О`Шакир: Эрк – Толубай сынчы жөнүндө поэма-фэнтези

  • 05.02.2025
  • 214

«Толубайдай сынчы бол,
Токтогулдай ырчы бол».

(элдик нуска)

Сөз мөөрү

Рух тамыры түптүү кайсыл адамда,
ошол адам даяр улуу кадамга.

Ал – инсанат. Рухий кыртыш калкына,
нечен кылым, доорлордун бап салтына.

Миң айтылып, миң кайталап жазсаң да,
айланат ал улам жаңы дастанга.

Көктө жарык өчпөй канча айланат:
көөнөргүс сөз Толубайга арналат.

Эзелтеден рух сепил ал урагыс,
эл оозунан түшпөс, өчпөс уламыш.

Тээ байыркы анын эски баяны –
темир тордо эрк, дем берип таяды.

Абак мени камыктырган кезекте,
ак шооладай нурун төктү өзөктө.

Көсөм гана рухий дөңсөө, унутпа!
Көрбү, сообу – ал шам-чырак улутка...

Анын көзүн ойдурса да наадан бир,
а Толубай көрөгөчү Ааламдын.

Акыйкаттын акысына таяп жер,
айрылыптыр эки көздөн саяпкер.

Каарманымды рухий аска көрүп мен:
даңазалоом парз жаңыча өңүттөн.

Зулумкандын кайгысы

Ал доор эски. Кыргыздын түп жердиги –
Алтай, Шибер[1], Эне-Сайдын ээндиги.

Заман экен кыргыз, кытай жоолашкан,
эки коңшу ырк табышпай жөөлөшкөн.

Аттанууга азырланып казатка,
Зулумканды жаңы санаа басат даа:

Туйлап турса кана аттиң алдында,
тулпары жок дүмөксүз кан зар мында.

Жоо беттесе жолго таштап кетпеген,
жарыштырса жаанын огу жетпеген.

Тунук туяк тулпар учуп көзүнөн,
түгөл журтка тарайт амир тезинен:

«Сынчы, көсөм, саяпкерлер уккула!
Кан буйругун ыйык мурат туткула

Сындан тайбай тандап өзүн тулпардын,
сый-белегин алгыла! – дейт, – султандын.

Сындан тайган сынчы көзү оюлат,
сый ордуна көздөн каны коюлат!»

Караламан калкты жарлык аралап,
кайсы сынчы тобокелге баралат?..

Сынчы чыкпайт эч бир журттан, дубандан,
кандын билип коркпостугун убалдан.

Зулумканды кайгы, санаа кемирет,
тулпарсыз ал жоого кантип теминет?..

Толубайдын кайгысы

Жоо беттөөгө күтүп келер бурсатты[2]
кан жашоосу өтө берди кур шаттуу.

Көңүл черин жазсын дешип Зулумкан,
ууга жапырт аттанышты үрүл таң.

Мүнүшкөрлөр, көзгө атар мергендер,
алыс-жууктан салбуурунга келгендер.

Кан алдыда бекзаадалар коштогон,
ууга камдуу, кенен шайман топтогон.

Кабагынан каар жаап Зулум жолдо суз,
кайтат баары аңчылыктан олжосуз.

Ээн боз талаа. Каркылдаган карга жок,
эрдин кырча тиштенишет арга жок.

Обочодо жалгыз бозгун көрүнөт,
аңчылардын көөнү дароо бөлүнөт.

Өкүмдар шарт жыйа тартып тизгинди:
«Билгиле!» – дейт, – тиги карып-мискинди».

Жөнүн сурап жөкөр жакын барганы
мөдөйгөн чал салам алик албады.

Календердей, дубанадай түрү бар,
бөтөн жанга эч ниети жок бурулар.

Куу талаада жашын төгүп бышактап,
куу баш сөөктү отуруптур кучактап.

Буурчак жашы сакалынан тамчылап,
бул бурадар неге мынча жанчылат?

Кеберсиген тишсиз оозу бүлкүлдөйт,
кейип-кепчип, жашын төгүп сүлкүлдөйт:

«Мен саяпкер болбой куруп кетейин,
сен чаар тулпар... Билбептирмин нетейин!

Мен куруюн атым өчпөй Толубай,
сен чаар тулпар жер үстүнө жогуң-ай!» –

деп жер муштайт. Бактыяры кем белем;
оор күрсүнөт үшкүрүнгөн дем менен.

«Өй, баш көтөр! Жооп бер бизди күттүрбөй!
Куу баш сөөккө өксүп ыйлап бүкчүйбөй.

Кан жөнөттү: ким экениң билип кел...» –
деп кекетип, омуроолойт жигиттер.

Чал эндекей[3] жөөкөрлөргө үндөбөйт.
Кандын ысмын укса дагы сүрдөбөйт.

«О чаар тулпар, баатыр минген Алпамыш[4]
деп күбүрөйт, – зарыңды даа тартабыз...»

Атын угуп Алпамыштын жигиттер,
тизгин буруп, чимирилет ийиктей.

Топко жетип айтат бири канына:
«Куу баш сөөктү эш тутабы жанына...

Алжыганбы?.. Чаар тулпардын өзү дейт,
анын сөөгү сөпөт болгон кези дейт.

Собол кылсак бизге назар салбады,
куу баш сөөктө айтып бүтпөс арманы...»

Сөздү жырат экинчиси энтиге:
«Жөн чал эмес ээн талаада тентиген.

Андай дебейм, о азирет, султаным!
Алпамыштын таанып туру тулпарын!

Ал кыраакы саяпкер бейм сыягын,
куу баш сөөктүн аңдап тегин, туягын...»

Муну уккан кандын кызып бүйүрү,
көзгө чуурду тулпарлардын үйүрү.

«Саяпкерби?.. Алдыргыла ордого!
Сыноо салсын анык тулпар жоргого.

Майышпаган ашууларда, белдерде,
майтарылбас какыраган чөлдөрдө...

Кабыландай качырып жоо сүрүүгө,
Кытай беттеп алыс сапар жүрүүгө...

Тунук туяк тулпар тандайт эгерде:
саяпкерге тартуум чексиз берерге!

Сындан тайса тулпар таппай тандалма,
менин эрким: көзүн оюп алганга!»

Зулумкандын ушул болду жарлыгы,
селейип журт, селт чочуду бардыгы.

Саяпкерби, олуябы, башкабы
же дербишпи – Толубай үн катпады.

Саяпкердин жүгү

Зулумкан суз отурду былк кебелбей,
телегейи тегиз бүткөн төбөлдөй.

Таажысына кошор дагы сөөлөттү,
тактын ээси күттү жаңы ооматты.

Түмөн үйүр жылкыларын чубатты,
карайт улам жер караган чунакты.

А саяпкер жерден башын көтөрбөй
тыңшайт дабыш: дадил тулпар өтөрдөй.

Эрдин улам кырча тиштеп Зулумкан,
жылкы чууртуп, жаратканга бүгүн таң.

Калбыр өпкө күлүктөрүн нак бөлүп,
кантип жалгыз табылбасын ат-көлүк?..

Өкүмдарда көңүл-дидар зилдеди,
өргөсүндө жүргөн баарын тилдеди:

«Кыр ашырып туш тарапка чапкыла!
Кырк үйүрдөн тунук тулпар тапкыла!»

Айдап улам жылкычылар, жигиттер,
аяк тынбай чууруп жатты дүбүрттөр.

«Көтөр башты, көздү када жылкыга!» –
дейт Зулумкан саяпкерге ынтыга.

Көздү жумуп, баш шылкыйткан Толубай
өзү менен өзү жалгыз кобурай:

«Жок, жок. Болбойт... Көз жазгырат пендени» –
деген көкбет өз билгенин бербеди.

Көп күлүктү мерчемдеди, болжоду,
эч бирөөсү купулуна толбоду.

Желкесине оор жүк арткан немедей,
жерде башы, Зулумканды кенебей.

Тактын ээсин ызалантып саяпкер,
зикир чалат, жумган көзү кадап жер.

«Бул Толубай мени шылдың кылмакпы?» –
дейт жырткычтай өкүмдар уу тырмактуу.

Кумурскача жер жайнаган жылкысы
чууруп бүттү. Кандын келди күлкүсү:

«Йе Толубай! Кулак сенде... көрөйүн
кандай экен саяпкерлик өнөрүң...»

Баш чайкады, оңдуу жообу болбоду.
Чаңырган кан чаңызгытты ордону:

«Таап келгиле калтырбай жер укумун,
калкта болгон Камбар ата[1] тукумун!»

Кыл учундагы тагдыр

Жанжөкөрлөр, жигиттери жан тынбай,
чууртуп берди жылкы аттуу калтырбай.

Жылкы жалы сапырылды деңиздей,
жылкы, деңиз, толкун окшош эгиздей:

Окторулган толкун жерди каптады,
отун[5] сыйрып, боз чаң жерди таптады.

Аба, обо, жал, жүрөктөр толкундап,
жандар оозго кептелгени болкулдап.

Былк этпеген саяпкерде эл көзү,
кыртыштуу дөң а саяпкер кербези.

Камыш кулак чууруп нечен күлүктөр,
Толубай жым; кулак түрүп дүбүрткө.

Зулумкандын каардуу көзү канталап,
зиркилдеди саяпкерге кайталап:

«Ач көзүңдү! Башты көтөр! Шылкыйба!
Сыпаттагын, тулпар барбы жылкымда?»

«Жок, падышам! Көз алдамчы... курусун» –
деп саяпкер козгободу мүрүсүн.

Кандын ачуу айбатын эч тоотподу,
дүбүрт тыңшап, кунт коюусун оотподу.

Бөрк ал десе баш алчулар чыгышты,
мизин такап шилисине кылычтын:

«Көзүң ачпас саяпкерсиң чал, кандай?
Башың кыя чабам, – дешти, – шалгамдай!»

Жаналгычтар булкса дагы мүрүдөн,
жалтанбады жалт-жулт кылыч сүрүнөн.

Толубайдын кубанычы

Түмөн жылкы чууруп бүттү. Чаң калды.
Түктөйдү кан. Ызаланды. Арданды.

Сабырсыз кан мисирейип чаңырды:
«Барбы дагы?!» – тынч теребел жаңырды.

«Кармыш кулдун бозу калды болгону» –
деген жооптор калтыратты ордону.

Ыркыйган бир өлөсөлүү боз келди,
саяпкердин өңү дароо өзгөрдү.

Көчүгүнө кызыл чокту баскандай,
көтөрүлдү Толубай тик асманга.

«О падышам! Убай чекпе! Кайгырба!
Анык тулпар турат мына алдыңда!

Азиретим, калың жоону беттеген
асыл тулпар ушул куугун жетпеген!»

Кандын көзү чыгуучудай чанактан,
каары кайнап, боз кейпине карап таң.

Жел үйлөсө томолонор камгактай
боз ат туру: ыркыйган бир арбактай.

Аргасыздан кандын келди күлкүсү,
Толубайды санап пенде түлкүсү.

А саяпкер бозду жалдан кучактап,
кубанычтуу ыйлап жүрөт бышактап...

«Эй, тентиген маскарапоз, кембагал!
Шылдың салсын дегениңби эл маган?!

Чобур атты тулпар санап кылжыңдап,
сөзгө сөлтүк кылгың барбы шылдыңдап?» –

деп өкүмдар күйбөгөнү күл болду,
каары кара булут сымал чулганды.

Кеменгердин керээти

А саяпкер бүтүмүнөн тайбаган,
ишенимдүү пейил-кую кайрадан:

«Сабыр эткин, кудуреттүү падышам!
Өзүң айттың «чоң казатта кагышам.

Тебеленбей таманында душмандын –
элим, жерим соо болгонго куштармын.

Падышабыз тулпар минип алкынган,
апаат алыс болсо деймин калкымдан».

Таноосу көөп кан секирет, жулунат,
тапка даяр жасоолуна буюрат:

«Карап турбай каректерин оюп ал,
кан ордомо мунун арам ою бар!

Коркунучтуу Кытай десем туш жагым,
койну котур мына ички душманым!

Эл ичинде о бул жеткен бузуку...
эптеп мени салгысы бар тузакка!»

Вазирлери коштоп, чуулдап жарыша:
«Туура! – дешти, – айтканыңыз падыша!»

Эки көздүн куну

Калпыс дүйнө адилетсиз, карачы:
калың элден чыкпады бир арачы.

Жалгыз кандан калың топ эл калтырап,
тилди тишке катты баары самтырап.

Кары, жашы жарабады калыска,
канды калкы чакырбады намыска.

Асман, Жерди жалжал тиктеп Толубай,
жан кейитти – акыйкаттык жогуна.

Жалбарбады жансоогалык суранып,
«жаңылдым» деп ооз ачпады кубарып.

Карап турган жанжөкөрлөр, оёндор
саяпкерди басып калды коёндой.

Тыпыратып эки көзүн оюшту,
тытып жерди көсөм салды добушту:

«Макул, каным! Чырак көздөн айрылдым...
Акыйкаттык үчүн бар дейм кайрылгым.

Көз кунуна Бозду могу бергиле,
кырк күндөн соң тулпарлыгын көргүлө!

Бозду Зулум тутат беле ардактуу,
«ме!» деп дароо чылбырынан карматты.

Караңгыдагы жарык

Доор караңгы. Чылк баарысы караңгы.
Нур узүлдү – шоола, шоола тарамдуу.

Толубай эч көрбөдү ак шооланы,
көргөн бирок болочокто кооганы...

Дүбүрт тыңшап: улуу кыял жүгүрткөн,
келечекти туйган көсөм дүбүрттөн.

Эрки жетти адилдиктен тайбаска,
жарык ошол өз доорунда ай кашка.

Өчүрбөдү ишенимдин жарыгын,
адашпады аңдап заман агымын.

Акыйкаттын жолу катаал – аңдады,
ошондуктан тандоосунан тайбады.

Чубаса да түмөндөгөн жылкылар,
күлүктөргө баа бербеди сыртынан.

Ал тыңшады жүрөктөгү дабышты,
келечекке кенен таштаар арышты.

Жан-тенинде жанып жарык өрнөгү –
жалган айтар амалды эп көрбөдү.

Боз тулпардын кезеңи

Аздек туткан касиети өнөрдүн –
азап менен кубанычка бөлөр миң.

Караңгыга чулгаса да каректер,
кайыл шекил буга чиркин саяпкер.

Күн да, түн да Боздун чыкпай жанынан,
кырк күн бою тайдырбады табынан.

Тапка келип шукшурулган тулпары,
тааныр кези эми атпай журт аны.

Кырк биринчи күнү жазбай санактан,
кемпирине кеп козгоду таңатпай:

«Мөртү[6] келди жер үстүндө жарыкта
мөрөй ээси ким экенин аныктаар.

Тактын ээси кууруган өз заманын –
тартар кези түркөйлүктүн залалын.

Ким анык көр? Наадан бүгүн билинет.
Кемпир, бизге оомат келди бул ирет.

Көздүн кунун актаар кезең Бозтулпар!
Көргөн, билген мактаар кезең – Бозтулпар!

Зулумканда тулпар чыкпайт бул өңдүү,
канордодо коё бергин жүгөндү...» –

деп саяпкер кемпирине учкашат,
өкүмдардын өргөсүнө тушташат.

Ордодогу дүрбөлөң

Кош жаздыкта жатып Зулум кериле:
«аттансам, – дейт, – кантип Кытай чегине?»

Душманынан доо өндүрөр алдында
чериктери[7] жүрөт алыс чалгында.

Жер үстүндө таанытып өз ысымын,
жоого катуу көрсөтсөм дейт кысымын.

Колу жетпей келишимдүү тулпарга,
ою жеткен басып кирүү Турпанга...

Санаасынан бошонууга жеңилдеп,
ат жалында чыкты бир күн сейилдеп.

Толубай көр кубанычтуу элирип,
Боз тулпарда кемпир экөө теминип.

Учкашкандар кандын жолун тороду,
саяпкердин кулак тешти соболу:

«Йе, Зулумкан!» Кана наадан, текебер,
арың болсо аркадан кууп жете көр.

Жетсең агер Боз тулпарым сеники,
жеталбасаң – эмки оомат меники.

Эгерде кууп жетпесең Боз кашкама,
эл алдында кансың анык маскара!»

Кан селейди укканына ишенбей,
капилеттен көргөнү бул түш-өңдөй.

«Чү!» – деп кемпир тизгин кагып жүткүндү.
«Кармагыла!» – деп заардуу кан түктүйдү.

Канордодо бекзаадалар дүрбөлөң,
кууп жөнөштү айгайлаган сүр менен.

Жан кашайтып Толубайдын айтканы,
куугун түшкөн кан да тизгин тартпады.

Ордо журту түп көтөрө козголду,
шум окуя желдей тарап сөз болду.

Кан өкүрдү: «Алыстатпай жеткиле!
Ушунчаңа бир кембагал кеппи не?!»

А Бозтулпар аба жирей алкынып,
көз ирмемде оолак кетти калтырып.

Үстүндөгү учкашкан чал, кемпирди
үкү куштай туюп жеңил серпилди.

Эзелтеден тулпар урку тулпар да –
ар заманда таңсык бардык султанга.

Жылкы – канат, шерик, өнөк, колдоочу,
алмуздактан адамзатты коргоочу.

Асман, Жерди түмөн каптап дүбүрттөр,
атырылды аргымактар, күлүктөр.

Канча күлүк атак алган жарышта –
караандабай кала берди алыста.

Саяпкер жер тыңшаган сыр ушулбу:
аргымак ат калбай туяк жышылды.

Күбүрөнгөн саяпкер сыр билиппи:
күлүктөрдөн күлүк озуп жиникти.

Күүгүм батып, Күн жашынды уяга,
күлүктөрдүн үбөлөндү туягы.

Ай чыкканда куугун түшүп канча дуу,
Ай туяктуу аргымактар чарчады.

Асман толо жылдыз жайнап уюлдуу,
а жердеги куугун улам суюлду.

Жылдыз жылт-жулт кулагандай асмандан,
күлүктөр да учту аска, таштардан.

Боз тулпарды кууган калың сүрмө топ –
кудум эле шамал чачкан үймө чөп...

Зулумкандын өкүтү

Куугун калбай экинчи күн уланды,
Боз чарчатты нечен күлүк, бууданды.

Өкүмдарың өз бармагын тиштеди,
өкүнүчү улам ырбап ичтеги.

Улуу тоону аралай чаап калкагар,
кан өзү да куугун түштү аркадан.

Алмаштырып минди далай күлүктү,
Бозтулпарга баары жетпей күйүктү.

Колдон кушун учургансып Зулумкан:
«Бозтулпарды не билбедим мурунтан?!» –

деп өкүмдар өз башын бир муштады,
буюрбаптыр ага бакыт куш жаңы.

Өз башына өзү салып кур кайгы,
саяпкерди баалабаган турбайбы!

Кан жүрөгүн тызылдаткан бир арман –
жок турбайбы жанында эч билерман.

Вазирлери курчоосунда топ экен,
баары жалгыз Толубайча жок экен.

Аян түш

Бирин-серин чоң сүрмө топ бузулуп,
артта куугун калды алыс үзүлүп.

Кемпир тизгин жыйып жүрүш жайлатты,
Бозтулпарды өргүтүп чөп чайнатты.

Өзөк жалгап, куш уйкуга көшүлүп,
бой жазышты түктүү жерге төш уруп.

Көр Толубай жатып мындай түш көрдү:
көктө бийик сызган кыраан куш көрдү.

Ал куш – өзү. Алыста көз учугу.
Кезең экен туурдан учкан учуру.

Толубай – куш, бүркүт экен шаңшыган,
эзелтеден тукуму аз – жалкыдан...

Асман толо салпактаган канаттуу,
бир биринин көзүн оюп канатты.

Куш төрөсү жалгыз экен кансырап,
канаттарын таранчы тээп... жанчылат.

Куш төрөгө жан жок эч бир болушкан,
кууш капчыгай – куш менен куш согушкан...

Карга, кузгун тарпын аңдып өлгөндүн,
кан жуткузат куш төрөсү көргөн күн.

Саяпкердин карааны

Аян түштөн лып ойгонду саяпкер,
дүбүрт укту: ат туягы сабап жер.

Азыр эле жетүүчүдөй такымдап,
дүбүрт кооптуу – кыйла бери жакындап.

Суроо салды кемпирине: «Кандай ат?»
Жообун укту: «Чоң боз күрөң калдаят».

«Зулумкандын билем о бул дулдулун,
демек таштак жолго тизгин бургунуң.

Жука туяк ал күлүктүн айыбы», –
деп качкындар таштак жолдо кайыды.

Туяк түлөп жышылганда чоң күрөң, –
тулпар эмес экен алыс жол жүрөр.

Чоң боз күрөң сылткан кезде колунан,
арышы кең күлүк келет соңунан.

«Жер силкинтип жетип келген мунусу,
болсо керек күлүктөрдүн дурусу.

Кара жакшы, кандай экен келбети?
ар күлүккө ар башкача жер бети», –

деп саяпкер кулак түрдү кемпирге.
«Жээрде кашка, – деди, – жалы серпилме».

«Билем, билем! Чиркин жээрде кашка бу,
асый болчу эки жарым жаштагы.

Анык тулпар дейин десем, чалынар
маңдай сөөгү жука болчу жаныбар.

Кемчилиги өзүн жутар ат мунуң,
кемпир, анда Күндү беттей чапкының!»

Күндү беттеп көкүл-жалын силкиген
жээрде кашка калды алыс илкиген.

Үчүнчү күн таң куланөөк дүпүрөп,
дабыш чыкты жер силкинип, титиреп.

Кемпир айтты: Тору, жибек көкүлдүү,
үстүндөгү чабандеси өтүмдүү...

Кокуй, чалым! Өзү экен Зулумдун.
Соо коюучу түрү жоктой мунуңдун...» –

деп кемпири чебелектеп жиберди,
кайда буруу керек билбей жүгөндү.

«Жакшы, жакшы! Кандын өзү болгону.
Демек бүгүн иши анык оңбоду.

Кан алдына бур тизгинди качырып,
айыбы чоң алдындагы макулук.

Мактоо айтсаң, кеп түшүнгөн жаныбар,
адам сындуу алабарман жагы бар».

Токтоо сүйлөп Толубайы калбааттуу,
тору атты сыпаттады салмактуу:

«Пай-пай, чиркин... Туяктары алтындай.
Чүрөк моюн, көзү чолпон жалтылдайт.

Жибек көкүл тору, сага чындап бу
Кудай-таала берген укмуш сымбатты!»

Муну айткан саяпкериң сыйкырбы, –
маң баш кылып салгансыды жылкыңды.

Тору күлүк тегеренип ордунан,
мал болсо да мактоо сөзгө болду маң.

Койколоңдоп, кошкурду жер чапчылап,
кан каарданды үстөк-босток камчылап.

Тороп жолду. Качууга түк камынбай,
Толубай сөз айтты соңку мамындай:

«Йе, Зулумкан! Чылк көр үчүн көөдөнүң,
ажырадың Бозтулпардан бөөдө бул.

Чын асылдын жетпегенден баркына,
чындап эми маскарасың калкыңа.

Өнөр баалар элим болбой алпейим,
өз доорумдун шорун таттым кантейин...» –

деп саяпкер беттеп даркан талааны,
көздөн кайым үзүлүптүр карааны.

Тизгин жыярдагы сөз

Уламыш бул эл оозунда айтылган –
муундан муунга акыл-мурас калтырган.

Байыртадан өнөр, бийлик тиреши –
ак-каранын айыгышкан күрөшү.

Өнөр, билим жолу дайым азап жүк,
өкүмдарлар бергиси жок азаттык!

Эс-акылдын эркиндигин кызталак,
эзелтеден бийлик дайым кызганат!

Бүгүн дагы тээ байыркы санаттан
биз алуучу терең мазмун сабак бар...

Саяпкерди кан көр кылып керексиз,
жер үстүнө житкирсе да дарексиз...

Толубайдын өлбөс-өчпөс ысымы –
рухий кыртыш, руханият усулу!

Кан жөнүндө билгиң келсе баянды,
Толубайдын түшү сымал аяндуу:

Курчоосунда карга, кузгун туш жагы,
көзүн оёт ички, тышкы душманы.
Июнь–июль, 2024-ж.

[1] Сибирь
[2] Убакыт, мөөнөт.
[3] Өзү менен өзү.
[4] Түрк тилдүү калктардын элдик адабиятындагы каарман.
[5] Көк-жашыл жер.
[6] Кезеңи, учуру, сааты.
[7] Жоокер, сакчы, аскер.

Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.


[1] Камбар ата – жылкынын пири, колдоочусу.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз