
(чакан аңгемелер)
Студент
– Апа, кыздар: "Апаң ким?"– деп сурашты. А мен: "Үйдө отурат", – деп айтуудан уялып: "Апам – эжеке", – деп айттым. Эмнеге башкалардын апаларындай эжеке болбодуңуз?..
Кызымдын талабы, өкүнүчү мени 3 балалуу болгондо студент болууга шыктантты.
Кызымды айына 9000 сом төлөп, жеке менчик мектепте окутуп: "Билим алуусуна эң сонун шарт түздүм",– деп өзүмчө "мыкты апамын" деген менен, кызымдын көөдөнү тойбой жатканын байкадым. Баланын негизги шыктанткычы да, репетитору да "АПА" экендигин түшүндүм.
Коляска
Эч качан мынчалык зарыга жол карап күтпөгөндүрмүн. Баланын сүйүнчү пулуна кошуп, балага ыңгайлуу сонун коляска алып келмек. Кандай түстөгүсүн алып келер экен, көк болуш керек, күрөңбү же карабы, жок-жок, кара эмес, уул балага көгүнөн алып келет.
Күйөөм келгенче көчөдө, базарда көргөн бардык коляскаларды кыялдана тандап, көз алдымдан өткөрүп жаттым. Эми ФАПка, күн ара барчу чоң кайненемдин үйүнө да жаркылдаган жакшынакай коляскага балакайымды салып барам...
Машине келип токтоду. Күтө берип чыдамым түгөп бараткан, чуркап чыктым. Машиненин арт жагынан түшүрүп жаткан заң баскан, түсү боппоз болуп билинбей калган эски колясканы көрүп тык токтодум. Менин өзгөрүлө түшкөн жүзүмдү көрүп күйөөм: "Агама (тууган) акча сурады, берип турдум, балдарынын иштелбей турган коляскасын иштетип турсаңар болот деп берди, өздөрү былтыры жаңысын алган экен", – деген сөзүнө көз жашым тыпылдап тамып жатты.
– Баланын сүйүнчүсүнө зарыгып, иши түшпөй калсын ошол акенин, арзан болсо да баланын өз пулун өзүнө иштетсек жакшы болот эле го, – дедим да, ыйлай бердим, ыйлай бердим.
Мен жөн гана эски коляскага ыйлабадым: балалыкта коңшу эженин эски баштыгын көтөрүп жүрсөм, кыздардын көзүнчө: "Тыкылдап жөнөдүң, кой десе болбой менин баштыгымды көтөрүп"– деген сөзүн эстеп, апам ак туфли алып берсе теңтуш кыздар: "Кайсы орус базардан таап алдың, биз да ала турган экен"– деп маскаралай күлгөнүн эстеп ыйладым. Эми балам деле жаңы коляскага жеталбай, бирөөнүн чаң басып, майышып заң баскан коляскасына жатабы деп ыйладым...
Өстүрүүчүлөрбү, "өлтүрүүчүлөрбү?"
Райондон текшерүү келди. Өткөнкү сабактан баа алган окуучулардан эмне үчүн баа алганын сурап, катуу текшерди. Балдар көздөрү алайып, "билбейм" дегенден башка сөз айтышпады. Окуучулардын көзүнчө мени "асмандан, жерден баа туткуч, жомокчу мугалим" атаганына катуу сындым.
Евгений Ильин: "Класс – меники, сабак – меники, сабак өтүү усулу – меники, мен каалагандай өтөм, а сиз ушул сабагым менен гана тагдырымды бычып кетпеңиз", – деп айткан. ("Атыңдан айланайын, сабак" китебинен) Ошондо мындай сөздөрдү айтууга эрким жеткен эмес. Негизи эле текшерүүчү бастырып келген жоодой болбой, жакшынакай болуп текшерип, кемчилигин айтып, кеңешин берип эле кетсе экен. Текшерүүчү бир келип, бир кетет, а мугалим "БАЛА" деп аталган чыныгы текшерүүчүлөрдүн алдында күн сайын сыналат, текшерилет.
Тазалык
– Жок дегенде, той кылганда даярданбаса...
– Дубалдарына балдары жазып таштаптыр.
– Үйдүн артындагы куурайларды жулуп, өрттөп койсо болмок.
– Алардын негизи эле тазалыгы жок.
Коңшусун сөз кылуу менен жан дүйнөсүн кирдетип отурушту.
Үнөмдөө
– Ата, караңызчы, сүрөт тарттым.
– Бир бетти экиге бөлүп тарт: эки сүрөт батат. Канча жолу кайталайм сага?!
– ...
– Азыртан үнөмдөп үйрөн.
Үнөмчүл атанын балага көңүл буруу убактысы да, жакшы сөзү да үнөмдөлгөн.
Мугалим деле жаңылат, бирок...
Орус тили сабагынан мугалим алмашып, балдар менен таанышып, ар биринин ата-энесин сурап жатты:
– Кимдин уулусуң?
– Райымбердинин.
– Оо, сенин ата-энең өтө жакшы адамдар, балдарына жакшы үлгү берип, агаларың чоң иштерде иштеп жүрүшөт.
– Эжеке, менин бир гана агам бар. Ал – сүрөтчү, мугалим.
– Ии, өл, сен баягы Райымбердинин баласы турбайсыңбы?..
– ...
Ата-энеси тууралуу мактоо сөз укканына сүйүнүчтүү жылмайган баланын жүзү бир заматта бозоро түштү. Унчукпай отурду.
Дайым алдыңкы партада отуруп, сабакка кызыгуу менен жооп берип жүрчү эле, мына ошол сабактан кийин таптакыр алдыңкы партага отурбас болду. Мугалим деле жаңылат, бирок жабыркаган жан дүйнө жаңылыштыкты кечирбейт.
Жардамга!
– Чарчадым...
– Эмнеден?
– Иштен эмес, сөздөн: "Мен берилген буйруктарды аткаруу үчүн гана мугалим болдумбу?"– деп да ойлоп кетем. Буйрук, буйрук, аткардыңбы? Изи кана? Текшерүү келатат, ар бириң башың менен жооп бересиң! Техникалык каражат колдон, жаңы усул колдон! Колдонсоң, фото отчётуң кана?..
Класс жетекчи келет: "Электрондук күндөлүккө баа кой!". Телефонго магниттей тартылган бала түнү бою телефон чукулап, көзү ачык, бирок аң-сезими уйкуда. Сабак түшүндүрөйүн десең – нес абалда. Класстын өздөштүрүүсү 30 пайыздан төмөн болбоого тийиш. Баа алса, албаса элетрондук күндөлүккө баа коюуга милдеттүүсүң. Билим берүү ошентип "керемет " ийгиликтерге жетишүүдө.
Шаша-буша үйгө келем. Кайненем какшанат: "Балдарың тойгузду!"
Күйөөм сүйлөнөт: "Келдиңби, кыйратып. Мектепте кароол болуп кала бербепсиң!"
Балдарымдын бири ысытмалап, бири тиши ооруп аткан...
Чарчадым. Чарчаган абалда балдарга кантип билим берем? Эмнеден баштайм?..
Мен жөн гана мугалим болуп иштегим келет.
Тилек
– Кандай сонун ээ, орус тилинде эркин сүйлөйт. 10 жыл орус тилин мектепте окусак да, жарытылуу үйрөнө албадык.
– А, орус тилин билүүнүн кандай артыкчылыгы бар?
– Билбейм...
Эгемендикке ээ болуп да, "орус тилдүүлөр – мыкты" деген түшүнүктөн арыла албагандайбыз.
Өзүмчө: "Кыргыз тилинде таза, туура, көркөмдөп укмуш сүйлөйт экен"– деп суктанчу учур келерин эңсеп турдум.
Сүйүнтпөгөн ийгилик
Олимпиада. Берилген тапшырмаларга көз жүгүрткөн окуучу көзү жайнап, кудуңдай, мисалдарды иштөөгө киришти. Даярдап келген мугалимдер сыртка чыгып баратышкан. Мугалим эч кимге байкатпастан баланын алдына кагаз таштап өттү: тапшырмалардын жообу. Уурулук кылгандай, кимдир бирөө уурулугун көрүп калгандай, азыр эле аны сыртка алып чыгышчудай сезилип, жүрөгү түрсүлдөп чыкты.
Дүк-дүк, дүк-дүк... Шаша-буша мисалдарды чыгарып, сыртка чыгууга ашыкты.
"Ар дайым таза жашап, туура кадам таштагыла, негизгиси – адам болгула", – деп кайра-кайра кайталаган мугалиминин сөзү кулагына жаңырып турду.
Алдыңкы орунга ээ болуп, "мыкты окуучу" аталса да, жүрөгү дүкүлдөп, сүйүнө албай турду.
Дил маек
– Мектеп кайра куруу жылдарынын кийимин карызга сурап кийгенби?
– Эмнеге?
– Сабакта сөзсүз техникалык каражат турсун (иштетсең, иштетпесең), жаңы усул, оюн пайдалан (заманбап билим берүү талабы ушундай). Компьютер болгонуна карабай маңдай териң менен сабактын иштелмесин колдо жаз! Текшерүү келсе, папкаларың даяр турсун!
Жасалмалуулуктун эмне кереги бар? Кайра-кайра текшерүүдөн, жыкжыйма жыйналган кагаздардан эмес, мугалим бала менен абийирдүүлүк менен иштешкенде гана билим берүүдө жыйынтык чыгат. Мугалим буйрук аткаргыч эмес, "жан дүйнө зергери" эмеспи?
– Анда карызын кайтарсын тезирээк...
Барчылыктагы өксүк
– Кытайды байытып, тим эле апта сайын кийинесиңер го жаркылдап, кийимди эми көргөнсүп.
– Бул деген өзүн өзү сүйүү, өзүнө кам көрүү.
– Аа, ошондой де.
– Ооба, ошондой. Бир кезде нанды тең бөлүп жеп, нан жок болсо жүгөрү нанга сүйүнүп... Тамак кемтигибиз толду, кийим өксүгүбүз эч эле толбой жатат.
– Эх... Ашказан да тоёр, мактаныч да токтоор. Бирок эң негизгиси – руханий ачкалыкты тойгузмайын, адам өздүгүн тааныбайт.
– Кой, кайдагыны айтпачы кыжалат кылып.
Адам деген адамча жашаш керек да.
– ...
Тараза
Айылда Замир акенин гана чөнтөк телефону бар. Ырыскысын чет элден издеп кеткендердин баары анын номерин кагазга жазып, тумардай бек катып жөнөп кетишет.
Замир аке жолдо баратса, көзгө сүйкүм көрүнөт: жакшылыктын жарчысы эмеспи. Алыстагы уул-келини, небереси менен сүйлөштүргөнүнө аксакалдар ак батасын, байбичелер бар тапканын беришет, ага баары ыраазы.
Алыстан телефон чалышат, чөнтөк телефону аркылуу сүйлөштүрөт. Сүйлөшүп бүткөн соң, эч ким түшүнбөгөн телефонун текшерип, сүйлөшүү канча сом болгонун айтат.
Алгач баары канча айтса берип жүрдү, бара-бара:
– Балам, сага чалышса, сенден эч нерсе кетпейт экен го,– дешчү болушту.
Анда Замир аке:
– Мен зарядга саям,– дечү.
– Аа, анысын биз билбесек...– дешип, түшүнбөгөндөрүнө кайра арданып, айткан акчасын беришет.
Андан бери бир топ убакыт өтүп, үйдө канча жан болсо, ошончо чөнтөк телефон колдонгон учур келди. Айылдаштар азыр Замир акени өз атынан атабай, "сотка", "акчага заряд алгыч" деп тамашалашат. Инсан ар убак адамгерчилик жана напси таразасында өмүр кечирет. Тараза ташы чуйкулдаган напсиси тарапка ообой, адамгерчилик менен элге бир азга пайдасын тийгизгенде, балким, Замир аке азыр "сотка" атыкпай, сагынычты тараткыч, жакшылыктын жарчысы аталып, мыкты инсандын үлгүсүн көрсөтүп, эл алдында жүзү жарык баш көтөрө басып жүрмөк.
Мактаныч
Курбу кыздардын ватсап тайпасы.
– Кыздар, аяштарды мактабайлыбы?
– Кантип?
– Ким жогорку билимдүү, кимиси бекерчи дегендей?.. Мен баштап берейин ээ? Аяшыңар – юрист, бирок "Адалдан оокат табайын", – деп базарда курулуш материалдарын сатат.
– Сонун го...
Жогорку билимдүү, адал мээнет менен жан баккан күйөөнүн бактылуу аялы, курбу кызыбызга, жылмая бакыт кааладык.
Нан
– Апа, курсагым ачып кетти.
– Азыр, кызым, камыр көпкөнү калды, дароо ысык нан жаап берем.
– Апа, ичим ачышып кетти.
– Ии, ананайыным, бар, чоң энеңден нан сурай гой. Апам дароо нан жаап берет,– деп айт.
Коңушунун үйүнө чуркап кирген кыз:
– Чоң эне, нан берип туруңузчу? Апам дароо эле ысык нан жаап берет экен.
– Жок, бере албайм, мен мейманбап нан жапкам.
– ...
Апасынын алдына тызылдап чуркап жеткен кыз:
– Апа, чоң энем мейманбап нан жааптыр. Мейманбап башкача нан болобу, апа?
– ...
– Сиз андай нан жаппаң, ээ?
– Неге, кызым?
– Бирөө сураса берилбей турган нан го.
Жүзү албырып, апа кызын бек кучактап, эч сөз айтпады.
Эстен кеткис эскертүү
Жаз алдынан эң алгач гүлдөп, эң биринчи мөмө байлап, кызара бышып, балдарды тамшанткан бак алма бышкан учур. Кыз биринчи жолу бак алмага мышыкча жармашып, эң үстүнө чыкты: баары даана көрүндү. Кыз өзү эңсеп чыккан алманы алууну да унутуп, айланага суктанат: баары даана көрүнөт.
Аңгыча үй артынан колуна чозмо кармаган иниси көрүнө калды. Ал жөжөлөрүн ээрчиткен тоокту аңдып: "чыйп" эттире бир жөжөнү аксата атканына сүйүнө көчөгө чуркап кетти.
Кыз апасына көргөнүн айтат, ар дайым эркелетчү инисин апасы тилдеп жатканын элестетип, өзүнчө бырс күлүп алды.
– Апа, апа!..
– Оу, кызым.
– Мен бак алмада отурсам, иним келип, жөжөнү чозмо менен бир атты.
– Башкадан айтчы?
– Апа, мен бак алмада отурсам, иним чозмо менен жөжөнү чолок кылып, бир атты.
– Бар, чыбык алып кел.
Апасы инисин тилдеп тим болбой, чыбык менен урат турбайбы?..
Тызылдап чуркап келген кыздын колундагы чырпыкты алган апасы:
– Көйнөгүңдүн этегин көтөрчү?!
Түшүнбөгөн кыз көйнөгүн көтөрдү: чып... чып...
– Бак алмага дагы чыгасыңбы?
Кыздын көзүнөн тып-тып жаш тамып жатты.
– Дагы бийикке чыгасыңбы дейм? Түшүп кетсең эмне болот?
Кыз: "Чыкпайм, апа! Башка чыкпайм, апа!"– деген менен ичинен: "Эч нерсе айтпайм, апа! Сизге эч нерсе айтпайм, апа!"– деп кайталап жатты.
Кызын бийиктиктен түшүп кетишинен корккон апа биринчи жана акыркы жолу чырпык менен уруп, кызынын жүрөгүнө эстен кеткис эскертүү калтырды.
Эгер «РухЭш» сайтынын ишмердиги токтоп калбашын кааласаңыз, бизди колдоо үчүн төмөнкү банктык эсебибизге өз каалооңузга жараша акча которо аласыз... Мбанк + 996 700 53 25 85 жана Оптимабанк-4169585341612561.