде шамандардын негизги милдети, негизинен нерв ооруларын эмдөө болгон жана алар көзү ачык деп эсептелген. Бирок кыргыздарда шамандарга мүнөздүү болгон белгилер айрым бир адамдардын өзүнчө бир категориясында да болуп, алар да көзү ачык деп эсептелинген, бул жөнүндө мурда эле П.П.Семенов-Тянь-Шанский белгилеп кеткен. Ал өзүнө келген көзү ачык адамды «дуана» деп атаган. Кыргыздарда апендилер жөнүндөгү түшүнүк шаман культу менен чырмалышып кеткен деп болжолдоого болот; айрым бир шамандарды көзү ачык апенди деп айтышкандай эле, кээ бир көзү ачык «дуаналарды» шаман катарында да эсептешкен.

Орто Азиялык жана казак шаманчылыгынын дервишизм менен белгилүү болгон байланышы кыргыз материалы менен да ырасталат. Муну кыргыз шамандарынын биринин айткандарында жана П.П.Семенов-Тянь-Шанскийге келген «дуана» да ак куу жүнүнөн жасалган шуңшугуй күлө (баш кийим) кийип келген. Мындай күлө кийүү кыязы дервиштер менен шамандар үчүн жалпы мүнөздүү болсо керек. Тянь-Шанда жашаган бир нече думана ак куунун жүнүнөн жасалган күлө же гүлө аталган баш кийим кийип жүрүшкөн (өзбектердеги кулах — дервиштин конус түрүндөгү баш кийими менен салыштырыңыз). Кыргыз думанасынын ак куунун жүнүнөн жасалган күлө кийгени — кээ бир сибирлик элдердин шамандарынын жалпы окшоштугун далилдейт. Дервиштердин баш кийимин Сибирь шамандарынын баш кийими менен окшоштугу жөнүндө О.А.Сухарева да жазган. Ал орто азиялык шамандардын орто азиялык суфизмдин идеологиясы жана үрп-адаты менен болгон байланышына өтө кылдат мамиле жасап, чоң көңүл бурат.

Кыргыздардын көчмөн чөйрөсүнө суфизмдин киргендиги жөнүндө жогоруда көрсөтүлгөн. Кыргыз шамандарынын, апендилердин жана жиндилердин өтө зор, бирок көзгө көрүнбөгөн күчтөр менен катнаш түзө ала турган өзгөчө жөндөмдүүлүгү жөнүндөгү калктын түшүнүгү менен тыгыс байланыштуу экендиги да ачык нерсе (алар көпчүлүгүндө нерви оорулуу адамдар болушкан).

Кыргыз бакшыларынын шамандык жөндөмдүүлүккө ээ болушу дегинкисинде шамандык жөндөмдүн ага кайсы бир ата-бабасынан өткөндүгү менен байланыштуу. «Классикалык» шаманчылыктагыдай эле, кыргыз бакшыларын да тигил же бул жин колдоп жүргөн. Бул түшүнүк ошол жин өзү колдогон адамды анын жаш курагында, тигил же бул нерв оорусунан катуу жабыркаган учурунда тандап алат деген ишеним менен байланыштуу болгон. Мындай «тандалгандар» шамандык жөндөмдү алууга каршы болушкан, бирок алар айтканыма көнбөсөң акыры азап тартасың жана өлөсүң деп жиндери коркутканда гана шаман болууга моюн сунат экен.

Мындай кыстоо казак, ошондой эле тажик жана өзбек шаманчылыгында да бар. Тандоо мотиви бир катар учурларда белгилүү шамандардан үйрөнүп такшалууну жокко чыгарган эмес. Т.Баялиева кыргыз шамандыгында да сексуалдык талдоонун калдыгы бар экендигин байкаган. Шамандын «дубагерлигинин» негизги методу ооруган адамдын денесинен ага кирип алган шамандык жинин кууп чыгуу болгондуктан, ушуга ылайык, дарылоо ыгындагы маанилүү учур шамандын өзүн колдогон чымындарды жана жардамчы чымындарын чакырганы болуп саналат, бул чымындарынын жардамы менен шаман оорулуу адамдын ичине кирип алган жинге каршы күрөшкөн.

Шамандын дубаларынын өзүндө диний синкретизм ачык көрүнөт. Мындагы мүнөздүү бир нерсе: бул дубалардагы мусулман элементтери көп даражада суфизм менен байланышкан түшүнүктөрдөн келип чыккан. Кыргыз шамандарынын дубаларында жолуккан айрым архаикалык мотивдер менен образдар бизди Сибирь шамандарынын дүйнөсүнө алып барат.

Чынында бул жалаң эле шамандардын чакырыгына тиешелүү эмес. Л.П.Потапов кыргыз шамандары жөнүндөгү материалдар менен таанышып чыгып, Сибирь элдеринин белгилүү бир чөйрөсүндөгү шамандыктын кээде кыргыздардагы шаманчылык менен таң калаарлык окшоштугуна көңүл бурат.

Аларга түштүк алтайлыктар (негизинен телеуттар), жакуттар жана буряттар кирет. Булардагы шамандык ачык көрүнгөн жалпы мүнөзгө ээ. Жакуттар менен болгон окшоштук жөнүндөгү маселе коюлган жок жана адабиятта да талкууланган жок. Шамандын жакутча аты — «оjун», Л.П.Потапов белгилегендей, Сибирь элдеринин шамандарынын аттарынын тизмесинде өзгөчөлөнүп турат. Бирок кыргыздарда оюн деген термин менен шамандын зикир чалышынын өзү аталат. Хорезмдеги өзбек шаманчылыкта да зикир чалуу ушундайча («уйин») аталат, Чыгыш Түркстандын уйгурларында да шамандардын зикири ушуга окшош («пери-ойюн») аталат. Л.П.Потаповдун пикири боюнча бул алгачкы жана орто кылымдардагы уйгурлардын, бир катар түркий тилдүү элдердин этногенезинде, алардын ичинде жакуттардын этникалык курамында ойногон ролун көрсөтүүчү этногенетикалык белги катарында кызмат кылат. Кыргыздардын этногенезинде уйгурлардын катышы бар экенин да көрсөткөнбүз.

Ушундай эле этногенетикалык фактылардын сериясына Л.П.Потапов кыргыз шамандарынын «кара» жана «ак» шаман болуп бөлүнүшүн таандыктайт, мында Т.Баялиеванын маалыматына караганда, түндүк кыргыздар кара шаманды артык көрүшөт, түштүк кыргыздарда ак шамандарды алда канча күчтүү деп эсептешет.

Ушундайча бөлүү жакуттар менен буряттарга да мүнөздүү. Дал буряттар менен жакуттардын байыркы этногенетикалык байланышы болгондугу жакшы белгилүү. Сибирдин жакуттар менен буряттардан башка элдеринде шамандарды мындайча бөлүү байкалбайт. Д.К.Зеленин жана башка изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү (алардын ичинде Л.П.Потапов да) бул маселеге токтолуп, шамандардын мындай категорияга бөлүнүшү — кийинчерек пайда болгон көрүнүш, шаманчылыктын жогорку өнүккөндүгүнүн натыйжасы деп табышат.

Т.Баялиеванын маалыматы боюнча, кыргыздарда шамандар зикир чалуу учурунда камчы жана бычакты колдонушкан (кашкарлык кыргыздардын шаман аялдары бул максатта тили жок чакан коңгуроолорду колдонушкан), кээ бир түндүк кыргыз шамандары үч кылдуу музыкалык аспапты (комуз) колдонушкан.

Адабияттагы маалыматтарга караганда жакуттарда шаман барабан («тунгур») менен бирге кыл тартылган аспаптарды пайдаланышкан. Сибирдин башка элдери, белгилүү болгондой, мындай аспаптарды пайдаланышкан эмес. Казак шамандар зикир чалышканда кылдуу аспапта («кобыз») да ойношконун эске сала кетейин.

Кыргыз шамандарынын көз карашынын кээ бир фактылары телеуттардын шамандарынын көз караштарына жакындашып кетет. Т.Баялиеванын маалыматына караганда, кээ бир кыргыз шамандарынын «ээси», колдоочу рухтары Ак-Тайлак болгон. Шаман аны ак тайлак түрүндө элестеткен.

Телеуттарда да (шамандын барабаны Л.П.Потапов белгилегендей, зикир учурунда «ак адан» деп, б.а. мингич ак төө деп аталган). Н.П.Дыренкова тарабынан жазылып алынган шамандардын чакырыктарында барабандын жыгач туткасынын «ээсин» колдоочусу катарында дайыма Ак-Тайлак айтылат.

Кыргыз шамандары боюнча Л.П.Потаповдун материалы түштүк алтайлыктарга тиешелүү болгон дагы бир таңгаларлык окшоштукту белгилейт, буга Т.Баялиева да көңүл бурган. Кыргыздын Томо (саяк уруусунан) деген «кара» шамандын чакырыктарынын биринде Бууракан (ашуунун аты катарында), бууранын образы жана Муз-Таман деген жаныбар айтылат. Алтайлыктардан шамандын дубасы жазылып алынган, анда «Пулут көстүү Пура-кан» (Бура-хан), «Мус аjактуу Пiкiжi», «Пулут костү Таj-Пура» деген сөздөр айтылат. А.В.Анохиндин материалдарына караганда Пура-Кан жогорку кудай Ульгендин уулдарынын бири деп эсептелген. Т.Баялиеванын Пура-Кан менен Муз-Таман (алтайлыктарда Мус аjакту) рухтары саян-алтай элдеринде жана кыргыздарда тараган деп эсептегени туура болсо керек. Телеуттардын бир катар топтору азыркы кыргыздардын курамына киргендигинин фактысы азыр аныкталды, бул — Л.П.Потаповдун жана ушул эмгектин авторунун эмгектеринде чагылдырылган. Демек, кыргыз шамандары боюнча материалдар кыргыздардын этногенетикалык байланыштарын изилдеп-үйрөнүү үчүн кошумча тарыхый булак боло алат. Кыргыз бакшыларынын зикири казак шамандарынын — «баксыларынын» зикири менен көп жалпылыгы бар.

Кыргызстандын түндүк райондорундагы кыргыз шамандарынын «эмдөө иштеринде» казактардын «баксыларына», уйгурлардын «перихондоруна» жана башка бир катар элдердин шамандарына өтө мүнөздүү болгон эмдөө ыктары жок. Булардын эмдөө ыгы — оорулуу адамдардын денесиндеги жамандык жинди кайсы бир жаныбарга же буюмга (малга, канаттууларга, куурчакка жана д.у.с.) «көчүрүү» болгон. Бирок ар түрдүү илдетти эмдөөнүн ушул эле ыктары кыргыз калкынын арасында да колдонулган, бирок ал ыктар шамандар менен шаман аялдар тарабынан эмес, ар түрдүү даражадагы эмчи-домчулар, бүбү, бакшылар колдонушкан.

Алсак, Н.П.Дыренкованын билдирүүсүнө караганда (анын жазмалары Борбордук Тянь-Шанга тиешелүү) кээде бир балдар ооруган учурларда, аны дубалоо жана — «илдетти көчүрүү» жолу менен «көчөт» деп аталган магиялык ырым-жырымдын жардамы менен эмдешкен. Кемпир үйдө баланын жанына отурат да, эски чүпөрөктөрдөн (ак жана кара) жана талаа өсүмдүгү чийдин талынан эки куурчак — эркек жана аял куурчакты жасайт. Ак чүпүрөктүн бир учуна талкан, акшак, туз, май, кайсы бир өсүмдүктүн данын түйүп байлап коёт — бул азык-түлүк деп аталат. Эки куурчакты кемпир чийден жасалган эки атка мингизет да, азык-түлүк салынган түйүнчөктөрдү чийге арта салып коёт.

Булардын баардыгын ал чогуусу менен бир чүпүрөккө оройт (МАЭнин коллекциясы, №3359—17 а, г). Бул түйүнчөктү баланын бүт денесинен үч жолу айлантат да кемпир мындай дуба кылат:

Эртеңки учук кечке жетпе,
Кечки учук эртеңкиге жетпе,
агыны катуу сууга бар,
ашуусу бийик тоого бар
ичи жаманга бар,
туура келди душманга бар,
мен да кайттым,
сен да кайт.

Андан кийин куурчактарды боз үйдөн ыраак бир жерге ыргытып жиберишет, кээде жерге көөмп салышат. Булар менен кошо илдет да чыгып кетет деп ойлошот. Куурчактарды ыргытып жатып, минтип дуба кылышат:

Сен жолоочу болсоң —
жол менен кет,
жортуулчу болсоң —
жон менен кет.

Ушундан кийин суу куюлган чөйчөктү алып, айланайын кудай суу менен кетир деп айтат да, чөйчөктү баланын үстүнөн айлантышкан. Суудан балага ичирип, калганын боз үйдүн артына төгүшкөн. Оорулуу баланын кийимин кайырчыга же жетимге беришкен. Бул назир таюу кудайы же садага деп аталат.

Н.П.Дыренкованын келтирилген жазмаларында, биз көрүп тургандай, бул куурчактар — телеуттардагы, шорлуктардагы жана кумандыктардагы «эмегендерлер» (өрөкендер) деп аталган аялдардын түпкү эне-рухтарынын сүрөттөрү менен болгон кандайдыр-бир байланышты көрсөтө турган эч нерсе жок. Бирок Н.П.Дыренкованын башка бир эмгегиндеги кээ бир эскертүүлөрү ушундай байланыш болгон деп болжолдоого аргасыз кылат.

Кыргыздарда бала ооруганда жасала турган жогоруда айтылган куурчактарды даярдоо, аларды «сапарга» узатып жатып, тамак-аш жана «ат» менен жабдуу жана аларды айылдын сыртына алыс ыргытып жиберүү, аялдардын түпкү-эне рухтарынын сүрөтүнүн шорлордо (qurtyjaq), кумандыктарда да (qurtujaq) жана кыргыздарда балдар куурчагынын жалпы бир ат менен аталышы, бизге куурчактар кыргыздарда магиялык эмдөөнүн учурунда аялдардын түпкү-эне рухтарынын сүрөтү болгондугун көрсөтүп тургансыйт. Аларга балдардын «илдетин» берип (же аларга ошол илдетти «өткөрүп»), ал куурчактарды телеуттар ашык болуп калган же керекке жарабай калган эмегендерди кайыкка отургузуп, суунун шары менен агызып жолго узатышкандай эле сапарга узатышкан (же аларды үйдөн окчунураак жерге ыргытып жиберишкен).

Т.Баялиеванын маалыматына караганда, Түштүк Кыргызстанда кыргыз шамандары менен шаман аялдар илдетти канаттууларга жана малга «көчүрүү» сыяктуу эмдөөнүн ыгын колдонушкан. Демек, өзүлөрүнүн аракеттеринин ушул жагынан түндүктөгү кесиптештеринен айырмаланышкан.

Кыргыз шамандыгы али начар изилденген. Ошондой болсо да биздин колдо болгон материалдар, бир жагынан сибирдик жана борбордук азиялык (атап айтканда, уйгурлук) шамандыкка, экинчи жагынан орто азиялык (ислам менен, баарынан мурда суфизм менен байланышкан) шамандыкка мүнөздүү көптөгөн өзгөчөлүктөр кыргыз шаманчылыгында айкалышып турганын ынандырарлык далилдейт. Кыргыз шаманчылыгы ар түрдүү диний системалар чырмалышып кеткен өзүнчө эле бир «түйүн» сыяктуу.

Кыргыз шаманчылыгынын генезиси курамына теги жагынан түштүк сибирдик жана борбордук азиялык жана жергиликтүү, орто азиялык этникалык элементтер кирген кыргыз элинин өзүнүн калыптануусунун татаал процессин чагылдырып турат. Бирок кыргыз шаманчылыгынын кийинки формаларынын түзүлүшүнүн жүрүшүндө Чыгыш жана Батыш Түркстандын отурукташкан калкынын кыргыз уруулары менен түздөн-түз карым-катнашы (жүздөгөн жылдар бою) да чоң роль ойногон, алар кыргыз урууларынын диний идеологиясына өз таасирин тийгизишкен.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз