Саул Абрамзон: Тотем түшүнүктөрүнүн калдыктары

  • 23.10.2024
  • 801

Кыргыздардын дүйнө көз карашында сакталып калган эң алгачкы диний ишенимдердин ичинде тотемизм менен байланыштуу болгон түшүнүктөр да аталууга тийиш.

Алар өзүнчө бир бүтүн система катарында эмес, айрым бир, өтө терең өзгөрүүлөргө учураган элестер катарында сакталып калган. Бирок кээ бир изилдөөчүлөр тотемизмге түздөн-түз тиешеси болбогон (кээ бир жапайы жана үй жаныбарларын же алардын коргоочуларын), теротеизмдин же зоолатриянын белгилери катарында карала турган бир катар көрүнүштөрдү негизсиз түрдө эле тотемизмдин калдыктарына таандык кылып жүрүшөт.

Тотемизмдин өткөн-кеткендерин изилдегендердин көңүлүн баарынан мурда кыргыз этнонимикасы өзүнө бурат. Бирок ага талдоо жүргүзгөндө этнонимдердин маанисин өтө кеңири чечмелеп жиберүүдөн качуу керек. Алардын көпчүлүгүн азырынча тотемдик түшүнүктөрдүн реалдуу издери деп кароого болбойт. Ушуга байланыштуу Ю. А. Зуевдин «кыргыз» этнонимин «жорулардын» (грифтердин) эли» (инди-иран тилинен кагказа, кагказ ж.б. — бүркүт), ал эми «бурут» этнонимин «бүркүт» катарында чечмелеген гипотезалары жетиштүү даражада далилденбегендигин моюнга алуу керек. Бул гипотезалар түпкү тотем-атанын атын атоого тыюу салуунун натыйжасында пайда болгон жана кеңири тараган «этнонимдин көчүрмөсүн пайдалануу» идеясына негизденген»

Кээ бир учурларда этнонимдер байыркы уруулардын аттары катарында каралып талкууланганда көбүрөөк жемиштүү натыйжага жетишүүгө болот. Бул маанайда алганда, баарынан мурда түндүк кыргыз урууларынын эң ирилеринин биринин аты — бугу этноними иликтеп көрүүгө татыктуу. Бугу — байыркы түрк урууларынын негизги тотемдеринин биринен болгону белгилүү. Ошондой эле бул этноним («пугу» формасында) байыркы түрк «муундарынын» биринин аты катарында айтылып жүргөнүн да эске түшүрүү керек. Бирок жалгыз бул салыштыруулар, албетте, жетишсиз. Алар бугу уруусунун түпкү атасынын пайда болушу жөнүндөгү легендалар менен ырасталат. Мындай легенданы биринчи жолу 1850-жылдарда Чокон Валиханов жазып алган: «Бугу деген аттын пайда болушу жөнүндө элде кызыктуу миф бар. Карамырза менен Асан Аламышык тоосунда маралдарга аңчылык кылып жүрүшүп, алардын ичинен мүйүздүү татынакай кыз менен эркек баланы көрүшөт. Алар эркек баланы атып өлтүрүшүп, кызды колго түшүрүшөт, кыз бир тууганынын өлүгүн басып жыгылып, көпкө басылбай ыйлайт. Уламыштарга караганда кыздын каргышы тийип, Асан менен Карамурза баласыз өтүшкөн экен.

Жакшынакай кызды уруу башчысы Мырзакулга тапшырышат, ал болсо кызга өзүнүн небереси Жаманкулду үйлөндүрүп коёт. Укум-тукумдарынын айткандарына караганда бул уруунун түпкү энеси жөнөкөй аял болгон эмес (ыйык маанисинде) жана Мүйүздүү-байбиче аталып, өзүнүн жанда жок акылдуулугу менен атагы чыккан. Кийинчерээк ал мүйүзүнөн ажырагандыгын жана башын жууп, күңүнө кир сууну адам баса турган жерге төкпөгүн деп буйрук берчү экен деп айтышат. Бул ишти аткарып жүргөн кызматчы аял, кызыгыппы, а мүмкүн төгө турган окчун жай жок болгондуктанбы, бул сырдуу сууну ичип алат да, андан эркек бала боюна бүтүп, ага Желден деп ат коёт.

Жапайы таш кыргыздары мүйүздүү эненин элесин ыйык тутушат жана ушул күнгө чейин өз турмуштарындагы кайгылуу учурларда аны эскеришип, ага жалынып-жалбарышып, уруунун атынан курмандык чалышат. Ал Ысык-Көлдүн коргоочусу деп эсептелет жана элдин пикири боюнча, анын руху Ысык-Көл өрөөнүнүн үстүндө көрүнбөй айланып жүрөт». Жүз жылдан кийин легенданын өзүнүн тотемдик мүнөзүн ачып бере ала турган айрым бир кошумчалар менен толукталган, ошол эле легенданын бир нече вариантын мен да жазып алдым. Алардын бирин келтирели.

Карамырза менен Асанмырза белгилүү мергенчилер болот. Күндөрдүн биринде алар аңчылык кылууга барышканда, таңга маал Карамырза бугулардын чоң тобун көрөт. Алардын арасында бир эркек жана кыз бар экен. Асанмырза эркекти атып өлтүрөт. Кызды мергенчилер өзүлөрү менен кошо ала келишет. Кызга алардын агасы Мырзакулдун уулу Алсеит үйлөнөт. Алсеитке турмушка чыгаар алдында кыз анын алдына үч шарт коёт:

1) сен мени эч качан олжо катын деп айтпайсың;

2) сен эч качан менин денемди ачып көрбөйсүң, болбосо мен кетип каламын;

3) эгер сен мени ура турган болсоң башыма урбагын.

Күндөрдүн биринде Асанмырза менен Карамырза аңчылыкка жөнөмөкчү болушат. Муну угуп, Алсеиттин аялы аларга бир бала жиберип, ургаачы марал атып алышса терисин төшү жана желини менен кошо сыйрып мага алып келип беришсин деп өтүнөт. Минтип өтүнгөн себеби ал маралдын сүтүн эмгиси келген экен. Бул өтүнүчтү угушуп, Асанмырза менен Карамырзанын ачуусу келип, минтип айтышкан экен: «Кечээ эле ата-энеси жок жетим, маралдардын арасынан таап келген күң эле, эми минтип бизди башкаргысы келгенин кара».

Мергенчилердин сөзү ага угулуп калат (ал касиеттүү киши болгон) да таарынып, аларды минтип каргаган экен:

Карамырзанын түтүнү үчтөн артпасын!
Асанмырзанын түтүнү жүзгө жетпесин,
Жүзгө жетсе да күзгө жетпесин!

Аял жиберген бала уккандарын мергенчилердин Арык деген агасына айтып келет. Арык өтө карыган чал болсо да, мылтыгын даярдап, тоого барып маралды атып алат да аял инилеринен сураган нерсени алып келет. Аялга теринин жарымын төшү менен эмчегин берип жиберип жатып, Арык үйдө аялдан башканын баарын сыртка чыгарып, анын өзүнө гана тапшырууну буйруган экен.

Дал ушундайча иштелет. Аял (ал мүйүздүү эне болучу) төштү эмчеги менен алат да, көшөгөнүн артына кирип эмчекти эме баштайт. Өлгөн маралдын эмчегинен аял каалагандан да көп сүт чыгып, ал тойгончо эмет. Ушундан кийин Арыктын келини ага ыраазычылыгын билдирип минтип айткан экен:

«Учугуң узарсын, жаның жай алсын,
Душман туурдугуң ачпасын!

Легенданын экинчи вариантында маанилүү нерсе бар. Аламышык тоосунда мергенчи колго түшүрүп, өзү аялдыкка алган кыз андан бир гана нерсени өтүнөт: үйгө кайтып келгениңде, келгениңди билдирип жөтөлүп кой, боз үйгө эскертмейинче кирбе дейт. Ал аялы айткандай иштейт. Бирок ал аялы эмне үчүн үйгө эскертпей кирбегин дейт, мүмкүн ага эркек келип жүргөндүр деп ойлоп, аны билгиси келет. Күндөрдүн биринде ал үйгө билинбей келет да, туурдуктун жылчыгынан шыкаалап караса, аял эмес эле ургаачы маралды көрөт. Ал так секирип оюн салат, боз үйдүн керегесине кашынат. Мергенчи үйгө киргенде аял да, марал да жок болуп калат. Мергенчи аялын канчалык сагынса да, ошол бойдон кайрылып келген эмес экен. Күндөрдүн биринде мергенчи үйүндө отурса, кимдир-бирөө бала салынган бешикти анын жанына коюп кетет. Ал мергенчинин уулу болучу. Ал баланы тарбиялап чоңойтот. Андан бугу уруусу таралат.

Дагы бир аңгемеде баалуу кошумча маалыматтар бар. Мергенчилер Аламышык тоосунан ак бугу атып алышат да, башында анча чоң эмес мүйүзү бар кызды колго түшүрүшөт. Ал кыз Кайыптын кызы болот. Асанмырза менен Карамырза ак бугуну атып өлтүргөндөн кийин, кыз «жалгызымды атып өлтүрдүң» деп каргайт. Кийин ал кыз Бапа деген уул төрөйт.

Мүйүздүү байбиче бир жакка кетип, бир ай убакытча үйдө жок болот. Кайра келгенде Мүйүздүү байбиче өзүнүн сиңдисин ээрчите келет да, ага уулу Бапаны үйлөндүрүп коёт. Ал кыз да Кайыптын кызы болучу, аны олуя байбиче деп коюшчу. Мырзакул (кайнатасы) Мүйүздүү байбичеге бир калмак аялды күң кылып жумшап берет, ал күңдүн Туума-Кашка деген жети жаштагы уулу болот.

Күң тигил айымдын башын жууп, анын мүйүзүн көрөт, кийин жазында мүйүзү түшкөнүн көрөт да аны касиеттүү аял экен деп ойлоп, мырза айымдын башын жууган сууну жерге төкпөй өзү жуунуп, өзү ичип, уулуна да ичирип жүрөт. Муну уккан мырза айым: тукумуң эми башка тукумга теңелиптир деп батасын берет. Мына ошондуктан күңдүн уулунан тараган желден уруусу көбөйгөн экен.

Аламышык тоосунда, ал жерде Кайыптын жашаганын билдирип түнкүсүн от күйүп турчу экен. Мүйүздүү эне өлүп, көмөөр алдында жуугандан кийин, анын өлүгү жок болуп кеткен экен. Т.Айтбаевдин варианты боюнча анын кызы Олуя байбиче өлгөндө, анын өлүгүн жууйлу десе ордунда жок болуп чыгат. Олуя байбиче казактардын «Сары-Арка» деген талаасына кетип, ал жактан кайрылып келбей калган уулдарына кетип калган имиш. Ошентип, легендаларга караганда бугу уруусунун түпкү энеси мүйүздүү аял болгон, ал бугудан чыккан жана бугулардын, маралдардын, аркар, кулжалардын, элик, текелердин ыйык ээсинин кызы болгон. Бугу уруусунун бул тотемдик түпкү энесинин образы Саян-Алтай элдериндеги жапайы мүйүздүү жаныбарлар, алардын ичинде өзүлөрүнүн тотеми болгон бугу жөнүндөгү түшүнүктөрү менен тыкыс байланыштуу, бул Л. П. Потаповдун эмгегинде толук каралып чыккан.

Тотем циклиндеги легендаларга ишенимдүү түрдө таандык кылына турган «мүйүздүү эне» жөнүндөгү легенданын байыркы убакта эле пайда болгондугун айгинелей турган нерсе — бул легенданын бугу уруусунун генеалогиясына белгилүү бир даражада жасалма түрдө «жабыштырылганы» болуп саналат.

Алсеит «мүйүздүү эненин» эри деп эсептелет. Бирок генеалогиялык уламыштарга караганда андан тараган урук-тукумдарга белек, кыдык, желден, бапа тукумдары гана кирет. Ал эми арык (же арык тукуму) жана тынымсеит (муну өз алдынча турган уруу катарында кароо керек) сыяктуу ири тукумдар генеалогиялык жактан Мүйүздүү эненин тукумдары болуп эсептелбейт. Анткен менен бул эки уруу жана башка бир катар майда уруулар (боор, асан, токоч ж.б. ) бугу уруусунун курамына кире турган уруулар катарында эсептелет.

Тотемдин атын билдире турган этнонимдердин катарына жагалмайды кошууга болот. Бул муңгуш уруусунун эки тобунун биринин аты. Жагалмай — майда алгыр куштардын бири. Бирок жагалмай этноним гана болбостон, оң канаттын бир катар кыргыз урууларынын, алардын ичинде баарынан мурда бугу жана сарбагыш, ошондой эле черик, моңолдор, кара багыш, мунгуш, баргы, сарттар урууларынын тамгасы да болуп саналат. Баарынан кызыгы, жагалмай тамга көптөгөн варианттарда учуп бара жаткан куш түрүндө салынат. Бир катар кыргыз урууларынын жана тукумдарынын тамгалары, алар «жагалмай тамга» деп аталган менен, формасы боюнча дал ушул тамгага окшош келет. Багыш уруусунун, адигине тобунан бөрү жана тооке урууларынын, ошондой эле кытай жана кыпчак урууларынын тамгалары да ушундай.

1953-жылы Ысык-Көл боюндагы этнографиялык экспедиция учурунда бул тамганын сүрөтү үзөңгүдөн табылган. Ээрдин ээси бул белгини түз эле Жагалмай тамга деп айткан. Буга Ысык-Көлдүн бийик тоолуу сырттарында Жагалмай топоними жолукканын кошумчалап кетүү керек. Бул аймакты ягма деген байыркы түрк уруусу ээлеп турган.

Адигине тобунун бөрү уруусунун атын да тотемдик этнонимдердин категориясына кошууга болот. Бөрү — карышкыр. Бөрү, бугу сыяктуу эле байыркы түрк урууларынын негизги тотемдеринин бири болгон. Байыркы түрк легендасында ашина уруусунун түпкү атасы болгон эркек баланын өмүрүн карышкыр сактап калган, ал балага дайыма эт алып келип берип турган. Кийин бала карышкырга үйлөнүп, андан он бала көрөт. Карышкырдын тукумдарынын бири, Ашина деген жол башчысы өзү жашаган жердин дарбазасына карышкырдын башынын сөөгүн туу кылып илип койчу экен. Ошентип, карышкыр түрктөрдүн тотеми болуп калган. Ю.А.Зуев бул легенданын Цзычжи тунцзянь, Тундянь жана Чжоушу деген үч варианты боюнча жыйнакталган текстин келтирип, муну бир нече жүз жыл мурда Цянь Ханьшуда жана Шицзиде пайда болгон, бирок усундардын дооруна таандык болгон легенда менен салыштырып көрөт.

Бул легендада жаңы төрөлгөн эркек бала жөнүндө сөз болот, баланы багып алган киши аны чөптүн үстүнө калтырып, өзү тамак-аш таап келгени кетет, кайра келсе баланы карышкыр эмизип жатканын көрөт. Ю.А.Зуев бул уламыштардан бардык негизги деталдар боюнча белгилердин жалпылыгы байкалып турганына көңүл бурат. Бул болсо усун урууларынын бирлигинде да, сыягы бөрү тотем жаныбары болгон деп корутунду чыгарууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз турмушунда карышкыр менен байланыштуу болгон айрым үрп-адаттар жана ишенимдер өзбектердин жана башка түркий тилдүү элдердин үрп-адаттары жана ишенимдери менен бир катар окшоштугу бар. Алардын көпчүлүгү, карышкыр (же анын териси, эти, тиши, тырмагы ж.б. ) адамдарды, айрыкча балдарды, оору-сыркоодон же жин-шайтандардан коргой турган, же кээ бир илдеттен айыктырууга жардам бере турган жана дагы ушу сыяктуу сыйкырлуу күчкө ээ деген түшүнүктөн келип чыккан.

Карышкыр менен байланышкан уламыш Тянь-Шанда айтылды. Бир эркек бала бечел болуп өз убактысында баспай калат экен. Ата-энеси көчкөндө аны журтка таштап кетишет. Кимдир-бир жолоочу киши ошол жерден өтүп бара жатып, карышкырдын балага эмчегин эмизип жатканын көрөт. Жолоочу баланы өзү менен кошо ала кетип, багып чоңойтот. Ал баягы бечел бала болучу. Ага Кааба деп ат коёт. Анын чачы жал сыяктуу болгондуктан аны жалдуу каба деп аташат.

Кааба саяк уруусунун ири тайпаларынын биринин түпкү атасы. Анын Ак-Тери жана Боз-Тери деген тукумдары болгонун айтып коюу керек. Ушул бөлүкчөгө кирген эки тукум ушундайча аталган. Ошентип, кыргыз тукумдарынын биринин түпкү атасын карышкыр эмизген. Ушуга байланыштуу академик В.М.Жирмунский баамдаган бир учур кызыктай көрүнөт. «Манас» эпосунун үчилтигинин Манастын уулу Семетейге арналган бөлүгү — «Семетей» эпикалык поэмасынын сюжети жөнүндө айтып, ал минтип жазат: «Каныкейдин (Семетейдин энеси — С. А.) менен Чыйырдынын (Жакыптын жесири — С. А.) Бухарга качкан эпизоддорунун ичинде бир окуя өзгөчө көңүл бурууга татыктуу. Жол жүрүп чарчап-чаалыккан качкындар ыйык дарактын (бай-теректин) көлөкөсүнө эс алып, уктап калышканда Семетейди ак архар эмизген экен. Жаныбарлар сүтүн эмизген каарман жөнүндөгү аңгемелер — кеңири таралган байыркы фольклордук мотив, бул мотивдин негизинде тотемизм мезгилиндеги тукумдун же уруунун түпкү атасынын айбанаттар болгондугу жөнүндөгү түшүнүктөр жатат.

Карышкыр сүтүн эмизип баккан Ромул менен Ремдин тарыхынын катарында Героглы деген бала жөнүндөгү ортоазиялык жомокту эскерсек болот, бул баланы ал Героглынын Гырат деген тулпар атынын энеси сүтүн эмизип баккан экен.

Мындай уламыштар кеңири таралган. Алардын бири баягы эле Каабага тиешелүү. Уруунун легендарлуу түпкү атасы Саяк (бул уламышта ал Кайдуулат деген ысым менен айтылат) бир жакка жол жүрүп баратып жолдо эс алмакчы болот. Анын жанына элик келет да дароо эле кайра кетип калат. Ал дагы бир жолу келип кайрадан кетет. Бул дагы бир нече жолу кайталанат. Жолоочу, жакын жерде эликтин улагы болсо керек деп ойлоп, аны издеп жөнөйт. Ал эликтин улагын эмес, баланы көрөт. Бала эликтин терисине оронуп, элик ага эмчегин эмизип жаткан болот. Кайдуулат баланы асырап багып алат да, ага Кааба деп ат коёт. Кааба эликтердин арасынан табылган соң ал жөнүндө: Каабаны кайып колдогон деп айтышчу экен.

Кыргыздардын келип чыгышы жөнүндөгү уламыштардын варианттарынын биринде отуз кыздын көбүктөн бойлоруна бүтүп, тоодо уул төрөшкөндүгү жөнүндө айтылат. Бул аялдарды балдары менен кошо Кайберен кайтарчу экен. Кайберен алар үчүн үңкүргө тамак-аш жеткирип берип турат. Эмчегинен сүт чыкпаган энелердин балдары архардын сүтүн ичишет экен. Хан тарабынан жиберилген адамдар бир бала архардын эмчегин эмип жатканын көрүшүп, аялдар менен балдарды Кайберен кайтарарын билишет.

Черик уруусунун түпкү атасынын теги жөнүндө аңгеме салып отурган адам Адигине менен Тагайдын жортуулга чыкканын сүрөттөйт. Жолдо алыстан алар архарды көрүшөт. Алар жакындап келишсе архардын өзү жок, анын ордуна бешиктеги баланы табышат. Баланын эрди сүт болуп жүрөт. Бир туугандар баланы үйүнө алып келишет, аны алардын карындашы Наал-эже багып өстүрөт. Анын курсагы чоң болгондуктан Наал-эже аны чердегеим, черигим деп эркелетип, атын Черик койгон экен.

Ушундай эле аңгемени, бирок башка вариантта — ит менен байланышкан вариантта Төөлөс уруусунун уруктарынын биринин түпкү атасы жөнүндө да угууга туура келди. Мүркүт тукумунун түпкү атасы Мадаминдин бардык туулган уулдары өлүп калат экен. Дагы бир эркек бала төрөлгөндө ырым кылышып, ага иттин эмчегин эмизишип, ага Итемген деп ат коюшат. Итемгендин атын (анын бир тууганы Сүтемген) биз чекирсаяк уруусунун генеалогиялык уламыштарынан бул уруунун ири бөлүкчөлөрдүн биринин түпкү атасы — Күлжыгачтын уулу катарында жолуктурдук.

Бул ырым-жырым кээ бир учурларда колдонулган болуу керек жана иттин мындай роль ойногону кокусунан эместиги ачык көрүнүп турат. Итке карата мындай мамилени карышкыр менен байланышкан түшүнүктөрдөн ажыратып кароого болбойт. Карышкыр менен иттин байланышы — кыргыз лексикасында мындайча чагылдырылат: ит-куш — бөрү. Кыргыздын түпкү чыгышында айбан ата-теги катарындагы мааниси Ч.Ч.Валихановдун жазып алган уламыштарында ачык көрүнөт.

Анын жазганын келтирели: «Жапайы таш кыргыздардын эң байыркы жана эң сонун уламышы өзүнүн түпкү теги жөнүндөгү уламыш экендиги шексиз. Алар кызыл итти түпкү атабыз деп эсептешет, бирок бул жөнөкөй эмес кубулушту алар ар түрдүүчө түшүндүрүшөт. Жалпысынан (бул) түшүндүрүүчүлөр өзүлөрүнүн руху боюнча кийинчерээк, мусулманчылыктын таасири астында пайда болгон. Ислам динин кабыл алышкан соң алар өз ата-тегинде кызыл иттин түздөн-түз катышуусун түшүндүрө турган же бир аз башкача мааниде көрсөтө турган бир нече амалкөй талкуулоону ойлоп табышкан.

Алгачкы (ариптердин арасын мен ачтым — С. А.) уламыштагы айтылган кырдаал төмөнкүчө: кайсы-бир хандын кызы 40 нөөкөрдүн коштоосунда алыска басып көңүл ачмай адаты бар экен. Күндөрдүн биринде демейдеги көңүл ачуудан каныке үйүнө кайтып келсе, өз айылын тыптыйпыл кылып жоо чаап кеткенин көрүп таң калып, коркуп кетет. Алар жоо чапкан журттан жалгыз гана жаныбарды — кызыл итти көрүшөт. Жапайы ордонун түпкү кырк энесинин кашында кызыл иттин милдети кыйла эле бүдөмүк болсо да, кандайча болуп, кандай себеп менен экени белгисиз, арасында кызыл иттен башка эркек аттуу болбосо да каныкенин жана анын 40 нөөкөрүнүн боюна бүтүп эне болушат. 40 кыздын тукумдары, энелеринин саны боюнча кыргыз деп атала баштайт.

Бул, мен жогоруда белгилегендей, дайыма өзгөрүүсүз айтылып келаткан уламыш». Андан ары Ч.Валиханов бул уламыштын бир кыйла кийинки редакциясын келтирет (аларды ал «комментарийлер» деп атайт), бул уламыштар, ал туура белгилегендей, «сөзсүз, соңку стилде баяндалып, кыязы, мусулман молдолорунун же кожолордун жетекчилиги астында түзүлсө керек».

Түпкү ит-ата жөнүндөгү эскерүүлөрү бар ушуга окшогон уламыштарды биз да жазып алдык. Алардын айрымдарында кыргыздардын пайда болушуна иттин түздөн-түз катышы «булганып» (Валихановдун сөзү) кеткен. Алсак, бир аңгемеге караганда падышанын кызы авызда калкып турган алманы жегенден кийин боюна бүтүп калат, атасынын буйругу боюнча ал 40 нөөкөрү менен бирге эч ким жашабаган ээн жерге айдалып жиберилет. Ал жерде каныке уул төрөйт, нөөкөр кыздардын бири кыз төрөйт. Кыздардын арасында алар менен кошо барган ит да болот. Сарттар (өзбектер) кыргыздарды «ит кыргыз» дешип, алар иттен тараган деп айтышат. Кыргыздар болсо муну танышып, Кайыптан жаралып (кыргыз алалхактан таралган), каныкенин уулу менен нөөкөрүнүн кызынан көбөйүшкөнүн айтышат.

Экинчи бир уламышты айткан адам, биздин болжолубузча алда канча мурдакы вариантты айтты. Бул уламышта, хандын кызынын 40 нөөкөрү көбүк ичип, боюна бүтөт. Хан аларды өлтүрүүгө буйрук берет, бирок жигиттер кыздарды аяп, эч ким жашабаган токойго жеткирип салышат. Алардын артынан сары ит ээрчип барат. Ал жерде кыздардан 30 уул жана 10 кыз төрөлөт. Ит майда жандыктарды кармап келип, аларды багып турат. Бир бала менен бир кыз ыйлашып биздин атабыз ким деп сурашканда силердин атаңар — ит (сары ит) деп жооп беришкен экен.

Ч.Валиханов өзү келтирген кыргыздардын алгачкы уламышын башка элдердеги ушундай эле уламыштар менен салыштырып көрүп, алардын жаралышынын тотемге байланыштуу экендиги жөнүндө негиздүү жыйынтык чыгарат. Ал минтип жазат: «Жапайы таш кыргыздардын өзүлөрүнүн кызыл тайгандан жана кайсы бир каныке кыздан жана анын 40 нөөкөр кызынан тарагандыгы жөнүндөгү уламышы өтө эле байыркы мүнөзгө ээ. Байыркы ортоазиялык элдердин уламыштарынын мүнөздүү белгилеринин бирин кандайдыр бир айбанаттан тарагандыгы жөнүндөгү миф түзөт.

Кытай тарыхынын маалыматы боюнча гао-гюй (kao-tche) эли, же телэ же чилэ деп аталган эл карышкырдан жана хуннулардын эң сулуу каныкесинен төрөлөт. Хунн шанүйлеринин (хандарынын) биринин ченде жок сулуу эки кызы болгон экен, хан аларды жөнөкөй адамдарга күйөөгө бергиси келбей, бийик мунара тургузат да, аларды эч ким жашабаган эрме чөлгө калтырып, минтип айткан экен: «О теңир, өзүң кайрып ал буларды». Каныкелердин кенжеси жалгыздыктан зеригип отуруп, бир жыл бою сепилдин түбүндө күнү-түнү кетпей, акыры үңкүр казып жашап жүргөн карт бөрүгө көңүлү түшөт; эжесинин айтканына көнбөй кыз карышкырга турмушка чыгат. Түгү (Иакинф көлүндөгү дулгастар) карышкырды, ал эми туфандар (тибеттиктер) итти түпкү энебиз деп эсептешкен.

Кытайлыктардын айтканына караганда моңгол хандарынын түпкү бабасы Батачи көк бөрү менен ак эликтин уулу болгон экен. Түндүк Америкадагы айрым кызыл түстөгү уруулар өзүлөрүн кемчеттен, таш бакадан жана башкалардан тарагандыгын айтышат. Уламыштардын бул түрү Орто Азияда, а түгүл Америкада да эң байыркы, кыязы, эң ардактуу уламыштардан болгону жогорку мисалдардан ачык көрүнүп турат».

Ч.Валихановдун изилдөөлөрү кыргыздардын диний түшүнүктөрүндөгү тотемдер катарында карышкырдын жана иттин ролу жөнүндө жогоруда келтирилген маалыматтар, ал басып өткөн тотемизм стадиясынын башка маалыматтарынан обочолонуп турганын ынандырарлык түрдө ырастайт.

Тотемизм тигил же бул даражада Орто Азия менен Казакстандын башка элдеринин диний ишенимдеринде да чагылдырылган.

Эгер “РухЭш” сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк+996 700 532 585 жана Оптима банк-4169585341612561.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз